СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кытай мамлекети. параграф 27

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кытай Эл Республикасы кыска маалымат.  — Борбордук жана Чыгыш Азиядагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандын Сары, Чыгыш Кытай жана түштүк Кытай деңиздери (жээк сызыгынын узундугу 18 миң кмден ашуун) менен чулганат; жээктей көптөгөн аралдар жайгашкан; алардын ирилери: Тайвань, Хайнань. Кургактык менен өткөн чек арасынын узундугу 22,8 миң км. түндүк-чыгышынан КЭДР жана Орусия, түндүгүнөн Моңголия, түндүк-батышынан Орусия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан ТажикстанОоганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Индия, Непал жана Бутан, түштүк-чыгышынан МьянмаЛаосВьетнам менен чектешет. Аянты 9,6 млн км2 (дүйнөдө Орусия жана Канададан кийинки 3-орунда). Калкы 1,3 млрддан ашык (2014, дүйнөдө 1-орунда). Борбору — Пекин. Расмий тили — кытай тили. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт), 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.

Тарыхы

Кытай аймагын адамдар байыркы таш доорунда эле мекендеген. Кытай тарыхында алгач Ся династиясы (2205—1767), кийин Инь (азыркы Хенань, Хэбэй жана Шаньдун провинциялары) династиясы (1766—1112 же 1600—1027) пайда болгон. биздин заманга чейинки 11-кылымда Инь мамлекетин анын батышында жашаган чжоу уруусу караткан. Чжоу доорунда өндүргүч күчтөр өсүп, адистешкен кол өнөрчүлүк пайда болуп, шаарлар курулуп, маданият өнүккөн. биздин заманга чейинки 7—6-кылымдарда Кытай аймагында бир нече падышалыктар (Ци, Янь, Цинь, Чу, Хань, Вэй жана Чжао) түзүлүп, бири-бири менен согушуп турган. 200 жылга созулган тынымсыз согуштардан кийин Кытайда 1-жолу борбордошкон Цинь империясы (биздин заманга чейинки 221—207) негизделген. Анын негиздөөчүсү жана 1императору Цинь Шихуандинин убагында түндүктөгү көчмөндөрдөн коргонуу үчүн Улуу Кытай дубалы 2006-жылдагы сүрөт курула баштаган. Өлкө борбордоштурулуп, майда падышалыктар жоюлуп, башкаруу системасы өзгөргөн. Өлкө 36 областка бөлүнүп, башкаруу аппараты түзүлүп, императордун бийлиги бекемделген, жаңы мыйзамдар, чен бирдиктер, жазуу жана акча киргизилип, билим берүү системасы мамлекеттин карамагына өткөн. биздин заманга чейинки 3-кылымдын — биздин замандын 3-кылымында бийликке Хань империясы келген. Борбордук бийлик күч алып, Чаньань, Лоян, Ханьдань, Линьцзы, Чэнду ж. б. ш. соода-кол өнөрчүлүк борборлоруна айланып, чек аралар кеңейип, Улуу Жибек жолу ачылган. Хань империясы Борбордук Азия элдери жана өлкөлөрү (Фергана, Согд, Бактирия, Парфия) менен мамилелешип, көптөн бери тынчын алып келген хунну ж. б. урууларга сокку урган. У-динин тушунда (154—108) конфуцийчилик Кытайдын мамлекеттик идеологиясына айланган. Хань мезгилинде байыркы кытай эли калыптанып, өздөрүн ханьдар деп атаган. биздин замандын 184-жылы узак убакытка созулган Чжан Цзяо жетектеген дыйкандардын «сары байламчандар» көтөрүлүшүнөн Хань империясы кулап, үч падышалык (Вэй, Шу жана У) түзүлгөн. Бул мезгилде феодалдык доор башталган. 316-жылы Кытайдын түндүгүн көчмөн уруулар басып алган. 4-кылымдын ортосу — 5-кылымдын башында Түндүк Кытайда кытайлык эмес элдердин 19 мамлекети пайда болгон. 

Айыл чарбасы 

Кытай — агрардык продукцияны өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкө; азык-түлүк жана айыл чарба сырьёлорун экспорттоо тез өсүп жаткан бирден бир өлкө. Азык-түлүк проблемасы негизинен 1980-жылдардын ортосунан чечилген, бирок ички рыноктогу азык-түлүккө болгон сурам менен сунуштардын ортосундагы тең салмактуулук дагы да болсо сакталууда. Тармактын өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган маанилүү проблемалардын бири — айдоо жердин жетишсиздиги. Кытайда дүйнө жүзүнүн калкынын 22%и жашаса, ал эми айдоо жердин 10%и эле жайгашкан. Айдоо аянты 121,8 млн га (Сянган, Аомынь өзгөчө администрациялык-аймактык райондорун, ошондой эле. Тайвань аралын кошпогондо). Айдоо жердин 55%тен ашык аянты кургак, 26%и суу каптачу, 19%тен ашыгы сугат жер. Эгин аянтынын (153,6 млн га) айдоо жердин жалпы аянтынан ашып кетет, анткени өлкөнүн айрым райондорунда жылына бир нече жолу түшүм алат. Айыл чарбасында 348,7 млн адам иштейт (2006) же өлкөдөгү жалпы иштегендердин 39,5%и; өлкөдө 200,2 млн үй-бүлөлүк (дыйкан) чарбасы жана андан ири чарбалык бирдиктер (кооперация, компаниялар ж. б.) бар. Айыл чарбасын модернизациялоо боюнча мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө (а. и. финансылык жардам да бар). 2006-жылдан айыл чарба салыгы төлөнбөйт. 

Ушул жазылгандарды окуп чыгып 10 дон кем эмес тест түзөсүңөр.

Тестти тетрад ачып ага жазып сүрөткө тартып мага личкага жөнөтөсүңөр