СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция 4. Дидактика предмети жана анын милдеттери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Педагогика илиминин өзүнчө бир бөлүмүн үйрөнүүгө киришебиз. Ал бөлүм — дидактика деп аталат. Дидактика гректин окутуу, үйрөтүү деген сөзүнөн келип чыккан. Азыркы маанисин кыргызча которгондо окутуунун жана билим берүүнүн назарияты. Дидактика окутуу жана билим берүүнүн орчундуу проблемаларын изилдеп үйрөнүүчү педагогиканын өзгөчө бир бөлүмү. Билим берүү — системалаштырылган билим, ык, машыгууларды өздөштүрүү жараяны жана анын натыйжасы. Окутуу - окуучулардын обьективдүү дүйнөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып билүү иш-аракеттерин уюштуруу жана башкаруупроцессинде алардын акыл жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү, адептүүлүк сапаттарын, эстетикалык табитин жана дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандыруу. Билим берүү — окутуунун натыйжасы, окутуу — билим берүүнүн бирден бир жолу.

Просмотр содержимого документа
«Лекция 4. Дидактика предмети жана анын милдеттери»

Лекция №4

Дидактика предмети жана анын милдеттери (4 саат )

Негизги суроолор.

  1. Дидактика жөнүндө жалпы түшүнүк

  2. Жалпы дидактика жана жекече методикалар.

  3. Мектеп (илимий) педагогикасындагы дидактикалык ойлордун өнүгүү динамикасы.

  4. Азыркы дидактиканын орчунду маселелери.


1. Дидактика жөнүндө жалпы түшүнүк

Педагогика илиминин өзүнчө бир бөлүмүн үйрөнүүгө киришебиз. Ал бөлүм — дидактика деп аталат. Дидактика гректин окутуу, үйрөтүү деген сөзүнөн келип чыккан. Азыркы маанисин кыргызча которгондо окутуунун жана билим берүүнүн назарияты. Дидактика окутуу жана билим берүүнүн орчундуу проблемаларын изилдеп үйрөнүүчү педагогиканын өзгөчө бир бөлүмү. Билим берүү — системалаштырылган билим, ык, машыгууларды өздөштүрүү жараяны жана анын натыйжасы. Окутуу - окуучулардын обьективдүү дүйнөнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып билүү иш-аракеттерин уюштуруу жана башкаруупроцессинде алардын акыл жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү, адептүүлүк сапаттарын, эстетикалык табитин жана дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандыруу. Билим берүү — окутуунун натыйжасы, окутуу — билим берүүнүн бирден бир жолу.

Педагогика илиминин дидактика бөлүмүндө эмнени окутуу керек, кантип окутуу керек деген негизги соболдорго жооп берилет.

Дидактика илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин жана окуучулардын жаш курак өзгөчөлүктөрүн эске алып, жаш жеткинчектерди билим, ык, машыгууларга ээ кылуунун оптималдуу көлөмүн аныктоо аркылуу билим берүүнүн максатын жана мазмунун илимий жактан негиздейт.

Экинчиден, билим, ык, машыгууларды өздөштүрүү жараянында окуучунун инсандык касиеттеринин шайкеш жетилүүсүн камсыз кылуу үчүн окутууну кантип, кандай усул жана ыкмалар менен, кандай формада уюштуруу зарылдыгын, окутуунун назарияты жана амалияты кандай жоболорго таянуусу керек экендигин изилдеп, дидактика окутуунун учурдагы орчундуу милдеттерин аныктайт. Демек, дидактика — окутуу жана билим берүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн назарияттык негизде изилдөөчү илим.

2. Жалпы дидактика жана жекече методикалар

Дидактика бул же тигил окуу предметтеринин мазмундук өзгөчөлүктөрүнө көңүл бурбастан, окутуу жана билим берүү маселелерин жалпы дидактикалык жагдайда гана иштеп чыгат. Ал эми айрым предметтерди окутуунун жана үйрөтүүнүн ал предметке тиешелүү өзгөчөлүктөрүнүн назарияттык негизин жекече методикалар (жекече дидактикалар) изилдешет.

Дидактика жана жекече методикалар бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Бир жагынан жекече методикалар жалпы дидактикалык негизге таянып, түрдүү предметтерди окутуу маселелеринин назарияттык жана методологиялык биримдигин камсыз кылса, экинчи жагынан өз назарияттарын тыянактоодо жекече методикалардын натыйжаларына таянуу аркылуу дидактика изилдөөлөрүнүн так жана жандуу болушун камсыз кыла алат.

Өз проблемаларын изилдөөдө дидактика адамзаттын тиричилик турмушту кечирүүдөгү бай тажрыйбасына таянат.

Дидактика илиминин методологиялык негизин материалисттик-диалектикалык философия түзөт. Дидактикалык проблемаларды изилдөөдө тарбиянын максаты жана милдеттери жөнүндөгү материалисттик окуунун жана таанып билүү теориясынын мааниси өтө зор. Анткени, окутуупроцесси өзүнчө эле таануу (дүйнө таануу) процесси сыяктуу кубулуш.

Окутуу процессинде деле таануупроцессиндегидей эле окуучу билбегенден билгенге, толук эмес билгенден тагыраак жана толугураак билгенге карай адамзаттын жүргөн жолун басып өтөт. Окутуу процессинде деле жандуу кабыл алуу, абстракттуу ой жүгүртүү жана илимий тыянакты турмушта текшерүү баскычтары бар. Мындай окшоштуктан, албетте, бул эки процессти бипбирдей түшүнүк деп тыянак чыгаруу мүмкүн эмес. Булардын орчундуу айырмачылыктары да бар. Алсак, таануу процессиндже окумуштуу илимдеги адамзат үчүн али белгисиз жаңылыкты ачса, окутуу процессинде окуучу инсаниятка дайындуу даяр илимий түшүнүктөрдү гана өздөштүрөт. Таануу процессинде окумуштуу бүт фактыларды изилдеп, талдоо аркылуу илимий тыянак чыгарса, окутуу процессинде окуучу типтүү фактыларды изилдеп, талдоо менен чектелет. Таануу процессинде чындыктын булагы жана критерийи болуп практика эсептелсе, окутуу процессинде жаңы илимий түшүнүктү окуучунун өз практикасында текшерип чыгуусу көпчүлүк учурда зарыл да, мүмкүн да эмес.

Материалисттик таануу теориясына таянуу окутуу процессинин таанып билүү өзгөчөлүктөрүнүн дидактика тарабынан туура жана так иштелип чыгуусуна өбөлгө түзөт, аны дидактикалык кубулуштарды терең изилдөөнүн илимий усулу менен да куралдандырат.

Жаш муундарды окутуу, билим берүү, тарбиялоо маселелерин ар түрдүү өлкөлөрдө ар бир тарыхый кырдаалдын жана мезгилдин шарттарында кантип иштелип чыккандыгын изилдөөдө дидактика тарых илимине таянат. Бул дидактиканын тарых илими менен тыгыз байланышта экендигинин белгиси. Ошондой эле дидактика жалпы психология, жаш курак жана педагогикалык психология илими менен да тыгыз байланышкан. Бул байланыш дидактиканы инсандын психикалык касиеттеринин калыптануу мыйзам ченемдүүлүктөрү жана анын таанып билүү процессинде, сезимдик, эрктик ишмердүүлүктөрүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим менен куралдандырат. Жогорку нерв иш-аракеттери, шарттуу рефлекстер, убактылуу нерв байланыштары, биринчи жана экинчи сигналдык системанын бири-бири менен байланыш аракеттери жана биримдиги, байланыш рефлексиясы жөнүндөгү материалисттик теорияны окутуу процессинин табигый илимий негизи болуп эссптелет.

Дидактика илими элдик педагогика менен да, элдин маданияты, адабияты менен да, элдик салт-санаа, үрп-адаты менен да, элдик оюндар, элдик фольклорлор менен да өтө тыгыз байланышта.

Кибернетика илими менен дидактиканын алакасынын башталышы окутуу процессинде окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүктөрүн башкаруу идеяларын, информацияга жооп кайтаруу байланыш идеяларын пайдалануу, окутууну алгоритмдештирүү жана компөютерлештирүү мүмкүнчүлүктөрүн берип жатат.

3. Мектеп (илимий ) педагогикасындагы дидактикалык ойлордун өнүгүү динамикасы

Чех элинин улуу педагогу Ян Амос Коменский (1592-1670) дидактика илиминин бүтүндөй ырааттуу теориясын түзүүдө эң биринчи өтө жемиштүү далалатты «Улуу дидактика» (32,161-376) деген эмгегинде жасаган. Коменский адамдардын баарысын бары жоктун бардыгына окутуу керек (пансофия) деген демократтык идеяны биринчи болуп көтөрүп, ийгиликтүү окутуунун эреже, жоболорун системалуу баяндаган эмгек жазган. Айрым диний идеологиянын таасиринен толук кутула албагандыгына карабастан XVII кылымга мүнөздүү феодалдык коомдун калыптанып калган идеологиясы менен илимий, философиялык жаңы идеологиянын ортосундагы айыгышкан күрөштүн шартында Коменский өзүнө алдынкы көз караштарды камтыган, окутуу жана тарбиялоонун практикасында өзүнө кеңири жол ачууга жөндөмдүү дидактиканы түзгөн.

Коменскийдин педагогикалык көз карашы ХIV-ХVI кылымдардагы Кайра Жаралуу доорунун таасири астында калыптанган. Ал доордун гуманисттери окутуудагы догматизмди, схоластиканы, авторитардуулукту айыптап, окутуудагы окуучунун активдүүлүгүн камсыз кылуу, аларга жекече күйүмдүү мамиле жасоо, алардын инсандык зобололорун көтөрүп урматтоо, адамдын инсандык касиетин шайкеш жетилтүү идеяларын көтөрүшкөн.

Адам табийгаттын бир бөлүгү, демек, ал табийгаттын универсалдык законуна баш иет деп эсептеп, Коменский өз дидактикасында окутуу, тарбиялоону адамдын табиятынын жалпы закондоруна ылайык уюштуруу принцибинде негиздеген. Анын ою боюнча, дидактиканын негизги милдети окутуудагы ийгиликти камсыз кыла турган окуу материалдарынын мазмунун табигый иретинде ачып берүү болуп эсептелет. Ал эми бул илимдин предмети болуп окуучулар өздөштүрө турган билимдин өзгөчөлүгүнө жана окуучулардын билүү жөндөмдүүлүгүнө шайкеш окутуу усулдарын изилдеп, илимий негиздеги ырааттуу система иштеп чыгуу.

Коменскийдин дидактикасы окутуунун процессуалдык мүнөзүн англиялык ойчул философ Френсис Бэкондун (1561-1626) сенсуалисттик таануу теориясынын позициясынан баяндап, билимди өздөштүрүү заматта эле күзгүгө чагылдыргандай жарк эте койбойт деген ойго келет. Адамдын бүг билиминин булагы туюу болуп эсептелет. Ошондуктан, окуучулар мүмкүн болушунча билимди китептен же бирөөлөрдүн сөз жүзүндөгү ой жүгүртүүсүнөн эмес, айланадагы чөйрөгө кеңири байкоо жүргүзүү, буюмдардын, заттардын, окуялардын себеп байланыштарын изилдөө аркылуу өздөштүрүүгө тийиш. Окутуунун жүрүшүндө окуучулардын сөзүү органдарын өстүрүп, бара-бара буюмдар менен кубулуштардын өтө назик жактарын окуучулардын ынтаа коюу менен байкоолоруна жетишүү зарылдыгын белгилеген.

Коменский тарбия менен инсандын жетилүүсү өтө тыгыз байланышта деген идеяны көтөрүп, табийгат адамдагы билим менен адептүүлүктүн уругун гана себет, ал эми аларды жетилдирүү жана калыптандыруу максатка ылайык уюштурулган тарбияга жараша болот деген тыянакка келген.

Анын ою боюнча окутуу жараянында окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүктөрүн өстүрүүнүн төрт этабы мектептин төмөндөгүдөй төрт тибине ылайык келет: 1) энелер мектебинде балдар айланадагы чөйрөнүн чындыгын кабыл алуу жараянында алардын тышкы сезимдери өсөт; 2) эне тилинин мектебинде окуу, жазуу, сүрөт тартуу, ырдоо, эсеп чыгаруу, ченөө, түрдүү матери.алдарды жаттоо жараянында, ошондой эле кол өнөрчүлүгүнүн таасири астында балдардын ички кыялдануу, эске тутуу, сөзмөр дүкөңдүү сапаттары өсөт. 3) Гимназияда эмне, эмне үчүн? - деген суроолорго жооп издеп окулган диалектика, грамматика жана башка реалдуу илимдердин, көркөм өнөрдүн жардамы менен туюу жана байкоодон жыйналган материалдарды түшүнүү жана алардын үстүнөн ой жүгүртүү өсөт. 4) Академияда инсандык гармонияны сактоого өбөлгө түзүүчү шыкты өстүрүүгө байланыштуу эрктүүлүк касиеттер өөрчүйт (32,164).

Коменскийдин эң негизги идеяларынын бири окутуунун бардык баскычтарында эле окуучуларга ар тараптан билим берүүгө жетишүү бөлгөн. Анын оюнча билимдүү адам буюмдарды ар тараптан билүүгө — «пансофияга» жакындаган инсан.

Коменский эне тилинде окутуу идеясын көтөрүп, эне тилин жакшы биле электе башка тилди баласына үйрөтөм деген ата-энелерди баса элек баласына атка миништи үйрөткүсү келген адамга салыштырып келекелейт (32, 172).

Коменский окутуунун көргөзмөлүүлүк, системалуулук, аң-сезимдүүлүк, жеткиликтүүлүк принциптерине өтө көңүл бөлгөн, окутууну уюштуруунун сабак формасын биринчи негиздеген. Жакшы жазылган окуу китеби окутууну ийгиликтүү уюштуруунун негизги шарты деп эсептеп, ал окуу китебине анын материалдары сырткы дүйнөнүн элестүү сүрөтүн туура чагылдырып, ынанарлык негизде толук, так, даана, окуучу мугалимсиз эле өздөштүрө алгыдай түшүнүктүү, жемиштүү баяндалуусу ылазим деген чоң дидактикалык талапты койгон.

Дүйнөгө болгон көз карашынын айрым диний мүнөзүнө карабастан Я.А. Коменскийдин дидактикалык жоболору өз мезгилинин улуу жетишкендиктери болуп эсептелет. Алардын басымдуу көичүлүгү ушул күнгө чейин өзүнүн назарияттык жана амалияттык маанисин жогото элек.

Орто кылымдын схолистикалык тарбиясына кыйратуучу соккуну француз агартуучулары урушкан. Алардын ичинен билим берүүнүн мазмуну жана окутуу жараянынын маселелерин өз эмгектеринде кеңири баяндаган Жан-Жак Руссо (1712-1778) болгон. Баланын зоболосун басмырлаган феодалдык көз караштагы тарбияны катуу айыптап, Руссо баладагы инсандын өзүнүн табиятына ылайык эркин өнүгүшүнө шарт түзгөн тарбияны жактаган.

Анын окутуу процессине болгон көз карашы сенсуалисттик теория менен байланышкан. Баланы окутууну баштоодон мурда ден соолугун чыңдап, анын көрүү, туюу, андоо өңдүү сырткы сезимдерин өстүрүү зарыл дегең. Акыл тарбиясынын ийгилигин сөзүү органдарын өстүрбөй туруп камсыз кылууга болбойт, баланы акылдуу кылуу үчүн аны баарыдан мурда дени таза, денеси чың кылуу керек. 12ден 15 жашка чейинки мезгил, анын оюнча, баланын акылын өстүрүү, аны эмгекке тарбиялоо мезгили. Эмгектенүү ар бир адамдын коомдук милдети, билим берүүнүн максаты адамды эмгектенүүгө үйрөтүү деген. Анын Эмили дыйканчылыкты жакшы билип, түрдүү кол өнөрчүлүктү үйрөнгөн, керектүү өндүрүш куралдарын пайдалана билген. Руссо кол эмгегин баланын акыл күчүн өстүрүүчү каражат катарында караган. Эмгектенүү процессинде Эмилдин баамдуулугу, зиректиги, ойчулдугу, шыгы өөрчүп, ар кандай нерсенин себебин аныктоого, ар нерсени аягына чейин билүүгө умтулуусу пайда болун, акылы калыптанып жетилген (57, 545').Руссо баланын өз тажрыйбасынын ролун өтө жогору баалоо менен тарбиянын мүмкүнчүлүгүн чектеп, аны тарбиялануучунун табигый күчүнүн эркин өсүүсүнө шарт түзүүчү гана нерсе катары караган. Руссо бала өзүнүн окуу жана жетилүү жолун өзү аныктоого тийиш деген өтө эле бир жактуу, жаңылыш концепцияны көтөргөн. Ошого карабастан Жан-Жак Руссо турмуш менен окутуунун тыгыз байланышта болуусу зарыл, окуу, тарбия процессинде окуучунун табиятын үйрөнүү, алардын чыгармачылык күчтөрүн өстүрүү, ар бир адамдын коомдук милдеттери катары эмгектенүүгө балдарды даярдоо зарылдыгы жөнүндөгү идеялары педагогика, анын ичинде дидактика илимин өстүрүүгө чоң таасир тийгизген.

Классикалык прогрессивдүү дидактиканын андан ары өнүгүү жолундагы чоң кадамды швейцариялык улуу демократ-педагог Иоганн Генрих Песталоцци (1746-1827) шилтеген. Ал дидактиканы педагогика менен өтө тыгыз байланышта деп карап, тарбиянын бийик максаты элдеги үргүлөгөн күчтү ойготуп, анын өзүнө болгон толук ишенимин өстүрүү экендигин баса белгилеген. Тарбиялоо — баладагы табийгат берген акыл күчү менен жөндөмдү өстүрүү, окутуу — инсандын жетилүүгө болгон табигый мүдөөсүн ишке ашырууга жардам берүүнүн чеберчилиги. Тарбиянын милдети — акылды, жүрөктү жана колду өстүрүү аркылуу инсандын гармоннялык жетилүүсүн камсыз кылуу. Ошондой эле, анын ою боюнча, тарбиялоонун негизги каражаты - окутуу (54).

Формалдуу билим берүү теориясынынын көрүнүктүү өкүлү катары Песталоцци окутуунун милдети баланын шыгын жана рухий күчүн ойготуп, анын ой жүгүртүү жана ишмердүүлүк жөндөмүн өстүрүү, «акыл күчүн тездик менен жогорулатуу» деп эсептеген.

Песталоццинин дидактикага кошкон эң чоң салымы — акылды өстүрүүчү окутуу жөнүндөгү идеясы (54, 47). К.Д. Ушинский анын бул идеясын «Песталоццинин улуу ачуусу» - деп атаган (72, 95). Песталоцци өз доорундагы балдардын рухий күчтөрүн мокотуучу курулай жаттоонун жана вербализмдин мектебин катуу сынга алган.

Песталоцци башталгыч класстарды окутуунун методикасын алгачкы негиздегендерден болгон. Ал иштеп чыккан сөз өстүрүүгө, эсептөөгө, ченөөгө үйрөнүүнүн усулдары башталгыч класстын мугалимдери гана эмес, өз балдарына бир нерсени үйрөтүүнү каалаган ар бир дыйкандын аялы деле ийгиликтүү пайдалана ала турган деңгээлде жөнөкөй. Ал элдик башталгыч мектептин окуу планына бир нече предметтерди киргизип, мектептин жалпы билим берүүчү ченемин бир кыйлага кеңейткен. Андай мектеп, Песталоццинин ою боюнча, билими тереңирээк, маданияты жогорураак эмгекчини даярдоого тийиш эле.

Ал балдарды турмушка даярдап, окуучунун чыгармачылык жөндөмүн өстүрө турган, жаңы элдик эмгек мектебин түзүүнү эңсеген. Эмгектин педагогикалык маанисин өтө терең байкаган Песталоцци эмгекпроцессинде ар тараптан жетилген адамды даярдай турган, элге жалпы билим берүүчү мектепти түзүү зарыл деп эсептеген. Ал политехникалык мектептин идеалына бир топ жакындап, бирок, анын доорунда индустриялык эмгектин жогорку формасы да, бардык өндүрүштүк процесстердин илимий негиздерин үйрөнүү маселесин көтөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү да болбогондуктан ал идеалга толук жете алган эмес. Песталоццинин мектебинде коомдук пайдалуу эмгекке көп орун берилген.

Ал окутууну өндүрүмдүү эмгек менен айкалыштырууга умтулган. Анын окуучулары талаада да, устаканада да иштешкен. дыйканчылыкты да, мал чарбасын да, жыгач усталыкты да, жип ийрип, кездеме токууну да жасап көрүшкөн (54, 295).

Окутуу процессинин негизи деп Песталоцци көргөзмөлүүлүк - принцибин эсептеген. Көргөзмөлүүлүк, анын ою боюнча, баланын рухий күчтөрүн өстүрүүнүн башаты, ойлоонун андан кийинки иштери менен, албетте, өтө тыгыз байланышта.

Дидактиканы иштеп чыгууга немис элинин улуу прогрессивдүү демократ педагогу Адолөф Дистервег (1790-1866) белгилүү салым кошкон. Анын негизги дидактикалык эмгеги «Немис мугалимдеринин билим алуусуна жетектеме» деп аталган. Окутуунун негизги милдети, Дистервегдин ою боюнча, «чындыкка, жакшылыкка жана сулуулукка» кызмат кылууга багытталган адамдагы өз алдынчалыкты өстүрүүнүн жалпы милдетине жараша баладагы таанып-билүү күчүн ойготуп, анын личностун жетилтүү (17, 136-203).

Дистервег балдарды бардык нерсеге өз мезгилинде окутууну талап кылган. Кийин керек боло турган нерсени азыр эле үйрөтүп коюунун зарылдыгы жок, окутууда жакындан алыска, жөнөкөйдөн татаалга барылат, окутуу сөзсүз көргөзмөлүүлүктү талап кылат, предметти үйрөнүүдөн жалпылоого өтөт, окуучулардын жекече өзгөчөлүтөрүн окутууда толук эске алуу керек, окутуу кызыктуу жана жандуу болууга тийиш деген идеяларды көтөргөн.

Окутуу тарбия берүүчү мүнөзгө ээ, ал адамдын ойлоосуна гана эмес сезимине жана эркине да таасир тийгизет. Окуучуларды пассивдүүлүккө дуушар кылып, аларды жөнөкөй эле кабыл алууга үйрөткөн окутуунун ар кандай усулу жаман, алардын өз алдынчалыгын ойготуп, ойлоосун активдештирген ар кандай эле усул жакшы. Сабакта суроо, жооп, изденүү, табылга, башкача айтканда, өлүм эмес жашоо өкүм сүрүшү керек деген ойду баса белгилеген.

Дистервег мектепте эвристикалык аңгеменин жайылуусуна чоң таасир тийгизген. Мындай аңгеме окуучуларды изденүү, салыштыруу, ой жүгүртүүнүн натыйжасында табылгага ээ кыларын баяндаган. Ал мугалим окуучулардагы эргүүнү ойготуусун, өздөштүргөн илимге болгон сүйүүнү тарбиялоо аркылуу алардын активдүүлүгүн жана өз алдынчалыгын өнүктүрүүсүн талап кылган. Мектептеги иштин негизги жоопкерчилигин ал мугалимдерге жүктөгөн. Өз адистигин жана чеберчилигин өркүндөтүүдө тынбай иштеген мугалим гана баланы кызыктуу, жандуу жана таасирдүү окута алат. Окуучуларына калыптандыра турган асыл санаттардын баарын эң мурун мугалим өзүндө өнүктүрүүгө тийиш.

Өз билимин тынымсыз өркүндөтүүнү өнөкөт кылбаган мугалимде окутуучулук касиет өлөт деген таасын ойду кескин айткан.

Өз мезгилинин жогорку илимий деңгээлиндеги ырааттуу дидактикалык теорияны орустун улуу педагогу Константин Дмитриевич Ушинский (1824-1870) түзгөн. Ал окутуу процессин илимий материалисттик жактан негиздөөдө өзүнөн мурункуларга салыштырганда алдыга карай өтө чоң кадам шилтеген.

Ушинский биз билгендин баары биздин туюубуз аркылуу өтөт, бул сырткы дүйнө биздин таанып билүүбүздүн булагы, тажрыйбасыз «адамдын руху» өзүнүн өсүүсүндө бир да кадам шилтей албат, урук топурак жана азыксыз өнө албаган сыяктуу эле, адамдын ички дүйнөсү деле организмине берилүүчү туюу, тажрыйба формасындагы рухий азыксыз өнүгө албайт деген. Анын оюнча мектепте окутуунун эки максаты бар: биринчиден, окуучуларды билимдердин системасы менен куралдандыруу, экинчиден, алардын акыл жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү. Бул эки максат бир мезгилде ишке ашат, башкача айтканда, билимди өздөштүрүү процессинде бала акыл жөндөмдүүлүгүн өстүрөт. Ушинский формалдуу билим берүүнүн да, материалдык билим берүүнүн да зыяндуу бир жактуулугун ашкерелеп, окутуунун бирдиктүү процессинде аларды туура айкалыштырууну талап кылган.

Окутуу процессинин мазмунун Ушинский илимий таанип-билүү процесси менен салыштырып, аларды бирдей деп кароого да, карама-каршы коюуга да болбойт деп көрсөтөт. Алардын арасындагы окшоштук жана айырмачылыкты элестүү жана ынанарлык кылып: «Окумуштуу пирамиданын чокусунда турса, окууну жаңы баштаган адам анын пайдубалында турат. Пирамида курууну чокусунан эмес, пайдубалынан баштоо зарыл болгондой эле билимди үйрөнүү да негизинен, б.а. алгачкы байкоодон, алгачкы ой жүгүртүүлөрдүн калыптануусунан, илимдин пирамидалык системасы таянган фактыларды үйрөнүүдөн башталат» — деген (72, 602).

Ушинский баланын реалдуу чындыкты таанып билүүсүнүн эң баалуу жолун эңсеп, мурдагы мектепке мүнөздүү болгон дедуктивдик дидактикалык ыкманы да жактырган эмес. Окутуу процессинде да, илимий таануу процессинде да индуктивдүү таанып-билүү жолу жемиштүү болгондуктан, Ушинскийдин пикири боюнча, көргөзмөлүүлүк окутуунун эң маанилүү негизи болууга тийиш. Көргөзмөлүүлүктү туура пайдаланганда гана окуучуга айлана-чөйрө жөнүндө чыныгы илимий билим берип, аны аң-сезимдүү жана бекем өздөштүрүү аркылуу анын ойлоосун өстүрүүгө болот. Анткени, материалдык дүйнө бизге таасир тийгизет. Демек, сырткы дүйнөнүн предметтери окутууда көргөзмө материал катары пайдаланылууга тийиш. Жөн психологиялык жагдайда деле көргөзмөлүүлүк зарыл экендигин баса белгилеп, Ушинский: «Бала чынын айта турган болсок, форма, боек, үн, жалпы эле, туюу менен ой жүгүртөт, аны башкача ойлондурам дегендер балдардын табиятына зыян келтирип, бекер убараланган болушар эле» — деп жазган (74, 266).

Көргөзмөлүүлүктү Ушинский ойлоону өстүрүүнүн каражаты катарында караган. Окутууну туура жолго коюу деген анын оюнча, чебер жетекчилик астында окуучунун логикалык ойлоосун өстүрүү Ушинскийдин дидактикасындагы эң негизги идеялардын бири. Ушинский адамдарга механикалык жана логикалык эсте сактоону туура айкалыштырууну өтө зарыл деп эсептеген. «Адамдын акылынын өсүүсү механикалык эске сактоодон жогору көтөрүлбөсө ал адам бир бечара макулук болот эле, эгерде адам кокустан мунусунан ажыраса деле андан бетер бир байкуш болуп калмак»,— деп жазган (75,416).

Мектепте окуучуну билим менен гана куралдандырбастан, аны ык машыгууга да ээ кылуу зарыл деп баса белгилеп, Ушинский, кайталоо маселесин гана иштеп чыгуу менен чектебестен, көнүгүү иштетүүгө да бөтөнчө көңүл бурган.

Ушинскийдин дидактикасынын системасында окутуудагы окуучунун активдүү, аң-сезимдүү, өз алдынча демилгелүү болуусу жөнүндөгү идея белгилүү орунду ээлейт. Ушинский адамдын бактысынын булагы, анын инсандык жетилүүсүнүн негизги фактору катары эмгектин маанисин өтө жогору баалаган. Окуу — эмгек, болгондо да толук маанилүү эмгек деп караган.

Башталгыч окутуунун ошол мезгилдеги жаңы проблемаларын толук көтөрүп, эң маанилүүлүгүн жана өтө татаалдыгын баяндаган. Ага чейинки башталгыч окутууга анча маани бербей, жеңил деп ойлогон идеяларды чечкиндүү четке кагып, Ушинский окуучунун курагы канчалык жаш болсо аны окуткан жана тарбиялаган адамдын педагогикалык жана методикалык даярдыгы ошончо жогору болуу керек деген идеяны көтөргөн.

Орус педагогикасында башталгыч окутуунун жаңы окуу планын сунуш кылып, анда маанилүү орунду эне тилине ыйгарган. Эне тилин ал инсандын ар кандай жетилүүсүнүн негизи жанаар кандай билиминин кенчи катары караган. Улуу педагог баланын адамдык беделине урмат, сый менен мамиле кылууга, анын психологиялык, жаш курагынын өзгөчөлүктөрүн терең илимий жактан изилдөөгө таянган башталгыч окутуунун эң сонун методикалык системасын негиздеген.

Василий Александрович Сухомлинский (1928-1970) дидактика илиминин өсүшүнө чоң салым кошту. Ал өзүнүн 1950-жылдардын аягында 1970-жылдардын башталышында жарык көргөн «Балдарга жаным садага» («Сердце отдаю детям»), «Жаш директор менен маек», «Павлыш орто мектеби» деген ж.б. китептеринде улуу классик педагогдордун дидактикалык идеяларын чебер чыгармачылык менен кантип чындыкка айландырып жаткандыктарын баяндап, андан ары илим, техниканын бүгүнкү жетишкендиктерине негизделген залкар дидактикалык. идеяларды көтөргөн. «Павлыш орто мектебинде» Сухомлинский окутуу процессин ийгиликтүү уюштуруунун илимий негизин аныктап, окутуу жана тарбия процессиндеги мугалим менен окуучулардын педагогикалык кызматташтыгы (күйүмдүү педагогика) жөнүндөгү залкар педагогдордун (Коменский, Песталоцци, Толстой, Корчак, Макаренколордун) улуу идеяларын жаңы баскычка көтөрүп, аларды амалга ашыруунун чеберчиликтерин көрсөтүп, төмөндөгүдөй тыянакка келген. Жакшы мугалим сабак учурунда чындыкты окуучулары менен бирдикте изденип, өзүнүн мугалим экенин унутуп калат, окуучуларына урмат, сый менен мамиле кылып, алардын окуу масслелерин чечүүдөгү болор болбос ийгиликтерин да тең бөлүшөт. Ар кандай эле мугалим сабагынын жемиштүүлүгүн тынымсыз арттырууга аракеттенүүгө тийиш. Сабактын жемиштүү учурунун чен өлчөмү сабакта отурган ар бир окуучунун колунун өз башынын буйругу менен тынымсыз иштөөсү, башкача айтканда ар бир окуучунун акыл чөйрөсүндө түйшүктүү машакаттануусу зарыл экендигин белгилеп көрсөткөн. Окутуу, анын оюнча окуучуларга таанып билүү маселесин чечтирүү процессинде обьективдүү чындыктын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изденип таанууну үйрөтүү. Ийгиликтүү окутуунун жана тарбиялоонун эң негизги шарты окутуучунун квалификациясынын жогорулугу жана илиминин тереңдиги деп эсептеп, В.А. Сухомлинский окуучусуна кыпындай жарыкты (билимди) бергиси келген мугалим өзү деңиздей жарыкты жутуп, боюна сиңирүүсү зарыл деген ойду айткан (63).

Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдарда советтик дидакттардын көңүлүнүн борбору 1958-жылы кабыл алынган «Мектептин турмуш менен байланышын чыңдоо жана СССРде Элге билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүү жөнүндө» деген закондун негизинде жаңы окуу пландарын, окуу программаларын иштеп чыгуу, окуучуларды турмушка даярдоону күчөтүү, политехникалык окууну ишке ашыруу өңдүү проблемаларга бурулган эле.

Советтик педагогдордун, анын ичинде дидакттардын ушул жылдардагы жана андан кийинки мезгилдеги эмгектерин жалпылап жыйынтыктап келгенде Б.П. Есипондун редакциясы менен 1957-жылы жарык көргөн «Дидактика», М.А. Даниловдун «Совет мектебиндеги окутуу процесси» (1960), Есиповдун редакциясы менен чыккан «Дидактиканын негиздери» (1967), Л.В. Занковдун «Дидактика жана тиричилик» (1968), М.И. Махмутовдун «Проблемалуу окутуу» (1973), Н.А. Сорокиндин «Дидактика» (1974), М.А. Даниловдун, М.Н. Скаткиндин редакциясы менен чыккан «Орто мектептин дидактикасы» (1975), Ю.К. Бабанскийдин «Окутуу процессин оптимизациялоо» (1977) жана И.Г. Казанский менен Т.С. Назарованын «Дидактика» (1978) ж.б. эмгектери пайда болду.

Педагогика илиминин акыркы жетишкендиктерине таянып, А.С. Макаренко менен В.Л. Сухомлинскиидин залкар педагогикалык идсяларын конкреттүү шартта чыгармачылык менен ишке ашыруу аркылуу советтик жаңычыл педагогдордун үркөрдөй тобу илимий дидактиканы теориялык жана практикалык жактан жаңы, бийик баскычка көтөрүштү. Алар Ш.А. Амонашвили, В.Ф. Шаталов, Е.Н. Илөин, С.И .Лысенкова, Л.П. Шетинин, П.Вөлкөв, В.П. Никитин, В.А. Карковский ж.б. Бул жаңычыл мугалимдер кылымдар бою улуу гуманист педагогдор эңсеген куру ойлор биздин жөнөкөй эле күндөлүк жашообуздун зарыл чындыгы болуп калды, ошондуктан биз балдар ынтаа коюп окуй турган, аларды терең билим алууга умтулдуруучу жаңы күчтү окутуунун өзүнөн табууга тийишпиз, биз балдарды окутуунун жалпы мээнетин аларды ийгиликтин, алга жылуунун жана өсүүнүң жагымдуу сезимине кабылтуу аркылуу тартууга тийишпиз деген идеяны көтөрүштү. Ансыз балдардын баарын ийгиликтүү окутуу мүмкүн эмес. Окуунун натыйжасы окуучунун кунт коюп окуу жөндөмдүүлүгүнүн суммасына барабар. Кунт коюу жок жерде окуу жана анын натыйжасы да жок. Окуучуларды ынтаа коюп окууга шыктандыруучу окутуу жараянында таанып билүү маселелерин чечүүдө окуучулар менен мугалимдин биргелешип, акыл сферасында машакаттануусун камсыз кыла турган жаңы педагогика керек. Мындай педагогиканы кызматташтыктын педагогикасы деп атасак болот.Бул усул биздин балдарга болгон мамилебизди түп тамырынан бери өзгөртүүнү (күйүмдүү педагогаканын мамилесин) талап кылды (53, 2).

Бул педагогикадагы эң негизги көрүнүш мугалимдин усулундагы балдарды зордуктап окутууну жоготуу эле. Бул гумандуулуктан келип чыккан жөнөкөй талап. Жаңычыл педагогдор канчалык начар окуган класска туш болушпасын ондогон жылдар бою балдарга жаман баа коюшкан эмес. Аларды ата-энелерине жамандашпады, сабак учурунда аларга тил тийгизишпеди. Мындай окутса болгудай экендигин, ал тургай мындай окутуу жеңил жана кызыктуу экендигин алар баса белгилеп көрсөтүштү. Окугусу келбесе деле зордуктап, опузалап окутуу окуучуну эч кандай ийгиликке алып келбестен, анын өзүнө болгон ишенимин жоготот. В.А. Сухомлинский: «...бала сабактарынан жетишип жакшы окушу үчүн, ал өздөштүрүүдөн артта калбай жакшы окууга тийиш» деген (63, 265).

Педагогикалык иштин бүт татаалдыгы мына ушул кызыктай болгон көрүнүштө. Ийгилик түрткү берген умтулуусуз окууга кызыгуу болбойт. Ошондуктан кызматташтыктын педагогикасы баланын ийгиликке жетише аларына болгон ишенимин калыптандырып, өзүнчө ийгиликтүү окууну үйрөтүү, анын окуудан артта калуусуна жана артта калгандыгын байкап калуусуна жол койбоо. В.А. Сухомлинскийдин ушундай идеялары кызматташтыктын педагогикасынын теориясын жана практикасын совет мектебинде эбак эле түптөгөн болучу. Дүйнөлүк педагогика илиминин классиктери Я.Коменский, И.Песталоцци, А.Дистервег, К.Ушинский, Л.Толстой, Я.Корчактын, советтик улуу педагогдор Крупская, Макаренко, В.Сухомлинскийдин дидактикалык залкар идеяларын терең өздөштүрүп, азыркы жаңычыл педагогдордун тажрыйбасындагы шумдуктуудай ийгиликтерге шыктанган изденүү жана чыгармачылык менен иштеген кыргыз мугалимдери да аренага чыга баштады. Алсак, Таластагы «Арал» орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими Бектур Исаков өз предметин окуучулардагы ар тараптама шык жөндөмдү өстүрүп өнүктүрүүнүн балдардагы ыймандуулук жана жумушка болгон чыгармачылык мамилени калыптандыруунун сыйкырдуу каражатына айландыра алды. Анын окутуучулук иш тажрыйбасындагы усулдук табылгаларды изилдөө өзүнчө атайын бел байлоону талап кылат.

Кара-Кулжа районундагы «Кашка-Жол» орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мамади Байымбетов да окутуунун бийик чеберчилигиндеги өз чыйырын эбак эле аныктаган устат педагог. Мунун иш тажрыйбасы да дидактикалык сабаты жоюлган дилгир изилдөөчүгө муктаж. Булардай изденип, чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин саны күндөн күнгө ашууда. Буржуазиялык педагогиканын, анын ичинде дидактикалык илимдин өнүгүүсүндө немис ойчулу, белгилүү психолог жана педагбг Иоганн Фридирих Гербарттын (1776-1841) ролу чоң. Анын дидактикасы салттуу деп аталган мектептин ишинин негизин түзөт. Анын ою боюнча тарбиянын түпкү максаты моралдык жактан күчтүү мүнөздөрдү калыптандыруу. Мындай мүнөз темирдей тартипти камсыз кылган окутуу процессинде калыптанат. Баланы ал тартипке кыңк эттирбей баш ийдирүү, андагы «жапайы тентектикти» басмырлоо тарбиянын максатын ишке ашыруунун бирден-бир жолу деп эсептеген. Ар сабакта анын мазмунуна жана балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карабастан, төрт баскыч өкүм сүрүүгө тийиш деген.. Гербарттын бул системасы айрым баалуу ойлору бар экендигине карабастан, окутуунун айрым этаптарына карата болгон метафизикалык мамиле. Бул системаны абсолютташтыруу жана универсалдаштыруу окутуу ишин уюштуруудагы формализмге алып келди. Ошондуктан кийинчерээк бул системаны мектептеги ригоризмди жана авторитардуулукту күчөткөндүгү үчүн катуу айыптап сынга ала башташты (15, 112).

Америкалык идеалист ойчул, психолог, педагог Джон Дөюи (1859-1925) прогрессивдүү дидактиканын негизги жоболорун Гербарттын идеяларына каршы койгон. Гербарттын салттуу мектебин турмуштан,практикадан ажырап, окутууну абстрактуу схоластикалык мүнөзгө айландыргандыгы үчүн айыптаган. Дьюинин өзү иштеп чыккан прагматизмдин бир көрүнүшү болгон «инструментализм» анын педагогикалык теориясынын негизи болуп эсептелет. Ал ар кандай эле теория «аракеттенүүнүн куралы», ал чындыкты баяндагандыгы менен эмес, турмуштук пайдалуулугу менен баалуу деп эсептеген. Анын ою боюнча окутуунун максаты балдарды турмушка, болгондо да жашоодогу ийгиликти, пайданы камсыз кыла турган турмушка даярдоо.

Буржуазиялык педагогиканын, анын ичинде дидактиканын, өсүүсүнө аэыркы мезгилде көп багыттагы агымдар мүнөздүү. Алсак, прагматисттик дидактиканын негизги принциби — баланы анын башынан өткөргөн турмуштук тажрыйбасына таянып окутуу (прагма — кыймыл, аракет), окумуштуу изилдөөчүдөй эле окуучу айлана-чөйрөнү өз практикасы жана эмгектенүүсү аркылуу үйрөнөт. Мектептин милдети өзүнүн турмуштук практикасында «жумуш аткаруу жолу менен» баланын окуусуна өбөлгө түзүп, көмөк көрсөтүү. Окутуунун негизи — проектилер усулу. Бул усулдун мазмуну толуп жаткан практикалык маселелерди чечүү процессинде берилген тема-тапшырманы аткарып, өздөштүргөн теориялык билимдерди деле ушундай практикалык маселелерди чечүүгө пайдалануу... Бул албетте окуучулар илимий билимдердин системасын өздөштүрүүсүнүн маанисин танууга, мектепте окулган курстардын окуу предметтерине бөлүнүүсүн жана предметтик окуу программаларынын түзүлүүсүнө жете баа бербөөчүлүккө, мугалимдин окутуу процессиндеги ролун төмөндөтүүгө, мектептеги утилитаризм менен тар багыттагы практицизмди пайда кылып, окуучулардын билим деңгээлинин өтө эле төмөндөп кетүүсүнө алып келген.

XX кылымдын 50-60-жылдарында прагматисттик дидактика америкалык көп педагогдор тарабынан катуу сынга алына баштайт. Бирок, ага деле карабастан, эл массасынын балдары окуган көпчүлүк мамлекеттик мектептердеги окутуу процессинин түзүлүшүнө айрым дидактикалык проблемалардын иштелип чыгуусуна прагматисттик идеялардын таасири али деле болсо чоң.

Неотомизм дидактикасы билимди «кудайдын белеги» деп карайт. Ошондуктан педагог неотомисттер милдеттүү диний окутуу талабын көтөрүшкөн. Башталгыч класста эле негизги диний түшүнүктөрдүн мазмунун балдарга ачып баяндап берүү керек дешет, алар мектептин окуу планына жалпы билим берүүчү гуманитардык жана табийгый математикалык циклдеги предметтерди кеңири киргизип, окуучуларды илимий билимдердин системасы менен куралдандырууга каршы эмес. Бирок, алар билимдүүлүк принцибине «акылдын жана ишенимдин чындыгын чектөө» талабын карама-каршы коюшат. Неотомисттер илимди дүйнөгө көз кароочулук укугунан ажыратышып, негизги диний догмаларга карама-каршы келбестен, илим эмприкада такталган фактыларды чагылтуу укугунда болууга тийиш дешет. Окутуу усулдарында эч деле маани жок. Усулду таңдап алууда мугалим тарбиянын максаты балдарга динди сиңирүү, католицизмдин принциптерин пропагандалоо экенин эсинен чыгарбоого тийиш. Алар окутуу жараянындагы чиркөөнүн агенти болуучу мугалимдин жетекчилик ролун гана тан алышкан. Неотомизмдин педагогикасы жаштарды диний көз карашка багындырып, аларды активдүү коомдук турмуштан жана андагы күрөштөн алагды кылууга багытталган.

Экзистенциализмдин педагогикалык концепциялары адамдын касиети таанып билгис жана иррационалдык нерсе, демек, ага тарбиялык таасир да жеткиликсиз деп карайт. Алардын оюнча, адамдагы негизги сапаттар менен касиеттер өзүнчө эле жетилет. Тарбиянын милдети ар бир инсандын кайталангыс өзгөчөлүгүн коргоо. Ошондуктан окуу, тарбия иштерин индивидуалдашкан болууга тийиш. Окутуунун максатыокуучулар өзүн-өзү таанып билүүсүнө көмөк көрсөтө турган билим берүү. Ал билим баланын айлана-чөйрөгө болгон мамилесин да аныктоого тийиш. Экзистенциалисттер илимий таанып билүүнүн ролун танышкан. Алар илимий билимдердин негизин системалуу окутууну эмоциялык тарбия менен алмаштырышып, окутууга мистикалык мүнөз беришет. Бул жаш жеткинчектерди келечектеги жакшы турмуш үчүн активдүү күрөшүүгө умтулдурбай, жашоого карата кайдыгерликти калыптандырат.

4. Азыркы дидактиканын орчундуу маселелери

Бул өйдө жакта мүнөздөлгөн булактардын ичинен илимий дидактиканы изилдөөгө жана өнүктүрүүгө демократтык педагогикалык мурастардын ролу өтө чоң экендиги өзүнөн өзү эле көрүнүп турат. Дидактика илиминин эң орчундуу маселелеринин бири болуп окутуу менен инсандын жетилүүсүнүн арасындагы катнаш мамилени кеңири планда терең изилдөө эсептелет. үзгүлтүксүз билим алуу идеясын ишке ашыруу азыркы учурда эң зарыл. Бул идеяны ишке ашыруу процессинде азыркы дидактиканын эң орчундуу маселелеринин бири - окуучунун акылын өстүрүүчү окутуу идеясын ишке ашыруунун илимий усулдарын иштеп чыгуу. Бул идеяны ишке ашыруу процессинде инсанды толук калыптандыруу менен анын айрым сапаттарын, таанып билүү активдүүлүгүн, өз алдынчалыгын жана өз илимин өзү тынымсыз толуктап туруу талабын калыптандыруу маселелеринин усулдарын иштеп чыгуу. Азыркы илимий-техникалык прогресстин деңгээлин жана мектептин алдына коомубуз койгон милдеттерге ылайык билим берүүнүн мазмунун териялыкк жактан негиздеп апрактикалык жактан иштеп чыгуу. Ошондой эле башталгыч класстын, айрыкча алты жашар балдарды окутуу проблемаларын тереңдетип изилдөө ж.б. толуп жаткан милдеттер дидактика илиминин алдында турат.

Дидактика илими эмнени окутуу керек?, Кантип окутуу керек? деген суроолорсо жооп берип гана тим болбостон качан окутуу керек? деген суроону да күн тартибине көлдөлөң кое турган мезгил келди. Анткени аалам элдеринин көпчүлүгү балдарын мектепте окутууну - 6 жашынан, цивилизациялуу элдердин көбү балдарын окутууну - 5 жашынан, цифилизациянын туу чокусуна көтөрүлө баштаган элдер - 4 жашынан эле баштап жатышат. Ал эми өнүккөн өтө бай өлкөлөрдөгү телегейи тегиз үй-бүлөлөр балдарын 1 жашынан, кээде төрөлгөн күнүнөн баштап эле мыкты даярдыгы бар, тасыккан адистерди жалдап, алардын табият берген шык, жөндөмүн максималдуу бийик деңгээлде өстүрүүгө аркеттенип жатышат Төрөлгөн балага табият берген шык, жөндөм өңдүү мүмкүнчүлүктөрдү психология илиминде функциялар дейт. Ал функциялардын ар биринин өнүгүп өсүүсү үчүн убакыттын календардык мөөнөтүн табият өзү белгилейт. Адам ага сырттан кийлигишип эч нерсени өзгөртө албайт. Айталы, функциялардын бири же бир нечеси бала эки жашка чыкканча аябай дүркүрөп өсүп, андан кийин анын өсүүсү басаңдап барып, 9 же 11 жашка жеткенде биротоло токтоп калат. Ар кыл жөндөм, шыктар үчүн бөлүнгөн убакыт ар кыл, бирине аз, бирине көп.

Демек, баладагы ар тараптама мүмкүнчүлүктөрдүн көбүрөөгүн чындыкка айландырып калууга б.а. баладагы табият ченемсиз берген функциялардын көбүрөөгүн «кереметке» айландырып калууга шашылуу зарыл. Мына ушунун өзү эле качан окутуу керек, деген суроонун бүгүнкү күндө өтө эле актуалдуу экендигин көрсөтүп турат. Грузин элинин чыгаан аалымы Ш.А. Амонашвилинин айтуусу боюнча баладагы табият берген бул же тигил функциянын милдети жарык дүйнөгө жаңы келген индивидге жашап жаткан чөйрөсү менен алака түзүп, өзүн курчап турган обөективдүү дүйнөнү таанып билүүгө көмөк көрсөтүүсү зарыл. Ошол чөйрөдө баладагы бул жетигил функциянын зарылдыгы канчалык көп болсо, ошондой шарттагы зарыл функциялар ошончолук көп милдеттерди аткартуу менен ал функцияларды өтө бийик деңгээлдеги өсүү абалына жеткирет (6,94).

Француздун окумуштуу-этнографы Веллар Парагвайдын жунглилеринен эң байыркылардан болгон гуайкилдердин племясын тапкан. Алар негизинен жапайы аарылардын даяр балын жеп, башка элдер же племялар менен байланышууну каалашпайт, тилдери да өтө эле жарды. Окумуштуу аялдамадан гуайкилердин эки жашар кызын таап алып, Францияга апкелип, өзүнүн апасына тарбиялаткан экен. Жыйырма жылдан кийин, 1958-жылы, ал интеллектуалдык деңгээли европалык аялдардан калышпаган, француз, испан, португал тилдеринде эркин сүйлөгөн этнограф болуп чоңоет. Эгерде окумуштуу эки жашар эмес, 16 жашар кызды алып келип тарбияласа жогорудагыдай натыйжа болот беле деген суроого, алибетте, жок деп жооп берет Ш.А. Амонашвили, - анткени кийинки кыздагы функциялардын өсүүсүнүн календардык срогу өтүп кетмек (6,109).

Бала 5 жашка чейин кандай болсо, чоңойгондо дале ошондой болот деген элдин пикирин кубаттаган даанышмандардын оюн бүгүнкү илимий изилдөөлөрдүн тыянагы да далилдеп жатат.

Баладан табият берген шык, жөндөмдү төрөлгөндөн баштап өркүндөтүү максатында өз балдарына сынамык жүргүзүп жетишкен ийгиликтери менен аалам элин таң калтырган Б.П. Никитин: Баладагы бул же тигил интеллектуалдык же эмоционалдык функцияларды өстүрүүнү канчалык эрте баштаса, ал функциялардын өсүп жетилүү деңгээли ошончолук бийик болот деген илимий корутундуга келген (44).


Пайдаланылган адабияттар


1. Занков Л. В. Дидиктика и жизинө. М., 1968

  1. Дидактика средней школу. Под ред. М. И. Скаткина.М., 1982.

  2. Марев М.- Методологические основы дидактике.Пер с болг. М., 1987.

  3. Теоретические основа содержание обшеего образование. Под ред В.В. Краевского, И. Я. М., 1983

  4. Выбор методов обучение. Под ред Ю.К. Бабанского. М., 1981

  5. Лордкипанидзе.-Дидактика. Тибилиси 1985