СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биотехнология. ген

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Биотехнологиянын өнүгүшу менен канчалаган ачылыштар ачылып жатат. янерв ткандарында өстүрүшуп организмге кошуп жатышат

Просмотр содержимого документа
«Биотехнология. ген»

Кайтарым байланыш 10-класс Биология

Кайтарым байланыш

10-класс

Биология

Тема: Ген инженериясы. Биотехнология

Тема: Ген инженериясы. Биотехнология

Ген деген эмне?

Ген деген эмне?

суроо Ген деген эмне? Ген инженерия деген эмне? Максаты эмне? Биотехнология деген эмне? Анын максты?

суроо

  • Ген деген эмне?
  • Ген инженерия деген эмне?
  • Максаты эмне?
  • Биотехнология деген эмне?
  • Анын максты?
Ген — тукум куума фактор, тукум куугучтуктун бирдиги. Ал кандайдыр бир эң жөнөкөй белгинин калыптанышында башкы милдетти аткарып, татаал түзүлүштөгү организмдерде  хромосомалардын  курамына кирет. Жыныстык көбөйүүдө тубаса белгилердин кийинки бир нече муундарга өзгөрбөй берилишинин тукум куугучтук мыйзам ченемин 1865-ж. чех окумуштуусу  Г . Мендель  ачкан. 1909-ж. дания илимпозу  В. Иогансен  аны ген деп атаган. 1910— 13-ж. америкалык биолог  Т . Морган  жана анын окуучулары тукум куугучтуктун  хромосомалык  теориясын иштеп чыккан..
  • Ген — тукум куума фактор, тукум куугучтуктун бирдиги. Ал кандайдыр бир эң жөнөкөй белгинин калыптанышында башкы милдетти аткарып, татаал түзүлүштөгү организмдерде  хромосомалардын  курамына кирет. Жыныстык көбөйүүдө тубаса белгилердин кийинки бир нече муундарга өзгөрбөй берилишинин тукум куугучтук мыйзам ченемин 1865-ж. чех окумуштуусу  Г . Мендель  ачкан. 1909-ж. дания илимпозу  В. Иогансен  аны ген деп атаган. 1910— 13-ж. америкалык биолог  Т . Морган  жана анын окуучулары тукум куугучтуктун  хромосомалык  теориясын иштеп чыккан..
Ошондон кийин гендердин хромосомада бир-бири менен чырмалышып жайгашып, чогуу бойдон укумдантукумга бериле тургандыгы, ошондой эле гендин химиялык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр өзгөрүчтүккө алып келери да аныкталган. 1944-ж. америкалык илимпоздор жана 1953-ж.  Ф. Крик  менен  Ж. Уотсон   ДНКнын  түзүлүшү менен касиеттерин изилдегенден кийин гана укумдан-тукумга берилүүчү тукум куума зат белок эмес, ДНК —  дезоксирибонуклеин  кычкылтыгы  болуп, анын молекуласынын бөлүгүндө ген болору толук аныкталган.

Ошондон кийин гендердин хромосомада бир-бири менен чырмалышып жайгашып, чогуу бойдон укумдантукумга бериле тургандыгы, ошондой эле гендин химиялык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөр өзгөрүчтүккө алып келери да аныкталган. 1944-ж. америкалык илимпоздор жана 1953-ж.  Ф. Крик  менен  Ж. Уотсон   ДНКнын  түзүлүшү менен касиеттерин изилдегенден кийин гана укумдан-тукумга берилүүчү тукум куума зат белок эмес, ДНК —  дезоксирибонуклеин кычкылтыгы  болуп, анын молекуласынын бөлүгүндө ген болору толук аныкталган.

Биотехнология

Биотехнология

1969-ж. окумуштуулар тобу ичеги таякчасынан таза ген бөлүп алып, сүрөткө тартып алышкан. 1967—70 жылдары  Г. Корана  1-жолу генди химиялык  синтез  жолу менен алган. Буга окшогон изилдөөлөр келечекте жеке генди бөлүп чыгаруу жана аны тукум куума ооруларды жоготуу максатында колдонууга мүмкүн экендигин айгинелейт. Генди көп алып жүрүүчү  ДНКнын  молекулаларын  жасалма жол менен көбөйтүү да изилденүүдө. Жасалма гендер ген инженериясындагы тажрыйбаларда колдонулушу мүмкүн.
  • 1969-ж. окумуштуулар тобу ичеги таякчасынан таза ген бөлүп алып, сүрөткө тартып алышкан. 1967—70 жылдары  Г. Корана  1-жолу генди химиялык  синтез  жолу менен алган. Буга окшогон изилдөөлөр келечекте жеке генди бөлүп чыгаруу жана аны тукум куума ооруларды жоготуу максатында колдонууга мүмкүн экендигин айгинелейт. Генди көп алып жүрүүчү  ДНКнын молекулаларын  жасалма жол менен көбөйтүү да изилденүүдө. Жасалма гендер ген инженериясындагы тажрыйбаларда колдонулушу мүмкүн.
Мурда генетиктер ар бир ген өзүнчө белгилүү касиетти башкарат. Гендин касиети тышкы таасирлерге,  хромосоманын  кайсы жеринде орун алгандыгына көз каранды эмес дешкен. Азыркы кездеги генетика бардык тирүү организмдерде ген болуп, ал организмдин  морфологиялык  касиеттерин,  физиологиялык  жана  биохимиялык  реакцияларды башкарары далилденди. Тукум куума маалыматты чечмелөө ачылгандан кийин жеке генди бөлүү жана жасалма алуу боюнча изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Организмдин өөрчүшүндө гендердин ишин бузуучу тышкы чөйрөнүн, анын ичинде көп дарылардын ( антибиотиктер ,  гормондор ,  сульфаниламиддер  жана башка) таасири изилденген. Ал көп ооруларды дарылоодо эффективдүү ыкмаларды иштеп чыгууга түрткү болуп, өз алдынча дарыланууга жол бербөөчү негизги фактор.
  • Мурда генетиктер ар бир ген өзүнчө белгилүү касиетти башкарат. Гендин касиети тышкы таасирлерге,  хромосоманын  кайсы жеринде орун алгандыгына көз каранды эмес дешкен. Азыркы кездеги генетика бардык тирүү организмдерде ген болуп, ал организмдин  морфологиялык  касиеттерин,  физиологиялык  жана  биохимиялык  реакцияларды башкарары далилденди. Тукум куума маалыматты чечмелөө ачылгандан кийин жеке генди бөлүү жана жасалма алуу боюнча изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Организмдин өөрчүшүндө гендердин ишин бузуучу тышкы чөйрөнүн, анын ичинде көп дарылардын ( антибиотиктер гормондор сульфаниламиддер  жана башка) таасири изилденген. Ал көп ооруларды дарылоодо эффективдүү ыкмаларды иштеп чыгууга түрткү болуп, өз алдынча дарыланууга жол бербөөчү негизги фактор.
Генетика инженериясы, ген инженериясы — молекулярдык  генетиканын  бөлүмү; клетка ээсинде көбөйүп, керектүү заттарды (белокту) синтездөөгө жөндөмдүү, ген материалдын тирүү эмес шартта, максатка ылайык жаңы комбинацияларын алуу. Генетика инженериясы 1972-ж. Америкада П. Бергдин лабороториясында биринчи жолу рекомбинациялык  ДНК  (рекДНК) алынгандан баштап өнүгө баштаган.
  • Генетика инженериясы, ген инженериясы — молекулярдык  генетиканын  бөлүмү; клетка ээсинде көбөйүп, керектүү заттарды (белокту) синтездөөгө жөндөмдүү, ген материалдын тирүү эмес шартта, максатка ылайык жаңы комбинацияларын алуу. Генетика инженериясы 1972-ж. Америкада П. Бергдин лабороториясында биринчи жолу рекомбинациялык  ДНК  (рекДНК) алынгандан баштап өнүгө баштаган.
Организмден сырткары шартта рекДНКны түзүүдө ферменттердин (реструктазалар, лигазалар) мааниси чоң. Ал ферменттер алынгандан кийин гана жасалма генетикалык материалдарды техникалык жактан иш-аракетке киргизүү мүмкүн болду. рекДНКнын молекуласы шакекче формада болуп, максатка ылайык генди же гендерди жана рекДНКнын көбөйүшүн жана белок синтезин камсыз кылуучу ДНК бөлүгүн камтып турат.
  • Организмден сырткары шартта рекДНКны түзүүдө ферменттердин (реструктазалар, лигазалар) мааниси чоң. Ал ферменттер алынгандан кийин гана жасалма генетикалык материалдарды техникалык жактан иш-аракетке киргизүү мүмкүн болду. рекДНКнын молекуласы шакекче формада болуп, максатка ылайык генди же гендерди жана рекДНКнын көбөйүшүн жана белок синтезин камсыз кылуучу ДНК бөлүгүн камтып турат.
Көбүячө ичеги таякчасы жана башка бактериялардан алынган вектор рекДНКга функциялык касиетти берет, анткени анда репликацияны (рекДНКнын көбөйүшүн камсыз кылуучу), гендердин транскрипциясын жана трансляциясын башкаруучу бөлүктөр бар. Генетика инженериясынын жетишкендиктерине байланыштуу көп гендердин клондору алынды.
  • Көбүячө ичеги таякчасы жана башка бактериялардан алынган вектор рекДНКга функциялык касиетти берет, анткени анда репликацияны (рекДНКнын көбөйүшүн камсыз кылуучу), гендердин транскрипциясын жана трансляциясын башкаруучу бөлүктөр бар. Генетика инженериясынын жетишкендиктерине байланыштуу көп гендердин клондору алынды.
Биотехнология ( англ.   Biotechnology ; био... жана технология) - адамга керек баалуу продукт алуу максатында микроорганизм,  өсүмдүк  жана  жаныбарларды  технологиялык өндүрүштө пайдалануу.  Микрорганизмдердин  ачытуу процессинин натыйжасында нан бышыруу, шарап, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу биотехнология тармактары байыртадан белгилүү болгон. Азыр анын жардамы менен ар кандай биологиялык активдүү заттар  гормондор ,  ферменттер ,  витаминдер ,  антибиотиктер , дары-дармектер алынат. Биотехнология ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоодо өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан таштандыларды, кир сууларды тазалоодо кеңирп колдонулат. Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтерине жана илдеттерине каршы чыгарылган биопрепараттар, энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш иштери, тоютка жана тамак-аш кошунду белокторун алуу ага негизделген.
  • Биотехнология ( англ.   Biotechnology ; био... жана технология) - адамга керек баалуу продукт алуу максатында микроорганизм,  өсүмдүк  жана  жаныбарларды  технологиялык өндүрүштө пайдалануу.  Микрорганизмдердин  ачытуу процессинин натыйжасында нан бышыруу, шарап, сыр даярдоо, пиво кайнатуу сыяктуу биотехнология тармактары байыртадан белгилүү болгон. Азыр анын жардамы менен ар кандай биологиялык активдүү заттар  гормондор ферменттер витаминдер антибиотиктер , дары-дармектер алынат. Биотехнология ыкмалары айлана-чөйрөнү коргоодо өнөр жай өндүрүшүнөн чыккан таштандыларды, кир сууларды тазалоодо кеңирп колдонулат. Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтерине жана илдеттерине каршы чыгарылган биопрепараттар, энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү өндүрүш иштери, тоютка жана тамак-аш кошунду белокторун алуу ага негизделген.
Ген жана клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган өтө баалуу дары-дармектер (интерферон, кишинин өсүү гормону ж. б.), вакцинаны синтездөө, жаңы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асылтукум ишинде клетка технологиясын колдонуу ж. б. мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы биотехнология биохимия, микробиология, мол.  биология ,  генетика ,  иммунология ,  биофизика  жана башка илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Шаймандар жана колдонуу ыкмаларына жараша биотехнология көпчүлүк учурда (тиешелүү) биоинженерия, биомедициналык инженерия, биоөндүрүш, молекулярдык инженерия тармактары менен айкалышат.
  • Ген жана клетка инженериясынын өнүгүшүнө байланыштуу мурда алынбаган өтө баалуу дары-дармектер (интерферон, кишинин өсүү гормону ж. б.), вакцинаны синтездөө, жаңы пайдалуу микроорганизм түрлөрүн, өсүмдүк сортун, мал породасын жаратуу, мал чарбасындагы асылтукум ишинде клетка технологиясын колдонуу ж. б. мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Азыркы биотехнология биохимия, микробиология, мол.  биология генетика иммунология биофизика  жана башка илимдердин жетишкендиктерин пайдаланат. Шаймандар жана колдонуу ыкмаларына жараша биотехнология көпчүлүк учурда (тиешелүү) биоинженерия, биомедициналык инженерия, биоөндүрүш, молекулярдык инженерия тармактары менен айкалышат.