СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 21. Чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасынын өнүгүү тенденциясы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бүт элди тейлей турган өлкөдөгү билим берип, тарбия ишин жүргүзүүчү мекемелердин жыйындысын билим берүү системасы дейбиз. Ага мектепке чейинки мекемелелер,мектепжашындагы балдар жана чоңдор билим ала турган жалпы билим берүүчү мектептердин түрдүү типтери, баштапкы кесипчилик билим берүүчү, алган билимдердин өнүктүрүүчү, атайын орто жана жогорку кесипчилик билим берүүчү окуу жайлары, мектептен тышкаркы балдарга билим берүү жана тарбиялоо мекемелери кирет.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 21. Чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасынын өнүгүү тенденциясы»

Лекция №21. Чет өлкөлөрдөгү билим берүү системасынын өнүгүү тенденциясы. (4 саат )

Негизги суроолор.

  1. Билим берүү жөнүндөгү ойдун өнүгүшү

  2. Жалпыга милдеттүү билим берүүнүн ишке ашышы

  3. Билим берүүнүн чет өлкөлөрдө өнүгүшүү

  4. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн өнүгүү динамикасы.

1. Билим берүү жөнүндөгү ойдун өнүгүшү

Бүт элди тейлей турган өлкөдөгү билим берип, тарбия ишин жүргүзүүчү мекемелердин жыйындысын билим берүү системасы дейбиз. Ага мектепке чейинки мекемелелер,мектепжашындагы балдар жана чоңдор билим ала турган жалпы билим берүүчү мектептердин түрдүү типтери, баштапкы кесипчилик билим берүүчү, алган билимдердин өнүктүрүүчү, атайын орто жана жогорку кесипчилик билим берүүчү окуу жайлары, мектептен тышкаркы балдарга билим берүү жана тарбиялоо мекемелери кирет.

Билим берүү системасы жөнүндө 18-кылымдан аягынан, 19-кылымдын башынан тартып кана сөз козголгон. Ага чейинки инсаниаттын көп кылымдарды карыткан тарыхында (Египетте, Кытайда мектептер болгондугу жөнүндө сөз б.э.ч. 2500-2000 жылдары айтыла баштаган) мектептерде балдарды окутуп, тарбиялоо алгачкы, кул ээлөөчүлүк жана феодалдык коомдогу атактуу төбөлдөрдүн гана энчисине тийген. Ал эми орто кылымдын аягындагы шаар башчылары ачкан цехтик, гилөдиялык жана шаардык мектептерде элементардык билим алышкан көпчүлүк кол өнөрчүлөр менен соодагерлердин балдарын асепке албаганда жалпы элдин балдарына таптакыр билим берилген эмес.

Жалпы элге билим берүү идеясын биринчи болуп англис социалист-утописти Томас Мор (1478-1535) көтөргөн. Элдин мүдөөсүн чагылдырган Т.Мордун идеясы куру кыял бойдон кала берген.

Капитализмдин өнүгүшү менен өндүрүштү өркүндөтүү үчүн билим берүү зарылдыгы күчөгөнүнө байланыштуу жамы калкка билим берүү жөнүндө декларациялар көп айтыла баштайт. Бирок бул декларациялар деле үстөмдүк кылуучу таптын балдарын билим алуудагы артыкчылыктан ажырата албады. Капитализм орногон буржуазиялык мамлекетте сословиелик мектептин ордуна таптык мектеп пайда болду. Мурун тегине карап окутса, эми төлөй ала турган каражатына карап окута турган болду

2. Жалпыга милдетүү билим берүүнүн ишке ашышы

Капиталисттик коомдогу өндүргүч күчтөрдүн өсүшү, жумушчу кыймылынын күчөшү эмгекчи элдин балдары үчүн жалпы кесиптик башталгыч билим берүүнү ишке ашырууга барууга буржуазияны аргасыз кылды. 19-кылымдын экинчи жарымында өнүккөн капиталисттик өлкөлөрдүн бары жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алышты.

Өндүрүш жана жол катнаш, байланыш өңдүү эл чарбасынын түрдүү тармактары билимдүү адистерди талап кылганына карабастан, элдин толук билимдүү болушунан, оттон корккондой корккон буржуазия, элдин кеңири катмарынын окуп билим алуусуна бөгөт коюу максатында байлар үчүн башка, кедейлер үчүн башка билим берүү системасын түздү.

Билим берүү системасынын негизин бардык өлкөлөрдө эле баштапкы (элементардык) билим берүү түзөт. Алардын мөөнөтү 4-9 жылдын ортосунда, СССРде 1966-жылга чейин мектептин биринчи баскычы (башталгыч) 4 жыл болгон. Толук орто билим берүү 5-6 жылга созулган (Англияда грамматикалык мектеп, Францияда, Италияда АКШда лицейлер, ФРГда гимназия ж.б.)бизде жалпы билим берүүчү политехникалык, эмгек мектеби болгон

3. Билим берүүнүн чет өлкөлөрдө өнүгүшү

Билим берүүнү башкаруу ар бир өлкөдө ар кыл. Айрым өлкөлөрдө борборлошкон башкаруу — мамлекет каржылап, бирдей окуу план, окуу программасында окутууну жалпы инструкция менен талап кылат. Бүткөндөргө бирдей документ берет (Франция, Белөгия, Латын Америка өлкөлөрүндө). Кээ бир өлкөлөрдө борборлошпостон жергиликтүү бийликтер билим берүүнү башкарып, өз мыйзамдарын чыгарышат, мамлекет анча-мынча каржылоо менен гана чектелет. Калганы жергиликтүү элдин жана бийликтин колунда (Англияда, Норвегияда, Швецияда, АКШда).

Ал эми айрым өлкөлөрдө борбор менен жергиликтүү бийликтер бөлүшүп окуу жайларын каржылашат жана билим берүүнү башкарышат (Индия, Пакистан, Жаңы Зеландия). СССРде болсо негизинен республикалар башкарган, каржылоо борборлошкон болуучу.

Октябрө революциясынан кийнки В.И. Лениндин биринчи декреттеринин ичинде элдин арасында сабатсыздыкты жоюу жөнүндөгү декрет болгон.

Совет өкмөтүнү камкорлугунун натыйжасында 20 жылга жетээр жетпес мезгил ичинде эле СССРдин элдеринин арасындагы сабатсыздык толук жоюлуп, 1931-1935-жылдары жалпыга милдеттүү башталгыч билим берүү ишке ашты. Бул мезгилдин ичинде 50гө жакын этникалык топтордун, элдердин жана улуттардын өз жазуусуна ээ болушу менен эң чоң социалдык маанидеги маселе чечилди. Ал элдердин ичинде кыргыз эли да бар болучу.

1958-жылы 24-декабрда «Мектептин турмуш менен байланышын чыңдоо жана СССРде элге билим берүү системасын мындан ары өркүндөтүү» деген мыйзам кабыл алынып, жалпыга милдетүү 8 жылдык билим берүүгө өттү. 1972-жылы СССРде жалпыга милдеттүү 11 жылдык (толук орто) билим берүүнү ишке ашты Ошентип революцияга чейин жалпы сабатсыз болгон кыргыз эли совет бийлигинин камкордугунун, айрыкча орус элинин жана башка элдердин бир туугандык жардамынын натыйжасында, тарыхый өтө эле кыска мөөнөттүн ичинде, жалпы сабаттуу элге айланды. Айыл кыштактардын булуң-бурчтарына чейин зангыраган имараттар салынып, балдар окуй турган орто мектептер, кесиптик окуу жайлар ачылды, элдер дарылана турган ооруканалар, жаштар оюн-зоок кура турган клубдар, сарайлар иштей баштады. Шаар тибиндеги поселкаларда, шаарларда атайын орто жана жогорку адистик берүүчү окуу жайлар пайда болду. Тарыхый ушунчалык кыска мезгилде элибиз социалдык жетилүүнүн көк мелжиген үч бийик белесин ашууга үлгүрдү. Биринчиден, кыргыз эли сабатсыздыгын толук жойду, экинчиден, жалпыга милдеттүү толук орто билимди ишке ашырууга өттү, үчүнчүдөн сабаттуу, билимдүү гана эмес, окумуштуулук деңгээлге чейин көтөрүлгөн элге Ата-бабаларыбыз эзелтеден эле акылды, талантты, илимди ою жогору баалашкан. Байлыгыңды жоготуп жардылансаң акылынды байыт, өнөр үйрөн. «Жигитке - жетимиш эки өнөр аздык кылат» -деген осуят калтырган.

Билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын декабрында кабыл алынган мыйзамында: «Билим берүүгө артыкчөпык берүү Кыргыз Ресупбликасынын келечекте туруктуу өнүгүшүнүн, дүйнөлүк коомчулук менен тең укуктуу мамиле түзүшүнүн зарыл шарты болуп саналат» - деп жазылган.

Республикабызда билим берүүнү уюштурууну: Республиканын бардык граждандарынын (улутуна, расасына, жынысына, тутунган динине, бай-кедейлигине карабастан) билим алууга бирдей укутардан пайдаланышы, мамлекеттик билим берүү стандартынын чектеринде мамлекеттик окуу жайларында акысыз билим алышы, ошондой эле акы алып билим берүүнүн иштеши үчүн шарттардын түзүлүшү, билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, адамга таандык жалпы баалуулуктарга артыкчылык берилиши, билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы, билим берүүнүн жалпыга бирдейлиги, таланттуу балдарды тандап алуу жана алардын чыгармачылык жактан өсүшү үчүн шарттарды түзүүгө жетишүү, окутуунун тилин тандап алуу эркиндиги, бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз, орус жана чет тилдеринин бирин окуп үйрөнүүнүн милдеттүүлүгү, мамлекеттик билим берүү стандарттары бардык типтеги окуу жайлары жана билим берүүнүн бардык түрлөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышы, дин мектепке сабак катары окутулбай, дин мекемелеринин мамлекеттен ажыратылышы, уул, кыздардын чогуу окуусунун камсыз кылынышы өңдүү демократтык принциптерге негиздөө, алибетте, колдоого алаарлык жакшы жөрөлгө

4. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн өнүгүү динамикасы

Өлкөбүздөгү азыркы билим берүү системасына: мектепке чейинки (яслилер, балдар бакчалары) мекемелер; жалпы (башталгыч, негизги, толук орто) билим берүүчү түрдүү типтеги мектептер; окуучуларга шык, жөндөмүнө ылайык кошумча билим берүүчү (музыкалык, сүрөтчүлүк ж.б.) мектептер, Бишкектеги «Сейтек”балдардын чыгармачылык үйлөрү; дене жаңа психикалык жагынан жетилүүлөрү айныган балдарды окутуп, тарбиялоочу атайын (коррекциялык) мектептер; башталгыч, орто жогорку адистик берүүчү окуу жайларын бүткөндөн кийин өз билимин жана чеберчилигин өркүндөтүүчү институттар, аспирантура, докторантура ж.б.) мекемелер кирет.


ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР


1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002

3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е. Н. Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006

4.Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002