Лекция №16 Саясий- идеялык, экологиялык жана укук тарбиясы. (2 саат)
Негизги суроолор.
Саясий идеялык тарбиянын мазмуиу жана милдеттери.
Экологиялык тарбия
Укук тарбиясы
Окуучулардын кылмыш ишине баруусун алдын алуу
1. Саясий идеялык тарбиянын мазмуиу жана милдеттери
Коомдун, улуттун жана коомдук топтордун тиричилик турмушунун ички жана эл аралык сырткы тармактарындагы түпкү кызыкчылыгын камсыздоочу жана чагылдыруучу коомдук аң-сезимдин формасы - саясат. Саясий аң-сезим коомду теориялык, практикалык жаңылоолор жана дүйнөгө болгон көз караштар менен аныкталат. Саясий аң-сезим социалдык, улуттук топтордун жана жеке адамдардын башка социалдык, улуттук топторго жана адамдарга жасаган реалдуу мамилелерин уюштуруучу коомдук маанидеги көз караштардын, ишенимдердин, кыйбас мамилелердин жыйындысын өзүнө камтыйт. Ал адамдардын коомдук максаттарын, түпкү кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталат.
Граждандык саясий тарбия элдердин дүйнөлүк проблемаларына, социалдык топторго, айрым адамдарга, алардын иш аракетине коомдук турмуштун жана коомдук аң-сезимдин кубулуштарына карата жаңы инсанияттык кыйбас мамилелердин системасы. Граждандык болгон себеби, ал системаны коомдук мамилелердин реалдуу практикасындагы жалпы мамлекеттик, конституциялык, көз караштык принциптеги позиция аныктайт. Саясий болгон себеби, ал элдин көпчүлүгүнүн кызыкчылыгын камсыз кылуу үчүн укук мамлекетин куруунун стратегиялык жана тактикалык багытын аныктоочу максат жана идеалдарды окуучуларга айкындап түшүндүрөт.
Граждандык саясий тарбия окуучуларга маалымат берет, алардын аң-сезимин өстүрөт жана тарбиялайт. Коомду жаңылоонун жана кайра куруунун жаңы инсанияттык, граждандык саясий баалуулук багытынын мазмунунун маанисин окуучуларга айгинелөө, аларды саясий диалог түзүүнүн ык, машыгууларына ээ кылуу, кайчы пикирлерди маданий деңгээлде талкуулай билүү, сөзмөрлүк, уюштуруу чеберчилик, ойду түшүнүктүү, таамай айта билүү, эркин сүйлөө — бул тарбиянын маалымат берүүчү жагдайы.
Мектептин бүтүндөй окуу-тарбия процессинин мазмуну саясий граждандык тарбиянын максат милдеттерине шайкеш келет.
Мектептин окуу планындагы бүт предметтер таалим-тарбия берүүчү мүнөздө. Табигый-математикалык окуу предметтери бүгүн дүйнөлүк саясаттын проблемаларына тикеден тике тиешелүү болуп жатат. Коомдук саясий жана гуманитардык предметтер адам коомунун цивилизациянын бир түрүнөн экинчисине өтүп өсүп өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнүн маңыз-маанисин окуучуларга айгинелеп түшүндүрөт.
Адабият, музыка, көркөм сүрөт өңдүү эстетикалык циклдагы предметтер окуучуларга саясий идеялык тарбия берүүдө чоң роль ойнойт. Балдар көркөм өнөр саясат менен өтө тыгыз байланышта экендигин акыл калчап түшүнүшөт.Саясий-идеялык тарбиянын милдети — жаш муундардагы жогорку идеялуулук менен адептүүлүктүн мыкты сапаттарынын биримдигин камсыз кылуу. Инсандын саясий-идеялык сапаттарына толук мүнөздөмө берүү кыйын. Бирок ал сапаттардын эң негизгилерин атап көрсөк болот. Алсак, адамдагы терең ишеним - анын кылган иши, жүрүш-турушу менен бирдей болсо, алардын арасында ажырым болбосо гана ал адамды биз жогорку идеялуу дей алабыз. Андан кийин адамдагы патриотизм, интернационализм, гуманизм, тынчтык үчүн күрөш жана башка касиеттердин калыптанышы анын идеялык-саясий сапаттарын түптөйт.
Талаш-тартышта өз оюн угуучуларга ынанарлык кылып далилдеп берүү аларды өз түшүнүгүнүн тууралыгына толук ынандырат.
Агартуу усулун балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык коомдук пайдалуу иштери менен айкалыштыруу тарбиянын жемиштүүлүгүн күчөтөт. Идея адамдын ишениминде, анын жан дүйнөсүндө гана жашайт. Ал идея менен баланын жан дүйнөсүнө таасир этүү - бул башка адамга адамдын таасир этүүсү, же адамдын башка адамды тарбиялоосу десек болот. Адеп тарбиясынын маңыз-мааниси - саясий нравалык идеялар ар бир окуучунун жүрүш-турушунун нормасына, анын кенчине айланып кетүүсүндө. Ан үчүн ар бир окуучунун көп кырдуу руханий ишмердүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Ансыз адамда идеалга умтулуу болбойт. Ал эми руханий жашоо же көп кырдуу руханий ишмердүүлүктү камсыз кылуу - бул өтө татаал нерсе. Аны жөнөкөйлөштүрүп кабыл алуу жарабайт. Эгерде жеткинчек коомго, жамаатка зарыл пайдалуу иш аткарса эле, анын жүрөгүндө айкөлдүк сезим пайда боло калат деп ойлоо натуура. Мисалы Эгерде инсан, бала, жеткинчек кезинде бирөөгө жүрөгүнүн буйругу менен астейдил жакшылык кылып көрбөсө, бирөөгө жакшылык кылууну сабакта берилген тапшырманы аткарган милдети сыяктуу сезсе, ал сөзсүз нравалык жактан майып адам болуп жетилет. Анын жакшылыгы деле, жамандыгы деле — кокустук. Ал үйдөн чыгып кеткенде көчөдө бирөөгө жакшылык кылабы же жаман иш менен милицияга түшүп калабы, алдын ала билип болбойт. Идея аны жаттап билип алганда эмес, адамдын ой сезиминин тереңинен орун алып, жүрүш-турушу менен аткарган ишине жетекчилик кылып, руханий дүйнөсүндө өкүм сүрсө гана эч качан бузулбай турган ыйык ишенимге айланат. Нравалык, саясий идеялар — бул абстракттуу чындык, өлүк принциптер эмес, бул - тирүү инсандын жаны менен каны. Нравалык саясий идеяны баланын руханий кенчине айландыруу үчүн тарбиячы ага жөнөкөй эле бир нерсе жөнүндө маалымат берип жаткан кишиге окшобостон, балага айтып жаткан идея анын жан дүйнөсүн козгоп, ага тынчтык бербей жактан маселе катары талкууланса, окуучу тарбияланып жаткан бала экенин унутуп, тарбиячы мугалим экенин унутуп, экөө тең алиги нравалык, саясий идеялар дүйнөсүндө чогуу жашап экөө тең идеялар дүйнөсүндө бийлик кыла баштайтСаясий идеялык тарбиянын айрым багыттарынын кыскача мазмунун мүнөздөөгө өтөлү.
Патриотизм - (грек.) Ата Журтка болгон сүйүүнү билдирип, белгилүү иш аракетте байкалуучу, адамдардагы коомдук сезимдин комплекси.
Ата Мекенге болгон сүйүү: атуулдун өлкөсүнүн кызыкчылыгы жана тарыхый тагдыры жөнүндө кам көрүүсүн, ал үчүн керек болсо өзүн курмандыкка чалууга даярдыгын, Мекендин душманы менен эч качан келишпестигин жана өз жергесине жан дили менен берилгендигин, өз элинин социалдык жана маданий жетишкендиктерине сыймыктануусун, коомдогу социалдык кемчиликтерге кыжырланып, элдин кайгысын кошо тартуусун, элинин тарыхый өткөнүн жана андан мураска калган салттарын урматтап сыйлоосун, туулган жерин (кыштагын, районун, шаарын, облусун), Ата Журтун бүт ыкласы менен берилип ардактап сүйүүсүн өзүнө камтыйт.
Ата Журтка болгон сүйүү белгилүү мазмунга ээ болгондо гана адептүүлүктүн принциби боло алат..
Адам төрөлгөн бир кичинекей тилке жер, таштакпы же саздакпы, бүтүндөй эл аны өздөштүрүү үчүн кара жанын карч уруп иштесе гана бирөөгө Ата Журт боло алат. Жамаатташ эмгекте пешене терип кошо агызган айылдашка же бир көчөдөгү кошунага гана адам ылым санайт. Мындай ылым санашуу канчалык кымбат, канчалык баалуу болбосун, аны толук кандуу патриотизм десе болбойт.
Элиңе болгон мындай сүйүү Мекенин баскынчылардан куткаруу үчүн тайманбай эрдик көрсөткөн баатырларды күрөшкө шыктандырат.Ал үчүн жаш муундарга максатка ылайык патриоттук-согуштук тарбия берип, өлкөнү душмандардан коргоо үчүн аскерде кызмат өтөөгө аларды даярдоо.
Патриотизмге тарбиялоо — Ата Мекенди коргоп, анын душмандарына аеосуз мамиле кыла турган жоокерди даярдоо. В.А.Сухомлинский: «Душманды жек көрүү - патриоттук сезимдин сакчысы» - дейт. Душмандын кара ниет мыкаачылыгын айгинелеп, жаштардын саясий-идеялык, психологиялык жана согуштук-техникалык даярдыгын күчөтүп, аларды аскерде кызмат өтөөгө тартуу зарыл.
Интернационализм (лат.) эл аралык деген сөзүнөн келип чыккан. Ар кыл улуттардын эмгекчил букараларынын психологиясындагы, идеологиясындагы, саясатындагы тилектештик, ынтымактык сезим.Интернационалист адам бардык улуттагы элдерге достук мамиледе болуп, ал элдердин маданиягын, салт-санаасын сыйлап, урматтайт. Алардын ишенимин, тилин, дилин үйрөнүүгө далалаттанат. Канча тил билсен, ошончо жолу инсансың жеп жазат Ф.Энгелөс. Чыныгы интернационалист - патриот, чыныгы патриот - интернационалист болот (39).
Эч ким интернационалист же патриот болуп төрөлбөйт. Ал турмушта ким болушу чөйрөгө, тарбияга жараша болот. Патриотизм жана интернационализм сезими жаштарда бирдей усул, бирдей форма менен уюштурулуп тарбияланат. Бул сезимдерди окуучуларда калыптандыруунун жемиштүүлүгүн арттырууда алардын аң-сезимине, акылына, жүрөгүнө күчтүү таасир этүүчү маалыматтарды берүүнү (өз элинин жана башка улуттардын тарыхын, маданиятын, салт санаасын, үрп-адаттарын толкунданып кабыл алып, аларды сый-урмат менен иликтеп үйрөнүүнү) башка улуттардын, бөтөн элдердин өкүлдөрү менен бирдикте, карым-катнаш мамиледе эмгектенип, жашоону айкалыштыруунун мааниси өтө зор.
Окуучулардагы патриотизм сезимин калыптандырууда Мамлекеттик Герб, Туу, Кыргыз Республикасынын Гимнин жакшы билип, алардын символикалык жактарын терең түшүнүүнүн мааниси өтө зор. Республиканын, облустардын борбор шаарлары, алардын тарыхы жөнүндө да жакшы билүү ар бир окуучунун патриоттук парзы. Ошону менен бирге кыргыздарга тектеш, тагдырлаш элдердин борбор шаарлары, тарыхый белгилүү эстеликтери жөнүндэ билүү да өтө маанилүү. Элдердин, мамлекеттердин арасындагы тынчтыкты сактоо үчүн мүмкүнчүлүгүн жумшоо - биздин мамлекетибиздин тышкы саясатынын негизи.
Гуманизм - (лат.) адамды эң жогорку асыл баалуулук деп эсептеген моралдык принцип. Гуманизм - адамчылык, адамгерчилик, аны сүйүп урматтоо дегенди түшүндүрөт. Гуманизм идеясынын тарыхы өтө эле узак. Адамгерчилик, адамды сүйүү, анын бактысы, калыстык, акыйкатчылык жөнүндөгү кыялданууларды эң эле байыркы элдердин оозеки чыгармачылыктарынан да жолуктурабыз. Кайра Жаралуу доорунда гана гуманизм коомдук ой жүгүртүүнүн кеңири агымы, көз караштардын бүгүндөй бир системасы катары биринчи жолу өзүн көрсөткөн.
Адам — табияттын ажайып жаратылышы деп карап, гуманист инсан катары аны өтө урматтайт, ага көңүл бөлүп, жакшылык каалайт, өзү үчүн гана жашоого умтулбастан, ал бирөөлөр үчүн да жашагысы келет, өз кызыкчылыгын жамааттын, коомдун кызыкчылыгынан жогору койбойт.
Гуманисттик сапатты жаштарда калыптандыруу үчүн алардын коллективдик, коомдук пайдалуу иштерин уюштуруу, моралдык-этикалык маалымат берүүдө адамгерчиликтүү мамилелердин үлгүсүн көрсөтүүнүн мааниси өтө чоң. Гуманизмге тарбиялоо жаштардагы демократизм сапатынын калыптанышы менен тыгыз байланышта. Демократизм граждандык эркиндик, теңдикти, коомдук пикирди, ар кимдин жекече пикирин да сыйлап, коллективди башкарууга активдүү катышууну тан алат. Коллективде активди тандоого, шайлоого катышуу, алардын ишин ачык бетке айтып, калыстык менен сындоо, коллективдин алдында аткарган иш тууралуу убагында отчет берүү да демократтуулук сапаттарга кирет. Демократизм балдардагы коллективисттик сапатты тарбиялайт. Андай сапаты бар адам жамааттын кызыкчылыгына иштөөгө, коллективдин мүчөлөрүнө жардам көрсөтүүгө умтулат. Коллектив өз кезегинде ар бир адамдын жөндөмүнүн өсүүсү үчүн анын кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн кам көрөт. Окуучулар коллективге ишенип, аны колдоого тийиш. Бул мектеп турмушун демократташтыруунун шарттарынын бири болуп эсептелет. Инсанга таасир тийгизүү үчүн коллектив анын демилгелүүлүгүнүн, өз алдынчалыгынын өсүүсү үчүн шарт түзүп, ишке болгон анын чыгармачылык мамилесин калыптандырып, анын коллективде өзүн жетишердик эркин, өзүнө коллективдин басым көрсөтүүсү жоктой сезүүсүнө өбөлгө түзүп, коллективдин турмушунда демократтык стилө өкүм сүрүүсүнө жетишүү зарыл. Ушундай кырдаалда гана балдарга коллективисттик, демократтык сапаттар калыптанат.
2. Экологиялык тарбия
Табияттын таза, бүтүн, шайкеш болуусу адамзат үчүн өтө зарыл. Андагы биологиялык мамилелердин тең салмактуулугунун бузулуусуна жол коюуга болбойт. Ошого карабастан адам өзүнүн чөйрөнү өзгөртүүчү активдүү эмгеги менен табигый процесске кийлигишип, жаратылыштын байлыгын өз пайдасына багындыруу үчүн кээде ал процесстерди бузуп да жиберет. Эгерде адамдын мындай ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынбаса, экологиялык мыйзам ченемдүүлүктү эске алып, пайдаланылган табигый ресурстарды кайра оролуна келтирүү үчүн аракеттенбесе, табияттын балансы бузулуп, адамзат жашоосуна коркунуч келтирүүчү процесстерге кириптер болот. Бул өңдүү дүйнөлүк адамзатка жана айрым аймактын элдерине тиешелүү экологиялык проблемалар көп.
Дүйнө элдеринин уюмдашкан бирдиктүү күчү менен гана атмосферадагы тазалыкты сактоо, дүйнөлүк океандарды коргоо, жер алдындагы байлыктарды пайдаланууну акыл менен жөнгө салуу, аларды биротоло түгөтүп жиберүүгө жол койбоо өңдүү проблемаларды ийгиликтүү чечүү мүмкүн. Ар бир өлкө өз аймагында чөйрөнү таза коргой алат жана коргоого милдеттүү. Ар бир эл абанын таза болуусуна жетишип, токойлордун, кыйылуусуна, жаныбарлар менен канаттуулардын кырылуусуна, дарыя, суу сактагычтардын булгануусуна тыюу салып, топуракты коргоо үчүн кам көрүп, жер иштетүү маданиятына ээ болуусу зарыл.
Табият адамдар үчүн таанып билүүнүн жана эстетикалык мамилелердин обьектиси. Табияттын мыйзам ченемдүүлүктөрүн терең иликтеп, анын купуя сырларын ачуу адамдын дүйнөгө болгон илимий көз карашын калыптандырат. Ошондуктан адамдагы экологиялык маданияттын негизин түптөй турган жалпыга милдетүү башталгыч экологиялык тарбия берүүнү турмушка ашыруу зарылдыгы бүгүнкү күн тартибинде биринчи болуп коюлуп олтурат.
Экологиялык тарбия табиятты таануусун жана дүйнөгө болгон көз карашты калыптандыруунун бир бөлүгү катары акыл тарбиясы менен; балдардын экологиялык түшүнүк жана ишенимдерин чындыкка айландыруучу эмгек тарбиясы менен; окуучулардын табиятты коргоочу ишмердүүлүгүнө түрткү берүүчү табияттын кооздугун сезүү жөндөмүн өстүрүүчү эстетикалык тарбия менен; табиятка жана адамдарга карата жоопкерчилик сезимин калыптандыруучу адеп-ахлак тарбиясы менен эриш, аркак бирдикте ишке ашат.
Адамдын жаратылышка жасаган мамилеси анын идеялык-адептик сапатына жараша болот. Ата-бабаларыбыз табиятты ыйык тутуп, ага өтө этияттык менен мамиле жасаган. Элдик болмуш боюнча өтө акылман, олуя, сынчы Асан деген адам өмүр бою адамдар гана эмес, жан-жаныбарлардын муңун мундап, зарын зарлап аларга боору оруп, күйүп бышып жүргөнү үчүн Асан Кайгы аталган экен. Казак окумуштуусу Чокан Валиханов аны: «Көчмөн элдин философу» деп атаган. Асан Кайгынын философиясын кыргыз элинин жаратылышка зыян келтирбөө жана шайкештигин бузбоо жөнүндөгү ой толгоолорунун негизи түзгөн. Адам менен жаратылыштын ортосунда өз ара сыйлашуу болбосо, табияттын гармониясы (шайкештиги) бузулат. Бул адам баласы үчүн өтө коркунучтуу деп эсептеген эл. Асан Кайгы жаратылышты, өсүмдүктөр менен жаныбарларды дайыма коргоого адамдарды үндөп, табияттагы бардык жандууларда пайдасыз нерсе болбойт, андыктан баары тең өз күнүн көрсүн деп кайрылып, кышында жан-жаныбарлардын баарына кыйынчылык түшкөндө:
Куйругу жок, жалы жок,
Кулан байкуш кантти экен ?
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Сууда сыздап, сөөгү муздап,
Балык байкуш кантти экен?
Чилде тушту кыш болду,
Суунун баары тоңуп муз болду,
Каз өрдөктөн канча өлдү экен?
Каркыра байкуш кантти экен? деп дагы башка көптөгөн жаныбарлар үчүн азап чегип жүрөгү ооруганы элге дайын. Бул идея жаштардагы экологиялык маданиятты өөрчүтүп, жаратылышка боорукерлик мамиле жасап, гумандуу инсан болуп жетилүүсү жөнүндө эл кам көрүүгө тийиш экендигин көрсөтөт.
Ошентип, адам табияттын бир бөлүгү. Ал табиятсыз жашап күн кечире албайт. Абадан дем алат, азык оокатты, жарыкты, жылуулукту, турак жайды да адам табияттан алат. Ошондуктан адам ага гумандуу мамиле жасап, аны коргоосу ылазым көзөмөлдөтүп, канаттуулар күнүн, жашыл бак күнүн, түшүм майрамын өткөрүү мүмкүн
3. Укук тарбиясы
Мыйзам чыгаруу - мамлекеттин саясатын турмушка ашыруунун негизги жолу. Укук нормаларын коомдук мамилелердин практикасына жайылтуу граждандык деңгээлдин жана укук сезиминин өсүүсү, коомдук пикирдин таасири, мамлекеттик укук органдарынын жардамы астында мыйзамдын зордукчулдук күчү менен ишке ашат. Коомдук турмушта укук бир топ социалдык маанилүү милдеттерди аткарат.
Укуктун негизги булагы болуп негизги мыйзамдык мамлекеттик укуктун маңыз-маанисин чагылдыруучу конституция эсептелет. Анын негизинде эмгек кодекси, граждандык кодекс, менчик жөнүндө, мекемелер жөнүндө, кооперация жөнүндө, табиятты коргоо жөнүндө, бийлик жөнүндө, үй-бүлө жөнүндө мыйзам жана кылмыш кодекси мыйзамдары иштелип чыгат жана күчүнө кирет. Ушинтип укуктун жөнгө салуучу милдети ишке ашат.
Адамдардын укуктук, демократтык коомдогу жүрүш-турушунун идеалы болуп адеп жана укук нормаларын адамдардын активдүү жана аң-сезимдүү сакташы эсептелет. Педагогика жана юридика илимдеринин бирге жүргүзгөн тарбиялык иш аракеттеринин негизи ушунда: педагогика адеп нормаларын калыптандыруудан укук нормаларын түптөөгө өтсө, юриспруденция — укук нормаларынан адеп нормаларына өтөт.
Укук тарбиясынын системасын укук сезиминин структурасы жөнүндөгү илимий түшүнүк аныктайт. Укуктук сабаттулук: мамлекеттин укуктук негиздери менен таанышуу, мыйзамдын негизинде адамдардын мамилесин жөнгө салуучу нормалар жана укуктун түрлерүн билүү — укук тарбия системасынын башаты болуп эсептелет. Укуктук аң-сезимдин негизги элементи - адептик, укуктук жана саясий сезим.
Жалпы элдин эркин чагылдырган мыйзамды чын ыкласы менен урматтоо баладагы адептик укук сезимин түптөйт. Ал сезим атуулдук сезим менен да тыгыз байланышта болот. Адамдын укуктук аң-сезиминде атуулдук намыскөйлүктүн ролу өтө чоң. Укук нормаларын сактоодогу намыскөйлүк адамдын мыйзамды бузбай сактоосун ичтен көзөмөлгө алат.Укуктук аң-сезимдин структуралык элементи болуп эсептелген укуктук ой жүгүртүү укуктук билимге негизделет да, айрым адамдардын ой пикирине, кылган иштерине, жүрүш-туруштарына укук нормаларынын өлчөмү баа берет. Укуктук аң-сезимди калыптандыруудагы негизги максат - окуучулардагы укуктук маданиятты тарбиялоо. Укук маданиятынын белгилери: укук нормаларын жакшы билүү; өнүккөн укуктук ой жүгүртө билүү жана адептик-укуктук сезим чөйрөсүнө ээ болуу; укук нормаларын мекеменин, граждандык жана жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдалана билүү; укуктук агартуу ишин жүргүзүүгө жана укукту бузууларга каршы активдүү күрөшүүгө болгон талапчандык.
Укуктук тарбия системасынын орчундуу элементи болуп жаш муундарга укук тарбиясын берүү эсептелет. Бул максатты ишке ашыруу үчүн окуучуларды көптөгөн коомдук татаал мамилелерге аралаштыруу аркылуу тарбиялык көп маселелерди чечүүгө болот. Алардын биринчиси – укук мамлекетинин гражданинин калыптандыруу. Окуучу акырындык менен юридикалык сабатка ээ болот, өзүнүн укугун, милдетин, укуктук жоопкерчиликти аңдап түшүнө берет. Анын сезиминде адептик укуктук рух маданиятынын угуту пайда болот. Адеп нормалары анын укук нормаларын түшүнүүсүн жеңилдетүү менен адептүүлүк чындыгынын маанисин терең аңдап түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт. Укук тарбиясы окуучулардын коомдук аң-сезимин оожалдырып, адепсиздикке жана укук бузууга каршы активдүү күрөшкө умтулдурат. Укук тарбиясынын мазмуну окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Укук тарбиясынын негиздери балдар али жаш кезинде эле үй-бүлөнүн адеп-ахлактык мамилелеринде алардын айрым жүрүш-турушуна түрткү берүүчү же ооздуктоочу норма катары берилет. Балдар өзүлөрүнүн укуктарынын жана милдеттеринин маанисин аңдап түшүнүп, эмнени жасоо мүмкүн, эмнени жасоо мүмкүн эместигин үй-бүлөдөгү адеп нормаларынын өлчөмү менен баалай баштайт.
4. Окуучулардын кылмыш ишине баруусунун алдын алуу
Мыйзамды урматтап, аны кыйшаюусуз аткарууга жетишүү үчүн узакка созулган тарбиялык иш жүргүзүү зарыл. Коомго зыяндуу кылмыштын болушуна негизги себеп - айрыкча адамдардын укук сезимин төмөндүгү. Ошондой эле, коомдун материалдык жана руханий баалуулуктары жөнүндөгү элдин туура эмес түшүнүгү. Ошондуктан укук тарбиясынын милдети - окуучулардын аң-сезимине укук нормаларынын талаптарын толук жеткизип, ал талаптар күндөлүк жүрүш-турушуна жол көрсөтүп, алардын инсандык касиетине айланып кетүүсүнө жетишүүбүз зарыл.
Укук нормалары коомдогу акыйкаттык жөнүндөгү түшүнүккө негизделет. Бул нормалар мамлекеттин, коомдун же жекече бирөөнүн кызыкчылыгына тийгизген зыяны үчүн адам жоопкер экендигин белгилейт. Жалпы кызыкчылык үчүн айрымдардын эркиндигин чектөө бей-бечаралардын укугун коргоо калыстыгы мыйзамда чагылдырылууга тийиш. Ал нормаларды ар бир жаран сактоого милдеттүү. Аларды бузгандарды жазалап тартипке чакыра турган мамлекеттик органдар бар. Мыйзам нормаларын граждандардын көбү ошол органдардан корккондугунан бузууга батына албайт. Ал эми адеп нормаларын адамдар өз уяты менен эле сакташат. Адеп нормаларынын сакталуусун көзөмөлгө ала турган күч - коомдук пикир, элдин назары. Адеп нормалары менен мыйзам нормалары өтө жакын, алардын түпкү маңыз-мааниси бирдей. Мыйзамдын нормаларын деле адепсиз адамдар бузат, адегенде инсандын адептик-эрктик касиети айнып, бурмалана баштайт, анан ал айныган касиети бара-бара туруктуу адатка жана көз карашка айлана берет. Коомго зыяндуу максатты жана каражатты артык көрүүнү өзүнүн өзгөчөлүгү деп эсептей баштайт, андан соң адептик-укуктук сезимдеги бир ишти жасоого уруксат же мүмкүн эмес деген талаптын ортосундагы чекти бурмалай баштайт, андан укук нормаларын бузууга бир эле кадам таштайт. Анан укук бузуу акырындап системага айланат, андан ары кылмыш кылганын адам билбей деле калат. Кичинекей адепсиздиктен жүрө-жүрө чоң кылмышкер пайда болот. Окуучулардын адептик жана укуктук аң-сезимдеринин айнуусунун башаты көбүнчө үй-бүлөдө башталат. Үй-бүлөдө балдардын бузулушуна андагы чоң адамдардын инсандык касиеттеринин кедери кетиши (аракечтик, мушташ, соттолуш) гана эмес, сыртынан байкалбаганы менен үй-бүлөнүн шуйкумунун бузуктугу - опсуз ач көз сараңдык, ар кандай уят-сыйытты жыйыштырып коюп эптеп баюунун жолун издөө. Бул атмосфера адегенде баланын окууга жана эмгекке жасаган мамилесин бузат, акырындык менен эмгекти жек көрө баштайт. Пайдасы чоң ишти издейт. Ошентип, акырындык менен өз талабын канааттандырыш үчүн укук нормасын бузууга үйрөнөт. Ушундай жолго түшүп кетип балдары укук нормаларын бузуп, кылмыш иштерин кылган 460 үй-бүлөнү изилдеп үйрөнүп, В.А.Сухомлинский төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарат. Балдар кылган кылмышы канчалык катуу, аны жасоодогу мыкаачылык, жырткычтык канчалык көп болсо, үй-бүлөнүн интеллектуалдык, эстетикалык, нравалык кызыгуулары жана талаптары ошончолук жарды. 460 өспүрүм балдары укук бузуп, кылмыш жасаган үй-бүлөнүн биринде да, кичине болсо да, библиотека же жакшы обондор жазылган табак, же тасма жок экендигин В.А.Сухомлинский таң калып, жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салып, толкундануу менен жазат. Коомго укук бузуучуну же кылмышкерди берген ар бир үй-бүлөдө кандайдыр бир мандем бар экендигин байкаган педагог мындай тыянакка келет. Кээ бир ата-энелер өзүнчө түзүк адамдардай көрүнгөнү менен балдарынын кантип жашап, чоңойуп жатышканын билишкен эмес. Ал эми ата-энелердин көбүнүн адамдык мамилелеринде руханий жардылык өкүм сүргөн. Ал балдар окуган класс коллективдеринде, мектебинде бул балдар жарык дүйнөгө жашоонун рахаты эмнеде деп ойлошоорун эч ким (класс жетекчиси да, мугалимдер да, директор да) билген эмес (61). Окуучулардын мындай жолго түшүүсүнүн алдын алуу үчүн мектеп төмөнкүдөй этаптарда иш жүргүзүүсү ылазым. Биринчиден, балдардагы укук нормаларын бузууга өбөлгө түзүүчү жашоо, окуу кырдаалдарын балдардын ага ылайык жүрүш-турушу калыптана электе жоюу; экинчиден, окуучулардын жашоо, тарбиялануу шарттарын жакшыртып, жаман жүрүштөргө жол койбоо; үчүнчүдөн, укук коргоо органдарынын көңүлүн өзүнө буруп алган балдар менен туруктуу, максатка ылайык иш жүргүзүү; төртүнчүдөн, укук нормаларын дайыма бузуп, эми кылмыш кылууга жетейин деген балдардын арасында укук тарбиясына бөтөнчө көңүл бөлүү; бешинчиден, түрдүү кылмыш иштерин жасап коюп, ар кыл себеп менен балдар жамаатынан бөлүнбөй калган окуучулар менен терең ойлонулуп уюштурулган өзгөчө тарбиялык иштерди өтө кылдаттык менен жүргүзүү ж.б.
Пайдаланылган адабияттар
1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков-Педагогика. Б.,2002
2. И.Ф. Харламов-Педагогика. М., Гордарика 2002
3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов- Педагогика. М., Академия 2006
4.Ситаров В. А. –Дидактика. Академия М., 2002
5. В. Бродская, А. А. Реан- Педагогика Питер. Санкт-Петербург.,