СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 8. Окутуунун методдору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билим берүүнүн максатын жана мазмунун так аныктап, аларды ишке ашыруу усулдарын өркүндөткөндө гана окутуунун ийгилиги камсыз болот. Дидактикада окутуунун усулуна али так аныктама бериле элек. Бул жөнүндөгү ой-пикирлер өтө эле көп түрдүү. Алардын ичинде окутуунун методдорун туура эмес түшүнгөндөрү да жок эмес. Алардын бирөөлөрү окутуунун усулун мугалимдин гана ишмердүүлүгүнө тиешелүү деп карашса, дагы башка бирөөлөрү аны окуучулардын ишмердүүлүгүнө гана мүнөздүү кубулуш катарында түшүнүшөт. Окутуунун усулу окуучулардын окуу ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн аныктоочу мугалимдин ишмердүүлүгү экендигине алардын баамы толук жете бербейт.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 8. Окутуунун методдору»

Лекция№8 Окутуунун методдору. (4саат)

Негизги суроолор.

  1. Окутуу методдору жөкүндө түшүнүк.

  2. Окутуунун салтка айланып калган методдоруна мүнөздөмө

  3. Практикалык иштер жана практикумдар методдору

  4. Эмгекке үйрөтүүнүн методдору

  5. Программалаштырылган окутуунун методдору.

  6. Проблемалуу айтып берүү методу

  7. Аз-аздап изленүү жана эвристикалык метод

  8. Изилдөө методу.

  9. Билимдин өздөштүрүүнү көзөмөлдөө жана балоо усулдары

  10. Билимди текшерүү жана усулу

1. Окутуу методдору жөкүндө түшүнүк

Билим берүүнүн максатын жана мазмунун так аныктап, аларды ишке ашыруу усулдарын өркүндөткөндө гана окутуунун ийгилиги камсыз болот. Дидактикада окутуунун усулуна али так аныктама бериле элек. Бул жөнүндөгү ой-пикирлер өтө эле көп түрдүү. Алардын ичинде окутуунун методдорун туура эмес түшүнгөндөрү да жок эмес. Алардын бирөөлөрү окутуунун усулун мугалимдин гана ишмердүүлүгүнө тиешелүү деп карашса, дагы башка бирөөлөрү аны окуучулардын ишмердүүлүгүнө гана мүнөздүү кубулуш катарында түшүнүшөт. Окутуунун усулу окуучулардын окуу ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн аныктоочу мугалимдин ишмердүүлүгү экендигине алардын баамы толук жете бербейт.

Дүйнө таануу процессиндеги инсанияттын кылымдарды карыткан иш тажрыйбаларды улам жаш муундарга үйрөтүүнү жеңилдетүү, коомдук турмуштун өнүгүүсүндөгү өтө зарыл муктаждык. Мунун өз табиятына ылайык усулун табуу керек эле. Ал усулдар көп баскычтуу процесс. Алардын негизгилери: сенсорика (туюу, сөзүү), моторика (кыймыл), интеллект (башкаруу).

Бул баскычтардын өз ара карым-катнашынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн баамдап толук түшүнбөй туруп окутуунун усулун жемиштүү ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Ар бир баскычты өздөштүргөн сайын окуучу белгилүү ыкмага ээ болот. Үйрөнгөн ыкма кээде дагы бир жаңы ыкманын түптөлүшүнө өбөлгө түзсө, кээде ага тоскоол болот. Мисалы, орус алфавитин өздөштүрүүдө окуучуда калыптанган ыкмалар анын латын алфавитин жеңил эле өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөтсө, окуучудагы кыймылдын калыптанып калган кээ бир ыкмалары жаңы кыймылды өздөштүрүүгө тоскоол болот. Окуучу кээде латын тамгасынын ордуна орус тамгасын жазып жиберет, же анын тескерисинче болушу мүмкүн. Демек, окутуунун методу — окуучуларды билим, ык, машыгууларга ээ кылып, алардын акыл күчтөрүн өстүрүү, дүйнөгө болгон илимий көз караштарын калыптандыруу максатында мугалим менен окуучулардын биргелешип иштөө жолдору.

Окутуунун традициялуу усулдары кылымдар бою колдонуп келе жаткандыгына карабастан, мектепте окутуу башталгандан бери эле аларды ырааттуу иштеп чыгуу окумуштуу педагогдорду түйшүккө салып келе жатат. Мектептеги окутуу процессин байкоо аркылуу дидакттар окуучулар менен мугалимдердин ишмердүүлүктөрүндөгү сырткы көп түрдүү көрүнүштөрдү баамдашкан. Ишмердүүлүктөрдүн ошол түрлөрүн окутуунун усулдары деп аташкан. Мугалим материалды баяндап жатса айтып берүү усулу, окуучулар китеп окушса — китеп менен иштөө усулу, мугалим предметти же анын сүрөтүн көрсөтсө - демонстрациялоо усулу, окуучу маселе чыгарса — маселе иштөө усулу, мугалим окуучудан тапшырманы сураса — оозеки суроо усулу ж.у.с.

Бара-бара түрдүү ар кыл наамдагы окутуунун усулдарын иреттөө зарылдыгы келип чыкты. Буларды иретке салуу үчүн окутуунун усулун аныктоочу белгилерди тактоо керек эле. Окутуунун усулдарынын мазмунун аныктоодо да педагогдордун пикирлери чаржайыт кетти. Кээ бир авторлор усулду окутуу ишинин ыкмаларынын жыйындысы катары карашса, кээлери — мугалим окуучуларды билбегенден билгенге алып баруучу жол катары, үчүнчүсү — окутууну уюштуруунун формасы катары, төртүнчүсү — окутуунун максатына жетүү үчүн багытталган мугалим менен окуучунун биргелешкен иши катары карашты.Окуу — өзгөчө ык менен ишке ашуучу таанып-билүү процесси. Ошондуктан дидактика илими окутуу усулдарын обьективдүү дүйнөнү таанып-билүү усулдарынын психологиялык механизмдери менен тыгыз байланышта талдайт. Окутуу усулдары деле обьективдүү дүйнөнү таанып-билүү усулдары сыяктуу эле ойлоо операцияларынын жана логикалык ой-пикир ыкмаларынын анализ менен синтездин, жалпылоонун, абстракциялоо жана конкреттештирүүнүн, индукция менен дедукциянын жыйындысы болуп эсептелет.

Окутуунун усулдарынын айрым составдуу бөлүктөрүн, деталдарын окутуунун ыкмасы деп айтат. Мисалы, мугалим жаңы материалды баяндоодо, окуучуларды адабияттар жана окуу китептери менен иштетүүдө, лабораториялык иштерди аткарууда, маселе чыгарууда окуучуларга үйрөнүп жаткан материалдын планын түздүрүү ыкмасы. Усул менен ыкма бири-бири менен өтө тыгыз байланышып, бири-бирине кээде өтүп кете берет. Мисалы, жаңы теманы өтүүдө түшүндүрүү усул катары колдонулса, окуучулар өз алдынча лабораториялык иш аткаруу учурунда алардын кыймыл-аракеттеринин ыраатын түшүндүрүүсү ыкма катары колдонулат. Ошондой эле мугалим баяндоонун айрым учурунда кинокадрды же диапозитивди көрсөтсө — ыкма, ал эми фильмди балдарга көрсөтсө — билим алуунун же аны бекемдөөнүн усулу болуп .эсептелет.

Окутуунун усулдарынан окутуунун каражаттарын айырмалай билүү зарыл. Окутуунун каражаттарына компөютер, ЭЭМ, окутуучу машиналар, инструменттер, аппараттар, алардын сүрөттөрү, макеттери, кинолор, диапозитивдер, сүрөттөр, окуу куралдары, китептер, дептерлер, географиялык , тарыхый карталар ж.б. кирет.

Окутуунун усулдарын сабактан да айырмалай билүү керек. Бир эле сабакта түрдүү усулдар колдонулууга тийиш. Андагы колдонулган ар бир усул сабактын составдуу бир бөлүгү болуп гана эсептелет. Окутуунун усулдары өтө көп түрдүү. Мугалим бул же тигил усулду алдында турган окуу ишинин максатына жана милдеттерине, окулуп жаткан материалдын мазмунуна карап таңдап алат. Бирок, усулду тандоо мугалимдин каалоосуна толук көз каранды эмес. Аны тандоо обьективдүү мүнөзгө ээ. Усул окутуунун максатына жана билим берүүнүн мазмунуна ылайык болот.Ошондой эле окутуунун усулун таңдап алууда мугалим класстагы окуучулардын темпераменттерин, мүнөздөрүн жана шык, жөндөмдөрүн, турмуштук тажрыйбаларын толук эсепке алууга тийиш. Ансыз окутуунун ар кандай эле жакшы усулу тиешелүү натыйжасын бербей калат. Окутуу процессинин обьективдүү талаптарына ылайык прогрессивдүү педагогдор Коменский, Дистерверг, Ушинский, Толстойдор окутуунун курулай жаттатуу усулуна каршы чыгып, окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн толук эсепке алган усулдарды пайдаланууну талап кылышкан.

1920-жылдардагы советтик мектептин практикасында айрым авторлор окутуунун эки гана усулу бар деген ойду айтышкан.

Биринчиси — изилдөө усулу, экинчиси даяр билимдер усулу. Окутууга догматикалык мүнөз бергендигине байланыштуу экинчи усул советтик мектептин практикасынан четтетилген болуучу. Ошентип, окутуунун жарактуу усулу деп изилдөө усулу гана таанылган. Бул усул боюнча окуучулар үйрөнүп жаткан предметти өзүнчө байкап жана баяндоонун негизинде тыянак чыгарып, билимге ээ болууга тийиш эле. Ошол эле жылдары биздин мектепте проектилер усулу, кийинчерээк лабораториялык-бригадалык усулдар универсалдык усулга айланып кетишкен.окуучулар улам татаалдашып баруучу тапшырма-план, проектилерди аткаруу процессинде билимди өздөштүрүп ала турган система. Бул усул окуучулардын жалпы билим деңгээлин төмөндөтүп, окуу предметтерин жоюуга алып келди. Бул усул XIX кылымдын экинчи жарымында Америка Кошмо Штаттарынын кыштак мектептеринде пайда болуп, кийин бүт мектептерге тараган. Негиздөөчүлөр: Д.Дьюи, Х.К. Килпатрик, Е.Коллинг.

1920-жылдарда проектилердин усулу совет мектептерине таркай баштады. Аны жактоочулар (В.Шульгин, М.Крупенина, Б.Игнатьев) бул усулду окутуунун мектебин турмуштун мектебине айландыруунун бирден-бир каражаты, анда билим алуу эмгектенүүнүн негизинде жана эмгектенүү менен тыгыз байланышта ишке ашат деп макташкан. Бул усулду универсалдаштыруу мектептер үчүн проекттик комплекстүү программа түзүп, басмадан чыгарууга алып келди

20-жылдардын аягында, 30-жылдардын башында биздин мектеп, техникум жана жогорку окуу жайларыбызда бригадалык-лабораториялык усул да кеңири таркалган эле. Ал усул Дальтон-план деген усулдун негизинде түзүлгөн. Дальтон-план АКШнын Дальтон деген шаарында (негиздөөчүсү Е.Паркхерст) пайда болгон окутуу системасы. Бул план боюнча окуучу класстын жалпы иши менен байланышпай эле ал иш формасын өзү эркин таңдап алып, өзүнүн окууга тиешелүү убактысын каалагандай пайдаланат. Советтик педагогдор коллективчилди тарбиялоо максатына ылайык окутууну бригадалык формада уюштурушкан. Бригаданын ишине окуу материалдарын жакшы өздөштүргөн мыкты окуучу-бригадир жетекчилик кылган. Окуучулар эки аптадан бир айга чейинки мөөнөткө ылайык тапшырмалардын үстүнөн көрсөтүлгөн адабияттар, көзөмөлдөөчү суроолор, маселе көнүгүүлөр аткаруунун үстүнөн иштешкен. Иш процессинд окуучулар кыйналган учурда гана мугалим консультация берген. Тапшырмалар толук аткарылган учурда гана жыйынтыктоочу сабак өткөрүлгөн. Бригадада көбүнчө активдүү окуучулар (айрыкча бригадирлер) тапшырманы аткарып, отчет беришкен. Көпчүлүк окуучулар жөн эле эч нерсе аткарбай, катарда баа алып жүрө беришкен. Бул окутуу ишинин натыйжасын тыянактоодогу жоопкерсиздикке алып келген.

Усул окутуу жана билим берүү менен гана чектелбестен тарбиялык мааниге да ээ, совет мектебинин мугалими окуучулар окуу материалдарын аң-сезимдүү кабыл алуусун камсыз кылып, окуучулардын ойлоосун, өз алдынчалыгын калыптандырууга багыттай турган усулдарды пайдаланууга тийиш деген көрсөтмө берген..

Советтик грузин педагогу Д.С. Лордкипанидзе окутуунун усулун окуучулар билим, ык, машыгууга ээ боло турган булактарга карай топтоштурууну сунуш кылып, аларды окутуунун оозеки усулу, китеп менен иштөө усулу, практикалык окуу иштер усулу, жазма иштер усулу деп квалификациялаган эле. Ушул эле негизде советтик башка бир топ педагогдор (Е.Я.Голант, С.Г.Шаповаленко, Н.М.Верзилин ж.б.) окутуунун усулдарын үч топко бөлөт: оозеки усулдар, көргөзмөлүү усулдар, практикалык усулдар. Бардык педагогдор толук тан албагандыгына карабастан, өтө жөнөкөй жана практикалык колдонууга ыңгайлуу болгондугу үчүн азыркы педагогикалык окуу куралдарында, жаңы илимий булактарда бул классификация кеңири таркап кеткен.

И.Я. Лернер, М.Н. Скаткин 1965-жылы окуучулардын таанып-билүү иштеринин активдүүлүк деңгээлине негиздеген окутуунун усулдарынын өзгөчө системасын сунуш кылышты. Булардын ою боюнча окутуунун усулдары деп окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүктөрүн уюштуруу эсептелет. Бул авторлор окутуунун усулун төмөнкү топторго бөлөт:

  1. Көрсөтмөлүү - түшүндүрүү усулу.

  2. Репродуктивдүү усул.

  3. Проблемалуу баяндоо усулу.

  4. Аз-аздан изденүү же эвристикалык усул.

  5. Изилдөө усулу.

Бул классификациянын баштагылардан айырмасы: алардын ар биринде окуучулардын билимди өздөштүрүүдөгү таанып-билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзү бири-биринен так айырмаланат, Окутуунун усулдарын бул принципте классификациялоонун дагы бир ынанарлык жагы, мында окуу баарыдан мурда таанып-билүү ишмердүүлүгү катарында каралат. Бул классификация боюнча окутуунун усулдарын эки чоң топко бөлсө болот. 1) репродуктивдик (1-2-усулдар). Мында окуучулар даяр билимди алып, аны кайталап айтат, 2) продуктивдүү (4-5-усулдар). Мында окуучу чыгармачылык ишмердүүлүк процессинде жаңы түшүнүккө өзү жетет. Ал эми проблемалуу баяндоодо (3-усул) даяр информация алуу жана чыгармачылык ой жүгүртүүнүн элементтери бар, берки эки топтун ортосунда аларды байланыштыруучу кызмат аткарат.

Окуучуларды окутуудагы өз алдынчалык деңгээлине жана таанып-билүү ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзүнө карай окутуунун усулдарын чоң үч топко бөлүп да жүрүшөт. Алар: догматикалык усулдар, эвристикалык усулдар жана изилдөө усулдары.

Окуу иштеринин жүрүшүндө окутуу усулунун маанилүү жагы болуп окуучунун оюнун кыймылын багыттаган жол эсептелет. Андай логикалык жолдор, аналитикалык, синтетикалык, аналитико-синтетикалык, индукциялык, дедукциялык жолдор, бул жолдор усулдун ички (логикалык) жактары, дидактикада окуу ишинин усулу деп аталат.


2. Окутуунун салтка айланып калган методдоруна мүнөздөмө

Педагогиканын окуу китептеринде жана башка окуу куралдарында окутуунун традициялык усулдарына төмөндөгүдөй мүнөздөмөлөр берилип жүрөт. Аларга кыскача токтолуп өтөлү:

а). Окуу материалын мугалимдин баяндап берүү усулу.

Баяндоо — окутуу ишинин монологиялык формасы. Мында окуучуларга адам баласы иштеп чыккан билимдердин жыйындысы берилет, ишмердүүлүктүн үлгүсү демонстрацияланат, окуучулар аларды кабыл алып, түшүнүп, өздөштүрүп, кийинки сабакта кайра айтып берүүгө тийиш.

Окуучуларга билим берүүнүн негизги каражаты болуп мугалимдин жандуу сөзү эсептелет. Ал дайыма окутуунун башка каражаттары, китеп окуу, сүрөттөрдү, предметтерди, тажрыйбаларды демонстрациялоо, ишмердүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүү, техникалык каражаттарды пайдалануу, окуучулардын алдында собол таштоо менен айкалышып турат.

Оозеки речь кыска мөөнөттүн ичинде эле окуучулардын акыл эсин илимий түшүнүктөр менен байытып, эсте сактоосун өстүрүп, аларды башка бирөөлөрдүн оюн түшүнүү ыгына ээ кылат. Баяндоонун түрлөрү: айтып берүү, сүрөттөмө, мүнөздөмө берүү, түшүндүрүү, ой жүгүртүү, далилдөө, ой бөлүшү ж.б.

б). Аңгеме методу.

Аңгеме — окутуу ишинин диалогдук формасы. Бул усул мугалимдин окуучуларга жакындашып, аларды тереңирээк билүүсүнө өтө ыңгайлуу, окуучуларды өз алдынчалыкка көнүктүрөт, түрдүү окуу материалдары боюнча коллективдүү иш уюштурууга өбөлгө түзөт. Аңгеме окутуунун бардык этаптарында колдонулат, бирок башталгыч класстагы анын мааниси өзгөчө. Адегенде мугалимдин суроолоруна окуучулар жооп кайтарышса, бара-бара ал мугалим менен окуучунун карым-катнаш мамилелерин байытат. Окуучулар аңгеме учурундагы талаш-тартыш, пикир алмашуу, талкууларга катышуу процессинде алардын сөзүндөгү далилдүүлүк, өз алдынчалык, сындуулук өңдүү чыгармачыл активдүү инсанга мүнөздүү сапаттар өнүгө баштайт. Окуучулар өзүлөрүнүн билим, ык, машыгууларга ээ болуудагы ийгилигин өзү баамдап, окууга болгон ынтаасы пайда болот. Окуучуларга суроо коюуну.үйрөтүү усулдагы эң маанилүү жагдай.

Аңгеменин төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

  1. ) Киришүү аңгемесинин максаты сабакта окуй турган материал үчүн таяныч боло турган окуучулардын түшүнүктөрүн тактап, мурда өздөштүргөн билимдерин эске салуу аркылуу аларды жаңы билимдерди кабыл алууга кызыктыруу жана окуучулардагы таанып билүүгө болгон талапты калыптандыруу.

  2. ) Кайталоо аңгемеси жаңы материалды өткөндөн кийин, ошол эле сабакта же атайын бир өзүнчө сабакта өтүлөт. Мугалим материалды кайталоо, бышыктоо жана жалпылоо менен окуучулардын ал материалды кандай өздөштүргөндүгүн, алардын билиминин аң-сезимдүүлүгү кандай деңгээлде экендигин аныктайт. Мындай аңгеме окуучулардын өздөштүргөн билимин текшерүү функциясын да аткарат.

  3. ) Үйрөтүүчү аңгеме же сухбат. Киришүү жана кайталоо аңгемелери туура уюшулса окуучулардын билим, ык, машыгууларынын сапаты жакшырат. Реалдуу дүйнөнүн предметтери менен кубулуштарынын айланасында сухбатташуу, аларды демонстрациялоо, мугалимдин собол ташташы жана окуучуларды суроо коюуга кызыктыруусу, пикир алмашуулар окуучуларды жаңы фактылар менен тааныштырат, белгилүү фактыларды талдап, ага карата өз мамилелерин аныктайт, алардын арасында себеп натыйжа байланыштарды аныктоо процессинде окуучулар жаңы билимге ээ болушат. Мындай аңгеме үйрөтүүчү функцияны аткарат.

в). Окуучулардын өз алдынча иштөө методу.

Окуучулардын өз алдынча иши көп учурда мугалимдин тапшырмасы боюнча, бирок анын катышуусусуз аткарылат. Окуучу тапшырмаларды аткаруу белгиленген максатты ишке ашыруу үчүн акыл жана дене күчүн, бүт мүмкүнчүлүгүн жумшайт, б.а. кара жанын карыштайт. Окуучу мектепте жана турмушта билимди өздөштүрүүгө болгон жана таанып билүүгө болгон жөндөмдүүлүктү өз алдынча иштөө процессинде гана калыптандыра алат. Өз алдынча иштин структурасы төмөндөгүдөй: тапшырманы талдоо, тапшырманы аткаруу жолдорун изденүү, ишти пландоо, тапшырманы аткаруу, текшерүү жана баалоо ж.б. Мындай элементтер канчалык көп болсо, өз алдынча иштин деңгээли ошончо жогору болуп эсептелет. Өз алдынча иштин төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

1) Өз алдынча иштер дидактикалык максатына карай түрдүүчө болот. Окуучуларды жаңы материалды кабыл алууга даярдоого багытталган өз алдынча иштер, окуучулардын билимди өздөштүрүүсүнө багытталган өз алдынча иштер, өздөштүргөн билимди бекемдөөгө, тереңдетүүгө багытталган өз алдынча иштер, ык машыгууларды калыптандырууга, бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган өз алдынча иштер.

2) Өз алдынча иштер окуучулар аткарган жумуштун материалдарына карай да бөлүнөт. Окуучулар айлана-чөйрөдөгү чындыкты, предметтерди, кубулуштарды байкашат, эксперимент өткөрүшөт, тажрыйба жүргүзүшөт, лабораториялык иш аткарышат. Мындай иштер окуучулардагы байкоочулукту, баамдуулукту өстүрүп, изилдөөчүлүк ык, машыгууга ээ кылат. Башталгыч класстарда окуучулар окуу китебинин тексттери, иллюстрациялары, сүрөттөрү менен өз алдынча иштешет. Окуу китептери менен иштей билүү ийгиликтүү окуунун эң негизги шарты болуп эсептелет.

3) Окуучулардын ишмердүүлүктөрүнүн мүнөзүнө карай да өз алдынча иштер болуп бөлүнөт. Мында бүт класс бир эле иш аткаруусу, эрежеге же эрежелердин системасына байланыштуу иш аткаруусу, окуучулар мугалимдин жетекчилиги менен өздөштүргөн билим, ык, машыгууларын пайдалануусу, чыгармачылык мамилени талап кылган конструктивдик иштер. Мында предмет же тема гана көрсөтүлөт. Окуучулар предметти конструкциялайт же аталган теманын мазмунун ача турган иш кылат.

4) Аткаруу ыгына карай, жалпы класстык (фронталдык) өз алдынча иштерде бүт класс бир эле ишти аткарат, группалык иштерде окуучулардын ар бир айрым топтору ар түрдүү өз алдынча иштер аткарышат, индивидуалдык иштерде ар бир окуучу өзүнчө иш аткарат.

Ар кандай эле өз алдынча иш окуучуларды кызыктыра турган максатка ылайыктуу болууга тийиш.

г). Окуучулардын окуу китептери жана башка булактар менен иштөө методу.

Китеп — адамзат өзүнүн өсүү тарыхында жыйнаган билим жана турмуштук тажрыйбасынын түгөнгүс кенчи. Ошондуктан окутуунун бардык этаптарында эле китеп менен иштөөгө бөтөнчө көңүл бурулат. Илимий билимдердин негиздерин бекем өздөштүрүү үчүн окуучу окуу китептеринин жана башка булактардын материалдарын тынбай үйрөнүүгө тийиш. Мектеп окуучуну өз билимин өзүнчө толуктап, өз кругозорун кеңейтүү үчүн илимий популярдык жана көркөм адабиятты класстан тышкары учурда дайыма окууга үйрөтүүсү ылазим. Мектептин окуу китептери мамлекет тарабынан белгиленген билим минимумунун булагы, аны терең жана бекем өздөштүрүү ар бир окуучунун милдети. Окуу китептери, журнал, гезит жана башка басма сөз материалдары билим гана бербестен, тарбиялык да чоң мааниге ээ. Алар адамды өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөтөт, өндүрүш жараяндарын сапаттуу аткарууга каныктырат.

Окуучуларды окуу куралдары жана китеп менен иштөөгө үйрөтүү мугалимдердин негизги милдеттеринин бири.

Башталгыч класстарда окуучулардын китеп менен иштөөсү аларды шар жана көркөм окуу өнөрүнө ээ кылууга багытталган. Окутуунун биринчи күнүнөн эле мугалим балдардын окуган сөз жана фразалардын мазмунун түшүнүп окуусуна жетишүүсү керек. Башталгыч класстарда китеп менен иштөө көркөм жана илимий-популярдык тексттерди негизинен сабакта түшүндүрмөлүү окуу формасында жүргүзүлөт. Мындай окуу балдарды аң-сезимдүү, шар, так жана көркөм окуусун, ойлоосун, речин өстүрүп табигат, коом жөнүндөгү биринчи түшүнүктөрдү берип, акыл, адеп, эстетикалык жактан тарбиялайт.

В.А. Сухомлинский «Народное образование» журналынын 1967-жылдагы №9 санында басылган «Коммунисттик тарбия жөнүндөгү этюддарында» төмөндөгүдөй ой айтат. Биз ар бир жеткинчек, ар бир уландын рухунда бүт өмүр бою из калтыра турган «өз» китеби менен жолугушуусун уюштурууга далалаттанабыз. Окуучуну «өз» китеби менен жолуктурууга даярдоо - тарбиянын эң бийик чеберчилиги. Ал эми мындай китепти окуу окуучуунун өз жашоосу үчүн отчету, өзүн-өзү тарбиялоонун башталышы, өзүнүн адамдык уятынын алдындагы ыкласы (64, 80). Мектеп курагында адам кандай китепти окуйт, ал үчүн китеп эмне экендигин анын адамдык сезиминин тарбияланышына, анын өз теңдерине, улууларга жана турмушка, жашоого кылган мамилесине чоң таасир тийгизет.Китептер дүйнөсүндөгү жашоо — бул ойлоонун кооздугуна аралашуу, маданий байлыкка ырахаттануу, өз зоболосун өзү көкөлөтүү. Инсанды мындай деңгээлге көтөрүү — тарбия, таалимдин эң бийик максаты, элдин мүдөөсү, калктын тилеги.

д). Байкоо жана демонстрациялоо методдору.

Байкоо — туюп таануунун активдүү формасы. Байкоо окуучулардын гана ишмердүүлүгүнө таандык көрүнүш эмес, ал мугалимдин ишмердүүлүгүнө да мүнөздүү. Мугалимдин байкоосу окуучулардын ишмердүүлүгүн туура багыттого тийиш. Байкоо усулун пайдаланууда мугалим көңүл буруупроцессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүн кылдат эске тутуусу зарыл. Ансыз бул усул жакшы натыйжа бербейт. Эгерде мугалим көңүл буруунун бардык түрлөрүн, алардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшы билбесе, сабакта алагды болуп жаткан окуучунун көңүлүн обьектиге буруу үчүн жасаган аракети класстын бүт окуучуларынын эрксиз көңүл буруусун пайда кылып, окутууну натыйжасыздыкка алып келет.Окуучулар байкоону мугалимдин жетекчилиги менен же анын тапшыруусу боюнча өзүнчө жүргүзөт.

Демонстрация усулунда окуучуларга үйрөнүлүп жаткан предметтер же кубулуштардын натурасы же алардын сүрөтү көрсөтүлөт. Мындай учурда окуучулардын түшүнүгү так болот. Бул усул байкоо жана оозеки түшүндүрүүнүн бирдиктүүпроцессинде ишке ашат. Мугалимдин эксперименти окуучулардын эмоциясына күчтүү таасир тийгизгенде гана обьективдүү чындыкты ийгиликтүү таанып-билүүнүн бекем негизин түзөт. Демонстрация усулуна төмөндөгүдөй дидактикалык талаптар коюлат:

1) Предметти сабактын кайсы учурунда, түп нускасынбы же сүрөттүрүндө демонстрациялоо керекпи, мугалим алдын-ала тактап коюуга тийиш.

2) Демонстрациянын сапатын алдын-ала аныктап, көрсөтүү учурундагы техникалык коопсуздугун камсыз кылуу ылазим.

3) Окуучулардын көңүлүн демонстрацияланып жаткан обьектинин эң маанилүү жагына багыттоо үчүн мугалим көңүл буруу процессинин төмөндөгүдөй жагдайларын эсинен чыгарбоого тийиш. Алсак, көңүл буруунун термелүү, оома касиети буйрук ыңгайларды (карагыла, унутпагыла, бул же тигил жагдайларды эсиңерден чыгарбагыла ж.б.) колдонуу аркылуу мугалим окуучулардын көңүлүн байкалып жаткан обьектиге улам-улам топтоп туруусу зарыл.

Экинчиден, мугалим окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карай алардын көңүл буруусунун көлөмүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн да унутпоосу керек. Кенже класстын окуучуларынын көңүл бурууларынын көлөмү төрт обьектиден, орто класстын окуучуларыныкы — алты обьектиден, ал эми жогорку класстын окуучуларыныкы — сегиз обьектиден ашпоого тийиш.

Ошондой эле мугалим окуучулардын көңүл бурууларынын дааналыгын, туруктуулугун камсыз кылууга умтулуусу керек. Анткени, көпчүлүк мектеп окуучуларында айрыкча башталгыч класста, алардын көңүл бурууларынын топтолуу, туруктуулук өңдүү касиеттери так жетилбегендиктен, аларда эрксиз көңүл буруп, сабактан, обьектиден алагды болуу үстөмдүк кылат. Ошондуктан мугалим бул жагдайларды эсинде дайыма сактоосу абзел;

4) Окуучулардагы кабыл алуунун тактыгын, көлөмүн, предметтүүлүгүн, бүтүндүгүн, туруктуулугун жана дааналыгын камсыз кылуу зарыл;

5) Тыянакты окуучу өзү чыгаруусуна жетишүү. Бул усул акыркы учурда өтө кеңири материалдык жана техникалык базага ээ болуп бара жатат. Окутуунун техникалык каражаттары демонстрациялоонун формаларын байытууга ээ болушууда. Магнитофон, радио, диафильмдер, кинофильмдер, телевидение, видеотека, ЭЭМ, компьютер ж.б.

е). Көнүгүүлөр иштетүү методу.

Бул усул окуучулардын алган билимдерин пайдалана билүүгө үйрөтүү же аларды бекемдөө процессинде балдардагы ык, машыгууларды калыптандыруу үчүн колдонулат.

Көнүгүүнүн физиологиялык негизи - баш мээде пайда болгон нерв чынжырындагы байланыштарды бекемдөө жана аларды мурда пайда болгон системага бириктирүү.

Көнүгүүдө кайталанган кыймыл-аракет төмөндөгүдөй талапка жооп берүүгө тийиш:

Көнүгүүнүн жемиштүүлүгү аткарылуучу кыймыл-аракеттин теориялык негизин жана эрежелерин окуучунун так билүүсүнө, аны аң-сезимдүү өздөштүрүүгө жана өркүндөтүүгө аракеттенүүсүнө, өз ишин өзү тыкан көзөмөлдөп, жөнөкөй операциялардан акырындык менен татаалдарына өтүүсүнө, кайталоону өз мезгилинде системалуу уюштуруусуна жараша болот.

Көнүгүүлөрдүн мүнөзү, албетте, окуу предметтеринин өзгөчөлүгүнө да жараша болот. Ошондуктан мугалим окуучулар өздөштүрүүгө тийиш болгон көнүгүүлөрдүн психологиялык механизмдеринин (сенсорика, моторика, интеллект) байланыш мамилелеринин өзгөчөлүктөрүн да эстен чыгарбоосу керек. Окутууда оозеки, коллективдүү, индивидуалдуу көнүгүүлөр көп иштелет. Көнүгүүлөрдү аткарууну үч шарттуу баскычка бөлсөк болот.

Өздөштүргөн билим, ык, машыгууларды жаңы кырдаалда пайдаланууга багытталтан көнүгүүлөр окуучулардын акыл ишиндеги өз алдынчалыктын жогорку баскычын талап кылат.

ж). Лабораториялык иштер методу бүт эле предметтерди окутууда, айрыкча физика, химия, биология сабактарында көп жүргүзүлөт, анда окулуп жаткан материалды демонстрациялоо, көргөзмөлүүлүк окуучулардын практикалык иши менен теориялык түшүнүгүн айкалыштырат.

Лабораториялык усулда мугалимдин жетекчилиги менен окуучулар өз алдынча түрдүү тажрыйбаларды коюу процессинде конкреттүү билим, ык, машыгууларга ээ болот. Бул усул окутуунун байкоо, демонстрация, көнүгүү, баяндоо усулдары менен өтө тыгыз байланышта. Лабораториялык иштерди аткаруу процессинде окуучулар политехникалык мүнөздөгү билим, ык, машыгууларды өздөштүрүп, илимий эксперимент усулунун жөнөкөй ыктарына ээ болот.

Фронталдык лабораториялык иштерди аткарууда класстагы бүт окуучулар мугалимдин жетекчилиги астында анын тапшырмасын бирдей жабдуулар менен, бирдей кыймыл-аракетти жасоо аркылуу аткарышат.

Ал эми жекече лабораториялык иште окуучулардын ар бири, бир иштин түрдүү бөлүктөрүн же түрдүү иштерди өз алдынча аткарышат. Окуу жабдуулары жетиштүү болбогон учурда лабораториялык ишти (же анын бир бөлүгүн) класстагы окуучулардын айрым топтору аткаруусу мүмкүн. Мындай учурлар жалгыз окуучу аткаруусу үчүн татаалыраак тапшырма берилген кезде да ыңгайлуу.

Лабораториялык иштерди аткарууга негизинен демонстрациялык усулдардагыдай эле дидактикалык талаптар коюлат.

3.Практикалык иштер жана практикумдар методдору өзүнүн мазмуну боюнча лабораториялык иштерге өтө жакын. Булардын айырмасы кайталоочу, жалпылоочу мүнөздө болуп, толук бир курсту же анын бир бөлүмүн окуп бүткөндөн кийин өткөрүлөт. Өтө татаалдыгы менен айырмаланып, окуучулардагы өз алдынчалыкты талап кылат, практикалык иштер жана практикумдар мектеп шартында гана эмес, андан тышкары өндүрүштүн түрдүү тармактарында да өтүлө берет. Практикалык иштерди, өзгөчө практикумдарды өткөрүүдө түрдүү иштердин усулун колдонуп, окуучулар мугалим түзгөн график боюнча ар кыл иштерди аткарышат. Окуучулардын иш аткаруусуна мугалимдин жазма көрсөтмөлөрү жардам берет. Алардын ишин мугалим көзөмөлдөп, иш жараянындагы кыйынчылыктарды жоюуга көмөк көрсөтөт.

4. Эмгекке үйрөтүүнүн усулдары да ушул практикалык усулдардын тобуна кирет. Эмгекке үйрөтүүнүн теориялык маселелерин өткөндө башка предметтерди окуткандагы усулдар эле колдонулат. Ал эми эмгек сабагынын мазмунун жекече эмгек тапшырмаларын окуучу өз алдынча аткарууга арналган практикалык көнүгүүлөр түзөт. Окуучунун эмгектин кыймыл-аракети менен аң-сезиминин биримдүүлүк принцибин камсыз кылуу дайыма мугалимдин оюнун борборунда болуусу ылазим.

Эмгекке окутууда мугалимдин, мастердин түшүндүрмөсү, аңгемеси айрым иштерди аткаруунун практикалык ыкмаларын, көргөзмө куралдарды, аспаптарды, даяр деталдарды көрсөтүү өңдүү ыкмаларды камтыган таржымалдоо кеңири колдонулат. Киришүү учурундагы жана жыйынтыктоочу ар түрдүү түшүндүрмөлөр да кеңири колдонулат.

5. Программалаштырылган окутуунун методдору

Программалаштырылган окутуу идеясы кибернетиканын (башкаруу жөнүндөгү илим) өнүгүшү менен пайда болду. Мугалим менен окуучу бул башкаруу системасынын звенолору. Ал системада башкаруучу орган (мугалим), башкарылуучу обьект (окуучунун психикалык ишмердүүлүгү) алардын арасында информациялар алмашып тура турган тике жана кайрадан байланыш каналдары бар. Мугалим тике байланыш каналы боюнча жаңы материалды баяндайт, түшүндүрөт. Окуучу аны түшүнүп, эске сактоого аракеттенет. Мугалим ошол эле тике байланыш каналы боюнча окуучуларга суроо же тапшырма берет. Ал берилген жаңы порцияны (материалды) окуучулар өздөштүрдүбү, жокпу, ошону аныктагысы келет. Кайра байланыш каналы боюнча алынган маалыматка карап, мугалим окуучуларды сабактын материалын кандай кабыл алып, кандай түшүнгөнүн билип алып, андан ары аларды кантип окутарын чечет. Окуучунун ой жүгүртүүсүнүн жана иш-аракетинин ар бир кадамын байкап отурган мугалим аны туура түшүнбөй калган себебин дароо эле аныктайт, окуучунун ой жүгүртүүсүндөгү жаңылыштыгын ошол учурда эле туура жакка багыттайт.

Ошентип, кибернетиканын пикири боюнча (бир мугалим - бир окуучу) системасы төмөндөгүдөй артыкчылыкка ээ:

1) Тике байланыш «персоналдуу» - информация кабыл алуучу бир эле окуучу.

2) Кайрадан байланыш каналы тынымсыз иштеп, башкаруу органына башкарылуучу обьектинин абалы жөнүндө керектүү өлчөмдө, керектүү ассортиментте кабар берип турат.

3) Башкаруу органы түрдүү шартка карап тике жана кайрадан байланыш каналдарын иштетип же үзүп коюуга толук мүмкүнчүлүк бар.

4) Мугалим бир окуучуну дайыма активдүү ишмердүүлүк абалында кармай алат.

Ал эми «бир мугалим - отуз окуучу» системасында жогорудагы мүмкүнчүлүктөр жок. Ал эми «бир мугалим бир окуучу» деген идеалдуу системада мугалим:

1) окуучуга жаңы материалдын үлүшүн берет.

2) анын артынан дароо эле тапшырма берет.

3) тапшырманын аткарылышын талдайт.

4) эгерде туура болсо окуу материалынын кийинки үлүшүн берет. Эгерде туура эмес болсо окуучунун катасын көрсөтөт, кайра түшүндүрөт, кайра тапшырма берет... информациянын бул үлүшүн окуучу толук өздөштүргөнүнө көзү жетсе гана мугалим окуучуга кийинки үлүштү сунуш кылат, окутуу жараяны ошентип алдыга жылат. Демек, окутуучу түзүлүш да ( окутуучу машина да) дал ушул эле иштерди жасоого тийиш.

6. Проблемалуу айтып берүү методу. Мында мугалим окуучулардын алдына проблема коюп, анын чечилиш жолун окуучулардын кабыл алуусуна ылайыктуу деңгээлдеги карама-каршылыктардын кагылышуу процессинде көрсөтөт. Мугалим чындыктын кайдан келип чыккан жолунун нугу менен окуучулардын ой жүгүртүүсүн ээрчитип отурат. Ал окуучуларга илимий таанып билүүнүн, проблеманын илимий чечилишинин үлгүсүн байкатат, ал эми окуучулар болсо ойдун кыймылынын ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөп, ал ойдун логикасын ээрчийт, бүтүндөй проблеманын чечилүү этаптарын да өздөштүрөт. Бул усулдун даяр информацияны баяндап берүүдөн артыкчылыгы -окуучулардын ойлоосунун өсүүсүнө аздыр-көптүр өбөлгө түзөт, алардын ой чабыттарын күүлөйт.

7. Аз-аздап изденуү же эвристикалык метод.

Окуучулардын өз алдынча проблеманы чечүүгө даярдоо үчүн аларды акырындык менен проблеманы чечүүнүн айрым кадамдарын жасатып, аны изилдөөнүн айрым этаптарын үйрөтүп отуруу керек. Бирде окуучуларды программаны кабыл ала билүүгө үйрөтүү үчүн сүрөткө, документке, же айтылган ойго суроо коюуну сунуш кылса, бирде өзү тапкан жоопту окуучу далилдеп берүүсүн талап кылат, кээде берилген фактылардан тыянак чыгарууну, кээде божомолдоп айтууну талап кылса, айрым учурда ал божомолду текшерип аныктоонун планын сунуш кылуусун өтүнөт

8. Изилдөө методу.

Чыгармачылык ишмердүүлүктүн тажрыйбасына окуучуларды ээ кылуу үчүн мектеп практикасында эбактан бери эле колдонуп келе жаткан окутуунун изилдөө усулу болуп эсептелет. Бул усулдун мааниси өтө чоң. Ал биринчиден, окуучуга өздөштүргөн билимин чыгармачылык менен турмушта пайдалана билүүнү үйрөтөт, экинчиден изденүү процессинде окуучу илимий жаңылык ачуу усулуна ээ болот, үчнүнчүдөн, окуучудагы ар кандай эле жумушка болгон чыгармачылык мамилесин түптөйт, ар кандай окуя же кубулушка жасаган мамилесиндеги чыгармачылыкка болгон талап чындыкты жана кызыгууну окуучуда калыптандырат.

9. Билимди өздөштурүүнү көзөмөлдөө, баалоо усулдары.

Азыркы мектептин эң курч маселеси - окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн жана өз алдынчалыгын камсыз кылуу. Бул маселени ийгиликтүү чечүү - окутууну балдарды акыл жагынан жетилдирүүчү мүнөздө уюштурууну талап кылат. Ал эми биздин элдин, бөтөнчө, масса мугалимдердин канына сиңип калган түшүнүктөгү окутуу процессин уюштурууну жаңычыл педагог Ш.А. Амонашвили императивдик (буйрукчулдук) окутуу деп айтат (4,4-30). Ар кандай эле сабакта мугалим материалды түшүндүрөт, айтып берет, көрсөтөт, далилдейт, окуучуларга окуу маселесин чечүүнү буйруйт, аларды машыктырат, сурайт, алардан талап кылат, алардын аткарган ишин текшерет жана баалайт. Окуучу болсо көңүл буруп угууга, дит коюп байкоого, мугалим берген информацияны ынтаа коюп жаттап эсте сактоого, талапты аткарууга, суроого жооп берүүгө тийиш. Антпей койсо мугалим окуучуну түрдүү жолдор менен кысымга алып зордойт, «2» деген баа коюп коркутат.

Окуучулардын өздөштүргөн билимин көзөмөлдөө - окутуу процессинин өзүнчө звеносу. Окуу материалын кабыл алуу, аны түшүнүү, эске сактоо, кайталоо, турмушта жана практикада пайдалануу өңдүү окутуу процессинин өз алдынча звенолору менен ал тыгыз байланышкан.

10. Билимди текшерүү жана баалоо - окутуу процессинин сапатын камсыз кылууга багытталган усул. Совет мектебинин биринчи жылдарында окутуунун мазмунун, усулдарын жана уюштуруу формаларын демократташтырып кайра курууга байланыштуу окуучулардын алган билимин текшерип баалоо түрдүү өзгөрүүлөргө дуушар болгон.Окуучулардын билимин текшерип баа коюу төмөндөгүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:

  1. Окуучунун жекече окуу ишинин натыйжасын текшерүү жана баалоо бүт класстын же топтун ишинин тыянагы менен чаташтырылбоосу ылазым.

  2. Окуучулардын жетишүүсү системалуу текшерилип жана бааланып туруусу зарыл.

3. Жетишүүнү текшерүү жана баалоонун формасы көп кырдуу болууга тийиш.

  1. Текшерүү жана баалоо окуу программаларынын бүт бөлүмдөрүнүн теоиялык жоболорун жана практикалык ык, машыгууларын, окуучулардын өздөштүрүү сапатын ар тараптан кароосу керек.

  2. Баа мугалимдин алдыртан күмөн саноосуна жана субьективдүү каталыгына жол бербеген обьективдүү кырдаалда коюлуусу ылазым.

  3. Текшерүү жана баалоодо предметтин, анын айрым бөлүктөрүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алган усулга ылайык дифференциялашкан мамиле талап кылынат.

7. Бир класстагы окуучулардын жетишүүсүн текшерип баалоочу мугалимдерге окуучуларга карата бирдей талап болуусу абзел.

Окуучулардын өздөштүргөн билимин текшерип баалоонун биздин мектептердин практикасында таркалган негизги үч түрү бар. Алар: учурдагы текшерип баалоо, мезгил-мезгили менен текшерип баалоо, жыйынтыктоочу текшерип баалоо.

Биз жогоруда көрсөткөндөй окуучулардын билим, ык, машыгууларын текшерүү деле окутуунун усулдарынын бири. Бул метод «түлгөн материалды толук өздөштүргөндүгү жөнүндө ар бир окуучунун дарек берүүсүнө негизделген. Текшерүүнүн оозеки, жазма жана практикалык усулдары бар, алардын ар бири өз учурунда колдонулат. Негизги максат окуучулардын кабыл алган информацияны өздөштүрүп алгандыгы жөнүндө кабардар болуу.

Оозеки текшерүү.Мугалимдер бул усулду окуучулардын оозеки речин, эсте сактоосун жана ой жүгүртүүсүн өстүрүүнүн эң маанилүү каражаты катарында пайдаланышат. Андан тышкары бул метод мугалимдин класс менен карым-катнашын өрчүтүүнүн да оңтойлуу формасы катары пайдаланылат.

Жазма текшерүү. Бул усулдун мүдөөсү - окуучунун предмет боюнча өздөштүргөн билим, ык, машыгуусунун деңгээлин текшерүү. Ошону менен бирге жазма текшерүү усулу окуучунун билим, ык, машыгуусунун тууралыгын, тактыгын, бала үчүн түшүнүктүүлүгүн, алган билимин практикада пайдалана билүү ийгилигин, өздөштүрүү сапатын баалоого мүмкүндүк берет. Көзөмөл ишин аткаруу, жат жазуу, баяндап жазуу, сочинение жазуу, мисал, маселелерди иштөө, сүрөт тартуу, схема, чийме чийүү процессинде кыска мөөнөттүн ичинде бүт класстын окуучуларынын өздөштүрүүсүн текшерип баалоого мүмкүндүк берет.

Практикалык текшерүү.Практикалык текшерүү — көпчүлүк учурда тажрыйба өткөрүүнү, ченөөнү же эмгек операцияларын аткарууну талап кылуучу усул. Мында окуучунун бул же тигил ишти аткара алуусу текшерилбестен, анын теориясы жана практикасы менен байланыштыра билүүсү көзөмөлдөнөт. Окуучулардын өздөштүрүүсүн текшерүүнүн натыйжасында төмөндөгүдөй баалар коюлат:

Чейректик же окуу жылынын аягындагы жыйынтыктоочу баа мурун алган бааларынын орто арифметикалык жыйынтыгы болушу керек эмес деген талапка карабастан эле мугалимдердин басымдуу көпчүлүгү жылдык жана чейректик бааны орто арифметикалык баа катары коюшат. Жыйынтык баа окуучунун аттестациялоо мезгилиндеги жетилүү жана билимди өздөштүрүү деңгээлине туура келүүгө тийиш.

Баа окуучунун билим деңгээлине ылайык келип, окуучу жана класс үчүн түшүнүктүү болууга үйрөтөт. Чыгармачылык менен иштеген жаңычыл бир катар мугалимдер (В.А. Сухомлинский, Ш.А.Амонашвили ж.б.) баа окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүктөрүнүн оожалышына өбөлгө түзбөйт, анткени окутуу процессинде бара-бара жогорку баа окуучунун окууга умтулуусунун негизги мотивине айланып калат деген тыянакка келишкен

Мугалимдин окуучуга койгон баасы анын билиминин гана көрсөткүчү эмес, мугалимдин Өтүлгөн материалды анча так өздөштүрө албай калган, ошондой эле ошол материалды жакшы өздөштүрүп алган төмөнкү класстын окуучулары үчүн ошол өтүлгөн материалды кайта кайталоо, окуучуларды улам жаңы баскычка көтөрүү болуп эсептелет. Анткени, жаш бала мурдагыларга караганда окуу ишинин ийгиликтүү жүрүп жатканына жетине албай сүйүнөт. Кайталап өткөн материалды жакшы өздөштүрүп алган сайын ал өзүн бактылуу сезет. Бул кубаныч баланын өз зоболосуна болгон сыймыктануу сезимин пайда кылат. Мындай сезимди башынан көп кечирген окуучу башка бирөөнүн эмгегин пайдаланууну жек көрөт. Турмушта жеңил жол издебейт. Акылынын жана эркинин күчү менен өз максатына жеткен бала шпаргалка, бирөөдөн көчүрүп жазуу, сабакта жооп бергенде бирөөнүн шыбырап айтып бергенин кайталоону өзүн кемсинткендик катары жек көрөт. Ошондуктан окутуу процессиндекги кайталоонун өз ордунда өтүлүүсүнүн мааниси өтө чоң.

В.А. Сухомлинскийдин баа жөнүндөгү ой толгоолору жаңычыл окумуштуу педагог Ш.А. Амонашвилини көп жылдарга созулган эксперимент жүргүзүүгө шыктандырды. Түйшүктүү 20 жылдык эксперименттин натыйжасында башталгыч класста окуучуларга баа койбостон окутуунун жемиштүү экендигин Ш.А. Амонашвили далилдеди (4, 8, 32). Анын тажрыйбасына таянып башталгыч класстын окуучуларына баа койбой окуткан класстардын саны Грузия жана башка республикаларда жылдан-жылга артып бара жатат. Окуучунун күндөлүгүнө жана журналга баа коюлбайт, бирок, ар бир окуучунун сабактын материалын өздөштүрүү боюнча жасаган окуу иштери мугалим менен бирдикте класстын окуучуларынын талкуусунда бааланат.

Жаңычыл педагогдор Н.Коменскийдин, К.Ушинскийдин, Л.Толстойдун, Н.Крупскаянын, Я.Корчактын, А.Макаренконун, В.Сухомлинскийдин гуманисттик, демократиялык идеяларын чыгармачылык менен ишке ашыруу жолдорун изденишип, ондогон жылдар түйшүктүү эксперименттерди өткөрүшүп, класстагы бардык окуучуларды жөндөмдүү, жөндөмсүз деп бөлбөстөн, алардын ар бириндеги ар түрдүү шык, жөндөмдү өстүрүү аркылуу бүт окуучуларды ийгиликтүү окутууну үйрөнүштү.

Экспериментчил мугалимдер окутуу процессинде бала канчалык начар окуса да ага эч качан кабак чытпайт, үнүн көтөрүп опузалашпайт, жаман баа коюшпайт, ата-энесин мектепте чакырышпайт. Алардын ою боюнча окутуудагы ийгиликти камсыз кылуу үчүн окуучуну окууга аң-сезимдүү умтулдуруучу күч - сабакта класстын алдына коюлган окуу маселесин чечүү максатында мугалим менен окуучулардын жапырт биргелешип иштөөсү, кызматташтыктын педагогикасы (педагогика сотрудничества

Кызматташтык педагогика мектеп балдарын окуудагы ийгиликке шыктандырат, бүт балдарды окууга умтулдурат. Педагогикалык процессти демократиялаштыруу жана гумандаштырууда кызматташтыктын педагогикасынан башка жол жок.

Пайдаланылган адабияттар

1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарики 2002

3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е, Н, Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006

4.Ситаров В. А. Дидактика. Академия М., 2002

5.Выбор методов обучение. Под ред Ю.К. Бабанского. М., 1981

  1. Лордкипанидзе.-Дидактика. Тибилиси 1985