Касым Тыныстанов.
(1901-1938)
Ал Ысык-Көл ройонундагы Чырпыкты айылында 1901-жылдын 10-сентябрында дүйнөгө келген. Ата-Энесинин тек-жайы, турмуш-абалы тууралу так маалымат жок. Касым жети жашка чыкканда эле атасы сабатын ачат. 1909-12жж. Чырпыктыда мусулманча окуп, андан кийин Сазановка айылындагы өзбек медресесине кирет. 1914-16жж. Караколдогу орус-тузем мектебинде окуп, аздыр –көптүр орус маданияты, адабияты менен таанышат.
Бул мектеп Тыныстановдун келечектеги бүт чыгармачылык ишине табылгыс көрөңгө болгону талашсыз. 1916-жылкы боштондук күрөштө бөтөн жерге качкан караламан калктын арасында Тыныстандында үй-бүлөсү бар эле. Бирок анын бала-чакасынан үркүндө кимдер болгону, бул жылдары кандайча, кантип жан багып күн көргөнү туурасында да маалымат жок. 1918-жылы гана Касым эл менен туулган жерге кайтат.
Кандайдыр бир себептер менен киндик каны тамган Чырпыктыга келбестен көл башындагы Тепке айылындагы таякелериникинде бир жылча байырлап, буурусун менен жер чийип, оокат кылат. Дал ушул башына түшкөн зор трагедия зирек, сабаты да, зардасы да бар баланын шыгын ойготуп, жүрөк сезимин сыртка чыгарууга түрткү берип “революцияга чейин эле элдик поезиянын салтында ырлар чыгарып, атүгүл 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланыштуу кайгы-муңга ширелген дастан токуган экен....
Садыбакас деген таякесинин жардамы менен 1919-жылы Ташкенге келип, Казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо бөлүмүнө алынат. Ойлоп көрсө 18ге чыгып, далай убакытты өткөрүп жибериптир. Кийин акын бул жөнүндө:
Сулк жатууга жүрөк жанып койбой тур,
Бура кысып заман чиркин болбой тур.
Жаш да жетти, иш да жетти иштөөгө,
Көз коркунчаак, көөдөн тайыз оңбой тур.
Түпкү максат чын чыгарын билемин,
Мезгил жетип кулач урбай мухитке
Он сегиз жаш, бекер кеттиң күйөмүн!..
-деп жазат. “Бул... “Күйөмүн” деген лирикалык ыр... Чыгарманын көркөм тулкусун бир бүтүн оргонизм, ырааттуу айтылган өзүнчө бир туташ монолог катары көрсөтүп турган негизги касиет- акындын тышкы дүйнөгө, кала берсе өзүнө жасаган жеке мамилеси. “Мендин” инсандык, атуулдук дараметине.... арбалат...Ошондон улам К.Тыныстановдун акын катары эволюциясын, баскан жолун ылдамдап өнүккөн чыгармачыл жол деп изилдөөгө болот”.
1920-жылы. К.Тыныстанов Кыргыз агартуу институтунун биринчи курсуна өтүп, окуп жүрүп, казак тилинде чыккан мезгилдүү басылмаларда, Түркстан АССРинин Эл агартуу Комиссариатынын алдындагы Казак-кыргыз билим комиссиясында маяналуу кызматтарда эмгектенип, 1920-1924-жылдары “Өрис”, “Ак Жол” гезиттеринде, “Жас кайрат”, “Сана” журналдарында кызматкер болот. Дал ушул институтта окуп жүргөн төрт жылда К.Тыныстанов кыргыз эли үчүн алгачкы жазуу-чиймени жаратууга, айрыкча мектеп үчүн окуу куралдары менен окуулуктарды түзүп, кураштырууга киришет.
1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облосунун Академиялык борборунун Кыргыз бөлүмүнүн катчылыгына дайындалган. Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп, ошол эле убакта эки-үч ай “Эркин-Тоо” гезитинин жооптуу редакторунун милдетин да аткарган. 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып, үч жыл иштейт. Ушул эле убакта (1928-31-жж.) “Жаңы маданият” журналынын редактору, 1930-37-жыдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, эки-үч ай анын диретору да болуп, мындан тышкары Кыргыз педагогикалык институтунда дарс окуйт. Жергебизде эң биринчи К.Тыныстоновго 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессордук илимий наам берилет. Бул жылдары ал бир аз убакы театрга директор да болот. Белгилүү инсандын коомдук жана жаратмандык иштери кыскача ушундай. Бирок бул кургак цифралардын ары жагында анын көп кырдуу, чиеленишкен, татаал тагдыры жашырынып жатат.
К.Тыныстанов – алгачкы көч баштаган окумуштуу тилчи, акынжазуучу, котормочу, журналист, коомдук ишмер.
1925-жылы жарык көргөн “Касым ырларынын жыйнагы” ошол кезде жаш адабий коомчулуктун да, жаңыдан көз жарган жаш сындын да назарын өзүнө бура албады. Китеп жарык көргөндөн үч жыл өткөндөн кийин гана Айткулу Ыбыке уулунун “Касым ырларынын жыйнагы” деген макаласы “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1928-жылдагы №20-санында жарыяланды. Акын жөнүндөгү бул алгачкы макаланын жолу өтө катаал болду. Ага удаа ошол эле гезиттин №27-санында Карабулактын (Токчоро Жолдошевдин псевдоними) “Көртүү адабият жана акындарыбыз” деген макалаларынын түрмөктөрүндө “Касымдын ырлар жыйнагында” алашчыл күү чертилгени, анын себептери да , кыскасы, андагы оош-кыйыштар көрсөтүлүп, автордун чыгармачылык дараментине, кесиптик камылгасына, жалпы эле талант-шыгы менен дасмиясына калыс баа бер.
Ушундан кийин төрт жыл бою К.Тыныстанов жөнүндөгү сын-пикирлердин изи суугансып, басаңдай түштү. Кийинчерээк анын жетекчилиги менен жазылган “Академиялык кечесинин тыянагы” деген эки макаласы басылды. Өзүнө карата айтылган бул сын-пикирлерге жооп иретинде жазылган Касымдын “Мен баскан жол, менин чыгармам, менин бетим” деген макаласы жарыяланды. Бир жагынан кемчилигин мойнуна алып, бир чети өзүн-өзү мактаган маанайда жазылган ал макала мурдагы талаштардын чырагына ого бетер май тамызып, кеп учугун кайрадан чубап чыгууга жем таштады.
Мына ушундан көп өтпөй 1933-жылдын 22-августундагы “Кызыл Кыргызстан” гезитинде А.Токомбаевдин “Касымдын каты” аттуу макала басылды. Бул жана “Академиялык кечелер” жөнүндө А.Токомбаевдин жогорудагы эки макаласында айтылган ойлор андан кийинки “Кызыл Кыргызстанга” жарыялаган. “Адабият жат идеядан тазалансын” (1933, 8-август), “Жаңы жолбашчылыкка жаңы темп” (1933,24-декабрь), “Адабият кыймылынын ар кайсы учурунан” (1934,8-апрель) деген макалаларында, “Мазмуну сотсиалдык жана боруму улуттук болгон Кыргызстандын адабияты өсүп жана чыңдалып жатат” (1934,22-апрель) деген доклатында да кайталанды.
Ырас, ак ийилип сынбайт, акыры кечигип болсо да Касым Тыныстан уулу биротоло акталды. Бирок бул чындыктын жолу узак жана татаал. Адегенде, 1956-жылы августта К.Тыныстановдун аялы Турдубүбү актоо жөнүндө өтүнүп, тиешелүү оргондарга кайрылды. Ушундан бир жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин 1957-жылдын 1-октябрында баягы эле бизге тааныш СССР жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы мурдагы 1938-жылдын 5-ноябрындагы өзүнүн өкүмүн жокко чыгарат. К.Тыныстановду күнөөсүз деп тапты. Ал эми 1958-жылдын 22-январындагы Кыргызстан Борбордук партия комитетинин бюросу аны партиялык жактан акталды. К.Тыныстановдун тегерегинде мындан кийин да өкмөттүк-мамлекеттик деңгээлде оош-кыйыш сөздөр айтылды, далай чечим-токтомдор кабыл алынды. Бирок юридикалык жана партиялык жактан толук актаганына карабастан, К.Тыныстановдун адабий жана маданий мурастары жарыкка чыкпай, калың элдин катмарына жетпей калды. Себеп дегенде жогорудагы К.Тыныстанов жөнүндө өкмөттүк-мамлекеттик деңгээдеги чечим-токтомдорунда бул белгилүү инсандын мурастарына-бүт жаратмандык чыгармачылыгына “этият”, “ойлонуп” мамиле кылуу зарылдыгы тымызын, астыртан эскертилип турду. Буга 1958-жылдан баштап тоталитардык бийлик тыйпыл болгонго чейинки Кыргызстан Компартиясынын К.Тыныстонов жөнүндөгү көптөгөн документтери ачык күбө. Дал ушундай себептерден улам К.Тыныстановдун бүт мурастарына көрмөксөн, байкамаксан мамиле жасалды. Акырында, кайра, куруунун, айкындуулуктун шарапаты менен гана өкмөт 1989-жылдын декабрында К.Тыныстановдун мурасы туурасындагы өзүнүн көп жылдык жаңылыштыгын мойнуна алып, анын чыгармалары элибизге кайтарылып берилди.
Тема: Касым Тыныстанов
Даярдаган: Тынычбек кызы Кызжибек
Текшерген:Эргешова Шырманай
АЙРЫЛУУ
Жаз мезгили… өз кезегин түн баскан,
Ай он беште кат жазгандай нур чачкан.
Бир табыш жок… жалгыз гана жар таштан,
Аккан булак өмүрдүккө үн салган…
Ай шооласы жерди, көктү каптаган,
Бир өң берген, кийиндирген, актаган.
Көрөр көзгө күнчүлүктөн элестеп,
Жалгыз «кара» табийгы өңүн сактаган…
Кең укуктуу эркин ойдон чыкпаган,
Миңди сүйгөн бирдин зарын укпаган.
Күмүш түскө жер койнунда бөлөнүп,
Көпөлөк да гүл кучактап уктаган.
Салкын жел бар. Ал да сокпос табыштап,
Терметкендей «дем алыш кыл тынычтап!»
Толкуну жок көлдө сүзгөн кемедей,
Мемиреген, жаңы орноткон там — кыштак
Ушул түндө жалгыз бозой күзөткөн,
Белгилүү жол: «палан кез» деп шерт эткен.
Түн күндүздөй, назик ишке жол бербес,
Дем алуу кем, селки жакка көз тиккен…
Бүгүнкү түн — акыркы түн сүйгөндүн,
Сүйүү жолдо азап чегип күйгөндүн.
Жыл ойногон, ай ойногон ашыктык,
Жаштык сырын жаш жүрөккө түйгөндүн.
Эртесинде эки жүрөк айрылмак,
Таза жүрөк дартка чалмак, кайгырмак.
Селки кетмек айлык жолго, жат элге,
Сүйгөн досун өмүрлүккө калтырмак.
Булак үндүү бозой ойдо чубалган,
Мезгил үндү күткөн үмүт узарган,
Деген кезде селки чыкты короодон,
Түс өзгөрткөн, ак кийимге чулганган.
Кас кылгандай: ай шооласын ашырды,
Корккондорго кош көрүндү, жашынды.
Эптеп селки бозоюна жеткенде,
Үн угулду. үй эшиги ачылды.
Колун берди «кош бол, жаным, мына» деп,
Колун алды «кош бол, жаным, көрөм» деп,
Айрылышты, кол силкишти өмүрлүк…
Өбүшүүгө ортодо там бербеди эрк…
Селки кетти ууру адымдап кайрылып,
Бозой калды укмагынан айрылып.
Айды ичинен сыр бербестен жек көрүп,
Ысык жашка бетин жууду кайгырып.
Күлгөн күлбөс өмүрлүккө кайгырбай,
Сүйгөн сүйбөс өмүрлүккө айрылбай,
Күлүү, сүйүү — күч айдаган жазыксыз,
Тагдыр чиркин боору ачыбас ошондой!..
ЫСЫК-КӨЛГӨ
Кайдасың кең Ысык-Көл, тууган жерим,
Киндигим кесип, кирим жууган жерим!
Көргөн жан саулетиңди сагынады,
Жайкалган сен Каракол — алтын кеним!
Бармысың, Түп, Жыргалаң эки өзөн-суу?
Үстүңө каздар конуп салган кыйкуу.
Жайылган саудагердин койларындай,
Көл бетин бермеушеди үйрекпен, куу!
Айланаң ашык эмес, калың тогай,
Ушады тогайыңнан сайрап торгай.
Турады көз алдымда бул күнгидей,
Кетпейсиң көкиректен мына сол жай!
Жылтырап таудан аккан сууң кандай?
Балапан конуп, учкан Кууң кандай?
Сай-сайдан кечке турум анчыркаган,
Бураң бел арууларың сенин кандай?!
Ах, жерим! Жаңылдырдың мени эсимен,
Таянып түскөн кезде күн бесиннен.
Кең далаң көрүнчү эди бейиске оксап,
Макмал жел коңургакпен самал эскен!..
Касым Тыныстанов
(1901-1938)