Уюшту- руу учуру (3 мүнөт) | *Окуучулар менен саламдашып , толуктап класстын тазалыгын көзөмөлдөп , сабакка даярдоо . Сабакка жагымдуу маанай түзүү Алтын эрежени эске алуу Сабакка жагымдуу маанай түзүү. Алтын эрежени эске алуу. Ураан чакырып кетүү. Мугалим ыр менен салам айтат. Окуучулар сабак башында маанайларын көтөрүп алуу максатында ураан чакырып ырдашат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни менен сабак башталат. Мугалим сабактын максатын айтат. Жана окуучуларга сабактын аягында саякатка барууну сунуштайт. Ким эгер “ 5” деген баага татыктуу болсо, самолет менен, “4” деген баага татыктуу болушса, автобус менен, “3” алгандар мотоцикл менен бара тургандыгын айтып, доскадан көрсөтөт. | Окуучулар мугалим менен саламдашат , сабакка даярданышат . *Алтын эрежени доскадагы сүрөттөр аркылуу эске алышат | Жакшы | Окуучулар да калыпта нуучу компе тент түүлүктөр | |
Үй тапшыр- масын текшерүү (5 мүнөт ) | “Чачылган тамгалардан сөз кура”. Мугалим теманы камтыган сөздөрдү кыркып, аралаштырат Сабактын темасын жана максатын жарыялайт. Куралган сөз аркылуу топко бөлүү. Аткарабыз, изденебиз, жазабыз , бирок жегенге болбойт? Бул эмне? Тесттик суроолор аркылуу сураса да болот. “Сабак-лента” усулун пайдаланса болот. Кептин стилдери бөлүмүн кайталап келгендигин оозеки суроо аркылуу текшерүү . | Кептин стилдери боюнча өз түшүнүктөрүн бекемдешет . | - Оозеки жообу бааланат | |
Өтүлгөн темаларды кайталоо ( 3 мүнөт ) | Тексттин мүнөздүү белгилерине эмнелер кирет? Атап бергиле. 2. Кептин кандай түрлөрү бар? Санап бергиле. 3. Сүрөттөөнүн кандай мүнөздүү белгилерин билесиңер? 4. Күндөлүк турмушубузда кайсы стиль көбүрөөк колдонулат? Эмне үчүн? 5. Көркөм стилге таандык тил каражаттарына эмнелер кирет деп ойлойсуңар? Кыргыз акындарынын ырларынан көркөм окуп бергиле. | Суроолорго так , кыска жооп берүү менен өтүлгөн темаларга кайталоо жүргүзүшөт . | Кайтарым байланыш | НК-1-2-3 | ПК-1-2-3 | |
Тема боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү ( 10 мүнөт) | Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн бардыгы биригип келип, сөз курамын түзөт. Ал бир калыпта турбастан, ар дайым өнүгүү, өзгөрүү абалында болот. Сөз курамына: 1. Жаңы сөздөрдү түзүүгө уютку, негиз болгон уңгу сөздөр: тоо, таш, жер, суу, аба, көз, баш, киши, бала, Ай, Күн, жыл, аш, эт, нан, мал ж. б. 2. Сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен жасалган туунду сөздөр: баш – башчы – башкар – башкарма – баштык – башка – башмак – баштапкы; жаз – жазуу – жазгыч – жазма – жазуучу – жазуучулук.3. Сөздөрдүн айкалышы аркылуу жасалган татаал сөздөр: баш бол, баш кат, баш тарт, баш ал, башма-баш, баш сөз, баш чабан, жол башчы, темир жол, өйдө-төмөн, ата-эне, Ата Мекен, бүгүн- эртең, КСДП ж. б. кирет. Ар бир тилдин лексикасы илимдин, техниканын, маданияттын өнүгүшү менен бирге өнүгөт жана жаңы сөздөр менен толукталып, байып турат. М и с а л ы, космос, космонавт, космонавтика, спутник, , корабль-жандооч, орбита ж. б. сөздөр | Кыргыз тилинин сөздүк кору төмөндөгүдөй жолдор менен байыйт. 1. Кыргыз тилинин ички булактары аркылуу, башкача айтканда, уңгу сөздөргө сөз мүчөлөрүнүн уланышы жана сөз маанилеринин кеңейиши аркылуу: 2. Башка тилдердеги сөздөрдү кабыл алуу аркылуу: | Үй тапшырмасын эске алуу менен бааланат Азаматсыңар! | НК-1-2-3 | |
Көнүгүү иштөө ( 15 мүнөт ) | Физикалык дене көнүгүүсү. Топтор менен иштөө: Топторго быйтыкчалар таркатылат.Ар бир окуучу жооп берген сайын быйтыкча менен бааланып, упай чогултушат. 1-тапшырма: Китеп менен иштөө. Топторго көнүгүүлөр берилет. 2-тапшырма: Сүрөттөр менен иштөө: Доскадагы сүрөттөргө карап, уңгу, мүчөлөрдү улашат. Жогорудагы сүрөттөр аркылуу сөз жасоочу жана сөз өзгөртүүчү мүчөлөргө мисал келтиришет. Мисалы: мектеп+лар=мектептер, парталар, бил+ым=билим, улут+чыл=улутчул ж.б.у.с. 3-тапшырма : Венндин диаграммасын түзүү. 4-тапшырма: “Нөөмөтчү тамга” оюну. Мугалим нөөмөтчү тамганы белгилеп,доскага жазат, 5 минутанын ичинде ким ошол тамгадан башталган уңгу сөзгө мүчөлөрдү улап, көп мисал табышса, ошол топ жеңүүчү болот. 5-тапшырма: “Дүкөн” оюну. Буюмдарды,заттарды сүрөттөөнү,белгилерин таба билүүнү үйрөтүү. Столго бир канча оюнчуктар коюлат.Мугалим: Биз дүкөндө турабыз.Түрдүү буюмдар бар, сатып алсаңар болот, бирок кандай буюм алуу үчүн анын атын атабай, белгилерин айтасыңар. Ар топтон бирден өкүл чыгып, оюнчук сатып алышат жана топ менен биргеликте өздөрү сатып алган буюмдун аталышына ар түрдүү мүчөлөрдү улашат. Мисалы: оюн+чык=оюнчук,баш+лык=баштык ж.б. Азаматсыңар!!! 122 – көнүгүү 1) Окуп чыгып, сөз мүчөлөрүнүн жардамы менен жасалган туунду сөздөрдү тапкыла. 2) Эмне үчүн аларды туунду сөздөр деп эсептедиңер? Далилдегиле. 123 – көнүгүү 1) Окуп чыгып, көчүрүп жазгыла. 2) Кара тамга менен терилген сөздөрдү уңгу, мүчөчө ажыраткыла . 124 – көнүгүү 1) Текстти окуп чыккыла. 2) Сөздүк кор кандай жолдор менен байый тургандыгын айтып бергиле. 3) Мүчөнүн уланышы менен жаңы мааниге ээ болгон сөздөрдү тапкыла | Окуучулар берилген тапшырмаларын аткаруу эрежесине ылайык иштешет 122 -123-124- көнүгүүлөрдү аткарышат | Калыптандыруу- чу баалоо | НК-2-3 | |
Сабакты бышыктоо : ( 4 мүнөт ) | 3-тапшырма : Венндин диаграммасын түзүү. 4-тапшырма: “Нөөмөтчү тамга” оюну. Мугалим нөөмөтчү тамганы белгилеп,доскага жазат, 5 минутанын ичинде ким ошол тамгадан башталган уңгу сөзгө мүчөлөрдү улап, көп мисал табышса, ошол топ жеңүүчү болот. 5-тапшырма: “Дүкөн” оюну. Буюмдарды,заттарды сүрөттөөнү,белгилерин таба билүүнү үйрөтүү. Столго бир канча оюнчуктар коюлат.Мугалим: Биз дүкөндө турабыз.Түрдүү буюмдар бар, сатып алсаңар болот, бирок кандай буюм алуу үчүн анын атын атабай, белгилерин айтасыңар. Ар топтон бирден өкүл чыгып, оюнчук сатып алышат жана топ менен биргеликте өздөрү сатып алган буюмдун аталышына ар түрдүү мүчөлөрдү улашат. Мисалы: оюн+чык=оюнчук,баш+лык=баштык ж.б. 1.“POWER POINT” же .«KAHOOT» жана башка программаларда кыскача акыл ордо викторина ойнотуу. | | Оозеки жообу бааланат Эң жакшы | НК-2-3 | |