Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева ________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Карысы бардын ырысы бар.
Сабактын методу: эвристикалык
Сабактын тиби: аралаш
Сабактын формасы: өз алдынча иштөө
Максаты |
А)Конкретүү максаты (билим берүүчүлүк): Чоң ата-апасына жардам берүүгө, аларды сыйлоого үйрөнөт. |
Б)Конструктивдүү(өнүктрүчүлүк,тарбиялоочулук): Карылырды сыйлоого, урматоого,кайрымдуу болууга тарбияланышат.Сабакта алган маалыматтарынын негизинде өнүгүшөт. |
Күтүлүүчү натыйжа:
● Кары -картандарга кайрымдуу болуу
● Чоң ата-апалар биздин келечекти куруучулар экенин түшүнүү.
● Карысы бардын ырысы бар деген макалдын маани мазмунун түшүнүү.
Сабактын мотивациясы: Улгайган курактагы адамдарды сыйлоону жана урматоого көнүгүшөт.
Сабактын өбөлгөсү: Чоң ата-апасына жардам бергенди билишет.
Сабактын жабдылышы: Слайдар,сурөттөр колдонулат.
Убакыт: 45 мунөт.
Убакытты бөлүштүрүү: Чакыруу этабы: 3-5 мүн
Тушүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү): 20-25 мүн
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо): 10-12 мүн
Сабак:
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу,класстын тазалыгын кароо, тактоо
Жагымдуу маанай тартулоо: Кызыктуу маалымат айтуу.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):
Мугалим:
Жок болсо да ак сарайым алтыным,
Бүт ааламдан бүт дүйнөдөн мен баймын.
Менин дүйнөм, менин мүлкүм байлыгым,
Ата, апа, сиздердин тирүүлүктө барлыгың.
Ата-дөөлөт, эне- таалай бала үчүн,
Кадырлоого жумша андыктан бар күчүң.
Кылбасаң да чеке тердеп алп мээнет,
Ошол болсун коомго кошкон үлүшүң.
Ата менен эне тирүү барында ,
Эң башкы ишиң жан дилиңден кадырла.
Каза тапса арзыбайт бир тыйынга ,
Сен короткон алтының да, ыйың да.
Мактай албайм үйдөй алтын жыйнасам,
Мага десең академик , аалым бол!
Ата-энеңди терең урмат кылбасаң,
Адам деген асыл наамың болот кор
Саламатсыздарбы!“Карысы бардын ырысы бар” дегендей, намыстуу, касиеттүү карыялар башынан салт туткан элдин туткасы, кеңешчиси болуп келген.”
Замандын өзгөрүүсү менен жаштардын аң-сезими толук калыптанбагандыктан карыяларга сый-урмат көргөзүү нарк-насили, сыйы тайыздаса, буга кошумча карылардан өз кундарын учуруп кейреңдегендери да көбөйө баштады.Кары-жашы дебей коомубуздун бардык өкүлдөрү ар түрдүү сырттан келген таасирлерден жана үлгү боло алчу асыл нускалардын аз болгондугунан улам өздөрүнө тиешелүү негизги милдеттерин аткармак түгүл түшүнбөй келишет. Мунун кесепетинен барган сайын жаштарга теңелген чал-кемпирлер көбөйүп, ал эми карылар үйү болсо, күндөн-күнгө толуп барат.
Карыларды баамга албоо, аларга үнүн көтөрүп кыйкыруу же аларды кемсинтүү учурда көнүмүш адатка айланып калгандай. Ошондой эле бүгүнкү коомдо карыган адамдын кадыры жоголуп, жаштар аларга көңүл буруп, кароодон качып калышкан. Баласынын келечекте жакшы адам болуусун каалап, муздакта жылуулук, ысыкта көлөкө болуп берген ар бир ата-эне карыган маалында төрдө өз баласынын колунан чай ичип олтурбастан, карылар үйүндө күн кечирип каларын биле бербесе керек.
Окуучулар “Ата- аскалуу тоо,эне-анын боорундагы булак, бала -экөөнө тең жанып турган шам чырак ” бул ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапкан нарктуу нуска.Окуучум! ,бул нуска сенин да жүрөгүңдөн түнөк табышын каалайм.Силердин бул жарык дүйнөгө келишиңерге себепкер болгон , тарбиялап өстүргөн ата-энеңердин сүт акысын актагы.Аларга болгон урматтооңорду ширин тил менен таза эмгегиңер менен көрсөткүлө.Өмүр боюу аларга ак кызмат кылып, алардын ыраазылыгын алгыла.
Окуучулар ата-эне жөнүндө макалдарды айтышат.
1.Ата-эне сыйлаган абийир табат,
Энени сыйлаган элине жагат.
2.Алты күн ачка калсаң да, атаңды сыңла.
3.Атасы үчүн баласын айыпка жыкпайт,
Баласы үчүн атасы эмнени гана укпайт.
Ойлону этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп |
Бышыктоо: 1.Карысы бардын ырсы бар деген макалды кандай түшүндүңөр? 2. Турмуштан алыган кыскача көрүнүштү сахналаштырып бергиле. | |
Үй тапшырма: Өзунөрдүн чоң ата-апаңар жөнүндө ,аларга кантип жардам берүүңөр жөнүндө эссе жазып келгиле.
Баалоо:
“5”- Өтүлгөн теманы кайталоодо активдүу катышкан жана теманы өздөштүрүүдо өз алдынча,экиден топто иштеше алса, алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
“4”- жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса.
“3”- жогорудагылардын экөөнө катыша албаса.
“2”- таптакыр эле аракети жок болсо.