СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 18. Эстетикалык тарбия.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эстетика деген сөз гректин сезилчү, сезүү аркылуу кабыл алынчу деген сөзүнөн келип чыккан. Азыркы кыргызча мааниси - обьективдүү чындыкты эстетикалык кабыл алуунун мыйзам ченемдүүлүгү жана табияты жөнүндөгү, сулуулуктун мыйзам ченемдүүлүгүнө бап чыгармачылык жөнүндөгү окуу.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 18. Эстетикалык тарбия.»

Лекция №18. Эстетикалык тарбия. (2 саат)

Негизги суроолор.

  1. Эстетикалык тарбиянын милдеттери жана максаты

  2. Эстетикалык тарбиянын каражаттары

  3. Эстетикалык тарбиянын мазмуну

  4. Эстетикалык тарбиянын системасы жана принциптери

  5. Эстетикалык тарбия берүүдөгү окуулуктардын ролу

  6. Класстан тышкаркы иштерде эстетикалык тарбия берүү

1. Эстетикалык тарбиянын милдеттери жана максаты

Эстетика деген сөз гректин сезилчү, сезүү аркылуу кабыл алынчу деген сөзүнөн келип чыккан. Азыркы кыргызча мааниси - обьективдүү чындыкты эстетикалык кабыл алуунун мыйзам ченемдүүлүгү жана табияты жөнүндөгү, сулуулуктун мыйзам ченемдүүлүгүнө бап чыгармачылык жөнүндөгү окуу.

Эстетикалык тарбия - адамдын обьективдүү чындыкка карата болгон белгилүү эстетикалык мамилесин калыптандыруу. Эстетикалык тарбия берүү процессинде белгилүү коомдогу эстетикалык баалуулуктардын дүйнөсүнө берилүүчү мүнөздөмөлөргө ылайык инсандын ошол баалуулуктарга карата туура багыты иштелип чыгууга тийиш.Сулуулук — адеп-ахлактын тазалыгынын руханий байлыктын, дене жагынан өркүндөгөндүктүн күчтүү булагы. Эстетикалык тарбиянын негизги милдети - сырттан курчан турган дүйнөдөгү (табияттагы, көркөм өнөрдөгү, адамдардын мамилесиндеги) руханий асылзаттыкты, боорукердикти, ак ниеттүүлүктү көрө билүүнү үйрөнгөн бала ошолордун негизинде өзүндөгү сулуулукту түптөөгө умтулуусуна жетишүү.

Инсандын эстетикалык талаптарынын, сезимдеринин, эстетикалык баалоолорунун байлыгынын эң негизги шарты болуп анын интеллектуалдык жактан терең жетилүүсү эсептелет. Ошондуктан эстетикалык тарбиянын максаты баланы дүйнөлүк маданияттын жетишкендиктери, адамзаттын маданий баалуулуктары менен тааныштыруу болуп эсептелет.

2. Эстетикалык тарбиянын каражаттары

Эстетикалык маданиятты калыптандыруунун бирден бир каражаты катары көркөм өнөр, сүрөт,музыка,адабият менен театр,музыкалык обондор,музыкалык аспаптар саналат.И.Ф.Рабленин «Гаргантюа и Пантагрюэлө» деген чыгармасынын персонаждарынын бири да калбастан окуй, жаза, ырдай, музыкалык аспаптарда ойной билишкен.

Агартуучулар да көркөм өнөрдүн тарбиялык мааниси өтө чоң деп эсептешкен. Адептүүлүк тарбиядагы жана өтө күчтүү көркөм табитти калыптандыруудагы эң негизги ролду сүрөтчүлүк өнөрү менен театрга ыйгарышкан.Эстетикалык тарбияны бүткүл коомдук милдети, инсанды жетилдирүүнүн, анын граждандык жана адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу. К.Д.Ушииский эстетикалык билим берүүдө эстетикалык тарбия берүү принциптерин иштеп чыккан

3. Эстетикалык тарбиянын мазмуну

Эстетикалык тарбия — чыныгы инсанды калыптандыруунун эң зарыл составдуу бөлүгү болуп эсептелет. Мектеп жана үй-бүлөнүн негизги милдети — балдарды жашынан эле сырткы дүйнөдөгү, табияттагы, коомдук мамилелердеги сулуулуктарды түшүнө билүүгө үйрөтүү болуп эсептелет. Чыныгы сулуулукту кабыл алуу жана түшүнүү — бул эстетикалык билимдин негизи жана өзөгү, ансыз ар кандай көркөм кооздукка дүлөй кала бере турган адамдын сезиминин, эстетикалык маданияттынын чордону. Ошондуктан баланын жашоо турмушунун бүт чөйрөсү — анын акыл жана күч эмгеги, чыгармачылыгы, коомдук ишмердүүлүгү, эстетикалык-нравалык мамилелери, достугу, сүйүүсү — чыныгы сулуулукту туура баалап, аны этияттап коргоо, сактоо керек деген ой кызыл жиптей тепчип өтүп туруусуна жетишүү зарыл.

Мектепте эстетикалык тарбияны уюштурууну туура жолго коюп, өз иш тажрыйбасынын кыскача мазмунун баян эткен В.А.Сухомлинский мындай деп жазат: «Адам өз колу менен биринчи эмгек куралдарын жасагандыгы менен гана айбанат дүйнөсүнөн бөлүнүп чыгып, бары жокко жөндөмдүү жаныбарга айланган эмес. Ал көк асмандагы мелтиреген түрдүү түстү, жымыңдаган жылдыздарды, танкы күн чыгаардагы адамды магдыраткан кооздукту, бүркөлүп ачылаардагы күндүн манаттай кызарып бятышын, мемиреген учсуз, чексиз талааны, мелтиреген көк асмандагы шурудай тизилген каркыралардын учканын, эрте мененки мөлтүрөгөн тунук шүүдүрүмдөгү күндүн чагылышы, күзгү бүркөө күндөгү уй түгүлөп жааган майда жамгырды, байчечекейлердин назик сабагы менен коңгуроо кейиптүү жашыл гүлдөрүн көрө алган. Көрүп, аларга суктануу менен өзүнүн сулуу кооздуктарын жарата баштаган. Сен да ошол сулуулуктарга карап тандана алсаң, сенин жүрөгүндө да сулуулук гүлдөй ачылат. Адам ушинтип адам болгон (62, 352).

Адамдын адам болгону ал жалбырактардын шуудурап жыбыраганын, чегирткенин сайраганын, жазгы булактын шылдыраганы менен жайкы түпсүз асмандагы торгойдун күмүш конгуроодой үнүн, чилдедеги кардын кыйчылдаганы менен терезеден улуган бороондун үнүн, толкундун шарпылдап эркелеткен дабышы менен бейпил түндөгү салтанаттуу тынчтыкты угуп эшите алат, дем чыгарбастан жүздөгөн, миндеген жылдар бою жашоонун ушулар өңдүү шумдуктуу музыкасын муюп угуп келе жатат. Сен да ушул музыканы уга бил деп үйрөтөбүз окуучуларыбызды. Ансыз эстетикалык тарбияны жемиштүү уюштуруу кыйын экендигин баса белгилейт... (62, 352).

Курчап турган чөйрөдөгү сулуулук жөнүндөгү ата-энелердин, мугалимдердин элестүү, эмоционалдуу сезү болбосо, балдар сулуулукту таанып билүүсү кыйын. Балдар сулуулукту өз көзү менен көрмөйүнчө сулуулук жөнүндөгү сөз ага эстетикалык таасир тийгизбейт. Сырттан көрүп байкоо жана угуу, көргөндү жана укканды баштан кечирүү - бул сулуулук дүйнөсүнө көз чаптыра турган биринчи терезе десек болот.

Сулуулукту көрүп, сезе биле турганды үйрөтүү, мындай жөндөм ойгонгондон кийин жан дүйнөдөгү таңдануу менен айкөлдүк касиетти бүт өмүрү бою сактап калууга үйрөтүү мугалим менен ата-эненин негизги милдети.

Мындай милдетти чеберчилик менен аткарган В.А.Сухомлинскийдин мектебинин иш тажрыйбасына сарасеп салып көрөлү.

Алардын эстетикалык тарбия системасында сулуулук дүйнөсүнө саякат жасоого, экскурсия жана жүрүштөргө, табияттын түрдүү кубулуштарына байкоо жүргүзүп, аларды талдоого чоң маани берилген. Сулуулук бардык жерде эле бар. Аларды балдарга ачып көрсөтүү максатында Павлыш мектебинин мугалимдери окуучуларын талааларга, өрөөндөргө, дарыя. колдордүн жээктерине, токайлорго, кокту-колотторго, жемиш бактарына алып барышкан. Жылдын түрдүү мезгилдеринде - күздө да, кышта да, жазда да, жайында да барышкан. Сулуулуктун кандай жаралып, кандай өөрчүгөнүн балдардын көзүнө көрсөтүшкөн. Балдар түстөрдүн кубулушун көрүп, табияттын музыкасын угушкан. Күз башталгандан кыш түшкөнгө чейин токойдун бир эле жерине балдарды бир нече жолу алып барышкап. Ар бир барган сайын жалбырактардын түсүндөгү өзгөрүүлөргө балдар көңүл бурушкан. Ал түстөрдүн кубулушу балдардын эрте менен түштө же кечкурун келгенине, күндүн тийишине, желдин согушуна, аба ырайына жараша болгонун балдар байкап сезишкен.

Мектеп турмушундагы күздүн мелүүн ачык бир күнүн балдар токойдо, талаада, жайытта өткөрүү Павлыш мектебинде салт болуп калган болучу. Таңгамаал балдарды кыштак четине алып чыгышкан. Жарык нур чачкан таң шооласына балдар кумардана көз чаптырышкан. Түстөр кубулуп, асмандын мындай сулуулугу жөнүндө балдар башта эч нерсе билбегендей. Жылдыздар бирден батып жоголуп, жарык кирип, күн чыкканын көрүшкөн. Парандалардын ойгонгон шыбырты, кашаадагы койлордун маараганы, алыскы талаадагы трактордун үнү угулуп турган. Андан соң токойго барып балдар түшкөн жалбырактарды теришет, өзгөчөрөөк түстөгү жалбыракты табууга ар кимиси аракеттенет, талаага токтоп от жагышат, балдар курук отун жыйнап, суу алып келишет, кыздар ботко бышырышат.

Кечинде күн отургандан кийинки асманды, жылдыздардын чыкканын, талаалардын, адырлардын, жайыттардын, алыскы горизонтто көрүнгөн дөбөлөрдүн түсүнүн өзгөргөнүн байкашкан. Түнкү мемиреген тынчтыкты тыңшашкан, түнкү сайраган парандалардын үнүн угушкан, чегирткенин кубулжута сайраганын эшитишкен. Бул күн өмүр бою балдардын эсинде калган. Бул күндү эскөрүү табияттын сулуулугун жаңы кабыл алган учурдагы эмоционалдык боекту дагы күчтүүрөөк өңүнө чыгарган.

Ушул биринчи күздө эле мугалимдер сулуулук — ак ниет, айкөлдүктүн энеси экендигине ынанышкан. Демек, чеберчилик менен пайдалана билген тарбиячыга табият тарбиянын, айрыкча эстетикалык тарбиянын эң күчтүү каражаты болуп эсептелет. «Павлыш» мектебинин иш тажрыйбасынын айрым учурларын майда чүйдөсүнө чейин саймерендеп көрсөткөн себебибиз, көпчүлүк ата энелер менен мугалимдерибиз балдарга таалим, тарбия берүүдө биз ойдо жакта көрсөткөңдөй табияттын мүмкүнчүлүктөрүн бир да пайдалана билишпейт. Бул жагдайда биздин жергибизге теңтайлаша турган өлкө ааламда өтө эле аз. Кыргыздардыкындан ажайып кооз тоолор, көлдөр, токойлор, дарыяларды төгөрөктүн төрт бурчунан эле жолуктура бербейсин.

Сулуулук — инсандын нравалык байлыгынын булагы.Бала кезинен эле сулуулукту адамды адеп жагынан тарбиялоонун эң күчтүү куралына, анын чыныгы адамгерчилигинин булагына айландыруу - мектеп менен үй-бүлөнүн ыйык парзы. Бала жашынан эле адамдын колунан жасалган ажайып сулуулукка, табияттын кол менен жасай алгыс шумдуктуудай кооздуктарына таң калып, тамшанып, жан дүйнөсү менен рахаттанууга көнүшү ылазим. Ансыз чыныгы инсанды тарбиялоо да, адамзаттын маданиятын калыптандыруу да мүмкүн эмес. Анткени адамдын маданияттуулугу анын сезиминин маданиятында

.

4. Эстетикалык тарбиянын системасы жана принциптери

Мектеп эстетикалык тарбияны максатка ылайык, белгилүү системада жүргүзүүгө тийиш.

Мектептеги эстетикалык тарбия көркөм өнөрдүн чыгармаларындагы илеялык жана көркөмдүк биримдүүлүк принцибине негизделет. Бул көркөм өнөр каражаты менен эстетикалык жана нравалык тарбияны бирдей ишке ашырууну талап кылат. Бул приниипти кыйшаюусуз жетекчиликке алуу менен чыныгы көркөм өнөрдүн чыгармаларын жасалма чыгарма сөрөйлөрдөн ачык ажырата билүүгө өбөлгө түзө турган туруктуу идеялуулукту жана терең ишенимди окуучуларда калыптандыра алабыз.

Инсанды калыптандыруудагы илим менен көркөм өнөрдүн ага тийгизген таасиринин байланыштуулук принциби да эстегикалык тарбия системасында өтө маанилүү. Көркөм өнөр билим менен бекем байланышканда гана баланын акылын өстүрүп, сырткы дүйнө жөнүндөгү илимий түшүнүгүн калыптандырат.

Көркөм өнөрдүн кубулуштардын окуучуларга таасир тийгизүүчү каражат катары карап, ал эми балдарды бул таасирдин обьектиси катары кароо туура эмес. Окуучулардын өз алдынча чыгармачылыгын өстүрүү принциби да эстетикалык тарбия берүү системасында чоң мааниге ээ. Азыркы мектептеги эстетикалык тарбиянын мүдөөсү - окуучулардагы балалыкты көркөмдөп кооздоо, күндөлүк ишмердүүлүктөрүндөгү сулуулукту жаратууга, жашоо тиричиликти жакшы жакка бурууга жана өзгөртүүгө туруктуулук менен умтулууга окуучуларды үндөө. Окуучулардын өздүк чыгармачылык иштеринин мазмун, формаларынын байлыгына жетишүү эстетикалык тарбиянын жемиштүүлүгүн камсыз кылат. Азыркы мектептерде көркөм адабий студиялар, мектеп театрлары, музыканы, сүрөт өнөрүн сүйүүчүлөрдүн клубу, кечелер, концерттер ж.б. кеңири жайылган.

Эстетикалык тарбия адеп тарбиясы менен өтө тыгыз байланышта. Кээде бул экөөнүн арасындагы чек байкалбай да калат. Адам коомунун маданий деңгээли жогорулаган сайын бул чек жоюла берүүгө тийиш. Бара-бара адамдын эстетикасы анын этикасына айланып калууга тийиш.

5. Эстетикалык тарбия берүүдөгү окуулуктардын ролу

Мектептеги бардык предметтерди окутууда эстетикалык тарбия ишке ашырылат. Башталгыч класстарда эле бала сулуу жазууга, сөздөрдү так айтып, сүйлөп, үн кубулта окууга үйрөнүшөт. Жакшы уюштурулган көркөм окуу башталгыч класстын окуучуларына эстетикалык тарбия берүүдө чоң ролө ойнойт.

Эстетикалык тарбия системасында адабият сабагы негизги мааниге ээ.

Өспүрүмдөрдүн жан дүйнөсүнө көркөм өнөрдүн кириши алардын сөздөгү сулуулукту таанып билүүсүнөн башталат. Эң жеткиликтүүда, эң кудуреттүү да көркөм өнөр — бул көркөм адабият. Сөздүн сулуулугун таанып билүү — бул көркөм дүйнөгө карата эң биринчи ташталган маанилүү кадам. Сөз назик сезимди кынаптап курчутуунун кудуреттүү ыкмасы. Сөз өстүрүү, адабият сабактарында эне тилиндеги сөздөрдүн булактарына саякат жасоонун мааниси баа жеткис. Сөздөгү сулуулукту жана эмоционаддык боекторду таанып билүү аркылуу бала ой жүгүртүүнүн энергиясына кабылат. Сөздүн түрдүү эмоционалдык боекторун, каймана маанисин туюнуп сезген бала гана өзүнүн үргүлөгөн акылын ойгото алат. Сөздүн бүт касиетине баамы жеткен бала өзүн көркөм адабиятты окууга даярдайт. Сөз бүтүндөй касиеттери менен баланын эмоиионалдык жана логикалык эсте сактоосуна бөлүнүп жайгашканда гана көркөм адабият окуу анын руханий талабына айланат.Көркөм сөз каражаты менен окуучулардын жан дүйнөсүнүн эң терсн, эң назик жерлерине үңүлүп жетүү жөндөмүнө ээ болуусу ылазим. В.А.Сухомлинскийдин эмоциясы жок адабият сабагында окуучулардын акылы уктап калат деген осуятын бир минута да эсинен чыгарууга адабият мугалиминин акысы жок.

Лирикалык чыгармалардагы образдардын каймана маанисинин тереңдиги, сөздөрдүн эмоционалдык байлыгы, назиктиги, боекторунун көп түстүүлүгү лириканы музыкага өтө эле жакындаштырып жиберет. Лирикалык чыгарманы, поэтикалык кара сөздү түшүнүп, эч нерсе сезбеген адам дүлөй, ал музыкага кайдыгер. Аны эч качан түшүнбөйт. Ошондуктан адабият мугалими лирикалык ырдагы сөздөрдүн музыкалык үнүн угууну балдарга үйрөтүүгө тийиш. «Манас» баш болгон эпосторду, акындардын ырларын, жазуучулардын чыгармаларынан тийиштүү үзүндүлөрдү окуп берүүсү, көркөмдөп, кооздоп айтып берүүсү керек.

Музыка инсандын руханий өсүүсүндөгү лирикалык поэзиядан кийинки этап болуп эсептелет. Ал адамдын нравалык, эмоционалдык жана эстетикалык чөйрөсүн бириктирет. Музыка - сезимдин тили. Адамдын жан дүйнөсүндөгү сөз жете албаган эң терең, эң назик жерине музыка жетет. Ошондуктан тарбия музыкасыз болсо ал кемчил болуп калат. Музыка менен ыр - окуу предмети эле эмес. Эгерде музыканы сезимдин тилиндеги окуу китеби деп эсептесек, анда бул предметтин алиппеси табияттын музыкасын угуудан башталат. Табияттын музыкасы канчалык сонун болбосун, чындап келгенде ал музыка деле эмес. Ал тамга, аны үйрөнүп алган киши гана сезимдин тилиндеги китепти окууга кирише алат. Чоордо ойнолгон эң жөнөкөй обон музыкалык маданиятка булбул менен торгойдун ажайып сайраган үнүнөн миң эсе жакын. Табияттын музыкасын угуузуудан балдарды жашынан музыкалык аспаптарда ойноону үйрөтүүгө, музыканы угузуп, музыкалык чыгармачылыкка алып баруу зарыл. Д.Кабалевский айткандай, музыка адамдын жашоосуна кошумча эмес, ал жашоонун өзү. Адам музыканы канчалык көп угуп, өзү тынымсыз кыңылдап ырдап жүрсө гана, анын бүт инсандык сапаттары өсүп, шык, таланттары оожалат. Улуу Ч.Дарвин: «Эгерде мен жарык дүйнөдө кайрадан дагы бир жолу жашап калсам, эң жок дегенде аптасына бир жолу бир нече ыр окушту жана музыка угушту эреже кылып алат элем. Ушундай үзгүлтүксүз көнүгүүнүн натыйжасында азыркы мээмдеги шал болуп калган бөлүктөрдөгү активдүүлүктү мүмкүн сактап калаар белем. Бул табитти жоготуу бакытты жоготууга барабар эмеспи, мүмкүн акыл жөндөмүнө, андан да көбүрөөк адеп-ахлагыма мунун зыяны тийип жаткандыр» - деген ойду айтат.

Сүрөт өнөрү назик, нурдуу, асылзат дүйнөнү көрө турган жарык терезенин дагы бири болуп эсептелет. Боек менен тартылган сүрөт баланын жан дүйнөсүнө адамдын сулуулугун жана улуулугун сездирип, анын зоболосун көз көрүнөө көкөлөтөт.

Сүрөттү көрүү — эмоционалдык эстетикалык таасирдин музыка өңдүү эле татаал ыкмасы. Бала кездеги ой жүгүртүүнүн конкреттүү жана элестүүлүгү сүрөттөгү жалпыланган мазмунду түшүнүүнү татаалдаштырат. Сүрөттү баамдап түшүнүүнүн алиппеси болуп табиятка байкоо жүргүзүү эсептелет.

Сүрөттү түшүнүп, баалап, сүйүү үчүн адам табият дүйнөсүндөгү сезимдердин узак мектебинен өтүүсү керек.

Мектепте сүрөт сабагы балдарга эстетикалык тарбия берүүнүн күчтүү каражаты. Мугалим, биринчиден, окуучулардын көңүлүн дептерлерин кооздоп жазып, таза тутууга бурат. Дептерди булгоого, сүрөттөрдү орунсуз жайгаштырып ысырап кылууга жол коюу керек эмес.

Сүрөтчүлүк өнөр балдардын коомдук иштери менен да тыгыз байланышта. Жакшы тартылган сүрөттөрдүн конкурстарын, көргөзмөлөрүн уюштуруу, түрдүү салтанаттарда, майрамдарда кооздоо иштерине катышуу өңдүү түрдүү формадагы класстан тышкаркы иштер окутуу процессинин эстетикалык тарбия берүү мүмкүнчүлүктөрүн күчөтө алат.

«Окуучулардын руханий дүйнөсү» деген китебинде В.А.Сухомлинский башталгыч класс окуучуларынын жан дүйнөсүнүн баюусундагы сүрөт сабагынын таасирине жүргүзгөн байкоосун баяндайт. Жаңыдан таанып билген чындыкка же баштан кечиртен кубулуштарга таасирленип, эмоционалдык жактан эргип турган учурунда, төрт жыл бою мугалимдер балдардын башынан кечирген абалын сүрөт менен берүүнү талап кылышкан. Окуучулар предметтерди жана айтылган элестерди чоң эргүү менен сүрөткө түшүрүп гана койбостон, ал сүрөткө карата өз мамилелерин да эң сонун чагылдырышкан. Көпчүлүк окуучуларда уккан, көргөндөрүн сүрөткө чагылдыруу талабы калыптанып калган. Окуучулардын баары эле сүрөткер болгон эмес, бирок сүрөт сабактары алардын жан дүйнөсүндө терең из калтырган. Ошол тажрыйбаны башынан кечирген окуучулар назик, туруктуу сезимдүүлүгү, кызыгууларынын өтө кеңдиги, ой жүгүртүүлөрүнүн так жана ийкемдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турушкан. Бүт балдарына сүрөт тартууну тамганы жазууну окуткандай кылып үйрөткөн өлкө көркөм өнөрдүн бардык түрү боюнча башка өлкөлөрдү бат эле басып өтүп кетерин Дидро өз учурунда өтө баса белгилеп көрсөткөн.

Демек, музыка жана сүрөт сабактары инсандын ар тараптан өркүндөп жетилүүсүнүн эң эле күчтүү каражаттары.Граждандык тарыхты өтүүдө маданияттын тарыхына орун берилет. Окуучулар архитектура, скульптура, сүрөт жана башка көркөм өнөрдүн түрлөрү менен таанышышат. Окуучулар чыгаан сүрөткерлердин өмүр баяны, чыгармачылыгы менен таанышуу аркылуу бул же тигил көркөм өнөр чыгармаларынын көркөм баалуулугу менен гана таанышпастан, искусствонун өнүгүшү тарыхый кырдаалга байланыштуулугун да, искусство мезгилдеги өзгөчөлүктү чагылдыраарын да, анын тарыхый өсүүгө тийгизген таасирин да, ошондой эле искусство инсанияттын эстетикалык талабын кандыраарын да түшүнүшөт.

Табият таанууга байланыштуу сабактарда сырткы дүйнөнүн сулуулугуна байкоо жүргүзүүнүн жемиштүү ыкмаларын үйрөтүү аркылуу окуучударга эстетикалык тарбия берилсе, математикага байланыштуу сабактарда балдарда так жана сулуу ой жүгүртүү ыгына ээ кылат. Мектепте окутулган бүт эле сабактар эстетикалык тарбия берүүнүн каражаттары болуп эсептелет.

6. Класстан тышкаркы иштерде эстетикалык тарбия берүү.Эстетикалык тарбия боюнча кеңири жайылтылган класстан сырткары иштерге түрдүү ийримдер кирет. Алсак, адабият, ыр, хор, драмалык, көркөм окуу, хореографиялык, сүрөт тартуу ийримдери.

Адабият ийриминде окуучулар сабакта алган билимдерин тереңдетишет, сабакта өтүлбөгөн көркөм чыгарма менен таанышуу аркылуу жалпы кругозорун кенейтишет, өз кызыгууларын канааттандырып, жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүшөт. Аларда окуучулардын сөз байлыгы өсөт, чыгармачылык жөндөмдүүлүгү, элестүү ой жүгүртүүсү, эстетикалык табити өнүгөт. Драмалык ийримде көркөм окуу өнүгөт, өлкөнүн жана чет элдиктердин пөесаларын инсценировкалашат. Адабият жана тарыхтан билимдери тереңдеп, окуучулардын көркөм табити, кыймыл аракетиндеги сулуулук, артисттик жөндөм, шыгы өсөт. Ыр-хор ийриминде балдар ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо ыгына ээ болушат. Сүрөт өнөрү боюнча ийримге катышуучулар балдардагы сүрөткерликке, скульптурага, оймо-чиймеге, прикладдык исскусствого болгон шык, жөндөмүн өркүндөтөт. Ал эми хореографиялык ийримде балдардагы ритмди сезүүнү, келбеттүүлүктү, кыймыл аракеттин сулуулугун оожалдырып, балдардагы бийге болгон жөндөмдү канааттандырат.

Мектептердеги музейлердин көргөзмөлөрүн уюштуруу, мектептин түрдүү майрам, салтанаттарына, концерттерге катышуу да балдардагы эстетикалык табитти калыптандырат.

Балдарга эстетикалык тарбия берүү алар жашаган үйдүн жана окуган мектебинин тазалыгынан, жабдууларынын кооздугунан, үйдү, мектепти көөмп турган дарак, гулзарлардын ырааттуу сулуулугунан башталат.Ү/йдү, окуган класс, кабинеттери, айбан, бөлмөлөрү жасалгалуу, таза тутулган, адамдын көңүлүн ача турган жарык, көз уялтып эстетикалык рахатка батырып турса, балдар чыгармачылык эмгекке умтулуп, шыктанып окуйт, үй эмеректерине, мектеп буюмдарына этияттап мамиле жасоого умтулуп, камдуу, чыйрак болушат. Ушундай талаптын барына бардык окуу китептери жана түрдүү окуу куралдары да жооп берүүгө тийиш.

Окуучуларды үй-бүлөдөгү жана мектептеги бак-дарактарды, аянтчаларды, үйдү жана мектепти жасалгалоого катыштыруу өтө маанилүү. Мындан балдардын көркөм табити гана өспөстөн, алардын чыгармачылык ишмердүүлүктөрү калыптанып, кийинки иш ордун, жашаган үйүн сулуулуктун мыйзамы менен жабдуу ыгына ээ кылат.

Эстетика окуучулардын, жалпы эле адамдын жүрүш-туруш маданияты менен өтө тыгыз байланышта. Сылыктык, кичи пейилдик, жөнөкөйлүк, жупунулук, айкөлдүк өңдүү адамдагы касиеттер жашоону кооздойт, адамдардын көңүлүн көтөрүп, бактылуу кылат. Элдин көз алдында инсандын зоболосун бийик көтөрөт. Эстетикалык табити өскөн адам эне тилин жакшы билип, аны ыйык тутат. Эне тилин урматтаган, анын бай арсеналын мыкты пайдалана билген киши гана башка тилдерди да жакшы билип, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүп, ал элдин өкүлдөрүнө сый урмат менен мамиле жасоого, ал элдин маданий баалуулуктарына башын ийип таазим кылууга умтулат. Өзүнүн жүрүш-турушу менен тегерегиндегилер үчүн ыңгайсыз кырдаал түзбөөгө далалаттанат.


Пайдаланылган адабияттар

1. Б. Апыш, Д. Бабаев, Т. Жоробеков.Педагогика. Б.,2002

2. И.Ф. Харламов.Педагогика. М., Гордарика 2002

3.В А. Сластенин, И.Ф. Исаев, Е. Н. Шиянов. Педагогика. М., Академия 2006

4.Ситаров В. А. .Дидактика. Академия М., 2002

Н. В. Бродская, А. А. Реан- Педагогика Питер. Санкт-Петербург.,