Лекция №13 Окуучулар коллективи. (4 саат)
Негизги суроолор
Коллектив жөнүндө түшүнүк
Окуучулар коллективин уюштуруу принциби
Коллективдин келечегин уюштуруу
Коллективдин калыптануу баскычтары
1. Коллектив жөнүндө түшүнүк
Инсанды жамаатчылык аркылуу тарбиялоо коомдун өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүнө туура келет. К.Маркс менен Ф.Энгелөс адамдын маңыз мааңиси - коомдук мамилелердин жыйындысы деп карап, ал эми ар бир пенде коомдук жаныбар болуп эсептелет деген пикирге келишкен. Бул оюн корутундулап келип «жеке адам өз шык, таланттарын ар тараптан жетилдире турган каражатты жамаатчылыктан гана ала алат, демек, жеке адам жамаатчылыкта гана өзүн эркин сезе алат» деген тыянакка келишет.
Мектептеги окуучулардын жамаатчылыгы - инсанды калыптандыруунун эң маанилүү фактору болуп эсептелет. Көп мектептердеги тарбия - таалим иштеринин негизги кемчилигинин себебин андагы окуучулардын бирдиктүү, ынтымак, иштиктүү жамаатчылыкка баш кошо албагандыгы менен түшүндүрсө да болот. Окуучулар жаматчылыгы - бир максатка умтулуп, бирдиктүү коомдук пайдалуу ишмердүүлүктө ынтымакташкан окуучулардын туруктуу уюму. Окуучулар жамаатчылыгынын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп анын ишинин идеялык максатка умтулгандыгы, жамааттын ишмердүүлүгүнө катышкан бардык окуучулардын бири-бири менен бекем байланыштуулугу, иштеги жалпы жоопкерчилиги, жамааттын ар бир мүчөсүнө коюлган жогорку талаптуулук эсептелет.
Окуучулар жамаатчылыгы — бул өз алдынча демилгелүү уюм. Ал тарбиянын обьектиси гана эмес, субьектиси да болуп эсептелет. Чоң кишилердин жамаатчылыгынан айырмасы: анын ишмердүүлүгүндө оюндун түрдүү кооздук, романтикалуу, балдарды кызыктыруучу элементтери көп.
Иштиктүү, ынтымак жамаатчылыктын негизги өзгөчөлүгү болуп жогорку, аң-сезимдүү тартиптүүлүк эсептелет. А.С.Макаренко тартиптүүлүк жамаатчылыкты чырайына чыгарат деген тыянакка келген. Ошону менен бирге ал тартиптүүлүк дегенди бир ишти жасоодон баш тартуу гана деп эсептебестен, алдыга тынымсыз умтулуу, жаңылыктарга жетишүү үчүн тоскоолдуктар менен күрөшүү деп да эсептеген.
Ынтымак жамаатчылыктагы окуучулардын түрдүү мүнөздөрү, ар кыл шык, жөндөмдүүлүк, кызыгуулары бирин-бири толуктап, алардын баштан өткөргөндөрүн элестүүрөөк, жүрүш-турушу үчүн жоопкерчилигин күчтүүрөөк, ой чабыттарын тереңирээктей сездирет. Ошентип, мектеп жамаатчылыгы окуучулардагы коомдук талаптарды калыптандырып, талант шыктарды ачып жөндөмдүүлүктөрдү түптөй турган социалдык чөйрө болуп эсептелет.А.С.Макаренко балдарды жамаатта, жамат аркылуу жана жамаат үчүн тарбиялоо системасын иштеп чыгып, жамаатчылык деген түшүнүккө илимий аныктама берген.Тарбия практикасында баарына маалым жана педагогикалык теорияда түзүгүрөөк изилденген жамаатчылыктын баштапкы уюму болуп класс жамааты эсептелет. Андан тышкары жалпы мектеп жамааты да көп айтылат.
Мектеп жамааты — мектеп окуучулары эле эмес. Ага педагогикалык персоналдар да кирет. Окуучулар менен мугалимдер жамаатчылыктары - ар бири өз мыйзам ченемдүүлүктөрү менен уюмдашып, өркүндөп өсүп жашай турган, бир-бирине толук сиңип, бирдей болуп кетпей турган, ошол эле учурда, бири-биринен ажырап турган, көзгө көрүнөө чеги да жок уюмдар.
2. Окуучулар жамаатын уюштуруу принциптери
Мектептин ынтымак, иштиктүү, мугалим менен окуучулардын бирдиктүү жамаатчылыгын уюштуруп, окуу, тарбия иштеринде чоң-чоң ийгиликтерге жетишкен В.А.Сухомлинскийдин иш тажрыйбасына көңүлүн буралы.
Улуу педагог өзүнүн иш практикасында төмөнкү илимий принциптерди кыйшаюусуз жетекчиликке алган:
Жогорку идеялуулук. Мектеп өзүнүн көп кырдуу ишмердүүлүгүндө элдин түпкү максатын, мүдөөсүн чыгалдырууга тийиш. Идеялуулук - бул ой мүдөөнүн, ишенимдин, аң-сезимдин, ишмердүүлүктүн гармониялык биримдиги. Ушундай биримдик бар жерде гана жамаатчылыктын жана ар бир инсандын туруктуу ишеними пайда болот. Алардын ойлогон ою, ишеними жана жасаган иштеринин ортосунда ажырым болбойт. Бул принцип бузулган жерде бирди сүйлөп, башка бир ишти жасай турган эки жүздүүлүк өкүм сүрөт. Башка элдер сыяктуу биздин эл деле эки жүздүүлүктү өтө катуу айыптайт. Анткени эки жүздүү адамда инсандык касиет өлөт.
Мектеп жамаатынын идеялык жана уюштуруучулук негиздеринин биримдиги. Мектеп жамаатынын ишинин мазмунун жана формаларын идеялык жактан туруктуу, руханий бай, турмуштук тажрыйбадан үлгүлүү идея чыгарууга жөндөмдүү, кексе адамдар аныктап, аларга багыт берип, жаш муундардын жашоосун туура уюштуруусу зарыл. Туура жашоого үйрөтүү - бул өтө назик илим. Бул илимдин алиппеси: ар бир окуучу эртең эле эмне кылаарын билбестен, ал бир жылдан кийин, беш жылдан кийин эмне кылаарын да алдын ала билүүсү, жамааттагылардын бири-бири менен карым-катнаштары эмнеге негизделгендигин, ар бир адам жан дүйнөсүн байытуу үчүн жамаатчылыктан эмнени алаарын жана ага эмнени берээрин да так билүүсү ылазим.
Акыл-эстүү педагогдун жетекчилик ролу. Адептүүлүгү өтө бийик, акылы терең, турмуштук тажрыйбасы бай, идеялык ишеними күчтүү жетекчи - директор шыктандырган мектеп жамаатчылыгы гана тарбия берүүчү күчкө айланат. Мектеп директору 1-2 жыл иштеген жерде жамаатчылык, анын тарбиялык ролу жөнүндө эч кандай сөз болуусу мүмкүн эмес. Ошондой эле окуу, тарбия ишиндеги педагогикалык маданияты төмөн жерде да тарбия, жамаатчылык жөнүндө кеп козгоонун кажети жок. Жамаатка жетекчилик кылып, анын ишине туура багыт бере турган мектеп башчылары жана тарбиячылар ар бир окуучунун психологиялык, руханий, интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүн жакшы билүүгө тийиш.
Окуучулар менен мугалимдердин, окуучулар менен окуучулардын жана мугалимдер менен мугалимдердин карым-катнаш мамилелеринин байлыгы. Бала мектепте окуп эле жүрбөстөн, жашап да жатканын эстен чыгаруу жарабайт. Эгерде мугалим, тарбиячылар бул чындыкка көз жумуп коюшса, анда окуу балдарды тажатып жүдөтүүчү оор түйшүккө айланат. Окуу балдардын көп кырдуу руханий жашоосунун бир кыры сыяктуу болгон жерде гана кызыктуу жана көңүлдүү болот. Идеялык, граждандык, интеллектуалдык, эмгектик жана эстетикалык мамилелер өкүм сүргөн жамаатчылыкта гана адамдардын бай, толук баалуу руханий жашоосу бар. Андай жамаатчылыкта адамдын адамга жасаган мамилеси инсандын көп кырдуу кызыгууларына негизделет. Мектеп өзүнүн мазмундуу, кызыктуу турмушу менен окуучуну өзүнө магниттей тартууга тийиш. Ошондо гана окуу иши баланы өзүнө магниттей тартат.
Окуучулар менен тарбиячылардын руханий жашоосунун ачык-айкын граждандык чөйрөсү. Мугалим менен окуучу - бири окутуп, билим берип, тапшырма текшерип, баа койгон болуп, экинчиси партада отуруп анын суроосуна жооп берип, айтканын аткарып, билим алган киши болуп, класста сабак учурунда гана жолугушуусу таптакыр жетишсиз. Андай учурда жамаатчылык тарбиялоочу күчкө айланбайт. Мугалим менен окуучу эки гражданин катары бирге аракеттенсе гана бири тарбиялап, экинчиси тарбияланат. Мектеп турмушунда адам адам үчүн жоопкер экенин, адам коом алдында жоопкер экендигин сезген система күчүндө болууга тийиш. Адам, жамаатчылык, коом деген мамилелердин системасы өкүм сүрсө гана жамаат активдүү коомдук ишмерди, граждандык, коомдук маселелерге кайдыгер эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы, мүдөөсү менен жашаган гражданды тарбиялай алат.
Жамааттын ар бир мүчөсү тарбия процессине активдүү катышканда гана өздүк ишмердүүлүк, демилгелүүлүк өсөт. Балдар билимди сабакта жана окуу китептеринен гана өздөштүрсө, алардын жан дүйнөсү толо болбойт. Бала активдүү коомдук ишмердүүлүктө гана идеялык жактан байыйт. Идеялык деңгээл билим деңгээлинен эч качан артта калбоого тийиш. Ансыз окуучулардын интеллектуалдык байлыгы күчөбөйт, ансыз алар өз алдынча ой жүгүртүүгө жөндөмсүз болушат.
Мектеп жамаатчылыгынын тарбия берүүчү күчү окуучуларда кандай руханий талаптар, кандай кызыгуулар калыптанат, бул талап, кызыгуулар окуучулардын каалоолору менен гармониялашуу деңгээлине жараша болот. Мындай гармония жок мектепте, орто жана жогорку окуу жайларында жаштардын жан дүйнөсү өтө жарды болот Жакшы салт-санаа түзүп, аларды камкордук менен коргоп, муундан муунга руханий дарамет катары өткөрүү. Салт - бул ар бир муун өзүнүн кичине үлүшүн кошуп олтуруп, бай кенчке айланган руханий мурас. Бул кенчти опсуз коромжулукка учуратпастан, жаңы баалуулуктар менен байытып, жаш муундарды руханий жактан жетилдирүүдө чеберчилик менен пайдалануу үчүн жүрөгү жалындаган, акылы токтоо жетекчи керек.Мектеп жамааты коом үчүн материалдык жана руханий байлыкты өндүрүп жаткан жамааттар менен бекем байланышта болуп, окуучулар коомдук байлыкты өндүрүп жаткаңдардан үлгү алып, адамдын жашоо максаты эмнеде экендигине акыл жүгүртүп түшүнсө гана тарбиянын натыйжасы жакшы болот. Андай учурда окуучулар «мүмкүн», «уруксат эмес», «керек» деген сөздөргө туура маани берип, аң-сезимдүү тартипти сактоо үйүтүн үйрөнөт.
Мектеп жамаатчылыгында түрдүү турмуштук, адептик деңгээлдеги тажрыйбалары бар, түрдүүчө талап, кызыгуу, удургуу жана ар кыл жөндөмдүүлүктөрү бар түрдүү курактагы адамдар бар. Онунчу класстын жана биринчи класстын окуучуларынын, ошондой эле буурул чач болуп калган педагогду бирдей деңгээлде кызыктыра турган ишти уюштуруу кыйын, андай жумуш болушу мүмкүн эмес дешет көптөгөн мектеп жетекчилери. Ошол эле учурда теңтуштары жөнүндө, өзүнөн кичүү же улгайган камкордукка, жардамга муктаж адамдар жөнүндө тынчсыздануу маанайында иш жүргүзүүнү камсыз кылган мектеп жетекчилери да бар. Коллективизм деп аталган кубаттуу дарыянын биринчи булагы жамааттагы ар бир инсан өзүнөн башка жамаатташтарынын кубаныч, бактысы үчүн өз руханий күчүн сарптоосунан башталат. Тарбиячынын чеберчилигин окуучулардагы бирөө үчүн кылган пайдалуу ишине ырахаттануу жөндөмүн ойгото билүү усулунун өркүндөгөндүгү көрсөтөт. Башка бирөө жөнүндө кам көрүү - балдардын идеялуулугунун алиппеси - балдарды уюмдаштыруучу чоң руханий күч. Балдардагы инсандын мындай мыкты касиетин калыптандыруу үчүн адамды аңдап сезүүнү, анын жан дүйнөсүндөгүнү акылы менен гана эмес, жүрөгү менен да туюуну үйрөтүү зарыл. Балдардагы мындай жөндөмдүүлүктү өстүрбөй туруп жамааттын руханий жашоосу жана андагы карым катнаш мамиленин байлыгы жөнүндө сөз кылуу кажетсиз. Камкордукка муктаж бечеранын кубанычы же кайгы-муңунун башка бирөөлөрдүн жүрөгүнөн орун алышына жетишүү - бул жамаатчылыктын чоң тарбия берүүчү күчкө айланганынын далили болуп эсептелет. Демек, адамдын адам жөнүндө кам көрүүсү, адамдын жамаатчылык, коом алдындагы жоопкерчилиги - жамааттагы ар бир инсан үчүн (1-класстын окуучусубу же бүтүрүүчү класстабы, же буурул чач ардыгерби) бирдей мааниге ээ. Жамааттын алдында ушундай милдет дайыма турса, жамаатчылыктын инсанды тарбиялоочу мүмкүнчүлүгү оожала берет. Жаңы жыл жакын калды эле - деп баштайт В.А.Сухомлинский - балдар майрамды шаңдуу күтүп, түшүнө да кирип атат. Жаңы жылга бир апта калганда Оленка ооруп калды. Балдардын жүрөгүндө Оленкага боору ооруган толкунданууну ойготпосо, алардын жүрөгүндө кам көрүү, тынчсыздануу болбойт. Мен балдардын эсине Оленканы салып: биз балатыны айланып, жыргап бийлеп жатканда, ал үйүндө жалгыз сабыркап жатат да. Досуңардын кейиштүү абалын эптеп оңосок болбойбу? - Балатыны жасап алып Оленканын үйүнө алып барып орнотпойлубу? - деп кайрылдым балдарга. Ошого балатыны кантип даярдап алып барабыз деп ойлоно баштаган минутадан тартып, алардын жүрөгүнөн кичинекей курбусу орун алды. Балдар өз түйшүктөрүн унутушуп, балатыга кагаздан үкү, мамалак, коен, бөлтүрүктөрдү жасашып, курбусунун үйүнө алып келишти. Бир бала электр лампочкаларын алып келген экен, анын күйбөгөнүнө аябай ачуусу келип, кыжыл болду. Ар бири эптеп Оленканы кубантууга аракеттеништи (61, 214). Жакын көргөн курбусуна жакшылык кылууну эңсөө адамдын жамаат алдындагы, коом алдындагы жоопкерчилигинин эң күчтүү көрүнүшү. Бирөөгө мындай жакшылык кылуу ар бир баланын кубанычына айланууга тийиш.
Өспүрүм жана бойго жетээр алдында бала мүмкүн болушунча башка бирөөлөргө көбүрөөк күчүн жумшаганы жөн. Жакшы пейил, көркөм ой, изги тилек менен эле баладагы айкөлдүк калыптанбайт. Адамдагы жакшы касиет өз аракетин, катуу түйшүк, кара күч эмгеги менен айкалыштырганда гана калыптанат.
Ошентип балдардагы чыныгы коллективизмди калыптандыруу деген аларга ааламдагы эң негизги нерсени - адамды көрө билүүнү, анын кубаныч, бактысы үчүн өзүнүн руханий жана кара күчүн аябай сарптоону үйрөтүү болуп эсептелет. Адамдын арасында жашоо жана адамдар үчүн жашоо - бул өзүн граждандын көзү менен көрүү, өзүн коомдун кызыкчылыгынын көз карашынан баалоо дегенди түшүндүрөт. Өнүккөн граждандык намыскөйлүк - коллективизмдин каны менен жаны. Өзүн, башка бирөөлөрдө жаратчудай бардык жакшы жактарын аларга сарптап, жамааттын чыгармачылык ишинде жашынан калыптанган балада гана жогоркудай сапат түптөлөт. Андай балдар башка бирөөлөрдү тарбиялоо жараянында өзүн да тарбиялайт. Жамааттын ушундай өзү жанып турган мүчөсү гана башкаларды тутандыра алат. Башкаларды тутандыра албагандар өздөрү да өчөт. Жамаатчылыктагы тарбиянын логикасы мына ушундай.
Класс - мектеп коллективинин негизи. Мектеп коллективи ондогон баштапкы жамааттардан (класс жамаатынан) турат. Алардын арасында түрдүү карым катнаш мамилелер мектеп жамаатынын руханий жашоосун байытат. Алсак, VIII-IX класстын (кээде VI-VII класстын) окуучулары II-V класстын окуучуларынын түрдүү предметтик ийримдерине жетекчилик кылышат. Жамааттын руханий турмушу байып, акыл жактан кызыгуулар достук, жолдоштук кызыгууларга аралашып кетип, жамааттын ынтымагы күчөйт. Ой жүгүртүүсүз, акылдын кызыгуусуз, таанып билүүгө болгон умтулуусуз жамааттагы мамиле бай болбойт. Жогорку класстын окуучулары жаш балдарга өз билимин берүү процессинде акылын байытышат. Ушундай кырдаалда гана балдардын билимге болгон чыныгы чаңкоосу, таанып билүүгө болгон күчтүү талабы пайда болот. Бара-бара жогорку класстын балдары төмөнкү класс окуучуларынын алдында доклад, лекциялар менен чыга башташат.
Мектеп жамаатында окуучулардагы коомдук активдүүлүктү өркүндөтүү үчүн ар бир жогорку кдасс окуучусу өзүндөгү идеялык, граждандык баалуулуктарын майда класстын окуучуларына берүүгө тийиш. Түрдүү эмгек жамаатындагылар менен мектеп жамаатынын байланышы балдарды өндүрүштүк ык, машыгууларга ээ кылат. Өндүрүштө иштегендер жана жогорку класс окуучулары жаш балдардын түрдүү чыгармачылык ийримлерине жетекчилик кылышат. Ошентип руханий көп кырдуу, бай жашаган жамаатчылыкта улуулар кичүүлөрүнө билимин, турмуштук тажрыйбасын, коомдук активдүүлүгүн, идеялык ишенимдерин, граждандык түрдүү баалуулуктарын берүүнүн формалары өтө эле көп.
Окуучулар жамаатын уюштуруп тарбиялоо процесинде анын ар бир мүчөсү да тарбияланат, аларга жамаатчылык да өз таасирин тийгизет. Жамаатчылыкка таянып тарбия ишинде жеткен ийгиликти ар кандай эле таланттуу педагог өз алдынча камсыз кыла албайт. Окуучулардын жамаатчылыгындагы ынтымакчылыкты чыңдоо үчүн аларга мугалимдер жамаатчылыгы, ата-энелер жана коомчулук койгон талап бирдей болуусуна жетишүү өтө маанилүү. Жамаатчылыктын ишине окуучуларды активдүү катыштыруу максатында алардын ар бирине коомдук тапшырма берүү керек. Окуучулардын бош убактысын туура уюштуруп, жамаатчылыктын салт-санаасына этият мамиле жасоо керек.
Жамаатчылыкты туура уюштуруп, окуучуларды тарбиялоочу чоң күчкө аны айландыруучу негизги факторлордун бири болуп активдерди туура тандоо жана туура жайгаштыруу эсептелет. Активдердин составы канчалык көп болсо, жамаатты уюштуруу ошончолук жемиштүү болот. Балдардын арасында түрдүү уюштуруучулук иштерди жан дили менен чебер аткара ала турган ишмерлер болот. Жамаатчылыктын активин ошолор түзөт. Алар жамаатчылыктын ишинин айрым жактары үчүн жоопкер болгондуктан, жамаат аларга талапты өтө жогору коет.
3. Коллективдин келечегин уюштуруу
Окуучулардын жамаатчылыгын уюштуруунун жана чыңдоонун күчтүү каражаты болуп анын алдына кызыктуу перспективаларды коюу эсептелет. Перспектива - ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чечкиндүү күрөшүп, жамааттын баары жетүүгө умтулган кызыктуу окуя, жакшы ниет, тилек, максат. Жамаат жетүүгө умтулган перспектива окуучулардын ишмердүүлүктөрүнүн жемиштүүлүгүн артырып, темпин күч алдырат. Эртеңки жакшылыкка умтулган үмүт жамаатты алдыга жетелейт.
А.С.Макаренко тынымсыз алдыга умтулуу - жамаатчылыктын жашоо мыйзамы. Жамааттын ишинде токтоо болбос керек. Жамаатчылыктын ишиндеги ар кандай эле аялдама - бул жамаатчылыктын өлүмү болуп эсептелет. Ошондуктан анын алдына кызыктуу перспектива, түрдүү милдеттер тынымсыз коюлуп турууга тийиш.
Адамды тарбиялоо деген анын эртенки кубанычы жайгаша турган перспективалуу жолдорун тарбиялоо болуп эсептелет. Адамдын жашоосуна түрткү берүүчү чыныгы күч - анын эртеңки кубанычы. Чындыгында эле жамааттын алдына коюлган ар кандай эле перспектива окуучулардын демилгесин күчөтүп, ынтымагын чындайт. А.С.Макаренко перспективалуу линиялардын теориясын иштеп чыгуу менен перспективанын үч түрүн аныктайт. Алар: жакынкы, ортоңку жана алыскы перспективалар. Жакынкы перспективага, алсак, класс жамааты алдыдагы чейректи ийгиликтүү аяктоого ниеттенсе, ортонку перспектива - мектепти ийгиликтүү бүтүп, жогорку же атайын орто окуу жайына кызыккан адистиги боюнча өтүүгө үмүттөнүү. Ал эми алыскы перспектива - жакшы адис, жакшы жубай, жакшы ата-эне болуп, элге кызмат өтөп, бала тарбиялоо, элдин, ата-эненин, мугалимдердин үмүтүн актоо. Алыскы перспективасы жок киши - бул начар адам деген корутундуга келет А.Макаренко (40).Алдыга койгон максаты, жакшы тилеги, тагыраак айтканда, кудайдан үмүтү жок жаштар жан дүйнөсүндөгү боштукту түрдүү убактылуу удургуулар менен толтурууга аргасыз болушат. Ар кандай эле бузулган бирөө жүр деген жакка эч нерсени ойлобой кете берет, барган жеринде ичкилик ичип, акылынан ажыраган соң өзүнчө «баатыр» болот. Аягы эмне болоорун ойлобой туруп ар кандай ишти жасай берет. Кыздар абийиринен, балдар кадыр-баркынан ажырап жатканын сезишпейт. Түрдүү уятсыздыктарга, адепсиздиктерге, кылмыштуулуктарга жаштарыбыз ушинтип дуушар болуп жатышат. «Пейилиңди оңдо», «Ниетиңди оңдо» - деген ата-бабаларыбыздын осуятын таназар албай жүрүп, ушуну көрүп жатабыз.
4. Коллективдин калыптануу баскычтары
А.С.Макаренко окуучулар жамаатчылыгынын өсүү процессин шарттуу төрт баскычка бөлгөн.
Биринчи баскычта коомдук талапты окуучуларга мугалим коет. Ал эми окуучулар ар кимиси өзү үчүн гана жооп берет. Алар өз жолдошторуна талап коюуну али билишпейт. Тарбиячы жалгыз аракеттенет. Мындай кырдаалда педагогикалык жамаат окуучуларга талапты бирдей, катуу койбосо, окуучулар коомдо чогу жашоонун нормаларын мугалимдин жеке каалосу катары кабыл алуусу ыктымал. Ошондуктан жамаатты уюштуруунун бул баскычында талап катуу, ырааттуу, эч кандай келишимсиз коюлуусу ылазым. Бирок, бул, балдарга карата орой, алардын үшүн алып мамиле кылуу керек дегендикке жатпайт. Тескерисинче балдарга ачык маанай менен жагымдуу мамиле жасалса, жүрүш-туруштун катуу талап коюлган нормалары жамаатчылыктын жыргалчылыгы үчүн зарыл деп кабылдашат балдар. Жамаатта жалпы тартиптүүлүктүн нормалары ишке ашып, жаңы чыккан актив жамаатка мугалимдердин талабын кое баштаган учурда биринчи баскыч негизинен аяктайт. Бул жамаатчылыктын жетилүүсүндөгү экинчи баскычты токтоосуз улантууга өбөлгө түзөт. Экинчи баскычта жамаатка коомдук талапты мугалим гана койбостон, актив окуучулар да кое башташат. Бул баскычта актив өтө чабал, туруктуу абалга жете элек. Бирок, кантсе да тарбиялык милдеттерди ишке ашырууда мугалим жалгыз эмес. Жамаатчылыктын органдары да пайда боло баштайт. Тарбиячылардын милдети окуучулар арасынан бул органдарды башкарууга жөндөмдүү балдарды тез аранын ичинде таап, окуучуларга жардам көрсөтүү. Активдер жамааттын муктаждыктарын билип, милдеттерин түшүнүп, күндөлүк жетекчиликтин ык, машыгууларына ээ болуусуна мугалимдер көмөк көрсөтүл турууга милдеттүү. Негизгиси активдердин принциптүү болуп, жамааттын ишине астейдил берилүүсүн камсыз кылууга жетишүү. Анткени окуучулар активдердин ушундай сапаттарын гана урматтап, алардын ар кандай талаптарын аткарышат. Үчүнчү баскычта жамаатчылык гүлдөй баштайт. Коомдук талапты жамаатка көпчүлүк коет. Мугалим менен активдерди окуучулардын көбү колдоп, коомдук пикирди ошолор түзөт. Көпчүлүк учурда окуучулар досторунун жүрүш-туруштарын мугалимдин жардамысыз эле туура баалай алышат. Жамаатчылыктын ийгиликтери, коомдук пикирдин жеңгендери салт-санаага айланып, жамааттагылардын жашоо нормаларын аныктай баштайт.
Төртүнчү баскыч үчүнчү баскычтын уландысы, анда окуучуга - коомдук талапты жамааттын ар бир мүчөсү кое баштайт. Ар ким өзүн-өзү көзөмөлгө алып, өз уяты менен коомдук талапты аткара берет. Эч ким талап кылбаса деле өз каталыгын өзү оңдоого умтулат. Жамааттын өсүүсүндө көзгө ачык уруна турган чек байкалбай калуусу да мүмкүн, анткени бул өтө татаал, бир эле багытта кете бербей турган жараян.
Окуучулар жамаатын уюштурууда курак жаш өзгөчөлүктөр эске алынат. Төмөнкү класстарда жамааттын уюшуусу өзгөчөрөөк өтөт. Айрыкча биринчи класстын балдары класс менен жалпылыгын сезбейт, жүрүш-турушунун бири-бирине көз карандылыгын анчалык байкабай, бирок мектеп жана классындагы көп нерселер аларды дайыма кызыктырат. Алардын активине да көз көрүнөө жардам керек.
Окуучудардын жамаатчылыгынын ынтымагын чыңдап, иштиктүүлүгүн өркүндөтүүдө мурда окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органдары чоң ролө ойночу эле. Окуучулар уюму, Манас, Семетей, Сейтек. Ар бир окуучунун адам жана анын тагдыры жөнүндө кооптонгон сезими анын жүрөгүн же жайнап ачылган гүлдөй назик, же куураган дүмүрдөй жансыз кылып коюусу - окуучулар жамаатынын руханий интеллектуалдык жашоосунун идеялык деңгээлине жараша болоорун мугалимдер коллективи, ата-энелер жана коомчулук эсинен чыгарбоосу зарыл.
ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР
1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002
2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002
3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006
4.Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002
Н. В. Бродская, А. А. Реан- Педагогика Питер. Санкт-Петербург.,
Спрингер С, Дейч Г. Левый мозг, правый мозг, М., "Мир" 1983.
Селевко Г.К. Современные оброзователөные технологии: Учебное посо-бие. М., 1998.
Симаков Г.Н. Общественные функции киргизских народных развлече-ний в конце XIX, нач. XX вв. Л., 1984.
Сухомлинский В.А. Избранные педагогические сочинения в. 3 т.т. М., "Педагогика" 1979- 1981, т 1.
9. Сухомлинский В.А. т 2
10.Сухомлинский В.А- т 3