СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия тармактарынын ББ аспектилери

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия аспектилеринин ББ аспектилери (предметтик стандарт боюнча семинар-тренингдин материалы)

Просмотр содержимого документа
«Гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия тармактарынын ББ аспектилери»

Гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия тармактарынын билим берүү аспектилери. Мекеменин өзүн өзү баалоо барагы Гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия тармактарынын билим берүү аспектилери



  1. Негизги түшүнүктөр жана багыттар


Билим берүүнүн мазмундук парадигмаларын алмаштырууда миң жылдыктын акыркы учурунда ЮНЕСКОнун билим берүү боюнча Комиссиясын жетектеген Жак Делордун «Билим берүү: керектүү утопия» аттуу атактуу доклады негизги ролду ойноду. Ушул расмий докладда глобалдык перспективадагы мектепти өнүктүрүүнүн стратегиялары катары эсептөөгө боло турган жолдор берилген. Сунушталган багыт жаңы муундардын турмушу үчүн чечүүчү болуп эсептелинген өз ара байланыштуу көйгөйлөрдү жана тенденцияларды тааныштырууга мүмкүнчүлүк берди.

Докладда миң жылдыктын кесилишинде адамзат кездешкен негизги чакырыктар белгиленген.

Экономикалык өнүгүү адамдардын бакубат жашоосун жогорулатат. Бирок ал өнүгүүдөгү теңсиздик, андан дагы материалдык байлык жана теңдик, адам укугун урматтоо жана биз абдан ысырапкерчилик менен сарптап жаткан жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу колдонуу тактикасы сыяктуу көйгөйлөрдү чече албайт. Кансыз согуштун аякташы жана Берлин дубалынын кыйрашы көптөгөн өлкөлөрдүн жана элдердин ортосундагы ишенимди калыбына келтирди. Бирок ал жалпы ынтымак жана гармонияны эле алып келбестен, жаңы чыр - чатактарды жана көңүл калууларды пайда кылды. Чыңалуу эч жакка жоголгон жок. Ал этникалык дагы, социалдык топтордун ортосунда дагы, бай батыш өлкөлөрүндө дагы жана салыштырмалуу кедей өлкөлөрдө дагы орун алган. Ушул көйгөйлөрдү чакырык катары кабыл алуу – бүт дүйнө жүзүндѳгү интеллектуалдардын милдети. Албетте, билим берүүдөгү саясат мына ушул фундаменталдык маселелерден четте кала албайт. Ал дүйнөнүн мыкты образын, адамзаттын туруктуу өнүгүүсүн, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүү, күнүмдүк жашоодогу жаңыланууну жаратуу үчүн кызмат кылат.1

ЮНЕСКОнун расмий доклады «Билим берүү: керектүү утопия»

Мына ушунтип, XXI кылымдагы билим берүү төмөнкү 4 негизги көндүмгө (компетенттүүлүккө) багытталган:

  1. Таанып биле алуу

  2. Жашай билүү,

  3. Аткара алуу

  4. Бирге жашай алуу. 2



Биринчи компетенттүүлүк – таанып биле алуу, биринчи кезекте когнитивдик (таанып билүү) жөндөмдүүлүктөрдүн өнүгүүсү менен байланыштуу. Ал талдай алуу, жалпылоо, корутунду жасай билүү, аргументтерди таба билүү ж.б. билгичтиктердин өнүгүшүнө тиешелүү. Бул компетенттүүлүк бүгүн балдар Интернет жана башка булактар аркылуу жеткиликтүү болгон эбегейсиз көп маалымат менен жеке калган учурда өзгөчө маанилүү. Так мына ушул себептүү сынчыл кѳз караштын өнүгүшү жана ар түрдүү маалыматтарды өз алдынча баалай билүү кенже курактан тартып абдан маанилүү.

Экинчи компетенттүүлүкжашай билүү – өзүнүн инсандыгын аңдоо жана түшүнүүгө, өзүнүн сезимдерин жана жоруктарын талдай билүү, тиги же бул моралдык принциптерди тандай билүүсүнө багытталган. Жаштар ар кандай көз караштарга жана позицияларга, анын ичинде диний окууларга, рухий практикалар менен аргасыз туш болуп жаткан азыркы учурда өзүнүн ички дүйнөсүн билүү өтө маанилүү. Мындан тышкары жашай билүү эркиндик жана жоопкерчилик, аң-сезимдүү тандоо жасай билүүгө даярдык сыяктуу маанилүү категорияларга ылайык келүүгө мүмкүндүк берет. Ал материалдык керектөөсүнө эле эмес, ар бир жаш адамдын баалуулуктарына ылайык келе тургандай өзүнүн жеке жашоосун жана мансабын пландаштыруусу менен байланыштуу.

Үчүнчү компетенттүүлүкаткара алуу – белгилүү бир натыйжага жетишүү үчүн кантип алга жылуу, эмнеден баштоо керектигин түшүнүү менен өзүнүн ишмердүүлүгүн пландаштыруу жана уюштура билүү жөндөмдүүлүгү тууралуу айтат. Каалаган натыйжаны тандоонун өзү узак мөөнөттүү турмуштук максаттар жашай билүүгө көз каранды болгонуна карабай, тиги же бул убакытта, шартка жараша мына ушул компетентүүлүктөн көз каранды. Бүгүн өзүн уюштура билүү көндүмү – кесиптик тармакта да, ишмердүүлүктүн башка областтарында да ийгиликти аныктоочу зарыл сапаттардын жыйындысы.

Аягындагы, төртүнчү компетенттүүлүк бирге жашай алуу – бул бүгүнкү күндө бир дагы адам туулгандан өлгөнгө чейин жашоосу бир эле коомдо, бир эле маданий алкакта өтө турганын күтпөстүгүн күбөлөп турат. Дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндөгү улам көптөгөн адамдарды өзүнө тартып бараткан, анын ичинде Кыргызстан, глобалдык миграция эле эмес, шаар менен айылдардын ортосундагы кыймыл бардык адамдардан бир тилден башка тилдерди, маданий ченемдерди, жүрүм-турум эрежелерин билүүсүн талап кылууда. Ал тургай кимдир бирөө өмүр бою бир эле орунда калса да – башка маданияттын өкүлдөрү дүйнөнүн эң алыскы аймактарына өзү жетип, алар менен карым-катыш кылууга, маселени биргелешип чечүүгө жана өз ара аракетте болууга мажбурлайт. Бул билгичтик көп маданияттуулук (интермаданияттуулук) жана көп тилдүү компетенттүүлүктөр, маданият аралык коммуникация көндүмдөрү менен байланыштуу. Ошол эле учурда ал сөздүн кенен маанисинде өз ара арактешүүгө чыга билүү – башкаларды урматтоо, чыр-чатактарды жоюу, жалпы кызыкчылыктарды табуу жана бири - бирине жардамдашуу менен түздөн - түз байланыштуу.

Гендердик теңдик жана социалдык инклюзия дал ушул төртүнчү компетентүүлүк менен абдан тыгыз байланышта. Башканы (башка жыныстагы, диндеги, этникадагы, өзгөчө муктаждыктагы же ден - соолугу боюнча чектелүүлөрү бар адамдар) билүү, түшүнүү жана урматтоо – бул бүгүн абдан керектүү билгичтик, эртең - азыркы мектеп окуучулары мектепти аяктагандан кийин, андан да зарыл боло турган билгичтик.

Мына ушунтип, аталган компетенттүүлүктөр заманбап билим берүү натыйжаларына коюлуучу талаптарды билдирет, ал өзүнө сынчыл кѳз караштын өнүгүшү, өзүн өзү талдоо жана уюштуруу көндүмдөрү, ишмердүүлүктүн ар түрдүү тармактарындагы функционалдык сабаттуулук жана көп түрдүүлүк жана ар түрдүү маданияттарды урматтоону кабыл алууну камтыган маданият аралык коммуникация көндүмдөрү. Заманбап багыттардын алкагында адамдын биологиялык мүнөздөмөсү катары жынысты жана тиги же бул жыныстын өкүлдөрү үчүн белгилүү бир маданиятта кабыл алынган социалдык мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы катары гендерди айырмалоо зарылдыгы бар.









Гендердик мүнөздөмө тукум куучулук же биологиялык жактан шартталган эмес. Ал тарыхый жактан калыптанат, күнүмдүк саясий жана экономикалык кырдаалдарга тикелей көз каранды. Мына ушунтип, бул мүнөздөмөлөр эмгектин бөлүнүшү жана салттуу буйрутмалар менен байланышкан коомдо кабыл алынган социалдык ролдордун наыйжасы катары каралат.

Заманбап экономикалык кырдаал жана БУУнун мүчөсү болгон бардык мамлекеттердеги адам укугун жана эркиндигин сактоого коюлуучу универсалдык талаптар, гендердик айырмачылыкка абдан демократиялуу мамилени билдирет: эркектер үчүн да, аялдар үчүн да мансап тандоо жана жашоо образы үчүн, ошондой эле инсандык жана кесиптик өсүү үчүн бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөр камсыздалышы керек.

Гендердик теңсиздик -  социалдык түзүлүштүн мүнөздөмөсү, ага ылайык ар түрдүү социалдык топтор (аталган учурда – эркектер жана аялдар) коомдо бирдей эмес мүмкүнчүлүктөрдөн келип чыгуучу туруктуу айырмачылыктарга ээ. 

Гендердик теңдик – аялдар жана эркектер улуттук, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүгө өзүнүн салымын кошуу үчүн өзүнүн укугун жана кубатын толугу менен ишке ашырууга бирдей шартка ээ болот дегенди туюндурат. Азыркы учурда «теңдик» деген түшүнүк аялдарга жана эркектерге ар түрдүү мамиле бирдей (окшош) натыйжаларга жетүү үчүн зарыл экендигин моюнга алат.

Көп түрдүүлүк – коомдогу гендердик, этномаданий, курактык, социалдык-экономикалык жана башка параметрлери боюнча ар түрдүү топтордун болушу.

Социалдык адилеттүүлүк теңдик түшүнүгү жөнөкөй мааниде каралбайт, өзүнө турмуштук кырдаалдардын жана көп түрдүүлүгүн жана адамдын өзүнө байланыштуу болбогон, туулган жери, жынысы, расасы, этникасы жана башка факторлоруна байланыштуу шарттарды камтыйт жана мамлекеттин, башка социалдык институттардын жардамы менен коомдук ресурстарды кайра бөлүштүрүүнү талап кыла алат. (Сүрөттү караңыз).



Жогоруда белгиленип өткөндөй билим берүү стандарттары, окуу китептери жана окуу материалдары социалдык жана маданий ченемдерди алдыга жылдыруу, калыптандырууда абдан чоң роль ойнойт. Ошого жараша, алар гендердик теңчилик, социалдык инклюзия жана маданият аралык толеранттуулук ченемдерин өзүнө камтуучу чен-ѳлчѳмдѳргѳ жооп бериши керек.

  1. Билим берүү натыйжаларын (компетенттүүлүктөрдү) баяндоо

Башка билим берүү натыйжалары сыяктуу эле гендердик теңчилик жана инклюзия тармагындагы компетенттүүлүк үч деңгээлде каралат: таанып билүү, баалуулук-эмоционалдык жана практикалык. Анткени менен бул компетенттүүлүктөр башка билгичтиктер жана көндүмдөргө караганда индивиддин келечектеги коомдогу жүрүм-туруму менен көбүрөөк байланышкан. Так мына ушул компетенттүүлүктөрдөн адеп-ахлактык ишенимдер, толеранттуулуктун деңгээли жана чыр-чатактык кырдаалда адекваттуу стратегияны тандай билүү кѳз каранды. Компетентүүлүктөр калыптана турган ар бир деңгээл мына ушул кѳз караштан каралат.



Таанып билүү деңгээли:

Бул деңгээлде дүйнөнүн картинасын аныктаган жана көйгөйдү ар тараптуу кабыл алууну, ийкемдүү жана сынчыл ой жүгүртүүнү камсыздаган түшүнүктөрдүн жыйындысы башкы ролду ойнойт. Кырдаалды тез жана ар тараптуу талдоосуз маданият аралык коммуникациядагы жарандык жигердүүлүктү көрсөтүү же чыр-чатак учурунда жүрүм-турумдун зарыл стратегиясын тандоодо зарыл коммуникативдик жана башка практикалык көндүмдөрдү колдонууга мүмкүн эмес.

Баалуулук-эмоционалдык деңгээл:

Аталган деңгээл көп түрдүүлүк жана теңдик, Башканы кабыл алуу, таануу көндүмдөрү жана өзүнүн эмоцияларын башкаруу, мындан тышкары жаңы, бейтааныш нерсеге ачык мамиле жасоо баалулуктарынын маанилүү экендигин көрсөтөт. Ушул компетенцияларды өнүктүрүү экинчи билгичтик – жашай билүү жана төртүнчү билгичтик – бирге жашай алуу менен тыгыз байланыштуу. Башка адам кемсинтилип, кордолуп, адилетсиз мамилеге туш болгон кырдаалдарга сезимтал келет. Бул кыздарга, карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, азчылыктарга же бейтааныш чөйрөгө туш болгон чет адамдарга тиешелүү болушу мүмкүн. Бул компетенцияларды өнүктүрүү окуу процессинде жана активдүү класстан тышкаркы иште жана мектеп турмушун жана чөйрөсүн өзгөчөлүү уюштурууда интерактивдүү методдорду пайдаланууну талап кылат.

Практикалык деңгээл:

Бул деңгээл, эң алгач, ар түрдүү чөйрөдө натыйжалуу социалдык өз ара аракеттешүүнү уюштуруу жана өзүн алып жүрө билүү билгичтиги менен байланышкан. Мына ушунтип, практикалык деңгээлде толеранттуу жүрүм-турум көндүмдөрү жана чыр-чатактагы жүрүм-турум көндүмдөрү, маданият аралык коммуникация, чыр-чатакты чече билүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү көндүмдөрү калыптанат. Ушундай жол менен бир адам башкага карата адилетсиз мамиле жасап атканын эле көрбөстөн (кыз же майып болсун), капа болгонду эч ким кордобошу, чыр-чатактын андан ары өнүгүп кетпеши үчүн, аны коргой билүү зарыл. Мурунку жылдары сабактын максатын коюуда салттуу педагогикада кабыл алынгандай билим берүү, тарбиялоо жана өнүктүрүү милдеттери коюлуп келгенин белгилеп өтүү жөндүү. Мындан тышкары, мектептерде класстан тышкаркы иш-чаралардын алкагында жигердүү тарбиялоо иштери жүргүзүлүп келген. Азыркы учурда мындай ишмердүүлүктѳр көпчүлүк мектептерде олутуу кыскарып кеткендиктен, көптөгөн мугалимдер тарбиялоо жана билим берүү милдеттерин жакшыртууга көмөк бере турган так баалуулук багыттарынын жоктугун белгилешет. Мына ушунтип, заманбап билим берүү стандарттары, окуу китептери жана окуу материалдары бул боштукту теңдик жана социалдык аракет баалуулуктарын жигердүү жылдыруу аркылуу толтурушу керек.

  1. Мектеп чөйрөсүн уюштуруу

Билим берүү системасында тарбиялоо жана жогоруда баяндалган компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүнү атайын дардалган стандарттар, окуу китептери жана материалдар, даярдыгы мыкты педагогдор эле талап кылбастан, теңдик жана адилеттик принциптерине негизделген ылайыктуу мектеп чөйрөсүн уюштурууда да зарыл. Ушул чөйрөнү уюштурууга төмөнкү компоненттерди киргизүүгө болот:

  1. Физикалык чөйрө (ажатканалар, чечинүүчү жайлар ж.б.)

  2. Окуу процесс жана ар түрдүү предметтерди үйрөнүүгө түрткү берүү

  3. Кесипке багыт берүү

  4. Социалдык жана психологиялык чөйрө (гендердик стереотиптерди жеңүү, дискриминация, гендердик ролдордун өзгөрүшү ж.б.) окуу ишмердүүлүгү жана класстан тышкаркы иштер (өзүн өзү башкаруу, спорт, искусство ж.б.) аркылуу түзүү.

Биринчи компонент – физикалык чөйрө – кыздар ажатканаларды, чечинүүчү жайларды колдонууда, суук имаратта болуу ж.б. учурларда өзгөчө аярлуу келе тургандыгын билдирет. Эгерде мектепте ушул көйгөйлөргө жетиштүү көңүл бурулбаса, анда теңдик, жыныстарды урматтоо жөнүндөгү сүйлөнгөн сөздөр эки жүздүүлүк жана калп айтуу катары кабыл алынат.

Окуу ишмердүүлүгү менен байланышкан экинчи компонент биринчи кезекте педагогдордон рефлексия жана өзүн өзү талдоо көндүмдөрүн талап кылат. Дүйнөлүк изилдөөлөр көрсөткөндөй, мугалимдер байкабастан, «бул алардын турмушунда кереги деле тийбейт» деп болжолдошуп, кыздарга караганда эркек балдарга физика жана химия сабактарында артыкчылык беришет. Ошол сыяктуу эле адабият, искусство боюнча сабактарда эркек балдар пассивдүү келишет, анткени эмоционалдык жактан өзүн өзү билдирүү «келечектеги жигиттер» үчүн маанилүү сапат катары эсептелинбейт. Айрым сабактардагы майда деп эсептелинген учурлардан улам кыздар, эркек балдардын мээлери башка багытка караганда белгилүү бир багытта өнүгө баштайт. Натыйжада кыздар автоунааны токтоткон учурда (көз өлчөмү, мейкиндик ой жүгүртүүсү жакшы өнүкпөгөндүктөн) кыйынчылыктарга учурашат, ал эми балдар эмоционалдык жактан компетентсиз келишип, башкалардыкын туя алышпай, өзүнүн жеке эмоцияларын ачык билдире алышпайт.

Экинчи компонент үчүнчү менен тыгыз байланыштуу – кесипке багыт берүү. Педагогдор байкап-байкабастан кыздар жана эркек балдарга ишмердүүлүктүн бир тармагында артыкчылык беришип, башка жагындагы алардын аракетине колдоо көрсөтпөгөн учурлар көп эле учурайт. Ошентип, эркек балдар ѳзүлѳр көп учурда техника, автоунаалар, сандар менен байланыштырышат, ал эми кыздар тамак даярдоо, тигүү же карап-багуу, кам көрүү менен байланыштырышат. Мына ушундан улам көп кыздар айдоочу же инженер кесиби тууралуу ойлонушпайт, ал эми балдар ашпозчу же тигүүчү болуу каалоосун ачык айтуудан коркушат. Тиги же бул иште өзүн сынап көрүүгө каалоо жана мүмкүнчүлүк көп учурда чоңдордун мамилелеринен, алардын айткан сөздөрү, өз убагында колдоо көрсөтпөөсүнөн башталат.

Ар түрдүү ишмердүүлүктѳ өзүн сынап көрүү мүмкүнчүлүгү класстан тышкаркы иштерди уюштуруу жана социалдык чөйрө менен байланышкан. Мектепте өзүн өзү башкаруу канчалык реалдуу өнүккөн? Анда ар кандай ийримдер жана секциялар барбы? Бул ийрим жана секциялар ар кандай жыныстагы жана этникалык өзгөчөлүктөгү балдарга бирдей жеткиликтүүбү? Мектепте коркпостон келип өзүнүн көйгөйлөрүн талкуулай алган же көйгөйлүү кырдаалды чече турган адам же орган барбы? Мына ушул маселелер билим берүү натыйжаларына жетүү үчүн абдан чоң мааниге ээ (Берилген натыйжаларга жетүү шарттарын төмөндө келтирилген «Өзүн өзү баалоо барагын» колдонуу менен текшерип көрсө болот).





1 Келечектин билим берүү саясаты ЮНЕСКОнун билим берүү боюнча комиссиясынын төрагасы Жак Делордун докладында http://ps.1september.ru/article.php?ID=200101504

2 Билим берүү туруктуу өнүгүү максатында. БУУнун он жылдыгы. ЮНЕСКО документтери. http://www.unesco.kz/education/2004/esd_brochure.pdf