Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы
Ленин районуна караштуу
№43МЧББУ
Айлана-чөйрө менен таанышуу сабагынын конспекти
Тема: “Жаңы жылдык саякат”
3– сабак ( декабрь айы)
Жогорку топ (5-6 жаш)
Түзгөн тарбиячы:
Сыйдалиева Б.Т.
Бишкек 2020 -ж
Тема: “Жаңы жылдык саякат”.
Программалык мазмуну: Балдарды Кыргыз мамлекетинин жана башка өлкөлөрдүн Жаңы жылдык жөрөлгөлөрү менен тааныштыруу. Башка адамдарга кубаныч тартуулоо канчалык маанилүү экенин айтып берүү; таарынычтарды кечирүү, белектерди берүү, каалоо-тилектерди айтуу.
Усулдук ыкмалар:
Уюштуруу учуру, аңгемелешүү, табышмак айтуу,тыныгуу көнүгүүсү, баалоо, сабактын жыйынтыгы.
Колдонулуучу каражаттар: сюжеттүү сүрөттөр
Сабактын жүрүшү:
Саламатсыңарбы балдар! Бүгүн биз силер менен Жаңы жылды биздин өлкө жана дүйнө эли кантип майрамдаай турганы тууралуу аңгемелешебиз. Мен адегенде табышмак айтам, силер тапкыла.
1.Асман аппак, буласын чубап.
Бак-дарак башын каптады бубак.
Ой-тоонун баарын кумшекер каптап
Кырс мүнөз күткөн бул кайсы убак? (кыш)
(1-слайд)
2.Ийнеси жок, жиби жок
Тереземди саймалайт.
Тызылдатып эрте-кеч
Бети –колум аймалайт. (аяз)
(2-слайд)
3. Элексиз элеп
Даяр ун берет.
Жебейбиз аны
Турмушта керек.
Ар жылда келет. (кар)
(3-слайд)
4. Жыл мезгилин ылгабас
Кыштыр-жайдыр куурабас. (арча)
(4-слайд)
Азаматсыңар! Абдан туура таптыңар.
Азыр кээ бир өлкөлөрдө кыш мезгили. Ал эми айрым өлкөлөрдө жай мезгили экенин силер билесиңерби? Дүйнөнү кыдырсак биз көптөгөн кызыктуу жана адаттан тыш нерселерди биле алабыз. Бизге тааныш эмес өлкөлөрдү ачып, башка континенттерди кыдырып, кооз жаратылышты көрө алабыз, башка адамдар менен таанышып, жер жүзүндөгү ар кандай элдин кандайча жашаарын биле алабыз.
(5-слайд)
Дүйнө эли Жаңы жылды ар кандай майрамдашат. Глобус биздин планетабыздын модели.
(6-слайд)
Бул жерде ар кайсы мамлекетти көрүп турабыз. Эми биз жаңы жылга саякатка чыгып, Жаңы жылды айрым өлкөлөрдө кантип белгилей турганын көрөлү.
Бизде, Кыргызстанда, Жаңы жылда балдарга белектер менен ким келет? (Аяз Ата)
Аяз ата - жайкалаган ак сакалчан, ак каштуу, кызыл чапан, колунда таягы жана баштыгында белектери бар чоң ата. Ал бизге небереси Аяз кыз менен келет. Алар бизге ак карлуу тоодон келет.
(7-слайд)
Т: Жаңы жылдык кандай жөрөлгөлөрдү билесиңер?
-Жаңы жылдык балатыны кооздоп, белектерди беребиз, көңүл ачабыз.
Кытайлар Жаңы жылдын башталышын эки жолу белгилешет. Биринчи жолу 1-январь, экинчиси - ай календарына ылайык. Кытай календары боюнча, Жаңы жылдын башталышы 21-январдан 19-февралга чейин болот. Кайсы гана жерде болбосун, кытайлар Жаңы жылын ажыдаардын бийи жана салют менен тосуп алышат. Жаңы жыл аземи жарылгычтар менен ракеталардын жарылуусу менен коштолот.
(8-слайд)
Индияда Жаңы жылдан тышкары, бул датага байланыштуу башка майрамдар дагы көп болот. Бул жерде Жаңы жыл апрель жана май айларында болот. Бул күнү ачууланып, урушуп-талашууга, орой мамиле кылууга тыюу салынат. Индияда укмуштай гүл гирляндары жаңы жылдык балаты катары кызмат кылат.
(9-слайд)
Жапонияда Жаңы жыл күнү 108 жолу коңгуроолор кагылат. Бул учурда бардык балдар сүрөт тартуу менен алек болушат. Баары белек катары алгысы келген нерсени тартат. Бала бул сүрөттү жаздыктын астына коюп, 108 жолу коңгуроо кагылганда уктап кетиши керек. Жапониянын тургундары эрте менен күндүн чыгышына таазим кылуу үчүн үйлөрүн таштап кетишет, ошондон кийин гана майрам башталат.
(10-слайд)
Балдар, биз ар кайсы өлкөлөргө саякаттап, Жаңы жылды кандайча белгилегенин билдик. Ошондой эле биздин өлкөнүн - Кыргызстандын бардык балдарына ден соолук, бактылуу балалык, өз өлкөбүздү сүйүүшүңөрдү каалайм.
Бышыктоо: Балдар силерге кайсы өлкөнүн Жаңы жылды тоскону жакты? Эмнеси менен кызыктуу экен? Үйдөн ата-энеңердин жардамы менен дагы башка өлкөлөргө саякат жасагыла.