Просмотр содержимого документа
«"Лейлектин 90 жылдыгына" карата слайд»
Куш ысымдуу Лейлегиме 90 жыл
Лейлек району
«Лейлек» деп аталышынын себеби:
- 1-вариант : Лейлек аймагында Илек-илек кушу байырлагандыктан, ошолордун атынан аталып, бара-бара Лейлек деп атылып калган.Ата-бабаларыбыз ушул вариантты туура деп айтып келишет.
- 2-вариант: Кокон хандыгынын мезгилинде биздин аймактын таза суусу, салкын абасы, арча жыпар жыттуу тоолору хандар жана бектердин көңүлүн өзүнө буруп, ар жылы жайлоолорубузга келип, кызгалдак терип кетишкен.Кызгалдакты өзбек, тажиктер «лола» деп атайт.Ошол себептен, лолактуу жер, лолак көп жер деп жүрүп, Лейлек деп аталып калган деген сөздөр бар.
Лейлек району жөнүндө маалымат
- Жалпы аянты 1932-жылы 10-февралдагы жыйынтык боюнча 9990 кв.км болгон.
- Бүгүнкү күндө 4,7 кв.км аянтты ээлейт.
- Бүгүнкү кундө калкынын саны- 137120 киши
- Кыргыздар - 88355 адам, 65,3%
- Өзбектер- 37136 адам, 27,5%
- Тажиктер - 9438 адам, 6,98%
- Орустар - 63 адам, 0,05 %
- Татарлар - 111 а дам, 0,08%
- Башка улуттагылар- 113 адам, 0,08%
Административдик-территериялдык бирдиктердин саны:
- Райондун административдик-маданий борбору-Исфана шаары
- Райондук маанидеги шаар-1 (Исфана)
- Айыл өкмөтү -9
- Айыл калктуу конуштар-48
Лейлек районунун тарыхынын негизги урунттуу учурлары:
- 1917-1924-жж 1917-ж Октябрь революциясынан кийинки жылдарда Ходжент уездинин (Самарканд областы) курамында болгон.
- 1924-ж Өзбек ССРнин курамындагы Тажик АССРнин курамына калып калган.
- 1928-ж Лейлек району өзүнчө административдик аймак болуп түзүлүп, алгач борбору Коргон айылында жайгашкан.
- 1933-ж Райондун борбору Исфана айылына көчүрүлгөн.
- 1932-ж Лейлекте түзүлгөн колхоздордун саны 64 кө жеткен.
1943-ж СССР боюнча мамлекетке эгин тапшыруу боюнча биринчилерден болуп аткаргандыгы үчүн Советтер Союзунун Коргоо комитетинин Өтмө «Кызыл Туусун» жана биринчи сыйлыкты жеңип алган. 1950-1955-жж. Кулунду өрөөнүн өздөштүрүү 1958-1982-жж. Арка өрөөнүнүн өздөштүрүлүшү 1981-ж. СССР динжана ВЦСПСтин Өтмө «Кызыл Туусун» жеңип алган. 1981-1991-жж. Социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсу 1991-2018-жж. Эгемендүүлүк жылдарында калыптануу жана өнүгүү мезгили
Лейлек районунун администрациясы
Улуу инсан коомдук ишмер Исхак Раззаковдун айкели
Исфана шаардык мэриясынын имараты
Лейлек базары
Лейлек автобекетинин көрүнүшү
Исфана аэропорту
Маданият үйү
Козу-Баглан дарыясы
Алтын-Бешик тоолору
Көрүнүктүү инсандары:
Кыргыз Эл Баатыры коомдук ишмер Исхак Раззаков
Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков
Улуу акын Курбаналы Сабуров
Эралиев Закирбек тарых илимдеринин доктору
Ырчы, обончу –Каримов Эрмек
Лейлек күрөшү
Улак тартыш оюну
Лейлек килеми
Лейлектин чебер уздары
Лейлектин 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция
Лейлек району Самат айылы
Самат атындагы орто мектебинин жаңы имараты
ФАПтын жаңы имараты
Эс алуучу жайы
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!