СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 11. Тарбия жараяныны маңыз-мааниси жана мыйзам ченемдүүлүктөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиянын назарияты дегенде биз балдардагы инсандык касиеттерди калыптандыруу процесси аныктоочу жана тарбия ишин максатка ылайык туура багытта уюштуруп башкаруучу усулдар жөнүндөгү окууну түшүнөбүз. Тарбия үй-бүлөдө, мектеп жана булардан тышкары чөйрөлөрдө деле, окутуу процессинде жана андан сырткары учурда деле тынымсыз ишке ашып туруучу процесс.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 11. Тарбия жараяныны маңыз-мааниси жана мыйзам ченемдүүлүктөрү»

Лекция №11 Тарбия жараяныны маңыз-мааниси жана мыйзам ченемдүүлүктөрү. (2 саат)

Негизги суроолор

  1. Тарбиянын маңыз маанисн, мазмуну

  2. Тарбия теориясы жөнүндө ойлордун өнүгүшү.

  3. Тарбия жараянынын табиятынын татаалдыгы.

  4. Тарбия жараянынын мыйзам ченемдүүлүктөрү.

  5. Өзүн-өзү тарбиялоо.

  6. Кайрадан тарбиялоо

1. Тарбиянын маңыз маанисн, мазмуну

Тарбиянын назарияты дегенде биз балдардагы инсандык касиеттерди калыптандыруу процесси аныктоочу жана тарбия ишин максатка ылайык туура багытта уюштуруп башкаруучу усулдар жөнүндөгү окууну түшүнөбүз. Тарбия үй-бүлөдө, мектеп жана булардан тышкары чөйрөлөрдө деле, окутуу процессинде жана андан сырткары учурда деле тынымсыз ишке ашып туруучу процесс.

Тарбия - адам коомунун эң негизги функциясы. Анын жардамы менен өткөн муундардын жашоо тиричилигиндеги алгылыктуу иш тажрыйбаларды өздөштүрүп, өз мезгилине мүнөздүү адеп-ахлактын нормаларына ылайык жүрүш-туруш үгүтүн үйрөнүп, жаштар коомдо өкүм сүргөн идеологияны аң-сезимине сиңиришет.

Бүткүл адамзаттын иштеп чыккан материалдык жана руханий байлыгын улуу муундар улам кийинкилирине тарбия аркылуу берет. Улам кийинки муундар өткөндөрдөн калган мураска тарбия процессинде ээ болушат. Тарбия процессинин маңыз-мааниси так мына ушунда.

Тарбия процессинин маңыз-маанисин аныктоодогу дагы бир көрүнүш — муундардын бири-бири менен байланышындагы прогрессивдүү салттарды, алгылыктуу тажрыйбаларды өркүндөтүү аркылуу коомдогу прогресстин камсыз болуусуна өбөлгө түзүү. Демек, тарбия процессинин маңыз-маанисин анын улуттук ажары да аныктайт. К.Д. Ушинский бул жагдайды өтө баса белгилеп, ар бир улуттун өзгөчө тарбия системасы болот. Ар кандай эле улут бала тарбиялоодо бөтөн бир улуттун системасын пайдалана албайт деген ойду баса белгилейт. Анткени улуттун маданий салт-санаасы, эмгектик тажрыйбасы, тили, дили, көркөм өнөрү жаш муундарга тарбия процессинде берилет (73).

Эл тамырынан ажыраган мектеп эч качан элдик мектеп боло албайт. Толук кандуу улугтук мектеп гана элдик мектеп боло алат. Мындай мектеп улуттук маданиятты түптөп, аны коргойт жана жалпы дүйнөлүк маданияттын эсебинен аны байытат. Улуттук маданияттын эсебинен дүйнөлүк маданинт да байыйт. Улуттук мектептин жүзүн билим берүүнүн мазмуну аныктайт. Анын өзөгүн эне тили, адабияты, элдин тарыхы, маданияты, эл, жер таануу өңдүү окуулуктар түзөт. Турмуш тиричилиги менен көзүн ачкан бала ата-энеси менен жакындарынын көңүлүнө толгудай ишти көбүрөөк жасоого умтулган, өзү жөнүндө үйдөгүлөрдүн кам көрүүсүн күтпөстөн, алар жөнүндө өзү көбүрөөк кам көргүсү келген балада айкөлдүк пейил түптөлүп, адептүүлүк маданият өсөт. Мындай балдар кийинки турмушундагы ар кандай кыйынчылыкты кебелбей жеңип, эч кимге көз каранды болбой, өз оокатына тың болот.. Жеңил турмуш балдарды үй-бүлө жөнүндө кам көрүүчү көптөгөн милдеттерден бошотуп, алардын көчөдө ойноп далагай жүрө турган курагын чексиз эле узартып жиберди. Бир мезгилде үй-бүлөнүн бүт тиричилигин толук мойнуна алган курактагы балдар бүгүн көчөдөгү түрдүү оюн-шоокко удургуп, үй оокаттын камы алардын үч уктаса түшүнө бир да кирбей турган болду. Бекерпоздук инсандык сапатты мойсоп түгөтүүчү илдет оорунун бири.

Тарбия процессинин табиятын жана анын маңыз-маанисин түшүнбөй туруп педагогикалык практиканы жемиштүү уюштуруу мүмкүн эмес. Ошондуктан тарбия теориясынын үңүлө иликтеп, терең үйрөнүүнүн мааниси өтө зор.

2. Теориясы жөнүндөгү ойлордун өнүгүшү

Ар бир эле доордун коомдук тиричилик турмушунда эски жана жаңы көз караштардын ортосундагы талаш-тартыштар тарбия процессинин практикасына, теориясына да таасир тийгизип, аларды багытын түрдүү жакка бурат.

Эң байыркы жана эң кеңири таралган багыттардын бири авторитардык (зомбулук) тарбия теориясы болгон. Бул теория кул ээлөочүлүк доорунда башталып, феодализм доорунда өзүнүн апогейине жеткен. Ал эми анын калдыктарынын саркындасы бүгүнкү мектептерде деле сакталып келе жатат.

Диний мектептердеги (кайсы дин экендигине карабастан) окуу тарбия иштери авторитардык тарбиянын принциптерине негизделген. Биздин ата-бабаларыбыз деле балдарын мектепке бергенде «Эти сеники, сөөгү меники» деп мугалимдин колуна тапшырышкан.

Айрым педагогдор зомбулук тарбияны илимий негизде коргоого далалаттанган. Алсак, белгилүү немис педагогу Иоганн Фридрих Гербарт «Балага жапайы шайкелең, оюнкарактык тубаса берилет» - деген жаңылыш жобону ойлоп чыгып, оюнкаракты жөнгө салуу назариятын түзүүгө аракеттенген. Анын пикири боюнча, баланын жүрүш-турушун жөнгө салуу сырткы тартипти камсыз кылат. Жөнгө салуунун ыктары деп Гербарт балдардын жүрүш-турушун катуу көзөмөлгө алып, аларды коркутуу, катуу буйрук берип, тыюу салууну эсептеген. Тартип бузган балдар үчүн мектепте жана үйдө айып тарттыруу журналын ачууну сунуш эткен. Мунун таасири менен тарбиянын амалиятында тыюу салуунун балдарга тамак бербей коюу, бурчка тургузуп коюу, карцерге камоо, айып тартуу журналына жазуу өңдүү жазалоо системалары пайда болгон (15).

Прогрессивдүү педагогдор авторитардык тарбиянын амалиятын да, назариятын да түрдүү жактан катуу сынга алышкан.

Адегенде, авторитардык тарбияга каршы нааразылык көрсөтүү үчүн пайда болгон эркин тарбия теориясы бара-бара бала тарбиялоодогу башаламандыкты көтөрө чалып, чаржайыт стихиялуулукту даңазалоого өткөн эле. Бул багыттын «бөрк ал десе, баш алган» жактооочулары системалуу тарбия, билим бере турган мектептерди жоюп, ачык мектеп деп аталган, эч кандай программасы, жөнгө салынган окутуу иштери жок, үстүртөн гана жалпы түшүнүк бере турган утурумдук топтордун окуусун уюштурууну сунуш кылышкан. Бул педагог сөрөйлөрдүн ою боюнча, балдар практикалык маданий жана социалдык турмушунда эле билимге ээ боло алышат.

Улуу даанышмандардын идеяларын Ш.А.Амонашвили, Б.Н.Никитин өңдүү жаңычыл педагогдордун бир тобу чыгармачылык шыктануу менен амалиятка ашырып жатышат. Я.Корчак менен В.А.Сухомлинскийдин педагогикалык залкар идеялары, барыдан мурда, зомбулук педагогиканы күйүмдүү педагогикага айландыруу. Күйүмдүү педагогика тарбиячыдан баладагы адамды көрө билүүнү, ар бир баладан келечекте жакшы адам чыгаарына шек келтирбей ишенүүнү, тарбиялануучудагы адамдын беделин түшүрүп, аны кемсинтип, кордоого жол койбоону, андагы болочок жакшы адамды урматтап, ага тең ата мамиле кылууну талап кылат. Тарбиячы баланы ата-эненин сыңары, кылчаңдабай, жан дили менен сүйүп, алардын ички дүйнөсүнө үңүлүп кире ала турган чыйырды аныктоого жөндөмдүү болууга тийиш деген талапты коюшкан. Демек, болочок мугалимди, тарбиячыны тандоодогу эң негизги нерсе баланын жан дүйнөсүнө үңүлүп кирүүчү чыйырды аныктай билүү жөндөмдүүлүгү. Ансыз келечекте биз окутуп тарбиялаган адистерден жакшы тарбиячы чыкпайт.

  1. Тарбия процессинин табиятынын татаалдыгы


Тарбияпроцессинде социалдык, психологиялык жана педагогикалык кубулуштардын биримдиги камтылган. Анын табиятын мына ушулар мүнөздөйт. Тарбия процессинин борборунда өсүп, өнүгүп жаткан инсан турат. Бул инсандын психологиялык өзгөчөлүктөрүн, анын өсүп-өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн, эмоционалдык, интеллектуалдык функцияларын билбей туруп тарбияны ийгиликтүү уюштуруу мүмкүн эмес.

Тарбия процессинде социалдык максатты ишке ашырып, тарбиянын алгылыктуу тажрыйбасын түзүүгө шарт жаратып, белгилүү системаны аныктоо тарбиядагы педагогикалык жагдай болуп эсептелет. Тарбия процессинитн эбегейсиз татаалдыгын мына ушул кубулуштардын биримдиги айгинелейт. К.Д.Ушинскийдин баланы ар тараптан жетилдиргиси келген тарбиячы адегенде анын табиятын ар тараптан жакшы билүүгө милдеттүү деген залкар педагогикалык ою бүгүнкү күндө деле өтө актуалдуу. Анткени жарык дүйнөгө жаңы жаралып келген ар бир индивид табият берген эч бир кайталангыс шык, жөндөм, таланттын физиологиялык фондуна эгедер. Ген аркылуу берилген мындай эмоционалдык, интеллектуалдык функциялар өзүнөн өзү өнүгүл, өзүн-өзү жөнгө салып, өзүн-өзү башкарат. Бул функциялардын нукура адамга гана таандык биосоциалдык талаптары бар. Саат сайын күн санап өсүп жаткан бөбөктүн индивиди менен аны курчап турган чөйрөнүн жана коомдун биосоциалдык талап системаларынын ортосундагы карама-каршылыктар индивиддин эмоционалдык, интеллектуалдык функцияларынын өз алдынча өсүүсүнө түрткү берип, өркүндөп өнүгүп, өзгөрүүлөргө дуушар болуусуна өбөлгө түзөт.

Так ушундай биосоциалдык табигый талаптарды канааттандыруу үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүп, тийиштүү шарт жаратууну ТАРБИЯ деп түшүнүүгө тийишпиз.

Педагогикалык процесстин табиятын илимий негизде туура аңдап түшүнгөн, ааламдын чыгаан окумуштуусу С.Выготский: «Тарбия - бул өзүн-өзү тарбиялоо. Илимий жагдайда ой жүгүртсөк башка бирөөнү тарбиялоо таптакыр мүмкүн эмес» деп жазган (13).

Эмоционалдык - эрктик чөйрөсү, обьективдүү дүйнөнү таанып билүү мүмкүнчүлүгү, түрдүү иштерди аткарууга түрткү берген каалоосу, ар кыл талаптарын канааттандырууга болгон туруктуу аракети өңдүү баланын ички күчтөрүнүн кээде атайын, кээде кокустан таасир тийгизүүчү сырткы күчтөргө дуушар болуп туруусу да тарбия процессин ансайын татаалдаштырат. Тарбия процессинин дагы бир өзгөчө көрүнүш - тарбиячынын иш аракетинин натыйжасы обьективдүү мыйзам ченемдүүлүккө гана жараша болбостон, анын инсандык касиетинин өзгөчөлүгүнө, күлк-мүнөзүнө, балага жасаган мамилесине жана тарбиячылык чеберчилигине да жараша болот.

Тарбия процессинин табиятынын өтө эле татаалдыгын айгинелеген дагы бир жагдай - тарбия процессинин иатыйжасы окутуу процессиндегидей кыска мөөнөттүн ичинде көрүнө калбайт. Кийинкинин натыйжасын түрдүү жолдор менен текшерип аныктаса болот. Ал эми тарбияпроцессинин натыйжасын текшерип так тыянак чыгаруу мүмкүн эмес. Окуучу мугалимдердин талаптарын так аткарып, сабактарын жакшы окуп, мектепте бир да тартип бузбаса деле аны жакшы тарбияланган инсан деп бүтүм чыгаруу кыйын.Тарбия аркылуу инсандын толук калыптануу процессин көп учурда өзүнүн өтө эле кыймылдуу, өзгөрүлмө, ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. Бирдей педагогикалык кырдаалда өспүрүмгө бирдей жасалган мамиле кээде өтө күчтүү таасир тийгизсе, кээде эч натыйжасы жок кала берет.

Тарбия процессинин диалектикасы карама-каршылыктардын биримдигине жык толгон. Алсак, баланын өз аракетиндеги карама-каршылыктар (анын өз алдынча эркин болууга умтулуусу, ошол эле учурда чоңдордун жардамынан ажырап калуу коркунучунун туулушу, ошондой эле тарбиячынын мамилесиндеги оомал-төкмөлдүк, оройлук же муңайымдык, каардуулук же көңүлчөөктүк, катуу тыюу салуу же таптакыр бош коюп коюу). Тарбия процессиндеги диалектиканын инсанды калыптандыруучу негизги кыйылдаткыч күчү болгон ички карама-каршылыктын маңыз-маанисин тарбиячы аңдап туура түшүнүүгө милдеттүү. Мүдөөсү.Тарбия процессинин өз табиятына ылайык, туура уюштура билген тарбиячы сырткы талапты да, ички коюлган түпкү максатка умтулууну да тынымсыз өркүндөтүп олтурат. Тарбия иши түпкү максатка умтулган багытта жүргүзүлгөнүнө карабастан, чөйрөдө болуп жаткан түрдүү окуялардын стихиялуу таасири да инсандын калыптандыруусунда чоң ролө ойнойт. Стихиялуу таасирлерге жеңдирбес үчүн баладагы терс көрүнүштөрдү кабыл албай турган күчтүү иммунитетти калыптандыра турган деңгээлдеги тарбия процессин уюштурууга жетишүүзарыл.Чыныгы инсанды калыптандыруунун негизи - аны акылга тете ишмердүүлүктө көнүктүрүү. Мындай көнүгүүлөрдүн «Гимнастикалык сарайы» болуп тайпадагы адамдарга жасаган мамиле эсептелет деген ойго келген А.С.Макаренко (40). Тайпадагы мамиле ишмердүүлүктүн социалдык багыттуулугун айгинелейт.

Тарбиянын түпкү максаты - инсан, чыныгы адам тарбиялоо.

4. Тарбия процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрү

Инсанды же б.а. чыныгы адамды тарбиялоо ишин уюштурууда, ал иштин мазмунун, усулдарын жана негизги багытын аныктоодо тарбиячылар (ата-эне, мугалимдер) жетекчиликке алуучу идеялардын жана жоболордун жыйындысын тарбия процессинин принциптери же мыйзам ченемдүүлүктөрү дейбиз. Тарбия процессинин принциптери обьективдүү негизге ээ. Тарбия процессин туура уюштуруу үчүн ар кандай эле тарбиячы бул принциптерди кыйшаюусуз жетекчиликке алууга милдеттүү. Өспүрүмдөрдү жана жаштарды адептүүлүккө тарбиялоодо жетекчиликке алынуучу принциптерге кыскача мүнөздөмө берип, ар бирине үстүртөн болсо да токтоло кетели.

а) Тарбия прцессинин максаттуулук жана жогорку идеялуулук принциптери.

Бул принциптер бардык жүргүзүлгөн тарбиялык иштер түпкү максатка — ар бир пендедеги чыныгы инсандык касиеттерди (ак ниеттик, айкөлдүк, мээнеткечтик, ыймандуулук, калыстык, намыс-ариеттүүлүк ж.б.) калыптандырууга багытталуусуна, ошондой эле ар бир пенденин түшүнүгү, ишеними, кылган иштеринин биримдигин (айткан сөзү менен кылган ишинин бирдейлигин) камсыз кылууга багытталуусуна жетишүүнү талап кылат. Бул талап ата-энесинин үй-бүлөдөгү, мугалимдердин мектеп жана окуу жайларындагы, жаш өспүрүмдөр иштеп жана жашаган мекемелердеги тарбиячылардын уюштурган түрдүү тарбиялык иштерине бирдей эле деңгээлде тиешелүү. Ар бир ата-эне, тарбиячы жана мугалимдер өзүнүн күндөлүк ишинде тарбия процессинин принциптерин кыйшаюусуз жетекчиликке алып, тарбия процессинин түпкү максатка багыттап уюштурууга милдеттүү. Ансыз тарбиячынын жүргүзгөн иштери эч кандай натыйжа бербейт.

Тарбия процессин уюштурууда жогорку идеялуулук принцибин кыйшаюусуз жетекчиликке албаган тарбиячы же ата-эне эч качан баланы ыймандуу кылып тарбиялай албайт.

б) Тарбияпроцессинин түрмуш менен, жашоо тиричилигинин практикасы менен байланышта болуу принциби.

Бул принцип тарбия процессинде жаш өспүрүмдү күндөлүк жекече жана коомдук жашоо тиричилигинин амалиятына даярдоону талап кылат.

Советтик мектеп балдар биздин келечегибиз, ошондуктан аларды келечектеги жашоого даярдашыбыз керек, тарбиябыз турмуш менен, анын практикасы менен бекем байланышта деп өзүбүздү өзүбүз гипноздогондой алдап, жаш жеткинчектерди тиричилик менен көз ачтырып, кайнаган турмушка аралаштырбастан эндей кылып, жашоодогу ар кандай эле кыйынчылык алдында эки колун тең көтөрө турган алсыз бечара кылып чоңойто берген элек. Бүгүнкү өткөөл мезгил мындай жаштардын көбүн түрдүү жосунсуз жоруктарга түртүп, жеңил турмуш үчүн ар кандай ишке даяр, жүрүш-турушу куник, ыйманын жуткан шылуундарга, ал эми айрымдарын берсең ичем, урсан өлөм деген жатып ичер жанбактыга айландырып жиберди. Үй-бүлөлүк жана коомдук турмушка жашынан эле күнүгө активдүү катышкан жеткинчектин көзү турмуш менен ачылат. Ал тиричилик турмуштун ачуу, таттуусун башынан кечирген болот. Ошондуктан катаал турмушка дуушар болуп калса өтө эле майышпайт. Бала ккоомдо иисандын жашоо турмушун байкап үйрөнүп, келечекте жашоого даярданбастан бала бүгүнкү кайнап жаткан турмуш менен көзүн ачып, анын ысык, суугуна бышый бериши керек. Балдардын тарбиясын жашынан эле кайнаган турмуштун чордонунда уюштуруунун мааниси баа жеткис.

Балдарга өндүрүмдүү эмгек жана эмгек адамдары жөнүндө айтып берүү аздык кылат. Аларды өндүрүмдүү эмгек майданына жашынан эле тартуу зарыл. Алгачкы коомдун балдары ойноо курак деген эмне экенин билбей калуу себеби, ата-энелер аларды ойнотпой эле, өзүлөрү жасаган эмгекке тамтуң баскан кезинен баштап аралаштырып жиберишкен.

Балдарды өтө жашынан үй-бүлөдөгү түйшүккө жана коомдук иштерге активдүү катыштыруу тарбия процессинин бул принцибин ишке ийгиликтүү ашыруунун кепили экендигин эстен чыгарбоо керек.

в) Баланы эмгекте жана активдүү ишмердүүлүктө тарбиялоо принциби.

Эмгектин тарбиялык кудурети чексиз. Адамды эмгек жараткан деген сөздө калет жок. Тарбия процессинин бул принциби балдарды жашынан эмгекке чегип, кайнаган эмгек майданындагы активдүү ишмердикте өстүрүүнү талап кылат. Эмгектин натыйжасында адамдардын жашоо тиричилигине өтө зарыл материалдык байлык жыйналат. Ал эми эмгектин ички руханий, адамды жаратуучу күчү гана инсандык нарктын, адамдык беделдин, намыс ариеттин булагы болуп эсептелет.

Ошондуктан, инсан өз эрки менен эмгектенип, эмгегинин натыйжасына рахаттанып, аны менен канааттанган учурда гана эмгек инсандын зоболосун көтөрөт. Ар кандай эмгектин мээнети күч. Бир максатка жетүүнү көздөп, ар кандай кыйынчылыкты жеңген адам гана эмгектин үзүрүн көрө алат.

Адам болууну эңсеген бала аягына тик тура алгандан баштап бүт өмүр бою эмгектенүүгө тийиш.

Эмгектенбеген адам инсандын деңгээлинде өйдөлөй да, ал турмак, бир калыпта туруп тура да албайт, ал сөзсүз кедээри кетет. Анткени, адамдын денеси, жүрөгү жана акылы эмгектенүүнү талап кылат. Бул талап ушунчалык өжөр деп мүнөздөйт К.Д.Ушинский, - эмнедегир адам эмгектенбей калса ал жашоодогу түз жолунан адашып, анын ордуна эки түрдүү өлүм жолу: бири, турмушка тажаган нааразылыктын, көңүл чөккөн капалыктын, учсуз-түпсүз жадап зеригүүнүн жолу, бири - эрке баланын кесирденүүсүндөй же айбандын рахаттануусундай өзүнө өзү билинбей эрки менен жоголуунун жолу. Эки жолдо тең адам тирүүнүн өлүгүнө айланат, анткени адамдын өз эрки менен эмгектенүүсү анын инсан катарында жашап жаткандыгынын белгиси. Чыныгы инсан — эмгектин натыйжасы.

г) Баланы жамаатчылыкта тарбиялоо принциби.

Бул принцип баланы ынтымак, иштиктүү жамаатта тарбиялоону талап кылат. Анткени инсандын коом алдындагы, эл алдындагы милдетин сезүү, тапшырылган иш үчүн жоопкерчилик сезүү, башка бирөөлөр жөнүндө кам көрүү, жолдошчулук, тилектештик өңдүү баалуу сезимдери - жамаат менен жүргөн учурда гана өнүгөт.

Балдар жамааты жакшы уюштурулса, алардын коомдук пикири тарбиячыга чоң көмөк көрсөтөт. Жакшы уюшулган жамаатчылык жеке инсанды мойсоп койбойт, тескерисинче анын ар тараптан жетилүүсүнө жакшы өбөлгө түзөт.

Ар бир бала менен жекече ишти көбүрөөк жүргүзүү аркылуу алардын ар биринин ар тараптан шык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө эң сонун өбөлгө түзүлөт.

Турдүү талант, шыктар бирин-бири толуктап, биринин өркүндөшүнө экинчиси өбөлгө түзүп, жамааттын жашоосун романтикага айлаңдырып, көпчүлүктүн ойлоосун тереңдетип, бири-бирине тийгизген таасирин күчөтөт, ар кандай чечимдерин чечкиндүү, күлкүсүн шандуу, жоопкерчилигин күчтүү кылат.

Жамаатка айтылган пикир ар бирине өз таасирин тийгизсе, ар бирине айтылган кеңеш, коюлган талап жамааттын бардыгын ойлондуруусу мүмкүн. Көпчүлүк менен кыйынчылыкты жеңүү оңоюраак, кубанычты бөлүштүрүү шаан-шөкөттүүрөөк болот.

д) Балага талап коюу менен бирге анын адамдык беделин урматтоону туура айкалыштыруу принциби.

Бул принципти көрүнүктүү педагог А.С.Макаренко негиздеп, педагогикалык бүт билиминди, практикалык иш-тажрыйбаңды жыйынтыктап келип кандай тыянак чыгарар элең деп сураган кишиге мен: «Адамга талапты канчалык көп койсоң, аны ошончолук көп урматта» - деп жооп берер элем деп жазат. Коюлган талап менен сый урматтын туура айкалышуусу - окуучуну мугалимдин терең баалоосунун, окуучунун мүмкүнчүлүктөрүнө чын дилинен ишенүүсүнүн, окуучунун өркүндөп өсүүсү үчүн мугалимдин аталык кам көрүүсүнүн кепили. Бул принциптин тарбия процессиндеги жобо катары сакталышы баланын адеп, ыйман жагынан жетилүүсүнө мыкты өбөлгө түзөт. Эгерде тарбиячы баланын мүмкүнчүлүгүнө жараша, кудуретине чын жан дилинен ишенич көрсөтүп, ага сый-урмат менен мамиле кылса, анда бала ал ишеничти сөзсүз актоого аракеттенет, анын өз күчүнө болгон ишеними пайда болот жана күчөйт.

А.С.Макаренко жакшы тарбиячы баланы жазалабайт. Ал эми жазалай турган учур келип турса аны жазасыз калтырбайт деген ойду баса белгилесе, В.А.Сухомлинский жакшы тарбиячы баланы эч качан жазалабайт. Чебер тарбиячынын жазасы дайыма анын запасындагы уктап жаткан арстандай деген ой корутундуга келет.

Бул айкөл педагогдордун ою боюнча тарбия процессиндеги ар кандай эле жаза тарбиячынын педагогикалык маданиятынын төмөндүгүнүн, жан дүйнөсүнүн жардылыгынын, тарбиячы катары алсыздыгынын күбөсү. Эки-үч жашар баланы көчүккө шапалактап жаткан эне, же 2-3-класстын окуучусуна бакырып-өкүрүп опузалап «2» деген баа коюп жаткан мугалим - экөө тең эле тарбиячы катары алсыздыгын балдар алдында мойнуна алып, мындан башка эч нерсе колубуздан келбеген бир бечарабыз деп жаткандыктарын көрсөтөт. В.А.Сухомлинский тарбиячынын ишин дарыгердин ишине салыштырып, төмөндөгүдөй ой жүгүртөт. Жүрөк оорусу катуу кармаган кеселди ооруканага алып келди дейли. Кексе хирург дароо операция кылып жибербесе кесел өлүп кетээрин сезип, ага дароо операция жасап жиберди. Операция көңүлдөгүдөй жүрүп жатат эле, бир оокумда эшик ачылып касап кирип келди, бир аз карап тургандан кийин хирургду сыртка карай түртүп жиберип, белинде илинген балта менен жүрөккө жасалып жаткан операцияны уланта баштайт... натыйжа эмне болоору баарына маалим. Мугалимдин окуучуну опузалап кыйкырышы, ага ызырынып катуу тилдеши, кол көтөрүшү - касаптын балтасы! Балта кеселди физически өлтүрсө, опуза кыйкырык, муштум баланы моралдык жактан өлтүрөт. Баланын көңүлүн калтырып тилдеп, опузалап, кээде кол тийгизип, кемсинтип кордоп коюп, азыраак убакыт өткөндөн кийин ага тишин көрсөтүп ыржая күлүп койсо эле бала баарын унутуп калат деп ойлогон тарбиячылар өтө эле көп. Бул чоң жаңылыштык экендигин турмуш эчен жолу далилдеди го...

е) Тарбия процессиндеги системалуулук, ырааттуулук жана тарбиялык таасирдин биримдүүлүк принциптери.




Тарбия процессинин көп кырдуу татаал маселелери кыска мөөнөт ичинде дароо эле чечиле койбойт. Аларды талапка ылайык чечүү үчүн ыраат менен системалуу иш жүргүзүү керек.

Тарбия процессинде окутуу процесси сыяктуу танапис, же дем алыш күн, же каникул деген болбойт. Бул үзгүлтүксүз процесс. Анын системалуу ырааты бузулбоого тийиш. А.С.Макаренко ата-энелерге кайрылып, сен балаңды маңдайыңа отургузуп алып, андай бол, мындай бол деп талап коюп жатканда гана тарбиялап жатам деп ойлобо. Сен бирөөлөр менен маектешип жатсаң деле, ал турмак үйүңдөн алыс бир жакка кетип калганыңда деле, оокаттанып жатканында деле, өзүнчө иш кылып жатканыңда деле, гезит же китеп окуп жатканда деле, уктап жатканда деле балаңды тарбиялап жаткан болооруңду унутпа деп эскертет (40).

Ата-энелер менен мугалимдер балдарга бирдей талап коюу менен бирдей тарбиялык таасир тийгизүүсү да бул принциптин максатына туура келет. Балдарга тарбиялык таасир тийгизүүдөгү чаржайыт багыт, оомал-төкмөл мамиле да тарбиянын түпкү максатын ишке ашырууга бөгөт болот.

Мектеп менен үй-бүлө жана коомчулуктун бир максатка умтулган, бирдиктүү тарбия системасы ырааттуупрактикада ашырылбаган жерде тарбия процесси эч кандай оң натыйжа бербейт. Бул принципти ишке ашыруу жамы журттун педагогикалык сабаттуулугун талап кылат. Буга көзү жеткен кыраакы педагог В.А.Сухомлинский: «Педагогика бардык адамдар үчүн: мугалимдер үчүн да, ата-энелер үчүн да зарыл илимге айланууга тийиш», - деп жазат (62, 37).

Тарбия процессиндегиы педагогикалык сабатсыздык тарбиянын мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн одоно бузулушуна өбөлгө түзөт.

Педагогикалык илимдин жетишкендиктерине негизделген тарбиялык иштердин ырааттуу системасын ата-энелер менен мугалимдердин биргелешип ишке ашыруусу бул принциптин ийгиликтүү натыйжа берүүсүнө шарт түзөт.

ж) Балдардагы өз алдынчалуулук жана демилгелүүлүктү өркүндөтүү менен педагогикалык жетекчиликти туура айкалыштыруу принциби.

Татаал тарбия процессине ата-энелер жана мугалимдер жетекчилик кылышат. Балдарда турмуштук тажрыйба жетишерлик эмес, ошондуктан аларга жол көрсөтөт, түз багыт берүүчү жетекчилик дайыма керек. Ошону менен бирге балдарда өз алдынча болууга жана түрдүү демилгелүүлүктү көрсөтүүгө болгон умтулуу өтө чоң.

Бул принцип педагогикалык жетекчилик кылуу менен бирге тарбия процессиндеги балдардын өз алдынчалыгын жана демилгелүүлүгүн басмырлабай, алардын аракетин мугалим жан дили менен колдоого алуусун талап кылат. Мугалим менен ата-энелер турмуштук тажрыйбага бай адамдар, алар тарбия процессине багыт берип жетекчилик кылуу менен бирге балдарга өзүлөрүнүн бай тажрыйбаларын үйрөтүү аркылуу алардын өз алдынчалыкка болгон умтулуусун жана түрдүү демилгелерин колдойт.

Бул принципти кыйшаюусуз жетекчиликке албай туруп ар кандай кубулушка карата өз алдынча пикири бар, ар кандай ишке чыгармачылык менен мамиле жасаган, демилгечил, активдүү, эркин инсанды калыптандыруу мүмкүн эмес.

з) Баланын жаш курагын жана жекече өзгөчөлүгүн эсепке алуу принциби.

Тарбия процессин уюштурууда балдардын жаш курагын эске алуунун мааниси өтө зор. Үй-бүлөдө чоңоюп калган балдар өз алдынча аткара турган иштерди, ата-энелер көбүнчө жаш балдары менен чогуу иштешип, андай жумуштарды аткарууга ык, машыгууларына балдарды акырындык менен ээ кылышат. Мектепте класс жетекчилери деле жогорку класстын окуучуларына өзүлөрү аткаруусун ишенип берип койгон иш-чараларды майда класс окуучулар менен өзү кошо аткарышат.

Сабак өтүүдө деле мугалимдер окутуу усулдарын окуучулардын жаш курагына карап тандашат. Алсак, лекция жогорку класстарга гана колдонулат. Ал эми аңгеме усулу бүт класстарда эле колдонулат. Бирок майда класстардагы аңгеме эмоционалдуулугу, элестүүлүгү жана конкреттүүлүгү менен айырмаланат. Окуучуларга түрдүү талаптарды коюуда да жаш курагы сөзсүз эске алынат.

Ошондой эле тарбия процессинде ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуунун ролу өтө чоң. Анткени ар бир баланын өсүп жетилүү жолунда бириникине бири окшобогон эч качан кайталангыс касиеттер, мүнөздөр түптөлөт. Ошондуктан ар бир мугалим жана ата-эне баланын нерв иш-аракеттеринин тибин, акыл жөндөмдүүлүгүн, кызыгуусун, шыгын, бул же тигил жүрүш-турушка түрткү берип жаткан мотивин жакшы билүүгө милдеттүү. Ансыз балдарды туура жолго салып, ийгиликтүү окутуп, тарбиялоо мүмкүн эмес. В.А.Сухомлинский: Жакшы мугалимдин бир эле сабагында бир окуучу беш татаал маселени иштеп чыгаргыча, экинчи бирөө бир жөнөкөй маселени зорго чыгарат. Ар бир окуучу маселе чыгарууда өз адына жараша, алдыга жылат деген ойду айтуу менен окуу, тарбия ишинде балдардын жекече өзгөчөлүктөрүн толук эске алуунун өтө зарылдыгын баса белгилеген (63).


5. Өзүн-өзү тарбиялоо

Тарбия жана өзүн-өзү тарбиялоо бирге ишке ашат, булар бирдей максатка умтулуп, бирдей талапка жооп берет.

Коомдо жашап эмгектенүү үчүн зарыл сапаттарды калыптандыруу максатында инсандын өз үстүнөн жакшы ниет менен пландуу жана аң-сезимдүү иш жүргүзүүсүн өзүн-өзү тарбиялоосу дейбиз. Ал эми өзүндөгү жаман кылык жоруктардан жаман адаттардан кутулбай туруп, инсан жакшы сапатка ээ боло албайт. «Жакшы ниет - жарым ырыскы» - дейт эл макалы, ниетин оңдоп, өз үстүнөн жашынан тынбай ишгеген адам көп нерсеге жетишээрин турмушта көрүп эле жүрөбүз.

Адам - активдүү, ишмер жан, ал чындыкка улам тереңдеп сүңгүп кире берет, табиятты өзүнүн ыңгайлуу жашоосу жана өсүп өнүгүүсү үчүн ылайыкташтырууга умтулат. Инсандын коомдо жашап эмгектенүү зарылчылыгы адамдын өзүн-өзү өстүрүүгө болгон талабына түрткү берет. Адам жашоо үчүн эмгектенүүсү зарыл, ал эми эмгектенүү үчүн ал эки жактуу мамиле: табият менен да, адамдар жана коом менен да мамиле жасоосу зарыл.

Коомдо жашоо, эмгектенүү жана ишмердүүлүктү камсыз кылуу адамга белгилүү талапты коет. Адам жакшы жашап, ишмердүүлүгүн ийгиликтүү оожалдыруу үчүн эмгек каражаттары менен өз мүмкүнчүлүктөрүн жөнгө салууга тийиш. Адам жарык дүйнөгө даяр билим, ык, машыгуулар менен келбейт, аны адамча жашоого турмуш өзү даярдайт. Өзүн-өзү тарбиялагысы келген кишиде жашоонун белгилүү талабына жооп бере ала турган алгылыктуу ниети (планы) болууга тийиш, инсанга коюлган сырткы талапты жана өзүнүн ички жекече мүмкүнчүлүктөрүн ар бир адам жакшы билүүгө тийиш. Умтулган максатка толук жетишүү үчүн өзүн-өзү башкара билүүсү да өтө зарыл. Адам баласы табият берген шык, жөндөм, таланттын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн эч качан толугу менен чындыкка айландыра албайт. Акылынын эске сактоосунун жана эрк күчтөрүнүн шумдуктуудай өөрчүгөндүгү менен башкалардан өтө эле өзгөчөлөнүп турган инсандарды табият атайын ошондой кылып жараткан эмес

Жакшы ниет менен тилек кылып, алдыга бийик максат коюп, аны ишке ашырууга чын ыкласы менен киришкен инсандар өз акылын, шыгын жана талантын шумдуктуудай өстүрүүгө жетише алганына тарых күбө.

Алсак, Александр Македонский армиясындагы 30 миңдей солдаттын ар бирин өңүнөн таанып, атын атай алган. Белгилүү орус шахматчысы Алехин бир мезгилде 30-40 партия оюнчулары менен беттеше алган. Немис профессору Геестерман 132 чет тил билген.

Ааламга белгилүү математик жана кибернетик Роберт Неймандын эсептөөсү боюнча адамдын мээси 1020 даражасындагы маалымат бирдиктерин өзүнө сыйдырууга жөндөмдүү.Бул ажайып шумдукка толук ишенүүгө да негиз бар. Анткени акыркы изилдөөлөрдүн натыйжасына караганда адамдын мээсинин 17 миллиард клеткасында түрдүү маалыматтар жазылат. Ал эми ар бир клетканын миллиондогон молекулаларынын ар бири жүздөгөн миллион маалымат бөлүкчөлөрүн чагылдырып жазууга жөндөмдүү. Демек, адамдын мээсинин өсүп жетилүүсүндө эч кандай чек жок. Ошондой эле денесин өстүрүп өркүндөтүү аркылуу адам көп нерсеге жете алат. Адам баарына жөндөмдүү

Инсандын өзүн-өзү тарбиялоо мектебине Отто Юлөевич Шмидттин жашоо жолу эң сонун үлгү боло алат. Адамзаттын кылымдар бою өнүккөн акыл-ою менен өзүнүн жан дүйнөсүн байытууну максат кылган жаш Шмидт өз алдынча иштөөнүн так программасын түзүп мындай деп жазат: «Математик эмесминби. Олтуруп эсептеп чыктым. Программада белгилеген ишти аткаруу үчүн миң жыл талап кылынат экен. Миң жыл жашап ал ишти аткаруу мүмкүн эмес. Өтө кызыктуу, керектүү, бирок ансыз деле иштей берсе боло турган көп нерселерди программадан чыгарып таштаганга аябай жаным кейиди. Илим жолунда ансыз таптакыр болбой тургандарын гана калтырдым... Ошондо 250 жылда аткарыла турган иш калды».

Мындай эбегейсиз чоң программаны ийгиликтүү ишке ашыруу менен Отто Юлөевич инсанда шумдуктуудай мүмкүнчүлүк бар экендигин дагы бир жолу далилдеп көрсөттү. Легендарлуу Шмидт бир эле мезгилде - көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, математика боюнча чоң-чоң фундаменталдык ачылыштардын автору, чоң совет энциклопедиясынын баш редактору, теориялык геофизика академиялык институтунун түзүүчүсү, жер шары жана планеталардын келип чыгышы жөнүндөгү теориянын автору, советтик полярдык экспедициясынын жетекчиси, Москва университетинин окутуучусу.

Айрым инсандардын бардык жөндөм, шыгы жашынан эле байкалбайт. Альберт Эйнштейн мектепте начар окуган. Абасы Яков аны: «Эч нерсе эмес, Альберт, бардыгы эле профессор болмок беле, сен деле бир адам болоорсуң» - деп көөнүн жубатып, сооротчу экен.

Исаак Ньютон мектепке окуган учурунда физиканы начар өздөштүргөн. Чарлөз Дарвинди атасы таптакыр жөндөмсүз деп эсептеген. Гоголь сочинениени араң «3» деген баага жазчу экен... Буларга окшогон көп инсандар өзүн-өзү тарбиялоонун натыйжасында ааламга аттын кашкасындай белгилүү боло алышкан.

Ар кандай эле тарбия баланын жашы белгилүү куракка жеткенде өзүн-өзү тарбиялоого айланып кетүүсү ылазым. Антпесе тарбиядан эч кандай кажет чыкпайт, ал өзүнүн максатына жетпей калган болот. Анткени тарбия - бул өзүн-өзү тарбиялоо.


6. Кайрадан тарбиялоо

Тарбия процесси дайыма эле өз максатына жете бербегендигин турмушубузда өтө эле көп кездештиребиз. Кээде тарбиянын мындай натыйжасына көчөдөгү жаман чөйрө таасир этсе, кээде ата-энелер, мугалимдер туура эмес тарбия жүргүзүшөт, кээде тарбия системасында көп мүчүлүштүктөр кетет. Натыйжада көп балдардын жүрүш-турушу куник, кулк-мүнөзү чатак, көз караштары тескери болуп калат. Ошондуктан жалпы балдарды тарбиялоо менен катар жүрүш-турушу айныган балдарды кайра тарбиялоо зарылдыгы келип чыгат. Инсандагы коомдук талаптардын нормаларына туура келбеген касиеттерди, кулк-мүнөздү, үйрөнгөн үйүттү, көнгөн адатты оңдоп, кайрадан калыптандырууга багытталган тарбия системасын кайрадан тарбиялоо дейбиз.

Кайрадан тарбиялоо көпчүлүк учурда узакка созулган, татаал жараян. Тарбиялоого караганда кайрадан тарбиялоо өтө эле татаал, анткени тарбиячы калыптанып калган адаттардын, көз караштардын жана кулк-мүнөздөрдүн стереотибин бузуп, буларга таптакыр окшобогон жаңы сапаттарды калыптандырат. Кайрадан тарбиялоонун татаалдык деңгээли начар сапаттар баланын көнүмүш адатына айланып, анын инсандык касиетине жуурулуп аралашуусуна жараша болот.

Ийри өсүп калган даракты түзөш мүмкүн болбогон сыяктуу эле, кээде кайра тарбиялоо эч кандай натыйжа бербей коюшу мүмкүн.

Бирок кылмышка дилгирлик, тартипсиздик, бузук мүнөздүүлүк, адеп-ахлаксыз жоруктар адамдарга тубаса берилбестигин, инсандагы андай сапаттар туура эмес тарбиянын, жаман чөйрөнүн таасири экендигин эстен чыгарбоого тийишпиз.


Пайдаланылган адабияттар

1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002

  1. В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов.Педагогика. М., Академия 2006

  2. Ситаров В. А. .Дидактика. Академия М., 2002

  3. Н. В. Бродская, А. А. Реан- Педагогика Питер. Санкт-Петербург., 2007

  4. Введение в педагогическую деятелөностө. М., Академия 2006 Под.ред А.С. Работова

  5. С. Байгазиев- Гумандуу педагогика жөнүндө сөз. Б., 1998

  6. В. А. Сухомлинский. «Мугалимге 100 насаат», Ф., Мектеп 1993

  7. В. А. Сухомлинский.«Уулума кат». Ф., 1973

  8. Волков Г.Н. –Этнопедагогика чувашского народа. Чебаксары 1962.

  9. Вулөфсон Б. Л.-Педагогика. Энциклопедия. В 4 томох М., 1966

  10. Гессен .С. И.-Основы педагогики. Введение в прикладную философию. М., 1999

  11. Журавлов И. К. Педагогика в системе наук о человека. М., 1990

  12. Сластенин В. А, Подымова Л. С.Педагогика: инновационноя деятелөностө. М., 1997

  13. Ушинский К.Д. Человек как предмет воспитания. Собр соч в 11 томах. М., 1950.

  14. Занков Л. В. Дидиктика и жизинө. М., 1968

  15. Дидакитка средней школу. Под ред. М. И. Скаткина.М., 1982.

  16. Марев М.- Методолигические основы дидактике.Пер с Болг. М., 1987.

Теоритечиские основа содержание обшеего образование. Под ред В.В.