СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кеп өстүрүү сабагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кеп өстүрүү сабагынын конспекти

Тема: “Токойдогу кыш”

2сабак ( декабрь айы)

 Жогорку топ (5-6 жаш)

Просмотр содержимого документа
«Кеп өстүрүү сабагы»

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы


Ленин районуна караштуу

43 МЧББУ





Кеп өстүрүү сабагынын конспекти

Тема: “Токойдогу кыш”

2сабак ( декабрь айы)

Жогорку топ (5-6 жаш)











Түзгөн:

Сыйдалиева Б.Т.

Бишкек 2020 -ж





Тема: Токойдогу кыш.

Программалык мазмуну:

Кыш мезгилиндеги жапайы жаныбарлардын жашоосу жөнүндө айтып берүү.

Суроолорго толук жооп берүүгө, тыбыштарды туура айтууга үйрөтүү.

Табияттагы кубулуштарга байкоо жүргүзүү. Кыш белгилери жөнүндө балдарга түшүнүк берүү. Логикалык ой жүгүртүүнү, көңүл буруусун калыптандыруу. Балдардын сүйлөө жөндөмүн активдештирүү. Майда моторикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү. Жаныбарларды аео, аларга кам көрүүгө тарбиялоо.

Усулдук ыкмалар: уюштуруу, аңгемелешүү, айтып берүү, дидактикалык оюн, оюн көнүгүү, артикуляциялык жана көзгө көнүгүү, проблемалык кырдаалды чечүү, жыйынтыктоо, бышыктоо.

Колдонулган каражаттар: сюжеттүү сүрөттөр.

Сөздүк иш: чээн, ийин, көңдөй, жем, тамыр.

Сабактын жүрүшү: балдар менен учурашуу сабакка көңүл бурдуруу.

1-слайд (Күн)

Т: Саламатсыңарбы балдар! Кутмандуу күнүңөр менен! Маанайыңар жакшыбы? Азыр кайсы мезгил? Сыртта аба-ырайы кандай? Силерге кыш мезгили жагабы? Эмнеси менен жагат?

2-слайд ( Кыш мезгили)

Боору ооруп кыштын,

Жалбыраксыз бактарга.

Бутактарын үшүйт деп,

Ороп койду ак карга.

Т: Балдар, келгиле, токойго саякатка баралы.

Өзгөрүлдү карачы,

Өзөндөрдүн арасы.

Аппак кардан тон кийди,

Карагайдын баласы.

3-слайд (кышкы токой)

Физикалык тыныгуу:

Жааган аппак кар жагып

Коенектер ойношту.

Дабыш чыкса тырс эткен

Түлкү го деп ойлошту

Кулактарын жапырып

Баары тынчып калышты

Түлкү жогун билген соң

Кайра оюн салышты.

4-слайд (коендор менен түлкү)

Т: Балдар, токойдо кандай жапайы жаныбарлар жашайт?

Токойдо аюу, түлкү, карышкыр, коен, тыйын чычкандар жашайт.

Көнүгүү “ Кайда жашайт?” (5,6,7,8- слайд)

Аюу жашайт чээнде.

Карышкыр , түлкү ийинде.

Коен жашайт бадалда.

Тыйын чычкан көңдөйдө.

Токой – жапайы жаныбарлардын мекени экенин билдик.

Артикуляциялык жана көзгө көнүгүү жасоо.

Ра-ра-ра - түлкү келет кара. (көздүн солго жана оңго кыймылы)

Ку-ку-ку - ал абдан куу. (көзүңүздү жогору жана ылдый караңыз)

Гy-гy-гy - түлкүнүн ийилет куйругу,

Айт-айт-айт-ал токойдо жашайт. (көздү айлантуу)

Көздү бекем жумабыз.

Эми кайра ачабыз.

9-слайд

Проблемалык кырдаалды чечүү.

1-кырдаал

Балатынын астында түлкү отурат.

- Түлкү эмне үчүн ыйлап жатасың? (бутун көрсөтөт)

- Эмне болду? (шишенин сыныктары) 10-слайд



Эреже! Токойго таштанды таштоого болбойт!

2-кырдаал

Балдардын ызы-чуусунан аюу ойгонот.

Эреже! Токойдо ызы-чуу салганга болбойт! 11-слайд



Чечим:

Токойдо адам баласы конок болуп саналат. Ал токой жаныбарларынын тынчтыгын бузбоо үчүн белгилүү бир эрежелерди сактоого милдеттүү.

3 кырдаал.

- Балдар, биз токойго келип жапайы жаныбарлардын тынчын алдык.

Кыш мезгилинде канаттуулар менен жаныбарлардын жашоосу кыйындайт.

Кышында аларга кантип жардам берсе болот? (канаттууларга жана жаныбарларга азыктандыруучу жай коюу). Келгиле, аларга жем беребиз.

12-слайд

Дидактикалык оюн "Ким эмне жейт?"

Канаттуулар үчүн - жем, нандын күкүмдөрү.

Жаныбарлар үчүн - чөп, сабиз, тамырлар, балык, жем.

Эреже! Кыш мезгилинде жапайы жаныбарларга жардам бергиле!

13-слайд

Бышыктоо:

Балдар токойдо кандай жаныбарлар жашайт?

Алар кайда жашашат?

Токойдо жүрүү эрежелерин эстейличи.

Токойдо жашаган досторубузга жардам бергениңер үчүн чоң рахмат. Жакшы калгыла балдар!