МЕН СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИН ИЧПӨӨНҮ ТАНДАЙМЫН!
Сабактын максаты:
Коомдогу алкоголизм көйгөйүн жана анын кийинки жашоого болгон терс таасирин түшүнүүгө жардам берүү;
Алкоголду колдонуунун кесепеттери жана бардыгына белгилүү болгон колдонуу мотивдери менен тааныштыруу;
Жаман өнөкөттөрсүз жашоонун көбүрөөк артыкчылыгы бар деген көз карашты калыптандыруу.
Сабактын планы: |
№ | Көнүгүү | Убакыт |
1. | Көнүгүү – сүрөттүк тест «Майрам» | 10 мүн. |
2. | Көнүгүү «Бүтпөй калган сүйлөм» | 5 мүн. |
3. | Көнүгүү «Окуяны аягына чейин бүтүрүп ойлон» | 15 мүн. |
4. | Көнүгүү «Тынчсыздандырган суроолорго жооптор» | 10 мүн. |
5. | Көнүгүү «СМС билдирүү» | 4 мүн. |
6. | Коштошуу адеби | 1 мүн. |
| | 45 мүн. |
Сабактын жүрүшү:
Көнүгүү – сүрөттүк тест
«Майрам» (10 мүн.)
Максаты: окуучулардын «алкоголизм» түшүнүгүнө болгон мамилесин аныктоо
Мугалим: көнүгүүнү аткаруу үчүн көрсөтмө берет:
«Майрам» деген темада өзүнүн сүрөтүн тартат;
Талкуулоо:
Майрамдын атрибуттары эмне? (шарлар, кийимдер, гүлдөр, жакшы маанай, кубаныч, олтуруш ж.б.)
Алкоголдук ичимдиктерсиз өткөн майрамдар болобу? (өтө сейрек же эч качан).
Жыйынтыктоо: Бардык майрамдар алкоголду колдонуу менен өтөт, биздин коомдун негиздери ушундай. Бирок
көп адамдар алкоголду колдонуу алкоголизм (аракечтик) менен оорууга алып келе тургандыгын түшүнбөйт.
Биз сабагыбызды адамда адамдык
сапаттарды жок кылган көйгөйгө арнайбыз. Кээ бирөөлөр мага бул нерсе тиешелүү эмес деп ойлошу дагы
мүмкүн, бирок алардын ойлору таптакыр туура эмес. Бул көйгөй ар бирибизге тиешелүү анткени, алкоголизм эч кимди аябайт, адамды түбүнө чейин жок
кылат. Ошондуктан, чечим кабыл алуу эң маанилүү: мен ичкилик ичпегенди тандаймынбы же тандабаймынбы?
Мугалим: окуучуларга эмне үчүн чоң адамдар алардын ою боюнча спирт ичимдиктерин ичкендеринин себептеринин тизмесин түзүүнү айтат. Окуучулардын бардык ойлору ватманга жазылат.
Эмне үчүн чоң адамдар спирттик ичимдиктерди ичишет?:
Туулган күн;
Календардагы кызыл күндөр;
Тааныштардын жана коңшулардын келиши;
Туугандардын келиши;
Айлык маянаны алуу;
Жаман маанай (стресс);
Жумушта болгон жагымсыз иштер;
Дем алыш күн (эс алуунун башка жолу жок);
Кызмат орду боюнча жогорулоо;
Себепсиз.
Жыйынтыктоо: ар күнү ичсе анда дагы себептер чыга берет, чоңдор балдарга кандай үлгү болуп жаткандары боюнча ойлонушпайт.
Чоңдордун алкоголду колдонуу себептери менен балдардын спирт ичимдиктерди ичүү себептери окшошпу? (окшош)
Кандай дагы себептери бар? (кызыгуу, сапаттуу эс алуунун жоктугу, жаңы топко кирүү)
Алкоголдук ичимдиктердин жеткиликтүүлүгү жана жарыя.
Көнүгүү «Бүтпөгөн сүйлөм» (5 мүн.)
Максаты: окуучулардын алкоголдон көз каранды адамдарга болгон мамилесин аныктоо.
Мугалим көнүгүү аткаруу үчүн көрсөтмө берет:
Окуучулар ошол эле топтордо калат.
Окуучуларга бүтпөгөн сүйлөмдөрдү бүтүрүү үчүн жазылган карточкалар берилет.
Биринчи топ:
Мен ичкен адамды көрсөм, мен өзүмдү сезем.
Экинчи топ:
Спирт ичимдиктерин ичкен адам менен сүйлөшүп, мен түшүнөм
Үчүнчү топ:
Алкоголго көз карандылыктын негизги белгилери, менин оюмча…
Талкуулоо:
Спирт ичимдиктерин ичкен адамга болгон мамилеңер кандай?
Силер ичкен адамдарга болгон терс мамилеңерди белгилеп кеттиңер. Эч кимге ичкен адам жакпаса жана андай болушту каалабаса- анда эмне үчүн адамдар ичишет?
Жыйынтыктоо: Алкоголдук мас абалында адам өзүн сырттан көрүп анализ кыла албайт; Көп адамдар алкоголдук ичимдиктерге көнүп калууну, көз карандылыкты пайда кыла тургандыгын билишпейт.
Мугалим: алкоголдук ооруулардын баскычтары боюнча кыскача маалымат берет
(окуучулар маалыматты алдын ала даярдашат)
Алкоголизм-үч баскычта бири-бири менен алмашып, ирети менен табигый агымындагы күчөөчү оору. Биринчи баскычтан экинчи баскычка билинбей өтөт. Бул оору эч качан бир заматта пайда болбойт. Адам баласы күтпөгөн жерден сасык тумоо, сарык, жүрөк оору, жара оорусу, аппендицит жана башка оорулар менен ооруп калышы мүмкүн, бирок алкоголизм менен эмес.
АЛКОГОЛИЗМДИН БИРИНЧИ БАСКЫЧЫ
Адам спирт ичимдиктерине кызыгып иче баштайт. Акырындан алкоголго болгон умтулуу сезими пайда болот жана ичүүнүн чегин билбейт. Спирт ичимдиктерин ичкенде өзүн көзөмөлгө албайт. Кийинки күнү өзүн жакшы сезет, иче турган эңсөөсү жок болот.
АЛКОГОЛИЗМДИН ЭКИНЧИ БАСКЫЧЫ
Алкоголизмдин биринчи баскычындагы негизги белгилерине алкоголго болгон көз карандылык, алкоголсуз адам жашай албай калат.
АЛКОГОЛИЗМДИН ҮЧҮНЧҮ БАСКЫЧЫ
Алкоголду кыянаттык менен колдонуунун закон ченемдүү финалы. Жооп берүү жана төмөндөө баскычы. Мезгил-мезгили менен көп ичип, боордун жана башка органдардын жабырланышы, талмалар, алкоголдук психоз, эске тутуунун бузулушу, кем акылдык, өлүмдүн санын жогорулашы болот.
Көнүгүү «Окуяны аягына чейин чыгаруу» (15 мүн.)
Максаты:
Өзүнүн жасаган иштерине болгон жоопкерчиликти калыптандыруу;
Алкоголдук ичимдиктердин айрым адамдардын ден соолугуна болгон жаман таасири, дегеле жалпы коомчулукка болгон таасири боюнча маалыматты
түшүнүүгө жардам берүү.
Мугалим: көнүгүү аткаруу үчүн көрсөтмө берет:
Класс 5 топко бөлүнөт;
Ар бир топ карточка алат, ал карточкаларда окуя жазылган;
Топтор өспүрүмдөрдүн алкоголдук ичимдиктерди колдонуунун кесепеттерин алдын ала көрүү аркылуу окуяларды талкуулап, аларды бүтүрүп жана туура жыйынтык чыгаруу, төмөндөгү сөздөр менен башташат (негизги каармандын атынан).
Мен түшүндүм…
Мен айткым келип турат… Мен үмүттөнөм….
Биринчи топ:
Асхат үй бүлөдө жалгыз жана ата- энеси көптөн бери күткөн бала болгон. Кичинекей кезинде ага бардык нерсе кечиримдүү болот. Асхат мектепте орто окуйт, бирок достору абдан көп болот. Асхат шайыр, адамдар менен жакшы тил табышкан бала, ата-энеси дайыма ага акча берет жана ал акчага достору менен пиво иччү. Мектепти бүткөндөн кийин престиждүү жогорку окуу жайдын коммерциялык бөлүмүнө тапшырат.
Ата-энеси Асхатка машина сатып алып берет. Асхат машинаны жакшы айдай албачу жана ага карабастан, өтүп кетип жаткан адамдардын астына катуу келип токтогонду жактырат эле. Бир жолу достору менен пиво ичип алып, максатсыз шаарда айдап жүрүшкөн.
Жаш аял кичинекей кызы менен өтүп бараткан. Асхат, ар убактагыдай эле тамашалашканды чечти… (уландысын кошкула).
Негизги каармандын атынан сүйлөмдөрдү кошуу:
Мен түшүндүм… Мен айткым келет… Мен үмүттөнөм….
Экинчи топ:
Чоң отрядда спирт ичимдиктерди ичүү өзүнчө эле шаан-шөкөткө айланчу. Дайыма күндүзү акча чогултуп, анан бирөөсү айылга колдо жасалган
аракты алып келгени кетчү. Бул жолу дагы кадимкидей эле болду, ичүүчү ичимдиктер көп болду, анткени ата- энелер күнү болуп, балдар «сүрөттөрдү чыгаруу» үчүн акча сурашкан. Темирбек башкалардан алаңгазарлык жана демилгечилик менен айырмаланган.
Бул күнү ал өтө көп ичкен, катуу күлүп калжыңдап олтурган. Кечинде балдар өздөрүн начар сезишип, көңүлдөрү айланып, самогон менен ууланып калышкан. Темирбек бардыгына караганда өзүн өтө жаман сезет, жапжашыл болуп, эсин жогото баштайт. Балдар ага жардам бергени аракет кылышат, бирок колдорунан эч нерсе келбейт. Алар коркуп кетишет, Темирбекти палатага алып киришип, керебетке жаткырышып, соолугуп
калат деп жууркандарды үстүнө таштап коюшат… (уландысын кошкула)
Негизги каармандын атынан сүйлөмдү толуктагыла:
Мен түшүндүм… Мен айткым келет… Мен үмүттөнөм….
Үчүнчү топ:
Махабат медайымдыкка медициналык окуу жайда окуган. Анын жолугушкан жигити болгон. Кафеде ал көбүнчө достору менен жолугушуп пиво ичет эле. Мунусунда ошондой эле жагдай болду. Махабат стипендия алган, ата- энелер дагы акча жөнөтүшкөн жана андан кийин бардыгы кафеге барышкан. Жолугушуу абдан кызыктуу болот, анткени алардын көп акчасы бар эле.
Махабат мурункуга караганда көбүрөөк
ичип алат. Бир убакта анын жигити өзүнүн досунун артынан жүргөнсүп сезилип, жаңжалдашуу чырга айланат. Андан кийин Махабат капачылыктан үйүнө өзү жалгыз кетет. Анын астынан күтүлбөгөн жерден машина токтойт, тааныш эмес бала Махабатты үйүнө жеткирип коюну сунуштайт… (уландысы кошкула)
Негизги каармандын атынан сүйлөмдү улантуу:
Мен түшүндүм…
Мен айткым келип турат… Мен үмүттөнөм….
Төртүнчү топ:
Марат жакшы, колунда бар үй-бүлөдө өскөн. Ата-энелери аны жакшы көргөн жана анын каалаганын жасаганга аракет жасашкан. Марат уялчаак, кыздар менен таанышкандан корккон бала болот, мектептеги кечелерде четте жүрөт.
Тогузунчу классты бүткөндөн кийин колледжге тапшырат. Ал жакта таптакыр башка атмосфера болот. Балдар сабактан кийин кафеге барышып, пиво ичишет жана кыздар менен таанышышат.
Бир жолу дискотекада достору менен ичишип, кыздар менен таанышат. Андан кийин Мараттын үйүнө барышат, анын ата-энеси башка областка мейманга кетишкен болот. Кыздар үйгө кетебиз дешет, бирок аларды эч кимиси кое бербейт… (уландысын кошкула)
Негизги каармандын атынан сүйлөмдү улантуу
Мен түшүндүм… Мен айткым келет… Мен үмүттөнөм….
Бешинчи топ:
Бир жолу Тынарбек классташтарын үйүнө чакырат. Качан ата-энелери балдарды калтырып кеткенден
кийин Тынарбек досторуна арак жана пиво ичүүнү сунуштайт. Алар спирт ичимдиктерин ичишет. Балдар
сигареттин пачкасын алып, пиво, джин- тоник алышып ойногону кетишет. Аба- ырайы жылуу, бардыгы темир бетон плитада суунун жанында олтурушат.
Бир маалда Гульнара өзүн жаман сезе баштайт. Ал эсин жоготуп койгондо, бардыгы коркуп кетишет. Тынарбек суу алып келем деп ыргып турганда сууга түшүп кетет, балдар эмне кылаарын жана кимге жардам берээрин билбей калышат… (уландысын кошкула).
Негизги каармандын атынан сүйлөмдү улантуу:
Мен түшүндүм… Мен айткым келет… Мен үмүттөнөм….
Жыйынтыктоо: Жашы жете элек ичкендерге төмөндөгүлөр мүнөздүү: көңүлсүздүк жана алсыздык менен алмашыла турган чектен чыгып ойноо, тартынбоочулук, ыгы жок ачык- айрымдык, мактанчаактык. Булар жагдайды прогноздоону кыйындатат жана реакция кылуу жөндөмдүүлүгүн жоготот.
Алкоголду колдонуу туура эмес жүрүм- турумга азгырат, анын кесепетинде алкоголду колдонгон жана жанында жүргөн адам жабыр тартат.
Алкоголдун таасиринин астында укук бузуулар жана кылмыштуулук болот же болбосо ичип алгандар кылмыштуулуктун курмандыгы болуп калат.
Талкуулоо:
Кандай ойлойсуңар пиво жана вино ичүүнүн кесепеттери жөнүндө ойлонуш керекпи? (ооба, туура ойлогон адам бул жөнүндө ойлонот жана ичкиликтен баш тартат)
4.Көнүгүү
«Тынчсыздандырган суроолорго жооптор» (10 мүн.)
Максаты:
Өспүрүмдөрдү кызыктырган суроолор боюнча кичи талкуулоо өткөрүү.
Негиздүү жыйынтыктарды туура жасоо жөндөмдүүлүгүн иштеп чыгуу.
Мугалим көнүгүүнү аткаруу үчүн көрсөтмө берет:
Класс 4 топко бөлүнүшү керек. Биринчи топтун суроосу:
Өспүрүмдүн жашоосуна алкоголь кандай таасирин тийгизет?
Болжолдуу жооптор:
Спирт ичимдиктерин колдонгон жаш балдар жашоосун коркунучка алып келет. Алар ден соолугу менен байланышкан олуттуу көйгөйлөргө дуушар болот жана коомдо жүрүм-туруму орунсуз, жөнү жок болуп калат. Эгерде, мыйзам боюнча 18 жаштан жогорку адамдарга алкоголду колдонууга уруксат берилген болсо деле, ичкен адам сый-урматка ээ болбойт.
Чоң адамдардын организмине караганда өспүрүм курактагы организм жетиле элек, айрыкча нерв системасына алкоголь жаман таасирин берет. Ошондуктан өспүрүм куракта алкоголизм тезирээк өнүгөт жана алкоголду колдонууга таптакыр тыюу салынат.
Экинчи топтун суроосу:
Болжолдуу жооптор:
Балдардын дагы, кыздардын дагы ден соолугуна зыян. Алкоголдон көз каранды болуп калуу коркунучу бар, андан кийин чыгуу өтө кыйын. Алкоголдун таасиринин астында, жынысына карабай, өзүн-өзү сактоо инстинктин жана реалдуу сезимин
жоготуп, ойго келбеген иш-аракеттерди жасоого жана кылмыштуулукка чейин барышы мүмкүн, ошол себептен биз бирөө үчүн алкоголь зыян эмес деп айта албайбыз. Бардыгы үчүн эң жакшы сезим
Үчүнчү топтун суроосу
Сен дайыма сага жагымсыз адамдар менен сүйлөшкөнү милдеттүү
эмессиң жана эч кимге эч нерсени түшүндүрбөгөгө укугуң бар. Эгерде компания сени ичкенге мажбур кылса, бекем туруп, ачык «жок!» деп айтканга аракет жаса. Сен эч качан мындай досторду жоготкондон коркпо, себеби чыныгы ДОС сенин чечимиңди, оюңду сыйлайт жана түшүнөт. Эгерде, сен өзүңдүн оюңу аргументтер менен
айта алсаң, компаниянын ичиндеги адамдардын дагы алкоголго болгон мамилесин өзгөртүшүң мүмкүн. Башка ичпеген компанияны, досторду тапканга аракет жаса.
Төртүнчү топтун суроосу.
Кыргызстанда 18 жашка чыга элек балдарга алкоголь колдонууга тыюу салынган, ал эми жашы жеткендерге ичүү же ичпөөгө чечим кабыл алуу үчүн эркиндик берилген: Алкоголду чыгарууга, сатууга жана ичүүгө тыюу салууну («куру» закон) көп мамлекеттерде, ошону менен биздин мамлекетибизде дагы колдонулган. Бирок, тарых бул көйгөйдү мыйзам чече албастыгын көрсөттү, анткени, «жасалма» спирт ичимдиктери чыга баштайт, ал бир гана сапаты начар болуп чектелбестен, ден соолукка дагы коркунуч алып келет.