КЕК ЖАНА КЕКЧИЛДИК
Сабактын максаты:
Кекчилидик жаман сапат экендигин түшүнүшөт. Кечиримдүү болууга үйрөнүшөт.
Сабактын жабдылышы:
Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.
Элибиз илгертеден эле айкѳлдүк, жоомарттык, кең пейилдүүлүк сапаттарды кан-жанына сиңирип келген. Бирѳѳдѳн ѳч алуу, кекчилдик ѳңдүү терс сапаттарды ѳздѳрүнѳн алыс тутуп жактыра беришпеген. “Алдыңа келсе жети атаңдын кунун кеч”, “Бирѳѳ бир жаагыңа урса, анда, экинчи жаагыңды тосуп бер”, “Кекчил болбо, эпчил бол” деген нуска сѳздѳрдү кийинки урпактарга таберик катары калтырып келишкен. Биз ата-бабаларыбыздан калган мурас кептерди ѳз турмушубузда татыктуу пайдаланалы, адамдык мыкты сапаттарды ѳзүбүздѳ калыптандыралы. Айкѳл, кең пейил, аруу дилдүү таза инсан болуп жетилели.
Жаман мамиле жасап башка бирѳѳнү ѳзүңѳ кекентип, душман кылып албагын. Баарын ѳзүңдѳй кѳрѳ бербе, эл оозундагы “Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр” деген сѳз эсиңде болсун. Бирѳѳ менен мамиле түзүп, алакада болууда ѳтѳ кылдаттыкка үйрѳн, алардын дилин оорутпа. Болбосо ѳзүңѳ жараша жооп алып калышың мүмкүн. Мындай окуяны “Сѳѳлжан менен үлүл” деген тексттен байкасаң болот.
Үлүл менен сѳѳлжан бир күнү жолугушуп калышты. Алар бирин-бири кѳрүп таң калып турушту.
-Эй, Үлүл, сенин үйүң кайда? –деп сурады Сѳѳлжан Үлүлдѳн.
-Менин үйүмбү? Үйүм мына, - деди үлүл үстүндѳгү кабыгын кѳрсѳтүп.
-А шапкең канакей? –деди анан Сѳѳлжан кайта суроо берип.
-Шапкем да мынакей, - деди ага Үлүл, дагы да кабыгын кѳрсѳтүп. Сѳѳлжан Үлүлдү бул үчүн шылдыңдап күлдү.
Ошондо Үлүл Сѳѳлжанга минтти:
-А сенин башың кайда?
-Менин башымбы? Башым мынакей, - деди ѳзүнүн жиптей чубалган бир учун ѳйдѳ кѳтѳрүп.
-А куйругуңчу? Ал кайда? –деди Үлүл Сѳѳлжанга таң калганы басылбай. -Куйругум да мынакей, - деди анда Сѳѳлжан дагы бир жак учун кѳтѳрүп. Анын бул сѳзүн угуп, Үлүл мага кезек келди дегенсип, Сѳѳлжандышылдыңдап аябай күлдү…
Мына кѳрдүңбү, окуучум бири-бирине ѳчѳшүп, кек алуу максатындагы окуяны.
Сенде дагы ушундай окуялар кайталанбасын.
2-кадам:Таркатылган тексттер менен иштешет.
Жыландын казынасы
Кадимки заманда эки ага-ини жашаган экен. Агасы байжана ичи тар экен, иниси болсо жѳнѳкѳй жана адилет экен. Инисинин азыраак жери жана бир уйу болуп, балачакасы менен тынч турмуш кечирет экен. Агасы болсо ѳз байлыгынан кызганып, үйлѳнбѳгѳн да экен.
Бир күнү инисинин аялы уйун эми саап болгондо, баласы ыйлап калат. Шашылып баласына жүгүрѳт. Баланы соороткон соң сүт саалган челекке карап жүгүрѳт. Кѳргѳн кѳзүнѳ ишенбейт, челектеги сүттү бир чоң жылан ичип жаткан экен.Жакын арада иштеп жаткан күйѳѳсү жыланды кѳрүп, аялына жакындашпа деп ишара кылат. Бираздан кийин жылан сүттү ичип ѳз жолуна түшѳт. Дыйкан аял челекти алыш үчүн барса, челектин түбүндѳ алтын теңге жатыптыр. Алар ар күнү уйду саап ошол жерге челекти калтыра турган болушат. Жылан дагы ар күнү чыгып сүттү ичип, челектин түбүнѳ алтын теңге калтыраберет. Дыйкан аста-секин байып кетет. Агасы аны кѳрѳ албайт. Ачкѳздүк балээси уйкусун качырат, инисин алдап бул сырдын түбүнѳ жетет.
Күндѳрдүн биринде дыйкандын аялы уйду саап, челек толо сүттү жыландын алдына коет. Муну пайлап турган агасы сураныч мененаларды узагыраак жерге бир ишке жумшап жиберет. Ѳзү болсо курч балтаны алып жыланды пайлап турат. Жылан ар күндѳгүдѳй беймарал сүттү иче баштайт. Агасы убакытты пайлап туруп, жыланды балта менен чаап жиберет, жылан болсо байды чагып ѳлтүрүп, кыркылган биркарыш куйругун таштап, ѳз жолуна түшѳт.
Дыйкан үйгѳ кайткандан кийин, агасынын ѳлүп жатканын жана бир карыш куйрукту кѳрүп болгон окуяны түшүнѳт. Ыйлап-ыйлап агасын жерге жашырат.Арадан ай ѳтсѳ да жыландан дарек болбоптур. Дыйкан жылан жашаган жарга барып:
-Эй,жылан! Сен менен дос элек го, сенин алтының дагы керек эмес, сага сүт толо челек жана биз дагы муктажбыз, - дептир.
Ичкериден үн чыгарып:
-Эй, инсан! Сен ак кѳңүл, жѳнѳкѳйсүң, сен берген сүтүңѳ, мен болсо берген алтыныма ыраазы бололу. Сенде агаңдын күйүтү, менде болсо куйругумдун кеги бар. Сага душмандыгым жок. Агаңдын ачкѳздүгү түбүнѳ жетти жана биздин достугубузга чекит койду.
Ачкѳздүк канча-канча инсандардын башына жетпеди, канча-канча адамдарды жок кылды. Бири-бирине ѳчѳштүрүп, кекчилдиктипайда кылды.
Суроолор:
Кекчилдик дегенди кандайча түшүндүң?
Сѳѳлжан менен Үлүлдүн окуясынан эмнени түшүндүңѳр?
Эки бир туугандын мамилеси эмне үчүн эки түрдүү?
Жыланды ѳзүнүн кегин алды деп айтууга болобу?
3-кадам: Залкар ойлор талкууланат.
Залкар ойлор
Адам алсызы урушчаак, акылдуу киши тырышчаак.
Адам болуу арзан, адамды билүү кымбат.
Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.
Башканын айыбын кѳрбѳстѳн, ѳзүңдү оңдо.
Кекейгенге кекенбе.
Жандүйнѳнүн тазалыгы ченемсиз байлык.
Эл оозунан
Үйгө тапшырмалар:
“Кекчил болбойм!” деген темада дилбаян жазгыла.
Жомоктун мазмунун талкуулагыла, ѳзүңѳр дагы кекчилдик жѳнүндѳ кѳркѳм чыгарма жаратып кѳргүлѳ.
Залкар ойлорду талкуулагыла.