Просмотр содержимого документа
«Каана башчысынын милдеттери»
Каана башчысынын милдеттери
Окуу каанадагы көрсөтмө куралдардын таратылып берилүүчү карточкалардын, окутуунун техникалык каражаттарынын, окуу кааналарынын жасалгаланышына жана сакталышына, алардын өз максатында пайдаланылышына, окуу каананын ирээттүүлүгүнө жана тазалыгына жооп берет.
Окуу каананы жабдуу, жасалгалоо иштерин пландаштырат жана аткарат.
Жалпы мектептик, райондук, областык масштабдагы көргөзмөгө, кароо-сынактарга окуучулардын чыгармачылык иштерин коюну уюштурат жана камсыз кылат.
Окуучулар менен биргеликте каанадагы эмеректерди, көргөзмө куралдарды ремонттоо, жабдуу жана жасалгалоо иштерин уюштурат.
Предметтик ийримдердин каанада өтүлүшүн камсыз кылат.
Күндөлүк сабактарга ылайык көрсөтмө куралдар, таркатылып берилүүчү карточкалар менен толукталып турушун камсыз кылат.
Окуу каананы усулдук адабияттар менен толуктап турат.
Каанада жүрүүнүн эрежеси
Окуучулар төмөндөгү талаптарды аткарууга милдеттүү:
Мугалимдин айтканын так аткарууга.
Каананы таза сактоого.
Коомдук буюмдарды сактоого.
Мугалимдин уруксаты жок мектеп аянтынан чыгып кетпөөгө.
Дежур окуучунун көрсөтмөлөрүн аткарууга.
Окуучуларга тоскоол болбоого, акырын сүйлөөгө, чуркабоого.
Техникалык коопсуздукту сактоо эрежеси
Каанадагы бардык электр түйүндөр талапка ылайык иштөөсү зарыл.
Эгерде туура эмес туташтыруу болсо анда өрт чыгуусу мүмкүн.
Электр түйүндөрүнө колго жасалган ар түрдүү тез ысыткычтарды сайбоо.
Ширенке менен ойнобоо, учтуу нерселер менен сайбоо.
Электр зымдарынан бузулган белги байкалса мектеп электригине кабарлоо.
Эгерде өрт чыкса 101 телефонуна билдирүү.
Каана жетекчисинин уруксатысыз эч кандай иш жүргүзбөө.
Мектептин кирүү жана чыгуу тепкичтеринде, мектептин ичинде, физика, химия, кол эмгек кааналарында коопсуздук эрежелерди сактоо.
Мектептин айланасындагы спорт аянтчаларындагы стандарттык эмес эмеректерге мугалимдин уруксатысыз чыгып ойнобоо.
Мектепке келе жатканда жана сабактан чыгып үйгө кетип жатканда жолдо жүрүүнүн эрежесин толук сактоо.