СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили.Иш кагаздары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили.Иш кагаздары»

Тема : Иш кагаздары

План: 1. Расмий иш кагаздары

2. Программа ,Устав

Сабактын максаты: -- Кыргыз тилиндеги расмий иш кагаздарынын түрлөрүн билишет.

-- иш казадарынын мамилекеттик деӊгээлде иш жүргүзүү аткарган кызматына , белгилерине карай топторго бөлүнүшү жана жазылышы, жасалышы боюнча текст менен иштешет .

--Топто иштөөгө жоопкерчилик менен даярдануу башкаларга жеткиликтүү айтып берүү чеберчилигине ээ болушат, орфографиянын эрежелерин туура сактап,колдонушат.

Сабактын жүрүшү: 1-кадам: уюштуруу (жагымдуу маанай түзүү) 1-кадам: Мугалим студенттерге өткөн темалар боюнча суроолор аркылуу акыл чабуулун өткөрөт.

  • Көркөм стилдин колдонуулушу жана жалпы адамдарга тийгизген таасири...

  • Көркөм текст пайда болордон мурда автордун иш аракеттери жөнүндө айтып бер?

  • Көркөм стилдин лексикалык мааниси

  • Сүрөттөөнүн түрлөрү атап бер.Ар бирин сүрөттөө үчүн кандай сөз каражаттары колдонулат (мисал келтир).

  • Көркөм стилдин көркөм боёкчолору жөнүндө айтып бер.

  • Кыялдануу, кыялдагы нерсеге ой жүгүртүү аны сүрөттөө,баяндоо ыкмалары кайсы стилге таандык?

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттр ишке ашат, эгерде:

  • Расмий иш кагаздарынын мүнөздүү белгилерин , тилдик өзгөчөлүгүн бегилеп ,так көрсөтсө;

  • Расмий жана расмий эмес иш кагаздарын айрымалап жазылышын билсе;

  • Иш кагаздарынын стилине мүнөздүү болгон негизги өзгөчөлүгүн атап берсе;

  • Кептин стилдери коомдо пайдалануу мүнкүнчүлүгүнө карата бир канча ыкмада же стилде колдонууларын билишсе;

  • Ар бир стилдин колдонуш өзгөчөлүгү, тил каражаттарынын катышы, студенттердин, пайдалануучулардын түшүнүү жана пайдалана билүү мүнкүнчүлүгүн билишет, колдоно алса;

  • Топто иштөөгө жоопкерчилик менен даярдануу башкаларга жеткиликтүү айтып берүү чеберчилигине ээ болсо;

  • Иш кагаздарынын түрлөрүн аткарган кызматына карай айрымачылыгын тиешелүү белгилерин көрсөтсө;

  • маанилик топторун аныктап, текст менен иштей алса;

  • Көркөм стил менен расмий иш кагаздарынын стилин тилин айрымалап, атаса;

  • Расмий иш кагаздарынын жазылышын билсе;

  • Мыйзам,программа менен уставдын тексттине маани берип ага өз алдынча талдоо жүргүзө алса.

Сабактын жабдылышы: топторго бирден тиркеме таркатылат. Плакат, маркер.

2-кадам: Студенттер өз ойлорун айтышат (10 мин).

3-кадам: Жаңы тема: Иш кагаздары

План:

  1. Иш кагаздары жөнүндө жалпы маалымат

  2. Расмий эмес иш кагаздары

  3. Расмий иш кагаздары

Байнаныштуу кептин бир түрү иш кагаздарынын стили. Бүгүнкү күндө иш кагаздарысыз бир да иш бүпөгөндүгү баарыбызга белгилүү. Жеке адам менен жеке адамдын же болбосо жеке адам менен ишкана, мекеменин, мамлекет менен мамлекеттин ортосундагы жана малекет менен ишканалардын ортосундагы жүргүзүлгөн иш кагаздары байланыштырып аны жөнгө салып, аткарылышын көзөмөлдөп тактап турат.

Иш кагаздары аткарган кызматына карай төмөндөгүдөй бөлүнөт: расмий эмес, расмий иш кагаздары

Расмий эмес иш кагаздарына: өмүр баян, мүнөздөмө, түшүнүк кат, ишеним кат, тил кат,тактама, чакыруу кат ж.б.

Расмий иш кагаздары мамлекеттик деӊгээлде иш жүргүзүлүүчү, сөзсүз, аткарылуучу документтер боуп эсептелет. Буларга мамлекеттер ортосундагы иш кагаздардан тартып, мыйзам, указ, устав жана программалар кирет.

Программа, устав тексттер берилет. ( кыргыз тил 10-класс 17-18-беттер)

4-кадам: Студенттер топторго бөлүнүшөт ( 1,2,3,4), топторго тексттер таркатылат. Текстерди окушат, топто талкуулашат, башка топтогуларга түшүнүктүү айтып берүүгө даярданышат (20 мин.)

5-кадам: Ар бир топ өзүнө тиешелүү болгон текстти презентациялашат ( 5-7 мин.).

6- кадам: текстен иш кагаздарына мүнөздүү болгон өзгөчөлүгүнө талдоо жүргүшөт (15 мин)

7- кадам: 13-14-көнүүгүнү иштөө

Алган билимдерин бекемдөө үчүн суроолор берилет:

  • Колледждин уставын билесинерби?

  • Жеке инсан менен жеке инсандын ортосунда жүргүзүлгөн ищ кагаздары жана мамлекеттик иш кагаздарынын айрымачылыктарын белгилеп айтып бергиле?

  • Иш кагаздарына коюлуучу талаптарды айтып бер?

  • Фразеологизмдерди, өтмө маанини билдирген сөздөрдү колдонуу иш кагаздары стилине мүнөздүүбү?

  • Тайпанын өзүнө таандык болгон мыйзамды иштеп көргүлөчү.( мисал келтир)

  • “ Программа” (жаштар комитетинин прогараммасы)деген темада эссе жазуу. (5 мин)

Үйгө тапшырма: 15-көнүүгү

Буйрук, токтом жазып келүү.(газета, журналдардан пайдалануу)

Окуучулардын билими сабактын максаттарына берилген көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат.

  • Эгерде көрсөткүчтөгү шарттардын баарына жетише алса, анда “ 5” деген баа коюлат;

  • Көрсөткүчтөгү шарттардын 6-7 гана аткарса, анда “4”;

  • Көрсөткүчтөгү шарттар жарым – жартылай аткарса “3” деген баа коюлат.





Тема: Ишкагаздары стили. Расмий жана расмий эмес иш кагаздары

Сабактын максаты:

1.Иш кагаздары боюнча билимдерин системалаштыруу жана жалпылаштыруу.

Расмий жана расмий эмес иш кагаздарын айрымасынанын турмушубуздагы аткарган кызматын, ордунбилишет.

2. Иш кагаздарынын текстин өз алдынча түзүп, туура, так жазууга үйрөнүшөт.

3. Студенттерди тактыкка, тыккандыкка,жоопкерчиликтүүлүккө көндүмдүүлүккө ээ болушат.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын формасы: бирин- бири окутуу

Сабактын усулу: интерактивдүү

Сабактын жабдылышы: плакат

Сабактын жүрүшүү: 1. Уюштуруу , жаңы темага өбөлгө түзүү

Жаңы тема:

Иш кагаздары: расмий жана расмий эмес иш кагаздары

Расмий иш кагаздары мамилекеттик, эл аралык деңгелдеги иш чөйрөлөрүн тейлейт. Тарабынан баян этилет.

Расмий иш кагаздарын билдирүү максатында өкүмөт башчыларынын кабарлоо бөлүмү

М: Буйрук, токтом, жарлык, закон, чечим, протокол, жобо,келишим,билдирүү ж.б.

Президенттин Жарлыгынын мазмуну менен таанышалы. Жарлык менен мындай билдирүүлөрдү айрымалап көргүлөчү.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен маданият жаатындагы сиңирген эмгеги жана көп жылдык ак ниет иши үчүн эмгек ардагери Жамал Сейдакматова “ Данк” медалы менен сыйлансын.

  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен илим жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөргө “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”

деген ардактуу наам берилди:

Аттокуров Сабыр Аттокуровичке – тарых илимдеринин доктору, профессор;

Караев Өмүркулга – тарых илимдеринин доктору,профессор.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен базар экономикасынын шартында үзүрлүү иши үчүн “Акун” жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Турсунбаев Чыныбай Акунович Кыргыз Республикасынын “Ардак граматасы” менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Ата Мекенди коргоочуларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка ко койду. Ага ылайык Ата Мекенди коргоодо эл аралык террорчуларга каршы күрөштө көрсөткөн жеке эрдиги үчүн төмөнкүлөр сыйланышты:

“ Эрдик “ медалы менен:

Жайлообаев Баишбек Садаваевич-полковник;

Коңурбаев Маканбай – милициянын полковниги;

Султанов Курманбек Матиевич – полковник;

Супатаев Асанкул Аманович – полковник;

Шадыбеков Касымбек Арызбекович – милициянын улук сержанты(көзү өткөндөн кийин).

Расмий эмес иш кагаздары күнүмдүк иш чаралар үчүн кызмат аткарат.

Расмий эмес иш кагаздарына: ишеним кат, түшүнүк кат, мүнөздөмө, арыз, маалым кат,чакыруу кат, өмүр баян,акт,келишим,кулактандыруу, жарлык ж.б. кирет.

Алар коом менен адамдарды, адамдар менен мамилекттик мекемелерди, ошондой эле адамдар менен адамдарды байланыштыруучу кызмат аткарат.

М: Т ү ш ү н ү к к а т иш кагаздарынын башка түрлөрү сыяктуу эле турмушта кеңири колдонулат. Түшүнүк кат жеке адамдын, тиешелүү уюмдун же администрациясынын жетекчилеринин бирине багытталат да, аткарылган иштин жыйынтыгы же аткарылбаган жумуштун себеби көрсөтүлөт.

Бул жерде образдуу, эмоционалдуу сөздөр колдонулбайт. Анткени түшүнүк катты жазууда өркөм боёкчолуу сөздөрдүн, ойдон чыгарылган каармандардын, жаратылыштык сүрөттөөлөрдүн зарылчылыгы жок. Ошондуктан болгон иш кыска, так түшүндүрүлүп, айтылуучу ойдун негизи гана жазылат. Түшүнүк кат жазган адамдын колу, күнү, айы, жылы менен күбөлөндүрүлөт.

Түшүнүк каттын даяр мөөр басыла турган бөлүгүнө белгилүү уюмдун аты, анын жетекчиси жана түшүнүк катты жазып жаткан адамдын иш абалы жазылат.Ал атайын үлгүдө, жазылып жаткан барактын оң жак бөлүгүнө толтурулуп, каттын мазмуну жазылган бөлүктөн бөлүнүп турат.Ал эми сол жагындагы ачык бөлук мекеменин иш жүргүзүү ыңгайына,каттоо үчүн (регистрацияга) калтырылат.



Токтогул ГЭС тинин башкы

инженери А.А Акматовко

№1 бөлүмдүн электриги

К.С Сагынбаевден



Т ү ш ү н ү к к а т

Бизге бөлүнгөн огрегаттар толугу менен бүтпөй калды. Себеби айрым керектүү материададынжетишсиздигиненэкендигин билдиремин.

1-сабак

Тема: Кыргыз адабий тилинин өнүгүүсү жана калыптануусу

Практикалык сабакта аткарылуучу маселелер:

1. Кыргыз адабий тилинин өнүгүүсү жана калыптануусу жөнүндө маалымат берүү

2. Кыргыз тилинин жакынкы жана алыскы тектеш тилдери боюнча кластер түзүү

3. Жакынкы тектеш тилдердин тыбыштык түзүлүшү: фонетикалык, морфологиялык, лексикалык белгилерин атап жазуу жана салыштыруу

1. Студенттерге төмөдөгүдөй суроолор берилет:

  • Тил кандайча пайда болгон?

  • Тил эмнени туюндурат?

  • Биздин күнгө чейин кандай процесстерди башынан өткөргөн?

  • Тилдин өсүп-өнүгүү, баюу жолу кандай?







































Кыргыз Республикасы

Жалал-Абад областы

Жалал-Абад шаары

Спутник кичи району

Пр. Манас 59-37 тел: 0772 100764

Р Е З Ю М Е

Мамырасулова Гүлмира Садыковна

Өзү жөнүндө маалымат:

Туулган жылы, айы, күнү: 15.08. 1962.

Жашаган жери: Жалал-Абад шаары

пр. Манас 59-37

Улуту: Кыргыз

үй бүлөсү: Бир кыздын энеси


Билими: Жогорку

1987-жыл,СССРдин 50 жылдыгы

Кыргыз Мамлекеттик Университети

Факультети: Кыргыз филологиясы, кыргыз тили жана

адабияты бөлүмү

Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу


Жалпы пед.стажы: 29 жыл


Иштеген жери: Жалал-Абад Мамлекеттик Университети

Жалал-Абад колледжи

Билген тилдери: Кыргыз, орус тилдери


өзгөчө сапаттары: Жоопкерчиликтүү, намыскөй, уюштургуч.