Тема: Кыргызстанда жарандык коомдун калыптанышы жана өнүгүшү. ӨЭУ (Өкмөттук эмес уюмдар).
Жарандык коом – конституциялык укук теориясында экономика, маданият ж. б. чөйрөлөрдө мамлекет таасиринен сырткары, эч көзкарандысыз эле демократиялык коомдун чегинде өнүгө турган мамилелердин жыйындысы. Жарандык коомдун негизги белгилери: менчик түрлөрүнүн ар түрдүүлүгү менен теңдиги; эмгек жана ишкердүүлүк эркиндиги; идеологиянын көп түрдүүлүгү менен маалымат эркиндиги; адам укуктары менен эркиндигинин сакталышы; өнүккөн өз алдынча башкаруу тутуму, заманбап укук бийлиги. Акыркы кезде бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде КРде, Жарандык коомдун негиздерин конституциялык-укуктук институтка мүнөздүү негиз катары кароо жышааны байкалат.
Ар башка мамлекеттеги жарандар бардык маселелерди чечүүдө, мамлекетти эле карап отурбай, өздөрү аракеттерди жасашат. Демилгени колго алуу менен алар жарандык коомдун турмушуна активдүү аракет жасашат. Демократиянын негизги факторунун бири –бул жарандык коомдук активдүүлүгү.
Туулгандан баштап эле ар бир адам өз мамлекетинин жараны болуп эсептелет. Активдүү жарандык коомдо адамдар төмөндөгүдөй иштерди жасай алышат:
Өз жанын жана жакындарын багуу үчүн иштейт;
Искусство чыгармаларын жаратат;
Спорттун командалык түрлөрү менен алектенет жана ар түрдүүчө эс алат;
Жардыларга, кары-картаңдарга жардам берүүгө аракеттенет;
Өкмөттүн ишмердигин белгилүү бир нукка багыттоо үчүн коллективдүү аракеттерди жасайт;
Социалдык тармакта кандайдыр бир маселе боюнча талкуу жүргүзүп, коомдук пикирди жаратат;
Адамдын негизги укуктарынын бири-бирикме, ассоциация түзүү, алардын ишине катышуу укугу. Бул чогулушуп, өз ыктыярлары менен бир бир топко биригүү укугу болуп эсептелет. О. э. биз башка адамдарга зыяны тие турган бирикме түзбөшүбүз керек. Бирок биз, мисалы төмөнкүдөй максаттарды көздөп, ээн-эркин эле бириксек болот:
Концерт уюштуруу;
Жапайы жаныбарлар менен канаттууларды коргоо;
Коом турмушун жакшыртуу үчүн изилдөө топторун түзүү;
Саясий топторду түзүү ж.б.
Бирикме же ассоциация түзүү үчүн:
Анын мүчөлөрү кандайдыр бир жалпы максатты же идеяны көздөш керек. Мисалы, карыяларга жардам берүү же спорттун кайсы бир түрү менен алектенүү болушу мүмкүн. Максат сөзсүз эле саясый мүнөздө болушу зарыл эмес.
Уюмдун бардык мүчөлөрү катышып туруу зарыл. Топто иштегендер канчалык көп болсо, ал ошончолук күчтүү болот. Чогуу иштегендер ынтымакта болуп, бири-бирин колдоп турса, адамдардын ишеними күчөйт.
Чогулуш өткөрүү укугу мыйзам тарабынан корголууга тийиш.
Өз жетекчилери менен өкүлдөрүн шайлап алуу укугу болушу зарыл.
Бул маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын “ Жарандардын сунуштарын, даттанууларын жана арыздарын караштуу тартиби жөнүндө” деген мыйзамы иштейт.
Жарандык коомдун элементери:
Өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) - коммерциялык эмес, өз ыктыяры менен уюшулган жергиликтүү, мамлекеттик же эл аралык деңгээлдеги атайын институт. ӨЭУ ар кандай багыттагы маселелерди чечет, карапайым адамдардын муктаждыгын канааттандыруу же арыз-арманын өкмөткө жеткирүү, жергиликтүү милициянын (полиция) үстүнөн коомдук көзөмөл жүргүзүү жана жергиликтүү элди саясий турмушка активдүү катыштырууга жардамдашуу ж. б. иштерди жүргүзөт. Ошондой эле айрым саясий маселелерге эксперттик баа жана анализ берип, эл аралык милдеттенмелерди аткарууну көзөмөлгө алат. 1500гө жакыны ӨЭУ атайын статус менен БУУнун Секретариатынын алдындагы Коомдон маалымат алуу департаменти (КИД) аркылуу иш алып барып, дүйнөнүн бардык булун-бурчунан кабар алып турат. КМШ өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда ӨЭУ СССР кулагандан кийин пайда болгон. Негизги милдети маалымат менен камсыз кылуу (тренинг, семинар, дебат, консалтинг ж. б.) коомдун кызыкчылыгын көтөрүү (эдвокас, лоббизм), укуктук жагынан жардамдашуу ж. б. Кыргызстанда «Кризис борборлорунун ассоциациясы», «Жарандык коомду колдоо борборунун ассоциациясы», «Кызыл жарым ай» коому ж. б. ӨЭУ бар.
Кыргызстанда 1997-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Юстиция министрлигинен катталган коомдук бирикмелердин саны 5800дөн ашат. Ишмердигин жүргүзгөн коомдук фонддордун саны 4700. Он миңдеген ашык бейөкмөт уюмдардын кандай иш-аракет жасагандары жөнүндө отчет берилбейт. Чет өлкөдөн каржыланган жана саясатташкан бейөкмөт уюмдарды “агент” деп атаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Бул долбоорго ылайык, бейөкмөт уюмдардын ишин текшерип туруу, ишмердиги жөнүндө алуу жагы да каралган. Мындай мыйзамдар Россия мамлекетинде да бар.
Массалык маалымат каражаттары – азыркы мезгилдеги жогорку өнүгүүгө жетишкен саясий иш-аракеттердин инструменти жана механизми. Массалык маалымат каражаттарына басма сөз, радио, телекөрсөтүү, интернет, кино, үн жазуу кирет; келечекте – ири коммуникациялык системаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Алардын аракеттери саны боюнча түрдүү аудиторияларга ырааттуулук менен маалыматтарды жайылтуу, идеологиялык, экономикалык, маданий жана саясий таасир тийгизүүнү өзүнө камтыйт. Азыркы Массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүндө илимий-техникалык революция чоң түрткү берген. Анын жардамы менен XX кылымдын ортосунда эле чоң көлөмдүү сөз, видео, музыкалык маалыматтарды тез убакыттын ичинде жана массалык түрдө көрсөтүү жана тираж доо камсыз болду. Ушуга жараша журналист, техникалык жана кызмат кылуучу персоналдардан профессионалдык топ болгон маалымат жана үгүт кызматкерине чейинки жогорку квалификациялуу Массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин тобу түзүлгөн.
Кыргызстанда ММК төртунчү бийлик катары өз ордун табышкан.
Коомдук клубдар-кандайдыр бир максатты көздөп, уюшулган топтор. Эгер алардын максаты мамлекетке каршы келбесе, аларга уруксат берилет.
Алар адабий, чыгармачыл же спорттук мааниде болушу мүмкүн. Мындай уюмдар мамлекетибизде эркин эле иштешет.
Лоббилөө топтору-өлкөдөгү мыйзамдардын кабыл алынышына өз мүчөлөрүнүн атынан таасир этүү максатында атйын түзүлө турган топтор. Лоббилөө топторунун башка таламдаш топтордон айырмасы-булар көбүнчө жеке кампаниялардын же кесиптик уюмдардын атынан чыгышат да, өз мүчөлөрүнүн таламдарына туура келгендей кылып өлкөнүн мыйзамдарын өзгөртүүгө далалат кылышат.
Кыргызстанда лоббилөө топторуна лоялдуу карашат, аларга укуктук да статус бергенге аракеттер жасалууда.
Диний уюм – КРде КР жарандарынын, КР аймагында туруктуу жашаган башка адамдардын, биргелешип сыйынуу жана дин ишенимдерин таратуу максаттарында уюштурулган өз ыктыярдуу бирикмеси. Диний уюм өз уставына (жоболоруна) ылайык түзүлгөн түзүмдөрүнө жараша иш алып барат. Диний уюм диний топтор, диний коомдор жана алардын бирикмелери түрүндө түзүлүшү мүмкүн. КРде исламдык, христиандык жана башка диний уюмдар дар бар. Мамлекет эгер алар мыйзамдарга каршы келбесе диний уюмдун иштерине кийлигишпейт; айрым бир диндер же ишенимдерге башка диндерге караганда эч кандай артыкчылыктарды берүүгө жол бербейт; Диний уюмдун ишмердиктерин жана атеизмди пропагандалоо боюнча иштерди каржылабайт.
Кыргызстанда 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда катталган диний уюмдардын саны 3319га жетти. 2014-жылы өлкөдө 2600 диний уюм болсо, беш жылда 719га көбөййгөн. Былтыркы жылдын эсебиндеги 3319 диний бирикменин 2910у ислам, 395и христиан, 12си жаңы диний ишенимдерге жана агымдарга тиешелүү. Иудаизм менен буддизм динин тутунгандардын бирде уюму бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2014-2018-жылдарга карата “кыргызстан цифраларда” аттуу жаңы жыйынтыгында маалымдады.
Таламдаш топтордун функциялары:
Нормалдуу коомдо лоббилөө топтору да болушу керек. Себеби алар:
Элдин өкүлдөрү катары мамлекеттик органдарга чыгат, аларга элдин мүдөөсүн билдирет, колдоонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүү сунуштайт.
Коомчулукту тарбиялайт.
Адамдардын саясий ишмердикке катыыштырып үйрөтөт. Кээде адамдар саясий партияларга мүчө болгусу келбейт, алар таламдаш топтордун ишине катышса, саясий турмушка өз салымдарын кошуп, бул жагынан тажрыйба топтойт.
Мамлекеттик органдардын ишине көз салат. Демократиялык процесстин маанилүү өзгөчүлүгү- мында мамлекеттик органдар коомчулуктун көзөмөлүндө болот.
Таламдаш топтордун түрлөрү, аларга кирген адамдардын мүчө болуп киришинин себептери:
Өз мүчөлөрүнүн иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн түзүлө турган профсоюздар ( кесиптик кошуундар).
Ишкер уюмдары. Булардын мүчөлөрү өз иштерине таасир этичүүчү проблемаларды ( мисалы, пайданы көбөйтүү же салыктар менен бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу маселесин) талкуулаш үчүн чогулуп турат.
Кесиптик уюмдар ( мисалы, врачтардыкы жан мугалимдердики). Буларга мүчө болгондор ошол кесиптердин көпчүлүгүн кызыктырган маселелерди, жаңы усул, ыкмаларды жайылтуу, аларды өркүндөтүү жолдорун талкуулаш үчүн чогулуп турат.
Бош убакытты чогуу өткөрүү, баарлашуу, ырдоо, тамак-аш рецептерин
( даярдоо эрежелерин) алмашуу же башка нерселерди үйрөнүү үчүн чогула турган топтор, ийримдер.
Кайрымдуулук уюмдары муктаж адамдарга, оорулууларга, карыяларга, жаштарга, ошондой эле баңгилик же ичкиликке берилип кеткендерге матеиралдык жардам көрсөтүп, алардын жашоосунун оңолушуна түздөн-түз таасир этет.
Диний топтор. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбеген, адамдардын диний топтору кирет.
Жарандык топтор-булар жалпы маселелерди чечүүгө, мисалы, экологиялык кырдаалды жөнгө салып, айлан-чөйрөнү коопсуз кылууга кызыгат.
Күчтүү жарандык коомду курууда төмөнкүлөр болушу зарыл:
Мыйзамдын сакталуусу жана аткарылышы;
Жакшы иштеген ӨЭУдын болушу;
Ар түрдүү көзкараштарга жана ар кыл адамдарга сабырдуу мамиле жасоо ( плюрализм);
Эркин жана көз карандысыз ММКнын болушу:
Экономикада адамдардын кайсы бир тобунун артыкча укуктарынын болбошу;
Ошентип, мамлекет жарандардын активдүү катышышына шарт түзүү менен башкаруунун сапатына таасир тийгизип, бардык жарандардын коомдо активдүү болушуна өбөлгө түзөт.
3