МЭЭ ЧАРЧАГАНДА Эске тутуу жөндөмдүлүүгүнүн начарлоосуна ар кандай кырдаалдар себеп болот. Уйкусуздуктан баштап, тамеки чегүү, аракечтик жана турмуштук башка кырдаалдар мээнин “иштебей калуусуна” алып келет. Мындай учурда адамга сөзсүз түрдө профессионалдуу жардам талап кылынат. Мээни иштетүү үчүн дайыма машыгууларды өткөрүп, аны туура “азыктандыруу” керек экендигин ар кимибиз эле биле бербейбиз. Эң жөнөкөй жана тез таасир берүүчү машыгуу-ыр жаттоо болуп саналат. Ыр жаттоо балдардын гана иши эмес. Чоң адамдар дагы дайыма ыр жаттап жүрсө мээнин тез чарчашына жол бербейт. Мүмкүн болсо башка көп информацияларды, айрыкча капа кылып, көңүл чөгөрө турган нерселерди сактап, ойлонуп, капа болуп жүрүүдөн алыс болуу керек. Маанай чөгүп, капа болуудан мээде картизол аттуу гармон иштелип чыгат, ал эске тутууну бат эле начарлатып жиберет |