Лекция №9. Окутууну компьютерлештирүүнүн дидактикалык негиздери.
(6 саат)
Негизги суроолор
Компьютердик технологнянын өнүгүү динамикасы
Компьютер эмгек куралы
Окутууну компьютерлештирүнүн негизги проблемалары
Компьютердик окутуунун мазмуну.
1. Компьютердик технологнянын өнүгүү динамикасы
Компьютердик технологиянын негизи — информатика илими. 90-жылдарга чейин биздин республикада бир да компьютер жок эле. Азыр республикабызда компьютерсиз мектеп жокко эсе. ЭЭМдердин биринчи муундары ХVI-ХVII кылымдарда биринчи эсептөө машинасынын конструкциясына жана иштөө принциптерине негизделген. 1903-жылы өз концепсиясына таянып Дж.В.Атанасов цифралык эсептөөчү машинаны (ЦЭМ) биринчи жолу иштеп чыккан. 1939-1945-жылдары А.Тюринг Германиянын жашыруун документтерин чечүү үчүн (расшифировкалоо) теориялык база жана электрондук түзүлүш түзгөн.
Ал эми 1945-жылдан баштап транзисторлордун «төрөлүшү» (б.а. жарым өткөргүчтөрдүн - диод, каршылык, транзистор ж.б.), аларды өндүрүүнүн өнүгүшү ЭЭМдердин экинчи муундарын жарата баштады. ЭЭМдердин үчүнчү муундарынын пайда болушу КИСтердин (кичи интегралдык схемалардын) чыгуусуна байланыштуу. Аларды өнөр жайлык өндүрүү 1972-жылы башталган.
Электрониканын андан ары өнүгүшү менен турмушка БИСтер (чоң интегралдык схемалар) келе баштады.
IV муундун ЭЭМдери мына ушундай БИСтерден куралып, микро ЭЭМдер деп аталышты. Бул ЭЭМдер XX кылымдын 70-жылдарынын орто ченинде өндүрүлө баштады жана ПЭЭМдердин (персоналдык ЭЭМ) пайда болушуна алып келди.
Бара-бара электроника өрчүп-өнүгүп, ал өтө чоң интегралдык схемага (ӨЧИС) алып келди. Анын негизинде микропроцессор деп аталган компьютердин негизги бөлүгү жаралды.
1981-жылы биринчи чыныгы персоналдык компьютер (ПК-РС) IВМ фирма тарабынан чыгарылды.
Азыркы учурда түрдүү башкаруучу аппараттар, ЭЭМ, роботтор ж.б. жаралып, бешинчи муундагы ЭЭМдердин мындан ары өөрчүтүлүшү жасалма интелекттин пайда болушуна алып келди. Бул жагынан тынымсыз изилдөөлөр АКШ, Япония, Россия, Кытай ж.б. өлкөлөрдө жүргүзүлүүдө.
Алардын натыйжасы «М&ктеп» компөютеринен космикалык аппараттарга чейин жетти.
2. Компьютер эмгек куралы
Билим берүү тармагын компьютерлештирүү бардык өлкөлөрдө жана региондордо жүргүзүлүп жатат. Ошондуктан ар бир окуучу мектепте окуганда компьютердик сабаттуулукка ээ болуусу зарыл. Ал эми азыркы учурдагы мектептерде, жогорку окуу жайларында колдонулган компьютерлерди пайдаланууда мектептик информатикалык «модель-алгоритм-программа» циклы чагылдырылган эмес.
Азыркы доордо окуу-тарбия процессин интенцификациялоонун негизги бир жолу катары кибернетикалык системаларды киргизүү. Кибернетикалык система дидактикалык принциптердин психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып бирдиктүү окутуунун жаңы системасын түзөт.
Кибернетикалык методдун эки түрү бар:
Моделдештирүү.
Кайра байланышты башкаруу.
Информацияларды компьютерде сактоонун төмөндөгүдөй түрлөрү бар. Алар пассивдүү же информациялык материалдар сызыктуу окуу программаларына топтоштурулган (кинопленкага, магнйттик тасмага ж.б.) ал эми тиешелүү техникалык каражаттар кинопроекторлор, магнитофондор, видео магнитофондор.
Андан кийинки активдүү окутулуучу программалар булар аудиовизуалдуу программалар жана эсептөо машиналарынын программасы. Мындан сырткары интерактивдүү окутулуучу программалар бар, бул электрондук эсептөө машинасынын базасында автоматташтырылган.
Окутулуучу программаларды түзүүдө негизги дидактикалык принииптер эске алынуусу зарыл. Азыркы шартта биздин мектегпердин көпчүлүгүндө информатика машинасыз вариант боюнча окутулууда. Биз мүмкүнчүлүк болушунча машиналуу вариантта өтүүгө аракет жасашыбыз керек, себеби мезгил ошону талап кылууда. Мектспти компьютердик программалар менен жабдуу үчүн 500 гө жакын программа талап кылынат, бул программалар 5 типтүү болушу керек.
Өзгөчө информациялык маалымат технологиясына болочок мугалимдерди, иштеп жаткан алдынкы мугалимдерди даярдоо бүгүнкү күндүн негизги маселелеринин бири.
Бул максаттарды иш жүзүнө ашыруу үчүн мугалимди информациялык маалымат технологиясына даярдоо логикалык дидактикалык анализ жүргүзүү чоң мааниге ээ, б.а. окуу программаларын, окуу усулдук адабияттарды, көргөзмө куралдарды, традициялык техникалык каражаттарды, окутулуучу программаларды түзүүнү талап кылат. Мындан сырткары билимдерди текшерүүчү, тренажердук моделдерди түзүүгө, компьютердик оюн программаларын, информациялык маалымат системасын түзүүгө даярдоого тийиш.
Илимий техникалык информациянын азыркыдай өлчөмсүз агымы күндөн күнгө күчөп жаткан шартта окутуу процессине ыкчамдатуунун жана өркүндөтүүнүн негизги каражаты компьютер болууга тийиш. Дидактика илиминин бул жагдайдагы милдети окутуунун ыкчамдашына жетише алатурган шартты аныктоо жана аны камсыз кылуу. Ал үчүн барыдан мурда, компьютердик сабатсыздыкты жоюу, санариптик программаларга” Бирдиктүү терезе”, “ Түндүк” программаларына кошулуу менен комьпютердик тест. сынак, төлөм каражатын тапшырганга окутуу керек.Адам менен эмгек предметинин ортосунда турган бул каражат адамдын предметке тийгизе турган таасирин коюлган максатка ылайык ишке ашырат. Компьютер жана окутуу процессин компьютерлештирүүнүн натыйжасында болгон өзгөрүүлөрдүн жаңылыктарынын маңыз-маанисин ушул жагдайда түшүнүүгө тийишпиз. Психологдордун ою боюнча компьютер өз билимин байытып, аны практикада пайдалана билүү чеберчилигин арттыруудагы жана обьективдүү дүйнөнү таанып билүүдөгү адамдын мүмкүнчүлүгүн кенейте турган ишмердүүлүктүн каражаты болуп эсептелет.
ЭЭМди таанып билүү куралы катары пайдалануу адамдын ой жүгүртүүсүнүн, эсте сактоосунун, чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн жаны формасы катары адамдын психикалык процессинин тарыхий өнүгүүсү болуп эсептелет.
Ар бир эмгек куралына мамиле кылуунун өз логикасы бар. Эмгек куралын туура пайдалануу үчүн ал логикага баш ийүү ылазим. Алсак, кашыкты пайдаланууну үйрөнүп жаткан баланы кашыктын өзүнө тиешелүү маданий каражат катары колдонуу ыгынын системасына ээ болуусу керек. Бала адегендеги аны туура эмес кармаганын калтырып, кашыкты туура кармап пайдалануу ыгына көнүгүүсү зарыл. Ошондо гана кашык жөнөкөй эле колду узатуучу эмес, кол кашыкты туура кармоочу жана кыймылдатуучуга айланат. Адегенде колду узарткан кашык табигый колдун бардык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жарабайт. Мындай учурда эмгек куралы адам үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө шарт түзө албайт.
Кашык менен компьютер адамдын ишмердүүлүгүнүн куралы катары, албетте, мүмкүнчүлүктөрү ар кыл. Бирок ишмердүүлүктү өзгөртүүгө жана аны өздөштүрүүгө тийгизген психологиялык таасири бир кыйла окшош. Ар кандай куралды пайдаланууну өздөштүрүү схемасы - адегенде адам өз иш-аракетинин логикасын ошол эмгек каражатынын иштөө логикасына баш ийдирег, андан кийин ошол куралды колдонуу аркылуу жетишкен мүмкүнчүлүктөрүн өз иш-аракетинин максат, милдеттерине баш ийдирет.
Компьютер адегенде окуп үйрөнүүнүн предмети болуп эсептелет. Ал машинанын иштөөсү жөнүндө билүү керек, аны программалаштыруунун тилин үйрөнүү абзел, оператордун иш ыкмаларын өздөштүрүү зарыл. Ошондон кийин гана ал предмет адистиктин же окуп үйрөнүүнүн маселелерин чечүүчү каражатына, адамдын ишмердүүлүгүнүн куралына айланат.
Мисалы музыкант деле адегенде музыкалык сабаттуулукту өздөштүрүп, музыкалык аспапта ойноону үйрөнөт, андан кийин гана үндөрдүн шайкештиги аркылуу өз жан дүйнөсүнүн абалын же башка бир көркөм идеяны чагылдырып бере алат.
3. Окутууну компьютерлештирүүнүн негизги проблемалары
Компьютер жөнөкөй гана техникалык түзүлүш эмес, ал өзүнө тиешелүү программалык камсыздоону талап кылат. Мындай өтө татаал маселени чечүү үчүн, бир жагынан, инженер аткаруучу - ЭЭМди конструкциялоо жана өндүрүп чыгарууну, экинчи жагынан, педагог аткаруучу-эсептөө машинесинин ишинин логикасын адамдын жандуу иш аракетин жайылтуунун логикасына туура келтирүүчү окууну жүйөлүү дидактикалык жөнгө салуу болуп эсептелет. Азырынча машинанын логикасы адамдын идшердүүлүгүнүн логикасын мойсоп койуп жатат. Компьютерди жемиштүү пайдалануу үчүн алгоритмикалык ой жүгүртүүнү жакшылап өздөштүрүү керек болот. Дагы бир кыйынчылык, окутуу процессинде пайдаланылган ар кандай эле жаңы каражат дидактикалык системанын максат, мазмун, форма, метод, мугалимдин жана окуучунун ишмердүүлүгү өңдүү звенолоруна окшогон эле компоненттеринин бири болуп эсептелет. Булар бири-бири менен өтө тыгыз байланышта болгондуктан алардын бирөөнүн эле өзгөрүүсү калган бардык звенолордогу өзгөрүүнү талап кылат. Жаңы мазмун, жаңы форманы камсыз кылган сыяктуу эле жаңы каражат дидактикалык системанын бардык компоненттерине жаңы багыт берет. Ошондуктан мектептеги класска же жогорку окуу жайындагы аудиторияга эсептөөчү машинени же дисплейди орнотуу компьютерлештирүүнүн аякташы эмес, анын башаты, окутуу технологиясынын баарын кайра куруунун башталышы болуп эсептелет.
Компөютерди окутуучу катары пайдаланган үч форманы белгилөөгө болот.
1. Тренажердук форма. Бул форма ык, машыгууларды калыптандыруу жана бекемдөөдө кеңири пайдаланылат. Мында көзөмөлдөп-көнүгүү тибиндеги программалар колдонулат, улам кийинки тапшырманы аткарууда туура жооп алып келүүчү ченеп бычылган информацияны окуучу ирети менен алып турат. Мындай программдарды кадимки эле программалаштырылган окутууга мүнөздүү типке кошсок болот. Окуучу команданы угуп, ага жооп берет, ушундай жол менен үйрөнүү үчүн даяр материалды кайталап, жаттоого милдеттүү. Компьютерди мындай режимде колдонуу окуучуну интелектууалдык пассивдүүлүккө алып келет.
2. Репетитордук формада мугалимдин айрым функцияларын, кээде машине андан мыктыраак аткарат. Мында окутуунун максат, милдет, мазмуну так белгиленсе программадан же окуучунун өзүнөн чыккан башкаруучу таасир күчөйт. Мындай информацияларды алмаштыруучу окутуучу системаларды диалог деп коюшат. Окуучу ЭЭМ менен диолог жасайт, анын ой жүгүртүүсү активдешет. Мындай диолог, албетте, адамдардын диалогунан өзгөчө. Адамдардын диалогунда эки же андан көп адамдардын аракети менен тема, позиция, көз караштар улам өөрчүй берет. Анын траекториясы кеңири, чаржайыт кете берсе да болот.
Ал эми машина менен болгон диалог андай боло албайт. Машинага программанын керектүү бутактары киргизилет. Эгерде окуучу башка бутакка туш келип калса, машина ага программанын логикасына туура келбеген жакка туш келип алдын же кайрадан же бөлөк жактан башта деп каяша айтат
Предметтик кырдаалды моделдештирүүчү форма. Мында компьютер адамдын максатын ишке ашыруучу каражат катары чыгармачылыпроцессти алмаштырбайт жана аларды окуучулардан да тартып албайт. ЭЭМ, акыл оюнунун режими катары окутууну окшоштуруп туруучу модел катары пайдаланылат. Анын жардамы менен окуучулардын активдүү ой жүгүртүүсүнө өбөлгө түзүлөт. Окуучулардын акыл ишмердүүлүгүнүн кеңейиши окуу ишиндеги мыйзам ченемдүүлүктөрдү эске алган, жана окуучулардын ар биринин жекече өзгөчөлүктөрүнө төп келген программа бутактарын окутуучу машинелерге жайгаштырууга программачынын мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишкендигине жараша болот. Компьютердин бирден-бир артыкчылыгы окутууну индивидуалдаштыруу болуп эсептелет. Бирок мындай индивидуалдаштыруу окутуу процессиндегидей, ансыз дале танкыс болгон диалогдук баарлашууну минимумга чейин азайтып чектеп, ЭЭМ менен окуучунун диалогу өңдүү анын жасалма кейпин сунуш кылат. Баарлашуудагы активдүү бала мектепте мугалимдердин гана сөзүн угуп, мугалим сурамайынча үндөбөй отура берет. Толук бир окуу жылы ичи окуучу сабактарда саналуу гана минуталар сүйлөйт. Окуучу менен студенттердин ойлоосу калыптануучу речине тыюу салынат. Окутуп жаткан предметтин тилиндеги диалогдук баарлашуунун жоктугу окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүнүн өсүүсүнө тоскоол болот.
Бири-бири менен диалогдук кеңири баарлашууга бай мүмкүнчүлүктөрү бар коллективдик окутуунун ордуна жекече компьютерди пайдалануу аркылуу окутууну индивидуалдаштырууга жалпы жетишсек, окуучулардын ой жүгүртүүсү өспөй калаарын унутпоого тийишпиз. Өндүрүштүк жана коомдук турмуштагы индивидуализм күчөп, коомдук карым катнаштын жоголуу коркунучу да бар. Ошондуктан көз жумуп алып эле жашоо жана өнүгүү шарты бөлөк элдерди туурап ЭЭМди пайдаланууну негизги мүдөө кылуу жарабайт. Компьютердин пайдалуу жагын эч кандай зыян келтирбей тургандай колдонууга жетишүү зарыл.
Окуу материалын айтып берүү, бышыктоо жана көзөмөлдөө звенолорунан турган көргөзмөлүү-түшүндүрүү теориясына негизделген мектеп жана ЖОЖдордогу окутуу практикасы компьютерди пайдалануучу окутууда өтө эле көп өзгөрүүгө учурабайт. Окутуу окуучу жана студенттердин дисплейдин экранындагы баягыдай эле тааныш индивидуалдаштырылган процессине айланат. Мындай теориялык схеманын жардамы менен бүгүнкү педагогикалык реалдуу чындыктагы проблемалуу сабак, проблемалуу лекция, семинар-дискуссия, иштиктүү оюндар, илимий-изилдөөлөр өңдүү көрүнүштөрүн баяндоо мүмкүн эмес.
Мектепке көбүнчө оңой-олтоң жол издеп, окуу китебинин же түрдүү типтеги маселелердин мазмунун программалаштыруунун тилине салып туруп окутуучу машинаны аны менен жабдый коюшат. Предметтин тилиндеги түшүнүксүз материал компьютердин тилинде ого бетер татаалдашат. Мындай кырдаалда программанын авторлору компьютердин информацияны кайра иштөөчү, анын көлөмүн чоңойтуп, ылдамдатып берүүчү мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу окуучу материалды активдүү өздөштүрүүсүнө жетишүүгө умтулат. Алибетте, информацияны кайра иштеп чыгуудагы адамдын бүт мүмкүнчүлүктөрүн компьютер толук камтый албайт. Окуучу маанисин аңдап түшүнө баштаса, информациялык жүктү көбөйтө берүү мүмкүн. Окуучу өздөштүргөн түшүнүгүн практикалык ишинде пайдалана алган учурда гана мындай информация билимге айланат.
Билим - акылга тете, иш билгилик менен кызмат өтөөгө аракеттенүүсүн камсыз кылуучу адамдын аң-сезиминдеги обьективдүү чындыктын чагылышы. Бирок окутуудагы билим адамдын реалдуу обьекттер менен иш жүргүзүүсүнүн эмес, алардын окуу информациясындагы окуу предметинин мазмунун чагылдыруучу белги системаларынын «орун басарлары» менен иштөөнүн натыйжасы болуп эсептелет.Компьютердик окутууда туура чагылдырылбаган чындыктан көбүрөөк алыстоо коркунучу бар, анткени окуу китебиндеги мазмундуу информация бул же тигил предметтин (физика, химия, биология) тилинде гана эмес программалаштыруунун жасалма тилинде да чагылдырылууга тийиш..
4. Компьютердик окутуунун мазмуну
Эсептөөчү техниканы пайдалануу адамдын мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бирок ал бар болгону маселе чечүүнүн каражаты гана болуп эсептелет, ошондуктан аны колдонуу модага, жасалма иш-чарага же курулай максатка айланбоого тийиш. Адамдын кызмат аткаруусу техникалык каражаттын жардамы менен формалдаштырылып же ошол калыпта кайрадан жасалууга тийиш болсо окутуу ишин компөютерлештирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондуктан окутуу процессин проектилөөгө киришүүдөн мурда мугалим анын автоматташкан жана автоматтташпаган бөлүктөрүнүн бири-бирине катнашын аныктоого тийиш. Адабий булактардын пикирине таянсак окуу материалынын мазмунун автоматташкан режими 30% дан ашпоого тийиш. Бул өлчөм окуу предметин ырааттуу компьютерлештирүүгө көмөк көрсөтөт.
Окутуучу программа канчалык чоң бөлүгүн ээлесе мазмундун экинчи бөлүгүнүн маанилүүлүгү ошончолук жогорулайт. Мындай жагдайда математиканын, формалдуу логиканын, окуу маселелерин чечүүдөгү эвристикалык каражаттардын элементтери керек болог.
Окутууну компьютерлештирүү калыптанып тартипке түшүп калган окутуу процессине жаңы каражатты жөн эле кошуп коюу эмес, психологиялык-педагогикалык илимдердин жетишкендиктерине негиздеп жаңы окутуу процессин проектилөө болуп эсептелет. Өтүлүп жаткан окуу предметтерине окутуучу программаларды даярдоого караганда бул маселе бир тол оорураак. Компьютерлештирүүнүн тагдыры түбү барып бүтүндөй окуу-тарбия иштерин кайра курууну педагогикалык жана психологиялык жактан илимий негиздөөгө жараша болот.
Пайдаланылган адабияттар
1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002
2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарики 2002
3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов.Педагогика. М., Академия 2006
4.Ситаров В. А. .Дидактика. Академия М., 2002