Стиль-кеп тузулушундогу жана создорду колдонуудагы, баяндоодогу озгочолуктор, же жазуучунун, же адабий чыгармалардын ж.б. тилине муноздуу болгон тил каражаттарын пайдалануу ыкмалары. Стиль деген соз латындын stylus, гректин stylos деген созунон алынып, «жазуу куралы» деген маанини туюндурат. Стиль жонундогу илим стилистика деп аталат. Ал жалпы элдик тилдин стилдик табияты, турлору жонундогу окуу, оозеки жана жазма кепке муноздуу озгочолукторду ичине камтыйт. Стиль деген коомдук турмуштун бардык жактарын тейлоочу жалпы элдик тилдин же адабий тилдин ар турдуулугу, оозеки же адабий тилде колдонулуш озгочолугу. Кыргыз адабий тилинде томондогудой беш стиль бар. 1.Суйлошуу. 2.Корком стиль. 3.Публицистикалык стиль. 4.Расмий иштиктуу стиль. 5.Илимий стиль. Кыргыз адабий тилиндефункционалдык стилдери оозеки (суйлошуу) стиль жана китеп стили болуп, шарттуу турдогу эки чон топко болунот. Ооз эки стилге адамдардын оз ара суйлошкон,пикир алышкан создору кирет. Китеп стилине корком стиль, илимий стиль, публицистикалык стиль, иш кагаздарынын стили кирет. Булл стилдер оозеки жана жазуу турундо ишке ашат. Ар кандай адабий тилдин стилдеринин жалпылыгы болуп, алардын жазма жана оозеки формага ээ болушу эсептелинет. |