СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Наристе программасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Наристе программасы»

Наристе программасы: ЖМТК

Сабактын темасы: Сан жана эсеп

Сабактын максаттары

Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчүлүк.

Окуучулар “кийинки”, “мурунку” сандарды атаганды, жуп жана так сандарды айырмалоону үйрөнүшөт. Заттарды эсептөө менен ага цифра коюп жазганды билишет.



Окуучулар “кийинки”, “мурунку” сандарды атаганды, жуп жана так сандарды айырмалоону үйрөнүшсө. Заттарды эсептөө менен ага цифра коюп жазганды билишсе.

Өнүктүрүүчүлүк.

Тема аркылуу кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, кыялдануусу, дүйнө тааным жөндөмдүүлүктөрү калыптанат.



Тема аркылуу кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, кыялдануусу, дүйнө тааным жөндөмдүүлүктөрү калыптанса.

Тарбия берүүчүлүк.

Окуучулар достукка, ынтымактуулукка, ишти так аткарууга, алган билимдерин турмушта пайдаланууга тарбияланышат.



Окуучулар достукка, ынтымактуулукка, ишти так аткарууга, алган билимдерин турмушта пайдаланууга тарбияланышса.



Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Жекече, жупта, топто иштөө.

Сабактын ыкмасы: Түшүндүрүү, көрсөтүү.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, темага карата таркатмалар, сүрөттөр.

Этабы

Убакыт


Мугалимдин иш аракети


Окуучунун иш аракети

НК

ПК

Баалоо

Уюштуруу

2 мүнөт


Саламдашуу.

КРнын гимнин туура ырдоого көнүктүрүү.

Жагымдуу маанай тартуулоо.

Алтын эреже менен тааныштыруу.



Саламдашышат.

КРнын гимнин ырдашат.

Бири-бирини карап жылмаюу тартуулашат.




Өтүлгөн теманы

кайталоо

2 мүнөт


Кана балдар өткөн сабакта эмнелерди үйрөндүңөр, эмнелерди билдиңер?

Так сандар кайсы сандар?

Жуп сандар кайсылар?

Келгиле балдар 1 ден 20 га чейинки сандарды алдыга, артка карай санап алабыз.


Балдар өткөн сабак боюнча үйрөнгөндөрү боюнча айтып беришет.

Так сандар-1, 3, 5, 7, 9.

Жуп сандар-2, 4, 6, 8, 10.


1 ден 20га чейинки сандарды алдыга жана артка карай санай алышат.

НК-1


Калыптандыруучу баалоо

Көнүгүү

жасоо

2 мүнөт


Окуучуларга кыймылдуу көнүгүүлөрдү аткартуу.



Окуучулар мугалимдин жардамы менен кыймылдуу көнүгүү аткара алышат.




Жаңы тема менен иштөө

12 мүнөт


Жаңы тема менен тааныштыруу. Сабактын максатын айуу.

Балдар сандар цифра менен белгиленет. Мисалы: Асанда беш алма бар болсо аны кайсы цифра менен көрсөтө алабыз? Азаматсыңар 5 цифрасы менен белгилейбиз. Демек балдар кандайдыр бир буюмдун же нерсенин эсебин же санын биз цифра менен белгилеп алат экенбиз.

Доска менен иштөө.

Заттарды эсептөө менен анын санын цифра менен белгилеп жазабыз.

Дептер менен иштетүү.

5, 7,9 сандарынын мурунку жана кийинки сандарын атагыла?

4 5 6

6 7 8

8 9 10 сандары болот.



Бүгүнкү сабактын темасы жана максаты менен таанышышат.


Окуучулар “кийинки”, “мурунку” сандарды атаганды, жуп жана так сандарды айырмалоону үйрөнүшөт. Заттарды эсептөө менен ага цифра коюп жазганды билишет.


Тема аркылуу кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү, дүйнө тааным жөндөмдүүлүктөрү калыптанат.


Окуучулар достукка, ынтымактуулукка, ишти так аткарууга, алган билимдерин турмушта колдонууга тарбияланышат.

НК-1, 2, 3


Калыптандыруучу баалоо

Бышыктоо

10 мүнөт


Окуучуларга жупта иштөө үчүн тапшырмаларды берүү.

Жупта иштөө менен суммасы 3, 4, 5 болгон кошуучу, кошулуучуларды тапкыла.

Окуучуларга топто иштөө үчүн тапшырмаларды берүү.

1-топ

2-топ

3-топ


Окуучулар жупта жана топто иштөө менен берилген тапшырмаларды аткарышат.

1-топ. Алмаларды бириктирүү.

2-топ. Козу карындарды толуктоо.

3-топ. Сандарды ирети менен жазуу. Сандарды кошуу жана кемитүү.

НК-1, 2,3


Быйтыкчалар аркылуу

Жыйынтыктоо

5 мүнөт


Балдар бүгүнкү сабакта эмнелерди үйрөндүңөр?

Сандарды Эмне менен белгилеп алат экенбиз?

6 санынан мурун жана кийин келүүчү сандар кайсы сандар?

Так жана жуп сандарды санап бергилечи?


Сабак боюнча билгендерин эркин айтууга үйрөнүшөт. Мугалим тарабынан берилген суроолорго жооп беришет.

Мурун жана кийин келүүчү сандарды ажырата алышат.

НК-3


Быйтыкчаларды берүү

Баалоо Көнүгүү жасоо

2мүнөт


Окуучуларды эс алдыруучу көнүгүүлөрдү аткартуу.





Ар бир окуучунун аракетин баалоо. Эмоционалдуу, мактап баалоо.





Окуучулар мугалимдин жардамы менен дене боюн эс алдырышат.





Окуучулар бааланышат

НК-2


Калыптандыруучу баалоо