Просмотр содержимого документа
«Тик бурчтуктун периметри жана анын аянты»
Математика 5- класс 24.09.2019
Сабактын темасы: Тик бурчтуктун периметри жана анын аянтына көнүгүү.
Сабактын максаты:
а) билим берүүчүлүк: тик бурчтуктун периметри жана аянты тууралуу алган билимдери кенеет. б)өнүктүрүүчүлүк: формулаларды, эрежелерди пайдалануу менен берилген мисалдарды аткара алышат. в) тарбия берүүчүлүк: топтордо иштей алышат, бири-бирине көмөктөш болушат.
Сабактын тиби: өтүлгөн материалды бышыктоо
Ресурстар: окуу китеби, сүрөттөр, формулалар, карточкалар.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: класстын ичин сабакка даярдоо, окуучуларды топторго бөлүү, журналга теманы жазып, келбеген окуучуларды жоктоо.
Окуучуларды сабактын максаты менен тааныштыруу.
Мугалим: балдар биз математиканы илимдердин Ханышасы деп айтабыз. Бугун ошол Ханышага татыктуу хан сарай куралы. Албетте хан сарай салуу үчүн курулуш каражаттары керек. Силер билесинер хан сарай баалуу таштардан курулат жана ал сарайыбыз туура салынып, көп убакытка бузулбай турушу үчүн баалуу таштар туура формада болушу керек. Биз мурунку сабагыбызда тик бурчтук, анын периметри жана аянты тууралуу өттүк. Демек, Ханышанын сарайын куруу бизге оор эмес. Үйгө берилген тапшырма туура аткаруу менен биз хан сарайыбыздын пайдубалын тургузмакчыбыз.
Үй тапшырманы текшерүү: тапшырманы текшерүү катанын үстүнөн иштөө, ката көбүрөөк кетирилген мисалдарды ар бир топтон бирден окуучуну доскага чыгаруу жолу менен текшерүү.
Мугалим: тапшырманы туура аткарыпсынар азаматсынар! Хан сарайыбыздын пайдубалыбекем турду деп ишенимдүү айта алабыз.
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу: тик бурчтук деген эмне? Периметр деген эмнени билдирет? Тик бурчтуктун периметринин формуласы кандай? Аянты кандай формула менен аныкталат? Окуучулар суроолорго алган билимдерине таянып жооп беришет. Суроолорго жооп берүү менен тургузулуп жаткан имараттын улам бир бөлүгү коюлуп турат.
Жаны материалды түшүндүрүү: окуу китебиндеги мисалдын чыгарылыш окуучуларга көрсөтүп берүү.
Аянты 4800 м2, туурасы 60 метр болгон тик бурчтук жер тилкесин тосуу үчүн узундугу канча метр тосмо керек?
Чыгаруу: аянтты туурасына бөлүп, тик бурчтуктун узунун табабыз: 4800:60=80 метр. Мындан периметрин тапсак, жерди тосууга керек болго тосмонун узундугун тапкан болобуз. Ал төмөнкүгө барабар: Р=2·60+2·80=280 метр.
Ар бир топ окуу китебиндеги №87, 88, 89 мисалдарды аткаруу менен курулуштун жүрүшүн тездетет.
Физминутка:
Мугалим: кана балдар курулуш иштери катуу жүрүп жатат. Бир аз чарчап калдынар сыяктуу. Денелерге көнүгүүлөрдү жасап алалы да жумушубузду улайлы. Мен силерге эсептерди жана сүрөттөрдү көрсөтмөкчүмүн. Силер эсептөөлөрдү оозеки аткарып, туура деп эсептеген жообунардагы сүрөттүн элесин туурайсынар.
Окуучулар мугалим айткандай аткарышат.
Сабакты бышыктоо: мугалим ар бир топко кагадын бетине түшүрүлгөн жактары 1см барабар ар кандай формадагы фигуралардын сүрөттөрүн таратып берет. Окуучулар берилген фигуралардын периметрин жана аянтын табышы керек.
Мугалим: мына балдар бүгүнкү сабагыбыз да аягына чыкты. Мен күткөндөй эле силер тапкычтыгынар, ой жүгүртүүнөрдүн, логиканардын, эске тутуунардын күчтүүлүгү менен берилген тапшырмаларды туура, так аткарып, Ханышабызга мыкты жана бекем хан сарай тургуздунар. Сабакка мыкты даярданганынар жана активдүү катышканынар үчүн чон рахмат!
Окуучулардын билимин баалоо.