Просмотр содержимого документа
«Омур наркы- бир муноттук кумарбы»
ӨМҮР НАРКЫ БИР МҮНӨТТҮК КУМАРБЫ?
Сабактын максаты:
Окуучулар тазалыкка, жаман жолдордон качууга, жамандыктан сактанууга тарбияланышат. СПИД 20-кылымдын чумасы экендигин, оорунун арты өлүм менен аяктаарын түшүнүшөт. Таза ден соолук узак жашоого өбөлгө экендигин билишет. Бул оорунун жугуу жолдору жөнүндө кеңири маалымат алышат.
Сабактын жабдылышы:
СПИД оорусу жөнүндө чыгарылган буклеттер, шприц ж.б. керектүү каражаттар.Сабактын жүрүшү:
Мугалим сабакты лекция түрүндө өтөт. Окуучулар керектүүмаалыматтарды дептерлерине кыскача жазышат. Түшүнбөгөн суроолору болсо мугалимге кайрылышат. Мындан сырткары атайын врачтарды жолугушууга чакырса да болот.
XX кылымдын чумасы
Дүйнө жүзүндө күн сайын ВИЧ инфекциясын 15 миңдей адам жугузуп алып турат жана 8 миңдей адам СПИДден каза болот. ВИЧ менен жашаган жана СПИДден жабыркаган бардык адамдардын үчтөн бир бөлүгү жаштар. Кээ бир жаш адамдар ВИЧ инфекциясы биз үчүн коркунучтуу эмес деп ойлошот. Бүгүн СПИД менен ооруп калган чоң кишилер да бул маселеден алыспыз жана ал бизге тиешелүү эмес деп ойлошкон. Алардын канчасы бул ооруну өспүрүм кезинде жугузуп алгандыгын азыр аныктоо кыйын. Себеби, адамдын организмине ВИЧ киргенден баштап оору өөрчүгөнгө чейин 2-7 жума, кээ бирде андан да көп убакыт өтүшү мүмкүн. Баарынан өкүнүчтүүсү - ар ким өз иши менен алектенип, ден соолугуна кайдыгер мамиле жасаганы. Айрыкча болочок энелер жарык дүйнөгө кандай ымыркайды алып келишерин көпчүлүк учурда этибарга алышпайт.
ВИЧ инфекциясын чыгаруучу вирус адамдын иммундук системасына жооп берүүчү ак кан клеткаларынын ичине кирип кетүүгө жөндөмдүү келет. Вирус клеткаларды азык катары жана көбөйүү үчүн колдонот. Көбөйгөндөн кийин, ал клеткаларды таштап, башка клеткаларга өтө баштайт. Натыйжада көчүп жүрүүчү вирус лимфоцит клеткаларынын көпчүлүгүн жабыркатып, организм өзүнүн коргонуу кызматын жоготуп, ар кандай жугуштуу ооруларга туруштук бере албай калат. ВИЧ инфекциясы менен жашаган адамдар ден соолугу тазадай көрүнөт жана көп жылдар бою бул ооруну жугузуп алгандыгынан шектенишпейт. Себеби, СПИДдин жашыруун мезгили 4-7 жумадан 10-15 жылга чейин созулат. Бул аралыкта, оорунун кандайдыр бир белгилери пайда болгонго чейин, алар башкаларга да жугузушу мүмкүн. Иммунитет төмөндөгөндө ага оорунун ачык белгилери билине баштайт: адам арыктап, узакка ичи өтөт, өпкөсү сезгенет, тердейт, бат чарчайт.
Барган сайын жашарып…
«XX кылымдын чумасы» деп аталган СПИД барган сайын күч алып, кеңири кулач жайып келатат. Бул жугуштуу оорудан биздин өлкө да четте калган жок. Республикалык «СПИД» бирикмеси берген статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 2007-жылдын март айына карата ВИЧ-СПИД менен ооруган 1112 адам катталган, анын ичинен бешөөсү - чет өлкөлүктөр. Анын ичинен СПИДдин оор формасы менен 77 адам ооруйт. Улуттук Кызыл Ай коомунун билдирүүсүбоюнча наркомандар оору вирусун алып жүргөндөрдүн 68 пайызын түзөт. Ал эми ар бир областты бөлүп карай турган болсок, 2006-жылдын 1-ноябрына карата Ош шаарында –327, Ош областында –153, Бишкек шаарында –165, Чүй областында –163, ЖалалАбат областында –103, Баткен областында –14, Ысык-Көл областында –8, Нарын областында –2, Талас областында – 1.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарга таянсак, республиканын түштүк аймагындагы көрсөткүчтөр «Эмне үчүн ал жерде ооругандардын саны көп?» деген суроо туулат. Кыргызстан акыркы жылдары баңгизаттарды башка аймактарга ташууда транзиттик өлкөгө айланганы эч кимге жаңылык эмес. Ал жерден баңгизаттарды оңой эле табууга болору эч талашсыз. Наркомандардын саны менен СПИД оорусун жугузгандардын саны бирге өсүп келет. Алар ооругандардын 68 пайызын түзөт. Себеби, бир ийнени беш-алты наркоман колдонот. ВИЧ инфекциясына кабылгандардын 78 пайызы –вирусту ийне аркылуу жугузуп алгандар. Ошентип, СПИД ар бир мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чоң коркунуч келтирет.
СПИД кайсы учурда жугат?
1.Жыныстык мамиледе тиешелүү коргоочу каражаттарды пайдаланбаганда.
2. Сакал-мурутту алууда, маникюр, педикюр жасатканда ж.б гигиеналык процедураларды колдонгондо.
3.Наркотикалык заттарды алууда тазаланбаган щприцтерди пайдаланганда.
СПИД кайсыл учурда жукпайт?
Кол алышканда.
Адамдын кийим-кечесин, идиш-аягын пайдаланганда .
Бассейнге, мончого түшкөндө.
Өбүшкөндө.
(Элеонора Абдылдаеванын «Шоокум» журналындагы материалынан пайдаланылды. 2007-жыл, Чын куран.)