СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргызстанда аялдардын саясий укутарын камсыз кылуунун укуктук механизмдеринин аракеттери жөнүндө

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кыргызстанда аялдардын саясий укутарын камсыз кылуунун укуктук механизмдеринин аракеттери жөнүндө»


Кыргызстанда аялдардын саясий укутарын камсыз кылуунун укуктук механизмдеринин аракеттери жөнүндө


БУУнун документтери менен жүргүзгөн социлогдордун изилдөөсү жалпы мамлекеттик шайлоодо катышуу укугу аялдар менен салыштырмалуу жакында эле жеңип алынган. Ушул этаптарды карап кетели:

- 1893-1916 – жж. – биринчи дүйнөдүк согуштун аягына чейин - алты мамлекетте (Австралия, Финляндия, Дания, Исландия, Жаңы Зеландия жана Норвегия);

- 1917-1920 – жж. – 15 мамлекетте (Австрия, Канада, Чехословакия, Германия, Венгрия, Ирландия, Люксембург, Нидерланды, Польша, УССР, БССР, РСФСР, Англия, АКШ, Швеция)

- 1921 - 1944 - жж. – 14 мамлекетте;

- 1945 - 1950 - жж.- 21 мамлекетте (өнүккөн өлкөлөрдө);

- 1951 - 1967 - жж. - 57 өлкөдө (өнүккөн өлкөлөрдө) [1, б. 4].

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулугуна кирүүсү эл аралык-укуктук нормалардын улуттук мыйзамчыгаруучулуктун нормаларына таасири менен камсыз кылынат жана ал Конституцияда бекитилген нормалар менен тастыкталат. Ошону менен бирге реалдуу жашоодо аялдар али да болсо дискриминацияланган социалдык-демографиялык топ бойдон калууда. Саясий-өкүмчүл структуранын түзүлүшү менен байланышкан аялдардын саясий укуктарын ишке ашырууда дискриминация өзүн көрсөтөт. Аны салыштырмалуу анализ да далилдейт. Эгерде СССРдин Жогорку Кеңешинде (1984-жылдагы шайлоо) аялдардын үлүшү 32,8% түзсө, анын ичинен автономиялык республикалардын Жогорку Кеңешинде (1985-жылдагы шайлоо) - 40%, крайлык, областтык, райондук, айылдык кеңештерде (1984-жылдагы шайлоо) - 50% түзгөн болсо[2, с. 21], анда альтернативдик жана эркин шайлоолордун пайда болушунан кийин аялдардын саны экиге кыскарды.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жыныс белгиси боюнча теңдикти камсыз кылуу максатында эл аралык-укуктук документтер ратификациядан өткөн. Негизгилердин бири болуп «Аялдардын саясий укуктары жөнүндө» БУУнун Конвенциясы эсептелинет (1954-ж.).

«Аялдарга болгон дискриминациянын баардык формаларын жою жөнүндөгү» БУУнун башка Конвенциясы (1979-ж.) ошондой эле катышуучу-мамлекеттерди аялдарга эркек кишилер менен бирдей өкмөттүк саясаттынтүзүлүшүнө жана иштөөсүнө катышуу, мамлекеттик посттордо орун алуу, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде баардык мамлекеттик функцияларды ишке ашыруу шарттарын камсыз кылууну милдеттендирди.

Кийинки эл аралык документ болуп Пекин декларациясы жана иш чаралардын Платформасы эсептелинет. Алар 1995-жылы Бүткүл дүйнөлүк төртүнчү конференцияда кабыл кылынган. Иш чаралардын Платформасында көптөгөн саясий партиялар жана мамлекеттик түзүлүштөр али да аялдардын коомдук саясий жашоодо катышуусуна тоскоолдуктарды жараткандыгын белгилеген. Бул Платформаны ишке ашыруу максатында баардык конференциянын катышуучу-мамлекеттерине төмөнкүлөр сунушталган:

- аялдар менен эркек кишилердин тең өкүлчүлүгүнө жетишүү, бул максатта баардык мамлекеттик-административдик кызматтарда аялдардын санын көбөйтүү, керек болсо квоталарды киргизүү жолу менен;

- шайлоо системасынын чегинде саясий партиялардын мамлекеттин шайлоо жана дайындоо кызматтарына аялдарды эркек кишилердин шартында жана пропорциясында тартууга түрткү берүүнүн системасын кабыл кылуу;

- шайлоо системасынын шайлоо органдарында аялдардын өкүлчүлүгүнө дифференциялык таасирин эске алуу, керек болсо бул системанын оңдоосун же реформасын камтыган суроону кароо;

- аялдар менен эркек кишилердин саясий ишкердүүлүктө ассоцияциянын эркиндигине, анын ичинен саясий партияларды жана кесиптик кеңештерде мүчөлүккө катышууга болгон тең укуктарды коргоо жана демилге берүү;

- кабыл кылынган милдеттердин аткарылышын контролдоо механизмин түзүү [3, б. 101].

Эл аралык документтерди анализдөө мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө аялдардын социалдык статусун көтөрүү үчүн катышуучу-мамлекеттерге Конвенция менен сунушталган эч бир дискриминациясыз эркек кишилер менен бирдей шарттарда аялдардын укуктарын камсыз кылуучу белгилүү милдеттердин тизмесин аткаруу зарыл:

- шайлоодо үнгө ээ болуу укугу;

- коомдук шайлоону талап кылган улуттук мыйзамчыгаруучулук менен аныкталган мекемелерге тандалып алынууга укук;

- баардык коомдук-мамлекеттик кызматтарда кызматтарды ээлөөгө укук, ошондой эле улуттук мыйзамчыгаруучулук менен аныкталган коомдук-мамлекеттик функцияларды аткарууга укук (4-берене).

Саясий жана коомдук жашоонун аныктоосу расмий шайлоо органына чейин кыскарат. Бирок саясий жана коомдук жашоо – бул кеңейтилген аныктамалар жана алар коомдун жашоосун аныктаган чечимдерди гана эмес, кабыл алуу менен байланышкан ишкердиктин түрүн гана киргизбестиктен, ошоной эле коомдун түзүлүшүнө таасирин тийгизүүгө жана адам укуктарын сактоо жана анын ийгиликтүү болушуна түрткү берүүгө умтулган иштерди жүргүзгөн ишканалар да киргизилет [4, с. 76].

Мындай аныктамага ылайык баардык аялдардын уюмдары, анын ичинде зордуктан жабырланган аялдарга жардам көрсөткөн кризис борборлору, боюнда бар аялдарга жардам көрсөтүү борборлору, балдарды кароо борборлору, аялдарга юридикалык жардам борбору жана башкалар саясий жана коомдук жашоодо активдүү ролду ойношот.

Кыргызстанда массалык аялдардын уюмдарынын өнүгүү процесси орун алууда. Аялдар партиялык, түрдүү багыттагы коомдук уюмдарда, ошондой эле актуалдуу проблемаларын чечүүдө түздөн-түз катышууда.

Аялдардын өзүнүн шайлоо укугун иш жүзүнө ашырууга тоскоолдук жок, анткени мыйзам деңгээлинде аларга шайлоого катышууга тең укугу берилген. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жаңы басымдагы 23-октябрдан 2007-ж. № 158 Кодексинде Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоодо добуш берүүгө 18-жашка жетилгенде кайдан келип чыкканына, социалдык, кызматтык, мүлктүк абалына, жынысына, рассасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине, көз-карашына, жашаган жерине жана башка жагдайларга көз карандысызы укуктуу [5].

Тилекке каршы, Борбордук шайлоо комиссиясы өз алдынча аял-шайлоочулардын эсебин жүргүзгөн жок. Бирок өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматы боюнча жалпы шайоочулардын 53 пайызын түзгөн. Ошого байланыштуу бул маселеде аялдарынын укуктарынын бузулушу жөнүндө сөз жүргүзүүгө негиз жок.

Баардык коомдук-мамлекеттик кызматтарды ээлөөдө, ошондой эле улуттук мыйзам менен бекитилген баардык коомдук-мамлекеттик функцияларды аткарууда аялдардын тең мүмкүнчүлүгүн колдонууда бул көйгөйлөр башкача.

Жасалган анализ мамлекеттин органдык статусунун канчалык жогору болгондугунан, аларда аялдардын санынын кем экендиги билинет. Мындан сырткары, мамлекеттик органдын канчалык таасири күчтүү болсо, анын түзүлүшү ошончолук деңгээлде маскулиндик [6, б. 57].

Бул маселени чечүү үчүн мамлекеттеги иштерди башкарууда аялдардын ролун жогорулатууга багытталган иш чараларды камтыган мыйзамды кабыл кылуу керек. Окшош мыйзам Россия Федерациясында 1996-жылы кабыл кылынган. Мамлекеттик бийликтин федералдык органдарынын жана федерациянын субъектисинин оргадарынын системасы оор абалда болгондуктан, ошондой эле коомдук мамлекеттик чечимдерде аялдардын катышуусу бул чечимдердин сапаты жана анын аткарылуусунун жакшыртылуусуна түрткү түзөрүн эске алуу менен 1996-жылы 30-июнда Россия Федерациясынын Президенти «Мамлекеттик бийликтин федералдык органдарынын жана Россия Федерациясынын субъектилеринин органдарынын системасында аялдарын ролун жогорулатуу жөнүндө» Указга кол койду. Анда Президент аялдар (федералдык мамлекеттик кызматкерлерин, аларды окутууну жана квалификациясын жогорулатуу максатында, ошондой эле кадр резервин түзүү максатында) жөнүндө маалыматардын банкын түзүү боюнча иш чараларды жүргүзүүнүн көрсөттү. Ал аялдар, үй-бүлөдө жана демография боюнча Комиссияга мамлекеттин ишин башкарууда аялдардын ролун жогорулатууга багытталган сунуштарды көрсөтүүсүн айтты. Ошондой эле Россия Федерациясынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында аялдардын ролун жогорулатуу иш чараларынын системасын иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөттү [4, б. 116].

Г. Тленчиеванын ою боюнча, «коомдун саясий жашоосунда аялдардын катышуусуна тоскоолдук кылган негизги себептер булар: аялдын саясий катышуусунун салтынын жоктугу, жогорку кызматтарга жеткирбөө же ал жактан чыгаруу, саясий жана коомдук процесстер жөнүндө жетишсиз маалымдуулугу, мындай ишти үй-бүлөлүк милдеттер менен бирге алып кетүүнүн кыйынчылыктары» [7, б. 5-6].

Аялдардын саясий катышуу мүмкүнчүлүгү алардын колундагы катышуу ресурстарынан да көз каранды, башкача айтканда бош убакыттан, акчадан жана материалдык резервтен, билимден, маалыматтан, аны билип колдонуудан, массалык маалымат каражатына болгон мүмкүнчүлүгүнөн, саясий партиялардын мүчөлүгүнөн же коомдук уюмга тиешелүүлүгүнөн [7, б. 5-7].

Буга чейин белгилеп кеткендей, аялдардын коомдук-саясий кыймылдар коалицияларга биригип алып бул маселени чечүүгө 30 пайыздан төмөн болбогон квотаны киргизүүнүн сунуш кылышкан. Өздөрүнүн талаптарын алар Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык документтердин нормаларына, анын ичинен аялдарга болгон дискриминациянын баардык формаларын жоюу Конвенциясына жана Пекиндик иштердин платформасына, таянышкан. Бул сунуштун али да коомдук талкуулоонун актуалдуу тема болуп келатканын белгилеп кетүү керек.

Эгерде квота маселесине токтоло турган болсок, анда социалисттик режим убагында иш жүзүндө биринчи колдонулган. Совет убагында баардык мамлекеттик жана коомдук шайлоо органдарына альтеративсиз тандоого аныкталган, катуу белгиленген түрдүү кесиптин аялдарынын пайызы чыгарылган. Жумуш чөйрөсүнөн жөнөкөй токуучу В. Терешкованы эстесек болот. Ал кийинчерээк биринчи советтик аял-космонавт болду.

Бирок 1988-жылкы союздук шайлоо жөнүндө Мыйзам кээ бир демократиялык жаңылыктарды камтыган. Негизги жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү болуп бүткүл союздук коомдук уюмдарга 2250 депутаттан, жана анын өкүлдөрүнөн турган Элдик депутатардын түзүмүнө кирүүгө укук берди. Эң көп квотага (100-75 адам) КПСС, кесиптик союздар жана ВЛКСМ, Советтик аялдардын комитети жана Бүткүл союздук ветерандар кеңеши ээ болгон [8, б. 57].

Бүгүнкү күндө, дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, жогорку мыйзамчыгаруу органында аялдардын өкүлчүлүгүн жалпынан көбөйтүү кандидаттардын тизмесиндеги жыныстын өкүлдөрүнүн өлкөдөгү жыныстардын катышына жараша болгондугун талап кылган мыйзам менен шартталган. Мисалы, скандинавия мамлекеттеринде квотаны мамлекет аныктайт, Англия менен ФГМда – партиялык квоталар, Италияда – аялдар менен эркек кишилердин партиялык тизмеси биринин артынан бири келет [8, б. 87].

Демек, аялдарга милдеттүү түрдө квоталарды берүү маселесин жана чечим кабыл кылуу деңгээлиндеги ордун карап мамлекет тарабына бөлүнгөн квота аялдардын чыныгы саясий жана коомдук активдүүлүгүн чагылдырбайт жана профессионализмдин деңгээлин төмөндөтүүгө алып келгендиги жөнүндө жыйынтыкка келебиз.

Бирок жасалган анализдин жыйынтыгы мамлекет тарабынан аялдарды колдоонун зарылдыгын жокко чыгара албайт. Ошого байланыштуу биздин оюбуз боюнча мамлекетке «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамда шайлоодо саясий партиялардын катышуусуна арналган атайын бөлүмдү саясий уюмдардын программалык жана уставдык документтерине киргизүү талабын бекитүүсү зарыл.

Мына ошентип, квоталаштыруу профессионалдуулуктун деңгээлин төмөндөтүү оюн айтып өзүбүздүн сунушубузда жөн эле аялдарды (жыныс белгиси менен) эмес, бийлик органдарында иштөөгө даярдалган кесипкөй аялдарды алдына чыгаруунун зарылдыгына келдик.

Кыргыз Республикасында мамлекеттин ишин башкарууда аялдын ролун көтөрүүгө багытталган белгилүү иш чараларды камтыган нормативдик-укуктук актыны кабыл кылууга убакыт келип жетти.

Өзүнчө бир багыт катары каралган аялдарга арналган жалпы мамлекеттин саясатын жүргүзүү керек. Европа Кеңешинин адисттеринин ою боюнча бул мамиле саясат жасоого киришкен адамдардын уюштуруу, жакшыртуу, процесстерди баалоодо түшүндүрүлөт, анткени алар аялдардыны жана эркек кишилердин ортосундагы теңдик проблемасын баардык чөйрөгө жайылтышы керек.

Саясий жана социалдык-экономикалык суроолорду чечүү боюнча, оптималдуу башкаруунун моделин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен көптөгөн аялдардын уюмдарынын ортосунда өз ара аракеттешүү механизмин иштеп чыгуу керек. Бул үчүн түрдүү кызматташуунун формаларын (тегерек столдор, консультациялык кеңештер, комиссиялар, семинарлар, конференциялар, мыйзам проектинин экспертизалары) колдонуу керек [8].

Кыргызстанда аялдар электоралдык масса сыяктуу али да саясий партиялар жана кыймылдарга бириккен эмес.

Алар бири бири менен түрдүү кайрымдуулук, маданий-билимдик, кесиптик, ишкердик, экологиялык, укук коргоочулук жана башка ассоциациялар менен байланышкан. Бул ассоциациялар менен бирикмелер болсо аялдардын тандоо блогунун партнеру же активдүү жактоочу болмок. Ошондуктан аялдардын саясий уюмдарына саясий деңгээлде негизги кызыкчылыктарды аныктоо, координациялоо жана канааттандыруу боюнча атайын иштерди жүргүзүүгө тийиш.

Телерадиокомпаниялардын каналдарында шайлоодон алдын агитациянын өткөрүүнүн тартибин жана эрежелерин шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан сакталуусун контролдогон шайлоо комиссияларынын топторунда ММКда өзүнчө бир багыт катары – шайлоо алдынан агитация өткөрүү убагында аял-кандидаттарга тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууну, мыйзамчыгаруучулукту бузулуусу жөнүндө арыздаргы өз убагында жооп берүүнү карап кетүү зарыл. Саясий мамлекеттик ишкердүүлүктө жана башкарууда катышууга аялдарды даярдоо боюнча атайын борборлорду ачуу керек. Аялдардын түзүмүнүн ичинен лидерлерди тандап алууну уюштуруу, алардын тандоо жана баалоо жолдорун жакшыртуу, алардын алдына түртүү стратегияларын иштеп чыгуу керек. Шайлоо мыйзамын анализдөөнү, жаңы электоралдык технологияны өздөштүрүүнү, шайлоо кампаниясынын стратегиясын жана тактикасын иштеп чыгууну камтыган мыйзамчыгаруучулук жана аткаруучулук бийликтин органдарына аял-кандидаттардын окуу программасын иштеп чыгуу керек.




Колдонулган адабияттардын тизмеси:


  1. Доклад ООН: Международные акты // SQ 245\3 (6) INT, 1967. Doc.«B». Р.3-4

  2. Труд, семья, быт советской женщины / Поленина СВ., Абрамова А.А, Азарова А.А. и др. - М.: Юридическая литература, 1990. - 432 б.

  3. Пекинская платформа действий // Документы ООН о детях, женщинах и образовании: Сборник документов. - М.: Народное образование, 1995. - 112 б.

  4. Нугаева Н.Г. Международно-правовые нормы защиты гражданских и политических прав женщин: дис. ... канд. юрид. наук. - Казань, 2000. - 209 б.

  5. Новая редакция Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республики от 23 октября 2007г. № 158.

  6. Сапаралиева С.М. Роль женщин в политической жизни Казахстана // Вестник Университета им. Д.А. Кунаева. - Алматы: ТОО Айдана, 2003. № 3 (8). –Б. 56-59.

  7. Тленчиева Г. Права женщин - права человека // Алматинский женский информационный лист. - Алматы, 1998. - № 9. - Б. 2-6.

  8. Зотова З.М. Гендерная экспертиза российского законодательства. Введение / Отв. ред. Л.Н. Заводская. - М.: Бек, 2001. – Б. 45-84 б.




3