6-класс биология
Жалбырактан, сабактан өсүп чыккан тамыр эмне тамыр деп аталат?
А)каптал б)негизги в)кошумча.
2. Балырларга мүнөздүү азыктануунун негизги жолу?
А) хемотрофтуу б)гетеротрофтуу в)автотрофтуу.
3. Тамыр узарган сайын, бири-бири менен алмашылуучу тамырдын структурасы.
А) тамыр түкчөлөрү б).тамырдын зоналары в) каптал тамырлар г) кошумча тамырлар
4.Клетканын хромосомасы жайгашат?
А)цитоплазмада б)ядродо в) клеткалык ширеде г)клеткалардын арасында
5.сууну жана анда эриген минералдык заттарды өткөрүүчу түтүкчөлөр, сабактын кайс тканында жайгашкан? А)теричеде б)пробкада в)булада г)сөңгөктө.
6. түрү өзгөрүлгөн өркүн бул ? . А) түймөк б) түймөктөгү көзчөлөр в)бүчур г) мөмө тамыр
7. жалбырактын функциясын белгиле? А) сууну буулантуу б)температураны жөндөө , СО2 сиңирүү в)фотосинтез, газ алмашуу терморегуляция, органикалык заттарды топтоо г)О2 бөлүп чыгаруу
8. чаңчанын түтүкчөсү кайсы клеткадан пайда болот?
А) борбордук генеративдик в)вегетативдик.
9.бир үлүштүүлөр тукумуна эмне мүнөздүү?
А)өзөк тамыр б) уругу эки үлүштүү в) гүлүнүн бардык бөлүктөрү бештен г) гүлүнүн бардык бөлүктөрү үчтөн.
10. көк жашыл балырлар углеводдорду кандай турдө жыйнашат?
А)эрүүчү крахмал түрундө б)эрибеген кра хмал түрүндө. в)эрүүчү белок түрүндө
г)эрибеген белок түрүндө
7-класс биология
Жөнөкөйлүүлөрдүн кайсынысына фотосинтез мүнөздүү?
А)амебаларга б) шапалактууларга. в)инфузорияга г)споровиктерге
2.инфузория –туфельканын цитоплазмасында канча ядро болот?
А)1 б)3 в)5 г)2
3.кайсы класстагы жаныбарлардын саны эн көп?
А)балыктар классы б)курт-кумурскалар классы .в) рак сымалдар классы г)жөргөмүш сымалдар классы
4. жөргөмүштүн желе бөлүп чыгаруучу бези кайсы бөлүгүндө жайгашкан?
А)курсагынын арткы бөлүгундө. б)баш көкүрөгүндө в)буттарында г)бут тинтүүрлөрүндө
5. Кенелердин денесинин тузулүшүнүн өзгөчөлүгү эмнеде? А)эки бөлүктөн турат б)үч бөлүктөн турат в)денеси бөлүнгөн эмес г)денеси бөлүктөргө бөлүнгөн.
6. Курт кумурскалардын жүрөгү кандай түзүлүштө? А)түтүк. Б)баштыкча в) бир камералуу г)эки камералуу
7.Кадимки көлчүк үлүлүнүн жумшак денесин эмнеси сактайт? А)териси б)былжырдуу чел кабыгы в)түктөру г)раковинасы
8. молюскалардын жүрөгү канча камералуу? А)1 б)2. в)3 г)4
9.кайсы курттардын параподиялары (кыймылдаганга жардам берүүчү катуу түтүкчөлөр)бар? А)кирпиктүү б) тасма курттар в)жумуру г) муунак курттар.
10. сөолжан антип дем алат? А)өпкөсү менен б)териси менен. в)вакуолу менен г)бакалоору менен
8-класс
Кан айлануунун чоң тегереги боюнча кан адамдын организминин канча секундада айланы өтөт? А)55-60 б) 40-45 в)30-40 г)20-23.
Кайсы гормон жүрөк булчуңдарынын жыйрылышынын тездетет? А)инсулин б)тироксин в)адреналин . г)пепсин
Өпкө плеврасын кайсы ткань тузөт? А)булчуң тканы б)эпителий тканы в) тутумдаштыргыч тканы. г)нерв тканы
Жалпак сөөктөргө.....кирет? а)баштын скелетинин мээ бөлүгүнүн сөөктөрү. б)кар жилик жана укурук сөогу в)жото жилик жана балдак сөөгү
Скелеттин булчуңдары.....тканынан түзүлгөн? А)таргыл- булчуң. б)жылма булчуң в)эпителиалдык г) тутумдаштыргыч
Өпкө плеврасын кайс ткань түзөт? А)булчун тканы б)эпителий тканы в)тутумдаштыргыч тканы.г)нерв тканы
Кан менен атмосфералык абанын ортосундагы газ алмашуу....жүрөт? а)өпкө исиркекиеринде б)колкодо в)ткандарда г) плевралык көңдөйдө
Дем алуу процессинде? А) органикалык заттардан энергия бошойт . б)энергия сиңирилет в) органикалык заттар синтезделет
.Кан басымы максималдуу болгон кан тамыр?
А)аорта . б)опко венасы в) артериялар
Көрүүнүн жана угуунун борбору...орун алган?
А)ортоңку мээде. б)сүйрү мээде в) каракуш мээде г) көпүрөчөдө
9-класс биология
Эволюциянын кыймылдаткыч күчүнө .......кирбейт? а)тукум кубалаган өзгөргүчтүк б)жашоо үчүн күрөш в) ыңгайлануу. г)табигый тандалуу
Генотип деген эмне? А)тукум куубай турган белгилердин жыйындысы б)организмдин тукум куучулук белгилеринин жыйындысы. в) карама каршы гендер г)аллелдүү гендер
Организмдин сырткы жана ички белгилеринин жыйындысы.а)фенотип. б)генотип в)геонофонд
Гендик мутация кайсы? А)хромосомадагы сапаттуу, үзгүлтүктүү өзгөрүү б)геномдун сапаттуу өзгөрүүсү в)ДНкнын бөлүкчөлөрүнүн жоголушу же сапатту өзгөрүүсү. Г)белгилердин үзгүлтүксүз өзгөрүусү