СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция, 5-семестр

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

МПМ, 5-семестр, окуучулардын билимин текшерүү

Просмотр содержимого документа
«Лекция, 5-семестр»

Лекциянын темасы: Математика боюнча окуучулардын билимин текшерүү. Текшерүүнүн түрлөрү жана максаты.

Лекциянын максаты

Лекцияда каралуучу суроолор

Окуучулардын билимин текшерүүнүн маанисин түшүнүшөт. Текшерүүнүн ордун аныктоодогу фунцияларды билишет жана маанисин айтышат. Текшерүүнүн түрлөрүн жана максатын билишет.

  1. Окуучулардын билимин текшерүүнүн мааниси

  2. Текшерүүнүн ордун аныктоодогу функциялар

  3. Текшерүүнүн түрлөрү жана максаты

ББКБ стратегиясы боюнча 1-мамычага “Математика боюнча окуучулардын билимин текшерүү” темасына байланыштуу эмнелерди билерин, 2- мамычасына дагы эмнелерди билгиси келерин жазып толтурууну сунуштайм. Таблицаны ар бир студент дептерине тартат.

Билем

Билгим келет

Билдим




Студенттер усулдук колдонмодогу 10-лекцияны окуп чыгышып 3-пунктту толтурушат.


Окуучулардын билимдерин, ыктарын жана жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү – окутуу процессинин негизги бөлүгү болуп саналат. Текшерүү методикалык планда уюштуруудагыдай эле татаал процесс. Ал мектеп окуучуларын тарбиялоону, өнүктүрүүнү, окутууну ийгиликтүү башкаруу үчүн обңективдүү информацияны топтоо процессине байланышкан.

Текшерүүнүн эң негизги максаты болуп окуучулардын программалык материалды өздөштүрүү сапатын аныктоо, окуу иштерине жоопкерчилигин тарбиялоо, билим жана жөндөмдүүлүгүн корректировкалоо эсептелинет. Математиканы окутуу процессинде текшерүүнүн ордун аныктоодо төмөнкүдөй функциялар каралат: контролдоочу, окутуучу, диагностикалык, прогностикалык, өнүктүрүүчү, ориентирлөөчү, тарбиялоочу.

  • Контролдоочу функциянын мазмуну: окуучулардын билиминин, көндүмдөрүнүн абалын аныктоо, окуу убактысын рационалдуу пайдалануусун, таанып билүү ишмердүүлүгүнүн деңгээлин байкоо.

  • Окутуучу функциянын мааниси: билим, көндүмдөрдүн ишке ашырылышы жана алардын системалаштырылышын аныктайт.

  • Диагностикалык функциянын мазмуну: каталар жөнүндө информацияны алууга, окуучулардын билим, көндүмдөрүн үзгүлтүккө учуратууга себептерди аныктоого мүмкүндүк түзөт.

  • Прогностикалык функциянын мазмуну: берилген окуу материалын кийинки окуу материалын үйрөнүүгө пайдаланууга, даярдоо иштерин жүргүзүүгө багытталат.

  • Тарбиялоочу функциянын мазмуну: окуучулардын чынчылдыгын, тыкандыгын, сабакты окуп – үйрөнүүгө жоопкерчилигин тарбиялоодон турат.

  • Өнүктүрүүчү функциянын мазмуну: окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн стимулдаштыруудан, көндүмдөрдүн, жөндөмдөрдүн өнүгүүсүнөн турат.

  • Ориентирлөөчү функциясы класстын окуучуларынын ар биринин жана жалпы бойдон окуу материалынын канчалык деңгээлде терең үйрөнгөндүгү жөнүндө информация алуу.

Текшерүү процессинде окуучулардын ой жүгүртүүсү, эрки, элестетүүсү, кабыл алуусу, эске тутуусу, кеби өнүгөт. Текшерүү жөндөмдүүлүк, кызыгуу, мамиле, ынтызаарлык, муктаждык сыяктуу личносттук сапаттарын аныктоого жана өнүктүрүүгө чоң таасир тийгизет. Текшерүү мугалимдин окутуу учурунда кетирген кемчиликтерине жана жетишкендиктерине багыт берет.



Текшерүүнүн түрлөрү:

  1. Алдын – ала же башында текшерүү окуу жылынын башында же жаңы теманы үйрөнүү алдында жүргүзүлөт. Анын максаты – окуучулардын жаңы материалды үйрөнүүгө даярдыгын аныктоо.

  2. Учурдагы текшерүү окуу процессинин жүрүшүндө жүргүзүлөт. Ал мугалимге жаңы материалдын өздөштүрүлүшү канчалык деңгээлде экенин байкоого жардам берет: бардык окуучулар текшерүүгө катышыштыбы, кандай кыйынчылыктарга туш келишти?

  3. Жыйынтыктоочу текшерүү – тема, бөлүмдү үйрөнүүнүн аягында же окуу жылынын аягында жүргүзүлөт. Анын максаты – окутуунун жыйынтыктарын, ээ болгон билим, жөндөм, көндүмдөрдүн сапатын текшерүү

Окуучулардын программалык материалды өздөштүрүүсүн текшерүүнүн негизги методдору болуп оозеки суроо жана жазуу жүзүндөгү текшерүү иши эсептелет.

Оозеки суроодо мугалим көбүнчө окуучу окуу материалын канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгүн текшерүүгө аракеттенет. Мугалим оозеки суроо жүргүзүүдө маселени же мисалды кантип чыгардың? Түшүндүр! Төмөнкү тапшырмаларды салыштыр! Эмнени байкадың деген суроолорду берүү керек. Себеби мындай суроолор окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүгүн, ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө түрткү берет. Жазуу жүзүндөгү текшерүү иш оозеки суроодогу кемчиликтерди жоөт. Окуучулар тарабынан ар бири өз алдынча аткарышат. Өздөштүргөндөр боюнча тиешелүү тапшырмалардын талап кылган суроолоруна ачык – айкын токтолуп жооп жазышат.

Математиканы окуутууда окуучулардын билиминин текшерүүнүн төмөнкүдөй жолдору колдонулат:

1) Оозеки (сурамжылоо, эсептөө жана текшерүү иши ж.б.);

2) Жазуу түрүндө (математикалык диктант, өз алдынча иш, текшерүү иши, тесттин ар кандай түрлөрү);

3) Практикалык (практикалык иш, эксперименталдык иш, ж.б.)


Практикалык сабактын темасы: Окуучулардын билимин текшерүү жана анын мааниси

Практикалык сабактын максаты

Практикалык сабакта аткарылуучу тапшырмалар

Окуу процессинде математика боюнча окуучулардын билимдерин текшерүүнүн түрлөрүн аныкташат. Текшерүүнүн түрлөрүнө кластер түзүшөт. Мугалимдин эмгегинин эффективдүү натыйжалуулугу үчүн өз алдынча иштердин аткарылышына таблица түзүшөт.

  1. Окуу процессинде математика боюнча окуучулардын билимдерин текшерүүнүн түрлөрүн аныктоо (30мин)

  2. кластер түзүү (15мин)

  3. Мугалимдин эмгегинин эффективдүү натыйжалуулугу үчүн өз алдынча иштердин аткарылышына карата таблица түзүү (25мин)

1-тапшырма.

  1. Окуу процессинде математика боюнча окуучулардын билимдерин текшерүүнүн түрлөрүн аныктоо (30мин)

  2. кластер түзүү (15мин)

  3. Мугалимдин эмгегинин эффективдүү натыйжалуулугу үчүн өз алдынча иштердин аткарылышына карата таблица түзүү (25мин)

Мээ чабуулу: ребусту чечкиле

100үм `отуз ``коон


Кайтарым байланыштын куралдарына төмөнкүлөр кирет:

Жазуу түрүндөгү комментарийлер

Байкоо жүргүзүүлөр

Чагылган сурамжылоолор

Фронталдуу сурамжылоо

Суроолор

Кайтарым байланыш күндөлүктөрү,

Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептерлери жана башкалар.

«Кайтарым байланыш күндөлүктөрүн» колдонуу аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүү.

Сабактын аягында мугалим окуучуларга төмөнкү эки суроого жооп жазууну сунуштайт:

Мен сабакта баарын жакшы түшүндүм жана ________________________аткара алам;

Эмнелерди билиши керек

Билем

Баа

Менин кыйынчылыктарым

Мугалимдин сунуштары

Менин баам

Класс-ташым-дын

баасы


Мугалим-

дин баасы


Алгоритмди билүү

Туура жазуу

Эске тутуу технологиясын билүү

Бирдиктин алдына бирдикти, ... жазууну

Мамыча түрүндө көбөйтүү алгоритмин

4

4




Мен _______________түшүнгөн жокмун. Мен үчүн _______________________эң татаал.

Окуучулар суроолорго жооп бергенден кийин, мугалим «Кайтарым байланыш күндөлүктөрүн» чогултуп алат. Окуучулардын жооптору менен мугалим сабактан кийин таанышып чыгат. Алынганмаалыматты мугалим кийинки сабактарды пландаштырууда колдонот. Окуучуларга тема боюнчакөйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берүүгө көңүл бурат. Мугалим ар бир сабактын максаттарын окуучулардын аракеттери аркылуу аныктаганда, ар бир окуучуга өз билимдеринин жана билгичтиктеринин калыптануу деңгээлин баалоого жана өзүнүн өздөштүрүү процессине эмнелерди жана кантип оңдоо керектигин чечүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул үчүн мугалим төмөндө сунушталган «өзүн-өзү көзөмөлдөө дептеринин» формасын колдонсо болот. Мындай дептерди толтуруп жүрүү, практика көрсөткөндөй, окуучулардын окуудагы кыйынчылыктарынын себептерин аныктоого жана алардагы кемчиликтерди жоюуга көмөктөшөт.

«Өзүн-өзү көзөмөлдөө дептеринин» формасы (болжолдуу)

Мөөнөтү _______________________

Сабактын темасы: үч орундуу санды эки орундуу санга көбөйтүү


КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ

Кайтарым байланыш күндөлүгү, өзүн-өзү көзөмөлдөө дептери окуучуга өздөштүрүлүп жаткан тема боюнча өз натыйжаларын көрүүгө жана өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша окуу-таанып билүү ишмердигин өз алдынча уюштурууга жардам берет.

3.1. Жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш

Жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш – мугалимдин окуучуга комментарийлерди жазуу түрүндө берүүсү. Жазуу түрүндөгү кайтарым байланыш математика сабагында окуучулардын жазуу иштерин: үй ишин, өз алдынча ишти, текшерүү ишти, портфолиону текшерүүдө колдонулат.

1-мисал.

Биз «стандарттуу», мугалимдердин практикасында кабыл алынган окуучулардын иштерин текшерүү ишмердигин көрүп турабыз. Окуучунун иши текшерилди, мугалим бааны койду. Мугалим дароо баа койгон текшерүүнүн түрү окуучуларга жетишкендиктерин жакшыртууга жардам бербейт, тескерисинче, мындай жагдай аларды окууга бейкапар мамиле жасоого үйрөтөт. Кээ бир учурларда ийгиликтүү окуучу теманы, предметти окуп-үйрөнүүгө кызыкчылыгын жоготуп, ийгиликсиз окуучуга айланышы да мүмкүн.

Калыптандыруучу баалоону колдонгон мугалим окуучулардын иштерин текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтөт:

иштин туура жерлерин (баалоо критерийлеринин талаптарына жооп берген). Окуучуга мактоо жазуу сунушталат. «Азаматсың. Тапшырманы туура аткарыптырсың» ж.б.;

окуучу ката кетирген учурларда мугалим аларды оңдоо боюнча сунуштарды берет.

Төмөндө мисалдар аркылуу мындай кеңештердин айрым түрлөрү берилген.

2-мисал.

Берилген мисалда окуучуга жазуу түрүндөгү натыйжалуу кайтарым байланыш берүүнүн бир ыкмасы

көрсөтүлгөн. Мугалим окуучуга ишти жакшыртуу үчүн конкреттүү сунуштарды берди. Мугалим ишти жакшыртуу үчүн өз комментарийлерин, алгоритм (кадамдар) түрүндө берген кайтарым байланышы окуучуга тапшырманы аткарууга жардам берет. Ошентип, мугалим окуучуга өз каталарын түшүнүп

оңдоо үчүн мүмкүнчүлүк бергени көрүнүп турат.

КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ

БУЛ МААНИЛүү!

1. Бир ишке көп комментарий берүүнүн кереги жок;

2. Комментарийлер окуучуну окуп-үйрөнүү максаттарына жараша кандай иште-

гендиги тууралуу жана андан ары ишин кантип жакшыртуу керектиги жөнүндө

маалымат менен камсыздашы керек.

3. Комментарийлер баалоо критерийлерине ылайык берилиши керек.

Комментарийлерди берүүдө кайтарым байланыштын үч түрүн колдонсо болот:

1. Эске салуу.

2. Баскычтар боюнча жардам берүү. Мындай жардам төмөнкү аракеттер аркылуу

ишке ашат:

а) суроолор аркылуу;

б) сүрөттөө;

в) толук эмес сүйлөмдөр.

3. үлгү берүү

Мисалы:

1. Эске салуу.

Мында мугалимдин комментарийинде тийиштүү эреже эске салынып, кайрадан иштелип чыгуу талап кылынган маселелер көрсөтүлгөн.

2. Баскычтар боюнча жардам берүү:

ƒ. суроолор аркылуу

Мисалы: Эмне үчүн түз сызыкта жатпаган чекит аркылуу берилген түз сызыкка паралелдүү бир гана түз сызыкты чийсе болот?



ƒ. сүрөттөө аркылуу

Мисалы: Циркульдун жардамы менен бурчтун биссектрисасынын түзүлүшүнүн схемасын

сүрөттөгүлө.



ƒ. толук эмес сүйлөмдөр аркылуу

Мисалы: Сүйлөмдү толукта: эгерде ________ бөлчөк нөлгө барабар болот.



3. үлгү берүү

Мисалы, окуучулар ондук бөлчөктөрдү салыштыруу боюнча тапшырманы аткара албай коюшту



Көпчүлүк мугалимдер иштеги бардык каталарды аныктап чыгуу керек деп эсептешет. Бул туура, бирок, ар бир катаны ал милдетүү түрдө оңдоп чыгышы керек дегенди билдирбейт. Анткени мындай жагдайда окуучу каталарды табуу жана аларды оңдоо процессинде пассивдүү катышуучунун ролун гана аткарып калат. Калыптандыруучу баалоонун максаты окуучуларды өз алдынча же мугалимдин жетектөөсү менен каталарды табууга жана аларды оңдоо билгичтигине үйрөтүү.

Кээ бир мугалимдер комментарийде сунуштарды жазууда ар кандай белгилерди же түстөрдү колдонушат, мындай жагдай да аларга өз алдынча үйрөнүүгө түрткү берет.












Практикалык сабактын темасы: Окуп үйрөнүү процессинде окуучулардын өз алдынча иштерин уюштуруу

Практикалык сабактын максаты

Практикалык сабакта аткарылуучу тапшырмалар

Көнүгүүлөрдүн же тапшырмалардын типтери текстин окушат жана талкуулашат. Өз алдынча иштерди уюштурууну аныкташат. Үлгүлөр боюнча АВС тибиндеги тапшырмаларды топтордо классификациялашат.

  1. Көнүгүүлөрдүн же тапшырмалардын түрлөрү боюнча текстти окуу жана талкуулоо (20мин)

  2. Өз алдынча иштерди уюштурууну аныктоо (25мин)

  3. Үлгүлөр боюнча А В С типтериндеги тапшырмаларды топтордо классификациялоо (30мин)

ИНСЕРТ стратегиясын колдонуп текст менен иштешет.

Баалоо үчүн тапшырмаларга коюлуучу негизги талаптар

Кенже окуучуларды баалоодо алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн: өзүнүн иш-аракетинин жыйынтыгын туура баалай албоосун, өзүн өзү текшерүүсүнүн жана текшерүүнүн начардыгын ж.б. эске алуу зарыл. Билимди көзөмөлдөө жалпы окуучулардын билим деңгээлинин мурда окулган материалдын көлөмүнүн жана мүнөзүнүн өсүшү менен аныкталат. Окуучу баалоодогу бардык белгилердин негизги мүнөздөмөлөрүн билгенде гана белги (цифра) түрүндө баалоону колдонуу киргизилет. Баа коюлганга чейин жылдызча, геометриялык фигуралар, түстөр, гүлдөр, күн ж.б.у. сыяктуу баалоонун белгилерин колдонуу сунушталбайт, бул учурда баа коюнун функциясын ошол белгилер алмаштырат, ошондуктан баланын цифралык баага болгон мамилесин ошол белгилер канаттандырат. Ушул учурда окуучуунун иш-аракетин сөз түрүндө баалоо зарыл. Сөз түрүндө баалоонун өзгөчөлүгү ийгиликтүү жыйынтыктардын тактыгын, ийгиликсиздиктин себептерин ачуу, жана керектүү кеңештерди айтуу болуп саналат. Сөз жүзүндө баалоо учурунда Сөз жүзүндө баалоо учурунда «жалкоо», « көңүл бурбай отурасың», «аракеттенбейсиң» деген сыяктуу сөздөр колдонулбашы керек. Мугалим жазуу иштерин текшергенде окуучунун дептерине, күндөлүгүнө эки баа коюлат (мисалы5/3). Биринчи баасы иш-аракеттин аткарылышынын тууралыгына, экинчи баасы жалпы ой жүгүртүүгө (иштин таза аткарылышына, кооз жайгаштырылышына,элементи менен сулуу жазылышына карай) кошумча түрдө коюлат. Төмөнкү суроолорго жооп берүү аркылуу окуунун натыйжаларын калыс баалоого болот: Күтүлүүчү натыйжаларга салыштырмалуу окуучу эмнелерге жетишкен? Окуучунун кетирген кемчиликтери боюнча эмнелерди жакшы өздөштүрүүсү керек? “Окуучу жаңы сабакты жакшы өздөштүрүүсү үчүн алдын ала кандай даярдык көрүүсү зарыл? ж.б. Бул суроолорго жооп бергенден кийин биз көзөмөлдөө механизмин иштеп чыга алабыз. Мында төмөндөгүлөр эске алынууга тийиш:

1. Тексттер менен тапшырмалардын ишеничтүү болушун кантип камсыздоо керек? (Материал боюнча кошумча сабактарды өткөрбөстөн эле, тесттерди кайталап ошол эле окуучуга карата колдонгондо бирдей жыйынтыкка жетишүү үчүн).

2. Валиддүүлүктү (жарамдуулукту, ылайыктуулукту) кантип камсыздоо керек? (Тест биз эмнени текшергибиз келсе, дал ошону аныктоого жардам берүүсү үчүн).

Көнүгүүлөрдүн (тапшырмалардын) түрлөрү

Дидактикада түрдүү негиздерге ылайык окуу тапшырмалары классификацияланышат:

Окутуу этаптарынан көз – каранды түрдө бөлүнүүчү тапшырмалар

  1. Билим, жөндөм, көндүмдөрдү актуалдаштырууга(баланы проблемалык ситуациянын мазмунун жана маанисин түшүнүүгө даярдоочу).

  2. Жаңы материалды өздөштүрүүгө байланыштуу (баланын алдына коюлган проблемалык ситуацияны аткарууга аракеттенүүсүнө берилүүчү)

  3. Билимдерди жана жөндөмдөрдү колдонууга жана бышыктоого (баланын түрдүү практикалык ситуацияларда жаңы ээ болгон билим, жөндөм, көндүмдөрүн колдонууну талап кылуучу)

  4. Кайталоого (мурдагы ээ болгон билимдерди жаңы ситуацияларда колдонууну талап кылуучу)

  5. Текшерүүчү (баланын мугалимге аткаруу процессин, жыйынтыгын көрсөтүүгө багытточу)


Баланын таанып билүү ишмердүүлүгүнүн мүнөздөлүшүнө жараша тапшырмалар

  1. Репродуктивдик (мурда үйрөнүлгөн билимдерди колдонууну талап кылуучу)

  2. Машыгуучу (мурда ээ болгон билим, жөндөм, көндүмдөрдү өз алдынча колдонууга)

  3. Аз – аздан изденүүгө (түшүнүктү калыптандырууга кандайдыр бир өлчөмдө мурда ээ болгон билим, жөндөм, көндүмдөрдү колдонууга)

  4. Чыгармачылык (баланын активдүүлүгүн ишке ашыруучу)


Окуп – үйрөнүлүүчү материалдын мазмунуна жараша көнүгүүлөрдүн типтери

  1. Обңекттин белгилерин аныктоого карата: өңү – түсү,чоңдугу, формасы

  2. Сандык мүнөздөмөсүн ажыратууга карата: визуалдуу таануу (бирөө - көп), өз ара туура келүүчүлүк (ошончо), ашыкча – жетпейт (көп - аз), санын теңөө (кошуу - алуу), эселөө (көбөйтүү, бөлүү), санын туура келтирүү (канчага көп-канчага аз), чоңдуктардын санын өзгөртүү (арифметикалык амалдар).


Предметтердин мейкиндикте жайгашуусуна жараша тапшырмалар

  1. Сызыкта жайгашкан

  2. Туюк сызыктын ичинде жайгашкан

  3. Үстүндө, астында жайгашкан

  4. Тегиздикте жайгашкан


Таанып билүү процесстерин өнүктүрүүгө көнүгүүлөр

  1. Ой жүгүртүүгө

  2. Эске сактоого

  3. Көңүл бурууга

  4. Кабыл алууга

  5. Элестетүүгө


Математикалык ой жүгүртүүнүн мүнөздүү касиеттеринин өнүгүүсүнө карата көнүгүүлөр

  1. Ой жүгүртүүнүн ийкемдүүлүгү

  2. Ой жүгүртүүнүн себептүүлүгү

  3. Акылдын системалуулугу

  4. Ой жүгүртүүнүн мейкиндикте кыймылдуулугу



А, В, С тибиндеги тапшырмалар

Окуучулардын өз алдынча иштөөсү үчүн 3 программадагы тапшырмалар берилет: А,В,С.

  1. «А» программасындагы тапшырмалардын системасы репродуктивдүү мүнөздө болот. Окуучу конкреттүү материалдарды үйрөнүп, мазмуну кандай болсо, ошону кайталайт. Мындай тапшырмалар класстагы ар бир окуучуга жеткиликтүү. «А» программасындагы тапшырмалардын мазмунуна «эмнеге көңүл буруу керек», «бул эмне», «кандай түрлөрү бар» деген суроолор боюнча инструктаж берилет.

  2. «В» программасындагы тапшырмалар жарым – жартылай изденүү мүнөзүнө ээ. Анда окуу материалы окуучуларды тереңиреек ойлонууга мажбурлайт. Берилген суроолор продуктивдүү (жемиштүү) мүнөздө болуп «эмне үчүн», «кандай жол менен» деген суроолор менен коштолот. Мындай тапшырмаларды класстын теңинен көбү аткара алышат.

  3. «С» программасындагы тапшырмаларды колдонууда окуучулар өздөрүнүн билимдерин чыгармачылык деңгээлге көтөрүшөт. Бул программа сабактын мазмунун, материалын эркин билүүгө негизделет да, ачык, эркин ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн өстүрөт. Мындай тапшырмалар класстагы эң жакшы окуган окуучуга арналат.



© 2020 527 2