СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класс жетекчинин портфолиосу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класс жетекчинин портфолиосу»



МУГАЛИМДИН ПОРТФОЛИОСУ

Кыскача баяндама: Бул курал мектеп администрациясы жана усулдук уюм башчыларына мугалимдердин жетишкендиктерине көзөмөл жүргүзгөнгө жардам бергенге иштетилип чыгарылган.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын кээ бир мектептеринде мугалимдердин жетишкендиктерин каттоодон сырткары, мугалимдин портфолиосун түздүрүү практикасы дагы колдонулуп келет. Бул абдан пайдалуу практика, себеби, булл аркылуу ар бир мугалимдин конкреттүү кесиптик жетишкендиктери менен таанышканга, анын алдынкы тажрыйбасы жөнүндө жыйынтык чыгарганга, мугалимдин ийгиликтүүлүгүнүн конкреттүү далилдерин багыттаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай практика мугалимдин иш-аракетин эффективдүү баалаганга, жана анын кийинки кесиптик өнүгүүсүн пландаганга жардам берет. Мектеп эксперттери мугалимдин портфолиосу менен алдын-ала иштеп, аттестациалык коммисиянын отурумдарында колдоно турган атайын форманы толтурушат.



Иш тартиби



  1. Мектептин усулдук кеңешинде же предметтик мугалимдердин Мектептик усулдук бөлүмүнүн (МУБ) отурумдарында мугалимдин портфолиосуна коюлган талаптар тууралуу чечим чыгарылат. Ал чечимде портфолиону түзүүдө коюлган параметрлер такталат.

  2. Мугалимдер педагогикалык кеңеште портфолиону түзүүдөгү талаптарды талкуулап чыгып, керек болгон жерлеринде өзгөртүүлөрдү жана толуктооорун киргизишет.

  3. Белгиленген бир убакыт ичинде мугалимдер портфолиолорун даярдашат. Мугалимдерде портфолиону түзүүдө завучтан же ММБ башчысынан кеңеш жана жарам сураганга укугу бар.

  4. Мектеп администрациянын талабы боюнча, мугалимдер даярдаган портфолиолорун эксперттерге тапшырышат, Эксперттердин ролун тажрыйбалуу кесиптештер, уста мугалимдер, жана ММБ башчылары аткара алышат.

  5. Эксперттер портфолио менен иштеп, «Портфолионун экспертизасы» аттуу формасын толтуруп чыгышат (үлгүсү төмөндө келтирилген).



Тактоо. Портфолиону түзүүдө ар бир мугалимге индивидуалдуу мамиле керек; мугалимдин иш-аракетинин эң ийгиликтүү багыттарына өзгөчө көңүлдү берүү тийиш; эске алынуучу нерсе – материалдын көлөмү маанилүү эмес, сапаты жана натыйжалуулугу керек.










Мугалимдин портфолиосуна коюлган талаптар

I-бөлүк. Мугалим тууралуу жалпы маалымат:

  • Фамилия, аты, атасынын аты, туулган датасы;

  • Билими (кайсы ЖОЖду жана качан бүтүргөн, алган кесиби жана дипломдук квалификациясы);

  • Эмгек жана педагогикалык стажы, аталган мектепте иштеген стажы;

  • Квалификациясын жогорулатуу (структуранын аталышы, кайсы жердеги курска катышкан, жылы, айы, сертификаттары);

  • Ардактуу наам жана даражаларды алгандыгын тастыктаган документтердин копиялары;

  • Мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктар, грамоталар, ыраазычылык каттар;

  • Ар кандай сынактарда алган дипломдор, сертификаттар.

II-бөлүк. Мугалимдин илимий-усулдук иш аракети:

  • Акыркы беш жыл ичи жүргүзгөн педагогикалык иш-аракетинде иштеп чыккан ар түрдүү формадагы сабактардын усулдук долбоорлору (5-тен көп болбош керек);

  • Байкоо жүргузүлгөн сабактардын план-конспектилери, жана кесиптештер, МУБ, мектеп администрациясы, баалоо коммисиясынын мүчөлөрү тарабынан байкоо жүргүзүлүп, жазуу түрүндө иликтөөлөрүн камтыган байкоо формалары;

  • Тапшырмалардын, тексттердин термеси, предметти баалоо боюнча контролдоо-ченөө куралдары;

  • Конференциялардагы, педкеңештердеги, семинарлардагы докладдар, басмага чыккан макалалар (Акыркы беш жыл ичи жүргүзгөн педагогикалык иш-аракетинде, 5-тен көп эмес);

  • Авторлук программалар;

  • Бардык денгээлдерде (мектептик, райондук/шаардык, мамлекеттик) өткөзгөн семинарлар, тегерек столдор, мастер класстар;

  • Фотосүрөттөр, көргөзмө материалдар, эсселер, презентациялар;

  • Окуучулардын иштери (индивидуалдуу түрдө же группада аткарылган долбоорлор;

  • Окуучулардын кайра айланыш анкеталары жана алардын иликтөөсү;

  • окуу жылында же чейректе берилген аралык жана жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүү пландары;

  • Окуучулардын окуу жетишкендик жыйынтарынын сапаттык жана сандык иликтөөсү, өнүгүү жөнүндө баяндамалар.





III-бөлүк. Предмет боюнча сабактан тышкары иш жүргүзүүсү:

  • Чыгырмачылык иштер, рефераттар,окутуучулук жана илим-изилдөө иштери, окуучулар тарабынан аткарылган долбоорлор (ар бир бөлүк боюнча акыркы беш жыл ичинде үчтөн көп эмес иштер);

  • Сабактан сырткары иштердин сценарийлери (акыркы беш жыл ичинде үчтөн көп эмес иштер);

  • Кружок жана факультатив программалары (акыркы беш жыл ичинде үчтөн көп эмес иштер);

  • Мүнөздөмөлөр, кесиптештердин, ата-энелердин, окуучулардын пикирлери.

IV-бөлүк. Мугалимдин өз алдынча билим алуусу:

  • Педагогикалык иш аракеттин жекече анализге негизделген мугалимдин кесиптик өнүгүү планы;

  • Ментор (Уста) менен иш жүргүзүү планы (наставником);

  • Сабак байкоолорунун план-конспектилери, жана кесиптештер, МУБ, мектеп администрациясы, баалоо коммисиясынын мүчөлөрү тарабынан байкоо жүргүзүлүп, жазуу түрүндө иликтөөлөрүн камтыган байкоо формалары;

  • Мугалимге жекече интелектуалдуу жана усулдук дараметин байыткан усулдук жана башка макалалар;

  • Колдонулган окутуу технологияларына тиешелүү материалдар;

  • Кыска жазуу түрүндө негиздөөсү бар башка материалдар.

V-бөлүк. Эркин бөлүк:

  • Кыска жазуу түрүндө негиздөөсү бар башка материалдар (документтер).























































































































































Окуучулардын тизмеси

Окуучулардын аты, жөнү

Туулган күнү, айы,жылы

Абдураимов Умар

17.11.2012

Автандил у Данил

16.02.2012

Азимкулова Элина

15.06.2013

Анарбаева Муслима

07.04.2013

Акматжанова Аделя

15.05.2012

Аширбекова Диана

01.03.2012

Бекмаматова Айназик

17.01.2013

Жантөрөев Элдар

05.11.2012

Жолдошева Рушана

04.01.2013

Калилов Кутман

14.06.2012

Калмурзаев Арслан

29.10.2011

Курбанов Нурболот

08.03.2013

Мусаева Айданек

17.04.2012

Маматеминов Ариет

10.02.2013

Маматкадырова Мээрим

16.07.2012

Маматражапов Данияр

14.06.2012

Нурдинова Бегимай

13.03.2013

Нуркамилов Билал

03.11.2013

Нурмаматов Бексултан

17.10.2012

Пазылбеков Бактыбек

23.04.2012

Рахманалиева Айназик

02.01.2013

Сыдыков Нуржигит

27.01.2013

Сейдакматов Алмамбет

17.10.2012

Саитжанова Мадина

03.04.2013

Түркбаева Бурулай

04.12.2012

Темирбекова Акылай

24.09.2012

ОсмоналиевНурпайыз

13.11.2012

Орозмаматов Элмырза

04.11.2012

Өмүралиев Сагынбай

20.12.2012

Чолпонкулова Нурзат

04.01.2012

Эгембердиев Баястан

10.08.2012

Айдаров Элмир

26.07.2012

Досумбетов Абылкасым

18.07.2012









































































ОКУУЧУЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ

Окуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:

 - жалпы билим берүү уюмун ар кайсы этабына окууга кирүүгө жана билим

алуунун таризин тандоого;

 - мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде милдеттүү жана

акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги жана акысыз жалпы орто билим

алууга;

 - кошумча билим берүү кызматын, анын ичинде акы төлөнүүчү да таризде

алууга;

 - жалпы билим берүү уюмунун китепканасынын, маданияттык-спорттук

жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;

 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары аныкташкан тартиптер боюнча бекер тамактанууга жана

медициналык тейлөөгө, жүргүнчү автотранспортто жүрүүнүн

жеңилдиктерин пайдаланууга;

 - уставда аныкталган таризде жалпы билим берүү уюмун башкарууга

катышууга;

 - балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;

 - инсандык кадыр-баркты урматтоого жана маалымат эркиндигине, өзүнүн

жеке көз карашын жана ынанымдарын эркин айтууга;

 - жалпы билим берүү уюмунда болууну, анын ичинде күзөт системасын

уюштуруу аркылуу коопсуздукту камсыздоого;

 - жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү аяктаганда мамлекеттик

үлгүдөгү билими жөнүндө документтерин өз учурунда алууга ж.б. укуктуу.

Окуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

 - жалпы билим берүү уюмунун уставын тутууга жана аткарууга;

 - мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде

жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;

 - Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кыргыз жана башка да

улуттардын салттарын, жалпы билим берүү уюмунун башка окуучуларынын

жана кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого;

 - ички тартипти сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун, анын ичинде

мектептик кийим талаптарын аткарууга;

 - жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө этиеттик мамиле кылууга милдеттүү.

 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана жалпы билим

берүү уюмунун уставы менен окуучулардын кошумча укуктары жана

милдеттери аныкталышы мүмкүн.

 43. Жалпы билим берүү уюмундагы тартип окуу процессинин бардык

катышуучуларын инсандын кадыр-баркын урматтоосунун негизинде жолго

салынат.

 Окуучуларга карата кара күч, эмоционалдык жана психологиялык

зомбулукту колдонууга жол берилбейт.



































"Мугалимдин статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 11, 683-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьяда:

1-бөлүгүндөгү "жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 4-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- окуучуларды жыныс белгиси, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандуулугу, диний ынанымы, жаш курагы, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча түздөн-түз, тымызын жана (же) кыйыр басмырлоого, укуктарын чектөөгө же артыкчылыктарды берүүгө жол бербөө;".

3. 5-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Зарыл билими жана мыйзамда аныкталган тиешелүү педагогикалык квалификациясы бар адамдар педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу болот.";

2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 6-беренеде:

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мугалимдин ишин аттестациялоо, инспекциялоо жана контролдоо тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.";

4-бөлүгүндөгү "Жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүүчү, жалпы билим берүүчү, мектептен тышкары билим берүүчү, атайын билим берүүчү уюмдардын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 7-статьяда:

1-бөлүгүндөгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүгүндөгү "башкармалыгы жана" деген сөздөр алып салынсын;

4-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14-бөлүгүндөгү "Мектептерде, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;

16-бөлүгүндөгү "Мектептер, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары" деген сөздөр "Мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдары, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 8-статьянын 2-бөлүгүндөгү "башкаруу жана" деген сөздөр алып салынсын.

7. 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мугалимдин иш күнүнүн жана иш жумасынын узактыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.".

8. 12-статьяда "мектептердеги, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде" деген сөздөр "мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

9. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья. Сыйлануу укугу

 

Өсүп келе жаткан муундарды окутууда жана тарбиялоодо жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн мугалим билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сыйлыктарына жана мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүшү мүмкүн.".

10. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү "билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

11. 18-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекет мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарынын, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарынын бардык типтеги мекемелеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө кепилдик берет.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу юридикалык жактар тарабынан жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдары, кошумча кесиптик билим берүү уюмдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 































































Класс жетекчинин ишмердүүлүк планы

К/Н

Аткарылуучу иштин мазмуну

календардык мөөнөтү

аткарылышы


I чейрек



Окуучулардын өздүк делолорун тактоо

сентябрь


Окуучулардын күндөлүктөрүн тактоо(педагогдор тууралуу, кошумча билим берүү тууралуу маалыматтар)

сентябрь


Класстык журналды тактоо

сентябрь


Окуучулардын тамактануусу боюнча документтерди даярдоо

сентябрь


Тарбиялык иштердин календардык-тематикалык планын түзүү (чейрек, ай, жума боюнча)

сентябрь


Тарбиялык ишти жылга карата перспективдүү пландаштыруу

сентябрь


Окуучуларга техникалык коопсуздук, өмүр коопсуздугу тууралуу нускама берүү

сентябрь


Кошумча билим берүү боюнча маалыматты даярдоо

сентябрь


Ата-энелер жыйналышы (кыскача план, ата-энелер комитетин түзүү, ата-энелер жыйналышынын протоколу)

сентябрь


Класстын атайын паспортун түзүп даярдоо

сентябрь


Окуучулар үчүн эрежелер. Мектеп Уставы (окуучулар жана ата-энелер менен талкуулоо)

сентябрь


Класстык сабактарга катышуу

сентябрь


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (Зарылдыкка жараша)

сентябрь


Класс активин шайлоо, класс жамаатындакоомдук тапшырмаларды бөлүштүрүү

сентябрь


Класстын кабинетин жасалгалоо. Класстын гезитин чыгаруу

сентябрь






Класс активинин жыйыны

октябрь


Класстык жана маалыматтык сабактарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

октябрь


Мектеп турмушуна катышуу(иш-чаралар, долбоорло, мектеп кеңеши ж.б.)

октябрь


Окуучулардын күндөлүгүн текшерүү жана талдоо

октябрь


Класстагы сабактарга катышуу

октябрь


Окуучулардын үйлөрүнө баруу(проблемалуу окуучулар жана үй-бүлөлөр)

октябрь


Ата-энелер үчүн жекече кеңеш берүү

октябрь


Кесиптештеринин класстан тышкаркы иш-чараларына катышуу

октябрь


Мугалимдердин ишин “Таланттуу балдар” программасынын алкагындагы окуучулар менен талдоо

октябрь


Окуучулардын ийримдерге, секцияларга, клубдарга катышуусун талдоо

октябрь


Класс жетекчилердин методикалык бирикмесинин ишине катышуу

октябрь


1-чейректин жыйынтыгы боюнча жетишүүнүн отчету

октябрь


Класс жамааты менен каникул учурунда иштөө планы

октябрь


Класс менен 1-чейрек ичиндеги иштөөнүн натыйжасы боюнча кыскача отчет анализ

октябрь


2-чейрекке карата тарбиялык иштерди пландаштыруу

октябрь


Начар жетишкен окуучулардын ата-энелери менен жолугушуу

октябрь


Дарыгер менен кызматташуу. Класстагы окуучулардын ден соолугун анализдөө. Алардын справкаларын анализдөө

октябрь


Психолог, соцпедагог менен, мектеп китепканачысы менен кызматташуу

октябрь







2-чейрек



Класс активи менен иштөө

ноябрь


Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

ноябрь


Мектеп турмушуна катышуу (иш-чаралар, долбоорлор,мектеп кеңеши ж.б.)

ноябрь


Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө

ноябрь


Класстагы сабактарга катышуу

ноябрь


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу уй-бүлөлөр жана окуучулар)

ноябрь


Ата-энелерге жекече кеңеш берүү

ноябрь


1-чейректин жыйынтыгы боюнча ата-энелердин жыйналышы

ноябрь


Ата-энелер комитетининотуруму.2-чейрекке карата иш планын талкуулоо

ноябрь


Кесиптештеринин класстан тышкаркы иш-чараларына катышуу

ноябрь


Мугалимдердин ишин “Таланттуу балдар” программасынын алкагындагы окуучулар менен талдоо

ноябрь


Окуучулардын ийримдерге, секцияларга, клубдарга катышуусун талдоо

ноябрь


Класс жетекчилердин методикалык бирикмесинин ишине катышуу

ноябрь


Класс жетекчинин картотекасы менен иштөө

ноябрь


Мектеп китепканасы менен кызматташуу

ноябрь


Дарыгер менен кызматташуу. Класстагы окуучулардын ден соолугун анализдөө. Алардын справкаларын анализдөө

ноябрь


Психолог, соцпедагог менен, мектеп китепканачысы менен кызматташуу

ноябрь






Класс активи менен иштөө

декабрь


Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

декабрь


Мектеп турмушуна катышуу (иш-чаралар, долбоорлор,мектеп кеңеши ж.б.)

декабрь


Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө

декабрь


Класстагы сабактарга катышуу

декабрь


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу үй-бүлөлөр жана окуучулар)

декабрь


Ата-энелерге жекече кеңеш берүү

декабрь


2-чейректин жыйынтыгы боюнча ата-энелер жыйналышы

декабрь


Ата-энелер комитетинин отуруму.2-чейреке карата иш планын талкуулоо

декабрь


Кесиптештеринин класстан тышкаркы иш-чараларына катышуу

декабрь


Мугалимдердин ишин “Таланттуу балдар” программасынын алкагындагы окуучулар менен талдоо

декабрь


Жаңы жыл майрамына даярдык

декабрь


Класс менен каникул учурунда иштөөнүн планы

декабрь


1-жарым жылдыктагы тарбиялык иштин анализи

декабрь


1-жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча окуучулардын ата-энелерине алкыш каттарды даярдоо

декабрь


Класстын 2-чейректин жетишүүсү боюнча отчет жана 1-жарым жылдыктын жыйынтыгынын салыштырма анализи

декабрь


Дарыгер менен кызматташуу. Класстагы окуучулардын ден соолугун анализдөө. Алардын справкаларын анализдөө

декабрь


Психолог, соцпедагог менен, мектеп китепканачысы менен кызматташуу

декабрь


3-чейрекке карата тарбиялык иштерди пландаштыруу

декабрь







3-чейрек



Класс активи менен иштөө

январь


Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

январь


Мектеп турмушуна катышуу (иш-чаралар, долбоорлор,мектеп кеңеши ж.б.)

январь


Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө

январь


Класстагы сабактарга катышуу

январь


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу үй-бүлөлөр жана окуучулар)

январь


Ата-энелерге жекече кеңеш берүү

январь


2-чейректин жыйынтыгы боюнча ата-энелер жыйналышы

январь


Ата-энелер комитетинин отуруму.2-чейреке карата иш планын талкуулоо

январь


Кесиптештеринин класстан тышкаркы иш-чараларына катышуу

январь


Мугалимдердин ишин “Таланттуу балдар” программасынын алкагындагы окуучулар менен талдоо

январь


2-жарым жылдыкка карата тарбиялык иштерди пландаштыруу

январь


Педагогикалык консилиумдарды даярдоо жана аларга катышуу (зарылдыкка жараша)

январь


Класс жамаатынын психологиялык-педагогикалыкдиагностикасы (тарбиялык иштердин планы боюнча)

январь






Класс активи менен иштөө

февраль


Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

февраль


Мектеп турмушуна катышуу (иш-чаралар, долбоорлор,мектеп кеңеши ж.б.)

февраль


Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө

февраль


Класстагы сабактарга катышуу

февраль


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу үй-бүлөлөр жана окуучулар)

февраль


Ата-энелерге жекече кеңеш берүү

февраль


3-чейректин жыйынтыгы боюнча ата-энелер жыйналышы

февраль


Предметтик мугалимдердинпроблемалуу окуучулар менен иштөөсүн анализдөө

февраль


Класс менен каникул учурунда иштөөнүн планы

февраль


Педагогикалык консилиумдарды даярдоо жана аларга катышуу (зарылдыкка жараша)

февраль


Класс жамаатынын психологиялык –педагогикалык диагностикасы тарбиялык иштердин планы боюнча

февраль






Класс активи жана коомдук уюмдар менен иштөө

март


Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

март


Мектеп турмушуна катышуу (иш-чаралар, долбоорлор,мектеп кеңеши ж.б.)

март


Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө

март


Класстагы сабактарга катышуу

март


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу үй-бүлөлөр жана окуучулар)

март


Ата-энелерге жекече кеңеш берүү

март


3-чейректин жыйынтыгы боюнча ата-энелер жыйналышы

март


Ата-энелер комитетинин отуруму.жазгы каникулга карата иш планын талкуулоо

март


Кесиптештердин класстан тышкаркы иш-чараларына катышуу

март


Класс менен каникул учурунда иштөөнүн планы

март


Педагогикалык консилиумдарды даярдоо жана аларга катышуу (зарылдыгына жараша)

март


4-чейрекке карата тарбиялык иштерди пландаштыруу

март


Класс менен жазгы каникул учурунда иштөөнүн планы

март


Дарыгер менен кызматташуу. Класстагы окуучулардын ден соолугун анализдөө. Алардын справкаларын анализдөө

март


Психолог, соцпедагог менен, мектеп китепканачысы менен кызматташуу

март







4-чейрек



Класс активи жана коомдук уюмдар менен иштөө

апрель


Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

апрель


Мектеп турмушуна катышуу (иш-чаралар, долбоорлор,мектеп кеңеши ж.б.)

апрель


Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө

апрель


Класстагы сабактарга катышуу

апрель


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу үй-бүлөлөр жана окуучулар)

апрель


Ата-энелерге жекече кеңеш берүү

апрель


Ата-энелер комитетинин отуруму. 4-чейрекке карата иш планын талкуулоо

апрель


Кесиптештердин класстан тышкаркы иш-чараларына катышуу

апрель






Класс активи жана коомдук уюмдар менен иштөө

май


Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө

май


Мектеп турмушуна катышуу (иш-чаралар, долбоорлор,мектеп кеңеши ж.б.)

май


Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө

май


Класстагы сабактарга катышуу

май


Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу үй-бүлөлөр жана окуучулар)

май


Экскурсиялар, жүрүштөр

май


Ата-энелерге жекече кеңеш берүү

май


Ата-энелер комитетинин отуруму. Ата-энелер комитетинин окуу жылы ичиндеги ишин жыйынтыктоо

май


4-чейректеги жана жыл ичиндеги класстын жетишүүсүн анализдөө

май


Чейректин жана окуу жылынын жыйынтыгы класстык журналга көчүрүү

май


Жыл жыйынтыгы боюнча ата-энелерге мактоо баракчаларын жана алкыш каттарын даярдоо

май


Жыйынтыктоочу, майрамдык ата-энелер жыйналышы

май


Класстагы тарбиялык иштердинжыл ичиндеги жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет

май


Классты экзамендерге даярдоо

май






Окуучулардын өздүк делдолору менен иштөө

июнь


Класстык журналды толтуруп жана архивке тапшыруу

июнь


Иш тажрыйбасынан алынган материалды класс жетекчинин методикалык “сандыгына” даярдоо

июнь


Класстын мүнөздөмөсүн жыл ичиндеги өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен даярдоо

июнь




Класс жетекчи: Нарматова Элзада





























































Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү принциптер и төмөнкүлөрдөн куралат:

1) окуя ордун карап чыгуу;
2) жардам көрсөтүү;
3) тез жардам чакыруу;

Окуя ордун карап чыгуу

Сиз үчүн кооптуу эмеспи? Эмне болду? Зыян чеккендер канча? Кокус бир нерсе болуп кетсе айланаңыздагылардын сизге жардам көрсөтүүчү жагдайы барбы? Карап жатып ар бир нерсеге көңүл буруңуз. Бул окуянын же болбосо жаракаттын баштапкы себептерин аныктоого жардам берет. Эгер зыян чеккен адам эсинен танып жаткан болсо жана күбөлөр болбосо, дыкат карап чыгуу өтө маанилүү болуп саналат.
Биринчи жолу карап чыгып, жабыркаган адамга алгачкы жардам көрсөтүүдө биринчи кезекте, өмүргө маанилүү органдарга кооп туудурганын аныктап алуу, керек:
1) эсин текшерүү (мээ системасы); 2) дем алуу органын текшерүү; 3) дем алып жатканын текшерүү (өпкө); 4) пульсун текшерүү (жүрөктүн согушун).


Эсин текшерүү – Жабыр тарткан адам эсин жоготпогонун аныктаңыз.

- Эгер ал сүйлөгөндө алик албаса, ийинин жулкулдатуу сыяктуу сырткы кыймыл-аракетти сезбесе, аны жардам көрсөтүүгө макул болду деп түшүнүүгө болот.
Сиздин кийинки аракетиңиз:
Дем алуусун текшерип тез жардам чакыруу





Тез жардамды төмөнкү учурларда чакыруу керек:

- эсинен танса; -дем алуусу кыйындаса; - пульс сезилбесе; - көп кан кетсе; - курсак туш катуу ооруса; -кан кусуп же кандын бөлүнүп (зара, какырык менен) чыгышы; - ууланса; -тарамыш тартылып же түшүнүксүз сүйлөгөндө; - баштын моюнунун же арка тараптын жаракаты, сөөктүн сынуу мүмкүндүгү болгон учурда.

Кырсык айттырбай келет, жашоодо ар кандай учурларда кокустук болуп калса, доктур жанында болбой калат, кээ бир учурлар врачтар келгенче биринчи жардамды корсотконду билсек, адамдын ден соолугуна кийинкисине жардамы чон. Кээде 5минуттук убакыт адамдын омурун сактап калганга мумкунчулук берет.

Биринчи жардам — кырсыкка учураганда, капысынан кармаган ооруларда кырсык болгон жерге медициналык кызматкер келгенче же дарылоо мекемесине жеткиргенче кишинин өмүрүн сактоо максатында токтоосуз көрүлүүчү чаралар.

Туура жардам берүү: Жабыркаган киши өзү биринчи жардамды жасаса өзүнө өзү жардам берүү деп аталат. Мисалы, жарадар болгондо өзүн өзү таңуу, кусуп карынды тазалоо. Кишинин өмүрүнө коркунучтуу абалдарда кома, кан агуу, уулануу, сууга чөгүү, шок, электр травмасы жана башкаларда тезинен биринчи жардам көрсөтүү өтө зарыл. Биринчи жардам өз убагында жана туура көрсөтүлсө, андан аркы медициналык жардам натыйжалуу болот. Мисалы, сөөктүн ачык сыныгында тез жана туура таңып жана шакшактоо түрдүү кабылдоолордон (шок, инфекция жана башка), оорулуу эстен танып калган да капталынан жаткыруу кекиртек менен бронхко кусунду жана кан кирип тумчугуп калуудан сактайт. Биринчи жардам көрсөтүү каражаттарын тандоо жана аларды пайдаланууда оорунун же жабыркоонун мүнөзүн эске алыш керек.Janylka

Биринчи жардамдын чаралары 3 топко бөлүнөт.

1. Сырткы жабыркатуучу фактордун таасирин (электр тогунан ажыратуу, басып калган нерселерден бошотуу) тезинен токтотуу же жабыркатуучу чөйрөдөн (суудан, өрттөнүп жаткан жерден жана башка) алып чыгуу.

2. Жабыркоонун мүнөзүнө жараша биричи жардам көрсөтүү (к. Сөөктүн муундан чыгышы, Сыныктар, Уулануу, Эстен тануу, Жара, Жараат, Күйүк, Үшүк алуу, Сууга чөгүү).

3. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн жакын оорукана, поликлиника, фельдшер пункту, аптекага кайрылуу же жеткирүү.



Сыныкта, сөөк муундан чыкканда, тарамыш чоюлуп же үзүлүп калганда кол-бутту кыймылсыз абалга келтирип таңуу өтө маанилүү, кол же бут бугулгон болсо ошол боюнча кыймылдатпоо керек.( Иммобилизация). Мында тактай, бутак, картон жана башка нерселерди пайдаланып, тайпы, жоолук, кур, чүпүрөк айрыгы менен байлап таңса болот. Эгерде сөөк сынбай эле тарамыш чоюлуп же үзүлүп калса ошол муунду катуу таңып коюу эле жетиштүү. Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин жабыркаган киши медициналык мекемеге жеткирилет.

Көзгө бир нерсе түшкөндө, көз жабыркаганда көздү кир кол менен сүрүп инфекция түшүрбөй, таза бет аарчы менен сүртүү керек.

Капысынан эстен танганда капталынан же чалкасынан жаткырып башын капталын карай буруп коюп, кийминин топчусун чечип, терезени ачып, желдетүү зарыл. Бетине суу чачып, оозун ачык абалда кармап туруу керек, тилини артына жутуп же тиштеп албасы учун.

Күйүк — жогорку температуранын, химиялык заттардын, электр тогунун жана радиоактивдүү нурлануунун таасиринен ткандардын жабыркашы. Ошого ылайык термиялык, химиялык, электр тогуна күйүү жана нурга күйүү болуп бөлүнөт. Турмуш-тиричиликте термиялык күйүк көп болот.

Теринин 1-2-3-даражадагы күйүктөн жабыркашы

Күйүктүн даражалары

Ткандын жабыркоо оордугуна жараша 4 даражага бөлүнөт.
1-даражадагы тери кызарат, шишимик тартып ооруйт; 4—5 күндө айыгат. Эгер теринин күйгөн жеринде башка жараат болбосо, күйгөн жерди муздак таза суу куюп жууп, андан кийин спирт, арак же одеколон, марганец кычкыл калийдин мала эритмесин сүйкөп туруп, таза кургак стерилденген даки менен таңып коюу керек.
2-даражадагы күйүктө суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот. Мындай учурда дарылоо мекемелерине кайрылуу зарыл. Врач көргөнчө кургак таза даки менен таңып же жаап коюу керек, бул үчүн атайын пакетти пайдалануу оң. Ыйлаакчаны жарууга жана кандайдыр бир май менен майлап, өз алдынча дарыланууга эч качан болбойт, инфекция түшүп, андан ары дарылоону кыйындатат. Эч кабылдоо болбосо 10—15 күндө тырыксыз айыгат.
3-даражасында тери жансызданып, карттанат.
4-даражасында тери гана эмес терең жаткан ткандар (булчуң, тарамыш, сөөктөр) жансызданат, ал тургай көмүргө айланат. Булардын экөөндө тең жабыркаган адамды дароо медициналык мекемеге жеткирүү зарыл. Күйүктүн оордугу анын даражасына гана эмес, аянтына да жараша болот. Эгерде күйүктүн аянты чоң болсо (30%тен кем эмес) 1-даражадагы күйүктө да шок болушу ыктымал. 2-4— даражадагы күйүктө шок күйүк оорусунун алгачкы мезгили (башталышы) болуп, андан кийин күйгөн ткандардын ажыроосунан пайда болгон заттарга уулануу мезгили, анан (3-мезгили) күйүктүн үстү ириңдеп, бактериялардын уусу менен уулануу болот. Ошентип чоң жана терең күйүк көпкө дарылоону талап кылат. Кээде канга инфекция кирип, сепсис болушу мүмкүн.

Күйгөндө биринчи жардам көрсөтүү

Биринчи жардам көрсөтүү үчүн баарыдан мурда анын себебин (мисалы, ысыктан күйсө температураны) жок кылуу керек. Эгер кийими күйсө жабыркаган адамга суу куюп, жууркан, пальто же тыкыс кездемеге ороп, жалынды өчүрүү зарыл. Күйүп жаткан кийим менен чуркоого болбойт, анткени шамал (жел) отту күчөтөт. Күйүп жаткан же кайнаган суюктукка малынган кийимди жулуп албай, кесип же айрып жиберип чечип алуу оң, териге жабышкан материалдын четин кайчы менен кесип салуу керек. Биринчи жардам көрсөтүүдө ыйлаакчаны жаруу, түрдүү майларды сыйпоо, заара менен жууш туура эмес. Химиялык заттардан күйгөн жерди ошол замат муздак суунун агымы менен 15—20 минутадай жууп жиберүү максатка ылайык. Кислотага күйгөн жерге ичүүчү соданын эритмеси (1 чай кашыгын 1 стакан сууга) сиңирилген таңуу коюп, жегичтен күйсө аш уксусу же бор кислотасынын начар эритмеси (1 чай кашыгын 1 стакан сууга) менен жууган дурус. Теринин бир кыйла жери күйсө күйүктүн даражасына карабай жабыркаган адамды дарылоо мекемесине жиберүү зарыл. Эгер күйгөн жерди таңууга. болбосо, анда жабыркаган адамды таза шейшепке ороп же жууркан менен жаап, замбилге салып алып келүү керек.

Дем алуу жолдордун жана көздүн күйгөнү

Дем алуу жолдору жана көзү күйсө күйүктүн жеңилдигине карабастан аны токтоосуз медициналык мекемеге жиберүү зарыл. Электр тогуна күйүү (Электр травмасы), химиялык заттардан кызыл өңгөчтүн жана ички органдардын күйүүсү Уулануу да болот. Нурга күйүү көбүнчө күнгө көп чыкпаган териге ультракызгылт-көк нуру көпкө таасир этүүдөн болот. Ал күнгө какталар замат билинбейт. Ошондуктан пляжда байкабай күн ваннасын көпкө алганда теринин көп жери күйүп кызарып, ачыштырат, чыйрыктырып, эт ысыйт, баш ооруйт, кускусу келет. Биринчи жардам көрсөтүүдө спирт, атыр сыйпап, бир нече күнгө чейин күн нурунан коргонуу керек. Күн нуруна күйүп калбас үчүн күнгө күйүү убакытын улам кошуп, акырындап күнгө күйүү сунуш кылынат. Эгер дененин көп бөлүгү катуу күйүп, 2-даражадагы күйүк болсо, врачка кайрылуу оң, себеби шок болушу ыктымал.























































Жол белгилери жана көрсөткүчтөрү

Жол белгилери жана көрсөткүчтөрү – жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу жана жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү маршруту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер жана жазуулар. Алар белгилүү түстө, формада жана чоңдукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистралдардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына орнотулат. Автомобиль кыймылы боюнча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган.

Кийинки конвенцияларда улам толукталып, Венадагы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө конвенциянын (1968), Женевадагы Европалык макулдашуунун (1971) талабына ылайык мамлекеттик стандарт иштелип чыккан жана ага ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу салуу, милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер, кээде кошумча кабарлоочу белгилер орнотулушу мүмкүн. Эл аралык концепциялардын жол кыймылы, белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттын талаптарын эске алуу менен КРдин Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы токтомунун редакциясына ылайык КРдин жол белгилери жана көрсөткүчтөрү 7 топко бөлүнгөн.

Эскертүү белгилери: кызыл жээктүү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опурталдуулугун жана ага карата чара көрүү зарылдыгын унаа айдоочуга эскертет. Тыюу салуу белгилери: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө менен жүрүү керектигин эскертет. Милдеттендирүү белгилери: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта жана транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат.

Маалыматтык - жол көрсөтүү белгилери: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урксат берилген багытын жана башка көрсөтөт. Сервис белгилери – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. Кошумча маалымат белгилери (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануучу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бардык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат жана 100 м аралыктан көрүнүшү керек.

Салам достор, бүгүн жол белгилери жонундо таанышып алалы. Дароо айтып коелу. Бул макала айдоочулар үчүн эмес жөнөкөй жөө жүргүнчүлөр, айрыкча мектеп окуучулары үчүн.

Эскертүүчү белгилер
Эскертүүчү белгилер эч нерсеге тыюу салбайт, бирок алдын ала боло турган кырсыктардан алдын алуу үчүн эскертет. Бардык эскертүүчү белгилер кызыл кыюусу бар үч бурчтук формага ээ.

Таштардын кулоосу
Бул белги таштардын кулоосун, жердин көчүүсүн, жол жээктериндеги уроолорду эскертет.

Майда таштардын чачыроосу
Бул белги машинанын дөңгөлөгүнөн майда таштардын, шагылдардын ж.б ыргуусун эскертет.

Жол иштери
Бул белги жолдо жумушчулардын иштеп жаткандыгын, атайын техниканын, аңдардын ж. б. болушун эскертет.

Балдар
Бул белги жолдо балдардын жолдон өтүшү мүмкүн экендигин эскертет. Мындай белги эреже катары балдар мекемелеринин (бала бакча, мектептердин) жанында коюлат.

Тоскучу жок темир жол кесип өтүүсү
Бул белгини тоскуч менен тосулбаган темир жол кесилишинде орнотушат. Эскертүү!!! Бул кесилиштен өткөндө абайлагыла, жакындап келе жаткан поезд жоктугуна көңүл бургула!

Тоскучу бар темир жол кесип өтүүсү
Бул белгини тоскуч менен тосулган темир жол кесилишине орнотушат.

Атайын коюлган жана маалымдоочу белгилер
Мындай белгилерди атайын режим кыймылындагы айдоочуларга киргизилетже алынып салынат, о.э. кандайдыр бир объекттер жөнүндө маалымдалат.

Жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгү
Жөө жүргүнчүлөрдүн өтүү аймагын белгилейт. Айдоочуга жөө жүрүүчү адамды өткөрүп жиберүүсүн туюнтат.

Жер асты менен өтүүчү өтмөк
Жер астында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн болгондугун маалымдайт.

Автобустун жана троллейбустун токтой турган жайы
Белги автобустун, троллейбустун жана маршруттук таксинин токтой турган жайын маалымдайт.

Сервис белгилери
Сервис белгилери ылайык келген объекттердин жайгашуусун маалымдайт.

Медициналык жардам пункту
Жолдо биринчи медициналык жардам пунктунун болгондугун маалымдайт.

Оорукана
Жолдо ооруканын болгондугун маалымдайт.

Телефон
Жолдо телефон аппаратынын болгондугун маалымдайт. (Эскирип бараткан белги, көбүн эсе атайын жайларда гана колдонулуп баратат, мисалы: туннелдерде)

Ичкенге жарамдуу суу
Жолдо ичүүгө жарамдуу суунун болушун маалымдайт.

Тамактандыруу пункту
Жолдо ашкана болгондугун маалымдайт.

Мейманкана же жатакана
Жолдо мейманкана же мотелдин болгондугун маалымдайт.


Жол белгилери зебрасыз, таптакыр болбойт го, "зебра" бул жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү үчүн чийилген сызыктар. Ал ак түстө болот. Жол бетине чийилген мындай белгини горизонталдуу (түүрасынан чийилген) сызык дешет.


Вертикалдуу (тикесинен чийилген) сызыктар да болушат. Алар ак жана кара түстөгү сызыктардын кезектешип (көпүрөлөргө, тосмолорго, бордюрларга) чийилет. Мындай сызыктар курулуштардын алыстан көрүнүп туруусу үчүн жасалат.

Светофор
Светофор дароо эле үч түстүү болгон эмес. Светофорду кыймылды жөндөө үчүн автомобиль пайда болгонго чейин эле колдонушкан. Башында ал темир жолдо пайда болгон. Ал темир жол светофору - семафор деп аталган.

Биринчи светофор Лондондо 1868-жылдын 10-декабрында орнотулган. Ал шаардын борборунда 6 метр бийиктикте орнотулган. Светофордо кызыл жана жашыл айнектер болгон. Ал убакта сары белги болгон эмес. Полицейскийлер чыракты өзүлөрү ачып жана жаап турушкан, ал чырактар жарык кылуучу газ менен иштеген. Биринчи электр светофорлору Америкада пайда болгон. Алар дагы эки түстө: жашыл жана кызыл түстө болушкан. Сары сигналды полициянын ышкыруусу алмаштырган. Үч сигналдуу светофор дагы Америкада пайда болгон (1938). Жол белгилери светофорсуз элестетүү кыйын болсо керек, кандай дейсинер?

Светофор түстүү сигналдардын жардамы менен жол кыймылын жөнгө салат, алар төмөнкүдөй чечмеленет:

Кызыл сигнал - кыймылга тыюу салат, кооптуулуктун түсү болгондуктан тандалып алынган. Ошондой эле күндүр-түндүр, туман жана жаанда ачык-так көрүнгөн.

Сары сигнал - негизги түстөрдүн ортосундагы белги. Сары сигналда кыймылга тыюу салынат.

Жашыл сигнал - кыймылга уруксат берет жана кызыл түстөн кескин айырмаланып турат. Жашыл түстү кызыл менен чаташтырууга мүмкүн эмес жана көрүнүктүү түс.

Жөө жүргүнчүлөрдүн светофору жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон өтүү кыймылын жөнгө салат

Кызыл сигнал - өтүүгө тыюу салат

Жашыл сигнал - өтүүгө уруксаат берет

Жөнгө салгыч (регулировщик)
Жол кыймылын ала-була таяктын жардамы менен жөнгө салган (регулировщик) адамдын пайда болгондугуна 90 жыл болду. Анын орду жолдун кесилишинин так ортосу болгон. Анын сигналдары денесинин жана колунун абалы менен берилет. Сигналдар (белгилер) даана көрүнүшү үчүн ал колуна ачык түстөгү таякча кармап алат.

Жол белгилери жондундогу кыргызча макалабыз ушундай достор. Адаттагыдай кошумча шилтемелер берилмекчи.























































Тема: «Жугуштуу сарык

оорусу.»

Кл.жетекчи: Момунова Р.С.



Жугуштуу сарык оорусу



Вирус кир кол аркылуу ичеги-карынга өтөт.

Сарык оорусу коомчулукка кеңири таралган жугуштуу оорулардын катарына кирет. Медицинада "вирустуу гепатиттер" деген термин менен белгилүү.

Себеби, бул оорунун козгогуч микробу вирустар болуп эсептелинет жана боордун сезгенишине алып келет. Жугуштуу ичеги-карын ооруларына сарыктын А жана Е түрү кирет.

Сарык оорусу деп аталып калышынын себеби ооруган адамдын денеси саргарып кетишинде. Тез тарап кетүүсү боюнча грипп оорусунан кийин гана турат. Анткени, вирус жуулбаган кир кол аркылуу ичеги-карынга өтүп, кир кол ооруну таратууда эң негизги себептердин бири болот.

Вирус айлана-чөйрөгө адамдын заңы менен бөлүнүп чыгат жана заңга конгон чымындар айлана-чөйрөгө таратууда активдүү жардамчылар болуп эсептелишет. Ошондой эле жуулбаган жер-жемиштерди кир кол менен пайдаланууда ооз аркылуу ичеги-карынга өтөт. Бул оору менен балдар да, чоң адамдар да оорушат. Бирок, катталган оорулардын ичинен 80 пайызга жакынын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Айрыкча бала бакча жашындагы балдарда жана башталгыч класстардын окуучуларынын арасында көбүрөөк кез-дешет да, күз-кыш айларында оорулуулардын саны башка мезгилдерге салыштырмалуу көп катталат жана 3-4 жылда бир оорунун кескин өсүшү байкалат.



Вирустун белгилери кантип байкалат?



Адамдын денесине вирус өткөндөн кийин биринчи белгилери пайда болгонго чейинки убакыт жашыруун мезгил деп аталат, ал 15 күндөн 35 күнгө чейин созулат.

Көпчүлүк убакта оорунун белгилери сасык тумоо (грипп) оорусуна окшошуп, дененин температурасы 38С чейин көтөрүлөт. Денеси чыйрыгып, башы ооруйт, жүрөгү айланып куса баштайт, ичтин оң тарабы ооруйт. Бул белгилер 5-7 күнгө чейин созулат да, андан кийин көздүн агынын жана көз былжырчаларынын саргара баштаганы сезилет.

Андан кийин дене саргарып, заңдын (агарат), зааранын (кочкул) өңү өзгөрөт. Айрым учурда жогорудагы белгилер жеңилирээк болот, саргаруу байкалбайт. Оорунун жеңил өтүшү оорулуу үчүн жакшы болгон менен айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн оорунун "булагы" болуп эсептелинет. Себеби, алар катуу ооруган адамдарга караганда активдүүрөк болушуп, айлана-чөйрөдөгүлөр менен карым-катнаштары көбөйүп, ооруну жугузууга көбүрөөк шарт түзүлөт. Анткени, вирус оорулуунун денесинен жашыруун мезгилдин акыркы күнүнөн саргарып кеткен мезгилине чейин өтө көп бөлүнүп чыгат. Ошондуктан, оорулуу адам козгогучту канча убакыт бөлүп чыгарса, ошончо убакыт бою оору тарата турган булак болуп эсептелинет.



Сарыктын алдын алууга болобу?



Сарык оорусунунун алдын алууга болот. Ал ооруну дарылаганга караганда кыйла жеңил. Ал үчүн ар дайым өз-дүк гигиенаны сакташ ке-

рек, колду таза жууп, тамак-аш даярдай турган орундарды, идиш аяктарды таза сак-тоо керек. Жер-жемиш, жа-шылча-мөмөлөрдү пайдаланарда сөзсүз жууш абзел. Кай-натылбаган жана арыктан аккан сууну ичпөө өтө зарыл.

Жугуштуу сарык оорусуна чалдыгып калсаңыз, дароо врачка кайрылыңыз. Врач ооруну иликтеп көрүп, анын түрүнө жараша дарыланууну аныктайт. Андыктан, өз алдынча дарылануу жакшы натыйжа бербей, тескерисинче ооруну та-таалдаштырып жибериши мүмкүн. Экинчиден, сарык жугуштуу оору болгондуктан үй-бүлөңүзгө, тууган туушкандарыңызга, чогуу иштеген адамдарга жуктуруп коюшуңуз ыктымал.



С гепатити кандай жол менен жугат?



С жугуштуу гепатити кан аркылуу жугат. Ал көпчүлүк учурда байкала бербей, акырындап өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, стоматологиялык кабинеттерден, маникюр салондорунан, тату-студияларынан (денеге сүрөт тарткан), ал турсун хирургиялык жана гинекологиялык кийлигишүүлөрдөн соң да жугуп калган учурлар көп кездешүүдө. Текшерүүнүн бардык көзөмөлүнөн өтпөгөн кан куйдуруу абдан коркунучтуу. Мына ушулардан сак болуш керек. Бул оору боорду талкалайт, кайткыс шишик пайда кылышы мүмкүн.



Сабиздин боорго шыпаалыгы.



Сабиздин шербети

Сабиздин курамында май белогу, кант, А, В, С витаминдери, алма кислотасы сыяктуу адамдын организмине керектүү болгон заттар бар.

Андыктан, аны жугуштуу оору болуп саналган боор ооруга дарылыкка пайдаланууга кеңеш берилет. Сабиз көбүнчө ашказанды тазартат. Ичти жумшартат. Какырык пайда болгон жөтөлдү басаңдатат. Ошону менен бирге боор оорусун айыктырат.

Боор оорусу менен ооруган киши сабизди көп жеши керек. Ал үчүн сабизди таза жууп, сүргүчтөн өткөрүп, ширесин чыгарып алгандан кийин, 1 кг. сабиз суусуна 2 кг. шекер аралаштырып, коюу болгончо отко кайнатат. Муну сабиз шербети деп коюшат. Шербеттен күнүнө 20 граммдан 30 граммга чейин ичип жүрсө, боорго жакшы жардам берет. Же болбосо сабизди майда кырып кесип, шекер кошуп, сабиз ширесин даярдап, күнүнө тийиштүү өлчөмдө жесе да пайдалуу. Эгерде жогоркудай даярдоого мүмкүнчүлүк болбосо, сабиздин өзүн сууга бышырып же анын суусун ичсе да боор оорусуна шыпаасы бар. Муну менен бирге эски жөтөлдөн арылтып, ашказан оорусунда пайда берет.



Сарык оорусунда диета.



Бул жугуштуу ооруда диета кармоо өтө маанилүү.

Туздуу, ачуу, куурулган, консерваланган тамактарды жегенге болбойт. Жашылча, жер-жемиштер, сүт, кычкыл эмес быштак, тузу жок нан, сүрсүбүгөн, кайнатылып бышырылган майы жок уйдун этин (торпоктуку болсо, андан жакшы),

тооктун этин жеш керек. Жер-жемиштин кактарынан, өзгөчө өрүктүн кагынан жасалган ширелерди ичкен пайдалуу. Дүкөндөрдө сатылып жаткан ар кыл ширелерди (сокторду) ичкенге болбойт.

Эскертип айта турган нерсе, оорулууга диетаны врач гана жазып берет. Аны ноокас адам бузбай аткарса, тез сакайганга жакшы жардам берет.

Сары оору - өтө жугуштуу. Ага чалдыккан адамды башкалардан бөлөт. Үстүнө сары түстүү кийим кийгизип коёт. Чөп чай, жалбыз, миңжалбырак чөптөрүнүн талканынан эки аш кашыктан алып, 0,5 л. кайнак сууга салып демдейт. Күнүнө 50 граммдан үч жолу ичет. Же болбосо чөп чай, бака жалбырак, ышкын (ревендин) тамырынан,

итмурундун жемишинен талкалап, ар биринен үч аш кашыктан алып, 0,5% л. кайнак сууга демдейт. Күнүгө 30 гр.дан 4-5 жолу сакайганча ичет.



Сарык оорусун жоюу үчүн эки ыкма:



1. Бөрү карагаттын тамырынын сырткы кабыгын аарчып, ортосунан жара бөлөбүз.

2 кг. тамырды 10 л. сууга кайнатып, эки күндө бир ушул сууга 3-5 күн катар жуунуш керек.

2. Жаңы казып алынган бөрү карагаттын тамырынын сырткы кара кабыгын аарчып, андан кийинки сары жука кабыгын кырып алып, 100 гр. өлчөмүн 3 л. кайнак сууга муздаганча демдеп коюп, күнүнө 25 гр.дан тамак алдында ичүү керек (эртең менен кечинде). Кабыгы аарчылган сары жыгачты текке кетирбей жара бөлүп, 15 л. сууга 1-3 килого чейин 30 мүнөт кайнатып куюп алгандан кийин ушул эле кайнатмага 11 кг. сулу салып, бир сутка демдеп коюп, эртеси кайра ысытып, 1-2 сааттан кем эмес ванна жасоо керек.

Ваннанын даярдалышы: 30 градустан кем эмес кайнак суу (дене чөмүлгөндөй) куюу зарыл. Ваннага отургандан кийин башка жылуу топу кийип, буу чыкпагандай кылып чий же таар менен жабуу керек. Биринчи даярдалган ваннаны 3-5 жолу колдонуп, кийин дагы ушундай кылып 15 күн катар жасоо керек. Ушундан кийин гана денедеги сары оору чыгып тазаланат.



Эскертүү: Сарык оорусу менен ооруган ноокас айтылган тамак режимин катуу сактабаса, анда кара сарык (цирроз печень) оорусуна кабылат. Ванна жасоодо суу өтө ысык болбош керек. Жүрөгү начар же кан басымы жогору болсо, гемоглобин төмөн болсо, өз алына жараша түшүүсү зарыл. Ваннага түшкөндө сөзсүз жанында бирөө болуп турган оң. Ваннага түшкөндөн кийин 1-2 саат жылуу жатуу талапка ылайык. Эгерде суусаса сулунун суусу же кайнатма чөп ичилет, нак суу ичүүгө болбойт.





Сабактын темасы: Ден соолук корку - спорт.





Сабактын максаты:

  1. Окуучулар адамдын спорт менен машыгуусунун ден соолукка таасири жонундо тушунук алышат.

  2. Озунун ден соолугуна кам коруу керек экендигин тушунот.

  3. Ан сезимдуулукко, сергек жашоо мунозуно, спорт менен машыгууга умтулуусуна оболго тузот.


Сабактын жабдылышы: Ден соолук жонундо учкул создор жазылган плакат.

Сабактын журушу:


I. Уюштуруу:
Аптечкабызда эмне бар? А эмне болуш керек эле?


II. Киришуу учун суроолор:
Ден соолук жонундо откон мурдагы сабактарыбыздан канчалык билим алганынарды томонку суроолор менен текшерип королу.
- Ооруганда созсуз дары колдонуу керекпи?
- Оорунун алдын алуу учун эмне кылуу керек?
- Сенин ден соолугуна эн жоопкер адам ким?
- Эмне учун Кыргызстанда журок-кан тамыр оорулары менен ооругандар кобойуп  жана жашарып баратат деп ойлойсунар?

III. Жаны теманы баяндоо:
«Озун айыктыра албаган адам-акылсыз» (Сенека).
  «Биринчи байлык ден соолук» дегендей адамдын ден соолугу жакшы болсо, ал озунун турмушун жакшы жолго коюуга, билим алууга, оз максатына жетууго мумкунчулугу болот. Ошондуктан ар бир адам оз ден соолугуна кам корууго милдеттуу. Эгер адам озу аракет кылбаса, анын ден соолугун чындоого башкалардын мумкунчулугу азыраак.
   Ооруп калып андан кийин дарылангандан коро, оорунун алдын алган бир топ женил болоорун медицина кызматкерлери да эскертишет. Оорунун алдын алуунун эн натыйжалуусу сергек жашоо мунозу – тазалык, жаман адаттардан алыс болуу, туура тамактануу, денени чындоо экени да белгилуу.
  Ал эми денени чындоодо спорт менен машыгуу жакшы жыйынтык берет.   
  Анткени спорт менен машыгууда адамдын бардык булчундары кыймылга келип, кан айлануусу жакшырат. Адамдагы ыкшоолук, ашыкча толуп кетуу ж.б. ден соолугуна зыяны тие турган факторлордон арылат.

 ӏV. Талкуулоо учун суроолор:
   Класстагы ар бир окуучудан спорттун кайсы туру менен машыгаарын (жок дегенде спорттун кайсы туру менен машыгууну кааларын сурап чыгуу керек).
 - Спорттун кайсы туру менен машыккан пайдалуурак деп ойлойсунар?
 - Эмне учун андай ойлойсунар?
 - Адамдын айрым организмине пайдалуу гимнастикаларды билесинерби?
 - Ал гимнастиканы корсотуп бере аласынарбы?

  V. Бышыктоо. Конугуу иштоо.
  Бул конугуубузду «Унчукпастар оюну» деп коёбуз. Класс уч топко болунот.
Ар бир топ бирден мучосун чыгарат. Мугалим ага озуно гана коруно тургандай кылып карточкага жазылган же суроту тартылган спорттун бир турун корсотот (же машыгып жаткан адамды). Ал доскада туруп ун чыгарбастан кыймыл менен корсотот. Анын озунун тобу кайсы спорт экенин таап айтып беришет.
  Бул оюн буткон сон, класс окуучулары жана мугалим гимнастикалык конугуулордон бир нечесин жасаса болот.

  Vӏ. Жыйынтыктоо.
  Эмесе балдар сабагыбыздын акыркы болугундо элибизде эзелтен келе жаткан ден соолук жонундогу макал-лакаптардан айтып королу.
«Биринчи  байлык–ден  соолук».
«Кулку-ден  соолуктун  мулку».
«Жашындан  дененди   чынаганын-кылымга  чыдаганын».
«Отургузсан  бак-шак, ден  соолугун  болот сак».
«Досторум  менин  силерге  берээр  кенешим: орто  тойгонунар  ойдогудай, аша  тойгонунар–ден  соолукту  сойгонунар».
«Тазалык–ден  соолуктун  булагы».
«Дарттуу  болсон   дарылан, соо  болсон  сактан».
Тамеки чегуу – омурду кыскартат.



Кантип сактануу керек?









КУРГАК УЧУК ДЕГЕН ЭМНЕ? АЛ КАНТИП ЖУГАТ?
Кургак учук – кургак учук микобактерияларын чакыруучу инфекциялык оору. Кургак учуктун микобактериясы (палочкалар) 1882-жылы германиялык Роберт Кох тарабынан ооруган адамдын какырыгынан аныкталган. Ал ушунчалык жандалбастаган, жашоого ыңгайлашкан инфекция болгондуктан оңойлук менен өлө койбойт. Ооруган адам жерге какырып салгандан кийин дагы инфекция өлбөй 10 ай жашайт. Какырык кургап абага көтөрүлүп чыгып, башка адамдарга жугуп калышы мүмкүн. Бул микобактерия сууда 150 күн жашап, сүттө жана майда 10 ай, сырда 19 ай, тоңдурулган этте 1 жылга чейин жашайт. Микобактерия түз тийген ультра нурунан, ачуу тийген күн нурунан жана кайнаткандан гана өлөт. Инфекциянын булагы – оорулуу адам. Кургак учук адамдан адамга гана жугат. Ал оору менен мал оорубайт. Кургак учук аба аркылуу жөтөлгөндөн, чүчкүргөндөн, катуу сүйлөгөндөн жугуп калышы мүмкүн. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруп, дарыланбай жүргөн адам бир жылда 10-15 адамга ооруну жуктурушу мүмкүн. Кургак учук адамдын бардык органдарын, өзгөчө өпкөнү 80%, сөөктү жана муундарды – 16% жабыркатат. Ооруну жуктуруп алган адам 2 жумадан ашык тынбай жөтөлө берсе, көкүрөгү ооруса, демиксе, кан түкүрүп калса, арыктай баштаса, тез чарчаса, түнкүсүн тердей баштаса, тамактануусу начарласа анда бул кургак учуктун белгилери. Кургак учук оорусунун коркунучун социалдык көрсөткүчтөр да аныктайт. Мисалы, шарты жок, жаман жашагандар, тое тамак жебегендер, доктурларга кайрылууга мүмкүнчүлүгү чектелгендер, мигранттар, жумушсуздар, түрмөгө кесилгендер көп оорушат.






Кохтун таякчалары
Негизинен бул оору өпкөсүндө кургак учук оорусу бар, ал карыганда бактерияларды бөлүп чыгарган кишиден жугат. Бактериялар демекчи, бул көзгө көрүнбөгөн абдан кичинекей туберкулёз таякчалары, мисалы аларды лабораторияда микроскоп алдында 1000-1200 эсе чоңойтуп караганда гана көрүнөт. Бул микробду 1882-жылы 24-мартта немец окумуштуусу Роберт Кох ачкан. Ошондуктан бул бактерияларды көпчүлүк жерде Кохтун таякчалары деп келишет. Ушул таякчалардын ачылуусунун негизинде 100 жылдан кийин бүткүл дүйнөлүк ден-соолукту сактоо закону бул күндү кургак учук менен күрөшүү күнү деп белгилеген.
Кургак учук таякчалары 3 айга чейин кургакчылыкта -26 градус С ге чейин муздаткычта, спиртке да өлбөй туруштук беришет. Түз тийген күндүн нурунда жарым саатка чейин жашашат. Бул микробдун мындай өзгөчөлүктөрү кургак учук оорусунун канчалык коркунучтуу экенин, аны менен күрөшүү канчалык кыйынчылыкты туудурганын ачык-айкын далилдейт.











ООРУНУ АЙЫКТЫРУУ
Мурда кургак учук менен ооруган адамды дарылаган медиктер дары-дармекти берип гана чектелишкен. Оорулуулар болсо айрым учурда ичип, айрым учурда ичпей ыргытып жиберишчү экен. Азыр врач оорулуунун маңдайында туруп, дарыны тилинен ары жутканын сөзсүз текшерет. Мындай катуу талап акыркы жылдарда аргасыздан киргизилген. Анткени, жылдап дарыланган адамдан натыйжа чыкпай, ал тургай башка бирөөгө жугузууга мүмкүнчүлүгү болуп калбасын деген негизди да карашууда. Эгер оорулуу адам өзүнүн оорусу бар экенин билип туруп дарыланбай, сактанбай, башка бирөөлөргө жуктурган болсо ал сөзсүз административдик жана кылмыш жоопкерчиликтерине тартылат. Ушул тапта Кыргызстандын мыйзамдык актыларына ылайык кургак учук менен ооруган адам толук бекер дарыланат. Дары-дармектер эл аралык уюмдар аркылуу алынып келинүүдө. 2011-2012-жылдар үчүн кургак учук боюнча каржылоо грантынын жалпы суммасы 7,1 млн. долларды түзөт. Адам оорудан айыгыш үчүн күчтүү дарылар менен кошо күчтүү жана витаминдүү тамактарды жеши керек. Ооруга кымыз да жакшы жардам берээри аныкталган.









ДҮЙНӨНҮ КАПТАГАН КУРГАК УЧУК
Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 8,9 млн. адам ооруйт. Анын 80%ы 15 жаштан 50 жашка чейинки адамдар. Жылына кургак учуктан 2 миллиондой адам кайтыш болуп турат (күнүгө 4400, саатына 8 оорулуу). Анын 720 миңдейи аялдар. Кыргызстанда жыл сайын кургак учук менен ооруган 5,5-6 миң адам каттоодо турат. Ал эми каттоодо жоктору канча? 1882-жылы табылган бул оору арадан 100 жыл өткөндөн кийин кандай абалга келди? – деген суроонун үстүндө 1982-жылы окумуштуу врачтар тегерек столдо отуруп акылдашкан. Ошондо бул социалдык оору экени, ар тараптуу жардам болмоюнча муну бир гана врачтар жеңе албасы аныкталып, 24-мартты кургак учукка каршы күрөшүү күнү деп жарыялашкан. Анткени, 100 жылда бул оору дүйнөнү кудай ургандай каптап кеткени аныкталган. Кыргызстанда адистер башка өлкөлөргө салыштырмалуу кургак учук менен ооругандар өзүнүн нормасынан ашык деп айтышат. Алсак, 100 миң кишиге айрым өлкөлөрдө 40-50дөн киши туура келсе, бизде дайыма 100 миң кишиге 100 киши туура келүүдө.













Кимден жана эмнеден жугат?
Кургак учук 90 га чейин аба аркылуу жугат. Ошондуктан чаңдан, турмуш эмеректеринен жана тамак-аш аркылуу жугушу мүмкүн.
Эгерде өпкө кургак учугунун өтүшүп кеткен оор, аябай тараган түрү менен ооруса энеден курсактагы балага жугушу мүмкүн, бирок, көпчүлүк учурда ымыркай төрөлгөндөн кийин энесинен жуктурат.



Кургак учуктун белгилери:
Үч жумадан ашуун жөтөл;
Жалпы алсыздык жана тез чарчоо;
Табиттин (аппетит) жана салмактын төмөндөшү;
Чыйрыгуу;
Түнкүсүн тердөө;
Көкүрөктүн оорушу;
Бул белгилердин бирөөсүн байкасаңыз, токтоосуз өзүңүздүн үй-бүлөлүк дарыгериңизге медициналык жардамга кайрылыңыз! Дарыгер өпкөдө кургак учуктун болушуна күмөн санаса, анда оорулуудан какырык анализин алат.



Сиздин организмдин коргоо күчтөрү сизди кургак учуктан сактай алат.
Ал үчүн сиз:
Таза, күчтүү тамак-аш жеңиз;
Таза абада көбүрөөк болуңуз;
Гимнастика менен машыгыңыз;
Тамеки, алкоголдук ичимдиктер жана баңги заттардан алыс болуңуз.




















Сабактын максаты:
1.сасык тумоо жөнүндө маалымат берүү.
2. Сасык тумоонун алдын алуу
3. Сасык тумоонун дарылоо

Сабактын жабдылышы : сасык тумоо жөнүндө видеолор жана сүрөттөр

Сабактын журушу:

1. Уюштуруу:
Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):
1.убакытты баалай билуу;
2.активдуу катышуу;
3.башкалардын пикирин угуу, созун болбоо;
4.жаны идея, тажрыйбаларды каалоо;
5.чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.

2. Мугалимдин созу:

Сасык тумоо — вирустар жана бактериялардын айрым түрлөрү пайда кылуучу жогорку дем алуу органдарынын (мурундун, кекиртектин, трахеянын, бронхтордун), кээде көздүн былжыр челинин сезгениши менен өтүүчү, клиникалык белгилери окшош жугуштуу оорулар.

Оорунун пайда болуу себептери

Аны менен көп учурда жаш балдар ооруйт. Себеби алардын организминде анын козгогучтарына каршы коргоочу заттардын (иммунитеттин) жоктугуна байланыштуу болот.

Сасык тумоону аденовирустар, парагрипп вирустары, риновирустар жана башкалар вирустар, бактериялар чакырат. Сасык тумоо жылдын жылуу мезгилинде сейрек учурап, суук мезгилинде эл арасында массалык (эпидемиялык) же көп таралат.

Оорунун булагы — оорулуу киши. Вирустар дени соо кишинин дем алуу органдарына аба менен кирип, алардын былжыр кабыкчаларынын клеткаларына өтүп, ошол клеткаларда өсүп көбөйөт да, алардын бузулушуна жана сыйрылып түшүшүнө алып келет. Бул учурда козгогучтардын айрымдары өлүп, ошону менен катар уу заттарды (эндотоксинди) бөлүп чыгарышат. Вирустардын аралашмасы бар клеткалар бөлүнүп, сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырык же шилекей тамчылары, мурун суюктугу менен абага бөлүнүп чыгып, аны булгайт. Ушул булганган аба менен дем алганда вирустар кайра дем алуу органдарына жугат. Сасык тумоо үй-тиричилик буюмдары (идиш-аяк, сүлгү, оюнчук жана башкалар) менен да жугушу ыктымал . Парагриппти чакырган вирустар сырткы чөйрөнүн таасирине анча туруктуу эмес. Парагрипп жылдын бардык мезгилинде кездешет. Бирок оору суук мезгилде көп болот. Ал оорулуу кишиден жугат. Көбүнчө балдар ооруйт. Оорунун жашыруун мезгили 3—4 күнгө созулат. Оору башталганда мурун бүтүп, жөтөлөт, эти анча ысыбайт. Бир жаштан 3 жашка чейинки балдарда муунткан дем кыстыгуу пайда болот. Ал кекиртектин былжыр челинин сезгенишинен шишик пайда болуу менен түшүндүрүлөт. Оорулуунун дем алуусу кыйындап, үнү кырылдайт. Айрым учурда өпкөнүн, кулактын, алкым бездеринин кабылдоосуна алып келиши мүмкүн. Кабылдоо айрыкча жаш балдарда көп болот. Парагрипптин кабылдап кеткен түрлөрүн ооруканада дарылайт. Сасык тумоону алдын алуу чаралары грипптики сыяктуу болот. Ошондуктан ал массалык башталганда жалпы коомдук жайларда, балдар мекемелеринде, ооруканаларда, тамак-аш ишканаларында санитария-гигиеналык, эпидемияга каршы эрежелердин так сакталышы талап кылынат. Бул ооруларды алдын алууда дененин коргонуу күчүн чыңдоо, физкультура жана спорт менен машыгуу, ошондой эле туура жана сапаттуу тамактануу чоң мааниге ээ (Аденовирус оорусу)







4. Жыйынтыктоо:
Бүгүнкү класстык саатты жыйынтыктап жатып биз билдик сасык тумоодон сактануу керектигин жана аладын алууу керектигин үуйрөндүк







Кутурма - жугуштуу оору.




Кутурма – вирус пайда кылып, борбордук нерв сис-темасын жабыркатуучу жугуштуу оору. Ал айыкпас дарт, дүйнө жүзүндөгү белгилүү жугуштуу оорулар-дын өтө коркунучтуусу. Жаратылышта кутурма ме-нен айрыкча жапайы жана үй жаныбарлары оо-руйт. Кишиге, айбандарга бул ооруну аны менен ооруган жаныбарлар жугузат. Кутурган жаныбарлар-дын шилекейиндеги вирус жараланган тери аркы-луу организмге кирип, нерв талчалары аркылуу мээ-ге, жүлүнгө барып көбөйүп топтоло баштайт. Вирус оорунун белгилери башталарга 8-10 күн калганда эле шилекей менен сыртка бөлүнүп чыга баштайт. Мындай жаныбарлар оорунун белгилери пайда боло электе эле жугуштуу болуп калат.Кутур-ма менен оруган жаныбарлар тынчсызданып, басы-гы өзгөрүлөт, шилекейи агат, жинденет, тамак же-бей, суу ичпей калат, жыгачтарды, чүпүрөктөрдү жей баштайт. Кутурманын вирусу ооруган жаныбар жалаӊ гана тиштегенде жукпастан, шилекей чачыра-ганда көз, мурун, ооз аркылуу да жугат. Кутурма-нын вирусу төмөнкү температурага туруктуу келет жана чириген мээде 8 айга чейин жашай берет. Ошондуктан талаада кутурмадан өлгөн айбандар-дын (мээси сакталган) тарпы, чириген таштан-дылары коркунучтуу.







Кутурма оорусу адамдарда жашыруун мезгили кө-бүнчө 1-3 айга, кээде 10 күндөн 1 жылга чейин со-зулушу мүмкүн. Бул мезгил жарааттын көлөмүнө, жараланган жерге, адамдын жашына жараша бо-лот. Жараат адамдын башында, мээге жакын жерде болсо, жашыруун мезгил кыска болот. Оорунун ал-гачкы белгилери жарадар болгон жерде, кычышып, сыздап, сайгылашып ооруп байкала баштайт. Адам өзүнөн-өзү чочугансып, элендеп, капаланып, үшкүрү-нүп, уйкусу качат. Андан ары оорулуу өтө сезгич болуп, коркуу сезими пайда болот. Сууну көргөн-дө коркуу сезими күчөп, калтырап титиреп, демигет. Оорулуу көбүнчө тердейт, шилекейин жута албаган-дыктан агып турат. Буга кошумча көзүнө ар нерсе-лер көрүнүп, кулагына үндөр угула баштайт. Кээде ага түрдүү агрессивдуу кыймылдар (капысынан секи-рүү, качуу, кыйратуу, тытынуу) кошулат. Оору өтө күчөгөндө дем алуу органдары шал болуп, жүрөк, дем алуу токтоп, оорулуу өлөт.

Алдын алуу үчүн кутурмага каршы эмдөө жүргү-зүлөт. Ит капканда же башка айбандардан жабыр-каган учурда дарыгерге кайрылуу зарыл. Кутурма менен күрөшүүдө ээси жок иттерди, мышыктарды жок кылуу, ошондой эле үй жаныбарларын өз убагында ветеринарларга каттатып, аларды эмдетип туруу керек.











Тема: Адамдын гигиенасы – ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы

Максаты: Өздүк гигиена эрежелерин сактоого каалоону жана керектөөнү калыптандыруу.

Күтүлгөн жыйынтыктар: “Өздүк гигиена” тууралуу жана анын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу билишет.

Жабдуулар: Түстүү борборлор, тактай, гигиеналык каражаттардын жыйындысы, флип-чарт, маркерлер.

 Киришүү: Алтын эреже

Жагымдуу манай: (смайлик)

Көрсөткүчтөрү

  • Маалымат алуу

  • Туура колдоно билүү

  • Жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү

(топторго бөлүнөт)

— Азаматсыңар, балдар! “Жашоо сенин көз карашыңда” деген цитатага карата сүрөттөн эмнени байкадыңар?

Балдар өз оюн айтышат. ….ирээттүү, таза, жагымдуу ж.б..

Мээге чабуул: Жакшы жана жагымдуу көрүнүш үчүн эмне кылуу керек? Жооптор тактайга жазылат.

Окуучулардын болжолдуу жооптору:

  • өзүнө кам көрүү

  • тишти тазалоо

  • колду жуу

  • жуунуу

  • чачына кам көрүү

  • туура тамактануу

  • спорт менен машыгуу

  • ич кийимдерди күндө алмаштыруу

үйдү таза кармоо

Демек, балдар тазалыкты жөнгө салуучу адамдын гигенасы — ден соолуктун жана сулуулуктун ачкычы

Мугалим: Өздүк гигиена – дене гигиенасын сактоо, ооз көңдөйүн тазалоо, ошондой эле бут кийимдерин, ич кийимдерин, кийимдери жашаган жерин таза кармоо.

Гигиеналык эрежелерди сактоо бул адамдын маданиятын аныктоочу шарттардын бири болуп саналат.

Балдар тазалык кайдан башталат видео: “Таза ажааткананын мааниси” демек, гигиенанын эң алдыңкы башаты биз буга чейин эти бара албаган ажаатканадан башталат (үй, коомдук жай, мектеп)

Негизги бөлүк: Гигиена сүрөтү

1-кадам Мугалим:

— Балдар, биз бул сүрөттү кайдан көрчү элек жана кайдан кездештиребиз?

Окуучулар: — Ооруканадан.

— Азаматсыңар!  Анда бул эмблемада эмне себептен жылан? Эмне үчүн ташбака же жылкы эмес? Окуучулар жооп берет…..

Себеби балдар, Жылан такыр оорубайт, ошол себептен жыланды эмблемага кошкон.

Демек, балдар, биз бул сүрөттөн Гигиена деген түшүнүк менен ден соолуктун ачкычы. Ар дайым өзүбүз таза тыкан болуу менен коомго да пайдалуу иш-аракеттерибиздин бири экенин билсек болот экен.

Мугалим: Андан соң катышуучулар менен бирге гигиена деген түшүнүккө аныктама беришет. Гигиена – бул адамдын ден- соолугун чыңдоону жана сактоону жөнгө салуучу, анын активдүү жашоо узактыгын жогорулатуучу гигиеналык эрежелердин жыйындысы.

2-кадам. Топтор менен иштөө. Класс 4 бөлүккө бөлүнгөн боюнча  окуучуларга төмөнкү кырдаалдарды эске салуусун жана өз сезимдери тууралуу жазууну сунуштагыла:

1-топ: таптаза

мисалы:

  • кырдаал (жаңы эле сууга түшүп чыкты, башын жууду, тишин тазалады, таза кийимдерди кийди);

  • сезүүсү: (жеңилдеп калды, жагымдуу жыт, учкусу келип калуу, энесине эркелегиси келди).

2-топ: өтө кир

мисалы:

  • кырдаал (футбол ойногондон кийин, бакчада иштегенден кийин, поезд менен саякаттан кийин ж.б.)

  • сезим (оор болуу, жагымсыз жыт, чарчоо ж.б.).

Топтордун аткарган иштерин жактоосу.

3-топ: Органдарга кам көрүүгө карата класстер түзүү (бетке, чачка ж.б.)

4-топ: Адамдын органдарынын гигиеналык эрежелерге класстер түзүү.

Мугалим: Өзүн таза алып жүрүү өзү үчүн эле эмес досторуна, туугандарына, мугалимдерине да жагымдуу. Өзүн тыкан алып жүргөндөргө дайыма жагымдуу пикирлер айтылат, алар менен пикир алышуу да жагымдуу болуп саналат. Бул адамдын өзүн-өзү баалоосун жогорулатууну жөнгө салат, курбулаштарынын арасында популярдуу кылат. Эң башкысы — бул сенин ден- соолугуңа пайдалуу.

3-кадам: Анда ушуга утурлай эле видеого көңүл бурабыз. Бул видео биздин темабыздын ачкычы б.а далили  болмокчу (балдар видеону көрүп темага карата ой пикирлерин айтышат.

4-кадам Тандоо тапшырмасы сунушталат: 1. «Мойдодыр» оюн көнүгүүсү. Тапшырма: кезек-кезеги менен окуучулар үстөлдүн жанына келип “Мойдодыр” баштыкчасына карабай туруп, бир каражатты сууруп чыгып, бул каражаттар сыйкырдуу “Мойдодыр” (гигиеналык каражаттардын айрым сүрөттөрүн да пайдаланууга болот) баштыкчасына салынган. Ар бир алып чыккан каражаттарды, окуучу баяндап берет.

  1. Аналитикалык көнүгүүлөр:

Тапшырма: 1. Төмөндөгү органдарга кам көрүүгө арналган гигиеналык каражаттарды жана предметтерди карагыла жана атагыла:

а) бетке;

б) чачка;

в) денеге;

г) ооз көңдөйүнө;

д) тырмактарга.

  1. Дененин белгилүү бөлүктөрүнө кам көрүүдө өздүк гигиенанын кандай эрежелери бар?

  2. Алардын кайсынысы өздүк гигиенанын каражаттары болуп саналат жана алардын кайсынысын достор менен бирге колдонууга болот. Эмне үчүн?

 Жыйынтыктоо: суроо жооп. Сабактын башында биз кабыл алган көрсөткүчтөргө жооп бере алдык, азаматсыңар!

Үй тапшырмасы: Ата-энеңердин жардамы менен жеке өзүңө туура келген гигиеналык каражаттарды танда.

 

 



Бруцеллез (лат. brucellosis) - жаныбарлардын жана адамдын нерв, жүрөк-кан тамыр системасын жана сөөк-муундарын жабыркатуучу жугуштуу оору. Бруцеллёзду бруцелла уруусундагы бактериялар козгойт. Ал сырткы чөйрөнүн таасирине (суукка) туруктуу келет.

Жугуу жолдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мал бала салганда

  • Туут учурунда

  • Мал союлганда

  • Малдын жүнүн кыркуу мезгилинде

  • Жүн терисин иштетүүдө өтө этият болуу керек.

Оорулуу мал бала салганда, туут учурунда көптөгөн бруцеллез деп аталган ооруунун козгогучтары бөлүнүп чыгат. Бул учурда мал турган жер жугуштуу болот. Козгогучу жер кыртышында, жүндө, териде, сүттө жана сүттөн даярдалган азыктарда бир нече айга чейин сакталат. Бруцеллёз менен кой, эчки, бодо малдар (уй, топоз), бугу, айрым учурларда ит, үй канаттуулары, кемирүүчүлөрдүн кээ бир түрлөрү (чычкан) ооруйт. Оорунун козгогучу туут мезгилинде жатындын суюктугу, чарайнасы, малдын сүтү, заарасы, заңы жана башка менен сыртка бөлүнүп чыгып, жер-сууну булгайт. Бруцеллёз менен ооруган мал көпчүлүк учурда өлүү тууйт.

Дем алуу органдарынын схемалык көрсөтүлүшү (бронхтун үстүндөгү өпкө тканы алынып ташталган): 1—3— бронхтор, 4— өпкө, 5— кекиртек.

Кишиге дарттын козгогучу негизинен булганган же чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган тамак-ашты (сыр, май, быштак жана башка), чала бышырылган этти жегенде, ылаңдуу малды бакканда, аларды туудурганда, колдун терисиндеги майда жараат, кесиктер аркылуу, ошондой эле булганган аба менен дем алганда жугушу мүмкүн. Бруцеллёз мал чарбасында иштегендерде (койчу, уйчу, саанчы, зоотехник, ветеринариялык кызматкерлер), малдан алынган азыктарды чыгаруучу жана тери жүн иштетүүчү өнөр жайларда иштеген жумушчуларда көп кездешет.

Оорунун белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору клиникалык белгилеринин өтө көп түрдүүлүгү менен мүнөздүү. Оорунун алгачкы белгиси козгогуч жуккандан 2—3 жума өткөндөн кийин (инкубациялык мезгил) билинет. Мында алы кетип, чыйрыгып, эти ысыйт, башы ооруп, кара тер басат. Оору кээде капысынан катуу башталат: баш катуу ооруп, дене температурасы 39—40°ка жетет, тер басып уйкусу качат, чыйрыгып алы кетет, булчуңдары, муундары кыймылдатпай катуу ооруйт. Кан тамырлар, нерв системасы жана сөөктөр, муундар жабыркап, кээде психиканын бузулушу байкалат. Бруцеллёз оорусу 3 айга, айрым учурда 1—2 жылга чейин созулат. Оору өнөкөт түрүнө өтүп кетсе, оорулунун ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөп, жумушка жараксыз (инвалид) болуп калат. Кош бойлуу аялдардын боюнан түшүп калышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен догдурга кайрылуу зарыл. Ооруну ооруканада дарылайт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоңдорду дарылоонун алтын стандарты күнүнө 14 күнгө чейин 1 г стрептомицинди булчуңга саюу жана бир эле убакта 100 мг доксициклинди 45 күн ичүү болуп эсептелет. Эгер стрептомицин жок болсо же жакпаса, 5 мг/кг гентамицинди күнүнө бир жолу, 7 күндүн ичинде булчуңга сайган оӊ.[1]  Дагы бир кеңири колдонулуучу режим – доксициклин менен рифампицинди аралаштырып, күнүнө эки жолу, 6 жумадан кем эмес колдонуу. Аталган дарыларды ичкенде пайдалуураак. Нейробруцеллёзду дарылоодо доксициклин, рифампицин жана ко-тримоксазолду кошуп дарылаганда, таасири жакшы болгон.[2]  Доксициклинге рифампицинди аралаштырып колдонууга (2-3 жумадан ашык) караганда доксициклинге стрептомицинди кошуп пайдаланган (6 жума бою) жакшы.[3]  

Доксициклин гематоэнцефалдык тосмодон өтө алат, бирок оорунун кайталанбашы үчүн дагы эки дары кошуу керек. Ципрофлоксацин жана ко-тримоксазол менен дабалоо илдеттин тез-тез кайталануусу менен байланышкан. Бруцеллёз эндокардитинен жакшы айыгуу үчүн хирургиялык операция талап кылынат. Атүгүл бруцеллёзго каршы туура дарылаган учурда деле, мальта безгеги менен ооругандардын 5-10 %ы бул дартка кайра чалдыгат.

Болжолдоолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1909-жылы Мальтада жайгашкан британ аскери менен флотунда аталган оору аныкталып, каза болгондордун саны 2 %ды түзгөн. Өлүмдүн башкы себеби эндокардит болгон. Антибиотиктер менен хирургиянын акыркы жетишкендиктери эндокардит менен ооругандарды аман алып калууда.

Адамдарды бруцеллёздон вакциналоо жана башка ветеринардык көзөмөлдөө ыкмалары менен, мисалы, малдарды текшерүү жана оору жуккан болсо аларды союп, илдетти жок кылуу сыяктуу жолдор менен сактандырууга болот. Учурда адамдар үчүн толугу менен майнаптуу вакцина жок.

Ичкенге же башка сүт азыктарын жасаганга чейин сүттү кайнатса, организмге андан оору жукпайт. Чийки этти, боорду же сөөк чучугун жеген адатты таштоо.

Бруцеллёз менен ооруган бейтаптар донор катары кан же бөлөк органдарын бербеши керек. Диагностикалык лабораториянын кызматкерлерине бруцеллёздун таасир этүүсү эндемикалык шарттарда дагы, бейтап өзү аңдабай алып келгенде деле көйгөй бойдон калууда.[4]  Илдеттин олуттуу таасирине кабылган кызматкерлердин тобокелдигине тиешелүү баалаган соӊ, 6 ай бою экспозициядан кийинки алдын алууну жана серологиялык көзөмөл жүргүзүүнү сунуш кылуу абзел.[1]  

Жакында жарыяланган тажрыйба узак мөөнөттүү жана тез-тез жүргүзүлүүчү серологиялык байкоо көп маалымат бербей, кыйла ресурстарды сарптай тургандыгын жана анын талаптарын дайым сактабаган кызматкерлер үчүн оор экендигин тастыктады.

Адатта сунуш кылынуучу рифампицин менен доксициклинди 3 жума алуу режиминин кыйыр таасирлери дарылоонун мындай түрүнө ишеничти азайтат. Эки дары менен дарылоонун монотерапияга салыштырмалуу натыйжалуу экендигине эч кандай далил жок болгондуктан, Британия нускамалары боюнча эми доксициклинди 3 жума гана колдонууну жана жеңилирээк байкоо протоколу сунушталат.[5]  

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бруцеллёз биринчи жолу 1850-жылдары Мальтада Крым согушу мезгилинде англиялык дарыгерлердин көңүлүн бурган жана Мальта безгеги деп аталган.[2] Джеффри Аллен Марстон (1831-1911) 1861-жылы өзү бул дарт менен кантип ооругандыгын сыпаттап жазган. Организм менен оорунун себеп-натыйжалык байланышы биринчи жолу 1887-жылы Дэвид Брюс тарабынан аныкталган.  Брюс баамдаган агент кокусс катары түркүмдөлгөн.

1897-жылы даниялык ветдоктур Бернхард Банг бацилланы уйлардын өзүнчө эле болуучу абортун козгогуч катары бөлүп көрсөткөн соӊ, бул абал «Банг ылаңы» деп аталып калган. Ал кезде эч ким бул бацилланын Мальта безгегинин козгогучуна тиешеси бар экендигин билген эмес.

Мальталык окумуштуу жана археолог Фемистокл Заммит 1905-жылдын июнь айында толкундуу безгектин эчкинин пастерленбеген сүтүнөн келип чыкканын аныктады.[6]  

1910-жылдардын аягында америкалык бактериолог Элис К. Эванс Банг илдетин изилдеп, акыры анын Брюстун коккунан дээрлик айырмаланбай тургандыгын түшүнгөн. Кыска өзөк менен сүйрүчө-тоголоктун ортосундагы морфологиялык чек ара бацилла менен кокктун ортосундагы мурдагы айырмачылыктын жоюлушун түшүндүрдү (башкача айтканда, бул «эки» козгогуч бациллага каршы кокк эмес, тагыраагы, бир эле коккобацилла болчу).

Бангдын бацилласы буга чейин байма-бай пайда болуп, малды жугуштуу абортторго дуушар кылган америкалык уйлардын энзоотикалык бацилласы катары белгилүү болгон. Бактериялардын дээрлик бирдей экендиги, мүмкүн толук окшош экендиги жөнүндө ачылыш жасап, Эванс эмне үчүн Кошмо Штаттарда Мальта безгеги кеңири диагноздолгон эмес же катталбаган деген суроо койду.

Ал бүдөмүк, так аныкталбаган безгек ооруларынын көп учурлары чийки (пастерленбеген) сүттү колдонуудан келип чыккан окшойт деп ойлой баштады. Бул божомол 1920-жылдары ырасталды.

Мындай оорулардын диагноз коюлбаган жана дарылана элек ичеги-карын ооруларынан баштап, туура эмес диагноз коюлган, айрымдары өлүмгө алып келген чыйрыктырма жана ооруксунтан варианттарга чейинки түрлөрү бар эле.

Бактериологиялык илимдеги мындай өсүш Американын сүт тармагындагы азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга багытталган олуттуу өзгөрүүлөргө себеп болду. Анын натыйжасында пастерлөө стандарты киргизилип, сүт фермаларындагы сүт чарбаларында тазалыкка айрыкча көңүл бурула баштады.

Чыгымдар тармакты тушап, ишенбөөчүлүктү пайда кылды, бирок жаңы гигиеналык эрежелер акыры көнүмүш адатка айланды. Кийинки он жылдыктарда бул чаралар кээде адамдарга ашыкча көрүнгөнү менен, сүт саап жатканда же сүт сакталган жайда гигиеналык талаптарды сактабай коюш же чийки сүт ичүү коопсуз болбойт.

Эванстын эмгегинен кийин ондогон жылдар аралыгында Брюстун урматына Brucella деп аталган тукум вируленттүүлүгү ар кандай болгон бир нече түрдү камтыган. «Бруцеллёз» деген аталыш 19-кылымдагы Жер Ортолук деңизи безгеги жана Малта безгеги деген аталыштардын ордуна колдонулуп кеткен.[7]

1989-жылы Сауд Аравиясынын неврологдору «нейробруцеллезду» – бруцеллёздун нервди жабыркатышын аныкташкан.[8]  

Төмөнкү эски аталыштар мурда бруцеллёзго карата колдонулган:[9]

  • Крым безгеги

  • Кипр безгеги

  • Гибралтар безгеги

  • Эчки безгеги

  • Италия безгеги

  • Неаполитан безгеги

Оорунун алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бруцеллёздун алдын алуу үчүн ылаңдуу малды өз убагында таап, аны соо малдан бөлүү же союп жок кылуу, терисин 2 ай туздоо, жүнүн бромдуу метилге чылоо сунуш кылынат. Бруцеллёз чыккан чарбаларда санитариялык, зооветеринариялык эрежелерди туура сактоо, дезинфекция жүргүзүү, мал төлдөгөн короо-жайларда малдын чарайнасы, чөбү менен булганган кыкты, төшөлмөлөрүн өрттөө керек. Мал чарбасында, жаныбар сырьёлорун иштетүүчү өнөр жай ишканаларында (эт, сүт комбинаты, жүн, тери иштетүүчү ишкана жана башка) иштегендерди жыл сайын медициналык атайын кароодон өткөзүп, аларды алдын ала ооруга каршы эмдеп туруу; атайын кийимдер (резина өтүк, резина кол кап, комбинезон, атайын халат), өздүк гигиеналык каражаттар (сүлгү, самын, кол жуугучтар, жугушсуздандыруучу химиялык заттар жана башка) менен камсыздандыруу; өздүк жана коомдук гигиеналык эрежелерди туура сактоо, иштен кийин жана тамактануунун алдында, өзгөчө колду самындап таза жууп туруу керек. Мындай жерде өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар иштөөгө болбойт.







ЭЛЕКТРОНДУК ТАМЕКИНИН (ВЕЙП) ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ДЕН СООЛУГУНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
  •  14.03.2022

  •  0

Учурда өспүрүмдөрдө дагы бир терс адаттын пайда болгондугу байкалды. Бул мектеп окуучуларынын электрондук тамеки (вейп) тартышы. Ал тургай айрым ата-энелер да тамекиге караганда мунун зыяндуулугу жок экендигин айтып, өздөрү уруксат берген учурлар кездешүүдө. Мектептеги тарбия иштерин көзөмөлдөөдөгү олуттуу болгон ушул темага кайрылып, электрондук тамекинин зыяндуулугу тууралуу көбүрөөк маалымат берүү керек экендигин сунуштайбыз. Ата-энелер жыйналышында бул темада атайын сөз козгоо зарыл.

 Вейп деген эмне жана ал эмне  үчүн коркунучтуу?

Бул түтүн бууландыргычтар. Түзүлүшү ар кандай конструкцияларда жана өлчөмдөрдө болушу мүмкүн: сопло түтүгү же узун цилиндрлер менен кутучалар түрүндө. Электрондук тамекилерге жана мини кальяндарга арналган ар кандай жыпар жыттуу касиетке ээ вейп суюктуктары сатылат. Дал ошол суюктуктарды улам толтуруп турууга боло турган тамекинин бир түрү.

Вейп суюктуктарынын болжолдуу курамы:

·       Глицерин (буу түзүү үчүн керек);

·       Никотин;

·       Пропиленгликол (эки атомдук спирт, суюктуктун компоненттеринин ортосундагы байланыш үчүн).

 

·       Электрондук суюктуктар күчү (никотиндин саны) боюнча бөлүнүшү мүмкүн же никотинди таптакыр камтыбайт;

·       Даамдар жана боёк.

Өндүрүүчүлөрдүн жарнамалык  стратегиялары

  1. Электрондук тамеки аркылуу кадимки тамекинин чегүүнү «акырындык менен» токтотуу мүмкүнчүлүгү. Бирок, чындыгында, вейпингге өткөндө, көпчүлүк тамеки чеккендер кадимки тамекилерди колдонууну толугу менен таштабайт, электрондук жана салттуу тамеки чегүүнү айкалыштыруу менен аны ого бетер күчөтүшөт, кээ бир жагдайларда кадимки тамекилерден таптакыр баш тартышса дагы, электрондук тамекилерди кыянаттык менен андан да көп колдоно башташат.

  2. Көп жолку колдонуу, суюктуктарды толтуруп туруу. Вейб колдонуучулар негизинен никотинди «толтуруп туруу аны бир нече жолу колдоно билүү вейптин негизги артыкчылыгы» деп билишет. Кээ бир электрондук тамекилер компьютерден жана ноутбуктан заряддала турган флэш-дискке окшош, ошол эле учурда капсуладагы никотиндин деңгээлин тамекинин бүтүндөй бир кутусуна салыштырууга болот.

  3. 3. Жагымдуу жыт менен айкалыштыруулары. Ооба, мурда чылымкөйлөр көчөгө же өзүнчө бөлмөлөргө “тамеки тартууга” кетүүгө аргасыз болушса, азыр алар дээрлик бардык жерде тамеки тартууга мүмкүнчүлүк алышты.

  4. Стилди кошумча кооздук катары толуктоо. Ар кандай дизайндагы жаркыраган жана ар түрдүү кооз формадагы вейптер, көптөгөн даамдар жана жыпар жыттар менен жагымдуу толуктоолор балдар жана өспүрүмдөр үчүн олуттуу азгырык болуп саналат. ДССУнун маалыматы боюнча, тамеки корпорациялары өсүп келе жаткан өспүрүм аудиториялары аркылуу өз рыногун акырындык менен модернизациялоодо.

Окумуштуулардын изилдөөлөрү

Жакында жүргүзүлгөн изилдөөдө окумуштуулар өспүрүмдөрдүн үч тобун салыштырышкан: биринчи топтогулар дайыма электрондук тамекилерди гана колдонушса, экинчилер кээде стандарттык тамекилерден тышкары электрондук тамекилерди да колдонуп жүрүшкөн, ал эми башкалары эч качан тамеки колдонушкан эмес. Натыйжада, биринчи топтогу өспүрүмдөрдун заарасынан акрилонитрил, акролеин, пропилен оксиди, акриламид жана кротональдегид сыяктуу уулуу химикаттарды кыйла көп табышкан.

Вейптин өспүрүмдөрдүн ден-соолугуна тийгизген таасири

Вейп суюктуктарынын кээ бир түрлөрүнүн курамында никотин бар, ал өспүрүмдөрдүн мээсинин өнүгүүсүн жайлатат, эс тутумга, концентрацияга, өзүн-өзү башкарууга жана окуу жөндөмүнө терс таасирин тийгизет. Башка терс таасирлерин алсак, никотинсиз суюктуктар менен вейпти үзгүлтүксүз колдонуу, иммунитеттин төмөндөшү, ткандардын өпкөнүн жана жүрөктүн бузулушу жана когнитивдик бузулууга алып келет.

Зыянсыз вейптер барбы?

Терс таасирлери көбүнчө суюктуктун түрүнө жараша болот,      суюктуктарда GRAS тастыктамасы бар,  б.а. тамак-аш максаттарында колдонулушу мүмкүн. Бирок тамеки тартуу процессинде алар ысып, бууланып, организмге уулуу таасирин тийгизет. 2015-жылдагы изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, глицерин жана пропиленгликол вентилятор суюктуктарында ысытылганда формалдегидди бөлүп чыгаруучу кошулмалар пайда болот. Зат канцероген болуп саналат жана рактын пайда болуу коркунучун жогорулатат.

Тамеки тартуу физикалык жана психологиялык  көз карандылыкты пайда кылат

Көпчүлүк тамеки чеккендер никотинди колдонууну уланта беришет (ал эми вейптерде азыр андан да көп). Болгону алар кадимки тамеки чекпейт жана бул аркылуу алар “көз карандылыктан арылуу” сезимин ала алышат. Бирок чындыгында никотинден баш тартуу анчалык деле жөнөкөй эмес – бул мээнин нейротрансмиттердик метаболизмине таасир этет, допамин системасынын узак мөөнөттүү бузулушуна алып келет







Сабактын  максаты:

  1. Зордук-зомбулук жөнүндө  түшүнүк  алабыз.

  2. Тарбия үй-бүлөдөн  башталып,  коомдон уланып, адам  баласы  адамдык  улуу  сапатка  ээ болот.

  3. Окуучуларды чечкиндүүлүккө, туруктуулукка, сабырдуулукка, боорукерликке тарбиялоо.

Cабактын  жабдылышы: Проектор, кыргыз  элинин  үрп-адатын, каада-салтын, жаратылышын чагылдырган жана зордук-зомбулуктар жөнүндө сүрөттөр, буклеттер, карточкалар, ватман, стикер.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Кутман күнүңөр менен менин кымбаттуу окуучуларым. Кана эмесе балдар, бүгүн маанайыңар кандай? Силердин маанайыңар жакшы  болсо, менин да  маанайым эң сонун. Балдар, бул ажайып кооз сүрөттөр — биздин  мекенибиз! Кыргызстандын жаратылышын карагылачы,  биз кандай гана кооз, ажайып өлкөдө жашайбыз. Ооба, бул менин, сенин, баарыбыздын өлкөбүз — Кыргызстан. Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!

“Кечеги күн-тарых, эртенки күн-табышмак, бүгүнкү күн-белек” демекчи,   “ Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм — мекенге кошкон үлүшүм” деген девизди туу тутуп, сабакты  жакшы  окуп, талыкпай билим алалы.  Билим силерге керек, себеби  туура, так сүйлөөгө, келечекте туура  жолду тандоого  жана туура, сүйүктүү кесипти  ээси болууга, зордук-зомбулуксуз жашоого  өбөлгө түзөт. (Проектордон сүрөттөр көрсөтүлөт.

Мугалим: Балдар, көргөн сүрөттөрүңөр боюнча оюңарды айткылачы. Эмнелерди көрдүңөр?

Окуучулар:

  • Бири-бири менен мушташкан балдарды;

  • Ата-энесинен кордук көргөн баланы;

  • Карыган ата-энесин кордогон баланы;

  • Чоң балдардын кичине балдарга жасаган үстөмдүгүн ж.б.

Мугалим: Демек, балдар, биздин бүгүнкү темабыз “Биз зордук-зомбулукка каршыбыз!” деп аталат.

Зомбулук — бул адамдын эркин  чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн, системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир. Мындай мамилелерде көптөгөн адамдар, балдар күн кечиришет, зомбулук болуп жатканын билишпейт. Адамдарда сүйүү, ишеним жок болуп, бир адамдын экинчисине болгон кемсинтүүсү, тарбиялоосу, чектөөсү менен мүнөздөлөт.

Зомбулуктун түрлөрү:

  1. Физикалык.

  2. Психологиялык.

  3. Экономикалык.

  4. Сексуалдык.

  5. Гендердик.

  6. Үй-бүлөлүк. (видео ролик көрсөтүлөт).

Мугалим: Кана, балдар, экранга  көңүл бөлөлү, эмнелерди көрүп атасыңар?

Балдар, азыр силер көргөн видео роликтен силер ким тарапта болгуңар келет?

Окуучулар: Кордук көргөндөргө жардам бергибиз келет.

Мугалим: (балдардын оюн угуп, кайра суроо берет). Кордук көргөндөрдүн ушул абалга туш болушуна эмне себеп? Силер кимди күнөөлүү деп ойлойсуңар?

Окуучулар: Тарбиясыз балдар, мээримсиз балдар, жоопкерчиликсиз ата-энелер.

Мугалим: Окуучуларарды доскага чыгарып, үй-бүлөдөгү, мектептеги, коомдогу зордук-зомбулук боюнча көрүнүштөрдү ролдорго бөлүп аткартат.

Балдар,  силер  бул  ролдорду аткарып жатканыңарда  кандай сезимдер пайда  болду?

Окуучулар: Азыркы коомдо болуп жаткан зордук-зомбулук бизге терс таасирин тийгизерин сездик.

Мугалим: 1989-жылы  20-ноябрында  БУУнун Башкы  Ассамблеясында  “Баланын  укугу жөнүндө” декларация  кабыл  алынган. Кыргыз  Республикасынын  Балдар жөнүндө  Кодекси,  балдардын Кыргыз Республикасынын  Конституциясында каралган укуктарынын  эркиндиктеринин жана мыйзамдуу  талаптарынын  негизги  кепилдиктерин  белгилейт жана  мамлекет  тарабынан  балдардын  дене-бой, акыл-эс, адептик,  руханий жана  социалдык жактан  өнүгүүсү,  турмуштун оор кырдаалда    калган  балдарды коргоо жана өзгөчө камкордук көрүү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган.

Сабакты  жыйынтыктоо: Балдар, биз бүгүн силер менен зордук-зомбулук боюнча  теманы талкуулап,  бир топ маалымат алдык. Зордук-зомбулуктун күчөшүнө коомдогу абалды күнөөлөй бербестен ар бирибиз мээримдүү, кайрымдуу бололу. Улуу коомдук ишмер атабыз И. Раззаков  “Коом деген сен жана мен. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”— деп айтканы чындык. Тарбия кичинекей мамлекетибиз  болгон  үй-бүлөдөн башталат. Эң негизгиси  үйүбүздө, мектепте мээримдүү, күйүмдүү  болуп бири-бирибизге түшүнүү менен  мамиле жасап,  кыйналгандарга жардам  берели, терс  көрүнүштөрдүн болбоосуна өз салымыбызды кошолу. Ал эми биздин окуучулары зордук — зомбулукка  жол беришпейт, бош убактысында китеп окушат, үй-бүлөсүнө жардам беришет, кружокторго катышат деп ишенели жана ушул ишенимди актай сыздап деп ойлойм.

Тапшырма:  Бүгүнкү “Зордук-зомбулукка жол жок!”  темасында эссе жазып  келүү.



Сабактын темасы: Насыбай, тамекинин зыяндуулугу.

С.максаты:

1. Насыбай менен тамекинин ден соолукка, үй-бүлөлүк казынага тийгизген зыяны жөнүндө түшүнүк алышат.

2. Жаман адаттардан алыс болууга көнүгүшөт. Байланыштуу кеби өсөт. Өз оюн толук айтканга көнүгүшөт.

3. Адептүү жүрүм-турумга, ден соолукка кам көрүүгө тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Слайд, сүрөттөр.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Жагымдуу маанай түзүү, алтын эрежени кабыл алуу.

Негизги бөлүк.

Мугалим слайд көрсөтүп, насыбай, тамекинин зыяндуулугу жөнүндө айтып берет.

Насыбайдын зыяны, биринчиден тамырыңды өлтүрөт. Бул адамды тукумсуз да кылат. Мындан сырткары мээни кургатып жиберет. Кыргызстанда эле жасалат. Кошулмалары - тамеки, акиташ, күл, клей. Анан суу да кошулат. Насыбай колго жасалат. Анын өзүнүн аппараты бар, алардын баарын аппаратка салып өткөрөт. Андан кийин электе эленет. Электен майдалары түшүп калат. Андан кийин насыбайга акиташтан сээп коюп, мүшөккө бир-эки саат күчүнө келиши үчүн коюп коет. Насыбай - баңги заттын бир түрү

Ооба, насыбай өзү татаал зат болуп саналат. Анын курамынын 50 пайыздан көбүн тамеки түзөт. Ал эми тамекидеги негизги каражат - бул адамга психотроптук таасирин тийгизе турган алколоид-никотин болуп саналат. Мындан улам адамда психикалык жактан да, физикалык жактан да насыбайга көз карандылык пайда болот. Бара-бара бул көз карандылык адамдын ден соолугун начарлата турган кесепеттерге алып келет.

Чылым чегуу бүгүнкү күндө олуттуу көйгөйлөрдүн бири десек эч жанылышпайбыз. Учурда тилекке каршы бул жоорук болуп корбогондой күч алды. Мурун чылым чегүү улуу кишилерде гана сейрек кездешчү эле. Бугун күн өткөн сайын аял-эркек, жаш кары муну адатка айландыргандардын саны арбып барат. Жада калса бешиктен бели чыга элек жаш өспүрүмдөрдүн да чылымдын курмандыгына айланып баратканы зээнди кейитет. Бул көйгөйдү кандайча , кантип жойсо болот?

Албетте,аталган көйгөй жалпы коомчулукта болуп жаткандан кийин муну жеке бир адам чечип койчу оңой-олтоң иш кылып , чогуу чечүү зарыл.

Тамекинин күнүмдүк турмуштагы зыяндары

1.Чылым үй-бүлөлүк казынага зыян келтирет. Бир кундо 65 сомдук тамекиден бир куту чеккен адам айына 1950 сом, ал эми бир жылда 23400 сом зыянга учурайт.

2.Балага терс тарбия берүү, ага терс үлгү болуу. Ырас, атасы чылым чеккен соң, баласынын муну адатка айлантышына эч ким кепилдик бере албайт.

3.Убакытты туура колдоно албоо. Бир даана тартуу үчүн 3 минута кетсе, бир күндө бир куту тамеки тартуу үчүн 1 саат, 1айда, 30 саат,

1 жылда 365 саат убакыт текке кетет.

4.Тамеки көз карандылыкты пайда кылат.тамеки чеккен адам белгилүү убакыттан кийин анын курмандыгына айланышы толук ыктымал.

5.Чылым чеккен адамдар ар качан жагымсыз жыттанып жүрүшөт.

Тамекинин ден соолукка тийгизген таасири.

1.Тиштин бузулушуна жол ачат.

2.Чач,тырмактарга да олуттуу зыян алып келет.

3.Беттин тээрисин былбыратып, сулуулугун жоготот.

3.Жүрөк, өпкө, бөйрөк ооруларына чалдыктырат.

4.Ашказандын начарлашына алып келет.

5.Рак оорусуна да жол ачат.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин билдиргени боюнча , дүйнө жүзүндө жыл сайын тамекинин айынан көз жумгандардын саны 5 млн го чейин жетет. Бул көрсөткүч ар бир мүнөт сайын 10 киши тамекинин айынан көз жумууда деп тушүндүрөт.

Бышыктоо:

1-топ

Тамекинин зыяны.Стикер аңгеме.

2-топ.

Насыбайдын зыяны стикер аңгеме

3-топ.

“Мен тамеки, насыбай чекпейм, анткени ал зыян” эссе

Топтордун презентациясы.




Жыйынтыктоо :

Кластер тамеки жана насыбай.

Т ишти бузат




А шказан ооруйт




Ү й бүлөлүк казынага зыян




Т амеки, насыбай

М ээ кургайт




Ж үрөк ооруйт

Өпкө жабыркайт










Үйгө тапшырма: Тамеки насыбайдын зыяны сүрөттөр менен чагылдыруу.





































Тема: Коронавирус деген эмне?

Сабактын максаты: Коронавирус жонундо жалпы маалымат алышат. Ой жугуртуп оз ойлорун айтышат, берилген тапшырмаларды туура, так аткарышат. Алган билимин турмушта туура колдоно билишет.

Сабактын жабдылышы: А4 барактары, скотч, маркер, лозунгдар, суроттор.

Сабактын журушу: Саламдашуу.

Окуучулар КОРОНОВИРУС жонундо интернет булактардан алган маалыматтары боюнча оз ойлорун айтып беришет.

Короновирус жонундо жалпы маалымат берилет .

Окуучулар алган маалыматтары боюнча сроолорго жооп беришет.

  1. Короновирус деген эмне?

  2. Ал кандай оору экен?

  3. Сасык тумоо менен короновирустун айырмасы эмнеде?

  4. Бул ооруну жугузуп алган адам кандай абалда болот?

  5. Бул оору эмнеден пайда болгон?

  6. Азыркы учурдагы абал кандай?

Жана башка ушул сыяктуу суроолордун тегерегинде талкуу жургузушот.

Сурот аркылуу да тушундуруу иши журду.

Сабакты жыйынтыктоо: Бул КОРОНОВИРУС оорусун алдын алуу жолдору менен тушундурулуп сабак жыйынтыкталды.















Коронавирус деген эмне?

Коронавирус — өзүнө отуздан ашык вирусту камтыйт. Анда камтылган вирустар кеңири жайылган сасык тумоодон тарта оор-курч респиратордук синдромго (ТОРС, "типсиз пневмония") жана ичеги-карындын оорушуна алып келет.



Коронавирустар — өзүнө бир чынжырлуу РНК (рибонуклеин кислотасы) молекуласын камтыган тоголок формадагы микроб. Анын тикен сымал сырткы чели таажыны элестетип турат. Илдет ошол себептен коронавирус деп аталат.

Клеткага кирген вирус анын цитоплазмасында көбөйөт. Алар иммунитетти алсыратып, инфекция менен күрөшүүсүнө тоскоолдук жаратат. Бирок курч респиратордук инфекция (КРВИ) же сасык тумоо сыяктуу бир жумада айыкпайт. Коронавируста типсиз пневмония менен оор-курч респиратордук синдромдун формасы коштогондуктан бейтаптар өлүмгө чейин дуушар болот. Себеби дарт дем алууну кескин кыйындатат.

Коронавирус менен ооруган алгачкы адам 1965-жылы каттоого алынган. XX кылымда аталган вирус адамдарда жана жаныбарларда курч респиратордук оорулардын козгогучу катары белгилүү болгон. Бирок өтө кооптуу инфекциялардын катарына кирген эмес. 2000-жылдары коронавирустун SARS-Cov жана MERS-Cov деген түрлөрү жайылып, адам өмүрүнө коркунуч жарата баштаган.




Вирус эмнеден чыкты?

Учурда кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын болжолдоп жатышат. Алар вирустун структурасын реконструкциялап көрүшкөн. Натыйжада анын генетикалык структурасы Кытайдын түштүгүн байырлаган түрдүү түстөгү, тарам-тарам болгон крайт жана кытай кобраларына жакын экени аныкталган.



Илдеттин белгиси

Ухань шаарынын саламаттык сактоо комитети коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолору, узак убакытка жеңил абалда болорун билдирген. Оору улгайган адамдар арасында жана башка өнөкөт илдети бар адамдар арасында дароо оор формасына өтүп кетиши мүмкүндүгүн эскертишкен.

Дарттын дабасы табыла элек

Учурда коронавирус менен жабыркагандарды дарылоо жолу так аныктала элек. Россия оорунун вакцинасын даярдоого ниеттинип, ага жарым жыл кетиши мүмкүндүгүн жана бул арзан болбой турганын жар салды.



Башка өлкөлөргө тарап жатат

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтүштү. Учурда Гонконг, Макао, Тайвань, АКШ, Япония жана Түштүк Кореяда вирустан жабыркаган бирден киши катталды. Ал эми Таиландда үч киши аталган дартка кабылган.





Адам ооруну жуктуруп албоо үчүн бир катар алдын алуу чаралары маалымдады

  • Чет мамлекетке барарда эпидемиялык абалды тактап алуу;

  • Жаныбарлар жана деңиз азыктары сатылган базарларга барбоо;

  • Термикалык иштетүүдөн өткөн тамак-аштарды колдонуп, бөтөлкөдөгү суулардан ичүү керек;

  • Зоопаркка кирбөө, жаныбарлар катышкан массалык иш-чараларга баш бакпоо;

  • Дем алуу органдарын коргоо каражаттарын колдонуу (мисалы, медициналык бет кап);

  • Эл көп топтолгон жерден келгенден кийин жана тамак ичер алдында колду таза жуу;

  • Оорунун алгачкы белгилеринде эле бейтапканага кайрылуу керек. Өз алдынча дарыланууга жол берилбеши шарт.















































Сабактын темасы: Жер титироодон сактануу.

Сабактын максаты: Жер титироодон кантип сактануу керек экенин балдарга жеткируу, алган тушунугун жашоодо пайдалана билууго тарбиялоо.

Жер титирей баштаган кезде Сиз үйдүн ичинде болсоңуз:

  • «ЖАТУУ, КОРГОНУУ жана КЫЙМЫЛДАБОО». Эгерде Сиз бекем жасалган тамак ичүүчү же жазуу үчүн столдун жанында болсоңуз, анда жерге ички дубалдын жанына жатып башыңызды жана мойнуңузду колдоруңуз менен жабыңыз.

  • Терезелерден, илинип турган предметтерден, бийик эмеректерден, чоң-чоң тиричилик приборлорунан жана оор буюмдар салынган шкафтардан алысыраак кетиңиз.

  • Эгерде Сиз имараттын ичинде болсоңуз, ал жактан жер титиреп бүткөнгө чейин чыкпаңыз.

  • Жер титиреп жатканда керебетке жаткан болсоңуз, ошол жакта калып, башыңызды жаздык менен жабыңыз.

  • Көп кабаттуу имараттарда өрт коопсуздугунун сигналдары жана спринклерлер иштей башташына даяр болуңуз.

  • Балконго чыкпаңыз, от жакпаңыз, эшикти ачып, ашык керегесинин алдына туруңуз же коопсуз жерлерге жашыныңыз.

  • Эгерде сиз майыптар коляскасын колдоно турган болсоңуз, анын дөңгөлөктөрүн бекитиңиз да, башыңызды жабыңыз.

Жер титирей баштаганда көчөдө жүргөн болсоңуз:

  • Эгерде коопсуз жыла ала турган болсоңуз, анда ачык жерге чыгыңыз. Электр берүү зымдарынан, имараттардан жана бактардан алыс туруңуз.

  • Машина айдап бара жатсаңыз, аны жолдун четине буруп, токтоңуз. Салаңдап турган коркунучтуу жерлердин алдына токтобоңуз (мисалы, көпүрөлөрдүн, электр зымдарынын же чоң-чоң жол белгилеринин алдына).

  • Кулап кетиши мүмкүн болгон коркунучтуу предметтерди байкап туруңуз, сактап калуу иштеринин штабын табыңыз жана ал жактан каттоодон өтүңүз.

Жер титирөө аяктагандан кийин:

  • Тегерегиңизде жүрүшкөн кишилерди текшериңиз, алар жаракат алышы мүмкүн. Аларга алгачкы жардамды көрсөтүңүз

  • Олуттуу жаракат алган адамдарды кыймылдатпаңыз, алар катуу коркунучта калган кезден башка учурларда. Аларды жылуулап, жууркандар же кошумча кийим-кечелер менен жаап коюңуз.

  • Имараттардан тепкичтер аркылуу тышка чыгыңыз, лифтти пайдаланбаңыз.

  • Тегерегиңизде коркунучтуу, өрт, үзүлүп жерге түшкөн электр зымдары, газдын чыгып жатышы жана имараттардын талкаланышы сыяктуу шарттардын жок экендигин текшериңиз.

  • Эгерде Сизде өрт өчүргүчтөр бар болсо жана Сиз аларды колдонууну үйрөнгөн болсоңуз, анда токтоосуз түрдө майда өрттөрдү өчүрө баштаңыз.

  • Талкаланган айнектерден качыңыз.

  • Төгүлүп калган коркунучтуу, агартуучу, щелочь, бакча химикаттары, сырлар, бензин же башка бат күйүп кете турган суюктуктардын жанында турганда өтө сак болуңуз. Эгерде Сизде шектенүү туула турган болсо, ал жерден кетип калуу керек.

Эгерде Сиз урандыларга камалып калсаңыз:

  • Чаң көтөрүлбөшү үчүн болушунча азыраак кыймылдаңыз.

  • Оозуңуз менен мурдуңузду кол жоолук же кийимдер менен жаап алыңыз.

  • Түтүккө же дубалга койгулаңыз, Сиздин каякта экениңизди сактоочулар билип турушу үчүн.

  • Эгерде бар болсо ышкырыкты колдонуңуз. Кыйкыруу эң акыркы аракет катары гана керек.

Жер титирөөлөрдөн тартылуучу жоготууларды азайтуу боюнча иш-чаралар

Жер титиреп жаткан кезде имараттагы жашынуу үчүн эң коопсуз жайлар:

Сиздин өзүңүздү, үй-бүлөңүздү сактоого жана талкалануу менен жоготууларды азайтууда сизге жардам бере турган жети кадам.

1-кадам. Өз үйүңүздөгү потенциалдуу коркунучту аныктап, аны бекемдей баштоо

Эң алгач үйүңүздү карап чыгыңыз да, же титирей баштаган кезде кулап кетиши мүмкүн болгон объектилердин аныктаңыз. Ушул кезде дароо жасоого боло турган эң жөнөкөй нерселер сейсмикалык толкундоолор болгон кезде жаракаттарды алуу коркунучун азайтат жана сиздин мүлктү коргойт. Сиз жасашыңыз керек болгон кийинки аракеттер, сизге өз өмүрүңүздү жана мүлкүңүздү сактоого жардамдашат.

2-кадам. План даярдап алыңыз

Үй-бүлөңүз менен жер титирөөлөр жөнүндө жана сизге эмне үчүн даярдык планы керек экендиги тууралуу сүйлөшүп алыңыз. Жер титирөөгө чейин, анын маалында жана андан кийин эмне кылуу керек экендиги тууралуу сиздин үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү биле тургандыгына ынаныңыз.

3-кадам. Жер титиреген учурларга карата нөөмөт сумкасын даярдап коюңуз

Сумканы суу өтпөй турган контейнерге салыңыз, ал 3-5 күндүн ичинде сиздин төмөнкү буюмдарыңызды жеңил жылдырып жүрө ала турган жана сактай турган болсун:

4-кадам. Сиздин турак-жайыңыздын потенциалдуу сейсмотуруктуулугун аныктаңыз жана аны бекемдей баштаңыз

5-кадам. Өзүңүздү жер титиреп жаткан кезде коргоо

6-кадам. Жер титирөө аянтагандан кийин, жарадарлар жок экендигин текшериңиз жана талкалануунун даражасына баа бериңиз

7-кадам. Сиз коопсуз жерде турган кезде, өз планыңызды карманууну улантыңыз.

Эгерде алар жасала элек болсо – анда азыр дароо баштаңыз: Тышка чыгуу жолдору тосулуп турбагандыгына дагы бир жолу ынанып алыңыз.

Салаңдап илинип турган буюмдар

Дубал сүрөттөрү жана башка илинип турган оор объектилер, сүрөттөрдүн бетине коюлган айнектер жана күзгүлөр сынып калышы мүмкүн.

  • Керебеттин же дивандардын үстүнө четтери жок постерлер сыяктуу жумшак гана сүрөттөрдү, килемдерди же гобелендерди жайгаштырыңыз

  • Күзгүлөрдү, сүрөттөрдү жана башка объектилерди бекем ийилип коюлган илмектерге илиңиз.

Ачык турган текчелердеги буюмдар

  • Ачык текчелерде турган буюмдарды, керамикалык нерселерди жана чырактарды шпатлевка, шыбагыч же гелди пайдаланып бекитип коюңуз

Эмерек

Китеп шкафтары, тектир-тектир жасалган катуу эмерек жана дубал шкафтары сыяктуу бийик эмеректер кулап кетип, сизге жаракат келтириши мүмкүн

  • Китеп шкафтары сыяктуу оор эмеректерди керебеттерден, дивандардан жана адамдар эс алып же уктай турган башка жерлерден алысыраак жылдырып коюңуз.

  • Оор жана бат сына турган буюмдарды төмөнкү текчелерде сактаңыз

  • Бийик эмеректердин жогорку бурчтарын дубалдарга бекитип салыңыз

  • Эмерекке дубалга карабай, кыймылдоого шарт түзө турган, ошонусу менен мыктарга келүүчү чыңалууну азайта турган серпилгичтүү курларды да колдонууга болот.

Суу жана газ чыгуучу түтүктөр

Суунун ага башташы талкалоого алып келсе, газдын чыга башташы өрткө алып келиши ыктымал.

  • Дат баскан суу жана газ түтүктөрүн алмаштырыңыз.

  • Суу жылыткычтарга, мештерге, кургаткычтарга келе турган катуу газ жолдорун ийкем резина менен болоттон жасалган шлангдарга алмаштырыңыз.




Ашканада

Эгерде шкафтардын эшиктери ишенимсиз боло турган болсо, анда айнек идиштер жана фарфор буюмдар кулап кетип, талкаланышы мүмкүн.

  • Шкафтардын эшиктерин бекемдеңиз, өзгөчө баш жактагысын, анткени титиреп жаткан кездерде анын ичиндегилерин жерге кулап кетүүдөн сактоо керек.

2-кадам. План даярдап алыңыз

Үй-бүлөңүз менен жер титирөөлөр жөнүндө жана сизге эмне үчүн даярдык планы керек экендиги тууралуу сүйлөшүп алыңыз. Жер титирөөгө чейин, анын маалында жана андан кийин эмне кылуу керек экендиги тууралуу сиздин үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү биле тургандыгына ынаныңыз.

Жер титирөө аяктагандан кийин силер каяктан жолуга турганыңыздарды пландаштырып коюңуз.

Эки жайды тандап алыңыз:

  • Сиздин үйдүн жанындагы коопсуз жерден, жер титирөө аяктагандан кийин.

  • Үйдүн жашоочуларын чыгарып кете турган же үй талкаланып кала турган учурга карата үйдөн алысыраак жерден.

Бул жерди тандан алгандан кийин

  • Сиздин үйдөгү титирөө башталган кезде жашынууга боло турган коопсуз жерди аныктаңыз. Ар бир бөлмөдөн жана деги эле үйдөн чыгуунун эң жакшы жолун аныктаңыз. Ошондой эле сиздин аймактан же айылдан эвакуациялоонун эки мыкты жолун аныктап алыңыз. Талкаланып калган учурда кайсы бийик тамдар, электр өткөрүү зымдары ж.б. силердин жолду тосуп калаарына баа берип алыңыз.

  • Кошунаңыз, досторуңуз же туугандарыңыз менен эгерде сиз титиреп жаткан кезде алыс жакта боло турган болсоңуз, алардын үйлөрүндө балдарыңыз менен жолуга тургандыгыңыз тууралуу макулдашып алыңыз.

  • Шаардан тышкары жашаган досуңуздан же тууганыңыздан коркунуч туулган учурларда сиздин контакт адамыңыз болуусун өтүнүп коюңуз. Коркунуч болгондон кийин үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн бардыгы ага чалып, сиздин каякта экениңиз тууралуу көрсөтүп коюушу керек болот.

...тууралуу изилдеп жана билип алышыңыз керек

  • Жаракат алган учурда алгачкы жардамды кантип көрсөтүү керектиги

  • Өрт краны же өрт өчүргүч кайсыл жерде тураары

  • Электрди, суу жана газды качан жана кантип өчүрүү керектиги

  • Жакын жердеги өрт командасы же сактап калуу кызматы каякта экендиги

Билип алыңыз…

  • Иштеген жериңиздеги, мектептеги же сиздин үйдө үй-бүлө убактысын өткөрө турган башка жерлердеги эвакуациялоо планын

  • Үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнө алар дайыма көтөрүп жүрүшү үчүн “Контакт карточкасын” бериңиз. Карточкага шаардан тышкаркы контакттарды, маанилүү телефон номерлерин жана жолугуша турган жайды киргизип коюңуз.

  • Планды изилдөөдө эки жолу тажрыйба жасап көрүңүз! Эвакуациялоо жолун басып өтүңүз! Телефон номерлерди толуктаңыз жана планды айына эки жолу текшериңиз!

Төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн жасаңыз жана аларды өз алдынча сактаңыз

  • Паспорт

  • Үйдүн документтери

  • Айдоочуну күбөлүгү

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк

  • Никеге тургандыгы же андан ажырашкандагы тууралуу күбөлүк

  • Жана башка маанилүү документер.

Эгерде үйүңүз талкаланып кала турган болсо, эмне иш кылаарыңыз тууралуу алдын ала билген жакшы. Бийликтегилер сизге тез эле татыктуу нерсе сунуштай албай тургандыгы түшүнүктүү да. Каякта жашайсыз? Мурунку ишиңизге бара албай турган болсоңуз эмне менен алектене тургандыгыңызды билесизби? Эгерде сиздин банкта акча жок болуп кала турган болсо, же ал жер титирегенден кийин дароо өз ишин баштай албай турган болсо, акчаны каяктан аларыңызды билесизби?

3-кадам. Жер титиреген учурларга карата нөөмөт сумкасын даярдап коюңуз

Сумканы суу өтпөй турган контейнерге салыңыз, ал 3-5 күндүн ичинде сиздин төмөнкү буюмдарыңызды жеңил жылдырып жүрө ала турган жана сактай турган болсун:

  • Ичиле турган суу (үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бир күнгө минимум төрт литрден)

  • Алгачкы медициналык жардам буюмдары, дары-дармектер жана жеке гигиенанын самын, тиш пастасы жана даараткана кагазы сыяктуу буюмдары

  • Жарык бергич фонарик, кошумча батарейкалары

  • Радио

  • Консервалар жана герметикалык пакеттердеги азык-түлүк

  • Кийинекей балдар же кары адамдар үчүн атайын буюмдар

  • Жылуу буюмдар, жууркан, бекем бут кийим, байпактар ж.б.

  • Таштанды үчүн пластик пакеттери, жаан тоскучтар жана брезент

  • Документтердин көчүрмөлөрү

  • Ушул китепченин көчүрмөсү

  • Майда акча-тыйын

Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнүн нөөмөт сумкасына ээ болууга тийиш, ал жакта төмөнкүлөр болууга тийиш:

  • Дары-дармектер, жана контакт маалыматтары

  • Персоналдык дарыкана буюмдары

  • Жеке гигиена буюмдары жана бут кийим

  • Суу куюлган бөтөлкө

  • Ышкырык

  • Идентификациялык карточка

  • Контакт телефондордун тизмеги

  • Сникерс сыяктуу жогорку калориялуу азык-түлүк

  • Фонарик

  • Балдарыңыз менен, жер титирөө учурунда эмне болуп кетиши мүмкүндүгү тууралуу талкуу жасаңыз. Аларды эвакуациялоо планын түзүүгө, нөөмөт сумкасын даярдоо процессине (сумкага кайсы оюнчукту же китепти сала турганын сураңыз) кошуңуз жана алар менен “Жатуу, жабынуу, ошол жакта калуу” көнүгүүсүн аткарыңыз. Балдарды нөөмөтчү сактап калуу кызматтарына чалууга жана жардам суроого үйрөтүңүз.

Жер титирөөдөн кийин балдар стрессти же оңтойсузданууну сезиши мүмкүн. Эгерде мүмкүн болсо аларды калыбына келтирүү иштерине катыштырыңыз.

4-кадам. Сиздин турак-жайыңыздын потенциалдуу сейсмотуруктуулугун аныктаңыз жана аны бекемдей баштаңыз.

Сиздин үй, батир жетишгтүү деңгээлде сейсмотуруктуу болуп саналабы?

  • Алгачкы эрежелер кабыл алынган жана сейсмотуруктуу курулуш башталган 1956-жылга чейинки имараттар жетиштүү деңгээлде сейсмотуруктуу болуп саналышпайт

  • Чийки кыштан тургузулган же топурактан дубалдары толтурулуп коюлган үйлөр сейсмотуруктуу болуп саналбайт.

  • Көп кабаттуу, сейсмокуру жана бетон тарткычтары жок кыш тамдар (2 же андан көп кабат) сейсмотуруктуу болуп саналбайт

  • Эгерде сиз кыштан тургузулган көп кабатуу үйдө жашасаңыз (2-4 кабаттуулар) жана биринчи кабатында кайра куруулар жасалган болсо (дүкөн, чач тарач, дарыкана ж.б. эки жана андан ашык батирлерден кайра жасалган) – сиздин там сейсмотуруктуу болуп саналбайт.

  • Эгерде сиз көп кабаттуу панель үйлөрдө жашасаңыз жана, анын биринчи кабаттарында олуттуу кайра жасап чыгуулар жүргүзүлүп, жер төлөөлөрүндө суу агып чыгууга алып келе турган жана пайдубалын суулап сала турган сауналар, душ кабиналары ж.б. курулган болсо – анда сиздин там сейсмотуруктуу болуп саналбайт

  • Эгерде сиз көп кабаттуу панель үйдө жашасаңыз, бирок бул үйдө кайра куруулар жүргүзүлүп, айрым батирлерде негизги дубалдар алынып салынып, негизги колонналарда электр эсептегичтери ж.б.үчүн көзөнөктөр жасалган болсо – сиздин там сейсмотуруктуу болуп саналбайт.

5-кадам. Өзүңүздү жер титиреп жаткан кезде коргоо

Эгерде сиз имараттын ичинде болсоңуз…

  • “Жатуу, жабынуу жана ошол жакта калуу” – качан сиз катуу титирөөнү сезген болсоңуз, тезинен бекем столдун алдына кирип, титирөө басылганга чейин аны катуу кармап алыңыз.

  • Эшик көзөнөктөрүнүн алдына турбаңыз жана эшикти көздөй чуркап чыкпаңыз.

  • Эгерде бекем стол таба албай калсаңыз, анда жерге ички дубалдын жанына жатып, башыңызды жана тамагыңызды колуңуз менен жаап алыңыз.

  • Эгерде ашканада турган болсоңуз – жамынып алаардан мурун баарын өчүрүңүз.

  • Эгерде төшөктө жаткан болсоңуз, ошол жакта калыңыз, башыңызды жаздык менен жабыңыз

  • Эгерде көп кабаттуу үйдө турсаңыз, терезеге жолобоңуз. Лифтке түшпөңүз

  • Титирөө аяктагандан кийин, радиону коюп, жер титирөө жөнүндө маалыматты угуңуз.

Эгерде сыртта жүргөн болсоңуз…

  • Имараттардан жана электр зымдары өткөн жерлерден алыстаңыз. Кулап жаткан сыныктардан качыңыз

  • Чоң-чоң айнек витриналардан жана терезелерден, кыш менен кооздолгон үйлөрдөн, бийик эмеректерден, чоң-чоң сүрөттөрдөн жана күзгүлөрдөн алыстаңыз.

Эгерде машина айдап бара жаткан болсоңуз…

  • Көпүрөлөрдө же алардын алдында, тоннолдерде токтобоңуз.

  • Электр зымдарынын, шам чырактарынын, бактардын жана жол белгилеринин алдына токтобоңуз

  • Акырындап четке чыгыңыз да, машинаны кол тормозуна коюңуз

  • Жер титирөө аяктаганга чейин машинадан чыкпаңыз

Тилекке каршы, сиздин батирдеги эшик көңдөйлөрү эң коопсуз жай деген туура эмес пикир да бар. Жок! Эң коопсуз жай – бул ички дубал жакта турган бекем стол.

6-кадам. Жер титирөө аянтагандан кийин, жарадарлар жок экендигин текшериңиз жана талкалануунун даражасына баа бериңиз

Титирөө басылгандан кийин, үй-бүлөңүздө жаракат алгандар жок экендигин текшериңиз жана сиздин үй канчалык деңгээлде талкаланганына баа берип чыгыңыз.

  • Өзүңүз жаракат албаптырсызбы,, аны дагы караңыз, башкаларга жардам берерден мурун. Чаңдан көздү, оозду, мурунду сактаңыз.

  • Эгерде кимдир-бирөө жаракат алган болсо, жаракатын таңыңыз. Таза бинтти же жоолукту колдонуңуз.

  • Эгерде кимдир-бирөө дем албай жатса, ага жасалма дем алдырууну жасаңыз

  • Эгерде тамыры сокпой жатса, жасалма дем алдыруу жасаңыз

  • Эгерде жаракат алган адам коркунучка туш болбой турган болсо, олуттуу жаракат алган адамдарды жылдырбаңыз.

  • Жаракат алган адамды жууркан менен же жылуу кийим жаап коюңуз

Үйүңүздү текшериңиз – ал канчалык деңгээлде коопсуз

  • Өрт – эгер мүмкүн болсо, өзүңүз өчүрүңүз. Өрт кызматына чалыңыз, бирок аларды күтө бербеңиз.

  • Газдын чыга башташы – үзүлгөн түтүктөрдү көрүп, газ жаттанып же чыгып жаткан үнү сизге угулган кездерде, газ чыга баштады деп шектенсеңиз, газды өчүрүңүз. Сиздин газ мешиңизге келе турган түтүктү атайын газ ачкычы менен бураңыз. Газды кайра эч качан кошпоо керек – газ кызматынын адамдарын күтүңүз.

  • Үзүлүп кеткен электр зымдары – бөлүштүрүү щитиндеги өчүргүчтү басыңыз, эгерде сиз үйүңүздөгү үзүлгөн зымдарды көргөн болсоңуз. Газ чыгып жаткан кезде, светти күйгүзбөө керек!

  • Эгерде сиз көчөдө үзүлгөн зымдарды же кулап калган электр мамыларын көрсөңүз – алардан алыс болуңуз, аларда ток жок экенин билсеңиз дагы

  • Дааратканадагы эшикти же текчелердин эшиктерин абайлап ачыңыз, ал жактан буюмдар кулашы мүмкүн.

  • Айрылган же төгүлүп калган дары-дармекти же мүмкүн болгон башка уу заттарды абайлап чогултуңуз, коопсуз жайга алып барып ыргытыңыз.

  • Кыш менен тышы кооздолгон каркас үйлөрдөн алыс болуңуз. Акыркы убактарда дээрлик бардык “элита” көп кабаттуу үйлөрү кыш менен тышталууда. Ал бошоп калышы ыктымал жана афтершоктор болуп жаткан маалда кулап кетиши мүмкүн.

  • Өтө абайлап сак болуңуз! Эгерде шектенүү пайда болсо үйдү же батирди дароо таштап кетүү керек.

Эгерде сиздин үй олуттуу талкаланган болсо же анда өрт башталса – токтоосуз түрдө аны таштап чыгып кетүү керек!

Газ же свет өчүп калгандыгы үчүн эле үйүңүздү таштап кете бербеңиз. Эгерде сиздин үй салыштырмалуу алсыз талкаланган болсо – ал сизге баш калкалай турууга дагы эле кызмат кыла алат.

Эгерде сиз эвакуацияланып жатсаңыз – кошуналарыңызга же туугандарыңызга, сизди кайсы районго эвакуациялап жаткандыгы тууралуу билдириңиз.

7-кадам. Сиз коопсуз жерде турган кезде, өз планыңызды карманууну улантыңыз.

Жер титирөөдөн кийинки бир нече күндөн кийин…..

Коопсуз жерде туруп

  • Сиздин үй анда улантып жашай берүүүчүн жетиштүү деңгээлде коопсуз экендигине жана ал афтершоктун натыйжасында талкаланып калат деген коркунуч жок экендигине ынаныңыз

  • От жагуудан же учкун чыгарууга жөндөмдүү болгон каалагандай электр же механикалык приборлорду саюудан мунун газ чыгып жаткан жокпу текшерип алыңыз

  • Химиялык заттар төгүлбөптүрбү, жерде жаткан электр зымдары же үзүлүп калган суу түтүктөрү жокпу текшерип чыгыңыз. Суу – жакшы өткөргүч жана сууга түшкөн электр зымдары ден соолук үчүн коркунучтуу!





























Тема: Ичеги мите курттардын алдын алуу.

С.максаты: Окуучулар жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча,анын ичинен мите курттар боюнча окуучулар тушунук алышат жана алдын алышат.Оздук гигиенаны сакттоону уйронушот.

Мите оорулары

Ичегидеги мителер.

Мите оорулары — мите курттар (гельминттер), мите жаныбарлар, жөнөкөйлөр (амёбалейшманиялямблиятоксоплазмаплазмодиялар жана башкалар) жана муунак буттуулар (чымын-чиркейлер, биттер) жана башкалар пайда кылган оорулар.

Паразит оорусу.

Мазмуну

Мите оорулар тууралуу

Мите жаныбарлар пайда кылуучу оору инвазиялык деп, ал эми вирустар, козу карындар пайда кылуучу оору жугуштуу оорулар деп аталат. Мите курттар гельминтоздорду пайда кылат. Буга аскаридозэнтеробиозэхинококкозанкилостомидоздифиллоботриозфациолёзтрихинеллёзтрихоцефалёзтениидоз жана башкалар кирет.

Жөнөкөйлөр протозооздорду пайда кылат. Аларга амёбиозлямблиозбезгектоксоплазмозлейшманиозтрипаносомоз жана башкалар кирет. Кишинин организминде 50дөн ашуун жөнөкөй жаныбарлардын түрү мителик кылат.

Мите курт-кумурскалар энтомоздорду, кенелер акароздорду пайда кылат. Энтомоздорго миаздар, чиркей, желимчи, бит жана башкалар чаккандан болгон тери оорулары (дерматозооноздор); акоздорго котур кирет. Мите ооруларынын козгогучтары туруктуу жана убактылуу болуп айырмаланат. Убактылуу мителер табиятта же үйдө эркин жашап, кишиге тамактануу (чагуу) үчүн гана келет. Туруктуу мителер кишинин организминде өөрчүү мезгилинин айрым бөлүгүн же бүт өмүрүн өткөрөт.

Козгогучтардын бөлүнүшү

Мите оорусун козгогучтар кишинин организминде орун алышы, мителик кылышы боюнча сырткы (эктомителер) жана ички (эндомителер) болуп бөлүнөт. Эндомителер негизинен ички органдарда — өпкө, боор, ичеги, булчуң ткандарында жашап, аларды жабыркатат. Мындан сырткары тери алдында (котур кенеси) жана дене көңдөйүндө — мурун, ооз, кулак жана башкаларда жашоочу (сайгактын личинкасы) мителер белгилүү. Мите оорулары мите алып жүрүүчү же оорулуу жаныбарлар менен кишилерден жугат. Организмге козгогучтар тери же ооз, мурун аркылуу кирип, тамак-аш, чымын-чиркей, аба менен таралат.

Тамак-аш менен жугуучу оорулар

Тамак-аш менен жугуучу мите оорулары на мите курттар пайда кылуучу оорулар, ич өткөк, амёбиаз, лямблиоз жана башкалар кирет. Алар мителер менен булганган тамак-ашты, сууну ичкенде, ошондой эле кир кол, идиш-аяк менен жугат. Кээ бир мите оорулары (котур, анкилостамидоз, биттөө жана башкалар) жолуккандан, тийишкенден жугат. Козгогучун башка организмдер (кенелер, чиркейлер, бүргөлөр) таратуучу мите оорулары трансмиссивдүү мите оорулары деп аталат.

Очоктуу оорулар

Мите ооруларынын ичинен табигый очоктуу оорулар кездешет. Мисалы, лейшманиоздо оорунун очогу кемирүүчүлөр болуп, ал эми тараткыч, жугузуучулар — желимчилер. Мите ооруларынын козгогучтары организмге түрдүүчө зыян келтирет. Ооруну врач дарылайт. Организмге зыян келтирбей козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу химиялык каражаттар, кан препараттары жана витаминдер колдонулат.

Алдын алуу

Алдын алууда оорулуу жана мите алып жүрүүчүлөрдү убагында таап дарылоо, козгогуч мителерди кырып жок кылуу үчүн дезинфекция жүргүзүү, айлана-чөйрөнү түрдүү булгануудан сактоо зарыл. Кээ бир мите ооруларынын таралуу мезгилинде дары каражаттарын сунуш кылуу, жаныбарлардан жуктуруп албоо үчүн ветеринария-санитариялык чараларды көрүү, элдин санитариялык абалын жакшыртуу талапка ылайык.

С.бышыктоо :Суроо жооп иретинде.

С.жыйынтыктоо:

Уйго тапшырма: Сурот тарттуу.