Просмотр содержимого документа
«Бугубаеваайгерим»
25.11.21
МААЛЫМАТТАР БАЗАСЫ
Азыркы коомдун эн маанилуу маалыматтык ресурстарынын бири болуп маалыматтар базасы (МБ) эсе6птелинет.Азыркы мезгилде коптогон ири интернет-ресурстар МБсын маалыматтарды сактоо учун колдонушат,анткени алар бирдей касиеттер топтомуна ээ болгон объекттердин группасы жонундогу берилиштерди уюштурган тартипте сактоого мумкундук берет .
МБнын негизги параметрлери – бул анын физикалык жана логикалык коломдору. Физикалык колом байттар,Кб,Мб ж.б менен туюнтулат,ал эми логикалык болсо жазуулардын санынан коз каранды.Эн ири маалыматтар баасын ондогон тарабайт жана милиарддаган жазуулар тузот.
Берилиштерди иреттоону берилиштер арасындагы байланыштарды ж/а алардын устунон мумкун болгон аракеттерди тушундургонэрежелердин топтомун маалыматтар базасын уюштуруу модели деп аташат.
Маалыматтар базасын негизги 3 моделин айырмалашат:
Иерархиялык
Тармактык
Реляциялык
Иерархиялык модель чокулары жазуулардан турган жарак сымал тузулушу элестетет. Мисалы, компьютерде сакталып турган файлдар жонундо маалыматтарды чагылдырган каталогдордун структурасы. Бул модель тамыры деп аталган биринчи денгээлдеги бир чокгуга гана ээ. Тамырдан тышкары ар бир денгээлдин туйундору жогорку денгээлдин бир гана туйуну менен ж/а томонку денгээлдин бир нече туйуну менен байланышкан. Башкача айтканда, мындай байланыш «бироодон – коптукко» деп аталат.
Тармактык модель, вертикалдык байланыштан тышкары горизонталдык байланыштарга да ээ, б.а бир денгээлдин ар бир элементи башка денгээлдин каалаган сандагы элементтери менен байланышкан болушу мумкун. Мисал катары бир класста окугандардын кызыгуусу жонундо маалыматтар сакталган МБ айтсак болот: бир окуучунун коптогон кызыгуулары болушу мумкун, ал эми бир кызыгууга коп окуучулар ээлик кылышы мумкун. Мындай байланыш «коптон – копко» деп аталат.
Реляциялык модель (катыш) бул бири-бири менен байланышта болгон таблицалардын жыйындысы. Реляциялык маалыматтар базасында байланыштардын бардык туру колдонулушу мумкун: «бироодон – бироого», «коптон – копко».
Реляциялык МБда сапчалар, жазуулар деп, ал эми мамычалар – тазалар деп аталат. Ар бир таблица андагы ар бир жазууну идентификациялоого мумкундук берген ачкычтык талааны «АЙДИ» камтуусу зарыл. Ошондуктан, коптогон азыркы маалыматтар базасын башкаруу системалары (мындан ары МББС) реляциялык МБна багыт алышат.