2. Үй ишин текшерүү. Кѳнүгүү иштѳѳ менен. 3. Жаңы теманы өтүү. 1-кадам. Үч бурчтуктардын окшоштугунун үч белгиси бар. Алар тѳмѳндѳгүдѳй теоремалар аркылуу баяндалат. 1-теорема. Эгерде бир үч бурчтуктун эки бурчу экинчи үч бурчтуктун тиешелүү эки бурчуна барабар болсо, анда ал үч бурчтуктар окшош болушат. 2-теорема. Эгерде бир үч бурчтуктун эки жагы экинчи үч бурчтуктун эки жагына пропорциялаш болуп, ал жактардын арасындагы бурчтар барабар болушса, анда ал үч бурчтуктар окшош болушат. 3-теорема. Эгерде бир үч бурчтуктун үч жагы экинчи үч бурчтуктун үч жагына пропорциялаш болушса, анда ал үч бурчтуктар окшош болушат. Эгерде тик бурчтуу үч бурчтуктар бирден барабар тар бурчка ээ болсо жана биринин катеттери экинчисинин катеттерине пропорциялаш болсо, анда алар окшош болушат. Эки тик бурчтуу үч бурчтуктун бирден тар бурчтары барабар болсо, анда алардын экинчи тар бурчтары да барабар болот. 4. Бышыктоо. 2-кадам №1, №2, №3 5. Баа коюу: Окуучулардын билимин баалоо 6. Жыйынтыктоо 7. Үй тапшырма. №4, №5 | Маалымат алуу жогорулайт. Түшүндүрүү процесси жүрѳт. Алган маалыматтан окуучуда кызыгуу пайда болот. Жупта жана жекече иштѳѳ процесстери жүрѳт. Түшүндүрүү процесси жүрѳт. |