Просмотр содержимого документа
«"Кокбору элдик оюну"»
Адеп
4-класс
Мугалим: Элизат Санжырбек кызы
Сабактын максаты:
- Окуучулар элдик оюндар жөнүндө кеңири маалымат алышат;
- Тексттер аркылуу ойлонуусу,сүйлөө кеби өнүгөт;
- Окуучулар маданияттуу, адептүү болууга калыптанышат;
- Окуучулар элдик оюндар жөнүндө кеңири маалымат алышса;
- Тексттер аркылуу ойлонуусу,сүйлөө кеби өнүксө;
- Окуучулар маданияттуу, адептүү болууга калыптанышса;
“ Көкбөрү” элдик оюну
- Көк бөрү - кыргыз элинин ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири.
"Манас" эпосундагы: Бөлүнүп ордо, чын мөрөй, Атпай турган жер бекен? Жатпай оюн, көк бөрү Тартпай турган жер бекен? - деген саптар көк бөрүңүң байыркы оюндардан экендигин баяндайт.
- Көк бөрү тегиз жерде ойнолот. Оюнга 10-15 жаштагы уул балдар кунан минип катышат. Оюнчулардын саны чектелбейт. Оюнчулар өздөрүнөн оюнга калыс шайлашат. Калыста эчкинин чылгый териси болот. Ал «Көк бөрү» деп аталат. Деги эле «Көк бөрү» деген терминдин келип чыгышы, илгерки күчкө толуп турган жигиттер кадимки эле бөрүнү (карышкырды) чаап алып, талашып- тартышып ойношкондугу менен байланышкан. Азыркы мезгилде бул оюн шартка ылайыкташтырылып, кыйла маданиятташтырылган. Эгер көк бөрүгө 17 жаштан өткөн карылуу жигиттер катышса, башы кесилген улак (көбүнчө серке), айрым учурда торпок да тартылат. Көк бөрү тартылуучу жер, мара белгиленет. Калыс оюнчуларды шамдагайлыгына, чабендестигине жараша барабар санда эки жаатка бөлөт. Ал атчан келип, колундагы көк бөрүнү оюнчулардын ортосуна таштайт. Оюнчулар ат менен жоолошуп келип, алардын ичинен мыкты чабендеси көк бөрүнү эңип алып качып жөнөйт. Ал көк бөрүнү ыңгайы келсе өнөктөштөрүнө берүүгө, аягында марага таштоого, ал эми атандаштары көк бөрүнү андан жулуп алып, өздөрү марага таштоого аракеттенишет .
Оюндун жүрүшүндө кайсы жаат көк бөрүнү марага таштаса, ошол жаатка бир упай берилет. Калыс, упайларды каттап турат. Оюндун акырында упайлар эсептелет. Кайсыл жаат көп упайга ээ болсо, ошол жаат, оюнда утут. Бул оюн «Улак тартыш» деп да аталат.
Улак тартыш, көк бөрү – кыргыздын улуттук ат оюну. Улак тартыш илгертен бери чоң салтанаттарда, майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлгөн. Татаал, коркунучтуу, кокустуктары көп оюн болгондуктан атаандаштардын ортосунда кадыр-барктуу, тажрыйбалуу кишилерден бокобулдарды (калыстарды) дайындашып, ошолордун чечими боюнча оюн өткөрүлгөн.
Көздөрү таңылган оюнчулардын шыкаалап кароосуна, себепсиз жоолукту чечүүгө, таштарды чакылдаткандан кийин ордунан күтпөй жылууга, айтууга болбойт.
Көңүл коюуга, тартипти сактоого, тапкычтыкка үйрөтөт.
Чакмак таш
- Оюндун кезеги боюнча бир топтон чыккан оюнчунун көзү жоолук менен таңылат. Экинчи топтон чыккан оюнчу колдоруна жалпак таштарды алып, тегеректен чыкпай 2—3 кадам жасагандан кийин таштарды бир-бирине уруп табыш чыгарып, бир аз ордунан жылбай турат. Көзү таңылган оюнчу таштардан чыккан табышты көздөй басып, таштарды чакылдаткан оюнчуну табууга аракеттенет. Эгерде ал оюнчу, таштарды чакылдаткан оюнчуну тапса, алардын тобуна жеңиш упайы берилет. Андан кийин калган оюнчулар тегерекке кезеги менен бирден чыгышып оюнду улантышат. Топтордон акыркы болушуп чыгышкан оюнчулар бир бирин табышкандан кийин, топтордогу оюнчулар ролдору менен алмашышат. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу упайларга ээ болушкан оюнчулар жеңишет .
ЧҮКӨ ОЮНДАРЫ - кыргыз жана башка бир катар түрк-монгол жана башка мурдагы көчмөн калктардын элдик спорт оюндарынын бири. Тегерек сызыкты тепсеп атууга , оюндун кезегин бузууга,оюн башталгандан кийин чук ө л ө рг ө тий үүг ө болбойт.
Ата салтын бил,эне адебин уйр өн!
- Элдик оюндардын турун бил.
- Улуттук оюндар акыл- эсинди өн үктүрүп ,ден соолугунду чындайт.
- Физкультура сабагына ар дайым катыш.
- Ар кыл оюндарга катышып, дене-боюндун туура өнугушунө шарт туз.
- Ата-бабадан бери келаткан улуттук оюндарды унутпа дагы башка турлөрун ата-эненден сурап бил.
Уй тапшырма :
136-беттеги ат чабыш ырын жаттагыла .
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!