СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабакка пайдалануу

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бардык   сабактарга  пайдаланабыз

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабакка пайдалануу»

Тема: Токтогул Сатылганов

Тема: Токтогул Сатылганов

Токтогул Сатылганов  Кыргыз элинин акыны Өлбөй тирүү калбайсың Жан аманат, ойлоп бак. Ыркырашып тирүүңдө Ырыс алды-ынтымак

Токтогул Сатылганов Кыргыз элинин акыны

Өлбөй тирүү калбайсың

Жан аманат, ойлоп бак.

Ыркырашып тирүүңдө

Ырыс алды-ынтымак

Өмүр баяны

  • Кыргыз элинин демократ акыны, ойчул, комузчу, обон-күү чыгарган чебер  Токтогул Сатылган уулу  -  Токтогул Сатылганов , 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык -Жийде айылында (азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылы) туулган.
  • Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган.
  • 1917-жылкы Октябрь Төңкөрүшүнө чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», («Жүргөнүм Кабак жер болду») деп, ал эл тарабында туруп, эмгекчилердин таламын талaшкан, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген.
  • 1898-ж. Анжиян көтөрүлүшүнө катышты деп жалган жерден айыпталып, падышалык сот тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгарылып, бул жаза Сибирге 7 жылдык сүргүн менен алмаштырылган. 1905-ж. сүргүндөн кайтып келген.
  • Сүргүндөн качып келгенден кийин «Жерди көргөндө», «Кетментөбөнү көргөндө», «Энсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт. Өзгөрүлмө дүйнө, өмүр, өлүм, турмуш жөнүндө ой жүгүртүүлөрү: «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга» ж. б. ырларында чагылдырылган. Токтогул - айтыш өнөрүнүн чебер өкүлү. Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес.
Токтогул жана Октябрь төңкөрүшү Социалисттик идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет.  Мисалы, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр болбоптур. Деги эле тарыхта андай ырчы жашабаптыр. Анын Эшмамбет, Калык, Коргол, Алымкулдар менен саламдашуу, таанышуу, алжай сурашуу, ырчылык өнөр тууралуу баарлашуу иретинде айтыштары; Барпы м-н сынак айтышы, кажышчаак орой ырчы Найманбай менен кармашы тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берет.   Токтогулдун Совет доорундагы ырлары жөнүндө («Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» ж. б.) кийинки кездерде талаш пикирлер жаралып келатканы маалым.  Бул - тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы.

Токтогул жана Октябрь төңкөрүшү

  • Социалисттик идеологиянын түрдүүчө саясий компанияларына, өзгөчө тап күрөшүнүн талабына жараша акынды революциялык күрөшкө жакындатыш үчүн, башка ырларына оңдоолор киргизишкендей эле, айтыштарын да жасалмалаган жерлери кездешет. Мисалы, ал реалдуу турмушта «Беш каман» деген ыр жаратпаган сыяктуу эле, «Арзымат менен айтышы» да таптакыр болбоптур. Деги эле тарыхта андай ырчы жашабаптыр. Анын Эшмамбет, Калык, Коргол, Алымкулдар менен саламдашуу, таанышуу, алжай сурашуу, ырчылык өнөр тууралуу баарлашуу иретинде айтыштары; Барпы м-н сынак айтышы, кажышчаак орой ырчы Найманбай менен кармашы тажрыйбалуу, чоң чебер айтышчыл экендигинен кадимкидей кабар берет.
  • Токтогулдун Совет доорундагы ырлары жөнүндө («Кандай аял тууду экен Лениндей уулду?!», «Ленин ачты жолуңду» ж. б.) кийинки кездерде талаш пикирлер жаралып келатканы маалым. Бул - тарых чындыгынын талабы, мезгил талабы.
 Токтогул жана оозеки адабият Токтогул элдик кенже эпосторду мыкты билген чебер аткаруучу болгон. «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Кедейкан»

Токтогул жана оозеки адабият

Токтогул элдик кенже эпосторду мыкты билген чебер аткаруучу болгон. «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Кедейкан» "Олжобай мене Кишимжан".

Токтогулдун комузчулугу жана шакирттери Токтогул ондогон ырчылар менен комузчулардын устаты болгон. Ал өз мектебин түзгөн. Калык, Коргол, Алымкул андан таалим алган.  Токтогул оригиналдуу күү чыгарган үлкөн комузчу катары да өчпөс из калтырган талант.  Обон күүлөрүн комузда эркин кол ойнотуп, темпин, ыргактын жүрүшүнө карата түрдүү мимикага салып мазмунун жорго сөздер менен жамакташтырып ырдап черткен .

Токтогулдун комузчулугу жана шакирттери

Токтогул ондогон ырчылар менен комузчулардын устаты болгон. Ал өз мектебин түзгөн. Калык, Коргол, Алымкул андан таалим алган. Токтогул оригиналдуу күү чыгарган үлкөн комузчу катары да өчпөс из калтырган талант. Обон күүлөрүн комузда эркин кол ойнотуп, темпин, ыргактын жүрүшүнө карата түрдүү мимикага салып мазмунун жорго сөздер менен жамакташтырып ырдап черткен .

Белгилүү күүлөрү   «Армандуу чымчык»  «Торгой менен турумтай», «Эрке сары», «Чайкама», «Карөзгөй», «Тогуз кайрык»  «Ботой», «Кербез»,  «Шыңгырама» ж.б.

Белгилүү күүлөрү

«Армандуу чымчык» 

«Торгой менен турумтай»,

«Эрке сары»,

«Чайкама»,

«Карөзгөй»,

«Тогуз кайрык»

«Ботой»,

«Кербез»,

«Шыңгырама»

ж.б.

Токтогул Сатылгановдун түп нуска чыгармалары жарык көрдү Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалган акындын эки китеби жарык көрдү. Алар Сатылгановдун чыгармалар жыйнагы жана акындын варианты боюнча айтылган “Кедейкан” эпосу. Бул китептер мурда жарык көргөн басылмалардан айырмаланат. Буга чейинки басылмасында советтик идеологияга байланыштуу чыгармалардагы бир топ саптар оңдолуп, түзөлүп басылып келген. Ал гана эмес “Кедейкан” эпосу да өзгөрүүгө учураган. Түзүүчүлөр Абдылдажан Акматалиев, Омор Сооронов ошол оңдоп-түзөтүүлөрдү академиянын кол жазмалар фондундагы материалдар, маалыматтар менен салыштырып, баштапкы вариантын сунушташкан. Китептер өкмөтүн каражатына, “Турар” басмаканасынан басылып чыкты. Жакында алар Түрк академиясы тарабынан казак тилине которулуп, жарык көрмөкчү.

Токтогул Сатылгановдун түп нуска чыгармалары жарык көрдү

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Улуттук илимдер академиясы тарабынан даярдалган акындын эки китеби жарык көрдү. Алар Сатылгановдун чыгармалар жыйнагы жана акындын варианты боюнча айтылган “Кедейкан” эпосу.

Бул китептер мурда жарык көргөн басылмалардан айырмаланат. Буга чейинки басылмасында советтик идеологияга байланыштуу чыгармалардагы бир топ саптар оңдолуп, түзөлүп басылып келген. Ал гана эмес “Кедейкан” эпосу да өзгөрүүгө учураган. Түзүүчүлөр Абдылдажан Акматалиев, Омор Сооронов ошол оңдоп-түзөтүүлөрдү академиянын кол жазмалар фондундагы материалдар, маалыматтар менен салыштырып, баштапкы вариантын сунушташкан.

Китептер өкмөтүн каражатына, “Турар” басмаканасынан басылып чыкты. Жакында алар Түрк академиясы тарабынан казак тилине которулуп, жарык көрмөкчү.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын имараты Т. Сатылганов атындагы мектеп лицей интернаты Т. Сатылгановдун атындагы музейи

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын имараты

Т. Сатылганов атындагы мектеп лицей интернаты

Т. Сатылгановдун атындагы музейи

Көнүл бургаңызга чоң рахмат!

Көнүл бургаңызга чоң рахмат!