Класс: 7в, 7г
Дата: 7-11.10.2013
Сабактын темасы: Информациянын касиеттери
Сабактын максаты:
билим берүүчүлүк- окуучулардын информациянын касиеттери боюнча билим алуусуна көмөктөшүү;
тарбия-берүүчүлүк- окуучулардын жаңы теманы өздөштүрүүгө карата аң сезимдүү кабыл алуусуна, жоопкерчиликке тарбиялоого көмөктөшүү
өнүктүрүүчүлүк – окуучулардын предметтик маалымдуулугун, өзүнчө ой жүгүртүүсүн, предметке болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү;
Сабактын милдети:
-Информациянын касиеттери боюнча маалымат алышат
-Информациянын касиеттерине карата мисалдарды келтиришет
-Информацияларда кайсыл касиеттери көбүрөөк орун алгандыгын аныкташат
-Өзүнчө ой жүгүртүүсүн өнүгөт
Сабактын методу:- сөздүк, демонстрациялык
Сабактын тиби: аралаш
Сабактын жабдылышы: проектор, компьютер, “Мир информатики” программасы, окуу китеби (1), (2), (3), доска, маркер
Сабактын жүрүшү:
Окуучуларды сабакка уюштуруу
Үй тапшырма текшерүү Суроолор:
-Информатика эмнени үйрөтөт?
-Информатиканын негизги түшүнүктөрү?
-Биз үчүн маалымат деген эмне?
-Бүгүн кайсы булактардан маалымат алдыңар? Санап бер
-1 жумалык техникалык, жаратылыштан, илимден маалыматтарды ким чогултуп ала келди
3. Жаңы теманы түшүндүрүү
Маалымат бизге туура чечим кабыл алуу үчүн керек. Маалыматтын касиеттери, б.а. анын сапаттык белгилерин карап көрөлү.
Маалыматтын объективдүүлүгү. Маалымат- бул сырткы дүйнөнүн чагылуусу, ал биздин аң-сезимибизге жана каалообузга көз карандысыз эле жашайт. Ошондуктан, маалыматтын касиети катары объективдүүлүктү белгилөөгө болот. Маалымат кимдир бирөөнүн ой жүгүртүүсүнө, пикирине көз каранды болбосо, объективдүү болот. Мисалы, эгер сыртта жылуу десек, бул субъективдүү маалымат болот. Эгерде термометрди карап -50 десек бул объективдүү.
Маалыматтын аныктыгы. Маалымат чындыкты чагылдырса, анда ал анык, ырас. Өбъективдүү маалымат дайыма анык болот. Бирок анык маалымат объективдүү да, субъективдүү болушу мүмкүн. Анык маалымат бизге туура чечим кабыл алганга жардам берет. Маалымат төмөнкү себептерден улам анык болбой калышы мүмкүн: атайын бурмалоо, тоскоолдуктардын таасиринин натыйжасында бурмалануусу, фактылардын маанисин азайтканда же өтө күчөткөндө ж.б.
Маалыматтын толуктугу. Эгерде маалымат түшүктүү жана чечим чыгаруу үчүн жетишерлик болсо, анда ал толук маалымат болот. Мисалы, тарыхчынын максаты откөн доорлор жөнүндө толук маалымат алуу болуп саналат. Бирок тарыхый маалымат эч качан толук болбойт жана убакыт канчалык алдыга жылган сайын, өтүп кеткен мезгил жонүндогү маалымат ошончолук азая берет.
Маалыматтын актуалдуулугу.- анын азыркы учур үчүн маанилүүлүгү, олуттуулугу. Убагында кабыл алынган маалымат гана зарыл болгон пайданы алып келиши мүмкүн. Маалымат эки себептен улам актуалдуу эмес болушу ыктымал: эскирген же керексиз
Маалыматтын пайдалуулугу же пайдасыздыгы. Бул түшүнүктөрдүн ортосунда чек жок. Маалыматтын пайдалуулук даражасы жөнүндө конкреттүү адамдардын аны керектөөлөрүнө карата кеп кылуу зарыл. Маалыматтын пайдалуулугу биз анын жардамы менен чече турган маселелер аркылуу аныкталат.
Биз үчүн эң баалуу маалымат бул – жетишерлик, пайдалуу, толук, объективдүү, анык жана жаңы маалымат.
4.Сабакты жыйынтыктоо
Мисалдарды келтиргиле:
Анык бирок, объективдүү эмес маалыматка
Объективдүү, бирок анык эмес маалыматка
Толук, анык, бирок пайдасыз маалыматка
Актуалдуу эмес маалыматка
Актуалдуу, бирок түшүнүксүз маалыматка
5)үй тапшырма: (1) 10 бет §3
(2) 8бет Тапшырма 1.8, 1.9
6)Баалоо. Баа коюу
Колдонулган адабияттар:
Т.Р. Орускулов “Базалык курс”
Ибирайым кызы А. Информатика боюнча жумушчу дептер 7 класс
О.Л.Соколова Информатика