СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 17. Эмгек тарбиясы жана сарамжалдуулукка үйрөтүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Лекция №17. Эмгек тарбиясы жана сарамжалдуулукка үйрөтүү

Просмотр содержимого документа
«Лекция 17. Эмгек тарбиясы жана сарамжалдуулукка үйрөтүү»

Лекция №17. Эмгек тарбиясы жана сарамжалдуулукка үйрөтүү.(2 саат)

Негизги суроолор.

1. Эмгек инсаиды тарбиялап жетилдирүүнүн эң күчтүү каражаты катары

2. Өндүрүмдүү эмгекти окутуу менен айкалыштыруу.

3. Эмгек тарбиясынын системасы жана принциптери

4. Мектептеги эмгек сабагынын милдеттери

5. Кол эмгеги-техникалык ой жүгүртүү негиздери

6. Эмгек тарбиясынын усулдары.

7. Эмгектин адамды жаратуучу касиети

1. Эмгек инсаиды тарбиялап жетилдирүүнүн эң күчтүү каражаты катары

Эмгек менен адам эриш аркактай ажыралгыс. Эмгек адамдын дене жана рух жагынан жетилүүсүн камсыз кылып, айбанат дүйнөсүнөн аны көк мелжиген бийиктикке көтөрүп жиберди. Эң биринчи таштан, жыгачтан, сөөктөн жасалган эмгек куралынан космостук корабль жана компьютерге чейинки өсүүнүн гиганттык жолун адамзат өз тарыхында басып өттү. Эмгек, ошентип, адамды жаратты. Эмгек тарбиянын эң байыркы да, эң күчтүү да каражаты

2. Өндүрүмдүү эмгекти окутуу менен айкалыштыруу

Карама-каршылык күчөгөн таптык коомдо эмгек тарбиясынын максаты тил алчаак элпек, момун букараны тарбиялоо болгон. Г.Кершенштейнер, андан соң Дж.Дьюи эмгек тарбиясы өз милдетин так, ак ниеттүү аткарып, өз оокатына тың, тартиптүү, ыймандуу адамды даярдоонун каражаты деп эсептешкен.

Адамдын эмгекке талабы табигый экенин көрсөтөт. Эмгек тарбиясынын теориясын иштеп чыгуудагы чоң роль К.Д.Ушинскийге таандык. Ал өзүнүн «Эмгек, анын психикалык жана тарбиялык мааниси» деген илимий эмгегинде эркин күч эмгеги адамдын ар тараптан жетилүүсүнө өбөлгө түзүп, анын өз наркынын жогору өсүүсүнө түрткү берет деп эсептеген. Жан талашып эмгектенүүнүн натыйжасында оокат тиричилиги жетишип калгандан кийин балдардын эмгек түйшүгүнөн бошотууга умтулган ата-энелерди Ушинский катуу айыптаган. Анын ою боюнча, мындай ата-энелер балдарынын бакыт таалайын өз колдору менен кыйратышып, аларды адепсиз, айныган бактысызга айландырышкан.

Эмгек тарбиясынын принциптери мурдагы алдынкы педагогикалык ойлордун өнүгүүсүнө негизделген. К.Маркс менен Ф.Энгелөс эмгек тарбиясындагы негизги багыт политехникалык окууну ишке ашыруу, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы айырманы жоюунун бирден-бир жолу — билим берүүнү өндүрүмдүү эмгек менен айкалыштыруу деп эсептешкен

3. Эмгек тарбиясынын системасы жана принциптери

Эмгек тарбиясынын орчундуу маселелерине Н.К.Крупская, А.В.Луначарский, А.С.Макаренколор да өтө көп көңүл бөлүшкөн. Эмгек тарбиясынын принциптерин, уюштуруу формаларын жана усулдарын илимий негизде иштеп чыгууда В.А.Сухомлинскийдин салымы баа жеткис. Эмгек тарбиясы жаш муундары коомдук өндүрүшкө катышууга даярдайт, ошону менен бирге адеп-ахлак, акыл жана эстетикалык жактан тарбиялоонун негизги элементи болуп эсептелет. Эмгек тарбиясынын натыйжасында берилип эмгектенүү адаты баланын жана окуучулар жамаатынын руханий дүйнөсүнө кирип кетүүгө тийиш. В.А.Сухомлинский мектебиндеги эмгек тарбияны төмөнкү принциптерге негиздеп уюштурган:

1. Эмгек тарбиясы менен инсандын жалпы адеп, акыл, эстетикалык жана дене жагынан жетилүүсүнүн биримдиги. Эмгек инсандын интеллектуалдык жашоосун байытып, анын жана жамааттын акылынын мазмунун, чыгармачылык кызыгуусун, адебинин бүтүндүгүн жандандырып, эстетикалык сулуулугун көкөлөткөндө гана тарбия берүүчү күчкө айланат. Ошондой эмгек гана адамды эмгектеги чыгармачылыкка умтулдуруп, эмгек маданиятына ээ кылат. Эмгек маданияты - инсандын руханий жетилүүсүндөгү коомдун жыргалчылыгы үчүн эмгектенүүсүз тура албай калган учуру. Андай эмгек инсандын ыйманын тазалап, жамааттын жашоосун руханий жактан байытат.

2. Эмгектеги жекече өзгөчөлүктү айгинелеп ачуу жана өстүрүү. Эмгек адамдын материалдык талабын канааттандыруучу каражат гана болбостон анын шык, жөндөмүн өөрчүтүүчү каражатка айланганда гана ал эмгек инсандын кубанычынын булагы болуп калат. Ар бир окуучу өспүрүм жаңы бойго жеткен мезгилинде анын эмгеги өзүнүн табыгый шык, жөндөмүн толук өөрчүтүп, ага руханий чыгармачылыктын бакытын энчилөөгө тийиш.

3. Эмгектин бийик адеби, анын коомдук пайдалуу багыттуулугу. Бала коомго пайда келтире турган эмгекке умтулуусун тарбиялоого жетишүү өтө маанилүү. Андай эмгек балдардын адебин чыңайт. Жашынан коомдун пайдасын жүрөгүнө жакын алган балада эл алдындагы өз милдетин сезүү жана уялуу касиети калыптанат. Ошондуктан балдарды өтө жашынан эле акысы төлөнүүчү эмгекке чегүүгө шашылуу жарабайт.

4. Өндүрүмдүү эмгекке жашынан чегүү. Эмгектин коомдук маанисин түшүнүүдөн мурда бала эмгектенүүсүз жашоо мүмкүн эместигин, эмгек руханий жашоону анын кубанычын камсыз кылаарын билүүгө тийиш. Бала коом үчүн, эл үчүн керектүү байлыкты өндүрүүгө катышып жатканына сыймыктанып, эмгек анын руханий жашоосуна жашынан киргени жакшы болот.

5. Эмгектин түрлөрүнүн көптүгү. Аткаруу ыгынын, усулунун өзгөчөлүгү ар кыл эки, үч, төрт эмгек ишмердүүлүгүн алмаштырып, айкалыштырып, аралаштырып иштөөгө умтулуу баланын табиятына мүнөздүү. Короодо түрдүү эгинди берилип өстүргөн, бакты караган бала малды деле ошондой кызыгуу менен багып, жаш техниктердин ийриминин ишинеделе астейдил катышышы ыктымал. Эки, үч түрдүү ишке катышкан бала түрдүү ык, машыгууга ээ болот. Мындай кызыгууну улам өркүндөтүп, бала бир эле өнөрдүн кулу болууга жол коюуга жарабайт.

6. Эмгектин үзгүлтүксүздүгү жана туруктуулугу. Эмгек тапшырмаларын аткарууну жылдын бир мезгилине же кийинки аптага которуп коюу туура эмес. Күнүгө, үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн эмгек гана руханий жашоону байытат. Күнүгө кам көрүп, ой-мүдөөсүндө турган үзгүлтүксүз туруктуу эмгекте гана адамдын чыгармачылыгы өркүндөшү мүмкүн. Жаш багбандар 2-3 жыл бою үзгүлтүксүз иштесе гана улаган жемиш бактарынын натыйжасын көрүп, анын тыянагын чыгара алышат.

7. Балдардын эмгегиндеги чоңдордун өндүрүмдүү эмгегинин белгилери. Балдардын эмгеги коомдук маанилүүлүгү, эмгек процессинин технологиясы жана техникалык жагынан чоңдордукуна окшоштугу мүмкүн болушунча көбүрөөк болууга тийиш. Чоңдордун эмгегине окшоштугу канчалык көп болсо, ал эмгектин балдарга тарбиялык таасири ошончолук күчтүү болот.

8. Эмгектин чыгармачылык мүнөзү, акыл менен колдун аракеттерин айкалыштыруу. Күч эмгегине адамды кызыктыруучу негизги күч ал эмгекти аткаруудагы кол менен акылдын аракетинин айкалышуусун айгинелөө максаты эсептелет. Мындай максат канчалык маанилүү болсо, ар кандай эле жөнөкөй ишке болгон кызыгуу ошончолук күчөйт. Жумушту аткаруудагы чеберчиликке ээ болуп, эмгектенүүдө изилдөөнү, экспериментти, илимдин жетишкендиктерин канчалык көп колдонсо, бала аны түшүнүп, өзүнүн моралдык ийгилиги катары башынан кечирет. В.А.Сухомлинскийдин окуучулары бир кыл, кызыксыз көрүнгөн кант кызылчасын өстүрүүнү дале чыгармачылык эмгекке айландырып жиберишкен, анткени аларда изилдөө максаты (кызылчанын канттуулугун көбөйтүү үчүн) коюлган болучу.

9. Эмгек ишмердүүлүгүнүн, ык-машыгууларынын үзгүлтүксүз улантылуусу. Жаш жеткинчек кезинде балдар аткарып жүргөн иштерди алар бойго жете баштаганда абдан тереңдетип, өтө кеңири негизде аткарууну өркундөтүү керек. Жашында аткарган ишинде ээ болгон ык, машыгуулар балдар бойго жете баштаганда ээ боло турган жаңы ык, машыгуулардын жеңил өздөштүрүүсүнө өбөлгө түзгүдөй болууга тийиш. 15-16 жаштагы өспүрүмдөргө металлды бургулоону, эгин эгип, бак тигүүгө жерди даярдоону үйрөтүүнүн зарылдыгы жок, ага балдар 4-5 жыл илгери жетишүүгө милдеттүү. Айтылуу «Павлыш» орто мектебинин окуучулары 10-12 жашында эле жерди айдап, эгин эгүүнү, техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө даярдап, булардан түшүм алууну, жемиш бактарын өстүрүүнү, жер семирткичтерди даярдап, талааларга аны чачууну, эч нерсе өспөгөн топурактуу жерди түшүмдүү аянтка айландырууну, түрдүү айыл чарба техникаларын башкара билүүнү өздөштүрүшкөн.

10. Өндүрүмдүү эмгектин бары жокко жалпы тиешелүүлүк мүнөзү. Окуучу көркөм өнөр же акыл ишмердүүлүгүн кандай гана түрүнө жөндөмдүү, шыктуу болбосун, ал жеткинчек жана өспүрүм кезинде өндүрүмдүү эмгекке сөзсүз катышууга тийиш. Аткарылышы канчалык кызыксыз экендигине карабай, кара күч эмгегине мектептин бүт окуучулары катышуусу зарыл. Алсак, жерге көң чачуу, отоо чөптөрдү жоготуу, чөп оруу ж.б. Жамаат бүт катышкан ар кандай иш балдарды шыктандыра алат.

11. Эмгек ишмердүүлүгүнүн балдардын күч дараметине ылайыктыгы. Ар кандай эмгектенүү балдарды чарчатат, бирок эмгектенүү нерв системасын жабыркатып, денесин алсыздандырып, жүдөтүүсүнө жол койбоо керек. Балдар аткарган жумуш алардын күч кубатына гана ылайык келбестен, акыл эмгеги менен күч эмгегинин, түрдүү эмгек ишмердүүлүктөрүнүн туура айкалышуусун камсыз кылуу зарыл. Бала аткарган ар кандай күч эмгегин анын бардык руханий жашоосу менен бирдикте кароо керек.

12. Көп кырдуу руханий жашоо менен эмгектин биримдиги. Адам эмгектенүү менен гана күн кечирбейт. Адамга маданий баалуулуктар, руханий жыргалчылыктар, көркөм адабият, музыка, сүрөт, спорт, саякат өңдүү кубанычтар канчалык жеткиликтүү болсо, эмгек жеткире турган кубанычтын эшиги анын алдында ошончолук кеңири ачылат. Бул жыргалчылыктар адамдын зоболосун көтөрүп, жан дүйнөсүн тазалап эмгектеги чыгармачылык менен жаратуучулук кубанычын баштан кечирип, туура түшүнүүгө өбөлгө түзөт. Жашында баланын акылы менен жүрөгү маданий баалуулуктардын булагынын канчалык көп түрүнөн азыктанса, эмгек аны ошончолук бийик көтөрүп, жан дүйнөсүн байытып, жакшыртат. Ошондуктан мектептин окуучулар жамаатында көп кырдуу руханий жашоо эч качан токтоп калууга тийиш эмес. Эмгек тарбиясын уюштурууда бардык мектептер ушул принциптерди кыйшаюусуз жетекчиликке алышса, мектептин окуу тарбия иштеринин жемиштүүлүгү артаары шексиз. Балдардын түрдүү эмгегин камсыз кылып, аларды айыл чарба жана өндүрүш менен байланыштырып, окуучуларды жашынан эмгекке чеге турган материалдык база түзүү — бул өтө маанилүү педагогикалык проблема (62, 292-299).

4. Мектептеги эмгек сабагынын милдеттери

Мектепте эмгекти окутуунун максаты окуучуларды өндүрүштүн негизги тармактарына туура багыт берип, адистикти аң-сезимдүү таңдап алуусуна, жеңилдете турган ык, машыгууларга ээ кылуу, экинчиден, балдарды эмгек ишмердүүлүгүнө даярдоо жалпы билим берүүчү сабактай эле мааниге ээ болгон балдардын шык, жөндөм, кызыгууларына ылайык өзүлөрү таңдап алган эмгеги. Кээ бир балдар баары аткарып жаткан иштен башка ишти аткаргысы келет. Ал үчүн бул же тигил жумушту аткаруудагы бүт класстын окуучулары жеткен деңгээл жетишсиздик кылат. Ал кандай жумуштарды аткаруунун өтө назик жактарын да терең билгиси келет. Ошентип окуучулардагы талаптарды канааттандыруу үчүн класстан тышкары эмгекке үйрөтүү зарылдыгы келип чыгат. Мектепте түрдүү ийримдер уюштурулат. Алсак, техникалык ийримдердин максаты - балдарды акырындык менен техникалык чыгармачылыктын ык, машыгуусуна ээ кылуу. Жаш селекциячылардын ийриминде эгиндин жаңы сапаттуу, түшүмдүү сортторун иштеп чыгат. Мектептеги түрдүү ийримдерге жогорку класстын мыкты окуучулары, мугалимдер, айыл чарба, өндүрүштөгү тажрыйбалуу адистер жетекчилик кылышат. Окуучулардын эмгеги өндүрүштөгү илим менен техниканын жетишкендиктерин пайдаланып, чыгармачылык кеңири жайылган мүнөздө уюштурулууга тийиш. Баланын ой жүгүртүүсү башында гана эмес, анын бармактарынын учунда да болууга тийиш (В.А.Сухомлинский) (62,301). Балдардагы техникалык маданиятты жемиштүү калыптандыруунун жолу - балдардын чыгармачылыгынын эң бийик баскычы - ойлоп табуучулук. Мектеп баланы өз шык жөндөмүнө ылайык сүйүктүү эмгегинин бактысына ээ кылууга милдеттүү. Ансыз ал турмуштагы өз ордун таба албайт. Мектеп бул жагынан жолу жок балдарды бүтүртүп чыгарууга акысы жок.

5. Кол эмгеги - техникалык ой жүгүртүүнүи негизи

Технологиялык процесс жана машина, техника канчалык татаалдашып өнүкпөсүн, кол эмгеги өндүрүштүн маанилүү элементи болуудан калбайт. «Кол эмгеги» деген сөздү «Күч эмгеги» деп түшүнүү туура эмес. Жогорку маданиятттагы кол эмгегинде чыгармачылык ой жүгүртүү даана көрүнүп турат. Эмгектин техникасы менен технологиясы канчалык татаал болсо, ал техниканы өздөштүрүү үчүн кол эмгегинин жөнөкөй эле ык, машыгууларын үйрөнүүгө ошончолук көп мээнет жумшоо зарыл. Кол эмгегинин узак мектебинен өткөн адам башкарган машинанын негизги түйүндөрү жана тетиктери жылма айкалышып, эч кандай секириксиз иштейт. Уздун таланты анын бармактарынын учунда деген сөздө эч кандай калет жок. Машинаны айдоодон мурда окуучу анын кыймылдуу үлгүсүн чачып, жыйнап, түйүндөрү менен тетиктеринин байланышып иштөөсүн аңдап түшүнүп, андан кийин чыныгы машинанын бөлүктөрүн чачып, кайра жыйнап, машинаны айдашты үйрөнүүдөн мурда ушундай кол эмгегин арбын жасаган адам машинанын чыныгы кожоюну болот. Ал машинаны ишеничтүү гана айдабастан, тетиктердин бузулуп иштен чыгуусунун алдын ала алат.

6. Эмгек тарбиясынын усулдары

Эмгекке тарбиялоонун усулдары акыл, адеп, эстетикалык жана дене тарбияларынын усулдары менен тыгыз байланышта. Алсак, эгерде тажрыйба аянтындагы же устаканадагы эмгек балдарды жаңы ык, машыгууларга ээ кыла турган болсо, эмгек тарбиянын усулу окутуу усулдарына жакындашат. Эгерде эмгектенүүдө биринчи планга моралдык элемент көтөрүлө турган болсо, анда ал адептүүлүк тарбиянын усулдарына жакын болот.

7. Эмгектин адамды жаратуучу касиети

Эмгек күчтүү тарбиячы, бирок анын идеялык, интеллектуалдык, моралдык, эстетикалык, эмоционалдык жана денени өркүндөтүү касиетинен, чыгармачылык мүнөзүнөн, баланы кызыктыруучу жана анын организминин талабына айланып калуучу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койсок, башка кызыктуу нерсеге убакытты көбүрөөк үнөмдөө максатында эптеп колдон өтөр кылып батыраак кутулуу үчүн аткарылуучу милдетке айланып калат. Андай эмгек руханий талапка айланбайт, адамдын жан дүйнөсүн жакырлантып, чүнчүтүп жүдөтөт. Адамдагы эң куник касиет болгон жалкоолук адам иштебей бекер жүргөнүнөн эле пайда болбостон, аткарган жумуш аны шыктандырып, эргитип, анын эмоционалдык жадында жагымдуу из калтырбагандыктан да, андан куник касиеттер адамда калыптанып өркүндөй берет. Андай эмгек инсанды жаратуучу касиетинен толук ажырайт.Ээмгектин адамды жаратуучу касиети болот.Оюн андан ары улантып, эмгектенүүнүн натыйжасында пайда болгон байлыкты башка бирөөгө мураска калтырса да, башка бирөөдөн күч менен тартып алса да, башка бирөөдөн акчага (алтынга) сатып алса да болот. Ал эми эмгектин адамды жаратуучу касиетин башка бирөөгө мураска калтырууга да болбойт, ар кандай кудуреттүү күч менен аны бирөөдөн тартып алууга да болбойт, акчаң канчалык көп болсо да, Калифорниянын бүт алтынын чогултсаң да эмгектин адамды жаратуучу касиетин сатып ала албайсың (71). Ал касиет эмгектенген адамда гана калат деген пикирди өтө баса белгилейт. Өспүрүм куракта өзүнүн эмгектеги ордун аныктай албаса, бала сырткы дүйнөнү терең таанып билүү аркылуу өзүн да иликтеп үйрөнүп, өзүнүн руханий жашоосунун негизги белгиси болгон өзүн-өзү тарбиялоо экенине баамы жетпейт. Өзү аткарган ишинин натыйжасына сыймыктанбаган адамда гармониялык өсүү мүмкүн эмес. Адамдын жашоо турмушунун байлыгы жана бактылуулугу мына ушунда. Өспүрүмдүн аң-сезимин: «Мен киммин? Менин турмуштагы ордум кайда? Менин жашоодогу жолум кайсы? Менин колуман эмне келет? - деген ой-санаа башкарууга тийиш. Мындай ой-санаа курагына жараша кандайдыр бир маанилүү иш аткарып койгон балада гана пайда болушу мүмкүн. Анткени инсандын идеялык, граждандык негизин түзүүчү интеллектуалдык, моралдык, эстетикалык, эмоционалдык дене жагынан өсүүсүнө дем берүүчү күчтүн тамырлары жогорудагыдай эмгектен таркайт. Мына эмгектин иңсанды жаратуучу күчү. Инсандын чыгармачылык жөндөмүнүн күчү ачылып өңүнө чыга турган чөйрө көп түрдүүАр бир окуучу менен жекече тарбиялык иш жүргүзүүдөгү педагогикалык чеберчиликтин маңыз-мааниси - алардын жөндөм, шыгына жараша эмгекке болгон жандуу кызыгуусун, берилүүсүн камсыз кылуу. Ошондо гана ар бир окуучу өз эмгегине канааттанып, турмуштагы туура жолуна түшөт. Адам жана анын шыгы бири-бирине көз каранды эмес, адамдын тагдыры оң келишине жараша болот деген обывателдик түшүнүк туура эмес: шык, аны менен кошо тагдыр да тарбия жараянында калыптанат. Адамдагы шыкты калыптандыруу анын руханий жашоосуна эмгек канчалык терең кирип орногонуна жана ал эмгектеги мээнет менен ой-пикирдин эриш аркак болуп аралашына жараша болот. Мектепте бир нерсеге кызыкпаган, бары жокко бирдей эле кайдыгер окуучу болбошу керек. Математикалык формулалар менен лирикалык ырларды бирдей эле кайдыгерлик менен окуп, ошондой эле абалда бак отургузуп же станокто темир бургулаган, эч нерсе кызыктырбаган же толкундатпаган окуунун отличнигинин тагдыры коркунучтуу. Аны жөндөмүнө ылайык бир ишке кызыктыруу мектептин ыйык парзы. Мектепте ар бир окуучунун сүйүктүү иши, ошол сүйгөн ишинин атайын бурчу, чоң кишинин ага үлгү көрсөтө турган иши болууга тийиш. Окуучулардын көбү өзүлөрү гана бирдемени бирөөлөрдөн үйрөнүшпөстөн, өзүлөрүнүн билим, ык машыгууларын бирөөлөргө беришет. Өзүнүн билимин, тажрыйбасын, чеберчилигин башка бирөөлөргө берип жатканда гана чындап тарбияланат. Башка бирөө менен нравалык мамиледе болуп, анын руханий байлыгы жөнүндө кам көрө баштаган адам өзүнүн чыгармачылык дараметин баамдай баштайт. Ошентип адамдагы шык ойгонот, ошентип өзүн-өзү тарбиялайт. Ар бир балада кандайдыр бирдемеге болгон жөндөм үргүлөп турат. Ал - дүрмөт, аны арттыруу үчүн учкун керек. Өзүнөн улуу кишинин же теңтушунун эмгегиндеги чеберчилигине, уздугуна болгон көңүл эргип, кумардануу ошол учкундун өзү

8. Эмгек тарбиясын ишке ашырууда экономикалык маалымат берүү жана сарамжалдуулукка үйрөтүү

Туура уюштурулган экономикалык тарбия ар бир эмгекчил адамдарды өндүрүш процессиинин активдүү чыгармачыл катышуучусуна айландырып, коомдун экономикалык турмушунун маанисин акыл калчап ой жүгүртүү менен аңдап түшүнүүсүнө өбөлгө түзөт. Эл чарбасынын бүт тармактарына реформа жүргүзүү шартында өндүрүштүк мамилелерди өркүндөтүп, жаш муундардын экономикалык аң-сезимин калыптандыруу жалпыга милдеттүү обьективдүү зарылдыкка айланып калды. Экономикалык аң-сезим рынок экономикасын өнүктүрүүнүн негизги мыйзамдарын билүүнү, өндүрүштүн эффектүүлүгүн жогорулатууну, өндүрүштү структуралык жактан кайра курууну, өндүрүштүк мамилелерди өркүндөтүп, чарбачылык башкаруу системасынын методдорун жаңылоону өзүнө камтыйт. Ал эми экономикалык аң-сезимдин негизги бөлүгү болуп экономикалык ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун чыгармачылык жолдорун изденип таба билүү, аз каржылоодон жогорку сапаттагы өндүрүмдүүлүктүн натыйжасына ээ боло билүү эсептелет. Экономикалык ой жүгүртүү - жашоо тиричилигиндеги экономикалык кубулуштарды илим менен техниканын акыркы жетишкендиктеринин негизинде акыл калчап түшүнүү. Экономикалык тарбия окуучуларды түрдүү өндүрүштүк мамилелер менен тааныштырып, аларга коомдук жана өндүрүштүк менчиктин түрлөрү жөнүндө, бригадалык, арендалык подряд жөнүндө, жекече эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө, чарбалык план, экономикалык режим, рентабелдүүлүк, эмгек өндүрүмдүүлүгү жөнүндө, товардын өзүнө турган наркы, өндүрүштүн эмгек тартиби, товардын сапаты, айлык акы, чарбалык эсеп жөнүндө түшүнүк берет. Экономикалык тарбия окуучудагы экономикалык ой жүгүртүүнү калыптандыруу менен бирге экономикалык ишмердүүлүк процессинде эмгекчил адамдагы иш билгилүүлүктүн адептүүлүк сапатын, коомдук активдүүлүктү, түрдүү ишти биринчилерден болуп баштоочу демилгелүүлүктү, чарбачылыкты, коомдук мүлккө сарамжалдуу, чынчылдык мамилелени, рационализатордукту, жоопкерчиликти сезүүнү, жогорку рентабелдүүлүккө, сапаттуулукка умтулууну, технологиялык процессти жана жабдууларды жанылоого, өндүрүштөгү ийгиликке жана жашоодогу жыргалчылыкка өз алдынча жетүүгө дилгирликти түптөйт.

Мектептеги бүт негизги предметтерди окутууда окуучуларга экономикалык тарбия берилет. Алсак, коомдук предметтерди окууда окуучулар экономикалык түшүнүктөрдүн негизин билишет. Экономикалык базис өндүрүштүк мамилелердин жыйындысы экендиги жөнүндөгү, өндүргүч күчтөр, аларды жайгаштыруу, түрдүү формадагы менчикке жана материалдык байлыктардын бөлүштүрүү ыктарына негизделген түрдүү экономикалык системалар жөнүндөгү түшүнүктөрдү өздөштүрүшөт.Окуучулар токойду, көлдү, мектеп жана коомдук мекемелердин мүлкүн коргоп, түшүм жыйноодо, өндүрүштүк бригадаларда, куруучулар отряддарында иштешет. Окуучуларды өндүрүшкө экскурсияга алып баруу, өндүрүштүн алдынкылары менен жолугушууларды уюштуруу аркылуу экономиканын конкреттүү маселелери менен тааныштырат. Экономикалык тарбия иштеринин жемиштүүлүгүнүн чен өлчөмү болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

- республикадагы радикалдуу экономикалык реформанын негизги идеяларын жана маанилүү экономикалык түшүнүктөрдү окуучулардын так билүүсү;

- өндүрүштү уюштуруу маселелерине экономикалык өлчөм менен мамиле жасай билүү;

- жеке менчик жана коомдук байлыктарга сырамжалдуу мамиле жасай билүү;

- эл чарбасынын абалын түшүнүү, аны өркүндөтүү боюнча коом алдындагы эмгектенүүнүн адептик милдетин жана жоопкерчилигин сезүү.

Экономикалык сабаттуулук жана үнөмдүүлүккө үйрөтүүчү чарбачылык ишмердүүлүктү жакшыртып, өндүрүштү сарамжалдуу башкарууну активдештирүүнүн негизги шарты. Коомубузду социалдык-экономикалык жактан өркүндөтүү талабы бүгүн биздин алдыбызга окуучуларды экономикалык жакшы маалыматтарга ээ кылып, сарамжалдуулукка көндүрүү милдетин курч коюп олтурат.

Төмөнкү жагдайларды эске алуу менен окуучулардын экономикалык ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү зарыл.

Биринчиден, базар экономикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн өздөштүрүп, азыркы учурдагы коомдук өндүрүштүн иштөө механизмдерин жана өнүгүү закондорун билүү.

Экинчиден, бүгүнкү саясатка ылайык экономикалык теорияны жакшы билүү, өндүрүштү тез өркүндөтүү маселесин практикалык жагдайда чечүү усулун билүү, коомдук байлыкка сарамжалдуу мамиле кылып, өндүрүштүн чыныгы ээси боло алуу.

Үчүнчүдөн, өндүрүштүн экономикалык иштерине активдүү катышууга мүмкүндүк бере турган ыкка ээ болуу, эмгектин алдынкы методдору менен формаларын тез арада үйрөнүп алуу.

Төртүнчүдөн, эмгекти туура баалаган ач көздүккө, дүйнө парастыкка келишпес активдүү позицияны, ысырапкерчиликке жол койбогон сарамжалдуулукту калыптандыруу.

Экономикалык билим жана сарамжалдуулук тарбия бүт предметтерди окутууда эле ишке аша берет. Экономикалык ой жүгүртүүнү өстүрүүдө бөтөнчө «Коом таануу», «Укук таануу», «Тарых», «География», «Эмгек жана адистикке багыт берүү» сабактар жана атайын факулөтативдик сабактар чоң ролө ойнойт. Класстан ташкаркы иштерди өткөрүүдө коомдук жана жеке менчик, өндүрүштүк план, эмгек тартиби, маяна түшүнүгү кенейип, окуучуларды өндүрүштүк мамилелерге тартууда өздөштүрүлгөн экономикалык маалыматтар ого бетер бекемделет. Айрыкча эмгек тарбиясынын экономикалык тарбия менен байланышы өтө терең болууга тийиш. Анткени бардык байлык эмгектин натыйжасы. Эмгектенген адам эмгек адамынын да, буюм теримдин да, нандын да кадырын билет. Коомдук мүлккө, өз менчигине, табиятка сарамжалдуу мамиле жасайт.

Пайдаланылган адабияттар

1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002

3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е. Н. Шиянов.Педагогика. М., Академия 2006

4.Ситаров В. А. –Дидактика. Академия М., 2002