Адабий окуу Вариант А
Ф.И.О.___________________________________________________, ______________ классы
Мектеби __________________________________________________________
Эне
(уламыш )
Илгери-илгери бир эне жашаптыр. Ал жалгыз уулун көрбөгөн азап менен чоңойтуп, жакшы тарбиялаган дешет.
Күндөрдүн биринде асыл эне катуу ооруп, колу-буту шал болуп калат. Уулу энесин көтөрүп алып, барбаган жери, жасабаган эм-дому калбайт. Энеси айыкпай, баланын айласы кетет. Анан сүт акысынан кутулмакчы болуп, энесин жонуна көтөрүп алып, Ала-Тоонун ичин кыдырып жөнөйт. Аябай чарчап, эс алуу үчүн бир арчанын түйүнө токтошот. Чөп чар жыйнап, алдын жумшактап энесин жаткырат. Бала ары бери чуркап, суу издейт. Бир жерге келсе, бир аз ным болуп сууланып турган жерди көрөт. Бала нымдуу жерди чукуп көрөт. Нымдын ысыгын байкайт. Дагы чукуйт. Чукуган сайын: « Энем –бактым, энем-таалайым, энем-нурум», - деп бир жыгылып, бир туруп, нымдуу жерди чукуй берет. Колу, тырмагы канайт. Көптөн кийин жылжып, ысык суу чыгат. Ошол жерге чуңкур жасап, суу толтуруп, энесин ысык сууга жаткырат.
Аз күн өтүп, энеси булактын жылуу суусунун жардамы менен айыгат. Бактылуу эне баласы менен элинеи кайтып, узак жашаган дешет.
Анда эмесе, эми экинчи эненин тагдырына көңүл буруп, экөөнү салыштырып, жыйынтык чыгаргыла.
Жаркын эненин Болотбек деген жалгыз баласы бар. Ал энесинин сөзүн укпай, көп капа кылчу болду. Акыл айтса, кыйкырып-өкүрүп, каяша айтып, сөз укпады. Энеси уулунун кылыгына көңүлү сууп, көзүнөн жаш кетпеди. Анан уулунун наристе кезинде жаткан бешигин анын алдына алып келип коюп, мындай деди :
Эй, жаштыгын, наристе чагын унуткан уятсыз балам !
Мына бул бешикти көрдүңбү ? Наристе кезиңде сени ушул бешикке бөлөп, кечкисин таң атканча уктабай терметер элем. Адеп ыйлай берсең бешиктен чечип алып, боорума басып сооротор элем. Көптөгөн машактарды көрүп сени тарбияладым, сен деп күч-кубаттан тайдым. Мына эми эр жетип, күч-кубатка толдуң, наристелик дооруңду унутуп, мээримдү энеңе баш ийбейсиң ! Анын көңүлүн жаралап, көз жашын төктүрөсүң. Андай кылбагын уулум, эненин мээрими канчалык зор жана чексиз экендигин унутпагын. Мен дагы, атаң дагы дайым бактылуу, таалайлуу болшуңду каалайбыз. Бизди капа кылбагын, көңүлүбүздү оорутпагын, айткандарыбызды туура кабыл алып, бизди ыраазы кылып, батабызды алгын.
Энесинин ыйлап айткан сөздөрү баласынын жүрөгүнө октой кадалды. Ал өзүнүн туура эмес жүрүш-турушуна, адепсиздигине бушайман болду. Энесин бек кучактап алып, көзүнөн , бетинен өпкүлөдү. Ыйлап кечирим сурады. Эне эмеспи, уулунун күнөөсүн кечирип, жүзүнөн өөп, ага ак батасын берди.
Туура жоопту белгиле
1. Эмне үчүн уулу энесин көтөрүп алып ар кайсы жерге, эм-домчуга барат?
А) энесин таарынтып алгандыктан
Б) энеси катуу ооруп калгандыктан
В) жөн гана эриккендиктен
Г) энеси сурангандыктан
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат
2. Эненин жалгыз баласы кандай болуп чоңоюптур ?
А) таш боор
Б) аңкоо
В) сөз укпас
Г) боорукер
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат
3. Эненин оорусуна эмне дары болот ?
А) арчанын жыты
Б) тоонун абасы
В) булактын жылуу суусу
Г) чөп-чардын жыты
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат
4. Бала нымдуу жерди чукуган сайын эмне деп жатты ?
Эсиңе түшүрүп жаз
Баланын жообуна жараша 1ден 6га чейин балл коюлат
5.Экинчи бала кандай адам болуп чоңоюптур ? Өз оюң менен сыпатта
Баланын жообуна жараша 1ден 6га чейин балл коюлат
6. Эненин сөздөрү балага кандай таасир калтырды
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат
7. Эки эненин балдарын салыштырып Вендин диаграммасын түз.
Биринчи эненин баласы Экинчи эненин баласы
Баланын жообуна жараша 1ден 10го чейин балл коюлат
Адабий окуу Вариант Б
Ф.И.О.___________________________________________________, ______________ классы
Мектеби __________________________________________________________
Желмогуз
Кеч суукта сыртка чыккан Төлөнбүбү байбиче желмогузду көргөндө эсинен таанып жыгылды. Уй саап көтөрүп келе жаткан чакасы колунан ыргып, калдырт-шылдырт эте жерге түштү.
Бир оокумда эсине келсе, капчыгайдын шамалы алигидей эле ызылдап, көк аяз жер-сууну каарып турган экен. Өзүн небак эле көк муштум болуп калыптыр. Тиши-тишине тийбей калчылдайт. Ошол тапта жанында жаткан чака дагы калдырттады. Караса, кышылдаган желмогуз чакага башын салып алып, жалап-чуктап жаткан экен. Көңүлү дагы караңгылай түштү да, чаканын «калдыртынан» кайра эсине келди, көрсө желмогуз чаканы таштап, кышылдап маасысын жалагылап болуп, көйнөгүнүн этегин, жайма- жай жей баштаган экен. Байбиченин эси ого бетер чыгып, эки кадам жердеги дубалды көздөй жыла баштады. Желмогузду кароого даабайт. Эптеп каалгага жетсе, үйгө кире качмак да, бекинмек. Бирок көйнөгүнүн этегин аймап жаткан желмогуз аны жылдырар эмес. Күшүлдөп, көйнөгүн улам тытып жеп жатат. Бышылдаган сайын желмогуздун ысык деми бечара кемпирдин тоңуп калган тизелерин каптап өтөт.
Эптеп каалгага жетти. Бирок ачык кире качканга дарамети келбей койду. Денеси шалдайып, өлүп калгандай...
Анан кызык башталды! Бир оокумда байбиче желмогуздун төрт аяктап турганын көрдү. Буттарына тай туяк кийип алгандай. А үстүнө эски бир купайкени жамынып алыптыр. Башы кадимки эле уйдукундай өңдөнөт, бирок андан кичирээк ...
Чоң эне, тур ! Көйнөгүңдү кашка музоо жеп жатат! – Чүкө ойноп жүрүп, жаңы эле короого кирген небересинин чырылдаган үнү чыгат. – Өш ! Ой,өлүп кеткир, өш ! Тур, чоң эне!
Байбиче кайраттанып өйдө боло берди эле, небереси сарайга кууп бараткан музоо балага нааразы болгондой «мөө-өө» деп кыска үн салып койду.
Бул окуяны уккан чоң ата аябай күлдү. Көрсө небереси суукта мурдунан көк буу чыгып, үшүп турган музоого боору ооруп, көңгө жабылып турган, эскирип далдалы чыккан, тытык жерлеринен пахтасы самсаалаган эски купайкени жаап, эки жеңин музоонун эки алдыңкы бутуна кийгизип, топчуларын бүчөлөп коюптур.... Туура жоопту белгиле 1.Төлөнбүбү байбиче эмнеден коркту ?
А) түшүнөн
Б)жыландан
В) желмогуздан
Г) караңгылыктан
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат 2. «Желмогуздун» өзү эмне экен ? А) музоо Б) козу В) бала
Г) коркунучтуу жандык
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат
3. Музоого эмнени кийгизип койгон экен ?
А) эски купайкени
Б) тамтыгы чыккан капты
В) капкара кездемени
Г) эски таарды
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат
4. Чоң эненин эстен танып жыгылышына эмне себеп болду ?
Баланын жообуна жараша 1ден 6га чейин балл коюлат
5. Чоң эне «желмогузду» кандай абалда көрдү ? Тексттен көчүрүп жаз
______________________________________________________________________________
Баланын жообуна жараша 1ден 6га чейин балл коюлат
6 Эски купайкени музоого ким кийгизген эле?
Баланын жообуна жараша 1ден 2ге чейин балл коюлат
7 ) «Музоо» сөзүнө синквейн түзгүлө
Музоо
______________________ , _____________________
_______________________, _____________________, ________________________
______________ ___________________ _________________ _______________
_________________________
Баланын жообуна жараша 1ден 10го чейин балл коюлат
Жооптор
Вариант Б
1-тапшырма
Төлөбүбү байбиче эмнеден коркту ?
В) желмогуздан
2-тапшырма
Желмогуздун өзү эмне экен ?
А) музоо
3-тапшырма
Музоого эмнени кийгизип коюптур
А) эски купайкени
4-тапшырма
Чоң эненин эстен танып жыгылышына эмне себеп болду ?
Окуучу өз оюн жазат
5-тапшырма
Чоң эне желмогузду кандай абалда көрдү ?
Тексттен таап жазат
6-тапшырма
Эски купайкени музоого ким кийгизген эле ?
Окуучу өз оюн жазат
7-тапшырма
«Музоо»сөзүнө синквейн түзүшөт
Баалоо
Суроонун № | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | Жалпы балл |
балл | 1-2 | 1-2 | 1-2 | 1-6 | 1-6 | 1-2 | 1-10 | 30 |
Балл | 1-6 | 7-12 | 13-18 | 19-24 | 25-30 |
Баа | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Жооптор
Вариант А
1-тапшырма
Эмне үчүн уулу энесин көтөрүп алып ар кайсы жерге эм-домчуга барат?
А) энеси катуу ооруп калгандыктан
2-тапшырма
Эненин жалгаз баласы кандай болуп чоңоюптур ?
А) Таш боор
3-тапшырма
Эненин оорусуна эмне дары болот ?
В) булактын жылуу суусу
4-тапшырма
Бала нымдуу жерди чукуган сайын эмнедеп жатты ?
Окуучунун жообуна жараша
5-тапшырма
Экинчи бала кандай бала болуп чоңоюптур ?
Окуучунун жообуна жараша
6-тапшырма
Эненин сөздөрү балага кандай таасир калтырды ?
Окуучунун жообуна жараша
7-тапшырма
Эки эненин балдарын салыштырып,Вендин диаграммасын түзүү
Окуучунун иш аракетине жараша
Баалоо
Суроонун № | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | Жалпы балл |
балл | 1-2 | 1-2 | 1-2 | 1-6 | 1-6 | 1-2 | 1-10 | 30 |
Балл | 1-6 | 7-12 | 13-18 | 19-24 | 25-30 |
Баа | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |