А.Өмүрзаков атындагы №57 орто мектеби
2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жыл болушуна уюштурулган
аттуу
класстан тышкаркы иш чара
Даярдаган:Каратаева Н.М
2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жыл болушуна уюштурулган
аттуу
класстан тышкаркы иш чара
СЦЕНАРЫЙИ
Сценарыйдын мазмууну
№ | Аткара турган иштер | Аткарат | Жоопту |
1 | Кириш сөзү | Кл жетекчи | Кл жет |
2 | Мамлекеттик тил гимн | Окуучулар | Кл жет |
3 | Саламдашуу | Окуучулар | Кл жет |
4 | “Тил” жөнүндө декламация | Окуучулар | Кл жет |
5 | Эне тилдин келип чыгуу тарыхы. | Окуучулар | Кл жет |
6 | Хор ыр “Эне тилим-Кыргыз тилим” | Окуучулар | Кл жет |
7 | “Тил” жөнүндө Макал-лакаптар | Окуучулар | Кл жет |
8 | Улуттар арасындагы достук мамиле | Окуучулар | Кл жет |
9 | Достук бийи “Андижан полка” | Балдар бийлешет | Кл жет |
10 | Индия бийи | Кыздар бийлешет | Кл жет |
11 | Жалпы бий “Кыргыз бийи” | Жалпы окуучулар | Кл жет |
1.КИРИШ СӨЗ.
МУГАЛИМ:Кылымдын кыяларын ашкан тилим
Кыргыз деп карт тарыхка жазган тилим
Кыйкырып кыйрын бузуп душман келсе
Кылычтай кыя кесип чапкан тилим
Алп Манас,бабам Бакай сүйгөн тилим
Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим
Ак калпак Ата-Журтун насибине
Асмандан энчи болуп тийген тилим.
Саламатсыздарбы,урматтуу эже-агайлар, окуучулар жана мыймандар! 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жыл болушуна уюштурулган 3-в класс окуучулары тарабынан уюштурулган класстан тышкаркы иш чарабызга куш келипсиздер.Бул иш чараны өткөрүүнүн максаты балдарды мекенчил болууга,өз эне тилин сүйүп барктай билүүгө,ата-бабаларыбыздын атын унутпай даңазалап жүрүүгө, улуттар арасында достукту бекемдөөгө тарбиялоо.
2.МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ГИМН.
ХОР ОКУУЧУЛАР: “Тил гимни”
I
Тил жаралып көккө таӊир таӊынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаӊырган.
Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили мекеним,
Менин өлкөм кыргызстан
II
Мекен тили Ата-Журттун кареги,
Биримдиги,күч-кубаты,тиреги.
Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили мекеним,
Менин өлкөм кыргызстан
III
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили кан-жаныбыз,туубуз,
Ата-Журттун келечеги ак таӊы.
Кайырма:
Кыргыз тили жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили мекеним,
Менин өлкөм кыргызстан
3.САЛАМДАШУУ:
1-ОКУУЧУ: Мынаке шаттык,кубаныч
Ар күнү бизде уланып
Тил майрамы кечесине
Баарыбыз көӊүл буралы.
2-ОКУУЧУ: Кыргызым тоолорго бай,сууга бай
3-ОКУУЧУ: Кыргызым акынга бай,сулууга бай
4-ОКУУЧУ: Кыргызымдын салтын улап биз дагы
5-ОКУУЧУ: Кыргызча салам берип өтсөк кандай?
БАЛДАР ХОР:Ассалому алейкум.
КЫЗДАР ХОР:Арбаӊыздар.
4.ТИЛ ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАМАЦИЯ.
6-ОКУУЧУ:Эне тилин сүйбөгөн
Элин сүйүп жарытпайт
Эне тилин билбеген
Эси жогун аныктайт.
7-ОКУУЧУ:Эне тил –аба,эӊ керек
Баарынан кымбат ал демек
Эне деп чыккан бул жаным
Чыгат го акыр эне-деп.
8-ОКУУЧУ:Кыргыз тилим сУттОй ыйык да
Эне тилим суудай тунук да.
Сүйлөсөӊ да миӊ түркүндүү тилдерде,
Кыргыз тилин,эне тилин унутпа.
5.ЭНЕ ТИЛДИН КЕЛИП ЧЫККАН ТАРЫХЫ.
МУГАЛИМ: “Эне тилим нечен кылым каарыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”.
“Тарыхы болбой, эл болбойт”, деген сыяктуу кыргыз тилибиздин басып өткөн тарыхынан маалымат алалы.
9-ОКУУЧУ: 1929-жылга чейин кыргыз тили араб алфатинде болгон.
10-ОКУУЧУ: 1929-жылдан тартып кыргыз тили латын алфабитинде көчүрүлгөн.
11-ОКУУЧУ: 1941-жылдан тартып кыргыз тили орус алфавитинде которулган.
12-ОКУУЧУ: 1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик статуска ээ болгон.
МУГАЛИМ:Мынаке балдар 1989-жылдын 23-сентябрынан тартып мамлекетибизде эне тилибиз кыргыз тили жарыяланды.
Анда эмесе сиздерге,окуучуларыбыз тил майрамына карата үйрөнгөн “Эне тилим-Кыргыз тилим” аттуу ырын тартуулашат.
6.ХОР ЫР “ЭНЕ ТИЛИМ-КЫРГЫЗ ТИЛИМ”
Эне тили
Эне тил-Кыргыз тилибиз Ыйманга толгон дилибиз Нечен кылымды каарыткан Ак калпак Кыргыз элибиз,элибиз
Кайырма:
Кел жигиттер кел кыздар Тилди ыйык сактайлы Манас бабам мурасын Дүйнөгө биз даӊктайлы,даӊктайлы
II Бул тилде Манас сүйлөгөн Курманжан Датка сүйлөгөн Эне тилим Кыргыз тилинде Сүйлөлү даӊктап дүйнөгө,дүйнөгө
Кайырма: Кел жигиттер кел кыздар Тилди ыйык сактайлы Манас бабам мурасын Дүйнөгө биз даӊктайлы,даӊктайлы
7.ТИЛ ЖӨНҮНДӨ МАКАЛ-ЛАКАПТАР
МУГАЛИМ:Кылычын таптап,от чачып,
Кимдер гана келген жок.
Чалгында жанын берсе да,
Кыргызым тилин берген жок.
Эмики кезек макал-лакаптарга.
13-ОКУУЧУ: Тил ойдун-сандыгы
14-ОКУУЧУ: Өнөр алды-Кыргыз тил
15-ОКУУЧУ: Элдин өмүрү анын тилинде
16-ОКУУЧУ: Тил улуттун жан дүйнөсү
17-ОКУУЧУ: Эне тилсиз укмак белек Манасты
Эне тилсиз укмак белеӊ санатты.
18-ОКУУЧУ: Илим менен билимге көпүрө- тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.
8.УЛУТТАР ОРТОСУНДА ДОСТУК МАМИЛЕ.
МУГАЛИМ:Азаматсыӊар балдар.Көрдүӊөрбү балдар тилсиз биз кыргыз эмесбиз,тилсиз биз улут эмесбиз,тилсиз биз улук эмесбиз.Ошондуктан тилди биз сактайлы жана даӊктайлы, дагы ошондой эле кыргыз тилде сүйлөйлү.
19-ОКУУЧУ:Чакырам кыргызымды биримдикке
Чакырам кыргызымды бийиктикке
Түбөлүк улутума өмүр берсин
Сүйлөгүн уул-кыздар кыргыз тилде.
МУГАЛИМ:Улуттар ортосундагы достук мамилени азыр окуучуларыбыз көрсөтүп беришет.
ӨЗБЕК УЛУТУ:Ассалому алейкум достим
КЫРГЫЗ УЛУТУ:Ва алейкум салам дос
ОРУС УЛУТУ:Здраствуйте друзья.
ӨЗБЕК-КЫРГЫЗ УЛУТУ:Здраствуйте Надежда
ОРУС УЛУТУ:Друзья в нашем стране сегодня какой праздник отмечается?Вы знайте об этом?
КЫРГЫЗ УЛУТУ:Ооба билебиз.
ӨЗБЕК УЛУТУ:Бугун йигирма учинчи сентябрь Тил байрами.
ОРУС УЛУТУ:Верно,мы же живём в Кыргызстане.Мы должны узнать все-все праздники, национальный культуры, обычие,мы должны уважать и защищать эту страну и ещё разговоривать надо по Кыргызском языке.
КЫРГЫЗ УЛУТУ:Туура айтасын Надежда.Келгиле достор, анда биз бүгүнкү майрам менен куттуктап досторубузга Кыргыз тилинде эӊ бир соонун ыр тартуулайлы, эмне дедиӊер?
ӨЗБЕК-ОРУС УЛУТУ: Макулбуз.
КЫРГЫЗ УЛУТУ:Биз Барпы Алыкуловдун “Ынтымак” ырын айтып беребиз
УЛУТТАРДЫН ЫРЫ: Барпы Алыкулов “Ынтымак”
КЫРГЫЗ УЛУТУ:Ынтымагы бар элдин
Талайы-багы ачылат
Ынтымагы жок элдин
Тапканы бекер чачылат
ӨЗБЕК УЛУТУ:Ынтымагы бар элдин
Калага карды ток болот
Ынтымагы жок элдин
Бирине-бири октолот
ОРУС УЛУТУ:Ынтымагы бар элдин
Адил болот улугу
Ынтымагы жок элдин
Ичинен чыгат бузугу.
ӨЗБЕК УЛУТУ:Биз ар башка улут болсок дагы кыргыз тилинде сүйлөгөндү билебиз?
ОРУС УЛУТУ:А сизчи?
9.ДОСТУК БИЙИ. “Андижан полкасы” (балдар бийлешет)
10.ИНДИЯ БИЙИ (кыздар бийлешет)
11.ЖАЛПЫ БИЙ “КЫРГЫЗ БИЙИ” (кыздар,балдар бийлешет)
МУГАЛИМ:Мынаке балдар,көрдүӊөрбү?Досторуӊар кандай гана улут болбосун,силер да алар сыяктуу, башка улуттун каада-салтын,үрп-адатын,тилин, маданиятын сыйлашыӊар керек.Баарыӊарды жалпы бийге чакырабыз:Кыргыз бийи
МУГАЛИМ:Мына ушинтип бүгүнкү тил майрамына арналган концерттик программабыз соӊуна жетти,көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат.
А.Өмүрзаков атындагы №57 орто мектеби
2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жыл болушуна уюштурулган
аттуу
класстан тышкаркы иш чаранын өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат
Даярдаган:Каратаева Н.М
2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнүн 29 жыл болушуна уюштурулган класстан тышкаркы иш чара өткөрүп 1-4 кластарга көрсөтүп беришти. Бул иш чараны өткөрүүнүн максаты балдарды мекенчил болууга,өз эне тилин сүйүп барктай билүүгө,ата-бабаларыбыздын атын унутпай даңазалап жүрүүгө, улуттар арасында достукту бекемдөөгө тарбиялоо. Иш чарага класс жетекчилер, мектеп адмистраторлору, окуучулар катышышты.
Буклеттер,китептер,Ч.Айтматовтун сүрөттөрү плакатка чыгарылып илинди.
Майрамды алгач класс жетекчи Каратаева Нургул Мамлекетибиздин Эне тили Кыргыз тилине быйыл 29 жыл болгондугу менен куттуктап, иш чаранын темасы менен тааныштырды жана иш чараны ачып берди.
андан соӊ “Тил гимни” жаӊырды.
Окуучулар тил майрамына карата өздөрүнүн декламацияларын, ырларын,макал-лакаптарын,кыргыз тилинин келип чыгыш тарыхы жөнүндө айтып беришти.
Иш чарага класс жетекчилер,мектеп адмистрациясы,1-4-класска чейинки окуучулар катышышты.Аларга да суроолуу карточка,тапшырмалар берилди.Мугалимдер,окуучулар берилген тапшырманы так аткарышты.
Мамлекетибизде ар түрдүү улут жашаганы себеп окуучуларга, достор ортосундагы мамилени сахна көрүнүш аркылуу чагылтырып беришти.Анда ар башка улут болсо да бири-бирине болгон сый-урматты,кайсыл мамлекетте жашаса ошол мекенди сүйүү керектигин,тилин билип ,үрп-адаттарын кадырлоо керектигин көрсүп беришти.
Төмөндө айтып өткөндөй биздин мамлекетибизде ар түрдүү улуттар жашагандыгы үчүн окуучулар өзбек улуттук бийин,индия улуттук бийин жана өзүбүздүн улуттук бийибизди көрсөтүштү.Балдар-кыздар бийлешип мугалимдерге,окуучулардын жакшы маанай тартуулашты
Биздин өзүбүздүн кыргыз улуттук «Жалын бийине» жалпы окуучулар биргеликте аткарышты.
Иш чарага катышкан мугалимдер,окуучулар 3-в класс окуучуларына класс жетекчисине ыразычылык билдиришти жана эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.
Даярдаган:Башталгыч класс мугалими Каратаева Нургул Мухамадисаевна.
.
Даярдаган:__________________Каратаева Нургул