СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энчилүү жана жалпы зат атооч. Энчилүү аттардын жазылышы.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Энчилүү жана жалпы зат атооч. Энчилүү аттардын жазылышы.»




Сабактын темасы:Энчилуу жана жалпы зат атооч.Энчилуу аттардын жазылышы.


Сабактын максаты:

Зат атоочко аныктама бере алабыз.Зат атоочтун маанисине карай бөлүнүшүн билебиз. Энчилуу аттардын туура жазылышын үйрөнөбүз.

Энчилуу аттарды пайдаланып сүйлөм түзө алабыз.

Ата Мекенди, жаратылышты сүйүүгө,сактоого тарбияланабыз.


Сабактын жабдылышы: Суроттор,таблица,интерактивдуу доска, маркер,окуу китеби, стикер.


Сабактын тиби: Жаны билимди өздөштүрүү.


Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү.


Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу учуру.

Жагымдуу жагдай.


Зат атооч Сөздөр дагы,сүйлөмү да мен менен,

Байланышам баары менен тең келем.

Атайм жалпы атын дагы,затын да,

Бир да сөз жок мага маани бербеген,

Жөндөмө бар,алты түрдүү аталат.

Сөз кынаптап,сөздү сөзгө жөндөгөн.


Сын атооч Заттын өңу,түсү менен келбетин

Сулуулаймын терип сөздун берметин.

Суроом:кандай? Кайсы? Десе ойлонуп,

Таап изде,ой сезимди терметип,

Аппак булут ай астында калкыса,

Албуут толкун каардантат көл бетин.


Ат атооч Жактап,шилтеп,сураймын.

Аныктама,белгисиз,тангычын.

Атабайм затты, белгисин,

Көрсөтөм жалпы маанисин.

Сан атооч Алмаштырбайт затынды,

Атабайт бирок атынды.

Бул кайсы сөз түркүмү?

Ээлеген ордун жашырды.

Эрежесин таап бер?

Ойлорум качып чачылды.


Этиш Бүт дүйнөнүн кыймылын өзүнө артып,

Бүт кыймылдын оор жүгун ӨЗУ тартып,

Баяндоочтун эн жакын «тууганы»бул,

Издеп көрчү, сөз түрүн ойду камтып


Тактооч Кыймылдын тескеп турлорун,

Эстетип доор үндөрүн.

Суроосу арбын,түрү бар,

Айтып көр болсо билгениң.







Сырдык сөз

Капыстан келип капталдан ,

Коркутсан айтам «кокуй» деп,

Сүйүнөм көнүл тынганда,

«Эх,чиркин жашоо сонун» деп.

Тууранды сөз

«Тарс» десе «тарс» деп үн чыгып,

«Жарк» десе «жарк» деп үн чыгып.

Нерседен чыккан дабыштар,

Белимчи окшоп бир чыгып.

Бул кайсы сөз түркүмү?

Айтып кой билсең унчугуп.


Кызматчы сөз

Сөз менен сөздү бир кошуп,

Сүйлөмгө сүйлөм дил кошуп.

Кызматчы сөздөр жалпыбыз,

Турабыз маани түр кошуп.



б) Үй тапшырмасы:Жөнөкөй жана татаал зат атооч сөздөрү жазып келүү.Тубаса жана туунду зат атооч сөздөргө мисал келтирүү.


Жаны темага өбөлгө.

Макалдардан зат атооч создорду табуу.


  1. Бычак жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт.

  2. Гул аарыныкы,бал адамдыкы.

  3. Гул өссө жердин көрку,кыз өссө үйдүн көркү.

4. Даана байлык-ден соолук.

5. Далили жок сөз,чала күйгөн чычала.

6. Дан аш-алтын таш.

7. Дарак бир жерден өсөт,бир жерден когорот.

8. Дарак жемишинен таанылат,адам акылынан таанылат.

9. Даракты жер көгөртөт, адамды эл көгөртөт.

10. Көзү жамандын,сөзү жаман.

11. Эл ортону элуу жаш. Ж.б.


Жаны теманы тушундуруу:


Дүйнөдө ар турдуу заттар коп.Бир текке кирүүчү заттардын аты жалпы ат деп аталат. Мисалы: тоолор,жамгыр, кыздар, эне, суулар, колдор ж.б.




Бир заттын керт башына коюлган ат энчилүү ат болот.Энчилүү аттар дайыма баш тамга менен жазылат.

М и с а л ы: Ысык-Кол,Бишкек,Айбек ж.б.





Энчилуу аттарга адамдардын,жер-суунун , айыл-кыштактын, адабий чыгармалардын, тарыхый окуялардын, мекемелердин, кинолордун, жаныбарлардын ж.б. аттары кирет.



Энчилуу аттар


Энчилуу аттар баш тамга менен жазылат.


  1. Адам аттары:

Айбек,Эмил,СамараТоктакунова,Тоголок Молдо

2. Жаныбарлар,куштар:Аккула,Тайбас, Акшумкар, Учар ж.б.


3. Географиялык жер-суу аттары:Алай,Ысык-Көл,Арсланбап ж.б.

4. Астрономиялык аттар:Марс,Чолпон,Юпитер ж.б.


5. Тарыхый окуялар:Улуу Ата Мекендик согуш,Уркун ж.б.


6. Чыгарма, газета-журналдар тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: «Алакан», «Кыямат», «Шоокум», «Супер Инфо» ж.б.


7. Мифологиялык түшүнүктөргө байланыштуу: Баба дыйкан,Умай эне,Обо эне, Ойсул ата ,Зенги баба, Камбар ата ж.б.































Бышыктоо:


Сүрөттөргө карап энчилуу жана жалпы зат атооч сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүү

















































378-конугуу

Кыргыз көлү



Дүйнөдөгү эң чон көлдөрдүн бири –Ысык-Көл. Ысык-Көлго 80ден ашык суу куят, ирилери: Түп, Жыргалаң,Чоң-Кызыл-Суу, Жуку,Барскоон. Ысык-Көлдүн батыш жээгинен Чуй суусу агып өтөт.

Көлдун жээктеринде булуңдар коп. Алар чыгыш тарабында: Жыргалаң жана Түп. Калган булуңдар бир кыйла кичине. Мисалы,туштук жээкте Кызыл-Суу, Чоң –Жаргылчак ,Тамга, Тоң жана Ак-Терек, түндүк жээкте Чоктал, Коолуу-Булун жана Чолпон-Ата.



(доскага жазуу )


«Ким коп билет?»


Адамдар

Шаарлар

Буюмдар

Айбанаттар

Суулар

































«Картадан коруп жер-суу аттарын туура жазуу»






Үйгө тапшырма. 381-382-конугуу. Энчилуу жалпы аттарды оозеки ажыраткыла. Алардын жазылышындагы айырмасын түшүндүргүлө.

.

Окуучулардын билимин баалоо