СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Лекция по предмету "Родной язык" , синтаксис

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул сабакта сүйлөм, анын классификациясы тууралуу кеңири маалымат берилген. Сөз менен сөз айкашынын,  сөз айкашы менен сүйлөмдүн айырмачылыгын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

Просмотр содержимого документа
«Лекция по предмету "Родной язык" , синтаксис»

13-лекция


Сабактын темасы: Сүйлөм жана анын жалпы классификациясы.


Лекцияда талкуулануучу суроолор:


1. Сүйлөмгө берилген аныктамалар тууралуу.

2. Сүйлөмдүн мүнөдүү белгилер.

3. Сүйлөмдүн жалпы классификациясы.


  1. Сүйлөм бизге белгилүү болгон тилдин башка бирдиктеринен, тактап айтканда, сөз, сөз айкашынан айырмасы эмнеде? Эң негизги айырмасы – айрым бир ойду билдирип, байланыш-катнаш каражатынын кызматын аткаргандыгында.

Сүйлөм – бул пикир алышуунун кичине бирдиги. Адатта, фонетикада, морфологияда, ар бир сөз да – баары тилдин мыйзамдарына ылайык сүйлөмгө биригишип, коммуникативдүү функцияны аткарууга жардамдашат. Башкача айтканда, биз сүйлөмсүз башкалар менен өз ара пикир алыша албайбыз, кандайдыр бир ой-пикирди, ар кандай

сезимдерди, чындыкка карата болгон мамилелерди, иш-аракеттерди билдирүүгө мүмкүн эмес. Демек, сүйлөм гана коомдо жашаган адамдарды өз ара байланыштыруу кызматын жүзөгө ашыра алат. Ошентип, жалпы тил илиминде сүйлөм ары татаал, ары көп кырдуу

маселе катарында каралат. Ошон үчүн анын критериясы ар кандай көз карашта, ар түрдүү аспектиде: грамматикалык, семантикалык, логикалык, коммуникативдик, предикативдүүлүк, сүйлөмдөгү сөздөрдүн байланышы жактан каралып келе жаткандыгы белгилүү. Мына ушундай кырдаал сүйлөм жөнүндөгү аспектилерди өзүнчө бөлүп кароону талап кылат. Ушуга байланыштуу тил илиминде сүйлөмгө берилген үч жүзгө жакын аныктаманы кезиктирүүгө болот. Бул болсо сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү канчалык татаал

экендигинин далили боло алат. Тил илиминде синтаксисти изилдөө көп кылымдардан бери улантылып келет. Ал эми кыргыз тил илиминде синтаксис деп аталган маанилүү маселеге арналган эмгектерди бир нече окумуштуулардын: И.А.Батманов, К.К.Сартбаев, Ы.Жакыпов, А.Жапаров, А.Турсунов, М.Мураталиев, А.Иманов, Б.Тойчубекова, Ж.Жусаев, Б.Өмүралиев

сыяктуу илимпоздордун эмгектерин белгилөөгө болот. Кыргыз тилин ар тараптан изилдөө 50-жылдардан баштап кеңири жүргүзүлүп, анын натыйжасында бир катар эмгектер жарык көрүп, кыргыз окумуштууларынын чоң тобу өсүп чыккан. Ы.Жакыпов (1951), К.Дыйканов (1954), А.Жапаров (1955), Ж.Мукамбаев (1955), Д.Майрыков (1956), А.Иманов (1990).

Кыргыз тил илиминдеги мындай жетишкендиктер жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралдарын түзүүгө, сүйлөм жана анын классификацияланышындагы чаташкан маселелерди туура чечүүгө жардам берген. Мисалга алсак, 1958-жылы Ы.Жакыповдун «Азыркы кыргыз тилинин жөнөкөй сүйлөмүнүн синтаксиси» деген окуу куралы (жогору окуу жайлар үчүн) басмадан чыгат. Автор кыргыз тилиндеги фактыларга таянуу аркылуу, мүмкүн болушунча, жөнөкөй сүйлөмдүн синтаксиси жөнүндөгү маселелерди кенен-кесир чечүүгө аракет жасаган. Анда сүйлөмдүн негизги критериялары туура чечилип, сүйлөмгө мындайча аныктама берген: «Сүйлөм… белгилүү бир ойду түшүндүрөт». Мындай аныктама көпчүлүк көрүнүктүү орус лингвистеринин (В.В.Виноградов, А.Т.Руднев ж.б.) эмгектеринде да

чагылдырылган. Окуу китебинде сүйлөмдүн негизги белгилери катарында мына булар көрсөтүлөт: «Сүйлөмдү аныктоодогу башкы критериянын бири – анын бүткөн ойду билдириши.

Экинчи критерия баш мүчө болуп саналат, алар аркылуу тыянактуу ой түшүндүрүлөт.

Үчүнчү негизги критерия интонация болот. Чынында эле, ансыз сүйлөм түзүлбөйт.

Төртүнчү критерия сүйлөмдө ой жүргүзүү маселеси. Ал эми акырында сүйлөм деген түшүнүк айрым кезде өзүнүн алды же артындагы башка бир катар сүйлөмдөр менен

байланыштуулукта чечилет».

Жалпы тил илиминдеги сүйлөмгө берилип келаткан аныктамаларды эске алсак, анда жогорку критерийлердин ичинен биринчи үчөө туура көрсөтүлгөн. Китепте грамматикалык түзүлүшүнө карай жөнөкөй сүйлөмдүн төмөнкүдөй түрлөрү жөнүндө түшүнүк берилген: толук, кемтик, жалаң, жайылма, атама, жактуу сүйлөм, ээсиз сүйлөм, жагы ачык-так болбогон ээсиз сүйлөм, жалпыланган жактуу сүйлөм – баардыгы тогуз. Аталган окуу китеп 1975-жылы кайрадан басылып чыгып, анда сүйлөмгө берилген мурдагы критерийлер

көрсөтүлгөн эмес, жөнөкөй сүйлөмдүн түрлөрү дагы бир жолу такталып, анын алты түрү көрсөтүлгөн: жалаң, жайылма, толук, кемтик, атама, ээсиз.

Кыргыз тилинин синтаксиси боюнча илимий жактан иштелип чыккан окуу куралдарынын негизинде сүйлөмдүн табияты, анын классификацияланышы андан ары дагы такталып, калыптана баштады. Муну биз профессор А.Жапаровдун «Кыргыз тилинин синтаксиси» (жогорку окуу жайлары үчүн, 1979) деген окуу китебинен байкайбыз. Сүйлөмгө аныктама берүүдө мурдатан берилип келе жаткан жана калыптанып адатка айланган аныктаманы колдойт: «Айрым бир бүткөн ойду билдирүү, өз ара пикир алышуу иштери сүйлөмдөр аркылуу жүзөгө ашырылат».

Демек, пикир алышуу – турмушта ар дайым болуп тура турган зарыл нерсе. Коомдун бардык мүчөлөрүн бири-бири менен байланыштыруучу, пикир алмаштыруучу курал болуп эсептелген тил катнашуунун негизги формасы катары дайыма сүйлөмдү пайдаланат.

Сүйлөм тилдик закон боюнча грамматикалык жагынан уюшулган кептин бир бүтүн бирдиги жана адамдын оюн уюштуруучу, ал жөнүндө башкаларга кабар берүүчү негизги каражат болуп эсептелет.

Сүйлөм дайыма сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын ошол тилдин грамматикалык эрежелери жана закондору боюнча бири-бири менен өз ара байланышып келиши аркылуу уюшулат. Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн кокустан болгон жыйындысынан уюшула

бербейт. Сүйлөм түзүүдө, адатта, айтылуучу ойдун мазмунуна, максатына ылайыкталып, мааниси боюнча бири-бири менен айкаша ала турган сөздөр тандалып алынат да, алар өз ара грамматикалык жактан байланышып келип, натыйжада, бир бүтүн сүйлөм уюшулат.


  1. Жогоруда биз кыргыз тилинин синтаксистик түзүлүшү боюнча жарыкка чыккан айрым окуу куралдарында сүйлөмдүн аныктамасы жана негизги белгилери кандай даражада каралып келгендиги жөнүндө жалпы сөз болду. Эми болсо сүйлөмдүн негизги

белгилеринин ар бирине токтололу. Эгерде жалпы тил илиминде, анын ичинде кыргыз тилинде баяндалган илимий материалдарды жалпыласак, анда сүйлөмдүн негизги белгилери деп төмөнкүлөрдү эсептөөгө болот: коммуникативдүүлүк, предикативдүүлүк, модалдуулук жана интонация. Ушулардын өз ара тыгыз байланышып келишинин

натыйжасында гана сүйлөм уюшулуп, тил өзүнүн пикир алышуу функциясын жүзөгө ашырат.

Коммуникативдүүлүк – сүйлөмдүн негизги белгиси. Тил пикир алышуунун куралы, бул абдан туура. Себеби, тилдин күндөлүк турмушта, тиешелүү чөйрөдө, кандайдыр бир максатта колдонгон учурда гана ал пикир алышуунун, өз ара байланыш-катнаш жасоонун

каражаты боло алат. Демек, тилди турмушта колдонуу деген эмне? Бул ой-пикирди, ар кандай сезимдерди, дүйнө тааным билимдерди ж.б. оозеки же жазуу түрүндө башкаларга билдирүү жана алар менен пикир алышуу, байланыш жасоо. Бул ити жүзөгө аырууда сүйлөм колдонулат да, андан текст түзүлүп, байланыштуу кеп пайда болот. Чынында, кеп өзүнөн-өзү пайда боло бербейт, бул үчүн тиешелүү арттын, кырдаалдын жана себептин болушу зарыл. Ушундай учурда гана тиешелүү сүйлөмдүн, кептин пайда болушу талап кылынат да, тил

өзүнүн коммуникативдүү, башкача айтканда, адамдар менен байланы-катыш жасоо кызматын аткарат. Ошентип, сүйлөм – өз ара пикир алышууну камсыз кылууга жөндөмдүү болгон синтаксистин негизги маселеси. Ошондуктан орто мектептен баштап жогорку окуу

жайланыа чейинки окуу китептеринин баарында сүйлөмгө төмөнкүдөй бир түрдүү аныктама берилип келе жатат: «Бүткөн бир айрым ойду билдирген сөз же сөздөрдүн тизмеги сүйлөм деп аталат» Бул аныктама адатка айланым, калыптанып калды.

Пикир алышуу – грамматикалык жана психологиялык татаал процесс, анын өзүнө тиешелүү мыйзамдары бар. Коммуникативдүүлүк категориясынын мааниси – башка адамдарга бир нерсе жөнүндө кабар берүүгө ниеттенүү, ал эми кабар берүү үчүн сүйлөм түзүү талап кылынат.

Демек, сүйлөм ойду билдирүү менен байланыш жасоо милдетин аткарат, бул биринчиден.

Экинчиден, коммуникация (communicatio) латын сөзү, кыргызча мааниси – байланыш-катнаш, кабар берүү, билдирүү. Мына ушундан улам, тил коммуникативдүүлүк

функцияны аткарат, бакача айтканда, тил –байланыш-катнаш жасоонун каражаты дейбиз. Ушул айтылганды профессор А.Жапаровдун аныктамасы менен бекемдөөгө болот: «Пикир алышуу адамзат коомунда туруктуу зарылчылык болуп саналат. Тил өзүнүн бул маанилүү функциясын сүйлөм аркылуу жүзөгө ашырат. Ошентип, сүйлөм бүткөн ойду билдирип, катнаш куралы катары кызмат кылат». Демек, сүйлөмдүн ушул кызматы анын тилдин башка системаларынан айырмалап турат. Жогоруда айтылгандарды эске алсак, анда сүйлөмдүн белгилеринин бири – жыйынтыктуу ойду билдирүү. Ошондуктан сүйлөмдүн коммуникативдүүлүк деген белгиси кыргыз тилинде эң керектүү мааниге ээ.

Сүйлөмдүн белгилеринин дагы бирөө – предикативдүүлүк. Бул ээ менен баяндоочтун ортосундагы байланыш. Жалпы эле алганда, сүйлөмдү түзүп турган сөздөр бири-бири менен маанилик жана грамматикалык жактан байланыып турат, себеби сөздөрдүн кайдыгер эле тизмеги сүйлөмдү уюштура албайт. Байкап көрөлү: айыл, кечээ, келүү, мен – бул сүйлөм эмес, анткени сөздөрдүн ортосунда байланыш жок. Сөздөр тилдин ички мыйзамдары боюнча байланышып келгенде гана сүйлөм түзүлөт да, белгилүү бир ой билдирилет: Мен кечээ айылдан келдим. Сөздөр өз ара ички маанилик жактан байланышканда алардын бирөө экинчи сөздүн маанисин толуктап, тиешелүү суроого

жооп берет да, синтаксистик бир кызмат аткарат. Ушуга байланыштуу сүйлөмдүн курамындагы сөздөр өздөрүнүн семантикалык-синтаксистик кызматы боюнча баш (ээ жана баяндооч) жана айкындооч (аныктооч, толуктооч, бышыктооч) мүчөлөр деп аталышат.

Сөздөрдүн ортосундагы ушундай катыштар ыкташуу, башкаруу, таандык, ээрчишүү сыяктуу синтаксистик байланыштын түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Предикативдүүлүктү уюуштурууда чак жана жак категорияларынын мааниси чоң. Сүйлөм аркылуу билдирип жаткан окуя, кыймыл-аракет, иш-аракеттердин баары белгилүү бир убакыт, мезгил жана үч жактын бирөө менен байланыштуу болот, ансыз белгилүү бир ойдун уюштурулушу мүмкүн эмес. Мисалы: Биз шаардан келдик. Биз – ээ, биринчи жакта, көптүк санда; келдик – баяндооч, биринчи жакта, көптүк санда жана өткөн чакта (кел+ди+к). Эгерде этиштик баяндоочко уланган өткөн чак (-ды) менен биринчи жактын (-к) мүчөсүн алып таштасак, түүнүксүз болуп, сүйлөм түзүлбөй калар эле: Биз шаардан кел… Оентип, сүйлөмдүн предикативдүүлүк деген белгисин уюштурууда жак жана чак

категориялары колдонулат. Эгерде баш мүчөлөрдүн экөө тең катышпаса, анда жалаң

айкындооч мүчөлөрдөн сүйлөм түзүлбөйт. Мисалы: Адамды сүйө албаган адам ата-энени да урматтай албайт. – адамды сүйө албаган… ата-энени да… Демек, «предикативдүүлүк – сүйлөмдүн эң негизги белгиси, ал – ээ менен баяндоочтун ортосундагы синтаксистик

катыш». Ошентип, сүйлөмдү сүйлөм кылып турган анын предикативдүүлүк белгиси.

Дагы бир негизги белгилердин бири – модалдуулук. Сүйлөөчү адам ар кандай түзүлүштөгү сүйлөмдү колдонуп, айтылып жаткан ойго карата өзүнүн ар түрдүү мамилесин билдириши мүмкүн: окуянын накта чындык экендиги же чындык эместиги, кыймыл-аракеттин жүзөгө ашары же ашпай тургандыгы, же анын иш жүзүнө ашарына ишенүү, үмүттөнүү, божомолдоо ж.б. Ушунун баары сүйлөмдүн модалдуулук белгисин билдирет.

Мисалы: 1. Мен туулуп өскөн айылыма барам. Мында кыймыл-аракеттин чындык экендиги этиштин келер чагы аркылуу билдирилди.

2. Албетте, мен туулуп өскөн айылыма барам. Айтылып жаткан ойду бекемдөө.

3. Балким, мен туулуп өскөн айылыма барам. Айтылып жаткан ойго бүдөмүк, так

эмес маани берди.

4. Мен туулуп өскөн айылыма баруум керек. Жоопкерчилик, милдеттүүлүк маанисин берди.

5. Мен туулуп өсөкөн айылыма барсам экен. Каалоо, ниеттенүү маанисин берди. Демек, сүйлөмдүн модалдуулук белгиси дегенде айтылып жаткан ойго карата

сүйлөөчүнүн мамилесин билүү керек.

Кыргыз тилиндеги модалдуулук категориясы жөнүндөгү маселе профессор Ж.Жусаевдин «Азыркы кыргыз тилиндеги модалдуулук категориясын билдирүүчү грамматикалык каражаттар»(2000) деген эмгегинде абдан терең изилденген. Автор

модалдуулук категория сүйлөмдүн белгилеринин бири болорун теориялык жактан ишенимдүү далилдеп, төмөнкүдөй жыйынтыкка келет. Сүйлөмдүн негизги жана грамматикалык белгилери болуп төмөнкү категориялар эсептелет: коммуникативдүүлүк, модалдуулук, предикативдүүлүк жана интонация. Практикада сүйлөмдүн аталган

белгилери өз ара тыгыз байланышта колдонулат да сүйлөм деген түшүнүккө кызмат кылышып, аны уюштурушат. Бул категориялардын ар биринин өзүнө тиешелүү өзгөчөлүгү бар. Алсак, коммуникативдүүлүк пикир алышуу үчүн кырдаал, шарт түзөт; модалдуулук сүйлөмдүн семантикалык мазмунун камсыз кылат; предикативдүүлүк сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшүн камсыз кылат; интонация – сүйлөмдү уюштурат. Акырында келип сүйлөм пайда болот».

Сүйлөмдүн модалдуулук белгиси жөнүндө профессор А.Иманов «Кыргыз тили» деген эмгегинде модалдуулукту предикативдүүлүк менен бирдикте караган: «Предикативдүүлүктүн грамматикалык жалпы мааниси модалдуулук, ал синтаксистик

чак, жак аркылуу туюндурулат… Ошентип, модалдуулук жана синтаксистик чак деген грамматикалык комплекс предикативдүүлүктү түзөт»

Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча сүйлөмдүн дагы бир белгиси – интонация, ал – сүйлөмдү уюштуруучу, анын модалдык, эмоционалдык-экспрессивдик жагын көрсөтүүчү каражат жана кептин ритмикасы. Интонациянын жардамы менен сүйлөмдүн коммуникативдүү белгиси жүзөгө ашырылат. Интонация латын сөзү (intonare – сүйлөө, көтөрүңкү сүйлөө), ал оозеки речке мүнөздүү, анын жардамы менен тиешелүү ойду жана ар түрдүү эмоцияны, сезимдерди билдирүүгө болот, т.а. ыраазы болгондукту, нааразычылыкты, кубангандыкты, өкүнүүнү, какыктоону, мыскылдоону ж.б.

Профессор Ж.Жусаев интонация тилдик бай көрүнүш экендигин жана ал сүйлөмгө ар кандай маанилик түс берерин аныктап келип, «Ал – студент.» деген сүйлөм өзүнүн грамматикалык түзүлүшүн өзгөртпөстөн туруп эле, интонациянын жардамы аркылуу

модалдык ар кандай маанилерди билдирүүгө жөндөмдүү экендигин көрсөтөт, мисалы: аныктоо, көңүл кош болуу, таң калуу, жактырбоо, көралбастык, кубануу, канааттануу, кызыгуу, ишенбөө ж.б.

Ошентип, интонация – сүйлөмдү уюуштуруу менен бирге анын айтылып бүткөндүгүн да көрсөтүүчү каражат катары эсептелет, себеби оозеки речте ар бир сүйлөмдөн кийин тыным болот да, жазууда ал жерге тиешелүү тыныш белгиси коюлат. Жарыкка чыккан эмгектерде жана окуу куралдарында интонациянын компоненттери катары төмөнкүлөр көрсөтүлүүдө: а) мелодика – үн ыргагынын көтөрүңкү, басыңкы кыймылы;

б) басым – сүйлөмдө кээ бир сөздөр ар кандай деңгээлдеги басым менен айтылат;

в) кептин темпи – үндүн ылдамдыгы же акырындашы;

г) пауза – сүйлөө учурундагы тынымдар;

д) интенсивдүүлүк – айрым тыбыштардын, муундардын күчү;

ж) кептин тембри – сүйлөөдөгү кыймыл-аракет.

  • Жогорудагы айтылгандардын баарын жыйынтыктасак, мына буларды белгилөөгө болот: Синтаксистин эң башкы проблемасы сүйлөм, себеби ал адамдардын өз ара пикир алышуу кызматын тейлейт; өзүнүн көп аспектүүлүгү жана мыйзамдуулугу менен тилдин башка бөлүмдөрүнөн кескин түрдө айырмаланып турат;

  • Сүйлөмдүн негизги жана милдеттүү грамматикалык белгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет: коммуникативдүүлүк, предикативдүүлүк, модалдуулук, интонация; булардын ар бири практикада өзүнчө жеке колдонулбастан, тескерисинче өз ара ажырагыс түрдө байланышып келип, сүйлөмдү уюштурат.


  1. Сүйлөмдүн классификацияланышына токтоло турган болсок, жалпы тил илиминде сүйлөмдү айрым топторго бөлүштүрүүдө семантикалык жана грамматикалык принциптер колдонулат. Сүйлөмдүн мааниси, анын түзүлүшү өтө татаал, көп кырдуу

маселе. Кыргыз тилинде сүйлөмдүн ар кандай түрлөрү колдонулат. Алар айтылыш максатына жана түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө (структурасына) карай бир нече топко бөлүнөт:

1. Сүйлөмдөр айтылыш максатына карай жай, суроолуу, буйрук сүйлөмдөр болуп, ар түрдүү ички сезимди билдиришине (эмоционалдык маанисине) карай илептүү сүйлөм болуп бөлүнөт.

2. Сүйлөмдүн бир же бир нече жөнөкөй сүйлөмдөн уюшулгандыгына карай жөнөкөй сүйлөм жана татаал сүйлөм болуп эки топко бөлүнөт.

3. Жөнөкөй сүйлөмдөр сүйлөмдү уюштуруучу борбор болуп эсептелген баш мүчөлөрдүн (ээ, баяндоочунун) бирөөнүн же экөөнүн тең бар экендигине карай эки тутумдуу жана бир тутумдуу сүйлөмдөргө бөлүнөт.

4. Сүйлөмдүн баш мүчөлөрү менен байланышкан айкындооч мүчөлөрүнүн бар же жок экендигине негизделип, жалаң жана жайылма сүйлөмгө ажыратылат.

5. Сүйлөм үчүн зарыл керектүү болгон мүчөлөрүнүн толук катышышы, же контекстке, ар түрдүү жагдайга карай айрым сөздөрдүн (сүйлөм мүчөсүнүн) айтылбай, кемип берилишине карай толук сүйлөм жана кемтик сүйлөм деп бөлүнөт.