СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биология предметинен тест

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Биология предметинен тузулгон тесттик тапшырмалар, орто окуу жайларда окуган студенттер учун.

Просмотр содержимого документа
«Биология предметинен тест»

«Биология» предмети боюнча тесттик тапшырмалар.

Вариант 1

1. Майда чымыны – дрозофилланын канатындагы тарамыштарынын өзгөрүшү кайсы өзгөргүчтүккө кирет?

а) мутациялык б) модификациялык в) корреляциялык г) компенсациялык

2. Өзгөргүчтүктүн тукум кубалоочу формасын көрсөткүлө.

а) фенотиптик б) топтук в) салыштырмалуу г) комбинациялык

3. Омурткалуу жаныбарлар өрчүүнүн кайсы этабында бири – бирине окшош болушат:

а) түйүлдүктүн өрчүүсүнүн эн алгачкы этабы в) постэмбриондук

б) түйүлдүктүн өрчүүсүнүн кечки этабы г) жетилүү мезгилинде

4.«Түр» деген терминдин алгач илимге киргизилиши

а) Жан Рей б) Карл Линней в) Ж. Б. Ламарк г) Г. Р. Тревиранус

5. Өсүмдүктөр азыктануусу боюнча

а) автотрофтуу б) гетеротрофтуу в) автотрофтуу, гетеротрофтуу

6. Түр бул –

а) морфо – физиологиялык окшоштугу бар, өз ичинде эркин аргындаша алган жана тукум калтырган топ аталат

б) атаандаштыкка чыдамдуу особдор аталат

в) белгилүү аймагы бар топ аталат г) белгилүү сандагы топ аталат

7. Белоктор организмде аткарган кызматтар

а) куруучу, сигналдык б) катализдик в) коргоочу г) аталгандардын баары

8. Эгерде өрөөндө өскөн каакымдын сабагы түз, жалбырагы чон болсо өзгөргүчтүктүн кайсыл формасына тиешелүү,

а) модификациялык өзгөргүчтүк б) мутациялык өзгөргүчтүк

в) корреляциялык өзгөргүчтүк г) геномдук өзгөргүчтүк

9. Клетка теориясын ким тарабынан негизделген

а) Роберт Гук б) А. Левенгук в) Т. Шванн г) М. Шлейден

10. Клеткада эн көп кездешкен элементтер

а) кычкылтек, калий, фосфор, фтор б) магний, калий, натрий, азот

в) кычкылтек, көмүртек, суутек, азот г) иод, жез, фтор, суутек, азот

11. Крахмал түзүлүшү боюнча

а) моносахариддер б) полисахариддер в) дисахариддер г) трисахариддер

12. Нуклеин кислоталары булар

а) углеводдор б) белоктор в) ДНК жана РНК г) липиддер

13. ДНКнын курамына кирген углевод

а) дезоксирибоза б) рибоза в) фруктоза г) целлюлоза

14. Митоздук циклдин мезгилдери а) 4 б) 3 в) 2 г) 5

15. Градация деген а) эволюция процессинде тирүү жандыктардын түзүлүшүнүн акырындык менен жогорулашы б) организмдердин классификацияланышы в) органикалык дүйнөнүн этаптары

г) органикалык дүйнөнүн тарыхый өөрчүшүнүн жалпы көрүнүшү

16. Жасалма тандоо ким аркылуу жүргүзүлөт?

а) табияттын шарты б) жаныбарлар в) адам

17. Эволюциянын натыйжасы…

а) түрлөрдүн көп түрдүүлүгү б) өзгөргүчтүк

в) табигый тандалуу г) тукум куучулук




18. Дарвин боюнча жашоо үчүн күрөштүн мүмкүн болбогон формасын тандагыла

а) түр ичиндеги күрөш б) түр ортосундагы күрөш

в) антропогендик факторлор менен болгон күрөш

г) сырткы чөйрөнүн жагымсыз факторлору менен болгон күрөш

19. Өзүнөн кийин тукум калтырып женип чыккан процесс, бул

а) табигый тандалуу б) жашоо үчүн күрөш

в) жасалма тандоо г) түрдүн пайда болушу

20. «Мимикрия» деген терминди кандай түшүнөсүн?

а) коргонуучу формасы же башка коргоочу касиети жок жаныбарлардын коргонуу функциялары бар же уулуу жаныбарларга окшоштугу

б) уулуу заттардын бөлүнүп чыгышы

в) эскертүүчү түс г) айбат кылуучу түс

21. Түрдүн критерийлеринин арасынан кайсынысы эн негизгиси?

а) морфологиялык б) эколого – географиялык

в) физиолого – биохимиялык г) генетикалык

22. Бир түрдүн особдорунун тирчилик процесстеринин окшоштугу, бул…

а) биохимиялык критерий б) генетикалык критерий

в) морфологиялык критерий г) физиологиялык критерий

23. Чебер адам латынча… деп аталат.

а) Homo sapiens б) Homo habilis

в) Homo erectus г) Australopithecus afrikanus

24. Организмдердин чөйрө менен болгон карым катнашын… изилдейт.

а) морфология б) генетика в) систематика г) экология

25. Түрдүн табиятта ээлеген жалпы ареалы, бул…

а) географиялык критерий б) экологиялык критерий

в) морфологиялык критерий г) генетикалык критерий

26. Особдорду бир популяцияга… бириктирет.

а) обочолонуу б) азыгынын окшоштугу

в) жырткычтар г) эркин аргындашу

27. Организмдерди жогорку денгээлдеги түзүлүшкө көтөргөн жана тиричилик аракетин ылдамдаткан эволюциялык багыт…

а) идиоадаптация б) ароморфоз в) табигый тандоо г) регресс

28. Экосистемадагы органикалык затты ажыратуучулар…

а) редуценттер б) консументтер в) продуценттер г) өсүмдүктөр, жаныбарлар

29. Төмөнкү органдардан рудименттерди тандагыла:

1. адамдын аппендикси 2. адамдын кулак калканчасы 3. сокур чычкандын көзү, 4. учурдагы үч манжалуу жылкылар

а) 1,2,3 б) 2,3,4 в) 3,4,1 г) 1,2,4

30. Атавизмге … киргизүүгө болот:

а) кээ бир өсүмдүктүн гүлдөрүндө баркуттун пайда болуусун

б) куйруктуу адамдардын төрөлүшүн

в) маймылдын онтогенезиндеги куйруктун өрчүшүн

г) адамдын он колдуулугун










«Биология» предмети боюнча түзүлгөн тесттик тапшырмалар.

2 – вариант.

1. Интерфаза -

а) клетканын бөлүнүүгө даярдануу мезгили

б) жупташкан хромосомалар көрүнүп турат

в) хромосомалар клетканын уюлдарына ажырап кетиши

г) клетканын ядросу, андан кийин цитоплазма бөлүнөт

2. Вегетациялык көбөйүү а) тамырлары, калемчелери менен көбөйүү б) аталык жана энелик менен көбөйүү в) уруктары менен көбөйүү г) денелик клеткалардын көбөйүүсү

3. Организмдин жекече өрчүшү бул

а) овогенез б) эмбриондук өрчүү в) партеногенез г) онтогенез

4. Тукум куугучтук –

а) организмдин жеке өрчүшүндө жаны белгилердин пайда болушу

б) организмдин өзүнө таандык белгилерин жана өрчүү өзгөчөлүктөрүн кийинки муундарга берүү касиети

в) организмдин өрчүшүндө сырткы белгилеринин өзгөрүүсү г) организмдин өрчүшүндө гендердин өзгөрүшү

5. Тамак – ашта йодтун жетишсиздиги кайсы бездин ишмердүүлүгүнүн бузулушуна алып келет:

а) калкан бездин б) ашказан алдындагы бездин

в) шилекей безинин г) уйку безинин

6. Генетика илими эмнени изилдейт

а) тукум куугучтуктун закон ченемдүүлүктөрүн

б) өзгөргүчтүктүн закон ченемдүүлүктөрүн в) генотип жана фенотипти

г) тукум куугучтуктун жана өзгөргүчтүктүн закон ченемдүүлүктөрүн

7. Г. Менделдин биринчи закону

а) биринчи муундун бирдейлиги б) экинчи муундун бирдейлиги

в) белгилердин ажыроосу

8. Доминанттуулук -

а) үстөмдүк кылган белги б) басынган белги

в) белгилердин ажыроосу г) белгилердин бирдейлиги

9. Ген деп

а) тукум куугучтуктун элементардык бирдиги

б) ДНК молекуласынын белгилүү бир бөлүгү

в) белгилуу бир белоктун синтезине жооп берүүчү жана кандайдыр бир белгинин өрчүшүнө жооп берүүчү хромосоманын участогу г) аталгандардын баары

10. Прокариоттук организмдер

а) бактериялар, көк жашыл балырлар б) козу карындар

г) жогорку түзүлүштөгү жаныбарлар в) мохтор

11. Клетканын курамындагы органикалык заттар

а) белоктор, углеводдор б) микроэлементтер

в) суу жана туздар г) макроэлементтер

12. Гидрофилдүү заттар кайсылар?

а) спирт, углеводдор б) липид, майлар в) каучук, полиэтилен г) холестерин

13. Клеткада нуклеин кислоталарынын кандай түрлөрү бар?

а) ДНК жана РНК б) АТФ жана АДФ

в) белок жана углевод г) липид жана май





14. Митоздук цикл деп

а) адистештирилген клеткалардын бөлүүнүсү (мисалы: скелет булчундарында, шишик клеткаларында)

б) бир бөлүнүүдөн экинчи бөлүүнүгө чейин, жаны клеткалардын пайда болушу

менен бүткөн клеткадагы процесстердин жыйындысы

в) ДНКнын синтезделиши жана хромосомалардын калыптанышы

г) жыныстуу көбөйүү

15. Эмбриондук өрчүү бул -

а) түйүлдүктүн өрчүшү б) организмдин өрчүшү в) клетканын өрчүшү

16. Адамдын адам сымал маймылдардан айрымасы:

а) тырмактары бар б) алакандарында түктөрдүн жок болушу

в) бетинде түктөрдүн жок болушу г) эки буту менен түз басат

17. Адамдын жаныбарларынан келип чыгышынын далилдери:

1.Адамдын жана жаныбарлардын түзүлүшүнүн окшоштуктары, 2. Адамдын жана жаныбарлардын түйүлдүктөрүнүн окшоштуктары, 3. Рудименттик органдарынын болушу, 4. Атавизмдер 5. Клеткалык түзүлүш 6. Химиялык курамынын окшоштугу

а) 3,4,5,6 б) 1,3,4 в) 2,3,5,6 г) 1,2,3,4

18. Эн байыркы адамдар кайсылар?

а) питекантроптор б) архантроптор в) синантроптор г) неандерталдар

19.Түпкү тегинин белгилеринин кайталанышы эмне деп аталат?

а) атавизм б) гомологиялык орган в) аналогиялык орган г) рудимент

20. Адамдын келип чыгышында социалдык факторлордун бири:

а) табигый тандоо б) өзгөргүчтүк в) эмгек г) жашоо үчүн күрөш

21. Селекциялык тандоого негиз салуучу а) Мичурин б) Вавилов в) Иванов г) Навашин

22. Инбридинг бул –

а) жакын туугандарды аргындаштыруу б) тууган эместерди аргындаштыруу

в) адам өзү кызыккан сортторду жана пародаларды чыгаруусу

г) эки түргө кирген особдорду аргындаштыруу

23. Бир түрдүн особдорунун химиялык курамынын окшоштугу, бул…

а) морфологиялык критерий б) биохимиялык критерий

в) генетикалык критерий г) экологиялык критерий

24. Бир түрдүн особдорунун окшош чөйрөдө жашашы, бул…

а) морфологиялык критерий б) биохимиялык критерий

в) географиялык критерий г) экологиялык критерий

25. Абиотикалык фактор – бул…

а) абанын температурасынын жыл мезгилине карата өзгөрүшү

б) адамдын саздарды кургатышы

в) адамдын токойду кыркуусу г) жырткычтын жемин жеши

26. Азык тизмегиндеги организмдердин бири – бирине карата жырткычты,

а) мителик б) симбиоз в) конкуренция (мелдешчилик) г) жырткычтык

27. Биоценоз – бул…

а) бир түрдүн организмдери б) тирүү жана тирүү эмес табияттын компоненттери

в) ар башка түрлөрдүн организмдеринин бирге жайланышы

г) өсүмдүктөрдүн ар башка түрлөрү

28. Консументтер - …

а) өсүмдүктөр б) жаныбарлар в) бактериялар г) козу карындар

29. Полезой эрасына таандык мезгилди атагыла:

а) триас б) таш – көмүр в) бор г) палеоген

30. Жерде жашаган адам сымал маймыл а) горилла б) орангутан в) шимпанзе г) гиббон


«Биология» предмети боюнча түзүлгөн тесттик тапшырмалар.

3 – вариант

1. Өзгөргүчтүк бул-

а) организмдин жеке өрчүшүндө жаны белгилердин пайда болушу

б) организмдин өзүнө таандык белгилерин жана өрчүү өзгөчөлүктөрүн кийинки муундарга берүү в) организмдин өрчүшүндө сырткы белгилеринин өзгөрүүсү

2. Менделдин экинчи закону кандай окулат?

а) эки альтернативалуу белгилери менен айырмаланган гомозиготалуу организмдерди аргындаштырууда, экинчи мунда белгилер көз карандысыз комбинацияланып берилет б) бир гана альтернативалуу белгилери менен айырмаланган гомозиготалуу организмдерди аргындаштырганда биринчи муундун гибриддери фенотиби жана генотиби боюнча бирдей болушат

в) гетерозиготалуу организмдерди аргындаштырганда, анын тукумунда фенотиби боюнча 3:1 болгон катышта белгилердин ажыроосу жүрөт.

3. Гидрофобдуу заттар булар

а) спирттер, углеводдор, белоктор б) туздар

в) липид, каучук г) нуклеин кислоталары

4. Рецессивдүүлүк -

а) үстөмдүк кылган белги б) басынган белги в) белгилердин ажыроосу

5. Альтернативалуу белгилер…..

а) бири – биринен кескин айырмаланган белгилер

б) бири – бирине окшош белгилер в) бири – биринен айырмачылыгы аз

6. Эукариоттук организмдер –

а) ядросуз организмдер б) клеткасында ядросу бар организмдер в) вирустар

7. Углеводтор аткаруучу кызматты көрсөткүлө:

а) энергия булагы б) катализдик в) коргоочу г) жөнгө салуучу

8. Рибосомалар кайсы функцияны аткарышпайт:

а) заттарды ташуу б) белокторду синтездөө в) углеводдорду синтездөө

9. Денелик клеткаларга мүнөздүү бөлүнүү:

а) амитоз б) митоз в) мейоз

10. Менделдин үчүнчү закону

а) эки альтернативалуу белгилери менен айырмаланган гомозиготалуу организмдерди аргындаштырууда, экинчи муунда белгилер көз карандысыз комбинацияланып берилет б) бир гана альтернативалуу белгилери менен айырмаланган гомозиготалуу организмдерди аргындаштырганда биринчи муундун гибриддери фенотиби жана генотиби боюнча бирдей болушат. в) гетерозиготалуу организмдерди аргындаштырганда, анын тукумунда фенотиби боюнча 3:1 (генотиби боюнча 1:2:1) болгон катышта белгилердин ажыроосу жүрөт

11. Биосфера бул,

а) адамдын таасири астында өзгөргөн катмар б) жердин тирчилик жок катмары

в) жердин тирчилик бар катмарынын геологиялык бөлүгү

г) өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын биологиялык коомдоштугу

12. Атавизм деп а) калдык б) алыскы теги в) белгилер

13. Гидросферанын кайсы бөлүгүндө организмдердин абдан көп топтолушу белгилүү?

а) үстүнкү катмарында б) 50 м терендигинде в) 100 м терендигинде

г) литосфера менен атмосферанын чектешкен жеринде

14. Озон катмары кайсы сферада?

а) биосферада б) гидросферада в) литосферада г) атмосферада

15. Айлана – чөйрөнүн булганышынын антропогендик булагына кирбейт:

а) транспорт б) гейзер в) нефть платформалары г) айыл чарба

16. Түрдүн критерияларынын арасынан эн негизгиси а) морфологиялык б) эколого – географиялык в) физиолого – биохимиялык г) генетикалык

17. «Эволюция» деген сөз а) өрчүү б) өнүгүү в) өсүү г) көбөйүү

18. Ч. Дарвин «Бигл» кемеси менен дүйнөлүк саякатка чыккан а) 1831 – 1836 жж б) 1864 – 1869 жж в) 1845 – 1850 жж г) 1809 – 1815 жж

19. Палеонтология – а) организмдердин сырткы жана ички түзүлүшүн окутуп үйрөтүүчү илим б) казылып алынган организмдер жөнүндөгү илим

в) тирүү организмдердин эмбриондук өрчүүсү жөнүндөгү илим

г) жаныбарларлардын жүрүм – турумун окутуучу илим

20. Селекциянын максаты: а) жапайы жаныбарларды колго үйрөтүү б) микроорганизмдер, өсүмдүктөр жана жаныбарлардын тукум куугучтук касиетин өзгөртүп талапка ылайык жаныртуу жолун иштеп чыгуу в) табигый тандоо г) жасалма тандоо

21. «Автралопитек» кантип которулат?

а) түштүк маймылы б) кар киши в) түндүк кишиси г) түштүк кишиси

22. Алгачкы акыл – эстүү адам уурусу бул...

а) автралопитек б) неандерталец в) кроманьонец г) питекантроп

23. Эндемикалык деп а) жергиликтүү б) кенен тараган в) белгилүү чөйрөдө г) коруктарда

24. Эволюциянын багыттоочу фактору

а) табигый тандоо б) жасалма тандоо в) жашоо үчүн күрөш г) өзгөргүчтүк

25. Табигый тандоо ким аркылуу жүргүзүлөт

а) табият б) жаныбарлар в) адам г) климат

26. Этология илими эмнени окутат а) канаттууларды б) жаныбарларды в) жаныбарлардын жүрүм турумун

27. Жашоо үчүн күрөштүн кайсы формасы эн катаал жүрөт

а) түр ичинде б) түр ортосунда в) түр сыртында

г) жансыз жаратылыштын ынгайсыз шарттарына болгон күрөш

28. Ч. Дарвиндин 1859 –жылы чыккан эмгеги:

а) «Адамдын келип чыгышы жана жыныстык тандоо»

б) «Табигый тандоо менен түрлөрдүн келип чыгышы»

в) «Илим аркылуу дүйнөнү таануу»

г) «Үй жаныбарларынын жана маданий өсүмдүктөрдүн өзгөргүчтүгү»

29. Биз азыр кайсы эрада жашап жатабыз

а) архей б) мезазой в) палеозой г) кайнозой

30. Экосистеманын продуценты кайсы?

а) микроорганизмдер б) өсүмдүктөр в) бактериялар г) жаныбарлар











«Биология» предмети боюнча тесттик тапшырмалардын жооптору.

  1. вариант

2 - вариант

3 - вариант

1

а

1

а

1

а

2

г

2

а

2

в

3

а

3

г

3

в

4

а

4

б

4

б

5

а

5

а

5

а

6

а

6

г

6

б

7

г

7

а

7

а

8

а

8

а

8

в

9

в

9

г

9

б

10

в

10

а

10

а

11

б

11

а

11

в

12

в

12

а

12

б

13

а

13

а

13

а

14

а

14

б

14

г

15

а

15

а

15

б

16

в

16

г

16

г

17

а

17

г

17

а

18

в

18

б

18

а

19

а

19

а

19

б

20

а

20

в

20

б

21

г

21

б

21

г

22

г

22

а

22

в

23

б

23

б

23

а

24

г

24

г

24

в

25

а

25

а

25

а

26

г

26

г

26

в

27

б

27

в

27

а

28

а

28

б

28

б

29

а

29

б

29

г

30

б

30

а

30

б