Бекитемин: __________________
Күнү: 19.02.18
Сабактын темасы: Принтер менен иштөө.
Максаты | Көрсөткүчтөр |
Принтерде иштөөнүн жолдорун үйрөнүшөт | Принтерде иштөөнүн жолдорун билишсе |
Ой жүгүртүү ,эске тутуу логикаларын өркүндөтүшөт | Ой жүгүртүү ,эске тутуу логикаларын өркүндөтүшсө |
Бири – бирин сыйлоого, компьютердик кабинеттиндеги коопсуздук эрежелерди сактоого тарбияланышат | Класс ичинде тынч олтуруп коопсуздук эрежелерди сакташса |
Предмет аралык байланыш: математика, чийүү, сүрөт
Сабактын жабдылышы : Стенддер, компьютердин түзүлүштөрү, проектор
Сабактын жүрүшү : I Уюштуруу: окуучуларды 3 топко бөлүп, колдоруна Noutbook менен камсыз кылынат. Балдар сабакка активдүү катышып мыкты топ болушуӊарга тилектешмин.
“Көптү билүү үчүн, көп окуш керек” (Монтескье) деген сөзүнөн улам бүгүнкү сабагыбыз баштайлы. Сабагыбыз мелдеш сабагы болот. Бүгүнкү сабакты «Баалоо критерийлери» менен баштасак
Баалоо критерийлери менен тааныштыруу:
Активдүү катышуучу
Топ менен иштеген
Тез жооп берүүчү
Тынч олтурган
Критерийди аткарган окуучуларга «мыкты» баа
Жаӊы тема:
Компьютердеги маалыматтарды кагаз бетине чыгаруу – принтер деп аталат. Принтерлер үчкө бөлүнөт:
Лазердик жөнөкөй маалыматты чыгаруучу – принтер, кургак порошок түрүндөгү
С
труйный – принтер жылтырак баракка түстүү сүрөттөр, түстүү маалыматтарды чыгаруу да суюк түс куюла туруучу
К
омбайн принтер – бир нече кызматты аткара турган, печаттоо, копия (көчүүрүү), сканерлөө болуп көп кызматты аткарат.
Даяр болгон текстти печаттап чыгаруу үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу керек :
ФАЙЛ / ПЕЧАТЬ командасын аткаруу;
Ачылган терезеден принтерди тандоо;
Барактын номерлерин берүү;
Чыгарыла турган копиялардын санын берүү;
Принтерге кагаз салып даярдоо;
ОК кнопкасын басуу;
Көп копиядагы кагаздарды чыгаруу үчүн принтерге ошол сандагы кагаз салыш керек.Эгер печаттоо эки бетке тең чыгарыла турган болсо анда биринчи бир беттеги материалды басып чыгарып, андан кийин экинчи бетиндегини чыгаруу керек. Же болбосо биринчи бетин чыгарып, андан кайра экинчи бетин чыгаруу керек . Бул эки учурда тең чыгарылып жаткан беттин номери :
Ошондой эле бир эле бетке бир нече бетти батырып печаттоого болот. Бул ишти аткаруу учурунда МАСШТАБ деген сөздүн астындагы ЧИСЛО СТРАНИЦ НА ЛИСТЕ деген сөздүн тушуна 2 деген сан жазсак анда, бир бетке 2 баракты батырат, ал эми 4 санын жазсак бир бетке 4 барактагы маалыматты батырат.
Жогорудагы эрежелерди пайдаланып даяр маалыматтарды принтердин жардамы менен печаттап чыгаруунун жолун үйрөнүш керек
Эмесекелгиле бизде азыр 3 түрлүү принтер турат иштетип көрөлү, ал үчүн өткөн темабызда Paint программасында иштеп сүрөт тарканбыз, тапшырмабызды бүтүрүп принтерлерди иштетип чыгаралы.
1 – топтуку – Келекчектеги мектеп –«hp» үлгүсүндөгү комбайн принтерди иштетип, кандай принтер экенин жактап беришет
2 – топтуку – Биздин айыл – «hp3111» үлгүсүндөгү лазердик приндерди иштетип, кандай принтер экенин жактап беришет
3 – топтуку – Жайлоо – «Epson P50» үлгүсүндөгү струйный приндерди иштетип, кандай принтер экенин жактап беришет
О
куучулар тапшырмаларын толуктаганча топтогу 1 – 2 ден окуучуга информатика сабагына байланышкан табышмактар берилет жана топторго каталыктарды табуу деген сүрөттөр берилип, топ мүчөсүнөн бир окуучу таап айтып берет.
Монитордук жанында негизги блок:
Ал жерде жүгүрөт электро ток
Эӊ негизги микросхема жайгашкан
Мунун аты аталат . . . …
Эч жоопсуз калтырбайт
Чагылдырып көрсөтөт
Этият кыл көзүӊдү
Бул негизги …
Манжаларга гимнастика,
Бул деген физкультура.
Колубузду ойнотчу,
Бул деген ……….
Жанында бар баскычы
Ар нерсенин тапкычы
. . . деп аталат
Клавиатурага жардамчы
Сөздөрдү да сүрөттөрдү,
Тез арада печаттайт.
Эӊ керектүү инструмент,
Мунун атын . . . дейт.
Бышыктоо
Төмөнкү тапшырмалардын негзинде принтер менен иштөө сабагын бышыктап практикада көрсөтүп беришет.
Үйгө тапшырма
Окуп келүү
«Анаграммалар»
Ретьюпомк Чесвентир
Вредайр Красен
Демом Локитайб
Лайф Схеромикма
Ротином Аниш
Атексид Ашивлак
Нирперт Уншаикни
«Анаграммалар»
Ретьюпомк Чесвентир
Вредайр Красен
Демом Локитайб
Лайф Схеромикма
Ротином Аниш
Атексид Ашивлак
Нирперт Уншаикни
«Анаграммалар»
Ретьюпомк Чесвентир
Вредайр Красен
Демом Локитайб
Лайф Схеромикма
Ротином Аниш
Атексид Ашивлак
Нирперт Уншаикни