СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бала бакчада майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана аларга даярдануу.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган талаптар.

Просмотр содержимого документа
«Бала бакчада майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана аларга даярдануу.»

Мазмуну:



  1. Мектепке чейинки уюмдардагы майрамдык иш чаралардын теоретикалык негизи.





  1. Майрамдардын классификациясы жана мазмуну.







  1. Бала бакчада майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана аларга даярдануу.





  1. Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган талаптар.





  1. Улуттук каада-салт, үрп-адатты майрамдар аркылуу таанытуу.



  1. Жыйынтыктоо.

































Киришүү

Мектепке чейинки куракта баланын дүйнө таанымы кенейип, айлана-чөйрөгө болгон көз карашы калыптанып, ар тараптуу өсүп-өнүгүүсү жүрө баштайт. Мында тарбиячынын ролу зор. Тарбиячынын профессионалдуулугу, адеп-ахлак маданияты, билим денгээли, иш тажрыйбасынын негизинде баланын калыптануу жыйынтыгы келип чыгат. Ошол үчүн тарбиячылардын ар тараптуу профессионалдуулугу, дүйнө таанымы, жан дүйнөсүнүн азыгы, чөйрөгө чыгармачылык менен мамиле кылуусуна басым жасалып, өзгөчө көнүл бурулат.

Бакчадагы майрамдар, ар кандай кечелер бала үчүн кубаныч, шаӊ, салтанат. Бакчада өтүлүүчү ар бир иш-чара баланын дүйнөсүндө туруктуу орун алып, эсинде узак убакыт сакталып калышына тарбиячы өбөлгө түзүш керек. Бала кезден таасирленген элестер унутулгус экени баарыбызга маалым; балалык каткырык, оюндар, ырлар, бийлер, майрамдык костюмдар, белек-бечкектер, залдын жасалгасы.

Бакчада өтүлүүчү ар бир иш-чара баланы чыгармачылыкта тарбиялоонун негизги булагы. Мында балдардын башы биригип, өзгөчө шан тартууланып, маанайлары көтөрүлүп, сонун сезимдерге чулганат. Ар бир майрамдык иш-чарада бала өзүнүн да ошол иш-чарага кандайдыр бир салымы бар экенин сезүүсү керек. Ал үчүн баланын аткаруучу ролу, кийген костюму, ошол жердеги улуу адамдардын көтөрүнкү маанайы, залдын кооздолушу зор мааниге ээ.

Майрамдык иш-чаралар – бул баарлашуу, чыгармачылык менен иштөө, өзүндү таанытуу. Мында тарбиячынын негизги салымы болуп балдардын дараметине карап ролдорду берүүсү саналат. Ошону менен бирге балага эстетикалык-нравалык тарбия берүү, сулуулукту, кооздукту сүйүүгө тарбиялоо.

Майрамдык иш-чаралар – бул баланын сүйлөө кебин активдештирүүнүн ынгайлуу жолу. Ал балага абадай керек. Бардык иш-чараларда адабият, музыка, көркөм өнөр, театр, пантомимо жанрлары кезигет. Муну балдарга үйрөтүү баланын ар тараптан өсүүсүн камсыздайт. Иш-чараларда балдар ырдайт, бийлейт, сүрөт тартат, сүйлөйт. Ошондой эле музыканын ыргагында бийлеп, темпти өздөштүрүп, туура аткарууну үйрөнүшөт.

Мектепке чейинки куракта баланын чыгармачылык жактан өсүшүн музыка камсыздайт. Ал ырдан жана бийден турат. Ырдоо – окутуудагы жана тарбия берүүдөгү негизги элемент, себеби ал угуу таасирине, үндүн калыптанышына, так айтууга чон жардам берет. Бий үйрөтүү убагында угууну өнүктүрүү боюнча абдан зор иш жүрөт. Балдарга милдеттүү түрдө музыкалык тактты жана ыргакты айрымалай билүүнү, бийдин кыймылдарын үйрөтүү керек. Бул балада ири моториканы, координацияны, эс- акыл булчундарын чынайт, жана да бийдеги ар бир кыймыл музыканын мүнөзүн айтып бере алат.

Кептик иш-аракеттин мааниси да майрамдык иш-чараларда эбегейсиз. Ал негизи ырларды жаттоодон турат. Майрамдарда ыр айтуу, сахналаштыруу сөзсүз болушу керек, себеби ал баланын сүйлөө кебинин калыптанышын, өсүшүн, тактыгын камсыз кылат. Элдин астына чыгып сүйлөгөн бала ага коюлган тапшырманы аткара билүү керектигин, жоопкерчиликти , милдетти сезе билет.

Майрамдык иш-чараларга даярдануу кезинде көркөм өнөр, сүрөт тартуу да чон жардамчы. Мында балдардын көрүү эс-тутуму, моторикасы, көнүл буруусу, тыкандыгы калыптанат. Балдар сүрөттү көрүү менен сөз сүйлөөсүнүн аркасында айлана-чөйрөнү тааный алат. Аппликация , ийлеп-чаптоо, оригами, сүрөт тартуу кыймыл –аракет көндүмдөрүн жөндөйт. Кыймыл-аракет болсо өлчөмдү, мейкиндикти, түзүлүштү ажыратууну калыптандырат.

Сүрөт тартуу иш-аракетинде кол кыймылынын жөндөмү гана эске алынбастан көзгө да таасири чон экени каралат. Анткени сүрөт тартуу учурунда көз менен кол бирдей иштеп, бир кызматты аткарат.

Балдар майрамдарга даярдануу мезгилинде аппликация менен иштөө, оригами жасоо, сүрөт тартуу менен ата-энелерине белек жасашат (открыткалар), залды жасалгалоо иштерине катышат (кар бүртүкчөлөрүн жасоо, балатыга гирляндалар, Күз майрамына карата жалбырактар д.у.с). Ушуларды жасоо менен бала жалпы иш-чарага кошкон өзүнүн салымы да бар экенин билүүсү керек. Анткени баланын колу менен жасалган жасалгалардын зал ичине илиниши; жомоктогудай кыш мезгилиндеги токой, алтын күз, жазгы гүлдүү шалбаа, баланын кызыгуу менен байкоо салып, өз ишине маашырланып туруусуна зор өбөлгө.

Майрамдык иш-чараларда кийилүүчү костюмдарды негизинен ата-энелер жана тарбиячылар даярдап беришет. Ошол костюмдарга тагылчу кичинекей элементтерди баланын өзүнө жасатып койсо да туура болот.

Баарлашуу маалыматтарды алмашуу болуп саналат. Балдардын кебине тарбиячы өзгөчө мани берип, аралашып турса оозеки кептин калыптануусун эрксиз көзөмөлдөйт. Мында жалан эле кептик баарлашуу колдонбостон, айтайын деген ойду кыймыл-аракет менен да берсе болот. Ушул жерден тарбиячынын негизги маселеси тайпа ичинде достук атмосферасын түзүү, чыдамкайлыкка тарбиялоо, бир кылка мамиле жасоо, баланы бөлбөө болуп саналат. Эч качан майрамдык иш-чара балага психикалык травма, нааразылык алып келбеш керек. Майрамдар баланын эсинде майрам бойдон калуусу маанилүү.

Демек майрамдык иш-чараны алып барууда түрдүү иш-аракеттер (музыкалык, кептик, сүрөт тартуу, баарлашуу) колдонулат. Мында келип чыккан натыйжалар бала чоноюп инсан болуп калыптанганда абдан кереги тиет.

Майрамдардын классификациясы жана мазмуну.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында салттуу түрдө салтанат менен өтүлүүчү майрамдардын тизмеси бар:

  1. Жалпы майрамдар: 8-Март, 9-Май, 1-Июнь

  2. Күндөлүк (бытовой) Жаны Жыл, Нооруз

  3. Сезондук: Кыш майрамы, Алтын күз, Канаттулар күнү ж.б.

Жалпы майрамдар өзгөчө салтанат менен өтүлөт. Мында балдар залга желектер, шарлар, гүлдөр менен кирип коноктордун астында тизилип турушат. Мындай салтанат менен башталган иш чара акырындык менен көнүл ачууларга, оюндарга, бийлерге өтөт. Балдардын аткаруусу оюндарга өткөндө шан , тамаша тартуулап , алдын-ала даярданууну деле талап кылбайт. Балдар эптүүлүк , акыл таймашы боюнча атаандаша алышат.

Күндөлүк майрамдар тематикасы менен, балдардын жашоосу менен , залдын айрыкча жасалгасы менен өзгөчөлөнүп турат. Мисалы: жомоктогудай маанайды, күтүүсүз белектерди, кубанычтарды тартуулаган «Жаны Жыл» майрамын балдар чыдамсыздык менен күтүшөт. Борбордо жасалгаланган, оту күйүп-жанган балаты болот. Анын кооздугу балдарды толкундандырып, майрам түз эле балатыны айланып ырдоодон башталат. Бирок эн негизгиси Аяз Ата менен Аяз Кыздын залга кирип келүүсү. Алар табышмак, оюндарды, белектерди алып келээри балдарга дайын.

Сезондук иш-чаралардын тематикасы - жашоо-турмуш. Мисалы, «Алтын күз» майрамында балдар ата-энелерине жардам иретинде бакчадагы иштерин, күз, жашылча-жемиштер тууралуу ырларды, табышмак, жанылмачтарды айтышат. Зал жасалгасы негизинен тарбиячылардын, балдардын мээнети менен жасалат. Мындай сезондук иш-чаралар концерт формасында өтүлүп, аягында сахналаштыруу же оюндар менен жыйынтыкталат. Бул иш –чаранын негизги максаты болуп , балдардын бактылуу балалыгын, алардын жетишкендиктерин, өсүп жатканын көрсөтүү болуп саналат.

Балдарга кубаныч жана шан тартуулаган майрамдар алардын гармонияда жакшы тарбия алып жаткандыгын айгинелеп туруусу керек. Майрамдык иш-чараларга толук кандуу даярдануу, аны ийгиликтүү алып баруу тарбиячынын чыгармачылык жактан катуу иштегенинен, олуттуу мамиле кылуусунан көз каранды. Ушул менен эле катар балдарга куурчак театрын, цирк, мультфильмдерди көргөзүү, жомок уктурууну уюштуруу, адабий-музыкалык кечелерди өткөрүү ( Ч.Айтматов, А.Пушкин) да зарыл. Аягында баланын пикирин угуу, баарлашуу, жыйынтыктоо да талап кылынат.

Бала бакчада майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана аларга даярдануу.

Майрамдык иш-чараларды бакчада уюштуруу жана өткөрүү убакытты талап кылган узак, оор жана татаал жумуш. Мында тарбиячы менен музыкант биргелешип иштөөсү керек. Иш-чараны уюштурууда баарысы биригип түзүлгөн пландын негизинде толук кандуу иш жүргүзүшөт. Иштин жүрүшүн этаптарга бөлүп карайбыз:

1 этап – алдын ала план түзүү;

11 этап – сценарийдин үстүндө иштөө;

111 этап – балдарды алдын ала майрам менен тааныштыруу;

1V этап – репетициялар

Vэтап – иш-чараны өткөрүү

VI этап – жыйынтыктоо

  1. Жылдын башында педкенешмеде бир жылдык план менен иштөө талкууга алынат. Мында майрамдык иш чаралар каралып, тандалып, өтүлүү датасы такталат.

  2. Экинчи этапта тарбиячылар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө, дараметине ылайыктап кептик материалдарды даярдай башташат. Музыка мугалими бийлердин ылайыктуусун карап , тарбиячы менен бирге ырларды тандашат. Жылдын башында өтүлүүчү иш чара жөнөкөйлөнгөн типте болот. Майрамдык программага көбүрөөк оюн-зооктор камтылат да, алып баруучулук милдет тарбиячыга жүктөлөт. Балдар болсо буга чейин өтүлгөн окуу жылындагы иш-аракеттер менен чектелет. Сонку майрамдарда гана оюн-зооктор кыскартылып, балдардын иш-аракеттери басымдуулук кылат. Ошентип бала бакчадагы майрамдык иш-чаралар өтүлгөн материалды бышыктоо, жыйынтык чыгаруу болуп калат.

  3. Майрамдык иш-чаранын сценарийи даяр болуп калганда тарбиячылар алдыда боло турган майрам тууралуу балдарга маалымат беришет. Эгерде бул майрам өткөн окуу жылында майрамдалса, балдар менен чогуу -чаран ошол күндү эстеп, ангемелешет. Майрамдын маанисин билип алган сон, тарбиячы салтанатка кимдер катышаарын (ата-энелер, тарбиячылар, башка тайпанын балдары), балдардын милдетин айтып берет. Бул этапта балдар өз милдетин, жоопкерчилигин билүүсү керек. Ал үчүн даярдануу убагында; ырларды жаттоо, сахналаштыруу, ырдоо жана бийлөөдө, балдарга залдын жасалгасын көрсөтүп коюу туура болот. Бала аткара турган иш-аракеттин жыйынтыгы болуш үчүн балага стимул бериш керек.

  4. Максаттар менен милдеттерди аныктап алгандан кийин ырларды жаттоо, бийлерди үйрөнүү, костюмдарга аксессуар тигүү, залды жасалгалоо иши жүрөт. Иш-аракеттердин аркасында сценарийди бир нече жолу ондоого да туура келет. Ошентип майрамдык иш-чарага саналуу күн калганда сценарий толугу менен даяр болот.

  5. Ошентип көптөн күткөн майрам да башталат. Залдын ичи кооздолуп, киши батпай концерт тартууланат. Ошол күн ошентип бүтөт, бирок майрамга карата арналган иштер бүтпөйт.

  6. Бул этап жыйынтыктоочу этап. Жогоруда айтылгандай баланын эсинде кубаныч тартуулаган жакшы күндөр, көнүл эргиткен сонун моменттер, убактар көпкө сакталат. Тарбиячынын милдети балдардын билгичтигин, көндүмдөрүн, майрамга даярдануу алдында алган билимдерин бышыктап бекитүү. Мисалы: ошол тематикага ылайык сүрөт тартуу, ийлеп-чаптоо, аппликация менен иштөө.

Ушунун баары майрамдык иш-чаранын мазмунун терен түшүнүүгө, балдардын эсинде көпкө сакталуусуна түрткү болот.

Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө коюлган талаптар.

Майрамды даярдоо жана өткөрүү милдети бүтүндөй коллективдин мойнуна тагылат. Майрамдык программа ортодо талкууга алынып, бир нече жолу каралат. Коллективдин мүчөлөрү аткарылуучу иштерди бөлүштүрүп алат; залды жасалгалоо, костюмдарды даярдоо, атрибуттарды даярдоо. Майрамдык кеченин алып баруучусу дайындалат. Алып баруучунун арты менен майрамдык шан кандай болоору, ийгилиги чечилет. Бул чон жоопкерчиликти талап кылган милдет. Маданияты жогорку, тапкыч, балдарды жана алардын денгээлин жакшы билген, шайыр, өзүн эркин кармай алган тарбиячы гана алып баруучулукка татыктуу деп табылат.

Кенже жана орто топтордун майрамдык иш чарасы жогорку топтордон бөлөк өтүлөт. Себеби жогорку топтогулар үчүн даярдалган программа кенже топторго татаал келип, түшүнө беришпейт. Өтүү убактысы да узак болгондуктан кенже топтогулар чарчап кетишет. Кенже топтогулар үчүн иш чаранын убактысы 30-40 мүнөт болсо, жогорку топ үчүн 45-50 мүнөттү камтыйт. Эрте мененки убакытта иш чараны уюштуруу маанилүү, бул убакта балдар сергек болуп, кабыл алуусу жана аткаруу чеберчилиги мыкты денгээлде болуп турат.

Иш-чараларда оюндарды кошу бул тарбиячынын жениши. Оюнду тандоодо оюнчулардын кызыгуусу гана каралбастан, көрүүчүлөргө да таасир калтыра тургандай тандалуусу абзел.

Ырлар, бийлер, сахналаштырууну туш келди эле программага киргизе берүү туура эмес. Буларды экинчи бөлүккө коюу туура, себеби балдар чарчанкы тартып калганда ушул номерлерге кезекти берүү, балдарды жандандырат.

Майрамдык иш чараны жалан гана тарбиячылар моюнуна алуу туура эмес болуп калат. Мында ата-энелерди да ишке тартуу зарылчылыгы келип чыгат. Аларга костюмдарды даярдоо, атрибуттарды жасоо, баласын үйдөн даярдатуу иштери жүктөлөт.

Улуттук каада-салт, үрп-адатты майрамдар аркылуу таанытуу.

Майрамдык иш чараларда улуттук каада-салтты, үрп-адатты кошуу балада өз эли үчүн болгон сый -урматты, сыймыктанууну, ата-энесине болгон ыраазычылыкты, аларга кам көрүүнү калыптандырып, баланын жакшы адам, боорукер, сезимтал болуусуна тарбиялайт. Тарбиячылар өз улутунун баалуулуктарына таянып, баланы патриот болууга тарбиялаша алат. Жаны методдордун арты менен балдарга бат-баттан улуттук каада-салттарды, ырымдарды көрсөтүп, эстетип туруу зарыл. Кыргыз тили , айлана-чөйрө менен таанышуу сабактарында улуттук макал-ылакаптарды, накыл кептерди колдонуу, айтып берүү максатка ылайык.

Жыйынтыктоо

Бала бакчадагы балдарга майрамдык иш-чара уюштуруп, аларга эс алуу тартуулоонун түрлөрү ар кандай. Көӊүл ачуунун формаларына: композициялар, концерттер, спектаклдер, оюндар, мелдештер, карнавалдык-театрлык жүрүштөр ж.б.у.с.кирет. Мунун баары тарбиячынын фантазиясына, чыгармачылык кыялына жараша болот.

Бакчада майрамдык иш чарага даярдануу жана аны өткөрүү мындай жыйынтыкка алып келет:

Баланын майрамдагы иш-аракети бала үчүн дайын болушу керек. Балага майрам деген эмне экенин, эмнеге ал ырды, бийди жаттап, үйрөнүп жатканын түшүндүрүү зарыл. Ушунда гана тарбиячы өзү күткөндөй жыйынтык алаары шексиз. Ырларды жаттатууда анын женилдигин гана карабастан, маанисин, ойду терен бере алганына да басым жасоо керек. Бийлерди үйрөтүүдө кыймылдар негизине балдарга тааныш болгону жакшы. Мисалы, гимнастикадагы көнүгүүлөрдөн алса, балага тааныш жана женил кыймыл болуп бат өздөштүрөт. Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө тарбиячы балдарга багыт берип, колдоого алуусу маанилүү. Мындай мамиле бала өзүн жоготуп, эсинен чыгарып коюу мүмкүнчүлүгүн алдын алат.