СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы

Нажмите, чтобы узнать подробности

2020-жыл Кыргыз Республикасында

Просмотр содержимого документа
«2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы»

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы


Сабактын темасы:   Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Сабактын аягында окуучулар:

Окуучулар Ата-Мекенди сүйүүгө, аны көз карегиндей сактоого, аз да болсо туулуп өскөн жеринин өнүгүшү үчүн тарбияланат

Өзүнүн билимдик жана санариптик траекториясын алдын ала болжолдоп аныктоо  үчүн зарыл болгон көндүмдөр тууралуу билимдерин колдоно алат;

Сабактын тиби: жаңы материалды өздөштүрүү сабагы

Сабактын методу: акыл чабуулу, топтордо иштөө, түшүнүктөр менен иштөө

Колдонулуучу каражаттар: компьютер, проектор, экран (интерактивдик такта), флипчарт, таркатма материал, маркерлер.

                                                                                                          Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

 

Окуучулардын ишмердүүлүгү

Убакыт

Уюштуруу учуру

 

 

 

 

 

 

Мугалим:

Саламатсыңарбы, балдар!

Балдар, биз бүгүнкү сабакты Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайбыз.

Окуучулар да мугалимди жылуу жакшы маанайда күтүп алышат.

 

Окуучулар Мамлекеттик гимнди ырдашат

 

 

5 мүнөт

Мугалимдин сөзү;

Бүгүн биз силер менен санариптештирүүгө байланыштуу процесстер дүйнө жүзүндө жана биздин өлкөбүздө кандай өтүп жаткандыгы, алардын биздин келечегибизге тийгизүүчү  таасири тууралуу ой жүгүртөбүз.

Өзүңөр билгендей, 2019 – жыл  “Өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылы деп жарыяланган.

Бүгүнкү сабакта биз 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланды. Буга чейинки эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги пайдубалдар түптөлдү. 

Санариптештирүүнүн алкагында сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жасалды. Белгиленген багыттар быйылкы жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда. Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталды.

 

2 мүнөт

Акыл чабуулу

Мугалим талкуулоо жүргүзбөйт. Бул маалымат ар бир бала үчүн “жол картасын”

иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларга негиз болот.

 

 

 Кыргызстанды 1-5 – жылдан  кийин кандай көрөм? (“келечектеги образ”)

3 мүнөттүн ичинде окуучулар баракка өзүлөрү каалагандай өлкөнү элестетүүлөрү, санариптештирүүгө жетүүнү, каалагандыктары тууралуу жазышат.

 

5 мүнөт

Жаңы маалыматка киришүү.

Жазган ишиңерге рахмат. Биз буга дагы кайрылабыз.

Бул жылы региондорду өнүктүрүү иш аракети жаңы жумуш орундарын түзүүгө айыл жерлеринде ишкерликти өнүктурүүгө, таза суу боюнча иштерди жүргүзүүгө, билим берүүдө электрондук китептерди колдонуу жана кагаз иштерин справка алуу ж.б налогдорду, светтин акчаларын ж.б иштерибизди үйдөн чыкпастан туруп, убакытты үнөмдөөгө боло тургандай шарттарды түзүп келе жатат. Ошондуктан баарыбыз санариптүү болууга аракеттенишибиз керек.

Билим берүүдө, медицинада, бизнес, туризмди өнүктүрүүдө, сот жана укук коргоо органдарынын иштерин жана айыл өкмөттөрүндөгү жана соцфонд, соцжардам кызматтарынын ишине санариптик инфра түзүм артыкчылыктуу тартипте киргизилет.

Биздин айылда да былтыркы жылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата көптөгөн иштер аткарылды.

Мисалы: Жолдорубуз асфальталып, көчөлөрүбүз жарыктандырылды, жаңы заманбап мектеп ишке киргизилди. Мектебибизде да көптөгөн иштер болду спорттук аянтча (газон), видеокөзөмөл, акылдуу доскалар ишке кирип, мугалимдерибиз балдардын билим алуусу үчүн өздүк ноутбуктарды алышып, заманбап мугалим окуу курстарында билим алып медиа сабатту мугалимдер сабак берип, мектебибизде ай сайын китеп окуу сынактары болуп жатканы мени аябай таасирлентип жатат. Айылыбыз өнүксө, өлкө өнүгөт деген сөзгө толук кошулам.

Ар бир топ маалымат баракчасын алышат.

Иштин жыйынтыгында, силер, өзүңөрдүн көз карашыңар боюнча Кыргызстандын (өзүңөр жашап жаткан аймактын) өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон кандай салымыңарды кошо аласыңар түшүндүргүлө.

Окуучулар мугалимдин маалыматын угушат

5 мүнөт

Топтордо талкуулоо.

 

 

Окуучулар топтордо талкуулап

1-2 мүнөттүк    презентация даярдашат.

 

7 мүнөт

 

 

Иштердин презентациялары

Ар бир топ

– 2 мүнөт.

Максимум

- 14 мүнөт.


Жаңы түшүнүктөр менен иштөө

Өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыйт. Анын ичинде үй-бүлө институтуна, балдарды социалдык жактан коргоонун деңгээлине таасир эткен ички миграцияны кыскартуу максаты да коюлууда.

Бул тенденцияны эске алуу менен быйылкы жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталды.



 

7 мүнөт.

Үйгө тапшырма

Балдар, биздин бүгүнкү аткарган иштерибиз силердин жашооңордогу ийгиликтериңердин алгачкы кадамы болуусу керек.

“Санариптүү аймак ” деген темада дил баян жазып келсеңер.



4 мүнөт.