СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Башкаруучулук боюнча тренинг
МАЗМУНУ
Киришүү 5
1 Практиктер коомдоштугу деген эмне? 6
1.1 Кыргызстанда билим берүү жаатында практиктер коомдоштуктары барбы? 7
1.2 Практиктер коомдоштугу менен БӨУ окшошпу? 10
1.3 ПК коомдук бирикмелерби? 10
1.4 ПК кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун ордун басабы? 10
2 Практиктер коомдоштугун түзүүнүн же ага катышуунун кандай жакшы жактары бар?......... 11
2.1 Жөн эле эл аралык ПКга кошулуп алсак болбойбу? 12
3 Билим берүү секторундагы адистердин кайсы түрлөрү практиктер коомдоштугун түзө алат? 12
4 Ийгиликтүү практиктер коомдоштугу кандай болот? 13
4.1 Толук катышууну колдоп туруңуз 13
4.2 Теңдиктин камсыздалышы 13
4.3 Ишенимди бекемдөө 13
4.4 Иштиктүүлүккө жана колдонууга умтулуу 14
5 Практиктер коомдоштугун кантип түзүү керек? 14
5.1 ПК алып баруучусунун милдеттери кайсылар? 14
5.2 Аз-аздан баштоо керекпи же чоңунанбы? 16
5.3 Кантип баштап, башкаларды кызыктыруу керек? 16
5.4 ПКдагы алгачкы жолугушуу 17
6 ПКдагы жолугушууларды өткөрүү боюнча кеңештер 17
6.1 Жолугушуу жөнүндө алдын ала эскертип, убагында пландап туруңуз жана күн тартибинин долбоорун түзө жүрүңүз 18
6.2 Катышуучулар көңүлүн топтоого жетиши үчүн убакыт берип туруңуз 18
6.3 Жаңы идеяларды ойлогонго убакыт бериңиз 18
6.4 Жаңыдан баарлашууларды колдоп туруңуз 18
6.5 Чыр-чатактарды тескеп туруңуз 19
6.6 Адеп кодексин иштеп чыгыңыздар 20
6.7 Бир катар максаттарды аныктаңыздар 21
6.8 Иш-чараларды тактап, алардын ийгиликтүүлүгүн иликтей жүрүңүздөр 21
6.9 Көздөлгөн натыйжаларды айтыңыз 21
6.10 Жаңычыл иштерди колдоңуз 21
6.11 Конкреттүү фактылар менен ырасталган изилдөөлөрдү жүргүзүп туруңуз 22
7 Мектептеги кызматташууну колдоп туруңуз 22
7.1 Эшигиңизди ачыңыз 22
7.2 Ишенген кесиптештериңиз менен кайтарым байланыш түзүңүз 22
7.3 Ийгилигиңизди баяндап, үлгү көрсөтүңүз 23
7.4 Кызматташуу үчүн кеңири шарт түзүңүз 23
7.5 Баарлашып туруңуздар 23
7.6 Мугалимдер башчылык кылган кесиптик өсүш 23
8 Практиктер коомдоштугун түзүү үчүн маалымат технологиясын колдонуу 24
Тиркемелер 27
1.0-тиркеме – Практик педагогдор коомдоштугу үчүн адеп кодекси 27
2.0-тиркеме – Онлайн ПКлардын мисалдарынын шилтемелери 27
3.0-тиркеме – АӨБ долбоорунун практиктер коомдоштугуна тиешелүү башка жарыялары 28
Библиография 29
Окутуу татаал иш экендигине карабастан, көбүнчө мугалим жалгыздап окутат: ал окуучулардын алдында жеке өзү турат. Максаты бир – окуучуларынын жетишүүсүн жакшыртуу – болсо да, көпчүлүк мугалимдер башкалардын көмөгүнө таянбай, сейрек учурларда гана бөлөк кесиптештери менен чогуу иштешет. Биз кесиптештер менен бирге кеңешмелерге катышып, чогуу түштөнүшүбүз мүмкүн, бирок кесиптик жактан анча байланышпайбыз. Өзүнө жана усулдук тажрыйбасына ишенгендер үчүн бул көнүмүш эле иш, бирок өзүнө анча ишене албаган мугалимдер мындайда жөнү жок эле санаага батып, түнт боло бериши, акыры кесибин таштап кетиши ыктымал. Чындыгында өзүнө бир аз ишенбестик, жаңы нерселерге кызыгуучулук жана өркүндөөгө умтулуучулук ар бир эле кесиптеги өсүштүн негизги шарты экендигин унутпаш керек.
Айрым изилдөөчүлөр (БМСБ, 2005-ж.) идеалдуу жагдайда коомдоштуктун баардык мүчөлөрү ийгилик үчүн чогуу жооптуу болот дешет.
Эл аралык изилдөөлөр (Фуллан жана авторлоштору, 2015-ж. жана Хэтти, 2015-ж.) көрсөткөндөй:
көп жыл иштеген мугалимдин кесипкөйлүк деңгээли дайым эле жогорулай бербейт;
мугалимдер атаандашпай, кызматташкан жагдай окуучулардын жетишүүсүн жогорулатуунун эң натыйжалуу жолу болуп саналат;
мугалимдердин кесиптик өсүү жагынан кызматташуусу окутууну жакшыртуунун жана туруктуу өзгөрүүлөрдү камсыздоонун эң мыкты ыкмаларынан болуп саналат.
Дүйнөдөгү изилдөөлөр көрсөткөндөй, мугалимдердин кесиптик өсүү жагынан кызматташуусу башка чараларга (мисалы, төмөндө саналгандарга) салыштырмалуу окуучулардын жетишүүсүнө кыйла зор таасир эткени кызык:
класстарда окуучулардын санын азайтуу;
маалымат технологияларын колдонуу;
интерактивдүү усулдарды колдонуу ж.б.
Билим берүүнү башкаруунун тийиштүү органдары мындан төмөндөгүдөй тыянак чыгарышы керек: биринчи кезекте мугалимдердин кесиптик өсүш жагынан кызматташуусун колдоого көңүл буруу кажет. Атап айтканда, эгер биз окутуунун жаңы усулдарын жана технологияларын киргизгибиз келсе, кесиптик өсүш жаатындагы кызматташуу бул максатка жетүүгө өбөлгө түзөт. Бул айтылгандар биринчи кезекте Кыргызстандагыдай тез жана олуттуу, айрыкча кыйла чаржайыт өзгөрүп жаткан билим берүү тутумдарына мүнөздүү келет.
Бул изилдөөлөрдө баардык (бай да, кедей да) өлкөлөрдүн өкмөттөрү кесиптик колдоо жана кызматташууга өбөлгө түзүү аркылуу эмес, «тышкы отчёттор» аркылуу билим сапатын жакшыртууга аракеттенишет. Өз мектебиндеги окуучулардын окуусунун баардык жактары үчүн жоопкерчиликти мугалимдер тайпа катары өзүнө алса, бул «ички отчёт» болот, демек, алар башка бир тайпаны өзгөртүү үчүн өз тайпасынын шык-жөндөмүн жана күч-аракетин бириктиришет.
Муну бүт дүйнөдөгү мугалимдер ырасташат. Ошентип, эмне кылууга болот?.. Мындан ары окуңуз!
Эгер сиз Кыргызстандын айылдарына барсаңыз, кээ бир жерлерде улгайган аялдардын шырдак жасап жатканын көрөсүз. Көбүнчө алардын жанында жаштар болуп, жардамдашып, шырдактын жасалышына көз салганча суроолорун беришет. Үй-бүлөлөр жолуккан жерде бул байбичелер кеп арасында шырдакты жаңыча кооздош жана жасаш ыкмалары жөнүндө да сөз кылышат. Кээде айрым кишилер бул иштин ж үрүшүн жана жыйынтыгын жазып же видеого тартып алышат.
Ошентип, шырдак жасоо жөнүндөгү билим сакталып, бара-бара толукталып, жайылтыла берет. Мындай сүйлөшүүлөр жана талкуулар болбосо, шырдак жасоо жөнүндөгү билимдер жок болуп кетиши ыктымал.
Шырдак жасоого жана ал жөнүндөгү кеп-сөзгө катышкан адамдардын баары (бир эле ушул иш үчүн чогулбаса да) биз «практиктер коомдоштугу» (адис практиктер коомдоштугу, кыскартып айтканда – ПК) деп атаган тайпаны түзүшөт. Алыскы айылда мындай коомдоштук чакан эле болор, бирок интернеттей каражатты колдонсо, коомдоштуктар эбегейсиз чоң болушу мүмкүн.
Практиктер коомдоштугу – бул жаңы идея эмес, бирок анын орчундуулугун, айрыкча кесиптик чөйрөдөгү ордун тааныганыбыз жаңылык болууда. Практиктер коомдоштугунун үч өзгөчөлүгү бар:
Чөйрө (жаат): бул кызыкчылыктар чөйрөсү, мисалы, жогорудагы мисалдагыдай. Бирок математиканы окутуу же ракета куруу маселеси да көп адамдарды кызыктырышы мүмкүн.
Коомдоштук: билгендерин, колунан келген өнөрүн башкаларга үйрөтүүчү жана бири-биринен үйрөнүүчү адамдар тайпасы ушундай. Бул коомдоштуктун мүчөлөрү түздөн-түз (көзмө-көз) же онлайн (сырттан) эле, ошондой эле башка каражаттарды, мисалы, маалымат бюллетенин таратуу менен баарлашса болот.
Практика (ишмердик): коомдоштук мүчөлөрүнүн баары кайсы бир жалпы ишмердикке, мисалы, шырдак жасоого, стоматологияга же балдарды окутууга катышат.
Практиктер коомдоштугу ушул үч иш-милдетти тең аткарууга тийиш экендиги эсиңизде болсун. Мисалы, телеберүүлөрдү (чөйрө) караганды жакшы көргөн адамдар тобу (коомдоштук) практиктер коомдоштугу болуп саналбайт, анткени алар телеберүүлөрдү тартышпайт.
Жыйынтыктап айтсак, «практиктер коомдоштугу – бул кайсы бир жалпы ишке кызыккан же аны жакшы көргөн, өзүнүн ишин жакшы аткаруу үчүн өз ара маал-маалы кызматташып турган адамдар тобу» (Венгер, 2006-ж.). Цитатанын асты сызылган бөлүгү коомдоштуктун баардык эле жолугушуусу ишмердиктин сапатын жакшыртууга багытталарын көрсөтүп турат.
Баары болбосо да, практиктер коомдоштуктарынын көпчүлүгү ыктыярдуу мүчөлүк менен түзүлөт, ыктыярчылардан жардам алышат, расмий эмес түрдө уюшулат, демек, алар негизинен кеңсеси бар уюмдар же кызмат адамдары эмес.
Практиктер коомдоштуктары дүйнө жүзүндө айрыкча мугалимдер арасында кеңири таралган, алар төмөндөгүдөй оор милдеттерди аркалашат: предметти мугалимдердин өздөрү жакшы түшүнүүсүн, тийиштүү билимдерди окуучуларга бериштин эң жакшы ыкмаларын табуусун камсыздоо.
Мүчөлүк тартиби өтө окшош болсо да, ПКны кесиптик кошуундар менен чаташтырбоо керек.
ПК эмгек акы төлөө, эмгек шартын жакшыртуу же келишим мамилелерине тиешелүү маселелерди карабайт.
Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган, жумуштан калтырып же калтырбай эле расмий окутуу педагогдордун кесиптик өсүшүндө орчундуу мааниге ээ. Бирок ал чектелүү түрдө камсыздалат да, жалпыны тегиз камтый албайт. Мугалимдердин бул деңгээлде окутулушун ПК катары кароого болбойт, анткени муну практикалоочу адистер өздөрү уюштурган эмес.
Предметчи мугалимдердин райондук деңгээлдеги жолугушуулары ПКга мазмуну жагынан жакындашат, бирок алар адатта милдеттүү жана кыйла расмий мүнөздө, көбүнчө райондогу/шаардагы жетекчилер тарабынан аныкталган күн тартиби менен иштейт. Бул жолугушууларда райондун/шаардын мугалимдери практиктердин чыныгы коомдоштугундагыдай артыкчылыктарга ээ болушпайт.
Азыркы учурда Кыргызстанда билим берүү чөйрөсүндө ПК бар.
Көп жылдардан бери чет тил мугалимдери жергиликтүү да, улуттук да деңгээлдерде ар түрдүү бейформал тайпаларды уюштуруп келишти. Технологияларга кол жеткенде, баардык практик адистер колдоно алгыдай сайт ачылды (төмөнкү сүрөттө Facebook тайпа көрсөтүлгөн). Бул тайпалардын координаторлору мүчөлөрдү башкаруу же тескөө жагынан эч кандай ыйгарым укуктарга ээ эмес.
https://www.facebook.com/Forum-Foreign-Language-Учителя -Association-264131520320119/
Кээ бир мектептер (айрыкча БИМдин инновациялык мектептер жана айрым жеке менчик мектептер, мисалы, «Илим», «Билимкана») мектеп деңгээлиндеги коомдоштуктарды түзүп, иштеше баштады.
Биз Казакстандагы онлайн ПКны таптык - http://enet.kz/#sthash.0ftjC5JD.7GYr3 mOm.dpbs. Мындай ПКлар көп эле болушу мүмкүн. Айрым сайттар казак жана англис тилдеринде иштейт.
Россиядан да мыкты ресурстары бар практиктердин көптөгөн онлайн коомдоштуктарын таптык.
Биринчи мисал – окуу бөлүм башчылары үчүн ПК http://www.zavuch.ru/methodlib/
Дагы бир ПК математика мугалимдерине арналган. http://mathimc.blogspot.co.nz/
Төмөнкү ПК кыйла жалпы багытта иштейт экен.
Биз онлайн ПКлардын мисалдарын келтирип жатабыз, андыктан мындай коомдоштукка катышуунун эң зарыл шарты – интернетке туташтырылган компьютердин барлыгы экенин көңүлдө тутушубуз керек.
Эгер адис практиктер тобу кызматкерлерине эмгек акы төлөнүүчү, кеңсеси жана башка шарт-жагдайы бар расмий уюмду (мисалы, спорттук же медициналык бирикмени) түзсө, анда уюм болуп саналат, бирок мамлекеттик эмес, б. а. бейөкмөт уюм (БӨУ) болот.
Бирок эгер шырдак жасаган адамдар же орус тили мугалимдери бир нерсени жакшыртуу ыкмаларын талкуулаш үчүн жолугушуп турса, бул үчүн атайын кеңсеге, эмгек акысы төлөнүүчү кызматкерлерге, мүлккө же мүчөлөрүнүн расмий түзүмүнө муктаж эмес болсо, анда алар юридикалык катталуудан эч кандай пайда көрүшпөйт. Мындайда алар юридикалык маанидеги БӨУ болуп саналбайт. Ошентсе да, ПК бир топ убакыттан кийин БӨУ болууну чечиши мүмкүн.
Кыргызстандагы коомдук уюмдардын ишмердигин жөнгө салуучу мыйзамдар ушундай бирикмелерге бюрократиялык мүнөздөгү милдеттерди тагат. Өз ишин жаңыдан баштаган практиктер коомдоштугу бейформал түзүлүүгө тийиш. Ырас, убакыт-сааты келгенде, юридикалык катталуу зарылдыгы туулушу ыктымал. Мугалимдер юридикалык талаптардан улам практиктер коомдоштугун түзө албайбыз же ага кошула албайбыз деп ойлобошу керек. Билим берүү жана илим министрлиги деле мугалимдердин өзүнүн кесиптик өсүшү үчүн биргелешип иштөөгө багытталган демилгесине жигердүү колдоо көрсөтөт.
БИМ ар түрдүү жаңылыктарды, мисалы, жаңы стандарттарды, программаларды ж. б. киргизген учурларда аларды жүзөгө ашыруу үчүн жумуштан калбай окуп-үйрөнүү эң алгылыктуу жол болмок. Бирок эгер ПК окутуу зарыл болгон секторлордо иштесе, анда тренингдерди иштеп чыгып өткөрүү үчүн ПК менен кызматташуу жакшы натыйжаларды бермек.
Баарынан жакшысы, адис эксперттер тийиштүү ПКга мүчө болушу кажет. Бирок алар үстөмдүк кылбай, ПКны жетектебей иштеши керек.
Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарында окутуунун мааниси зор болсо да, анча ийкемдүү иштей албастыгын жана кесиптик өсүшкө жетиштүү деңгээлде шарт түзө албастыгын да аңдап билүү зарыл. Изилдөөлөр (Лукс-Хорслей жана авторлоштор, 2010-ж.) көрсөткөндөй, окутуучулук практикада көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатууга 50 саат талап кылынат экен. Эгер чоңураак өзгөрүүлөрдү кааласак, анда саат саны да ошончолук чоң болот.
Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу иши көбүнчө «эксперт-угуучу» мамилелерине байланыштуу экендигин, а бул кызматташууга анча ыңгайлуу боло бербестигин белгилей кетүү керек. Бул кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарында окуган жарабайт дегенди билдирбейт, болгону изилдөөчүлөр алгылыктуу өзгөрүүлөрдү практикага киргизүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы деп атаган нерсе колдонулбай калышы мүмкүн.
ПК максаты Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзгөн ишти колдоо болуп саналат. Мугалимдердин кесиптик өсүшүнө багытталган иштердин баарын эле мамлекет жүргүзөт деп ойлобош керек.
ПК түзүү же ага мүчө болуу көп жагынан пайдалуу болушу мүмкүн:
Эксперттердин пикирин угуу мүмкүнчүлүгү: сиздин предмет боюнча тайпада бергиңиз келген техникалык суроолоруңуз пайда болушу мүмкүн. Тайпадагылар жообун билбесе деле, аны каяктан издесе болорун айтышы ыктымал, анткени коомдоштук башка өлкөлөрдөгү жаааттар менен байланыш түзгөн болушу ыктымал.
Материалдарды иштеп чыгуу жагынан кызматташуу: бир тема боюнча сабактар түрмөгүн иштеп чыгышыңыз керек болушу ыктымал. Эгер башка мугалимдер менен бирдей максатты көздөсөңүздөр, иш ыкчамыраак бүтөт, анткени тапшырмаларды бөлүшүп, бири-бириңиздердин ишиңиздерди карап көрө аласыздар.
Текшергич иштелмелердин жеткиликтүүлүгү: коомдоштуктун жигердүү мүчөсү болгонуңуз үчүн сиз даяр материалдар менен сабактарды пайдалана аласыз. Балким, аларды өзгөртүү керек болор, бирок иштин негизги бөлүгүн даяр бойдон колдоно бересиз.
Маалыматтар боюнча билим: окуучулар жөнүндө канчалык көп билсек, иштин жүрүшү үчүн ошончолук жакшы болот. Башкалар менен маалымат алмашканда, ар кайсы окуучулардын жетишүүсү, окуу өзгөчөлүгү боюнча зарыл билимге ээ болосуз. Дагы бир орчундуу жагы – сиз ошол маалыматты чечмелөө жагынан да квалификациялуу жардам ала аласыз.
Барып көрүү мүмкүнчүлүгү: ПКга мүчө болгондугуңуз башка мектептерге барып, мисалы, мыкты усулдук иштелмелерди табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боосуз.
Насаатчыларды табуу: кеңешкенге киши издеген учурлар көп болот. Практиктер коомдоштугу ушундай адамдарды табууга жардам бериши мүмкүн.
Өзүңүзгө ишенимди бекемдөө: эгер сиз өзүңүздүн мугалимдик сапаттарыңызга анча ишенбей турсаңыз (кээде эң мыкты мугалимдер да ушундай абалда болушат), анда ишиңиздин тууралыгын ырастап, кемчиликтерин оңдогонго жардам бергидей башка мугалимдер менен кездешүү керек.
Өз салымыңызды кошуу мүмкүнчүлүгү: сиздин сонун идеяларыңыз болушу мүмкүн. Практиктер коомдоштугунда идея бөлүшүү жана коомдоштуктун ишин жакшыртууга салым кошуу мүмкүнчүлүгү бар.
Топтун бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү: бирдей милдеттерди аткарган жана пикир алмашып турган адамдар тобунда болуунун өзү эле өзүңүздү эркин сездирет. Бул айрыкча мугалимдери чакан айылдарда жашап, кесиби жактан обочолонуп калгандай сезген Кыргызстандай өлкөдө орчундуу. (Венгер, 2006-ж., 6-бет)
Бул документтин кийинки баптарынан сиз онлайн ПКлардын шилтемелерин табасыз. Сиз эл аралык ПКга эле кошулуп алуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, жергиликтүү ПК түзүүнүн кажети барбы деп сурашыңыз мүмкүн. Чындыгында булар экөө тең керек. Чыгымдар менен тил билүүгө байланышкан практикалык жагынан тышкары, жергиликтүү практиктер коомдоштуктарына катышуунун көптөгөн жакшы жактары бар, мисалы:
Кыргызстандын окуучулары, мектептери жана шарт-жагдайы айырмаланат, демек, бир жерде жакшы колдонулган тажрыйба сиздин шартка анча туура келбей калышы ыктымал.
Текст окуу жана конференцияларга катышуу жакшы, бирок усулдарды иш жүзүндө колдонууга келгенде баары эле оңой боло бербейт. Кыйынчылыктардын себебин билиш үчүн көзмө-көз жолугушуу керек.
Практиктер коомдоштугунун жигердүү мүчөсү өзүнүн эле педагогикалык ишмердигин жакшыртууну эмес, башка мугалимдердин, бүтүндөй мектептин ишин өркүндөтүүнү да көздөйт.
Темалар, жаш курак же турган жерге ж. б. карай ПК түзүүгө болот. Мугалимдердин кездешүүсүнүн эң башкы себеби – бул алардын окуткан сабагы.
Мисалы, окуучуларды окуганга үйрөтүүгө кызыккан башталгыч класстар мугалимдери өздөрүнүн практиктер коомдоштугун түзсө болот. Алардын өркүндөткүсү келген көндүмдөрү бүткүл дүйнөдө окшош.
Коомдоштуктардын башка түрлөрү да болушу мүмкүн:
Окуу бөлүмүнүн башчыларыныкы
Мектеп деректирлериники
Химия мугалимдериники
Кара-Кулжа районунун баштагыч класс мугалимдериники
Кыргыз тили мугалимдериники
Адабий чыгармачылыкты же дилбаян жазууну үйрөтүүгө кызыккан мугалимдердики
5-9-класстардын мугалимдериники
Баткен облусундагы биология мугалимдериники
Практиктер коомдоштугунун алып баруучусу болгон мугалимдердики
ж. б.
ПКнын ийгилиги, ишинин жүрүшү көбүнчө четтен караган көзгө анча көрүнө бербейт, бирок алардын айрым жалпы белгилери бар. Эң башкысы, ПКнын ийгилиги толугу менен анын мүчөлөрүнө көз каранды экендигин түшүнүү керек.
Жөндөмүнө, иштеген жерине жана абалына карабай, бардык мугалимдер ПКга кошулганы жакшы. Бардык мүчөлөрү тең деп каралат. Ошондуктан сиздин кызматтык ж. б. абалыңыз эмес, тажрыйбаңыз жана салым кошууга даярдыгыңыз бааланат.
Макамы боюнча бир гана алып баруучу (фасилитатор) же практиктер коомдоштугун негиздөөчү гана айырмаланышы мүмкүн. Ал мындай макамга демилгечилдиги жана урмат-сыйга ээ болгону менен жетишет.
Практиктер коомдоштугунун максаты эч качан айрым адамдарды кызматка көтөрүү болбошу керек.
Мыкты иштеген ПКда мүчөлүк же өзүнүн башка бир өнүмү үчүн акы топтолбойт. ПКлардын көпчүлүгү интернет аркылуу иштегендиктен, мектеп же сиздер интернет-провайдерге гана акы төлөшүңүздөр мүмкүн.
Башка баардык учурларда каалагандай салым же катышуу ыктыярдуу негизде гана болот.
Мыкты ПКлардын алып баруучулары коомдоштуктун ар бир мүчөсү үчүн сүйлөө жана салым кошуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, бир дагы адамдын же топтун үстөмдүк кылышына жол бербейт.
ПК мүчөлөрүнүн ортосунда ишенимдин бекемдиги орчундуу мааниге ээ. Мүчөлөрү пикир алмашпай эле өз ара катуу атаандашкан, бири бирин сыйлабаган коомдоштуктарда ишеним начар болот.
Мындай учурларда ПК баалуулуктарын жана максаттарын так, даана айтуу талап кылынат. Мунун бир жолу – ПК катышуучуларынын адеп кодексин (жүрүм-турум кодексин) түзүү. Адеп кодекси – эрежелер топтому эмес, бул баардык катышуучулар макулдашкан баалуулуктар менен жүрүм-турум үлгүлөрүнүн комплекси экендигин көңүлдө тутуңуз.
Жакшы идеяларды семинардан угуп келип, мектепте аны ишке ашыра албай койгон учуруңуз болду беле? Изилдөөлөр көрсөткөндөй, «кесиптик өсүш боюнча иш-чаралардын баары мугалимдерге жаңы билимди практика жүзүндө колдонуу жагынан жардам берүүгө багытталышы керек» (Уайли, Лион и Гои, 2009-ж.). Мыкты ПКлар эмнелерди жүзөгө ашыруу мүмкүн экендигине жана иш жүзүндө кантип колдонууга болоруна көңүл бурушат.
Практиктер коомдоштуктарынын түрлөрү:
Бир мектептеги бир же бир нече предметтен окуткан мугалимдер тобу;
Башталгыч класстарда бир же бир нече предметтен окуткан мугалимдер тобу;
«Бетме бет» жолугушууда түздөн-түз баарлашуучу мугалимдер тобу;
Онлайн түрдө баарлашуучу мугалимдер тобу.
ПК түзүүнү жеңилдете турган атайын кадамдар болот.
Биринчиден, сиздер ПК максатын даана билишиңиздер керек. Мисалы, эгер математика мугалимдери катары өзүңүздөрдүн ПКны түзгүңүздөр келсе, сиздердин максат бул предметти окутуудагы алдыңкы тажрыйбаны алмашуу жана жайылтуу болот.
Максаттар жөнүндө башкалар менен да кеңешсеңиз болот. Мыйзамда башкаларга кабарлоо же алардан уруксат алуу керек деген талап жок болсо да, эмне кылууну көздөгөнүңүздү жана эмне үчүн ушундай ишти баштаганыңызды башка мугалимдерге айтып койгонуңуз оң. Эгер практиктер коомдоштугун түзүүнү көздөсөңүз, анда сиз фасилитатор (алып баруучу) болосуз. Фасилитатор – бул уюштуруучу, башкалар үчүн көп нерсеге жол ачкан жана жеткиликтүү кылга адам. Бул кызматка эмгек акы каралбайт. Аткарган ишиңиздин жемиши – демилгеңиз үчүн башка мугалимдердин ишенимине жана сый-урматына жетишкениңиз.
Фасилитатор өз предмети боюнча эксперт болууга милдеттүү эмес. ПК иштеп кетиши үчүн, айрыкча эгер ага кошуна мектептин мугалимдери да тартылса, маалымат технологиялары менен иштөө көндүмдөрү зарыл. Ошондуктан фасилитатор мектепти башкаруу боюнча милдеттери жок жаш мугалим болсо, андан да жакшы.
Фасилитатор адис болушу зарыл эмес. Бул таблицада анын милдеттери тизмеленген.
Ролдор | Милдеттер |
Уюштуруучу | Жолугушуу ордун жана убактысын уюштурат Жолугушуу убактысы жана күн тартиби жөнүндө команда мүчөлөрүнө кабарлайт ПКдагы ар бир жолугушуунун материалдарын жана иш-чараларын даярдайт |
Гид
| Жолугушуу пландарын ПКдагы окутуу маселелерине байланышкан муктаждыктарга шайкеш келгидей кылып ыңгайлаштырат ПК ишмердигин фасилитатордун колдонмосунда сыпатталган иш-чараларга багыттап турат Эффективдүү кызматташуунун түйүндүү принциптерин жана ченемдерин бекемдейт Мугалимдердин окуусун окутуу практикасы жана мектептеги шарттар менен байланыштырышына мүмкүнчүлүк бергидей диалогдун жүрүшүнө өбөлгө түзөт Кесиптик өсүштүн жана окуп-үйрөнүүнүн калыптандыруучу (утурумдук) бааланышына колдоо көрсөтүп турат |
Жардамчы | Тобокел кылуу, каталардан сабак алуу жана топко ишеним көргөзүү билгичтиктерин калыптандырууга жол ачат Мугалимдин жекече окуп-үйрөнүү муктаждыгын канааттандырууга мүмкүнчүлүк түзөт Окуп-үйрөнүү үчүн кыйла кеңири мүмкүнчүлүк түзөт |
Документ түзүүчү | Топтогу өз ара түшүнүшүүнү, эксперимент жана окуп-үйрөн иштерин жазып турат Калыптандыруучу баалоо боюнча иш-аракеттер убакыт өткөн сайын окуучулардын жетишүүсүнө же өсүшүнө кандай таасир этип жаткандыгын документтештирип турат |
Тарыхчы | Катышуучуларга мурдагы жолугушуудагы окуп-үйрөнүүнү эстетип турат Ар бир кийинки жолугушуу жана окуп-үйрөнүү менен мурунку жолугушуудагы иштерге байланыштырылат Топ белгилеген кийинки иш-аракеттин жүрүшүнө көз салат |
Сиз эмне үчүн кимдир бирөө бул милдеттердин баарын өзүнө алгысы келиши мүмкүн деп сурашыңыз ыктымал. Анткени мыкты ПКлардын фасилитаторлору төмөндөгүдөй принциптер боюнча иштейт (ПК кайсы бир предмет боюнча түзүлгөн болсо):
1. Алар өз предметин жакшы көрүшөт жана аны жакшыраак окутуу ыкмаларын тапкысы келет.
2. Алар баардык мугалимдердин ошол предметтен жакшы сабак беришин каалайт.
3. Аларды ПК мүчөлөрү эле эмес, ошол предметке кызыккандардын да баары урматташат.
4. Алардын ишин Билим берүү жана илим министрлиги байкап, баалайт, анткени алар чыныгы кесипкөйлөрдөй иш жүргүзүшөт.
5. Алар башка өлкөлөрдөгү ПКлар менен кыйла кеңири карым-катыш кыла алышат, мунун өзү эле биргелешкен долбоорлорду, изилдөөлөрдү жүргүзүү, конференцияларга катышуу ж.б.у.с. мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
6. Алардын достору жана адис кесиптештери көбөйөт.
7. Алардын жаңы көптөгөн көндүмдөрү калыптанат.
5.2 Аз-аздан баштоо керекпи же чоңунанбы?Максаттарды аныктап алгандан кийин ишти чоңунан же майдасынан баштоо керектигин чечесиз. Мисалы, сиз өзүңүздөрдүн жана кошуна мектептеги же бүтүндөй облустагы, республикадагы предметчи (алсак, математик) мугалимдерден баштасаңыз болот.
Бир кеңеш! Чакан иштен баштаңыз – адегенде өзүңүз иштеген жана кошуна мектептеги мугалимдерди бириктириңиз. Ошондо эмне кылуу керектигин жана кантип иштеш керектигин жакшыраак билип аласыз. Андан соң бүтүндөй райондогу мектептер менен иштешүүнү чечсеңиз, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу уюштуруу жагынан жардам бериши мүмкүн. Кийин республикалык деңгээлге да чыгууну ойлосоңуз, ашыкча чыгымсыз иштеш үчүн сөзсүз түрдө маалымат технологияларын колдонушуңуз керек болот.
Эгер ПК түзүүнүн баардык мүдөөлөрүн жана артыкчылыктарын жакшы ойлонуштурсаңыз, муну башка мугалимдерге айтуу сиздин биринчи кадам болот. Муну кызматкерлердин чогулушунда, социалдык желелер аркылуу же текст билдирме аркылуу, же болбосо кесиптештерге кат аркылуу жиберсеңиз да болот. Төмөндө кесиптештерге жибериле турган каттын үлгүсү келтирилди.
Мен кыргыз тилинен сабак берем, окуучуларга баян жана эссе жазышты үйрөтүүгө кызыккан мугалимдердин тобун түзгүм келет. Окуучуларым оозеки дурус эле сүйлөшөт, бирок жазуу жүзүндө ойлорун даана, так жана башкаларга ынанымдуу жеткириштен кыйналышат. Ошондуктан мен жазуунун формасына эмес, сүйлөмдөрдүн, абзацтардын жана чоңураак тексттердин түзүмүнө көбүрөөк көңүл бургум келет. Биздин бул топтун максаты жолугушуп, жогоруда айтылган көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча тажрыйбабызды жана ойлорубузду алмашып туруу болушу мүмкүн. Мен бул жаатта эксперт эмесмин, бирок айрым ыкмалар башкаларынан кыйла натыйжалуу болорун билем. Эгер сиз бул топко кошулгуңуз келсе, анда мага кат жазыңыз: Лилия Сутенова, Жалал-Абад ш., №1 мектеп же 73245521 номуруна вотсаптан билдирме жибериңиз. |
Мугалимдер тобу (ал адегенде эки-үч кишиден деле турушу мүмкүн) түзүлгөндөн кийин, алгачкы жолугушууну кантип уюштурууну ойлонушуңуз керек болот.
Качан? Баштапкы этапта сиз жолугушууну мектепте сабактар аяктагандан кийин уюштура аласыз. Кийинчерээк муну кесиптик өсүш боюнча иш-чара катары окуу убагында деле өткөрсө болот. Бирок эгер жолугушууну электрондук почта аркылуу же Facebook барагында уюштургуңуз келсе, каалагандай убакытта иштей бересиз.
Кайда? Жолугушууну мектепте же онлайн уюштурса болот (онлайн жолугушуу виртуалдуу өткөрүлөт).
Эмне? Алгачкы жолугушууларда бири бириңиздер менен таанышып, коомдоштукка кошулуу себептери тууралуу сүйлөшсөңүздөр, анан бир нече негизги милдеттерди макулдашып белгилесеңиздер болот.
Анан иш-чаралар планын түзүү зарыл. Сиздердин конкреттүү ПКнын планына төмөндөгүдөй суроолор камтылышы мүмкүн:
окутуудагы өз тажрыйбаңыздарды талкуулоо;
окуучулардын окуп-үйрөнүүсүндөгү маселелерди талкуулоо;
мугалим катары сизди ойлонткон маселелерди талкуулоо;
эмне үчүн мугалимдердин жана окуучулардын ушундай маселелери келип чыгарын, аларды кантип чечүүгө болорун талкуулоо;
иште колдонуу үчүн окутуу усулдары боюнча изилдөөлөрдү табуу жана тажрыйба үйрөнүү ыкмаларын талкуулоо;
бул изилдөөлөрдөн алынган билимдерди биргелешип пайдалануу жолдорун талкуулоо;
жаңы идеяларды сынактан өткөрүү үчүн топ кайсы бир эксперименттерди кантип жүргүзсө болорун талкуулоо.
Буга чейин эле айтылгандай, бул этапта адеп кодексин да талкуулап, сактай башташ керек.
Сиз кабар жибергенден кийин шаарыңыздагы жана кошуна райондордогу мектептерден отуздай мугалим ПКга кошулушту. Сиз Facebook аркылуу олнайн-тайпа түздүңүз.
ПК ийгилиги тайпаны кандай башкарып, анын мүчөлөрү менен иштешкениңизге жараша болот. Төмөндө кантип ийгиликке жетишүү боюнча бир нече кеңеш берилет.
Мугалимдердин колу дайым эле бошобойт, ошондуктан ар кандай материалдарды же күн тартиби жөнүндө маалыматты жолугушуу алдында жиберип коюңуз. ПК мүчөлөрүнүн жолугушуусун үзгүлтүксүз өткөрүп, күн тартибин да ар ким өз сунушун киргизе алгыдай кылып мүмкүн болушунча эркин түрдө түзүңүз – ошондо биримдик сезими бекемделет.
Сиз ПКнын жетекчиси же эксперти эмес, алып баруучу экендигиңизди эстен чыгарбаңыз.
Жолугушуунун башында ПК мүчөлөрү өздөрүн эркин сезип, жаңы ишке көңүлүн топтогудай иштеш керек. Эгер мугалимдер эми эле сабактан келсе, кесиптик өсүш маселесине көңүлүн дароо бурдуруш кыйын болот. Мында өткөөл жасаш үчүн бүгүн күн кандай өттү, соңку айда жумуштагы эң орчундуу учур кайсы болду деп сурасаңыз болот.
Жаңы идеяларды киргизерде биз көбүнчө аларды адамдар түшүнүшү үчүн убакыт керектелерин унутуп коёбуз.
Жаңы идеяларды же усулдарды колдонууда мугалимдердин мындай суроолору келип чыгышы мүмкүн:
Бул менин педагогикалык ишиме кандай таасир этет?
Жаңы идеяны мен туура эле түшүндүмбү?
Бул жаңылык менин окуучуларым менен иштешиме кереги тиеби?
Жаңы идеяларды жүзөгө ашыруу үчүн кайсы ресурстар, канча убакыт керек болот?
Аларды жүзөгө ашыруу үчүн кайсы кадамдарды жасаш керек?
Бул тез эле боло койбойт. Ошондуктан мазмундуу материалдарды өтө эле көп киргизе бербей, ар бири жөнүндө акыл калчоого жетиштүү убакыт бериш керек.
Канча убакыт керектелерин айтыш кыйын, анткени бул темага жараша болот. Бирок идеяны бир катар айтып бергенден кийин эле: «Сиздер макулсуздарбы?» - деп сурашка шашпаш керек.
Тайпалардагы талкуу алдында чаканыраак топтордо, андан да жакшысы, жуптарда талкуу өткөргөн оң. Ошондо түшүнбөстүктөргө жол берилбейт да, убакыт бөөдө коротулбайт. Бул атүгүл көптөгөн талаш-тартыштардагы жөнсүз ойлорду сынчыл баалашка да мүмкүнчүлүк берет.
6.5 Чыр-чатактарды тескеп туруңузИдеялар талкуулап жаткан топтун ишине катышууда кагылышуулар жана түшүнбөстүккө алып келиши, мунун айынан ПКнын иши жакшы жүрбөй калышы ыктымал. Реалдуу да, онлайн да ПКларда ушундай болушу мүмкүн.
Мындай кырдаал төмөндөгүдөй жагдайга алып келиши ыктымал:
Кээ бир адамдар катачылыгын моюндагысы келбегендиктен эле жөнү жок идеяларда жактай берет.
Бир адам талкууда жана талаш-тартышта үстөмдүк кыла берет де, башкалар кызыкпай же идея боюнча пикир айткысы келбей калат.
Эгер үстөмдүк кылган идеялар жаңылыш же айрым жактары туура эмес болсо, анысына карабай жайылтыла бериши, майнапсыз иш улантыла бериши мүмкүн.
Талаш-тартышты жактырбаган адамдардын жүйөлүү сунуштары угулбай калышы ыктымал.
Чыр-чатактын өзү дайым эле жаман боло бербейт. Идеялардын кагылышуусу көбүнчө өсүшкө түрткү берет.
Чыр-чатак бир нече киши эле үстөмдүк кылышына же жаңы идеялардын жөндүү каралбай калышына алып келсе, ал көйгөйгө айланат.
Мындай учурда алып баруучу катары төмөндөгүдөй иш жүргүзүңүз:
Катышуучуларга ПК максаттарын жана адеп кодексин (эгер иштелип чыккан болсо) эстетүү.
Талаш-тартышта же сындаганда идея эмес, адам тууралуу сөз болуп кетсе, дароо кийлигишүү.
Өзүңүздүн иш-аракеттериңизге көз салыңыз. Эгер алып баруучу эмес, башчы катары мамиле кылсаңыз, башка катышуучулар да өз ойлорун өкүмчүл нукта айта башташы мүмкүн.
Анча умтула бербеген адамдар өз пикирин айтып, суроо бериши үчүн талкуунун жаңы ыкмасын табыңыз (мисалы, жогоруда айтылгандай, эки-экиден диалог жүргүзүү).
Ар бир адамга өз пикирин айтуу мүмкүнчүлүгүн бериңиз.
Күн тартибинде ар бир тема үчүн убакытты аныктап коюңуз. Эгер кайсы бир темада талаш-тартыш созулуп кеткидей болсо, ага кийинчерээк убагы келгенде кайрылууну же талкууну улантыш үчүн өзүнчө чакан топ түзүүнү өтүнүңүз. Ой жүгүртүүгө бөлүнгөн кошумча аз эле убакытта сиз идеяңызды башкача карап калышыңыз ыктымал.
Ар башка көз караштагы тараптардан өздөрүнүн ойлорун ырастаган далилдерди келтиришин өтүнүңүз. Далилдер менен себеп-натыйжа байланыштарын издей баштаганыбызда, көбүнчө идеяларыбыз чындыгында негизи жок экендигин түшүнөбүз.
Адамдардын кесиби боюнча эле эмес, инсандык ыңгайда деле жолугушуп турушуна мүмкүнчүлүк түзүүгө аракеттениңиз. Онлайн ПКларга бейформал жекече кездешүүлөр да пайдалуу болушу ыктымал. Жакындан тааныган адамга орой мамиле кылыш кыйыныраак болот эмеспи.
Темаларды жакшы айкалыштырууга умтулуңуз. Адамдар өздөрү билбеген тема боюнча каршы позицияны карманып көрсө, көптү билген темасы боюнча башкалардын пикирин укканды үйрөнөт.
Каршылашуу күчөп, талашкандар ачууга алдырып, акаарат сөздөр айтыла баштаса, чара көрүңүз. Онлайн ПКда фасилитатор сайттын модераторунун да ролун аткарып, акааратчыл комментерийлерди өчүрүп турушу керек.
ПКны кантип түзүү жана кызматташтыкты бекемдөө керек
Төмөнкү бөлүмдө биз ПКнын ишмердигин кантип колдоп, бекемдеш керектигин айтабыз. Бул сунуштарды түздөн-түз да, онлайн да ПКларга колдонууга болот.
Биринчи сунуш – баардык мүчөлөр менен макулдашып, адеп кодексин иштеп чыгуу. Адеп кодекси мыйзам эмес, анда баардык суроолор жана баалуулуктар макулдашылат да, ПКнын ар бир мүчөсү кодекстен бир нуска алат. Мунун 1.0-тиркемеде келтирилген үлгүсүн пайдалансаңыздар болот.
Кийинки кадам – ПК мүчөлөрү менен биргеликте алгылыктуу, ынанымдуу (башкалар да катышып, салым кошкусу келгидей) максаттарды коюу.
Бирок бул ПКнын ички максаттары эле болушу да мүмкүн. Биздин класстар, мектептер үчүн жөнөкөй, бирок дымактуу максаттарды көздөсөк болот, мисалы:
«Окуучулардын текст окуу боюнча жетишүүсү жыл аягына чейин 30 %га жакшырат».
«9-класстын программасы боюнча жетишүүсү төмөн болгон окуучулар 5 %дан ашпай калат».
«Биздин райондогу мектептердин баарында 5-7-класстарда музыка боюнча жетишүүнү баалоонун стандартташкан усулдары болот, окуучуларга баалар жакынкы эки жылда ушул усулдарды колдонуу менен коюлуп турат».
Жаңылык жаңы болбой калган кезде коомдоштук мүчөлөрүнүн кызыгуусун басаңдатпай кантип сактап каласыз? Эгер узак мөөнөттүү (бир нече айдан ашуун убакытка) иш чаралар планын түзүп, катышуучуларга тааныштырсаңыз, алар кызыгышы көбүрөөк ыктымал. Жолугушуу учурунда ПК мүчөлөрү ар түрдүү темаларды талкуулашы, өз иштери кандай жүрүп жатканын айтышы же жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыгын чыгарышы мүмкүн. Эң жакшысы, ар бир мүчө ПКнын ар бир иш чарасында кандайдыр бир жаңы жана пайдалуу нерсени үйрөнүшү керек. Мүчөлөрдүн кызыгуусу начарлабашы үчүн иш чаралардын темаларын жана түрлөрүн түркүмдөштүрүү керек.
Ар кандай ишти жүзөгө ашыргандан кийин сиз аларга баа беришти уюштурушуңуз керек, анткени эгер ПК мүчөлөрү иштин пайдалуу экендигин көрбөсө, тез эле кызыкпай калышат. Баалоо усулдарынын айрымдары сиздер үчүн пайдалуу болот.
ПК кызматташтыкка жана ачык-айкындыкка негизделиши керек, ошондуктан ар иринин салымысыз ПК туруктуу өнүгүшү мүмкүн эместигин мүчөлөрдүн баары билиши зарыл. Иш кеңейген айын мүчөлөрдүн кимиси кайсы ролдорду аткарарын тактай бериш керек. Алар фасилитатор «башчы» эмес экендигин да биле жүрүүгө тийиш.
Өнүгүп-өсүп туруу үчүн команда мүчөлөрүн демейки жагдайларга, түшүнүктөргө сын көз менен карап, акыл чабуулу аркылуу ачык-айкын, беймарал талкуу жүргүзүп турушу кажет. Команда мүчөлөрүн алар туш келген кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө шыктандыруу керек. Командада ушундай маанай көнүмүшкө айланганда, мүчөлөр мындай ишенимди акташка умтулат. Алардын ойлорун, жүйөлүү пикирлерин жана идеяларын да сурап туруу керек. Алып баруучу менен канчалык жакын баарлашса, алар салым кошууга ошончолук дилгирленет.
Экономикасы эң эле өнүккөн өлкөлөрдө деле билим берүү жаатындагы алдыңкы усулдар боюнча бирдиктүү көз караш жок. Ошондой болсо да, жаңы усулдарды тесттен өткөргөн жаңы илимий ыктар пайда болууда. Аларга таянып, жаңы усулдардын алгылыктуулугун сынчыл бааласа болот.
Окутуу практикасында сынчыл иликтөө жана инновациялар керек, ал эми мугалимдер дайыма окуп-үйрөнүп, окуучулардын жетишүүсүн жакшыртуу ыкмаларын издеши кажет. Б. а. ПКда башкалар жасаган нерселерден билим алуу жана/же теорияларды сунуштоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу жана талдоо, алардын негизинде ошол теорияларды кантип пайдалануу боюнча тыянак чыгаруу сыяктуу илимий да усулдар колдонулушу керек. Адатта мындай жаңылыктар биргелешкен иш-аракет аркылуу гана ийгиликтүү жүзөгө ашырылат.
Мектепте ПК түзүүнүн бир нече жөнөкөй эрежеси бар.
Эшик – бул чегараны белгилеген катуу чектегич, ал биздин мейкиндик жана бири бирибиз менен катышуубузга таасир этет. Эшик ачканда, сиз орчундуу кадам жасайсыз. Жөн гана эшик ачып, сабак өтүү менен сиз кесиптештериңиздин көңүлүн классыңызга (сабактагы кобур-собурга, мугалимдин түшүндүрүүсүнө) бурасыз, бул өз ара иштешүүгө жөнөкөй жол ачат. Кийинчерээк кесиптештериңизди сабагыңызга чакырып, окутуу усулуңуз жөнүндө пикирлерин айтуусун өтүнсөңүз болот.
Эгер мектебиңерде кызматташуу маданияты жакшы калыптанбаган болсо, деректирдин же анын орун басарларынын класска кирип отурушу окуучуларды чочулатышы мүмкүн. Сабактарга өз ара катышуу учурунда мындай болбошу үчүн эркин түрдө тандап алынган, кайтарым байланыштуу чакан топторду түзүү керек. 3-4 кишилик бул топтор ага киргендердин баарынын жок дегенде бирден сабагына сереп жасоо милдетин аркалашы кажет.
Кесиптик өсүштү колдоо максатында биз (кесиптик үзгүлтүксүз өнүгүү) усулдарынын бири катары башка каражаттарды, мисалы, сабакка сереп жасоо барагын карап көрүңүз деп сунуш кылабыз.
7.3 Ийгилигиңизди баяндап, үлгү көрсөтүңүзМугалим үчүн окуучуларынын аракетчил болуп, жакшы жетишип жатканын, буга багытталган өз ишинин жемишин көрүүдөн артык кубаныч болбос. Ийгиликтерди бөлүшүү – кесиптештер менен өнүмдүү кызматташуудагы биринчи кадам. Өзүңүздүн бөлүмдөн баштап, викториналарды, таблицаларды, материалдарды… – кыскасы, кесиптештериңизге пайдалуу болот деп эсептеген нерселериңизди көрсөтүңүз. Кесиптештериңиздин баары эле кызматташа бербеши мүмкүн, бирок сиз жигердүү катышуучулардын жардамы менен мектептеги кызматташтык демин күчөтө аласыз.
Мугалимдер бөлмөсү – бул көбүнчө ар кимдин орду катуу жана даража-ирээт менен аныкталган мейкиндик. Кандай пландалганына карабастан, дайым иштеген кызматкерлердин «өз» орундуктары, үстөлдөрү болот. Мындан тышкары, көбүнчө «жааттар», предметтер боюнча болсо да, түзүлүп калышы ыктымал. «Предметтик жааттар» ПК түзүүгө негиз боло алаары чын, бирок эгер көздөгөнүңүздөр баалоо сапатын жакшыртуу болсо, анда предмет аралык топ мындай максатка кыйла шайкеш келиши ыктымал.
Ошондуктан мугалимдердин баарлашуусу үчүн өзүнчө орун бөлүшү үчүн мектеп жетекчилери менен сүйлөшүүңөр керек болушу ыктымал. Анда тегерек үстөл койгудай жер мугалимдер бөлмөсүнүн ортосунан алысыраак болгону оң.
Бир-эки мугалимди кызыктырып, жетекчилердин колдоосуна жетишкен соң, мугалимдердин бейформал жагдайда жолугушуп, чай же кофе ичкенче сүйлөшүп отуруу мугалимдердин чыгармачыл демин күчөтүүгө эң жакшы шарт болот. Кызматкерлердин баарын дүйшөмбү күнү сабактар башталар алдында же эртең мененки биринчи танаписте кофеге, шам-шум кылганга чакырыңыз. Айрымдар бир жума мурун эле муну ойлогонго чамасы келбестир, ошондуктан кесиптештердин беш эле мүнөттүк кездешүүсү коллегиялуулукту көрсөтүп, биримдик сезимин бекемдейт жана кызматташууга ыңгай жаратат. Мугалимдер жарым жүктөм менен сабак берип, башка жакта да иштегендиктен мектеп менен тыгыз жуурулушпаган шартта, коомдошуунун мындай ыгы өзгөчө маанилүү болот. Бул өзүнө анча ишене албаган жаш мугалимдерди тартуу үчүн да ыңгайлуу ыкма.
Кызматкерлердин чогулушунда, тилекке каршы, көбүнчө администрациялык нуктагы маселелер каралат, булар зарыл болсо да, адамдарды ишке дилгирлентпейт. Эгер сиз айрым темалар боюнча семинар өткөрүү үчүн жетекчилик менен иштешсеңиз, анда сөз сүйлөгөнгө кесиптештерди башка мектептерден чакырсаңыз жакшы болот.
8 Практиктер коомдоштугун түзүү үчүн маалымат технологиясын колдонууЖол кире кыргызстандык мугалимдер үчүн чоң эле чыгым болот, ошондуктан коомдоштуктун ар кайсы облустарда жашаган мүчөлөрүн дайым жолуктуруп туруу кыйын. Бирок эгер мектеп интернетке кошулган болсо, көзмө-көз жолугушуу зарылдыгы азайышы ыктымал.
Электрондук почтаны деле өзүнчө сонун колдонууга болот. Ошондой болсо да, мектептерде, айрыкча шаарларда, телефон тиркемелерин (мисалы, WhatsApp), социалдык желелерди (мисалы, Facebook) жана блогдорду көп колдонушат.
WhatsApp, Facebook Messenger же Skype функцияларын колдонгондо, сүйлөшүүгө кошулган бир нече киши менен видеоконференция өткөрүүгө болот. Эгер интернет жакшы жеткиликтүү болбосо, видеосун өчүрүп, үндү жакшыраак уга алабыз.
Социалдык желелер талкуу клубдарын уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мисалы, Facebook’та видеону, жаңылыктарды же фильмдерди талкуулап туруш үчүн топторду (жабык, жашыруун же жалпыга ачык топторду) түзүүгө болот.
Google’да төмөндөгүдөй да функция бар:
Google мугалимдер ортосунда алмашуу үчүн атайын таянычтарды жана мейкиндиктерди даярдаган. Бирок алар азырынча кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү эмес.
ПК мүчөлөрү мындай биримдикке арналган веб-сайт түзүүнү чечиши мүмкүн. Веб-сайт түзүү үчүн компьютер жаатындагы илимий даража талап кылынбайт. Эгер Word программасын жакшы билсеңиз, ар кандай коддоштурууларды окуп-үйрөнбөй эле веб-сайт түзө аласыз.
Муну кантип ишке ашырууга болорун түшүндүргөн атайын сайт бар. Биз булардан үчөөн сунуштайбыз:
Wix. https://ru.wix.com Зарыл коддорду билбей туруп деле муну опоңой пайдаланууга болот. Эгер атайын акысын төлөп, чектеп салгыңыз эле келбесе, сиздин сайтта ар кандай анча тажатпай турган жарнамалар чыгып турат. Wix сайтты өзүңүздүн серверде гана жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берет.
UCOZ. https://www.ucoz.com/#choice-anchor Бул сайт жөнөкөй, бирок өзүнүн жарнамасын чыгарып турат. Серверинде айрым чектөөлөрү бар.
Wordpress. https://ru.wordpress.org Бул сайтты пайдалануу бир аз татаалыраак, бирок кыйла ийкемдүү. Муну окуп-үйрөнүп алсаңыз, Wordpress’ти колдонгон адамдардын чоң коомдоштугун түзө аласыз.
Бул сайттардын баары орус тилинде гана жеткиликтүү, азырынча кыргызчасы жок.
Сиздин ПКнын веб-сайтынын максаты мүчөлөрдүн оңой иштешүүсүнө, издегенин табышына жана видеолорду, тексттерди, аудио жазмаларды, пикирлерди алмашуусуна мүмкүндүк жараткан китепкана ресурстарын жана талкуу мейкиндигин түзүү болушу керек.
Сайттын жасалгасы, биринчиден, ушул иш-аракеттердин аткарылышын жеңилдетиши, экинчиден, сиздин максаттарга ылайыкталышы керек. Интернетке кирип, биз үлгү катары сунуштаган кээ бир сайттарды карасаңыз, эң мыкты сайттар демейде жөнөкөй жана иштөө түзүмү даана экендигин көрөсүз.
Тиркемелер
Төмөндө адеп кодексинин үлгүсү келтирилди. Сиз аны ыңгайлаштырып, практиктер коомдоштугуна кошулууну каалоочулардын баарына жиберип койсоңуз болот:
Бизди окуучулардын жетишүүсүн жакшыртуу үчүн колдонулуучу усулдарды өркүндөтүү деген жалпы максат бириктирип турат.
Биз баарыбыз окуп-үйрөнүүгө дилгирбиз.
Биз дайым билим берүүнү жакшыртуу жагынан БИМ менен өнөктөш болуп иштейбиз.
Биз дайым коомдоштугубузда айтылган пикирлердин купуялыгын сыйлайбыз.
Биз ПКда өз ишин ортого салган катышуучунун уруксатысыз аны тышкарыга таратпайбыз.
Биз коомдоштугубузда ортого салынган эч кайсы ишти, эгер ээси өтүнбөсө, сындабайбыз. (Эгер башкалар сунуштаган сабак пландары сизге жакпаса, аны колдонбоңуз. Бирок сындабаңыз, болбосо башкалар өз иштерин бөлүшпөй калат).
Биз сунуш айткан адамды эмес, анын идеясын сындайбыз. ПК өз мүчөлөрүнүн кесиптик сапаттарын талкуулоо үчүн түзүлгөн эмес.
ПКнын каалагандай мүчөсү өзү өтүнбөсө, анын пикирин сындабайбыз.
Биз керек болсо ПКнын жаңы мүчөлөрүнө колдоо көрсөтөбүз.
Биз билгендерибизди коомдоштуктун калган бөлүгүнө сунуштайбыз.
Эгер макул болбосоңуз, биз макулдашпадык деп коёбуз (ар ким өз пикирин жактайт).
Эгер жаңы идеяларды сунуштасак, алардын тууралыгына далил келтиришке мүмкүн болушунча аракет кылабыз.
ПКнын бир дагы мүчөсү топто макулдашылган окутуу усулдарын колдонууга милдеттүү эмес.
Эми жогоруда айтылган жана бир нече башка онлайн ПКлардын шилтемелерин келтиребиз. Айрымдары англис тилинде экендигине көңүл буруңуз.
Чет тил мугалимдеринин форуму https://www.facebook.com/Forum-Foreign-Language-Teachers-Association-264131520320119/
Казакстан http://enet.kz/#sthash.0ftjC5JD.7GYr3mOm.dpbs
Окуу бөлүм башчылары үчүн ПК. http://www.zavuch.ru/methodlib/
Математика мугалимдери (бул сайт Жаңы Зеландияда түзүлгөндөй көрүнсө да, орус жана англис тилдеринде экендигине көңүл буруңуз). http://mathimc.blogspot.co.nz/
Орус тилиндеги жалпы сайт. http://pedsovet.su/
Россиянын мектептеринде маалымат технологияларын жайылтууга арналган ПК, муну Россиянын Кадр даярдоо боюнча улуттук фонду башкарат. http://www.openclass.ru/
Россиядагы кызматташууга колдоо көрсөтүүчү жалпы багыттагы сайт. http://intergu.ru/
Россиянын чыгармачыл мугалимдер желеси. http://www.it-n.ru/
Россиянын ПКларын бириктирген сайт. http://metodisty.ru/
Мугалимдер кошулса болгудай жалпы сайт. http://www.proshkolu.ru/
Австралиядагы математика мугалимдеринин ПКсы. http://www.aamt.edu.au/Communities
Түштүк Африкадагы математика мугалимдери үчүн мыкты иштелип чыккан сайттардын бири. http://mathsliteracy.ning.com/
Жылдызча менен белгиленген жарыялар айрыкча ПКлар үчүн маанилүү
* Сабак өткөрүүдөгү байкоолор. 1.1-таяныч*
* 1.2-насаатчылык таянычы
Мугалимдин портфолиосу, 1.3-таяныч
* Мугалимдердин окуп-үйрөнүү жагынан керектөөлөрүн өздөрү баалашы. 2.1-таяныч
* Окуу бөлүм башчыларынын окуп-үйрөнүү жагынан керектөөлөрүн өздөрү баалашы. 2.2-таяныч
* Администрациялык иштер боюнча жетекчилердин окуп-үйрөнүү жагынан керектөөлөрүн өздөрү баалашы. 2.3-таяныч
* Кесиптик өсүш боюнча жекече план. 4.1-таяныч
Кесиптик өсүш боюнча жалпы мектеп планы. 4.3-таяныч.
Билим берүү маселелерин серептөө боюнча бюро (БМСБ) (2016-ж.) Окутуу коомдоштуктары | Кахюи Ако. Окуучулардын жетишүүсүн жакшыртуу үчүн кызматташуу: Мыкты натыйжаларга эмнелер жеткирет: Далилдер. http://www.ero.govt.nz/ assets/Uploads/Collaboration-to-Improve-Learner-Outcomes.pdf
Еойн Ленихан (2016-ж.). Сиздердин мектептеги мугалимдердин кызматташуусун бекемдөөнүн жөнөкөй 10 ыкмасы. http://eoinlenihan.weebly.com/blog/-10-simple-ways-to-promote-staff-collaboration-in-your-school
Фуллан M., Ринкорн-Галлардо С. жана Харгривз A. (2015-ж.). Кесиптик капитал, отчёттор түрүндө. Билим берүү саясатын талдоо архивдери. 23(15). http://dx.doi.org/10.14507/epaa. v23.1998. Seen at https://epaa.asu.edu/ojs/article/view/1998/1511
Хэтти Дж.. Билим берүү чөйрөсүндө мыкты натыйжаларга эмнелер жеткирет: Кесиптик билимдер чөйрөсүндөгү кызматташуу саясаты. https://www.pearson.com/content/dam/ corporate/global/pearson-dot-com/files/hattie/150526_ExpertiseWEB_V1.pdf
Холм-Грейвен M. (2002-ж.). Математика мугалимдерин окутуу, практиктер коомдоштуктары жана ишенимдин мааниси. https://www.ru.ac.za/media/rhodesuniversity /content/sanc/ documents/MHG-Full-PHD-2002.pdf
Люкс-Хорсли С., Стайлз K.E., Мандри С., Лав Н., Хьюсон П. (2010-ж.). Табигый илимдер жана математика мугалимдери үчүн кесиптик өсүштүн усулдарын иштеп чыгуу. Горвин. Сейдж.
Нихука K.A. (2010-ж.) Мугалимдерди окутуу үчүн иштешүүчү практиктер коомдоштуктары: Танзаниянын шартында жумуштан калтырбай окутууну уюштуруунун мааниси. http://www.tzonline.org/pdf/collaborativecommunitiesofpracticeforteacher.pdf
Пирко И., Виктор Дорфлер В., Еден C. (2016-ж.). Биргелешип түшүнүү: Практиктер коомдоштугу кантип ийгиликтүү болот? Ронфельдт M., Фармер С., Макквин K. жана Гриссом Дж. (2015-ж.). Окутуу топторунда мугалимдердин кызматташуусу. Америкадагы билим берүү жаатындагы изилдөөлөр журналы, 52(3), 475-514. https://learningforward.org/docs/default-source/jsd-october-2015/high-quality-collaboration-benefits-Учителя -and-students.pdf
Роуд Айленддеги камкорчулар кеңеши – Башталгыч жана орто билим берүү (2012-ж.). Окутуу менен баалоонун байланышы: Кантип мыкты практиктер коомдоштугунун алып баруучусу болуу керек? http://www.ride.ri.gov/Portals/0/Uploads/Documents/Instruction-and-Assessment-World-Class-Standards/Assessment/Formative-Assessment-PD-Online-Modules/Becoming_a_Successful_CoP_Facilitator.pdf
Венгер E. (2006-ж.). Практиктер коомдоштуктары: Кыскача кириш сөз. http://wenger-trayner.com/introduction-to-communities-of-practice/
3