Просмотр содержимого документа
«Эне мээрими бардык суроого жол табат»
Сабактын темасы: «Эне мээрими бардык суроого жол табат» Г.Мадаминов
Сабактын максаты: «Эне мээрими бардык суроого жол табат» деген тема боюнча түшүнүк алышат. Энелер топтордо иштеп ѳздѳрүнүӊ ойлорун айтышат. Үй бүлѳѳдѳ балдарды тарбиялоодо эненин мээрими негизги ролду аткарышын түшүнүп жетет.
«ЭНЕ»-деген ким?
Эне – бул тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубатчылыктын, сулуулуктун, жылуулуктун символу.
Эне – бул тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубатчылыктын, сулуулуктун, жылуулуктун символу. Эне-бул ыйык жана бул дүйнөдөгү эң кымбат,баа жеткис асыл жан. Эне-үйдүн куту,чырагы. Эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, адам бар, турмуш бар, жашоо бар.
Балдар биздин келечегибиз, бактыбыз, жашообуздагы түп казыгыбыз, ишеничибиз экенин баарыбыз билебиз.Бала үчүн баарынан керектүүсү, зарылы бул ата-эне мээрими жана тарбиясы.
Гапыр Мадаминов агай хронометраж жасатып, 24 саатынынзды эмнеге жумшайсыз-?
Мээрим Материалдык касыздоо
“ Эне сүйүүсү күн шооласы сыяктуу болот”
“ Эне сүйүүсү күн шооласы сыяктуу болот” – дегендей энелик сүйүү агылып-төгүлүп, айкөл мээрмандыгы дайыма балдардын жүрөгүндө.
«Сиз балаңызды кантип эркелетесиз?»
Баланы кантип сүйүүгө болот?
Балаңыздын айткандарын көңүл коюп,чыдамдуулук менен оюн бузбай уга билишиңиз керек.
Балаңыз менен жумшак, мээримдүү, сый көрсөтүп сүйлөшүңүз. Оройлукка, сөгүнүүгө жана кекетип сүйлөөгө өзүңүзгө да жол бербеңиз.
Жазалоодо аны кемсинтпей, кадырын, баркын сактап,анын оңолооруна ишеним көрсөтүүнүн эсиңизден чыгарбаңыз.
Тарбиялоодо ийгиликке жетүүдө ата-эне ар күнү баласы үчүн үлгү болуусу керек.
Кетирген катаңызды мойнуңузга алып, туура эмес кылган жоруктарыңыз жана аракеттериңиз үчүн кечирим сураныңыз, өзүңүзгө,башкаларга карата баа берүүдө адилет болуңуз.
- Эненин мээрими балага дем берип, керемет күч менен бийиктерге жетелейт.
- … Күндөн сурашат экен: “Сенин табыңдан өткөн тап барбы?” – дешип. “Бар”, - дейт экен ал. Бул-эненин мээрими. Өлүмдөн сурашыптыр: “Сага тең келе турган күч барбы? – дегенде. Бар, - дейт экен ал. Бул –эненин мээрими. Ошол үчүн эне мээрими ташты ээритет, эне каары тоону кулатат.
Кѳӊүл бурганыӊыздарга чоӊ рахмат