Толгонайдын монологу көркөм айткан 10-Б классынын окуучусу Орозов Жылдыз
Жетектеген мугалими: Камзаева Назгүл Мырзабековна
- Амансынбы, куттуу талаам?
- Аманчылык, Толгонай! Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда таяк.
- Өмүр өтүп жатпайбы, арадан дагы бир жыл өттү. Бүгүн менин сыйынчу күнүм.
- Билем, күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу баланы да ээрчите келмек эмес белең?
- Ооба. Бирок бул сапар да жалгыз келдим.
- Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да, Толгонай.
- Жок, айталбадым.
- Айтор, эртеби-кечпи, акыры бир күнү ал угат да. Элдин арасында оозу бош бирөө-жарым жок дейсиңби?
- Аның чын. Эртеби-кечпи, акыры бир күнү билет. Аркы-теркини түшүнө тургандай чоңоюп да калды өзү.
Бирок мен үчүн дале чалагайым бала сыяктанат. Корком, балалык кылып, өткөн-кеткенди туура түшүнө албай, ичи сууп калабы деп аярлайм. Анткени менен адам чындыкты бир күнү билиши керек да. Мен билген чындыкты, элдин баары билген чындыкты азырынча жалгыз гана ал билбейт. Аны укканда эмне дээр экен, кандай ойго кабылып, кептин аныгына жете алар бекен? Канткенде баланын жүрөгүн үнгүтпөй, жаштайынан турмуштан көңүлүн калтырбай, сырымды айтып бере алар экенмин? Эки ооз сөз менен түшүндүрүп берчү иш болсо кана.
Кийинки күндөрдө ойлогонум эле ушул. Кышында сыркоолоп, төшөктө жатканымда, өлүмдөн анча корккон жокмун, ажал жетсе каяша кылбай, шыр эле жүрүп кетмекмин. Бирок көзүм жумулуп айтар керээзимди айтып жетише албай, өзүм менен кошо көр астына ала кетемби деп, аябай жүрөгүм түштү. Ал эси жок аны кайдан билсин, демейде тентек чалыш неме мектепке да барбай калып, жанымдан чыкпай жүрдү.
Апасын тарткан күйөрман: "Эне, кай жерин ооруйт? Суу ичесиңби, же дарындан берейинби, эне? Үстүндү жылуулап коёюнбу?" деп эле турат. Ушинткенде оозум барбады, кудуретим жетпеди. Байкушум эч кандай арамзасы жок, жеткен бир ишенчээк, дагы эле наристе бойдон. Эчтекеден күмөн санап койбойт.Анан мен кантип айтмак элем. Ушуну менен эле сөздүн учугун табалбай алекмин. Минтип да, тигинтип да таразага тартып көрөм, жөн эле айтып берчү жомок эмес экен да.
Айланып келип бир пикирге такалам: болгон чындыкты бала туура түшүнүш үчүн мен ага жалгыз гана анын тагдыры эмес, бүт заманымдын тарыхын, өткөн-кеткендер жөнүндө, өзүм жөнүндө, баарына күбө болгон, касиеттүү талаам, сен жөнүндө, өзүм жөнүндө, ал түгүл ушул кезде эчтекеден бейкапар минип ойноп жүргөн велосипеди жөнүндө айтып беришим керек. Балким, мына ошондо гана туура болор, турмуш баарыбызды бир түйүнгө байланыштырып салган турбайбы, эчтекесин жашырып, эчтекесин кошумчалай албаймын. Ал эми бала эмес, кексе киши да бул ишти ар кандай түшүнөр. Көзүм тирүү турганда, ушул ыйык парзымдан кутулсам, өлсөм да арманым болбос эле...
- Айткандарың туура, Толгонай. Отурчу бери, ташка, бутуң оорулуу эмеспи, бир акылын табарбыз. Алгачкы жолу ушунда келгенин эсиңдеби, Толгонай?
- Андан бери нечен заман өтпөдүбү, эстей албасмын.
- Жок, сен ошону эстеп көрчү, Толгонай!
- Эсимде жакшы калбаптыр. Кичинемде, орок маалында ата-энем мени чөмөлөнүн түбүнө олтургузуп коюшчу.
- Ооба, колуна бир сындырым нан берип коюшчу.
- Кийин, чоңоё түшкөнүмдө, эл жайлоого көчкөндө, ушул арада эгин коруп чуркап жүрчү элем. Анда мен тызылдап жүгүргөн, саксайган сары кыз эмес белем...
- Ырас, Толгонай, жыңайлак, жылаңбаш жатакчынын кызы элең. Бирок шайыларды кийбесең да, бой жеткенде кандай сонун кыз болдуң. Сен анда көлөкөңдү каранып басчусуң. Өзгөчө эртең мененки көлөкөң так өзүндөй сымбаттуу эле.
- Анда мен он жетидеги курагым. Ошол жылы орок тартып жүрүп, Субанкулга жолукпадымбы. Субанкул Таластын жогору жагынан жалданып келбеди беле. Азыр көзүмдү жумсам, Субанкулдун ошондогусу элестелет. Жапжаш, он тогуз жыйырмалардагы жигит. Өзү ичке көрүнгөнү менен колдору тарамыштуу, сом темирдей салмактуу эле. Жылаңач этине кийген тар күрмөнү дайыма желбегей жамынып жүрчү. Жанаша жерден шарт-шарт орок тартып жүрсө, адамдын жүрөгү кубанат ар кандай ишти сулуу иштеген азаматтар болот эмеспи. Субанкул ошондой болчу.
- Силер дайым элдин алды болуп келчү элеңер жумушка.
- Чын. Эл тура электе, таң ирең-бараңда Субанкул экөөбүз ээрчишип келчүбүз. Ал мени бери жактан тосуп, күтүп турчу. Ошол күндөр, ошол тамылжыган таң атуулар биздин сүйүү күндөрүбүз экен. Биз ээрчишип келе жатканда, дүйнө башкача көрүнүп, башкача сезиле турган. Эл-журтка нан берген, айланайын дыйкан талаам, бозоруп саргарып жатсаң да, албырган таң эртелерин деңиздей төгүлүп, кучагын жая сенчелик эргип, сенчелик жоомарттанып ким тосуп алат! Ошол таң эртелерин сага орток болуп биз тосчубуз, торгой тосчу. Көркү жупуну боз чымчык көкөлөгөн бийиктикте тыным албай канат кагып, дырпырап, томуктай болсо да, не бир толукшуган күүлөрдү төктүрүп, безеленип сайрай турган. "Ана, биздин торгой сайрады!" деп коёр эле Субанкул. Кызык, торгойду да биздики деп алган экенбиз. Көмөкөйүңдөн айланайын торгоюм...
- Ырас, Толгонай, ошол торгой силердики болучу.
- Эсиңдеби, жер, баягы айлуу түн? Балким, жаратылышта экинчи андай түн болбос. Ай жарыгында орок тартабыз деп Субанкул экөөбүз калып калбадык беле. Тээ карайган борчуктан канаттай болуп ай чыкканда, жылдыздар дагы асман бербей жабыла көз жарышты.
Ошондо биз Субанкулдун таар күрмөсүн төшөнүп, арыктын кашатын жазданып жатканбыз. Ошол түнү биз өмүрлүккө шериктеш жар болуп кошулдук. Субанкулдун чоюндай колу көкүлүмдү сылап, мандайымды, бетимди эркелете сылаганда, кан жүгүрткөн туйлаган жүрөгү алаканынан сезилип жатты.
Мен ага эркелеп: "Субан, кандай дейсиң, биз бактылуу болобуз, ээ?" десем, эсиңдеби баягы айткан сөздөрү. "Жер, суу элге тең болсо, биздин да айдоо жерибиз болсо, биз дагы эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастырсак бак-таалай ошол. Андан артыктын бизге кереги эмне, Токон: Дыйкандын энчиси сепкен эгининде" дебеби беле.
Үлпүлдөгөн түнкү шоокумда салкын тартып, жер, сен дагы ошондо биз менен кошулуп жыргап жаттың... Ошол түндү жаратылыш атайылап бизге арнады бекен? Түн ортосунда тээ жылдыздуу төбөсүн карасам, саманчынын жолу ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жаткан кези экен.
Субанкулдун айткандары эсиме түпгүп, кыялымда асмандын ошол күмүш жолу менен кандайдыр бир зор дыйкан кере кучак саман көтөрүп өткөн экен го, анын мол кучагынан себеленип түшкөндөн, топон береке төгүп, из чубатып кеткен турбайбы. Тилегибизге жетсек, менин да Субанкулум ушундай саман көтөргөн дыйкан болсо, кырмандын бетинен биринчи иргеп алган саманды кучактап басканда, так ушундай береке төгүлгөн жол чубалып калса деп ойлонуп жаттым. Жер-Энем, биринчи жолу сага ошондо кайрылдым. Эсиңдеби менин айткандарым?
- Эсимде, Толгонай. Сен ошондо мага кайрылып, мындай дегенсиң: "Жер, жан жараткан жер, бизди көтөрүп жаткан, жер, сен бизге таалай бербесең эмнеге жер болуп орнойсуң да, биз эмнеге дүйнөгө жаралабыз! Биз сенин балдарыңбыз, жер, тилектеш болгун, ак тилегибизге жеткиргин!" деп айткансың, Толгонай... Экинчи бөлүмдө Субанкул менен Толгонайдын бактылуу күндөрү, Касым, Майсалбек, Жайнак деген үч уулу жигит болуп жетилгени, Алиман аттуу кыз алардын үй-бүлөсүн толуктаганы, согуш башталганы, жигиттер майданга жөнөгөнү жөнүндө сөз болот.
Көркөм айткан 11-А классынын окуучусу Сүйүнбеков Нурдан
Жетектеген мугалим Камзаева Назгүл Мырзабековна
Майсалбектин каты
"Апаке, ак сүтүңдөн айланайын апакем. Мен сени кандай киши экениңди билбесем, бул катты жазбайт болчумун. Сенин акылмандыгыңа, кайратыңа, сенин күчүңө ишенип жазып отурам. Ошентсе да эмне деп түшүндүрүп, эмне деп айтууга сөз табалбай, алакандай ак баракты тиктеп отурган кезим.
Акыр түбү менин кылган ишимди туура деп табарсың, мен ага өзүмө ишенгендей ишенем. Ооба, апа, сөзсүз мени туура дээрсиң... Антсе да, түшүнсөң да, жүрөгүңдүн түпкүрүндө мага деген айтылбаган сурооң калар: "Балам кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Адамга бир гана жолу берилчү бул жарык дүйнө менен кантип өзүң эле коштошуп кете бердиң? Мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрүп чоңойттум?"
Ооба, апа, энесиң, сенин бул сурооңо тарых кийин жооп берер. Ал эми менин айтаарым, согушту биз тилеп алган жокпуз, бул көптүн башына келген кыйын иш, бүткүл адам баласына балта урган зулум күч. Биз аны менен күрөшпөй коё албайбыз, аны үчүн кан төгүп, аны үчүн жан берип, аны кыйратып жок кылууга милдеттүүбүз. Антпесек биздин адам деген атыбыз өчөт. Мен согушта жүрүп эрдик көрсөтөйүн деп эч качан эңсеген эмес элем, мен өзүмдү эң бир жөнөкөй эң бир асыл ишке — мугалимдикке даярдап жүргөм. Заманым ушул экен, балдарды тамга таанытып окутуунун ордуна, курал кармап жоокер болдум. Ал менин айыбым эмес.
Бир сааттан кийин мен мекеним тапшырган ишке барып, кайра кайтпаймын. Душмандын талылуу жерине барып, аны кыйратып өзүм да жок болом. Мекен үчүн, эл үчүн, жеңиш үчүн, дүйнөнүн бардык жакшылыгы үчүн...
Ыйлаба, апа, эч ким ыйлабасын... Кош, түбөлүккө кайыр кош!.. Кош, караныңдан айланайын, АлаТоо!
Сенин мугалим уулуң — лейтенант Майсалбек Субанкулов".
Ак баранын көз жашы көркөм айткан: Камзаева Назгүл Мырзабековна
АК БАРАНЫН КОЗ ЖАШЫ.
/монолог/.
Автору Кундуз Алимбековна
Алдаш колдун тегереги камыш жайдан
Жаралдым бул жашоого болуп айбан
Жолугуп Ташчайнарга ээрчип кеттим
Жылуулук коодонумду ээлеп алган...
Беш кучук туулуп калды ошол жайда
Белгисиз бара турган багытыбыз....
Энелик бакытка мен балкып турдум
Камыш талаа болуп биздин жайытыбыз....
Камыш талаа уюлгуган ортко айланды
Караан тун тушуп биздин башыбызга..
Болтуругум таштай албай ташып журдук..
Кокурок толуп мунга жашыбызга..
Камышты байырлаган айбанаттар
Кача албай коз коруно куйуп кетти
Устудо темир канат жалын буркуп
Баарысын бирден терип атып кетти...
План деп бокондорду кырып атты
Жалын бурккон темир канат уусун чачты..
Мыкаачынын эн аёосуз талартары
Жазыксыз жаныбарды соруп жатты...
Азаптан аран зорго чыктык качып
Армандуу кунду ыйлап кундо айтып
Болтуругум отко куйду окко учту
Жашоонун жакшы кунун корбой жатып....
Жаралган сон бул жашоого болуп айбан
Адамзатка тенелуу бизге кайдан
Алаамат ошол орттон аман калдык
Жашоодо ошол болду тапкан пайдам...
Жыл айланбай кайрадан кучук туудум
Кайгыны ооздуктап алыс куудум
А бирок жаратылыш кырсыгынан
Ажырап болтуруктон ыйлап турдум
Алкынган чон дайранын шары кучтуу
Чыркырап болтуругум агып кетти
Сактай албай боздодук таппай айла
Болтурукткн ажалына дайра жетти...
Эки жолу айрылыр балдарыман
Чочуп турдум баса турган жолдоруман
Адам тугул жаратылыш болду богот
Тукум улоо кобойуунун жолдорунан..
Нечен кун нечен туну боздоп ыйлап
Энелик эт журогум буттуу кыйнап
Элестеп коз алдыма кучукторум
Эмчеке сутум тээп бутту сыздап...
Айбан дейт айбанда да эне мээрим
Жан дуйномду термелткен таттуу сезим
Сагынам ымыркайым кучукторум
Эми эле ачкан эле алар козун....
Тунулбой нечен жолду басып отуп
Бийик тоо ашууларды ашып кеттик
Ыссык Кол касиетин тиктеп туруп
Тээ бийиктик аскасына чыгып оттук..
Жай издеп арасынан улуу тоонун
Бир ункурго байырладык абдан сонун
Торт кучук козун ачып туулуп калды
Ойгонуп балкытты го эне сезим...
Ункурдон чыкпай жаттым тукум улап
Отконум унутулуп небак тарап
Бойтойгон болтуругум мойтондошсо
Энелик таттуу сезим бойго тарап..
Бир куну болтуругум уктаганда
Ташчайнарды ээрчип алып ойго туштум
Ошол кун дагы боздоп калаарымды
Аттин ай билбедим да кайдан билдим..
Конулум бир оордунда тура албай
Бир санаа ичтен жеди чыга албай
Журогум бир нерсени сезип жатты
Кайрадан артка кайттым кете албай...
Булкунуп тоо аралап бара жаттым
Жаман ой санааларды ичке каттым..
Ункурго жетип барып таппай калдым
Болтуругум дайыны жок боздоп жаттым.....!!!
Тегеренип боздогон унду салдым
Арман ай балдарымы таппай калдым
Жытынан издеп чыгып жолум улап
Коодонго арман толду жашым кулап...
Адамдын жыты келип бетке урду
Жаман ой кокурокту тиреп турду
Ангыча эки буттуу мандайыман
Болтурукту ала качып атын бурду..
Артынан боздоп барам кууп барам
Болтуруктон такыр тынбай менин санаам
Тыгылып тумчукту го байкуштарым.
Ооруду го журогум боздоп барам..
Айылга жакын келдик иттер урду
Ангыча адамзаттар эргип кулду
Эмчегим сутко толуп зыркыратып
Жан дуйном жалын болуп куйуп турду....!!!!
Кун туну уктай албай улуп боздоп
Энелик сезим турат журок козгоп
Эч жерден таба албай болтурукту
Тинтидик бут айылды сууну бойлоп
Адамзат мыкаачыбы колу канбы
Аябайт жаныбарды тируу жанды
Баланын куйутунон тайын барам
Короого кирип барам ала жанды...
Айланып болтуругум жыты келип
Бостондун короосунан кетпей койду..
Тундосу кыдырсам да а тундосу
Тээ бийиктен тиктеп тура ошол ойду...
Бир куну ээрчишип салдык ойрон
Маарашып короого койлор толгон
Чекеден жара тарттык сулап жатат..
Апаатты салып оттум арман толгон...
Очумду алгансыдым конул тынып
А бирок журок ооруйт эстеп балам..
Чыдабай ошол уйго кирип бардым
Айыкпай сагынычым сыйрып жарам..
Торундо татынакай молтур бала
Аттин ай жыттасам гоо моокум кана
Зыркырап сутум ийип кетти кантем
"Акбара"деп кыйкырды ошол замат...
Чыркырап Кенжеш ыйлайт токтобостон
Сагынчым кучоп кеттии боксорбостон
Угулуп мени издеп жаткансыды
Кенжештин уну мага опкологон..
Кенжешке мээрим чачтым энемин да
Унуно балкып турат денемин да
Чыдабайм эми башкм сагынычка
Барамын алып качам келемин да...
Ант берем мен эчкимге бербейм бала
Куч келсе чыгарамын кучум малга
Эненин сыздаганын билээрсинер
Ант берем мен силерге кок жалдарча.
..
Жел менен келип жетип бала жыты
Жанымда тынчтык болбой ыйлап туну
Уктабай боздоп келдик уйку бербей
Кунуго малды кырдык улам бирди..
Болтуруктун куйуту кымбат болду
Элестеп коздорумо арман толду
Коз коруно алып кеткен адамзатты
Коргум келбей кокурокко зарым толду...
Ар куну ар жайытты андып барам.
Кенжештин жытын издеп моокум канам
Бостон да тушуп биздин изибизге
Ташчайнарды мээлеп атты аттин арман....
Тарс эткен ундор чыгып тоо жанырып
Козумдон жаштар кетти эх агылып
Аскадан Ташчайнарым учуп тушту
Бостондун огу тийип ок жанылып....
Алыстан карап ыйлайм бара албай
Канкордон Ташчайнарды ала албай
Корумдап кетти Бостон Ташчайнарды
Боздодум тээ аскада кайта албай..
Боздодум жалгыз калдым бул дуйнодо
Бору эне не жараттын бул дуйного
Жыргалынан азабы ашып тушту
Алып кетчи Бору эне откон кунумо...
Бир куну малчы койчу аралашып
Чогулду бир бирине каралашып
Чогулуп ырдап чоорлоп отурушат
Боздотуп мени ыйлап жаралашып...
Жакындан жакын бардым айылына
Коз салдым талаасына жайытына
Байкатпай басып бардым сойлоп мен да
Там тун баскан суйкумдуу баласына....
Эжигей таза жытын журок суйуп.
Эмчектен кеттии суттор агып ийип...
Баланын татынакай козун карап.
Жалындым жыттап алдым мен да суйуп..
Тамтандан баскан Кенжеш колун сунуп
Эркелеп кармаласа журок суйуп
Озумдун балам сымал мен эзилдим
Кызгандым баскан жолун элден коруп....
Заматта асман жерге тегеренип
Мендеги ыйык сезим тебеленип..
Кенжешти аста тиштеп алып качтым
Баратам алсыз ойго жетеленип...
Баланын уну угулуп кулагыма
Калдынар нечен жандын убалына..
Боздоттун канча жанды атып таштап
Сыйынып отту бурккон куралына...
Каргышка калсам калдым аткын мени
Жашоонун кызыгы жок деги эми
Уу жуткурдун ажыратып балдарыман
Адамзат ошол ууну жуткун эми..
Ок тийди журогумо бармак басым
Арманым ала кеттим баланарды
Адамдай айбан дагы ыйлайт боздойт
Айыккыз кылып журок жаранарды...
Таш боордук коро албастык ач коздугун
Адамзат акыйкатты билбединер
Озунор оксутуп жаныбарды
Уялбай кайра мени тилдединер...
Мына эми Акбара да учуп кетти
Ташчайнар балдарына келип жетти
А бирок адамзатка арман кылып
Айыккыз бир ооруну салып кетти.....
Кундузбу Алимбековна....1-декабрь.2015 жыл...