СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лабораториялык иш 8-класс

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Лабораториялык иш 8-класс»

Б.Алымов атындагы №39 мектеп гимназиясы.





Лабораториялык жумуштар





8-класс Физика





Мугалим: Нурланбекова Аруузат



















Бишкек 2016

№.1 Газ абалынын закондорун текшерүү.

Жумуштун максаты: газ абалына тиешелүү болгон Бойль- Мариоттун законун жана газ абалынын теңдемесин текшерүү.

Куралдар жана материялдар: цилиндир түрүндөгү айнек идиш же мензурка (бийиктиги 35-40см) бир жагы туюк айнек түтүкчө(узундугу40-50см) термометр,штатив, милиметр шкаласы,бөлмөдөгү абаанын басымын ченөөчү барометр(БР-52)

А. Бойль-Мариоттун закону берилген массадагы газ үчүн белгилүү температурада, анын басымынын көлөмүнө болгон көбөйтүндүсү PV- const дайыма турактуу болоорун ырастайт. Көлөм канчага кичирейсе, басым оончо чоңойуп, алардын көбөйтүндүсү турактуу бойдон кала берет. Бул жыйынтыкты жогоруда аталган куралдардын жардамы менен текшерүүгө болот.

1. Бөлмө температуурасындагы идишке куйгула.

2. Аны ичине ачык учу менен түтүкчөнү матыргыла (10см ге). Аны штативгекарматып койгула.

3. Түтүкчөдүгү сүүнүн деңгээлине чейинки түтүкчөнүн бийиктигин башкача айтканда узундугун (l) ченеп алгыла l=h+h /

4. Идиштеги суунун деңгээлинен түтүкчөдөгү суунун деңгээлине чейинки бийиктикти (h) ченегиле.

5, Алынган чоңдуктарды таблицага түшүргүлө. Таблицада Р- барометр аркылуу ченелген бөлмөдөгү абанын басымы (мм, сым, мам, менен)

Р,

мм, сым, мам.

l

мм

h

мм

P=P0=

(P0 + )*h

1

2

3






Түтүкчөбөгү кысылган абаанын басымы ал түтүкчөдөгү абанын көлөмүнүн азайышына жараша болот. адепки басым Р болсо түтүкчөдөгү абанын басымы h- бийиктигиндеги суунун мамычасынын кирбей калышы менен h/13,6 чоңдугуна чоңойот. Мында 13,6 сымаптын тыгыздыгынан алынган сан. h бийиктиги 13,6 болуу менен анны сымап мамычасына келтирген болобуз.

P=P0+

Түтүкчөдөгү суунун деңгээли боюнча кысылган абанын көлөмү l*S болоору белгилүү. Демек түтүкчөнүн ар кандай матырылган абалы үчүн.

(P0+ )* l*S=const бийиктиги болууга тийиш.

Түтүкчөнүн туурасынан кесилиш аянты(демек, аба мамычасынын да) өзгөрбөгөндүктөн, көлөмдүн өзгөрүшүн түтүкчөдөгү аба мамычасынын узундугу аркылуу баалого болот.

(P0+ )* l=const

Эскертүү: 1. Ченөөлөрдүн абсалюттук жана салыштырма каталарын аныктоо окуучулардын ыктыярына сунунш кылынат.

2. Кайсы ченөөлөрдө көбүрөөк каталардын келтирилишин баалап көргүлө.

1. таблицанын акыркы мамычасындагы сандар түтүкчөнүн матырылган абалына жараша өзгөрүлөбү?

2. тажырыйбанын жүрүшүндө эмне үчүн айнке түтүкчөнү колубуз менен кармап турган жокбуз?

3. идиштин жана түтүкчөнүн туурасынан кесилиштери мааниге ээ болобу?

Б. газ абалынын теңдемесинен, газдын аркандай абалы үчүн =const болору келип чыгат. Массасы 1 моль газ үчүн ал =R. Бул катышта Т=273+t экендиги белгилүү. t- бөлмөдөгү температура. Жогорку тажырыйбада алынган жыйынтыктарды( акыркы мамыча) Т нын маанисине бөдүп катышынын чоңдугун табабыз.

Газдын кандайдыр эки абалы үчүн = , болоорун ырастоодо, тажырыйбаны башка шартта, атап айтканда бөлмө көбүрөөк жылыган же муздаган кезде кайталоо керек.

Жумуштун бөлүгүн айрым окуучуларга өз алдынча тапшырма берүү ылайыктуу.

3. Жылуулук санын эсептөө формуласынын

колдонулуштары

жумуштун максаты: жылуулук санын эсептөө формуласынын колдонулушуна көнүгүү.

Куралдар жана материялдар: калориметр, термометр,тараза жана анын таштары, белгилүү заттын(алюминий, темир,жез, латун, ж.б.) кесеги. Калориметр арасы аба менен ажыратылып коюлган эки кабат идиш. Ички идиштин түбүнө түбүнө жылуулукту начар өткөрүүчү таяныч коюлат. Натыйжада аба катмары менен ажыратылган ички идиш тажырыйба учурунда өзүнөн жылуулукту дээрлик бөлүп чыгарбайт деп эсептелет.

А. Бир нерседен экинчи нерсеге берилген жылуулуктун, экинчи нерсе алган жылуулукка барабардык шартын текшерүү.

Калориметрге жарымдай муздак суу куюп, анын массасын (m1) жана температуурасы(t1) ченеп алабыз анын үстүнө массасы (m2) жана температуурасы (t2) белгилүү болгон ысык сууну куябыз. Термометр менен кылдаттыкта аралаштырып аралашманын температуурасын (Θ ) ченеп алабыз. алынган маалыматтарды таблицага түшүндүргүлө.

m1(кг)

t1 (С)

m2 (кг)

t2(С)

Θ(С)

Q1 (Дж)

Q2(Дж)








Ысык суу берген жылуулук саны:

Q2 =cm2(t2-θ) (1)

Ал эми муздак суу алган жылуулук саны

Q1=cm1(θ-t1) (2) болоору белгилүү.

Берилген жылуулук саны коромжуга учурабайт деп эсептесек, алар өз ара барабар Q1=Q2 же m2c(t2-θ)=m1c(θ-t1) болот. Мында, с- суунун салыштырма жылуулук сыйымдуулугу.. тажырыйбада ал өзгөрбөйт.

Ошондуктан m2(t2-Q)=m2(Q-t1) (3)

Эсептөөлөр бул барабардыктын эки жагы өз ара барабар сандарды берээрин ырастайт.

Суроо: ысык суунун массасын жана температуурасын чоңойтсок, аралашманын температуурасы кандай болоорун алдын ала айтабыз?

Б. катуу нерсенин жылуулук сыйымдуулугун аеыктоо.

Жогоруда аталган куралдарды пайдаланып, калориметрге куюлган муздак суунун массасын (m1) жана темпера туурасын (t1) ченеп алабыз. изилденүүчү катуу нерсенин массасы ( m2) ченеп алабыз. Аны жипке байлап, ысык сууга салып бир аз кармап турабыз. Ысыган суунун температуурасын (t2) ченейбиз. Ысык суудан чыгарылган катуу нерсени калориметрдеги сууга салып, темпера туура калптанганда, аны ченеп θ аралашманын температуурасын табабыз. Бул учурда нерсе беоген жылуулук саны менен суу алган жылуулук саны барабар.

Q2=c1m1(θ-t1)

Кату нерсе берген жылуулук саны:

Q2=c2m2(t2-θ).

Алардын барабардыгынан

c1m1(θ-t1)= c2m2(t2-θ).

формулада с1-суунун салыштырма жылуулук сыйымдуулугу (с1,=4,18*103Дж/кгК) (4) формула изилденүүчү катуу нерсенин салыштырма жылуулук сыйымдуулугун табууга мүмкүндүк берет. Алынган маалыматтар боюнча төмөнкү табилицаны толтургула.

m1(кг)

t1(с)

m2(кг)

t2(с)

Θ(с)

C1

(Дж/кг*Град)

C2

(Дж/кг*Град)








  1. Суунун жана катуу нерсенин салыштырма жылуулук сыйымдуулуктарын салыштырып кандай жыйынтыктарга келебиз?

  2. Жогорудагы тажырыйбаларда калориметр өзү жана термометр алган жылуулукту эсепке алган жокбуз. Аны кандай деп ойлойсуңар?



3 суюктуктун тамчысы аркылуу анын беттик тартылуу коэфицентин аныктоо.

Жумуштун максаты: тамчынын пайда болушун тажырыйбада беттик тартылуу коэфицентин аныктоо үчүн колдонулат.

Куралдар жана материялдар: Төмөнкү учу чоргр менен жабдылган айнек түтүкчөсү (20-25см), милиметрдик шкала, изилденүүчү суюктуктар( айнек түтүкчөсүн тамчылаткыч менен бириктирип да тамчынын пайда болушуна жетишүүгө болот).

Тажырыйбада эң башкысы: тамчылап жаткан суюктуктун көлөмүн(демек массасын) жана тамчы пайда болуп жаткан моюндун диаметрин билүү.

Ошондуктан миллиметрдик шкаланы пайдаланып, түтүкчө куюлган суунун (белгилүү массадагы) 1см3 көлөмүн аныктап алуу керек. ал эми түтүкчөнүн тамчы пайда болгон жериндеги диаметрин ийнени же шибегени киргизип, алардын кирген жерине чейинки диаметри аркылуу аныктап алууга болот.

А. Суунун беттик тартылуу коэфцентин аныктоо.

1см3 көлөмдөгү суунун массасы 1г болоору белгилүү. бул көлөмдөгү суу агып түшкөнгө чейин n тамчысы пайда болсун дейли. Анда бир тамчынын салмагы

Р= g болоору белгилүү.

Тамчы качан түтүкчөнүн кыркасына аракет кылган беттик тартылуу күчү менен чоңоюп, салмагы ага барабар болгондо үзүлөт.

Р=f.

f=al=2𝜋r болгондуктан.

Р= g =2a𝜋r

Деп жаза алабыз. мындан

a=

g- эркин түшүү ылдамдануусу. g= 98м/с2 r- моюн пайда болгон жердеги түтүкчөнүн радиусу(М менен алабыз). Тажырыйбада a бирдиги менен чыгат, таза суу үчүн a=0,072 болууга тийиш.

Алынган маалыматтарды таблицага түшүргүлө.

n

r(м)

a

t

1

2

3

4

5





Түтүккө куюлган суунун температуурасын 100 С деп жогорулатып, тажырыйбаны кайталап, беттик тартылуу коэфицентинин температурадан кандай көз каранды болоорун да аныктоого болот.

Б. Беттик тартылуу коэффиценти белгилүү суюктукту пайдаланып, каалаган суюктуктун беттик тартылуу коэффицентин аныктоо.

Беттик тартылуу коэффиценти белгилүү болгон суюутукту пайдаланып, ар кандай суюктуктардын беттик тартылуу коэффицентин аныктоого болот. бул учурда түтүкчөнүн радиусун билүүнүн зарылдыгы болбой калат. Көбүнчө суунун беттик тартылуу коэффицентин белгилүү деп алынып, ага салыштырмалуу башка суюктуктардын(спирт, глицерин, эритмелер ж.у.с.) беттик тартылуу коэффиценттери аныкталат.

1см3 көлөмдөгү суунун тамчысынын санын n1 жана салмагын Р1 деп белгилейли. Анда бир тамчынын салмагы

Р1= = болот.

Мында суунун тыгыздыгы, V = 1см3- көлөм. Изилденүүчү суюктук үчүн да ушундай эле формуланы алабыз.

Р2= .

Тамчынын пайда болу шартын эске алып

Р01= =a12𝜋r . P02== =a22𝜋r деп жазууга болот.

Биринчи жана экинчи барабардыктардан

V = V= келип чыгат.

Көлөмдөр барабар болгондуктан же мындан a2= * a1 алынат.

Акыркы формула боюнча изилденүүчү суюктуктун тыгыздыгын, тамчылардын санын билүү талап кылынат.



Ченөөнүн маанилерин таблицага киргизгиле.

катары

a1

n1

n2

1

ρ2

a2

1

2

3

4

5















Алынган маалыматтарды төмөнкү таблицага түшүргүлө.

N

n1

1

a1

n2

ρ2

a2










  1. Суюктуктардын беттик тартылуусу температуурадан кандайча көз каранды?

  2. Эгерде суу менен спирт аралаштырылса, спирт көбөйгөн сайын аралашманын беттик тартылуу коэфициенти кандайча өзгөрөт?

  3. Эгер тамчы пайда болуп жаткан моюндун диаметри өзгөрсө, анда суюктуктун беттик тартылуу коэффициенти өзгөрөбү?



4 электр чынжырын чогултуу жана аны ар кандай бөлүктөрүндө ток күчү менен чыңалууну өлчөө.



Жумуштун максаты: электр чынжырын түзүүгө, анын ар кандай бөлүктөрүндөгү ток күчү менен чыңалууну өлчөөгө көнүгүү.

Куралдар жана материялдар: электр батерясы, койгучка бекитилген чөнтөк фонарынын кичине вольттуу лампочкасы, амперметр, вольтметр, ажыраткычтар, туташтыруучу зымдар, каршылыгы белгилүү эки өткөргүч.

Ишке көрсөтмө

1.128 а, б, в, сүрөттөр боюнча электр чынжырын чогултуп, анын ар бириндеги ток күчүн өлчөгүлө. Амперметрдин көрсөтүүсүн салыштырып жыйынтык чыгаргыла.



а) б) в)

128- сүрөт. Чынжырдын ар кандай бөлүктөрүндө ток күчүн аныктоо.



R1 R2 R1 R2 R1 R2

а) б) в)

129- сүрөт чынжырдын аркандай бөлүгүндө чыңалууну өлчөө.

  1. 129 а, б, в – сүрөттөр боюнча электр чынжырын чогултуп, ар бир учур үчүн чыңалууну өлчөгүлө. Вольтметрдин көрсөтүүсү боюнча жыйынтык чыгаргыла.



5. Амперметр жана вольтметрдин жардамы менен өткөргүчтүн каршылыгын аныктоо.

Иштин максаты: амперметр жана вольтметрдин жардамы менен андагы ток күчүнөн жана анын учтарындагы чыңалуудан көз каранды эместигин тажырыйбада текшерүү.

Куралдар жана материялдар: электр батериясы, изилдөөчү өткөргүч (чоң эмес никелин спиралы), амперметр, вольтметр, реостат, ажыраткыч туташтыруучу зымдар.

Ишке көрсөтмө

  1. Батерия, амперметр, спираль, реостат, ажыраткычтан турган элетр чынжырын чогулткула.

  2. Чынжырдагы ток күчүн аныктагыла.

  3. Спиральдын эки учуна вольтметрди туташтырып, өткөргүчтөгү чыңалууну аныктагыла

  4. Реостаттын жардамы менен чынжырдын каршылыгын өзгөртүп, ток күчүн жана чыңалууну дагы бир жолу өлчөгүлө.

  5. Өлчөөнүн жыйынтыгын төмөнкү таблицага түшүргүлө.



Тажырыйбанын

Ток күчү

А

Чыңалуу

В

Каршылык

Ом

1

2

3




  1. Омдун законун пайдаланып, спиралдын каршылыгын аныктагыла.

  2. Эсептөөнүн жыйынтыгын таблицага түшүргүлө.

  3. Алынган жыйынтык боюнча кортунду жазгыла.



6 Өткөргүчтүн салыштырма каршылыгын аныктоо.

Иштин максаты: Өткөргүчтүн салыштырма каршылыгын аныктоого көнүгүү.

Куралдар жана материялдар: анча узун эмес никелин (нихром, константан) зымы, сызгыч, штангенциркуль, батарея, амперметр, вольтметр, ажыраткыч, туташтыруучу зымдар.

Ишке көрсөтмө.

  1. Өткөргүчтүн узундугун өлчөгүлө.

  2. Өткөргүчтүн кесилиш аянтын өлчөгүлө

  3. Берилген куралдарды жана материялдарды пайдаланып электр чынжырын чогулткула

  4. Чынжырдагы ток күчүн өлчөгүлө.

  5. Омдун закону боюнча өткөргүчтүн каршылыгын аныктагыла

  6. Өткөргүчтүн учтарындагы чыңалууну өлчөгүлө

  7. Өткөргүчтүн салыштырмалуу каршылыгын аныктагыла.

  8. Алынгандарды төмөнкү таблицага түшүргүлө



Өткөргүч

l

м

S

мм2

I

A

U

B

R

Ом

ρ

Ом мм2









  1. Корутунду жасагыла.



7 электр лампасындагы токтун жумушун жана кубаттуулугун өлчөө.

Иштин максаты: токтун жумушун жана кубаттуулугун аныктоого арналган көнүгүү.

Куралдар жана материялдар электр батериясы, койгучка бекитилген кичине вольттуу лампочка, амперметр, секундометр, ажыраткыч, туташтыруучу зымдар, вольтметр.

Ишке көрсөтмө

  1. Керек болуучу электр чынжырынын схемасын чийгиле.

  2. Электр чынжырын чогулткула.

  3. Ток күчүн жана лампадагы чыңалууну өлчөгүлө.

  4. Лампадагы токтун кубаттуулугун аныктагыла

  5. Ток өткөн убакытты өлчөп алып, лампадагы токтун жумушун аныктагыла.

  6. Алынган сан маанилиепди төмөнкү таблицага түшүргүлө

    I

    A

    U

    B

    P

    t

    c

    A

    Дж







  7. Корутунду жасагыла.



.8 өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу.

Иштин максаты: өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтырган учурда жалпы каршылыкты, чыңалуу жана ток күчүн аныктоого көнүгүү.

Куралдар жана атериялдар: каршылыгы белгилүү болгон эки өткөргүч, амперметр, вольтметр, электр батериясы, ажыраткыч. Туташтыруучу зымдар.

Ишке көрсөтмө.

  1. Каршылыгы белгилүү болгон эки өткөргүчтү удаалаш жана жарыш туташтыруунун схемасын чийгиле.

  2. Ар бир учур үчүн өткөргүчтөрдүн жалры каршылыгын аныктагыла.

  3. Удаалаш туташтыруу учурунда ар бир өткөргүчтөгү чыңалууну жана чыежырдагы ток күчүн өлчөгүлө.

  4. Вольтметрдин жана амперметрдин көрсөтүүлөрү боюнча

U=U1+U2 I1=I2=I экендигин текшергиле.

  1. Өткөргүчтөрдүн жалпы каршылыгын волтметрдин жана амперметрдин көрсөтүүсү боюнча, аныктап биринчи алынган жыйынтык менен салыштыргыла

  2. Өткөргүчтөрдү жарыш туташтырган учурда U=U1+U2 I=I1+I2 болоорун тажырыйбада текшергиле.



9 Электр ысыткычынын ПАКын аныктоо.

Иштин максаты: өткөргүч аркылуу ток өткөндө бөлөүнүп чыккан жылуулук санын жана берилген суюктукту жылытууга берилген жылуулук санын аныктоонун жолдору менен таанышуу.

Куралдар жана материялдар: суусу бар идиш, калориметрдин ички идиши, кармагычы бар атайын спираль, мензурка, тараза, термометр, саат, ток булагы, амперметр, иольтметр.

Ишке көрсөтмө

  1. Калориметрдин ички идишине 100-150 г суу куюп, анын температуурасын өлчөгүлө.

  2. Спиралды сууга салып, ал аркылуу ток жибергиле да сууну 30-350 чейин жылыткыла.

  3. Суу жылыганга кеткен убакытты ченеп алгыла.

  4. Спиралга туташтырылган амперметрдин жана вольтметрдин көрсөтүүсүн жазып алгыла.

  5. Бардык өлчөөлөрдүн жыйынтыгын төмөнкү таблицага түшүргүлө

    аа m

    vvvvff


    t

    0C


    t

    0C


    t

    0C


    I

    A

    U

    B

    P

    А

    Дж

    Q

    Дж

    ПАК

    %










  6. Таблицадагы сан маанилерди пайдаланып төмөнкү чоңдуктарды аныктагыла

Спиралдагы токтун кубпттуулугун

Токтун жумушу

Сууну жылытууга кеткен жылуулук саны

Ысыткычтын ПАКы

Ысыткычтын ПАКы суу алган жылуулук санын токтун жумушуна болгон катышы аркылуу аныкталат.

ПАК=Q/A