СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Козу карын жөнүндө

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Козу карын жөнүндө»

Козу карын жөнүндө

Козу карын – планетадагы эң ири жандык болуп саналат.

1985 –жылы АКШ Висконсия штататында 140 килограмм салмакта, диаметри эки метр эң чоң козу карын табылган. Ал эми АКШнын башка Орегон штатынде, 900 гектар аянтты ээлеген грибница табылган.. Анын салмагы бир нече жүздөгөн тонна болгон. Дагы бир өзгөчө козу карын Швейцарияда табылган. Бул козу карындын жашы миң жылга жетип, өлчөмү - 800х500 метрди түзгөн. Бул грибница 35 гектар аянтты ээлеп, Офенпасс шаарындагы улуттук паркта орун алган.

Козу карын айымдары жана мырзалары.

Козу карындардар жыныстык айырмачылыктарга ээ. Бул, алардын ДНКнын түзүлүшү менен адамдын жыныстык хромосомасынын окшоштугун көрсөтүп турат. Козу карындар жетилгенде, алар тукум өндүрө алат. Чынында.мындай генге баардык эле козу карындар ээ эмес, козу карындар дүйнөсүндө өздөрүнүн эволюциялык особдору бар, бирок ушуга чейин алардын эволюциясы кандай натыйжа берери белгисиз.

Козу карындар түнкүсүн жаркыроо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кайсы бир козу карындардын грибницалары жаркыроо касиетине ээ. Мисалы, мындай жөндөмдүүлүккө үйүлгөн дүмүрдүн үстүндө өскөн - күзгү козу карындарды айтсак болот. Булардын грибницалары дүмүргө жуурулушуп кирип алышат да караңгы түндө алардын жаркыраганын көрсө болот. Мындай көрүнүш токой ичинде калган адамдарга коркунучту алып келген. Бул кубулуштун дагы бир абдан кызыктуу жагы, козу карындын баштары кыймылдаганда, кайсы бир жаныбардын сөлөкөтүн элестетип турат.

Динозаврлар козу карындардан да жаш.

Козу - карындар планетабыздын улуу тургундары. Бүгүнкү күндө алардын 400 миллион жыл мурда жашап, жерге «биринчи кескелдириктердин» буттары жол сала электе пайда болушкан деген далилдер бар. Папоротниктер менен бирге, алар планетанын байыркы тургундарынын арасына кирет. Бирок, папоротниктер биздин күнгө чейинки жашоосунда алардын өлчөмдөрү бир кыйла кичирейген, ал эми аларга салыштырмалуу козу карындар өзгөрүүсүз калган.